КАРАНДАШ жана ӨЧҮРГҮЧ

Карандаш  менен Өчүргүч үйлөнүштү, эл катары той өткөзүп жашай башташты.

Карандаш курч, өткүр, а Өчүргүч жумшак жана бардыгына макул эле. Бири-бирин түшүнүшүп, турмуштары жакшы өтүп жатты.

Жаштардын жакшы жашап жүргөнүнө тааныштары таң калып жатышты: бул жерде бир мандем бар, кантип эле ушундай болсун. Карандаштын достору – калемсап-эркектер өздөрүнчө чогула калышканда анын кулагынын кужурун ала башташты:

— Болбой калдың, тууганым! Өчүргүч сени каалагандай башкарып алды. Сен сөз айта электе — ал өчүрүп турат. Эркектик намысың кайда?..

Өчүргүчтүн курбулары – устаралар да жөн калышкан жок:

— Карандашты эркине коюп, көп эле эркелетпесеңчи. Сенин жумшактыгыңдан пайдаланып, каалаганын жазып салса өчүрө албай калбагын!…

Бул айтылган сөздөр текке кеткен жок. Карандаш – эркектик намысын сакташ үчүн оюна келгенди жаза баштады, ал эми  Өчүргүч өзүн коргоо максатында тигинин жазгандарынын баарын ылгабай өчүрүп кирди. Бир айга жетпей Карандаш менен Өчүргүч ажырашып тынышты.

Калемсап менен устаралар экөөнүн ажырашып кеткенине катуу кайгырышты. Буларды бир гана жооткон нерсе, алардын болжолдору туптуура чыкканы болду.

КҮЧТҮҮ АРГУМЕНТ

Бор жан-алы калбай катуу аракеттенип жатты. Ал бир нерселерди жазып, чийип, эсептеп, тактайчанын бетин толтурду да карап отургандарга суроо узатты:

— Кана, эми түшүндүңөрбү?

Тактайчанын жанында турган ным Чүпүрөк эч нерсе түшүнгөн жок, ошондуктан бор менен талашкысы келди. Бирок айтарга ныпым сөзү жок болгондуктан, жөн гана тактайчада жазылган нерсенин баарын сүртүп өчүрүп салды.

Мындай күчтүү аргументке каршы бир нерсе деш кыйын эле: Чүпүрөктүн кызмат абалынан пайдаланып жатканы айдан ачык болду. Бор багынгысы келген жок. Ал кайрадан тактайчанын бетин калтырбай жазып, өз оюн далилдеп жатты.

Анын айткандары  бир топ далилдүү болчу, бирок – айла жок!

— Чүпүрөк кайрадан эч нерсе түшүнгөн жок. Бор сүйлөп бүткөндө ал кош көңүл, уйкусураган түр менен жазылгандын бардыгын кайрадан өчүрүп салды.

Бардыгын, Бор өзүн түгөнгүчө аябай, көпкө чейин аракет кылып жазган нерсенин бардыгын…

ЖУМШАК ТАРБИЯ

Темир көзөгөн бургунун  үй-бүлөсүндө кубанычтуу окуя болду: уулдуу болушту.

Ата-энесинин сүйүнгөнүн айтпа, ал эми коңшулары карап алып ахалап жатышты — атасына союп каптап койгондой окшошун кара!

Баласынын атын Штопор коюшту.

Убакыт өтүп, Штопор эс тартып, чоңоё баштады. Ага өзүн сынап көрүш үчүн чыныгы иш керек эле (Бургулар  ата-бабаларынан бери металл менен иштеп келишкен эмеспи), бирок ата-энелери уруксат беришпейт: азырынча жаш, адегенде жумшак нерсени тешип үйрөнсүн дешет алар.

Атасы уулуна  атайын чыгарылган каучук тыгындарды, агартуу министирлиги тарабынан уруксат берилип, бекитилген тыгындарды алып келип берип жүрдү. Штопор ошол тыгындарды тешип окуп үйрөнөр эле.

Ошентип Бургунун уулу жумшак тыгындарды тешип жүрүп тарбияланды. Качан убакыт жетип, катуурак нерселерди теш деп беришкенде – кайбар Штопордун уккусу да келген жок! Ал бөтөлкөлөргө көз жүгүртүп, жумшак тыгындарды издей баштады.

Карган Бургулар таң калышты; алардын уулу качантан баштап жаман жолго түшүп кетти экен?

МОРАЛ САКЧЫЛЫГЫНДА

Лом сейфтин каалгасына келип өзүн тааныштырды:

— Мен — лом деген болом. А сен кимсиң?  Ачылыңыз!  Каалга унчукпай койду, бирок Лом мындай иштерде тажырыйбасы чоң эле. Ал минтип сыртын салган немелердин оюнда эмне барын жакшы билчү, ошондуктан эч кысылбай эле каалгага кол сала баштады…

— Мага жолобо, бейбаш! – деп чаңырды Каалга.

— Кылыктанбачы! Сендейлерди жакшы билебиз!

Бул окуяны Телефон Трубкасы кызыгуу менен байкап турган. Адегенде ал керектүү жерге коңгуроо жиберейин деп ойлогон, бирок ойлонуп көрүп бул ишке аралашпоону чечти, анын үстүнө андан ары эмне болору да кызык эле.

Бардыгы бүткөндөн кийин Телефон Трубкасы ар кимге тынбай коңгуроо кагып жатты:

— А биздин кол тийгиз сулууну ушундай деп ким ойлоптур!  Өзүнүн Ачкычынан башкага ачылбайм деп жүрчү эле го, а көрсө…

МЫК

Кожоюну кандай жашап жатканына кызыккан мык туфлиден башын чыгарды да:

— Ой! — деген үндү укту.

Мык тынчсыздана баштады. Кожоюн бир чатак ишке кабылган окшобойбу?  Мык жакшылап караш үчүн мурдагыдан да моюнун созуп жиберди.

— Ой! Ой! – деп кыйкырган кожоюн туфлисин чечти да мыкты балка менен жалпайтып чаап салды.

«Менден бир нерсени жашырып жатат! — деп ойлоду Мык. — Мейли, мен баары бир билип алам!» Ал кайрадан сороктоп чыга калды. Кожоюндун жини келип, аттишти алды да Мыкты туфлиден сууруп ыргытып жиберди. Кампадагы кереги жок буюмдардын арасында жаткан Мык кобуранып жатты:

«Намыстуу киши экен! Ал канчалык жашоосу оор болсо да башкаларга билгизгиси келбейт!»

ТАМЕКИ КАЛДЫГЫ

Тратуарга ыргытылган тамекинин Калдыгы айланага көз жүгүртүп, көзгө урунарлык эч нерсе көрө алган жок. Ал нааразы боло минтип ойлонду: “Жыргаптырмын да! Менин жиндимдин толгон жерден ыргыткан жерин кара!”

Ал ары-бери өтүп жаткан элди карап, көңүлү бир аз көтөрүлө түштү.

— Ого, көрсө бул жерде деле кызыктуу туфлилер бар окшобойбу! – деп айтты да, ошол эле жерден өтүп бараткан бир жалтыраган жаңы туфлиге жабыша калды.

—Жабышпаңызчы! – деп жулкулдады Туфли. – Мен сизди тааныбайм!

— Хе-хе-хе! – дейт анда Калдык. – Анын эмнеси бар экен, кел таанышалы.

Туфли аны силкип салганда, ары жакта келаткан Батинкеге жармашты:

— Дагы эле кычырап жүрөсүңбү, атакеси? Таштандыга кетүүгө убакыт келе элекпи?

Калдык таштанды тууралуу убагында эстептир: Шыпыргы аны ошол жакка тез эле шыпырып таштады.

ТАЖРЫЙБА

Көбүк кандай гана кесиптерде иштеп көрбөдү!

Медик болуп көрдү — ар жагыңда эч нерсе жок деп бошотуп салышты. Китеп тыштаган жерге барып иштеди — ал жактан да кетүүгө туура келди: бир нерсеси чапташпай койду. Эми Көбүк калемсап сыяларын мол даярдап алып китеп жазсам деп белсенип турган убагы. Андан балким жакшы жазуучу чыгар?

Ооба, чыгыш керек: анткени Көбүк турмуш мектебинен жакшы эле өттү!

ЖЕҢГЕ ТАККАН КООЗ ИЛМЕ ТОПЧУЛАР

Жеңге таккан илме топчулар аябай кооз, алар Көйнөккө жарашыктуу жана бир башкача көрк берип турушат.

Бирок алар жеңди түрүүгө тоскоол болушат. А бул нерсе турмушта өтө керек…

ЧЫРАК ИЛГЕН КАРАГАЙ

Токойдон жогорку билим алгандан кийин Дуб, курулушка баргандын ордуна тамырын шаарда жайгысы келди. Эч жерден бош орун таппай, акыры шаардагы эл эс алуучу гүлбакчада Чырак илген Карагайдын кызматына орношту. Анын турган орду гүлбакчанын түпкүрүндө, көздөн далдоо, сүйүшкөндөр үчүн табылгыс караңгы жайда эле.

Чырак илген Карагай өз ишине жалындаган жаштыгы менен бүт дилин коюп катуу киришти. Анын тегерегинде бир дагы караңгы жер калбай жаркырап турду. Бирок сүйүшкөндөрдүн аягы тыйылып, бир дагы жан келбей калды.

— Ай ушу жаштар-ай! – деп күйүп-бышат Карагай. – Жаштар деген жарыкка умтулбайбы! Кандай караңгычылык, кандай тарбиясыздык!

ТОР

Түрмөнүн тору турмушту узун-туурасынан эле билет, ошондуктан ал бардыгын оңой эле чийип таштайт.

Ооба, ага да кай тарабынан барганды билиш керек. Эгерде сен сырт жагынан барсаң ал өзүнүн камерасын көргөзбөй чийип салат, эгерде, кудай анын бетин ары кылсын, ичинен барсаң, ал бүткүл дүйнөнү сенин турмушуңдан чийип салат да, анан аны менен тил табышың кыйын болот.

Ушу тор кызык жаралган нерсе экен: ал бардыгын чийип салганга жөндөмдүү жана ошол эле убакта өз ордунда бекем турат.

АКЧА ЧОГУЛТКАН КАРАПА

— Жашаганды үйрөнгүлө! – деп акыл айтчу чопо карапа бөлмөдөгү коңшуларына.

— Мына мени карагылачы: көрүнүктүү жерди ээлеп турам, кылган ишим жок, а акча өзүнөн өзү мага куюлуп келип турат.

Бирок ага канча акча ыргытса да, аз сезилер эле.

— Дагы беш сом болсо! — деп ыктытып турчу ал. — Дагы бир он сом!

Акыры бир күнү карапа колкосуна чейин толду. Ага дагы бир тыйынды салалык деп шыкап көрүштү эле, батпай койду. Карапа ал батпаган тыйын башка бирөөгө кетип каларын ойлоп зээни кейип, ичи эзилип турду. Бирок кожоюн башкача чечти: ал балканы алды да…

Бир көз ирмемде Карапа көрүнүктүү орундан да, акчадан да кол жууду: анын сыныктары гана калды.

ЧАЛКАН

Ах, балдар келип гүлдөрдү үзүп жатышканда Чалкан аларга кандай жинденчү эле!  Ал гүлдөргө кайгырчу эмес, жок, — жөн гана Чалканга аны үзүү жөнүндө эч кимдин оюна келбегини жанын кашайтчу… Чынында, ал өзүн үзөм дегендерге каршы эмес эле.

Бир жолу анын да жолу болду. Ууруну жакадан алган Багбан албетте, жаш бала эмес, акылдуу жан эмеспи. Ал кайдагы бир гүлгө колун созбостон, Чалканды үзүп алды. Чалкан гүлдү сүйүүчүнү кандай гана рахат менен жазалады дейсиң! Ал жакшы табитти жаш кезден тарбиялаш керектигин жакшы түшүнчү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.