XVII кылымда жашап өткөн кытай жазуучусу

Жер менен асман түбөлүккө турат, а мен бул дүйнөгө кайрадан туулбайм. Адам өмүрү жүз жылдан ашпайт, а меникичи, көз ачып жумганча жылт этип өтүп кетчү өмүр. Бул ааламга келүүгө кимге ырыскы буюрса, шаркыратма суудай тез аккан жашоо кубанычынан да, кайгысынан да куру калбайт.

*   *   *

Тоо кыйрап, суулар соолуп, ал эмес жер өзү топон-тозго кабылат. Ал эми туулуп, кайра өлгөн биз эмне болуп калыппыз? Тулку боюбузда кан айланганы эле болбосо, көлөкөбүз. А көлөкө деген эмне? Көлөкөнүн эле көлөкөсү: эгерде тунук билимге жетип, жандүйнөсү тунарбаса.

*   *   *

Кумар – алоолоп турган жалындай. Арийне, оору жөнүндө ойлоно калсаң, жан деген нерсе күбүлүп түшчү күлгө окшоп кетет. А атак жана наам жөнүндө кыялга батсаң, ал балдай таттуу. Бирок өлүмдү да ойлоно жүр. Өлүм жөнүндөгү ой балдай ширин эмес, ошентсе да оору менен өлүм жайын ким унутпаса, ошол гана  куру кыялдан кутулуп, түбөлүктүүлүктү эсинен чыгарбай, адилет жолун табат.

*   *   *

Жылдар, айлар чубалжып, узак. А карбалас адамдар өздөрүнөн өздөрү шашкалактап жүрөт. Асман менен жер кенен жайылып жатса, өзүнөн өзү кысылып жашаган түркөй адамдар бар. Убакыт жебеси өз мыйзамын бекем сактайт, а адам куурагырың өмүр бою олку-солкулукта карбаластаганын койбойт.

Буга ким түшүнсө, жер-асмандын сырын аңдайт.

*   *   *

Токтоюн деп чечтиңби, дароо токто. Эгерде оңтою келер саатты күтүп үйлөнсөң, барыбир түйшүк арылбайт. А монах боло коюп – даанышман болуп кетпейсиң. Качандыр бирөө айтыптыр: «Кеткиң келеби, создуктурбай жөнө. Эгер ар нерсенин учурун күтө берсең, ал эчкачан келбейт».

*   *   *

Ооз – акыл дарбазасы: аны ачсаң эле темселеген акылың сыртка чыгат.

*   *   *

Жалгыз аяк жолдо баратсаң, каршыңан чыккан адамга жол бошот. Алдыга келген тамактын бир бөлүгүн алсаң, эки бөлүгүн жаныңдагыга сун. Бул дүйнөнүн бактысы ушунда эле.

*   *   *

Эгер башыңа кыйынчылык түшсө, сенден да оор кыйынчылыкка кабылган адам жөнүндө ойлон, жеңилдей түшөсүң. Эгер жандүйнөңдө кош көңүлдүк жаралса, сенден башкалардын жетишкен ийгиликтери жөнүндө ойлон, дароо чыйраласың.

*   *   *

Жаман менен каршылашсаң да бирок аны биротоло туюк жолго камаба. Антип аёсуз кармашканың – чычкандын уясын бүтөп салгандай кеп, а өлгөн чычкандын жаман жери: айланасын уулантат.

*   *   *

Жакшылык кылганыбыз дайыма жаманчылыкка да айланып калат, ошондуктан жакшылык кылардан мурда терең ойлон.

*   *   *

Жымжырттыктагы бейпилдик – чыныгы бейпилдик эмес, кайнаган турмуштун арасында жүрүп бейпилдикке жеткениң баарынан укмуш. Шаңдуу кечеде шаңга бөлөнгөнүң – чыныгы кубаныч эмес, чыныгы кубанычка башыңа кыйынчылык түшкөндө жетсең, жүрөгүңдүн түпкүрүн сезесиң.

*   *   *

Эгерде жалгыз гана өз аброюң жөнүндө ойлонсоң, башкаларга өмүрү жарыгың тийбейт.

Орусчадан оодарган О.Шакир

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.