Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Ислам аалымдары, куйтуланып, «өлүмүш» болууда (1-маек)

Белгилүү коомдук ишмер, экс-министр, парламенттин мурдагы депутаты жана Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиев менен учурдагы диний жааттагы темага кенен токтолуп маек курдук… – Каныбек байке, өткөндө оор салмактуу кишидей көрүнгөн Президентибиздин оозунан өтө жеңил, өтө опурталдуу кеп чыгып кетти – мечиттердин санын мектептен жогору койгон. Сооронбай Жээнбековдун ошол сөзүнөн улам ансыз да кызыл жалын болуп турган диний тема илим-билимдүүлөр арасында өрткө дүрт эттирип май куйгандай окуя болуп калды. Ошондон улам коомдогу бул реакцияга тереңден анализ берүү […]

Эфиоп эл жомогу: Жолборстун мыймыйы жана улак

Жолборстун мыймыйы менен улак тоо боорунда жолугуп калып, кечке чейин ынтымактуу ойношуптур. Ошентип кеч киргенде алар үй-үйлөрүнө тарайт. – Бүгүн мен эчкинин баласы улак менен аябай жакшы ойнодум. Экөөбүзгө тең абдан сонун болду,- деди мыймый энесине. – Сен кандай гана аңкоосуң. Мунуң менен жолборстун тукуму деген атка татыксыздыгыңды көргөздүң. Сен аны менен ойнобой, тетирисинче, кармап келгениңде баарыбыз жаш улактын жумшак этине тоймок экенбиз. Эртең эртең менен ага барып: “Жүрү, токойго кирип ойнойбуз”- деп алдап бизге ээрчитип кел же ошол эле […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Ит кумары

АҢГЕМЕ Киши кечке маал үйүнө жакындаганда кашаасынын түбүндө кеч күздөгү ызгаар сууктан калтырап-титиреп бүрүшө, аянычтуу кыңшылап жаткан тик кулак кара күчүктү көрдү. Аянычтуу кыңшылаганына жаны ачыган боорукер киши колуна көтөрүп үйүнө алып келди. Адам колунун жылуулугун сезген күчүк айбандык керээти менен бул кишиден ырайым болорун биле ыктай бүрүшүп калды. Күчүктү малкананын ичиндеги былтыркыдан калган эски саманды оюп ыңгайлаштырып жаткызып, жылуулап жаап коюшту. Калай идишке суу куюп, ун чылап беришти эле: кызыл тилин чыгара шалпылдатып ичкенин сонуркай карап кишинин үч жашка […]

Акындын элеси

1944-жылдын кышы. От жагылбаган үй суук. Кыштык пальтону желбегей жамынып, мойнума жүн жоолук оронуп, мээлей кийип «Биздин замандын кишилерин» жазып олтургам. Бир маалда эшик тымызын ачылды. Көңүл бурган жокмун. Алыкулдун үнү жумшак угулду — Иштеп олтурган белең?..— Иймене калды бейм, адатынча мени «Көлкөңбай» деп тамашалабастан осолдук сезгенсип тигил жалгыз орундукка олтура кетти. Ал да пальтосун желбегей жамына кирген экен. Эки өңүрүн жыя кумтуланып, колдорун бооруна алган калыбында ойлуу, тыптынч олтуруп калды. Кызы Жыпары чарчап, баш кошкон жары чыгыштык кылып бир […]

Хун ЦЗЫЧЕН: Ооз – акыл дарбазасы: аны ачсаң эле темселеген акылың сыртка чыгат

XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу Жер менен асман түбөлүккө турат, а мен бул дүйнөгө кайрадан туулбайм. Адам өмүрү жүз жылдан ашпайт, а меникичи, көз ачып жумганча жылт этип өтүп кетчү өмүр. Бул ааламга келүүгө кимге ырыскы буюрса, шаркыратма суудай тез аккан жашоо кубанычынан да, кайгысынан да куру калбайт. *   *   * Тоо кыйрап, суулар соолуп, ал эмес жер өзү топон-тозго кабылат. Ал эми туулуп, кайра өлгөн биз эмне болуп калыппыз? Тулку боюбузда кан айланганы эле болбосо, көлөкөбүз. А көлөкө […]

Феликс Кривиндин философиялык чакан аңгемелери

КАРАНДАШ жана ӨЧҮРГҮЧ Карандаш  менен Өчүргүч үйлөнүштү, эл катары той өткөзүп жашай башташты. Карандаш курч, өткүр, а Өчүргүч жумшак жана бардыгына макул эле. Бири-бирин түшүнүшүп, турмуштары жакшы өтүп жатты. Жаштардын жакшы жашап жүргөнүнө тааныштары таң калып жатышты: бул жерде бир мандем бар, кантип эле ушундай болсун. Карандаштын достору – калемсап-эркектер өздөрүнчө чогула калышканда анын кулагынын кужурун ала башташты: — Болбой калдың, тууганым! Өчүргүч сени каалагандай башкарып алды. Сен сөз айта электе — ал өчүрүп турат. Эркектик намысың кайда?.. Өчүргүчтүн курбулары […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Кемпир

АҢГЕМЕ Тукаба бешмантын аягына таштап жаңы эле кыңкайган кемпир чочугансып  кайра отура калды. Бирдемени тыңшагандай саамга башын кыйшайтып  тынып турду  да, дивандан түшүп, өзү жатчу  бөлмөгө жөнөдү. Этегин кайрып эңкейип, сандыгынын астына акырын  колун сойлотту. Акча каткан жери ушу болчу. Бетаарчыга оролгон түйүнчөктү дайыма ушерге-сандыктын бутунун буйткасына кыпчып коёт. Жок. Жакшы эле эңкейип колун ары бери жылдырып, сандыктын астын шыпырып… таппады. Ыгырылып отурганга деми кыстыга түштүбү, саамга көзү караңгылап, энтиге дем алып жатса да “я, кокуй, кайда койдум эле?” деген […]