Белгилүү коомдук ишмер, экс-министр, парламенттин мурдагы депутаты жана Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын мурдагы жетекчиси Каныбек Осмоналиев менен учурдагы диний жааттагы темага кенен токтолуп маек курдук…

– Каныбек байке, өткөндө оор салмактуу кишидей көрүнгөн Президентибиздин оозунан өтө жеңил, өтө опурталдуу кеп чыгып кетти – мечиттердин санын мектептен жогору койгон. Сооронбай Жээнбековдун ошол сөзүнөн улам ансыз да кызыл жалын болуп турган диний тема илим-билимдүүлөр арасында өрткө дүрт эттирип май куйгандай окуя болуп калды. Ошондон улам коомдогу бул реакцияга тереңден анализ берүү максатында Сизди кепке тартып отурабыз. Эмесе, рухий багыттагы кооптуу жагдайга кенен токтолуп сөз кылсак кантет?

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дин кырдаалы бир топ эле курч кетти. Өзүбүздүн эле чолок жана эгоисттик саясатыбыз күнөөлүү! Айтылган дооматтарды чечмелөөдөн мурда, адаттагыдай эле өлкөбүздөгү диний уюмдардын статистикасын келтирсек. Дароо эле эскертип коёюн, мисалы, мечиттердин саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орундабыз. Шүгүрчүлүк дейли. Бизде азыр 3 миңге жакын мечитибиз бар. Эгерде 6 млн калкыбызга бөлө келсек, ар бир 2 130 адамга бир мечит туура келет. Мындай көрсөткүчтөр кошуналарыбыз үчүн төмөнкүдөй: Казакстан, калкынын саны 17,5 млн., бир мечитке — 7 176 адам туура келет, Тажикстан, 8,5 млн. – 2 666, Түркмөнстан, 5,3 млн. – 12 562, ал эми Өзбекстан үчүн, 32 млн. – 15 121. Бул расмий маалыматтар. Мындай кырдаал бир топ ойго салат. Сапат маселеси канча? Мечиттин зор руханий күчү, касиети  болуш керек. Жакшы буюм, имарат же ыйык жерлер адамды тарбияга чакырат. Бизде мечиттер ошол вазийпаны атакара алабы? Менимче, көпчүлүгү андай талаптарга жооп бербейт.

– Албетте, диний жайлардын, медреселердин саны арбыганы деле анча чочулоо жаратпайт эле – эгерде илим-билимдүү таксырларыбыз арбын болсо. Тилекке каршы, караламан калкка диний көсөм көрүнгөн молдокелердин диний ишмердигин көрүп келатабыз го: алар илимдүү-билимдүү диний катмарды тарбиялабай эле, диний фанаттарды, өктөм мүнөздөгү түркөйлөрдү, робот-динчилдерди көбүрөк тарбиялап алганын турмуш чындыгы көрсөтүп атканын кайда жашырабыз. Анан бизге ошол эле жетишпей аткансып, Президентибиздин алиги айтканы кантип нааразычылык жаратпайт. Ансыз да медреселердин саны жетиштүү эле курулуп атат ко, башка маселе, эгер ошол диний окуу жайларындагы билим берүү жагы маанилүү экени эске алынса…

– Медреселер боюнча өзүнчө сөз кылалы. 2012-жылга салыштырмалуу алардын саны Кыргызстанда 63 деп эсептелген. Ар жылда бир нече медресе ачылып жатканын эске алсак, бүгүнкү күндө медреселердин саны 100дөн ашуун. Мындан сырткары 1 Ислам университети, 11 институт бар. Куран курстарын окутуучу жайлардын санына эсеп жок! Сан жагынан алып карасак, бул эбегейсиз зор ресурс. Кубанып эле кабыл алсак болот. Бирок чынында алардын ислам баалуулуктарын жайылтууга, балдар-кыздарыбыздын сапаттуу билим алуусуна салымдары канча? Бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана талаптарына жооп бере алышабы? Кайдан! Ар бир ислам окуу жайынын өзүнчө окуу планы, программалары бар. Унификация маселеси менен эч кимдин чатагы жок. Ал маанилүү талапка муфтияттын башы да оорубайт. Анткени, ал окуу жайларынын туруктуу каржы булактары жок. Ар биринин чет мамлекеттердеги “кожоюндары” бар. Ошолор каржылайт. Окуу саясатын дагы ошолор таңуулашат. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты!” – эле болуп келебиз. Муфтияттын иши дагы жок.

Формалдуу эле “башкарымыш” болот, медреселердин башчылары “угумуш” болушат. Дин агенттиги калп эле “көрүмүш” болот, ал эми ислам аалымдары, куйтуланып, “өлүмүш” болушат. Ошондуктан, биздеги медреселер бир топ араб өлкөлөрүнүн, Туркиянын, Ирандын, Пакистандын, Афганистандын, Бангладештин  ж.б. мусулман өлкөлөрүнүн эле саясатын, салтын жайылтуучулар болуп алышкан.

Анчы-мынча жергиликтүү аалымдарга тиешелүү медреселер да бар, бирок барыбир алар деле чет жакты акмалап, алардан жем жеп, ошолордун айтканын угуп жана аткарып келишет. Тилекке каршы, бул абал – Кыргызстанда эле орун алган. Коңшу өлкөлөрдө мындай бейбаштык менен тартипсиздик жок. Алар ислам баалуулуктарын өз салттарынан чыккыс кылып бекемдеп алышкан. Бизде жаш балдарыбыз дүйнөнүн каалаган өлкөлөрүнө барып дин үйрөнүп келишсе, кошуналарда мындай ишке катуу тыюулар салынган. Өзүлөрү окутушат, салтты жана идеологияны бекем сакташат. Кимибиз туура саясат жүргүзүп жатабыз?  Бул суроого жаш бала деле бир өңчөй жооп бере алат!

– Дегеле диний агымдар Кыргызстанда жайнап кеткенинин түпкү себеби эмнеде? Кайсындан ката кетирдик башынан бери?

Кыргызстандагы диний абал жалгыз ислам конфессиясынан эле көз каранды эмес. Биз дүйнөлүк диндердин жана алардын секталарынын мекенибиз. Бул сөздөрдү кубаныч менен эмес, тескерисинче, өкүнүп туруп айтуубуз керек. “Жаман үйдү коногу бийлейт!”— болуп калган. 1991-жылы, акаевдик башаламан доордо КМШ өлкөлөрүнөн эң алгачкы болуп биз “Дин эркиндиги жана Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар” аттуу мыйзам кабыл алынган. Ага чейин Конституция баш болгон базалык мыйзамдар кабыл алына элек болчу. Батыштын ошол кездеги биздин жарым атеист, “дөдөй”  башчыларбызга жасалган басымы күч менен таңуулоо аракеттери эле.

Анан эле диний агымдар жерибизде жайнап кетти. Азыр Кыргызстанда 2 330 диний уюм болсо, анын 1 943ү – ислам, 371и – христиан, 14ү жаңы диний агымдагы мекемелер! Барынан укмушу – христиан багытындагы жаңы секталардын ачылышы болду. Мурда орус православдардын бирин-серин чиркөөлөрү, католиктердин 1 чиркөөсү жана баптисттер менен лютерандын бирден эле диний мекемелери орун алып келсе, азыр кичинекей Кыргызстанда ээн-эркин эле протестанттардын ж.б. жаңы диний секталардын жүздөгөн сыйынуучу борборлору ачылып кеткен.

– Мүмкүн болсо конкреттүү мисалдар менен айтсаңыз…

– Алар: жетинчи күндүн адвентисттери, элүүчүлөр, мунисттер, менониттер, баптисттер, лютерандар, кальвинисттер, молокандар, мормондор, “старообряддар”, сатанисттер, сайентологдор, жахабанын күбөлөрү, бахаилер, ж.б. тирукмуш агымдар.  Ислам конфессиясынын деле кыргыздарга өөн учураган секталары толуп алган.  Аларды санабай эле коёюн.  Барыбызга  белгилүү. Бирөөсүнүн атын атасаң, миңдеген фанатик адептери айкырып чыгышат. Мурда бир аз тартынып, тартип сактап келишсе, азыр ачык эле кыймыл-аракеттерге өтүп алышкан. Социалдык тармактарга кириңиздер, кагынып-сөгүнгөн, кекеткен-коркуткан этаптан эчак өтүшүп, азыр көрүнөө эле антиконституциялык чакырыктарды жайгаштырып жүрүшөт. Өлкөбүздүн коопсуздук мекемелери кааласа бир заматта эле аларды аныктап, жазалап, ордуна коюп коё турган мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок аларга кереги жок ко.  Анын  ордуна  ачык айтып, күйүп жүргөн атуулдарды сотко сүйрөп жүрүшпөйбү!

– Расмий бийликтин чечкинсиз кадамдары ушундай болуп атса, анан Президенттин өткөндөгү билдирүүсү чынында жоопкерчиликсиз, өтө орунсуз туюлганын өзү деле, айланасындагылар деле түшүнбөдү окшойт!..

– Кыргызстандагы диний коопсуздук бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси. Мен айтаар элем: “Бул маселенин оң же тескери чечилишинен Кырызстандын келечектеги тагдыры көз каранды!” деп. Баш мыйзамыбызга ылайык – Кыргызстан светтик же секулярдык мамлекет. Ошону менен катар ар кимге  каалаган динди тутуу эркиндиги да берилген. Бирок ошол дин эркиндигин ээнбаштыкка айырбаштап алып жатпайбызбы? Эркиндикти каалаганча тайраңдап колдонуп, коомдун алдындагы жоопкерчиликти такыр унутуп койдук.

– Эркиндиктин чегин билбегендиктин өзү да эң кооптуу эмеспи…

– Өзү  идеалында мамлекет менен дин өз ара келишип алуулары керек эле. А бирок эмне кылып жатышат? Диний жамааттарды парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында гана эстешет. Толгон-токой убадаларды берип, дин жамааттарын алдашат, добуштарына ээ болушат. Динчилдердин башчылары да кызык! Өзүлөрү керектүү саясатчылардын этегине сыйынышып, жармашып жүрүшөт. Шайлоо бүткөндөн кийин бирин-экин шылуундары эле максаттарына жетпесе, калгандары тиги алдамчы саясатчыны сөгүп, тилдеп кала беришет. “Айланайындар, дин мамлекеттик саясатка аралашпайт деген Баш мыйзамдын жоболоруна таянып эле оокатыңы өткөрө бербейсиңби?” деп айткан  киши жок. Демек, динаятчылардын өзүлөрүнүн көздөгөн максаттары бар да, туурабы?

– Албетте, бу жерде букага көз кыскан кунаажындан эмне айырмасы бар алардын?…

– Жооп, баягы эле кызмат сурамай, акча жасамай ачкөздүк.  Бул жагымсыз сапат саясатчыга кандай керек болсо, диндин башында олтургандарга андан миң эсе көбүрөк керек окшойт.  Башка дагы кандай бүтүм чыгарууга болот?  Натыйжада, эки шылуундун азабын эл тартат.  Мамлекет мүңкүрөйт. Диндин чыныгы табияты, баалуулугу бүлүнөт, калкка жек көрүнөт. Ошентип баягы балээ баскыр прозелитзм күчөйт.  Айтмакчы, прозелиттердин саны жана анын өсүү темпи боюнча биз дүйнөдө алдыңкы орундарда экенбиз. Дагы 20 жылдын ичинде “кыргыз-мусулман” жана “кыргыз-христианин” болуп кырылышып калбайбызбы? Андан Кудай сактасын! Азыркы трайбалисттик азаптарыбыз анын алдында жаш баланын оюнчугу болуп калат!

– Байкап жүрдүңүз бекен: соцтармактарда мага окшоп динге баш урбагандарды өгөйлөгөн пикирлер абыдан арбын. Чала молдолордун түшүнүгүндө, мен милдеттүү түрдө мечитке барып томпоңдоп, кудайга кошомат кылышым керек экен. А мен беш маал намазга жыгылбай деле адам сыягында жашаганым туура эмес бекен же?!.

Мени өкүндүргөн көрүнүш бүгүнкү күнү мамлекетибиз диний фанатизм жана радикализм менен күрөшүүнүн ордуна диндин өзү менен жакалашып жүргөнү! Бул ошол өкмөттүк чиновниктердин түркөйлүк деңгээлдери эле болуш керек. Ушундай чала сабаттарды кайдан таап чыгышат? Ал эми укук коргоо органдары менен күч структуралардын өкүлдөрүнө сөз жетпейт. Жазалоо жана коркутууларга гана акылдары жетет экен. Көпчүлүгү саботаж кылып, мамлекетке, Президеттин өзүнө каршы иштегендей сезиле берет мага! Дагы бир караңгылыкты ашкере кылган балакет көрүнүш бар: эгер  мугалим, врач, окумуштуу, артист, жазуучу же дагы бир башка акыл эмгегинин адиси болсоң эле сени динден алыс же атеист деп ойлоп алышат. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү секулярдык билим менен диний тарбияны эң сонун айкалыштырган инсандар. Эмне аларды  динден өгөйлөшөт? Айрыкча, чала-сабат молдолордун деңгээли күйгүзөт. Мен костюм-шым кийип намаз окусам каапыр болуп калбаймын да, туурабы?

Саясатта биринчи кезекте атуулдук сапат орун алышы керек. Максатка жетүү үчүн бардык аракеттерди колдонуу өтө коркунучтуу. Айрыкча дин чөйрөсү менен ойноо. Аларды абдан эле көп колдонгон саясатчылардын ошол эле чөйрөнүн барымтасында калуу коркунучу бар.  Бул жагымсыз көрүнүш акыркы 2015-жылдан бери эбегейсиз өстү. Мен муну даана эле көрүп, байкап келем. Кээ бир “азаматтар”өзү өкмөт мүчөсү же депутат болуп алып, өлкөнү светтик статустан теократиялык мамлекетке айландырам деп жүрүшөт. Бул коркунучтуу тенденция!

– Мунун өзү от менен ойногондук ко?

От менен ойноп жатышат. Мисалы, Ватикандагы Рим-Католиктик, Москвадагы Орус Православиялык чиркөөлөрү, Саудиянын Баш муфтияттарынын динаятчылары саясатка аралашабыз, министр, депутат болобуз деп эмне үчүн жан талашып аракет кылышпайт. Алардын ресурстары укмуш го? Анткени, алар өзүлөрүнүн касиетин, ыйык вазийпаларын билишет, сезишет.  Кыргызстандын чала сабат саясатчы же динчилдериндей кантип болуп калышсын. Дин саясатка аралашты – өлдү! Өзү дагы катуу зыянга учурайт.  Мамлекет да оңбой калат. Бизде азыр дал ушул кырдаал күч алып кетти.  Ким жооп берет?! Керектүү учурда ойт берип четке жыла беришет да!  Көрүп эле келатпайбызбы!

Кыргызстанда  кандайдыр бир трагедия болгондо гана коопсуздук жөнүндө сүйлөй баштайбыз. Ошондо да барынан катуу мурда каршы сүйлөп жүргөн бир шүдүңгүт кыйкырып чыгат. Өлөсүң, да.  Бул эмнеге мындай?  Анткени, диний саясатты жеке кызыкчылыкка гана баш ийдирип алышты. Арты жаман мунун.  Азыр эле сезиле баштады. Бийлик болсо, жарым жартылай иш чараларды жасамыш болуп, “көрөбүз”, “буюрса” өңдүү тил эмизмей адатка өтүп алды!

– Менимче, биздеги диний чөйрө сырткы күчтөрдүн саясаты менен ушуга кептелгендей туюлат, кандай дейсиз?

Бизде азыр дүйнөлүк деңгээлдеги диний аалым окумуштуу барбы? Ислам болобу же христиандардын арасынанбы? Жок, болбойт дагы. Анткени, артты көздөй караңгылыкка сүйрөгөн күчтөр, дин бийликтеринде  олтуруп алышты.  Элди канчалык билимсиз, сабатсыз кармашса, ошончолук аларга жакшы.  Каалагандай максаттарын ишке ашыра алышат. Ошондуктан диний мекемелер менен жалпы билим берүү мектептерин бири-бирине карама-каршы коюп келатышат. Бул – керек болсо азыркы геосаясат! Президентти, өкмөттү жана парламентти ошолор курчап алышкан. Бул жерде сырткы күчтөр да бар. Алар кырдаалды өтө чеберчилик жана митайымдык менен башкара башташты.

Чет элдик диний миссионерлер мурда аярлап келишип, талап кылынган каттолордон өтүп, анан өз иштерин аткарышса, азыр бир нече бети жок чиновниктерди сатып алышып, тайраңдап жүрүшөт. Көпчүлүк эркек миссионерлер кыргызстандык кыздарга үйлөнүп алышкан. Бизде барын сатып алса болорун жакшы билишет. КМШ өлкөлөрүнөн качып келген диний радикалдык көз караштардагы чет элдик жарандар да Кыргызстанда эркин жашай алышат. Бир кездеги Аскар Акаевдин “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” деген тантырак саясаты азыр чындап иш жүзүнө ашып, ал турсун күчөгөн убагы.

– Каныбек байке, Сизге абыдан терең ыраазычылык билдиребиз. Себеби так ушул тапта тилин тишине катып отурган интеллигенция өкүлдөрүн да безге саяр ачык чындыкты оозандыңыз. Буюрса, маегибиздин кийинки бөлүгүндө бул темага дагы кайтып келгенче, эсенчиликте бололу…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.