Трансгендер балдар коомго батпай кыйналат (2-баян)

<<<<<<<<<1-баян Кыргызстандын шартында трансгендер болуп төрөлгөн азчылыкка медицина жактан комплекстүү түрдө көмөк көрсөтүү жагы жолго коюлганбы? Бул суроого балдардын психотерапия бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Абдиева менен бирге жооп издеп көрдүк. — Мурда албетте, ак халатчандар арасында деле трансгендерлерге туура эмес мамиле кылып келишкен. Бактыга жараша, кийинки жылдары Кыргызстандагы «Лабрис» уюмунун иштиктүү аракеттеринин натыйжасы менен врач адистер трансгендер өкүлдөрүнө жана алардын ата-энелери менен бир туугандарына көңүл буруп, түшүндүрүү жагы жолго коюлду. Аларга психолог, психиатр, психотерапевттер консультациялык жардам беришет. Буга чейин сөз […]

Мустай КАРИМ: Биздин бүлөнүн кубанычы

Өз кезегинде башкыр элинин улуу акыны, драматург-жазуучусу Мустай Каримдин «Ай тутулган түндө» аттуу пьесасы кыргыздын улуттук театрынын репертуарынан узак жылдар бою түшпөй келгени белгилүү. Трагедия негизинде жазылган пьесада кыргыз сахна өнөрүнүн аттуу-баштуу корифейлеринин чыгармачылык горизонту кең ачылып, аталган спектакль кыргыздын төл тилинен жаралган улуу көркөм-дөөлөт шекилинде кабыл алынган. Театр өнөрүнүн далай мууну чыгармачылык жактан такшалып, ал эми театр сүйүүчүлөрүнүн да далай мууну «Ай тутулган түндө» аттуу спектаклдин таалим-тарбиясы менен бойсунуп жетилген элек. Кыргыздын театр өнөрүнүн алтын доорунда баарыбыздын жадыбызда сакталып […]

Сүйүн КУРМАНОВА: Мечит эч качан мектепти алмаштыра албайт!

Мындан он, он беш жыл мурда эле туташ сабаттуу делип келген Кыргызстанда азыр «Мектеппи, мечитпи?» деген суроонун жебе болуп сайылып турганы кызык болуп жатат. Балдарда жалпы дүйнө тааным боюнча базалык пластты түзүп, инсан катары калыптандыруучу негизги мамлекеттик мекеме болгон орто билим берүүчү мектептин билим берүү деңгээли белгисиз, калыптанган базасы, иштелип чыккан ыкмалары дайынсыз мечит менен эмнеге бир таразага коюлуп жатканынын башка себептерин окумуштуу изилдөөчүлөр айтышаар, мен өзүмдүн журналисттик байкоолорумду ортого салгым келди. Коомдогу соңку социалдык-экономикалык кыйын кырдаалдардын билим берүү тармагына […]

Бегенас САРТОВ: Парадокс

АҢГЕМЕ Биолог Нураниянын быйыл алтымыш жылдыгы белгиленди. Бул кубанычтуу күнгө окумуштуу өзү да жаман белек менен келген жок. Ал карыны жашартуучу препараттын химико-фармакологиялыкг составын лабораториялык жол менен алып, ачылышка мас болуп турган учуру болчу. Дал ошол кезде өмүр бою илим менен алышып жүрүп, турмуш курбай калган ак көңүл, бирок ишке бекем наристе кемпирди — бирге иштешкендери 60 жылдык тоюн өткөрүшүп, кубанычына кубаныч кошушту. Юбилярды куттуктоонун акырында банкет болуп, чогулгандар улуу «уу-дууга» төөнүп, үлпөт созулду. …Шарапка албыра түшкөн наристе-кемпир капысынан жанаша […]

Харуки Мураками: Кенгуру үчүн жакшы күн

АҢГЕМЕ Кашаанын ичиндеги вольерде төрт кенгуру жашачу. Бир эркек, эки ургаачы жана жакында эле жарык көргөн – алардын баласы. Вольерде бизден башка эч ким жок. Ачыгын айтканда, зоопарк деле эл күргүштөп келе берүүчү зоопарктардан эмес. Анын үстүнө  бул  дүйшөмбүнүн таңында, айбандарды көргүсү келген адамдардан, капастагы айбандар көбүрөк болучу. Биз кенгурунун баласын көргөнү келгенбиз. Бул жерде андан бөлөк биз  кызыгып карагандай  эч нерсе деле жок эле. Кичинекей кенгуру туулгандыгы тууралуу биз бир ай мурда газетадан окуганбыз, ошондон бери эртең менен барып […]