АҢГЕМЕ

Тукаба бешмантын аягына таштап жаңы эле кыңкайган кемпир чочугансып  кайра отура калды. Бирдемени тыңшагандай саамга башын кыйшайтып  тынып турду  да, дивандан түшүп, өзү жатчу  бөлмөгө жөнөдү. Этегин кайрып эңкейип, сандыгынын астына акырын  колун сойлотту. Акча каткан жери ушу болчу. Бетаарчыга оролгон түйүнчөктү дайыма ушерге-сандыктын бутунун буйткасына кыпчып коёт. Жок. Жакшы эле эңкейип колун ары бери жылдырып, сандыктын астын шыпырып… таппады.

Ыгырылып отурганга деми кыстыга түштүбү, саамга көзү караңгылап, энтиге дем алып жатса да “я, кокуй, кайда койдум эле?” деген санаа  шайын оодарып, оюн онго бөлдү.

“Апа, мобу сиздин жаныңызда болсунчу” деп уулунун калың бүктөлгөн акчаны карматканы гана эсинде.  “Канча?” деп сураган деле эмес,  айтор жашыл, көгү аралаш бир топ кагаз болчу.  Андан кийинкиси… Бүдөмүктөгөн көзү менен бөлмөнү тегерете  карады. Дал ушерде,   төшөктүн этегин кайрып отура калган баласы колуна карматпады беле. Бул акылды өзү далай айткан да, ” балам, катынга көп эле ишенген болбойт, анча-мынча жашырган тыйын-тыпырың  болсо мага бер,  катып берем». Эми минтип… эстей албай эндиреп отурбайбы. “Атаны гана өлүгүңдү көрөйүн өлгөн жан, өлгөнүм ушу эмеспи я, эсиңе жара чыккыр… ушундан көрө өлүп эле калсамчы…

Кемпир төрт аяктап шырдактын четин кайрып, астын карады. Илинип турган кийимдердин чөнтөктөрүн аңтарды. Дары салган кутуну, жип-шуу салынган баштыкты тинтти. Жок. Каран калган чаар бет аарчыдан дайын жок. Небереси келип эркелей кетти эле “тияка барып ойно” деп тирт этти.

— Апа, чай ичиңиз! — ашканадан келининин үнү чыкканда селт эте түштү.

— Азыр, айланайын,- дегени менен тыбыраган   көңүлү дале тынбады. “Бекем кат десе такыр киши тапкыс жерге каткамынбы, же  илээнди жаным оңой жерге таштап коюп  бирөө таап кеттиби?

Жүрөгүнө тамак баспай, эмне ичип, эмне койгонун өзү да билбей калды. “Бу карыганда адегенде эле  мээң  соолот турбайбы, аны көзүң көрбөгөндөн кийин байкабайт экенсиң да. Соолуганы ушу да, койгон жериңди өзүң таппай калсаң… Деле Кудай сактаса экен, көчөгө чыгып кайра үйдү таппай калышың деле алыс эмес окшойт…

— Эне, табышмак айтсам табасызбы?- үчүнчүдө окуган небереси кемпирдин  боз тумандай илээлеген оюн бөлүп жиберди. Күлүңдөп  жанына келген секелекти  карап кемпир аргасыздан  күлдү. “А, катыгүн, сенин табышмагың түгүл катканымды таба албай жатсам”.

Эчтеме менен иши жок  кыз:

— Эртең менен төрт аяктап басат, түштө эки буттап, кечинде үч буттап басат бул эмне?- деп карап калды.

— Билбейм, садага болоюн .

Кыз кыткылыктады.

— Ошону да билбейсизби, ал деген – адамдын төрөлгөндөн карыганга чейинкиси!

Кемпир тилин тиштеди.” Атаганат, жаш кез, мээң таза кез, жүгүрүп жүргөн учур сонун тура! Эми минтип жарым эс болуп, баланын таман акы маңдай тери менен тапканын көчпөй-конбой  жоготуп жаткан кантип жакшылык болсун, каапыр! “Башы ооруп, көзү чанагынан чыкчудай, бүткөн бою чыңалып, теңселип барып жата кетти. Жалгыз баласын  жетелеп, ар кай жерде корголотуп жүрүп чоңойткон. Кийин уулу “байкуш апам мени  пол жууп жүрүп окутту» деп көп айтчу.

Чындап эле эки  жерде иштеп, темселеп жүрүп жетилтти. Кудай жалгап баласы эмгегин актап, жакшы окуп, азыр бир чоң райондун прокурору, төрт баланын атасы.

“Астыңда машинең бар балам, түшкү тамакты үйдөн эле  ичип тур, сен келбесең мен да тамак ичпейм” деп апасы какшаганынан улам күнүгө түшкү тамакка келет. Тамактан кийин тук этип алмайы бар. Анда апасы учунда төрт-беш жалбырагы калган узун чыбык менен  желпип, баласынын уйкусун  чымын-чиркейден коруп отурат.

Дубалдагы саатты улам  карап, туура бир жарым болгондо ойготот. “Тур, кагылайын, ишиңен кечигесиң”.  Эми ушинтип күнү-түнү чапкылап жүрүп  тапкан акчасын жоготуп отурбайбы. Ал акчага эмне деген оокат келет эле я.  Акча эле оңой табылып атыптырбы. Эми баланын бетин кантип карайт?

— Апа, эмне болду сизге?- иштен келген уулу үстүнө үйрүлө калганда кемпирдин андан бетер мууну бошоду.

— Апаңды эмне кылат элең балакетиңди алайын, апаңды Кудай алсын…Көкүрөктү эле бирдеме басып атат…

— Койчу апа, жүрүңүз, биз менен тамак ичиңиз.

— Иче бергиле мага карабай, мен дары ичип алдым,  кичине жата турайын.

“Сен берген акчаны жоготуп жибердим” десем  капа болот ко…  Баарыдан да келин билип калса “энең экөөң менден жашырып кайда алып барайын дедиңер эле?” десе эмне дейбиз? Таза шерменде болбодумбу!

Төрт аяктай жөрмөлөп, сандыгына дагы келди. Коңулга тыгылып калып колуна  урунбай жатпасын деп дагы сыйпалады.  Жок. Супсуну сууп кайра барып жатты. Жарыкты күйгүзгүсү да келген жок. Кулагы дүңгүрөп, көзүнөн чаар чымын учуп, аягы титиреп чыккан кемпирди түн ортосунда  “Тез жардам” алып кетти.

— Ой апа, кандайсыз? — Эки күндөн кийин эшиктен жадырап-жайнап кирип келген баласы кемпирди кучактап, бетинен өптү, — Ой укмуш партизансыз  ээ, апа,- күлкүсүн тыя албай тиктеп калган уулун түшүнбөй калды.

— Туфлимдин башына бет аарчыңызды тыгып коюптурсуз, ичинде акча бар турбайбы,  аз жерден ыргытып жибере жаздадым.

Кемпир эми  уулуна кошулуп күлдү.

— Аа, курган жаным,  ушунусун  киет да, ошондо сени  таап алсын деп каткан турбаймынбы, байкуш жаным…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.