Өз кезегинде башкыр элинин улуу акыны, драматург-жазуучусу Мустай Каримдин «Ай тутулган түндө» аттуу пьесасы кыргыздын улуттук театрынын репертуарынан узак жылдар бою түшпөй келгени белгилүү. Трагедия негизинде жазылган пьесада кыргыз сахна өнөрүнүн аттуу-баштуу корифейлеринин чыгармачылык горизонту кең ачылып, аталган спектакль кыргыздын төл тилинен жаралган улуу көркөм-дөөлөт шекилинде кабыл алынган.

Театр өнөрүнүн далай мууну чыгармачылык жактан такшалып, ал эми театр сүйүүчүлөрүнүн да далай мууну «Ай тутулган түндө» аттуу спектаклдин таалим-тарбиясы менен бойсунуп жетилген элек.

Кыргыздын театр өнөрүнүн алтын доорунда баарыбыздын жадыбызда сакталып калган ошол чыгарма ким тарабынан кыргыз тилине которулганы туурасында интернет булактарынан бир да маалымат табылбай, акыры аттуу-баштуу адабиятчыларга телефон чалууга туура келди. Адабияттын күңгөй-тескейин билгендин баары Мустай Каримдин «Ай тутулган түндө» аттуу пьесасын ким которгону туурасында өздөрү да маалыматты тактай албай келишкенин айткандарына таңгалдым.

Акыры, белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратовго чалып, такталбай жаткан маселенин дал төбөсүнөн түшүптүрмүн. А.Муратовдун айтымында, учурда «Дүйнө адабияты» аттуу мектеп программасы үчүн атайы даярдалып жаткан китепке да М.Каримдин пьесасын киргизүүдө – аталган чыгарманы учурунда ким которгону туурасында эч жерден маалымат табылбаптыр. Муну укканда каңырыгым түтөп, белгилүү драматург Бексултан Жакиевге телефон чалдым. «Йе, кудай урган десе… мен азыр Бообек Ибраевдин байбичесине чалып тактап көрөйүнчү. Себеби «Ай тутулган түндөнү» Бообек ыраматылык сахнага коёт элем деп көтөрүп жүрүп, акыры бирөөгө которткон эле. Кийин аны ким которгону жөнүндө эч жерде айтылбай жүрүп, ошону менен унутулуп калган окшобойбу», – деген аксакал бир нече убакыттан кийин өзү кайра чалды…

Улуу башын кичүү кылып Бексултан ава Б.Ибраевдин байбичеси Гүлсүн Мамашевага чалса, ал кишинин да эсинде калбаптыр… Учурунда башкы ролдо ойноп келген Жамал Сейдакматовага чалыптыр, ал киши да эстей албаганын айткан Бексултан аванын кебинен кийин, шалдайып отуруп калдым…

Мына биздин адабият, маданият тарыхына мамилебиз! Мына котормочулук эмгекке жасаган мамиле! Кимди күнөөлөйбүз?..

Аал, ал болду, бул маалыматты эл арасынан дагы тактаарбыз. Арийне, биздин бүгүнкү кеп башкада. Бул маселеге эмнеге келип такалганымдын жөнү мындайча болду: чыгармачылыкта санаалаш дос-агаларымдын бири Калнур Ормушев аттуу интеллектуал окурманым бар. Ошол киши бир курдай Мустай Каримдин «Радость нашего дома» аттуу балдар үчүн жазылган керемет повестин абыдан мактап калды, бүйүрүмдү козгоп… Бул чыгарманы мурда кийин кыргыз тилине эч ким оодарган эмес экен.

Кезинде улуу устатыбыз Салижан Жигитов Мустай Каримдин ырларын башкыр тилинен кыргызчага түзмө-түз көркөм которгонун билер элем. Бу жолу Калнур Ормушевдин өтүнүчү менен кыргыз окурмандарына аталган чыгарманы эне тилибизде таржымалдоо ыракатын сезгим келип, орусчасы менен катар башкырчасын («Беззең өйзөң йеме» («Радость нашего дома») атайын таптырып которууга кириштим. Анын үстүнө учур адабиятынын акын-жазуучулары балдар адабиятын таптакыр эстен чыгарып койгону да аталган чыгарманы кыргызчага которууга чоң түрткү болуп туруп алды. Экинчиден, 2019-жылы Мустай Каримдин 100 жылдык мааракеси белгиленерин эске алып, боордош башкыр элибизден чыккан залкар жазуучунун мааракесин утурлай, эки элдин адабий алакасы үчүн эне тилибизге оодарып койдум, азис окурман!

Чыгарма негизинен түпнускасына жакын болсун үчүн — башкыр жана орус тилиндеги айырмачылыктарды салыштыруу жолу менен которулду…

Олжобай ШАКИР

ПОВЕСТЬ

АПАМ КАЙДА ЖӨНӨДҮ ЭЛЕ?

Көкүрөгүңүздө жакшы адамдарга сөзсүз таржымалдап бергиңиз келген нерсе барбы? Болсо керек! Менде да бар. Анда азыр эле айтайын.

Бул биздин бүлөдө болгон, согуш мезгили эле. Атам анда айылдын жигиттери менен бирге фронтто кырчылдашып жүргөн кези, апам болсо колхоздо иштечү.

Бир курдай кышындасы апам кургур колхоз башкармасы Жакып авадан жеңил чана сурап келип, анысын атка чекти да, Темиртоо айылынан тайенемди үйгө меймандатып алып келди. Тайенем бир түнөрү менен, эртеси эле апам жолго камынды. Агер адам алыскы жолго аттанбаса, нанды кургатып не, апам болсо бир мүшөк нан кургатты, атүгүл токочтордун татымдуу түрлөрүн да бышырды. Анан кайдагы бир түйүнчөктөрүн камдады. Жөн адам туруп-туруп эле түйүнчөгүн түйүп койбойт да! 

Апамдын бир жакка кетери туурасында эч ким эч нерсе дебесе да, көңүлүм абыдан кабатыр эле.

– Турагой, тур, Жамил! – мени тайенемм ойготту. – Карасаң, апаң кандай таттуу токочторду бышырганын.

Адатта, үстөлдө даамдуу бирдеңке болсо ордумдан ыргып турмайым бар. Биздикинде бирок андай нерсе чанда бир болот.

Мен туруп, шапа-шуп жүз чайкадым да, үстөлдөгү өз ордума отурдум. Чоң самоордун төбөсүндө буу буркулдап создугат.

Тайенем чай куюп, апам болсо дале коломтосунун тегерегиндеги түйшүгү менен алышып, баары кам болгон кезде гана дасторконго келди.

Кар жылтырап, терезе сыртында үрүл таң эле. А биз эмнеге чайды эрте ичип отурабыз? Ошол замат апамдын жолго деп камдалган нанга шыкалуу мүшөгү менен түйүнчөгү эсиме келди. Бирок мага эч кимиси ооз ача элек.

Чай ичилди. Апам мени чакырып, жонуман акырын сылады:

– Каралдым, Жамил! Мен алыскы шаарга барам, а сен тайенеңдин тилин ал, жарайбы?

– Жарайт, – баш ийкеңдеткеним менен, көзүмөн жаш тоголонду. Алдын ала баарын сезсем да, көз жашымды кармана албадым.

Апам да, тайенем да менин көз жашымды көрмөксөнгө салышты. Мен болсо мурдумду шур-шур тартып соорондум.

– Сак бол, кызым, алды артыңды каран, – деди тайенем апама. – «Адам өз үйүнөн жети кадам узагандан кийин мусаапыр» деп бекер айтпайт.

Апам үндөбөдү, илгичтен тонун алды да, апапакай жылуу жоолугун оронуп баштады. Тайенем мүшөктү апама карматкан соң, үчөөбүз көпкө дейре үн катпай туруп калдык. Тайенем гана өзүнчө күбүрөнгөнсүйт.

Апам бир маалда ордунан туруп, адегенде тайенемди, анан мени кучактап, коштошкондогусу:

– Аман-эсен болгула!

Апамды абыдан аяп турдум. Сыртта суук кычырап, таң ымырт бойдон. Кычыраган кыш мезгили, а апам алыс жолго аттанганы туру!

Карасам, өзү кенедей да, арык. Тез-тез кыймылдап босогого жеткенде, артына бир кылчайып алды. Бизге жылмайып, «жакшы калгыла» деп каалганы түрттү.

Эми короого чыкканында мага анын ар бир кадамы угулуп турду. Эми бут алдынан кар кычырады: кырт… кырт… кырт…

Эми дарбаза ачылып, кайра жабылды. Кардын кыртылдагы көчө жактан угулду. Апамдын үйдөн узай бергендеги кардагы кадамын тыңшадым: кырт… кырт… кырт…

Тил-ооздон калгансып, тайенем экөөбүз эле мелтейип отуруп калдык көпкө. Биртоптон кийин сурадым:

– Тайене, «мусаапыр» деген не?

Тайенем үшкүрүнүп алды:

– Аны сен билбей эле койчу, кулунум!

БААТЫРДЫН КЫЛЫЧЫ КАЙДА?

Тирлик тайенем экөөбүздүн моюнда. Ал дайыма ой жүгүнөн бошонбойт.

– Бу кандай… же кат-кабар жок? – деп калды тайенем.

Апам кеткен күндөн бери канчалаган түндөр өткөнү эсимде жок. Андан бери бизде көп жаңылыктар болду: уюбуз тууду, мүйүздүү кара коюбуз да эгиз козу тууп берди; бирөөсү – кара, бирөөсү – ак. Ызгаар суук күндөрү козуларды үйгө алпкиребиз. Алар али маңыроо чалыш макулук бойдон. Кээде ысык мешке сөйкөнө калып жүндөрүн күйгүзүп алышат же бийик сандыкка секиребиз деп, полго кулашат. Курсактары тоюп, жылынып калган козулар үйдү чаңызгытып чуркап ойношот.

– Йе чунактар десе, кубангандарын деле! – тайенем күңкүлдөйт.

Колундагы шиштери токтоп, козуларга көзайнегинин үстүнөн тиктеген тайенем, көздөрү менен козуларды мага да көрсөтөт. Тизесиндеги тоголок жүн токум жерге кулап түшөт. Анысынан тайенем согушта жүргөндөргө мээлей токуйт.

Жанында отуруп мен дагы мээлейлерине колкабыш этем.

– Чунаңдап ойногондорун! Эгизи болсо, козунун деле көңүлү шат тура. Сенин даа, бөбөгүң же эжең болгондо, жакшы болбойт беле…

Мен жүгүрүп келип тайенемди эки ийнинен кучактадым.

– Фариттин үкөсү, а Мараттын карындашы бар, меники эле эч ким… – даттанып алдым.

– Карындашың болгондо, жакшы көрөт белең? – суроолуу тиктеди тайенем.

– Охо, ананчы! О-о-о! Карындашым болгондобу!.. Мен аны колумдан түшүрбөй көтөрмөкмүн, бир дагы кулатпайт элем, Мараттай!

Тайенем жумшак алаканы менен башымдан сылады. Мен анын дагы бирдеңкелерди кобураганын уккум келди, бирок ал башка ооз ачканы жок.

Мен көпүрөмө бардым. Бирок көпүрө деле жок. Козулар аны ойноп-ойноп ойронун чыгарышкан эбак. Алар – экөө, шаттуу. А мен – жалгыз, ойногум жок. Эгер чын эле карындашым болгондобу! Мен сандыкка чыкмакмын. Тайенем айткан карындашым, кадимкидей көз алдымда жандуу элестей: мен аны даана көрүп баштайм. Башында өтө эле кичинекейдей, анан бара-бара Мараттын карындашы Фагима болуп элестейт. Анын чачтары сары, а кызыл көйнөгүндө өзүбүздүн каздардын көзүнө окшогон чынылардын сүрөтү түшүрүлгөн.

Кечке карындашым жөнүндө ойлоно берем.

Кечиндеси керебетиме жатып, тайенем өз ишин качан бүтөрүн күтөм. Кээде тайенемдин качан жатарын күтө берип, көзүм кантип илинип кеткенин билбей калам. Ал түнү уктай албадым. Сыртта бороон. Терезебизге урунган бороон, тимеле үйдү солкулдатат.

Ушундай бурганакта үйдө атам да, апам да жок! Мүмкүн алар бир жакта үшүп-тоңуп атышкандыр… А карындашымчы? Менимче ал апама же атама ыктап алган…

Тайенем самоор суусун төгүп, түтүгүндөгү күлүн какмайы – анын эртеден кечке алышкан түйшүктөрүнүн соңуна чыкканын түшүндүрөт. Анан жарыкты өчүрөт да менден алыс эмес жердеги төшөгүнө жалпаят.

Мен анан жылуу төшөгүмдөн баш кылтыйтып шыбырайм:

– Тайене, тайен-ов, жомок айтып берчи!

– Көлөкөм десе, уктай элексиңби? – дейт адатынча.

– Тайене, бир эле жомок, анан уктайм, – деп кайрадан суранып угуп, жылуу-жумшак төшөгүмө чумкуйм.

Үй жылуу, тынч. Ал эмес сырттагы улуп-уңшуган шамал дымый түшкөнсүйт. Тайенем жомогун улай берди. Анын үнү басаңдап, мага негедир алыстан, алыстан эшилет… жок, алыстан эмес, илгерки-илгерки замандан эшилет.

– Илгери-и… илгери, – дейт тайенем, – Темирбек деген баатыр болуптур. Бир мерте анын өлкөсүнө денеси жыландыкындай, бирок адам сымал он эки баштуу падыша кол салыптыр. Падыша өзүнүн түмөн аскери менен басып киргенде, Темирбек өзүнүн эр жигиттери менен өлкөсүн коргоого аттанат. Үйүндө болсо ажары айдай, көздөрү жылдыздай жанган Темирбек баатырдын Гүлнур аттуу карындашы калат.

Бир курдай Гүлнур өз курбуларын ээрчитип көлгө суу алганы келсе, капилеттен бурганактаган куюн пайда болот. Кыз-кыркындар андан качып, камыштарга жашынат. Куюн басаңдап, баары камыштар арасынан чыккан кезде, бир гана Гүлнур көрүнбөйт. Курбулары көл жээгин керелдин кечке түрө кыдырып, Гүлнурду издеп табышпайт. Ошентип ажары айдай, көздөрү жылдыздай жанган Гүлнур жоголот.

Эр-азамат баатырлар денеси жылан, адам сымал он эки баштуу падышаны кууп кетирип, үйлөрүнө кубаныч менен кайтышат. Темирбек да үйүнө келип, кубанычы заматта күйүткө айланат. Ал ошол замат өзүнүн канаттуу атынан түшпөй, кырк чакырымдан шилтегенде душманын мертинткен кылычын алат да, Гүлнурун издеп жөнөйт.

Бир ай жол жүрөт, бир жыл жүрөт. Жети дайра, жети тоо кесип өтөт.

Бир жердеги тоо үңкүрүнөн Темирбекке ак сакалдуу карыя кезигет.

– Арыбаңыз, аксакал! Бул тоого сизди кандай тагдыр айдап келди? – дейт баатыр.

– Жолуң байсалдуу болсун, каркыбар жолоочум! – деп амандашат карыя. – Кандай тагдыр айдап келди дейсиңби? Сен басып өткөн жол менен мен да келгемин.

Тимербек атынан түшүп, карыянын жанындагы ташка көчүк койду эле, аксакалдын дегени:

– Мен даа кудум сендей жаш кезде, карындашымды ажыдаарга уурдатканыма канча жылдар өттү. Издеп жүрүп, акыры таптым. Могул тоонун аркасында алтын капкалуу, алтын шаар бар. Ажыдаар турагы ошол. Бирок менде ажыдаар менен кармашар ал-күч кайда! Кажырым кайтып, картайган кезим.

– Балким менин да карындашым шол жерде. Аттаналы тез! Сенин да, менин да мүшкүлүм бирдей экен го, – деген Темирбек атына секирип минди.

– Сабырдуу бол, баатыр, – деди карыя, – Сендей кезде мен дагы атактуу баатыр болгомун. Бул ажыдаарга чукулдан дааган болбойт. Агер ал алтын сарайына киши жакындаганын көрсө, кырк чакырым жерден оозунан жалын от бүркөт.

Муну уккан Темирбек, карыянын кашында кылычын кындан сууруп шилтеди эле, асман, жердин арасында чагылган жарк-журк жанды.

– Бул кылыч шыпыргандай жалмайт, – деген Темирбек, карыяга өзүнүн сыйкырлуу кылычы жөнүндө баяндап өттү.

Ошентип экөө сапарга аттанышты. Күнү жүрүштү, түнү жүрүштү. Ымырт таңда эки баатыр тоонун туу чокусуна жетишти. Шаардын алтын капкасы эми даана көрүндү. Күндүн алтын нуруна алтын капканын нуру чагылышып турду. Алтын сарайдын айланасы капкара болуп, көмүрлөр үйүлүп, жер күлгө айланып жаткан экен. Сарайдан баатырды карай капилеттен күү-шаа үн жаңырткан от бүркүлдү. От жакындап, көз ирмеген сайын алоолоп чоңойо берди.

– Бул отту далай мерте көргөмүн. Ажыдаар бизди көрүп калган экен, сарайынан чыкты ал, – деди карыя.

Алоо от тоодой жалынга айланып, баатырга жете турган болду. Мына ошондо Темирбек кылычын кындан сууруп, алоо жалынга шилтеди. Бир шилтеди, эки шилтеди, алоо от ансайын күчөндү. Ал эмес эки баатырды жалын от курчап, беттерин куйкалап баштады. Бирок Темирбек кылычын колдон түшүрбөдү. Кылычы отко кызарып, бир күн, бир түн кармашты. Үчүнчү күн дегенде жалындын табы кайтты. Темирбектин ар кадамы ажыдаардын сарайына жакындай берди. Артынан карыя ээрчиди. Үчүнчү күнү күүгүмдө алоо жалын өчүп, жерден капкара түтүн булап турду. Ал түтүн өлгөн ажыдаардын мойнунан кыйылган он эки башы болучу.

Эки баатыр жети катар темир дарбазаны талкалап, ичине киришти. А ичинде ажыдаар уурдап келген эң сулуу кыздар казкатар экен. Темирбек баатырдын карындашы да, карыянын карындашы да ушул жерден табылды. Туткундардын баары бошотулуп, үй-үйлөрүнө жөнөштү. Кубангандан баары ыйлады. Мындайда алар кантип кубанбай коё алышмак!..

Тайенемдин жомоктору дайыма күтүүсүз соңуна чыкчу. Ал эч качан Мансур авага окшоп: «Ошол күндөн ушул күнгө чейин жыргап-куунап жашайт экен», – деп өзү да кошуп жиберчү эмес.

Үндөбөй жата берем. А көз алдымда сыйкырдуу кылыч чагылгандай жаркылдап элестейт.

– Тайенем, жомоктогу баатырдын кылычы азыр кайда? – чыдамым кетип сурап калдым.

Тайенем жай жообун узатты:

– Ал кылыч атаңдын колунда… Жамил. Уктай кой эми…

ЧЫЙПЫЙЫБЫЗДЫ ЧЫГАРГАН КАТ

Апам али кайтып келбеди.

Бир курдай эртең менен тайенем уй сааганы чыкканда, кат ташыган Гүлхыл эже Өфөдөн[1] апам жазылып алып жүрчү гезитти калтырып кетти. Мен ал гезиттен чоң тамгалар менен жазылуу «Башкирия туусу» деген эки гана сөздү ажырата алчумун. Анан да төрт бүктөм, анча чоң эмес кагазды колума карматкан Гүлхыл эже:

– Бул телеграмма апаңдан, – деп узап кетти.

Колумдагы телеграмманы не кылышты билбей, делдейип калдым. Телеграмма – бул эмнеси? Жакшы нерсеби же жаманбы?

– Тайене, тайене-е! – кыйкырып, тайенеме беттей чуркадым. – Телеграмма апкелди!

– Ким? Кайдан?

Тайенем эки жагын каранып, мен ага кагазды сунсам, колдору калтырап турду.

– Кудайым сакта, кара кагаз эле болбосун… – деди бүшүркөп.

– Жок, тайене, Гүлхыл эже телеграмма апамдан экенин айтты.

Шашкалактаган тайенем мени кийинтип, Мансур аваныкына чуркатты. Агер алда не болсо эле дайыма Мансур аваны кеп-кеңешке чакырып турабыз. Ал эмне десе, ошонун айтканындай кылабыз, себеби бу жашоодо ал билбеген эч нерсе жок.

Мансур ава дайыма: «Жакында токсонго чыгам» дей берет.

Токсон – абыдан көп. Мен токсонго чейин араң санайм. Мансур аванын Фархуниса деген сокур кемпири бар. Бир үйдө экөө эле жашайт. Эркек уулдуу болушпаптыр, кыздары болсо турмушка чыгып, башка айылга кетишиптир.

Тайенем ага дайыма:

– Кудай сага күч-кубат берсин, Мансур! – десе, Мансур аванын да жообу дайын:

– Эгер колхоздун камкордугу болбосо, кудайдын жардамы менен узакка жашайт белем.

Экөөнүн аңгемесине мен түшүнбөйм.

Мансур аванын үйү биздикине жакын. Дарбазасына башпаксам, Мансур ава короо шыпырып жүрүптүр.

– Ава, сизди тез келсин дейт! Телеграмма! – дедим кыйкырып.

Мансур ава эч бир суроо узатпастан, үйүнө кирип кетти. Мен болсо чатырдан түшүрүлгөн үймөк кардын үстүнө өрмөлөп чыгып, ылдыйга бир жолу жылгаяк тээп алып, үйгө тызылдадым.

Мансур ава биздикине кеңешин бергени келерде, дайыма ак чепкенин кийип, белин кызыл-көгүш курчоо менен байланып алат. Кээде жалгыз келбей, байбичеси Фаркунисаны ээрчитип алат.

Бу жолу да экөө колдорун кармашып алып, биздикине жөнөштү.

– Арыба. Күүлүү-күчтүүсүңбү? Тирлигиң кантип атат? – деп ал-жайды сураган Мансур ава байбичесин сандыкка отургузду. – Жамилиң телеграмма келди дедиби, кайдан, кимден экен?

– Күнбикеден дейт Жамил, бирок анда эмне жазылганын кайдан түшүнөлү, – деди тынчсызданган тайенем.

– Кана, берсең мага, – Мансур ава кагазды алды. – Бул кагаз – телеграмма, электр сымы аркылуу жөнөтүлөт. Кыязы, Күнбике жөнөткөндөй.

Катты ал тияк-биягынан көпкө тиктеди.

– Байболгур, окучу тез, – тайенем чыйпылыктап жиберди. – Жүрөгүм ордунда эмес. Чочуганым – кара кагаз болбогой эле! Балдарым согушта жүрсө…

– Мен мунун кара кагаз эмес экенин билем, кагылайын, бирок буну окуй албайм. Жаш кезде кайда гана болбодум, баардык өнөргө үйрөндүм, Оренбургунда болдум, Стерлитамакта болдум, арийне, кат окуганга үйрөнбөптүрмүн.

Тайенем катты кайра өз колуна алып, көзайнегин бир кийип, бир чечип – кагаздагыны ушунчалык окугусу келди.

– Анча чочулаба, байбиче, – сөзгө Фархуниса эне да аралаша кетти. Анын эки көзү көрбөгөндүктөн, чанда эле сүйлөйт. – Чочулаба, эгер бу кабар Күнбикеден болсо, анда жакшы кабар.

– Эки көздөн ажыраган Фархуниса го сокур, а бизчи, Мансур. Көзүбүз туруп көрбүз. Баарынан жаманы ушу эмеспи. Те колхоз курулар мезгилде мага, сабаттуу адамдар окуп, жазганды үйрөтөлү десе, көнбөгөн экем курган жаным. Карыганда мага эмне дебедимби. Мына эми, аңкайып отурганымды. Агер жазганды билсем, балдарыма ак жол каалаган каттарды жөнөтүп отурбайт белем.

Маңдайымдагы картайган үч адамды абыдан аяп отурдум. Үчөөнө үнүмдүн болушунча катты окуп бергим келди. Ушундай бир кубанып алышмак! А мен али мектеп босогосун аттай элегим кандай өкүнүчтүү! Эгер азыр мектепке чуркап барып окуганды үйрөнүп келиш керек болсо ээ… Охо… Мен акыры окуганды, жазганды үйрөнөм! Апама окшоп сырты калың китептерди окумакмын, баарынан мурда толтура жомокторду окуп чыкмакмын.

Фархуниса эне башын көтөрүп, кулак түрүп калды.

– Байбиче, – деди, – көчөдөн өтүп бараткан балдар эмеспи бу? Бирөө-жарымын чакырсаң боло, бу кагазды ошолор окуп бермек.

Тайенем жандана түштү.

–Туура айтасың! Эмне ооз ачып отурабыз, мектеп окуучулары бар эмеспи! Эсиме жара чыкканын кара!

Тайенем терезени карап, үстүнө желбегей жамынып, сыртка жүгүрдү да, Махмутту ээрчитип келе койду. Мен билгенден, Махмут биздин көчөдө жашагандардан, бешинчи класста окуйт.

– Кагылайын десе, могу кагазды окуп берчи, – деди тайенем, – бүгүн аны Гүлхылы калтырып кеткен экен.

Махмуттун көздөрүнө карадым. Ал да кагазга каадалуу үңүлдү:

– Бул телеграмма Күнбике эжеден экен, орусча жазылыптыр.

– Аны өзүбүз деле билебиз, – деди Мансур ава.

– Оку, балам, окучу, – тайенем чебелектеди.

Махмут кагаздан орусча окуп, кийин башкырча таржымалдады:

– Күнбике эже жазыптыр: «Он алтысында келебиз, станцияга ат-көлүк жөнөткүлө. Баарыңа салам жолдойм».

Тайенем карбаластай түштү:

– Чечинбейсиңби, Мансур!.. Эмне отурасың, чунак! Чечин, чай ичебиз!..

Бөйпөңдөп чуркап барып, тып токтоду:

– А бүгүн кайсы күн?

– Бүгүн он беши эмеспи, эртең он алтысы. Мына… башка эч нерсе айтылбаптыр мында, – каадалуу үн каткан Махмут кетүүгө камынды.

– Сен даа отур, балам! – тайенем аны шап эле колдон алды, – Бал менен чай ичебиз!

– Ыракмат, эне, мектепке кармалбайын, – деген Махмут жөнөп кетти.

А мен Махмутка суктанып, көздөрүм бал-бал жанып турдум. Эх, ал кандай окуп берди! Сөздөрдү так-так, мүдүрүлбөй окуду го. Анысынан да, бал менен чай ичебиз дегенге карабаганычы!

Мансур ава менен Фархуниса эне үстүлөрүн чечип, үстөлгө отурушту.

Телеграмманын мазмуну мага эми жетти: эртең алыскы шаардан апам келет экен. Анын чоң мүшөктү жонуна артынып кеткени алигиче эсимде. Азыр кайда жүрдү экен? Он алтысы эмнеге бүгүн эмес? Негедир апам мага карды кыртылдата басып, короодон кирип келаткандай сезилди.

Тайенем радиону бурады. Биздин радио күндүзү орусча, а түндөсү башкырча сүйлөйт. Азыр орусча сүйлөп атты.

– Сага түшүнсөм буюрбасын, – Мансур ава тамашалап калды. – Орусча бир ооз сөз билбейсиң да, күнүгө радио тыңшаганыңды кантейин. Качан келбейин, радиоң эле каңкылдайт.

– Йе, айланайын, Мансур, Маскөөнүн өзү сүйлөп атпайбы. Маскөө үнү жаңырганда – санаам тынч. Орусчага түшүнбөсөм да, бирок орус сөзү ишеним берет тура.

Тайенем кайнаган самоордун күлүн үүлөп, үстөлгө койду. Демек үчөөнүн чай үстүндөгү сөздөрү көпкө дейре бүтпөйт.

МЕН ДА КАРЫНДАШТУУ БОЛДУМ!

Биздин дарбазага колхоз башкармасы Жакып аванын чанасы келип токтоду. Тайенем экөөбүз терезеге кадалдык. Чанадан тон кийген адам түшө баштады. Тааныдым аны – бригадир Бадамша ава экен. Чанадан дагы бирөө копшолду, апамдын үлпүлдөгөн шалы жоолугун тааныдым. Көз ачып-жумганча тайенем сыртка чуркады. Менин чокоюм табылсачы! Бирин таптым, экинчиси сыйпалатып жок. Ыйлагым келди, жок, ыйлап жиберипмин. Мен ыйлаган сайын чокоюм көздөн далдоо жашынып калгандай.

Дарбазанын ачылганы угулду. Сандыкка секирип чыгып, терезеге кадалдым. Тигине апам… Апам келди, апакем менин!

А жанына кичинекей кызды алып алганы кандай? Тайенем ал кызды колуна көтөрдү. Чыдамым жетпей турду. Сандыктан секирип түшүп, далиске жүгүрдүм.

Апам мени жерден так көтөрдү.

— Акылы жок десе, кышында жылаңайлак жүрчү беле!

Мен эч нерсе дебестен, кар жабышкан шалы жоолукчан апамдын жүзүнө жабышып калдым.

Үйгө кирерибиз менен кичинекей кыз менен мени бетме-бет тургузушту.

– Мына, Жамил, – деди апам, – сага карындаш апкелдим. Аты – Оксана. Карындашыңды чечинт эми.

Көңүлүм көккө көтөрүлдү. Оксананы кучактап, жүзүнө эңилдим. Мына эми, карындаштуу да болдум! Кубанганымдан не кыларымды билбедим… Карындашымды жогору көтөргүм келди, бирок алым жетпеди көтөргөнгө.

Тайенем менен апам бизди карап күлүп турушат. Башыман сылаган тайенем:

– Көтөрө албайсың, Жамил, бу деле сендей чоң болуп турат ко.

Мен Оксананын пальтосун, жылуу баш киймин чечтим. Карындашымдын чачтары Фагиманыкындай кочкул сары эмес, ачык сары экен. А көйнөгүндөгү сүрөт каздын көзүнө окшогон чынынын эмес, канаты кызыл көпөлөктүн сүрөтү. Бою Фагиманыкынан да кырдуу, керек болсо меникиндей экен. Ысымы болсо – Оксана! Мындай ысым көчөнүн башынан аягына чейин эч кимде жок. Бир гана жери – эмнеге үн катпайт?

– Апа, Оксана мага бирдеңке десинчи. Байке деп койсунчу!

– Балам, ал тоңуп келди, бир аз жылынсынчы, ошондо айтат. Макулбу?

– Макул…

Карындашымды колдон алып, сандыкка жакын алып келдим да, керебет алдындагы оюнчуктарыма толгон жашикти сууруп чыктым. Анда кайдагынын баары бар: таш көлүк, жыгач курал, кичинекей араба, үлүл кабыгы, эмен дарагынын буурчактары, чакмак таш, сүрөттөр жабыштырылган кагаздарым. Анан да кызыл-көк тотукуш менен сабы темир кайчым бар. Оюнчуктарым ушунча толо дейсиң! Оксана көрсүн деп сандык үстүнө болгон оюнчуктарымды жайып салдым.

– Ал, ала бер, – дедим ага, – Баары сага. Жай келгенде, дагы кооз-кооз укмуштарды чогултам.

Оксананын көк көздөрү жерди тиктеп, үндөбөдү. Ал менден тартынды. Бирок эмнеге тартынышы керек?

Тайенеме да, апама да кылчактайм. Экөө мештин жанындагы отургучта бизге жылмайып отурушат. Бир маалда апам келип, экөөбүздү бекем кучактады. Көздөрү ушунчалык кубанычтуу эле! Апамдын кубанычын көрүп, мен да жетиналбай турдум. Менимче бул баардык эле адамда болсо керек, сизде дагы.

– Ойногула, көгүчкөндөрүм, ойногула, – апам терине сыйбай турду.

Мен жалгыз экенимде эч качан мени «көгүчкөнүм» дебеген, а азыр: «көгүчкөндөрүм» дегени – биз эми эки жанбыз. Көгүчкөндөр негизи эч качан жалгыз болбойт ко. Сарайыбыздын төбөсүндө эле канчалаган көгүчкөндөр өздөрүнө уя жасашпады!

– Көгүчкөндөр ынтымактуу келишет, эзели урушпайт, кужулдашып жашай беришет, – деп Мансур ава айткан.

Апам Оксананы кучактап койду эле, карындашымдын күлкүсү чыгып, эмен буурчактары менен үлүл кабыгына колун ишенимдүү сунду. Анан кызыл-көк тотукуштун куйругунан аяр кармап, аяр кыймылдатып көрдү. Бирок канча кыймылдатпасын, дабыш чыкпады. Анткени мен эбак эле анын ичин тешип, таштарын чыгарып салгамын.

Карындашым бирдеңке дегенсиди, бирок айтканына түшүнбөй, кайра сурадым:

– Эмне дедиң, Оксана, кандай дедиң?

Бирок ал үндөбөстөн, көпкөк көздөрүн тостойткон бойдон мага тиктеп калды эле, мен негедир чочуп кеттим.

Апам ошол замат жаныма отура калып айтканы:

– Жамил, карындашың алыскы шаардан… ал шаарда башкырча сүйлөшүшпөйт. Оксана ошон үчүн айтканыңды түшүнбөйт. Бирок акырындап үйрөтөсүң, мейлиби?

– Мейли, – дедим апамдын кебине анчалык түшүнбөсөм да.

А эмне үчүн алыскы шаарда башкырча сүйлөшүшпөйт? Ал жакта кантип сүйлөшүшөт? Ошончолук алыс шаарбы? Дурустап сурагым келди эле, негедир карындашым апамды көздөй чуркап, жүзүн апамдын көкүрөгүнө жашырды. Мүмкүн аны коркутуп алдым бекен?

– Апа, Оксанага айтсаң… мен аны таарынтпайм, ээ… эч таарынтпайм… – дедим жал ооруй.

Апам тескери бурулду. Ал дайыма көзүнө жаш тегеренгенде, ошентмейи бар.

– Жүргүлө чайга, урматтуу коноктор. Самоор муздайт, – деп калды тайенем.

Оксана экөөбүздү төргө жанаша отургузушту. Мен дароо кичинекей өз чынымды карындашыма сундум:

– Биротоло сага берем, Оксана! Сенден кайра тартып албайм!

Айтканым айткан менин – эгерим кайра албайм. Мансур ава апам менен Оксананын келгенин угар замат байбичеси Фархунисаны ээрчитип биздикине башбакты.

– Агер алты жашар алыстан келсе, алтымыш жаштуу алдына барсын дечү эле эски кишилер, – босогодон Мансур ава кобурап калды.

Артынан Шагит, Сагид жана башкалары да келишти. Бу күнү биздин көчөдөгүлөрдүн бакиси биздикинде конокто болушту. Баары Оксананын колунан кармалап эркелетишти.

– Мына, Жамил да карындаштуу болду. Периштелер булар! – деди кошунабыз Миңликей эже. – Ден-соолукта, таалайлуу болушсун.

Миңликей эже кургатылган кайналыны экөөбүзгө бир уучтан берди. Бадамши аванын кызы Таскира болсо дүкөндөн Оксанага деп куурчакка көйнөк, жоолук ала келиптир. Оксана өз куурчагын сүйүп, анысын кас-кас басып, так секиргенге үйрөтө берди.

Келим-кетим кечке дейре үзүлбөдү. Үйдө конок көптө, ушундай кубанам дейсиң. Сиз деле мендей кубансаңыз керек…

Конок да тарады. Мен апамдын тизесинде отурганда, тайенем Оксананын чачтарын тарады.

– Кызымдын чачы майланышып калыптыр, эртең мончого жуунталы, – деди тайенем.

Оксана менен сүйлөшкүм келет, бирок кантсем экен, ал барыбир менин сүйлөгөнүмө түшүнбөйт! А эмнеге түшүнбөйт? Мурда карындашым жок эле, азыр бар, бирок аны менен сүйлөшө албайм…

– Жамил… – деп Оксана кокусунан сүйлөп калды эле, мен селт дей түштүм. Саал ойлонуп: – Жамил… – деп даа кайталаганы – ушунчалык сүйкүм угулду!

Мен апамдын тизесинен секирип туруп, Оксананы колдон алдым.

– Даа айтсаң! Айтсаң! – суранып жибердим. Ал мага күлүп, бирок унчукпады.

– Чымчык деле акырындап сайраганды үйрөнөт. Оксана да үйрөнөт, медерим, – деди тайенем мени жоогалата.

Эшик караңгылап, Оксананын уйкусу келди. Апам үстөлдөрдү тизип, үстүнө төшөк салды.

– Бүгүнчө уктай турсун, а эртең буга керебет алып келебиз, – деди тайенем.

Оксана жатары менен уктады. А мен жанына отуруп, карындашымдан көзүмдү албадым. Жаздыгынын бир ыптасына башымды жөлөп, мен да уйкуга кеттим. Уйку-соо ортосунда апам мени акырын чечинтип, төшөгүмө жаткырганын туйдум.

ОКСАНАНЫН КОРКОКТУГУ

Тайенем өзүнүн Темиртоосуна кеткенине көп болгон. Биз үчөөбүз жашайбыз: мен, апам, Оксана. Апам болсо керелдин кечке колхоз кампасына жакын жерде буудай тазалашат. А жаз келгенде ушул буудайлар себилет. Мурунку жылы балдар болуп жакынкы аңызга барып, буудай себүүнү көргөнбүз.

Үрөн сепкен чийне эки атка чиркелет, агер тракторго чиркелчү болсо, тракторуң далай чийнени дыркыратат. Анын күчү күч да! Муну өз көзүбүз менен көргөнбүз.

Апам чак түштө Оксана экөөбүзгө тамак бышырып, тоюнтуп коюп кетет. Ал дайыма шашкалактап, бизди тоюнтат да, тызылдаган бойдон кайра жөнөйт. Үйдө калган карындашым экөөбүз тырбалаңдап пол менен чыны-пыныларды жууйбуз…

Оксана мага үйүр алып, ал эмес мени менен аз-мастан сүйлөшкөндү үйрөнө баштады. Адегенде бири-бирибизди түшүнүү абдан кыйын болду. Оксананы күнүгө башкырча сүйлөөгө үйрөтөм. Ал мага арденкени көрсөтүп сурайт:

– Бул эмне? Аты эмне?

Бара-бара көптү билип алды.

Оксана Фарит, Марат, Фагима менен таанышты. Баарыбыз чогуу чана тебебиз. Күн ырайы жылымык тарта берди. Саал мурда апаларыбыз 8-Мартты майрамдашты. Жакында жадыраган жаз.

Апам кээде Марат менен Фагиманыкында калтырат бизди. Биз болсо көз таңмай ойноп, үйдү чаңызгыта чуркайбыз. Секиребиз.

– Акырын чуркагыла! Эмне дүңкүлдөтөсүңөр? Таманыңар ташпы, чунактар! – дейт бизге Мараттын энеси.

Ал биздин тайенебиздей эмес: күрү-күүнү жактырбайт. А балким башы ооруйттур?

Оксана менен Фагима достошту. Ушундай болуш керек да, биз да былтыр Марат экөөбүз достошуп алганбыз. Ошондон улам Марат экөөбүз карындаштарыбызды колдон алдык да, үч мерте сурадык:

– Дос болдукпу?

Экөө тең үч мерте жарыша жооп узатышты:

– Дос болдук!

Биздин көчөнүн балдар, кыздары достошордо баары ушинтишет.

Оксана экөөбүз үйдө элек. Сыртта шамал дуулдайт. Мен дайыма терезени тиктеп, шамал башталганын бакчанын алыскы бурчундагы ак кайыңдан улам билем. Шамал катуу кезде, ак кайың тимеле омкорулуп сынып кетчүдөй шуулдап термелет. Тарбайган бутактары коргонго урунганда, дарактын бир жери ооругандай сезилет мага. Ошон үчүн ак кайыңды термелткени үчүн шамалга ачуум келет…

Оксана экөөбүз бакчаны тиктеп турсак, Мансур аванын үй морунан булаган көк түтүн жергей дейре соймоңдоду. Мүмкүн ушул жылуу түтүн биздин ак кайыңды да жылытар дейм…

Өзүмдүн жан кишиге угузбаган качанкы бир купуя сырым жөнүндө эстей калып, аны Оксанага айткым келди. Мен аны кармана алчудай эмесмин. Кар эрип, жаз келгенин эңсеп, акырын шыбырадым:

– Оксана! Көктөм жаз келери менен сага толгон-токой кенч тартуулайм!

Ал мага көздөрүн тостойтуп, таңгала тиктеди. Өмүрүндө ал кенч дегенди көрбөсө керек.

– Бакчаны көрдүңбү? – дедим. – Бул жөн бакча эмес, анда жалбырагы алтын күмүш дарак өсөт. Күнү да, түнү да түрлүү-түрлүү куштары сайрайт. Гүлдөрү жыпар чачып, бутактарында бал татыган чоң алмалар салаңдап турат. Тетигинде дарактар ортосундагы ак кайыңды көрдүңбү, анын түбүндө таш сарай бар. Ошол таш сарай ичинде бир укмуштуу баланын кенчи катылган. Бул кенч – кооз оюнчуктар. Жай мезгилинде ошол укмуштуу бала өзүнүн укмуштуу карындашын ээрчитип, ак кайың түбүндөгү таш сарайдагы кенчти ачып, минтип айтат: «Мына, карындашым, бул сарайда эмне болсо, баары сеники. Ойно, жырга! Эч качан кайгы-капаны билбе!»

– Бул жомокпу? – Оксананын оозу ачылды. Мен ыргылжың баш чайкадым. – Мен мунун жомок эмес, чындык болушун каалайм, – дебеспи карындашым.

– Чунак десе, ал баланын аты – Жамил, а кыздын аты – Оксана! – десем, Оксана жетине албай кубанды:

– Даа айтсаң, Жамил!

– Бул бакчада, – кебимди уладым, – бак-даракка кызыл желектерди илебиз, а жайындасы пионер лагери кылабыз, кудум Көл жээгиндегидей. Ага Фарит, Марат, Фагима келет. Биз ырдайбыз… Кел, азыртан ырдап көнө берели!

– Ырдаса ырдайбыз! – деди Оксана.

Терезеден бакчабызга карап, жаңырта ырдадык: 

Жаз келет, жаз келет!
Кар эрийт, кар эрийт,
Чөп өсөт, чөп өсөт,
Көп өсөт, көп өсөт.
Бакчага киребиз,
Ырыбыз төгөбүз.
Желекти илебиз,
Лагерь деп жүрөбүз…

– Биздин лагерге канаттуу куштар да көп келсин. Алардын сайраганы керемет. Биз аларды чочутпайбыз, туурабы? – деди Оксана.

– Жо-жо, биз аларды чочутпайбыз! Аларга таш ыргытпайбыз, «киш» дебейбиз. Чынбы, Оксана? Биз айры куйруктарды гана кууйбуз, анткени алар балапандарды уурдайт.

Шамал капысынан терезенин каалгасын карс урду. Оксана коркконунан кыйкырып жиберди: көздөрү алактап, өң-алеттен кетип, эриндери титирейт.

– Оксана, Оксана, саа не болу?

Терезе каалгасы кайрадан карс-карс урунду. Оксана жаздыкка башын тыгып, керебетине кулады…

Эмне мынча коркту? Сыртты карасам – каш карайган маал. Күүгүмдө көргөнүм: шамал коргон түбүндөгү биздин ак кайыңды термелтип, сары карларды күбүп түшүрүп, Сагида эженин боз ити болсо кар малтап жүрү.

Карындашымдын жанына жетип барып, мен да жаздыгына башымды тыктым:

– Оксана! Эмне анча корктуң?

Оксана кулактарын колдору менен жаап, керебет бурчунда тыгылда да, шашылыш шыбырады:

– Кач, Жамил! Тез, тез! Сыртта фашисттер… Алар мылтык менен атып атышат… Өлтүрөт бизди… Бол, тезинен жашынып калалы, Жамил!

Оксананын коркунучу мага да өттү. Сыртта караңгы. Шамал терезе каалгасын карс ургулап, а апабыз үйдө эмес. Бирок фашисттер бизден алыста экенин сонун билем… Керебеттен секирип турдум да, жашиктеги жыгач мылтыгыма жеттим.

– Көрдүңбү муну, Оксана? – бак-бак үн каттым. – Фашисттер келип эле көрсүн мында! Баарыбыздын аталар алар менен фронтто согушуп жүрсө, кантип биякка келсин! Коркпо деди го, Оксана, коркпо!

– А тиякта ким атып атат, Жамил? – карындашымдын шыбыры.

– Ал шамал да эй… Терезе каалгасын мурда деле шамал ургулачу, анда бирок күндүзү болчу. Ошон үчүн корккон эмессиң.

Оксана колдорун түшүрүп, бирде терезени, бирде сыртты карайт. Экөөбүз жаздыктарды кучактап, керебетке жөлөнүп отурабыз.

– Оксана, – дедим бир маалда, – коркпо, мен бармын. Мен сенин коргоочуңмун. Чоңоюп күчүм толгондо Темирбек баатырдай болуп, фашисттердин баарын жеңем. Эгер ошондо мен урушта жүргөндө, сени ажыдаар уурдап кетсе, сени барыбир таап, бошотом. А сен коркок болбой жүр, макулбу?

– Жо-ок, кереги жок! Сен эч жакка кетпе, Жамил!.. А ажыдаар ким?

– Ажыдаар – бул чо-ооң жылан.

– Жылаан деген эмне?

– Жылаанбы? Жөн эле жылаан. Ал тиштейт, чагат.

Оксана манжалары менен кулагын жаап, баш чайкады:

– Кереги жок, чакпасынчы, мен корком!

– Түшүнбөйсүң, мен аны кылычым менен өлтүрөм.

–Жок, кереги жок, корком. Ал мени жеп коёт.

– Ажыдаар жей албайт. Адамды карышкыр жейт, ал кызыл топучан кызды жеген, билесиңби? Эгер сени карышкыр жесе, өлтүрөм аны. Ошол карышкырдын курсагын могинтип тилип салам…

Оксана керебетке жабышкан бойдон титиреп отурду.

Үй караңы болуп баштады. Тигинде билинер-билинмексен меш жылтырайт. Бир маалда калбаат үн жаңырды. Анын эмне дегенине мен түшүнбөйм, бир гана сөздү билем – «Москва». Муну укканда жаным жай алып калат.

– Оксана, бул радио, Москва! – деп кыйкырдым.

Менде ишеним жаралып, керебеттен секирип, терезеге карадым. Дарбаза кыйчылдап, далисти карай бирөө шашып келатканда – апам дедим! Апам гана ушинтип үйгө шашып келет, биз аны дайыма чыдамсыз күтөрүбүздү билет.

КАРЫНДАШЫМДЫН ТҮШҮ

Мага жаз жагат. Оксанага да жагат. Сизге да жакса керек. Ал эмес козулар да жазды сүйөт! Сиз алардын көктөм жаздагы кубанычын көрсөңүз: ак козулар үйүлгөн топуракты көрсө мурду менен сүзгүлөп, чычаңдаган куйругу да жөн турбайт. А кара козуларчы, туягы менен жерди дүпүлдөтүп, тепкичке чыгып алып, ылдыйга секирет. Анан экөө эки жакка кетенчиктеп барып, кенедей мүйүздүү баштарын ылдый салып, чекелери менен сүзүшөт.

– Чунактарды мүйүздөрү кычышып атпайбы, – дейт аны Мансур ава.

Мансур ава аябай айкөл, ал кичинекей балдарды эле эмес, кичинекей жаныбарларды да сүйөт. Ошон үчүн ал кичинекей козуларды «чунактар» дейт.

Мансур ава өзү жакшы болгондуктан – жаман кишилерди жактырбайт. Биздин фашист душмандарыбызды да жаман көрөрүн айткан.

Сарайдын каалгасын кең ачып коюп, баарыбыз күнгө кактанганы чыкканбыз. Бакчабыздын жанында апам башка шаарга кеткенде туулган сары торпок чуркап жүрдү. Чоңоюп, оюн салып калды ал. А короодо каздар каркылдап, алардын аркасынан барпайган сары жүндүү балапандары томолонуп-жумаланып чуркашат. Чоң каздар аларды короого ээрчитип чыгып, бирдеңке айтып аткандай.

Апам үйдө экенде Оксана экөөбүз каздын балапандарын акырындан сылап-сыйпап, кайра коё беребиз, антпесек алар чыйпылдаса эле энелери үрпөңдөйт. Оксана бир балапанга алаканынан суу ичирди, а мен балапандардын арасындагы эң татынакайына «Оксана» деген ат койдум. Бирок ал кезде бул жөнүндө эч кимге ооз ачкан эмесмин, азыр ал сырымды силерге гана айтып отурам.

Мен ал балапанды те алыстан эле таанычумун. Ал ташка чыгып алып башын тиякка бир буруп, биякка бир буруп, күнгө жылынчу.

А тоок деген тоок да, кукулуктап ырдап, короодо жүргөнү жүргөн.

Жаз келгени – теребелде кандай шаң! Баары шаттанып ойношот, ырдашат…

Оксана экөөбүз үйүбүздүн жанындагы жоон устунда отурганбыз. Устунга чыксаң, талаа көрүнөт. Ал талаада апам буудай себишет.

– Жамал, карасаң! Те-тетиги биринчи трактордун чийнесиндеги бирөөнү. Апам окшойт, ээ! – деп калды Оксана.

Карасам, чын эле биздин апабыз!

– Оксана, – дедим, – кел, кол кармашып отурабыз.

Карындашым ошол замат колун мага сунду. Жаз келгени – анын көк көздөрү мурдагыдан да жанып, а мурдундагы майда сепкилдери күнгө чагылат. Кыязы, апам бизди алыстан көрүп: «А менин балдарым отурган экен!» – деп ойлосо керек.

– Чоңойгондо биз да буудай себебиз э, Оксана?

– Ооба да! Жамил, сен трактор айдайсыңбы, а мен апамдай болуп чийнесине турам, – деген Оксана устунга чыгып трактор күрүлдөгөн аңыз талаага карады.

Колу менен күндөн жүзүн калкалап, көпкө турду ал.

Бир убакта жаныма кайра отуруп, жүзүн оор кусалык басып отуруп калды.

– Жамил! Силердикинде дагы бир апа бар эмес беле, – Оксананын үнү басаң чыкты. – Билем, бар болчу, бирок алыста-алыста… Абыда-ан алыста…

– Жомоктобу? Те илгери-илгериби, Оксана?

Оксана баш чайкады:

– Жо-ок, жомокто эмес… Дагы бир аябай жакшы апа бар эмес беле…

Оксананын айтканына түшүнгөнүм жок. Бизде эки апа кантип болсун! Адамда бир эле апа, бир эле ата болот да. Карындашым эмнени айтат! Коркконум – ыйлабаса дейм. Бирок ал ыйлабады. Жанымда тынч отурду. Жумшак жел чачындагы кызыл бантигин желпип өткөндө, анысын клуб башындагы желекке окшоштурдум. Оксананы тиктеп, анын: «Билем, бар болчу, бирок алыста-алыста» – дегени оюмду бөлөт.

Бу кайдагы апа, эмнеге алыста жүрөт? Ал жөнүндө Оксана мурда да айткандай болгон, мен таңгалгамын. Ал эмес ал тууралу апамдан сурагамын.

– Оксана сага түшүн айтса керек, – деп жооп берген апам.

Карындашым эмнеге мындай түшүнүксүз түш көрдү экен? Оксанага жакшы бирдеңке айткым келди да, бакчабыздагы ак кайың эсиме кылт этти.

– Жүрү бакчага, Оксана! Кайың түбүндө катылган кенчтин баарын сага биротоло берем.

Оксана бакча жакты карады:

– Кайың түбүндөгү жер али кургай элек да.

– Эмне экен, күн жакында жерди кургатат. Жүрү тез, Оксана!

ЖААЛДАНГАН КАЗ

Кол кармашып, бак корукка баратсак, биздин дарбазанын алдынан кочкул сары баш көрүндү. Мен дароо Мараттын карындашы Фагиманы тааныдым. Биздин көчөдө эч кимге окшобогон кочкул сары чачтуу бир эле кыз бар, ал – Фагима. Ал дарбаза алдынан тез эле соймолоңдоп чыгып, секирип турду. Бул жерден Фагима эле эмес, баарыбыз сойлоп чыгабыз, анткени дарбазанын илгичине колубуз жетпейт. Аны бийик кагып салышкан. Ал эмес Марат да илгичке жетпейт. Марат – сегизде, ал ошон үчүн биздей сойлоп чыкпай, коргондон секирип түшөт.

Фагиманы көргөн Оксана арсаңдап күлүп ийди. Досу келсе, ким сүйүнбөсүн.

Фагиманын эки колунда кагаздан жасалган чөкө таан бар экен. Бирин мага, бирин Оксанага сунуп, чулдуруктап тез-тезден айтты:

– Майат төйтөбүзгө төйт чөкө таан жасады. Канаттайын кагып учкандай иттей сонун!

Фагима алтыга чыкса да, тили чулдур. Ага чоңдор да таңгалышат.

– Кайасаң! – Фагима Оксанынын чөкө таанын учуруп кыйкырды.

Кагаз куш каалгыган бойдон өйдөгө көкөлөдү. Фагима ордунан секирип, Оксана болсо кубанганынан алакандарын чапкылады.

Мен өзүмкүн Оксанага бердим. Ал устунга чыга калып, кагаз чөкө таанды көккө көкөлөттү. Кагаз канаттуу абада айланып, күтүүсүздөн таш үстүндө күнгө жылынып отурган ургаачы каздын жонуна түшкөндө, каз болсо чочуганынан жерге кулады. Оксана казга чуркап жетти да, сыңар тизелей отура калып, эмнеге казды карай колун созгонуна түшүнбөй калдым.

– И-ий, байкуштун буту ооруп калды! – деп коёт дагы.

Бул учурда ачууланган каздын эркеги кыйкырып келип Оксананы канаттары менен койгулап, карындашымды жерге кулата сокту. Каз жаалданган сайын, Фатима да ыйлады. Мен эркек казды качырып, канатына жабыштым. Каз мени чыканактан катуу тиштеп алды. Колуман канаты чыгып кетти. Жинденген каз канаттарын чамынып, мени да жөн койгон жок. Мен да кулап жыгылып карасам, каздын көздөрү заардуу.

Эки колум менен жүзүмдү калкалап, жерге бүрүшүп жаткан бойдон эч нерсе көрбөдүм да, укпадым. Ыйлабадым, кыйкырганым да жок. Бир жерим ооруса, ыйлабаган чыдамкаймын мен. Каз мени чымчылап, тытып атса да, тиштенип жата бердим.

Ким-бирөө мени келип ордумдан тургузду. Бир көзүмдү ачсам, Мансур ава экен. Аны Марат, Фагима, Фарит тегеректеп, Оксана болсо катуу ыйлап отуруптур жерде. Ал кургур мени аяп ыйлаганы да.

– Балам, тиги көзүңдү да ачсаң, – деди тынчсызданган Мансур ава. – Йе, каз болбой куруп кал! Аз жерден баланы мертинтмек экен.

Муну укканда эреркеп ыйлап ийгим келди, ал аз келгенсип, көк көйнөгүм быт-чыт айрылып кетиптир.

– Күнбикеге канча айтам, бул каз эмес эле, жырткыч деп… Аз жерден баланын жүрөгүн түшүрмөк экен…

Мансур аванын жароокер үнүн укканда, мен аны катуу-катуу кыса кучактагым келди. Марат болсо мыскылдагансып, жаныбызда күлүп карап:

– Мени кутурган ит тиштеп алганда деле жүрөгүм түшкөн эмес. Эгер силердин каз мени тиштесе, башын бурап жулуп алмакмын, – деди эле, Фагима ага жооп кылып кыйкырып калды:

– Ооба, жулуп алмаксың! Өзүң корооздон коркосуң!

– А сен чоң балдардын сөзүнө кыпчылба. Барып куурчагың менен ойно, – Марат сөзүн жулуп алды анын.

– Фагима чын айтат – мактанчааксың сен! – Фарит кайраттуу корс этти.

Карасам, Марат Фаритке бурула калып, муштумун түйүп алыптыр:

– Менби?

– Сен!

– Эй, короздой секеңдеген безерлер десе! – экөөнү Мансур ава арачалап калды. – Урушпай ойногула. Оксана, болду эми, сен да ыйлаба. Азыр апаң келер убагы, – деди да Мансур ава дарбазаны көздөй басты.

– Урушпагыла, кагылайындар! – бизге кайрылып, кошумчалап койду, – Эртең Биринчи Май, билесиңерби? Достуктун майрамы!

АЛМА БАКТЫН КӨЧӨТҮ

Эртең Май! Биз баарын унутуп, бешөөбүз кол кармаша кыйкырдык:

– Эртең Май! Эртең Май! Эртең Май!

– Таскиля эжем мени да майламга апайат, – деп Фагима чулдурады.

– А биз өзүбүзчө барабыз, апам уруксат берет! Биз кызыл желек көтөрөбүз! – Оксана кудуңдады.

– Баарыбыз чогуу майрамдайлычы! Бешөөбүз… жо, алтообуз! Менин бөбөгүм Заман да барсынчы, – деп Фарит чыкты.

Фарит досубуз баарыбыз чогуу болгонду жакшы көрөт, ал Маратка окшоп бөлүп-жаргысы келбейт.

– А жол башчыбыз ким? Бригадир же жол башчы керек да… – бири-бирибизден сурадык.

– Чын эле. Бирөө жол башчы болуш керек. Эх, балакайлар десе, балакайлар! – деп Марат корсойду.

Бизди «балакайлар» деп тим эле, өзүнүн сегизге чыккандагысын эскерткендегиси го бу!

Фагима менен Оксана буга маани бербеди.

– Мейли, Фарит жол башчы болсун! – деди кыздар.

Марат тултуюп, а мен үндөбөдүм.

– Келгиле, кара көтөн кармайбыз, – деди Фарит, – ким утса, ошол жол башчы.

Кара көтөн деген кара көтөн да! Марат да буга макул болду.

– А Заманчы? Ал дагы кара көтөн кармасын!

– Заман менин бөбөгүм. Ал үчүн Марат кармасын, макулсуңарбы? – деди Фарит.

Марат сарайга барып каздарга уя жасагандан калган узун чыбыкты көтөрүп келди. Кара көтөн кармашып баштадык. Чыбыктын ылдыйкы учун Фарит кармады, андан кийин Фагиманын колу, анан Оксананыкы, анан меники, анан Мараттын эки колу. Ал бирин – өзү үчүн, бирин – Заман үчүн кармады.

Биз дайыма кара көтөн кармашканда, Марат утуп кетет. Анын колу качан болсо эң үстүдө. Бу кандай? Кантип эле ошентип калат, билбейм?! Ал кууланат болуш керек! Бу жолу да Мараттын колу эң үстүгө чыгып кетти. Ал дароо чыбыкты бийик көтөрүп, алыска ыргытып ийди.

– Бийок мени Майат уйбасын э? – деди бүшүркөгөн Фагима.

– Жол башчы деген эч кимге тийбейт, билип жүр. Бирок чулдурап сүйлөй бербе көп, – деп катуу эскертти Марат.

Ал Фагиманы таарынткысы келбеди, бирок өзүн жол башчы катары көрсөтүп койду. Биз да талашып отурбай, анын айтканын угууну макул көрдүк.

Марат бизди колдон алып катарга тизди: эң алдыга Фаритти, андан кийин Оксананы, анан мени, соңуман Фагиманы тургузду. Өзү капталыбыздан команда бергени:

– Алга! Бир, эки, үч! Бир, эки, үч!

Отряд жөнөп калдык. Фагима гана артына кылчактап, козулардын оюнун тиктеп, команданы угар эмес. Бир маалда колун булгалап, мүдүрүлүп-салынып, бизди кууп жетти.

– Бир, эки, стоп! – жол башчыбыз корс этти.

Биз анын командасын түшүнүп-түшүнбөй, дароо токтободук.

– Токтогула дедим! Ордуңардан баскыла! Бир, эки! – Мараттын кыйкырган үнү.

Күтүүсүздөн дарбаза ачылып, апам көрүндү. Колунда кичинекей көчөт. Тарбайган тамырлары ылдый салаңдап, ичке бутактары төбөсүнөн бийикте ыргалат. Апамдын күнгө тотуккан жүзүнөн нымшыган тер жылтырайт.

– Бул эмне аскер? – таңгалып сурады апам. Биз жарыша жооп узаттык:

– Эртең Май! Марат биздин жол башчыбыз!

Апам мени тиктеп, жылмайган өңү сустайа түштү.

– Жамил, сен кайсы согушта болдуң? – тынчы кеткендей сурады.

Үн-сөзсүз көйнөгүмдүн айрыгын тиктеп, башым шылк дей түштү. Оксана менен Фагима биринин кебин бири жулуп, каз жөнүндө айта башташты. Марат эрдемсип кошумчалады:

– Кокус Мансур ава экөөбүз болбогондо, Жамилди каз жайрап коймок!

Көчөттү жерге коё калган апам Оксана экөөбүздүн аяк-башыбызды карап, мейирман сүйлөндү:

– Йе, жолуң болгурлар! Ушундай да болчу беле? Адамбы, айбанбы: кайсы жаныбар баласын коргобойт. Оксана балапанды колуна алып койгону үчүн энеси, атасы коргойт да. Балапандарга тийбей жүргүлө экинчи.

Апам бизге көчөттү көрсөттү:

– Алма көчөтүн апкелдим. Бүгүн буудай себүү бүттү, түштөн кийин ишке бармай жок. Азыр чай ичебиз да, баарыбыз чогуу бакчада көчөт отургузабыз, — деп Маратка кайрылды:

– Жол башчы сен дагы отрядың менен кел.

– Макул, Күнбике эже, – деген Марат Фарит, Фагиманы ээрчитип көчөгө кетти.

Апам аны артынан жылмайа узатып, Оксана экөөбүздү ийиле кучактады.

– Кагылып кетейиндерим! – өзүнчө сүйлөнүп, экөөбүздү чопулдатып өөп-өөп алды.

Чай ичип, бакчага чыктык. Апам чоң шиш күрөктү алып, бизге тырмооч карматты. Оксана экөөбүз аны сүйрөп жөнөдүк.

Апам былтыркы кызылча өстүрүлгөн жөөктөрдүн акыр-чикирин тырмоочтоп тазалап, Оксана экөөбүз аларды коргонго ташыдык.

Апам болсо белин кайкайта түзөнүп, көкүрөгүнө оогон өрүм чачын далысына күйшөп койду да:

– Мен чөнөк казайын, а силер тырмоочту алып тиги жөөктөрдүн ичин тазалагыла, – деди.

Оксана экөөбүз да ишке кириштик. Апам жерди тереңирек, кененирек казып, отургузар көчөттүн тамыры эркин жайылышына кам көрүп атты. Кечээ Мансур ава да ушинтип, алма менен алчанын көчөтүн отургузганынан Оксана экөөбүз көзүбүздү алган эмеспиз.

– Балдар! – деген Мансур ава, – Менин кубанганым эмне? Мен картайдым, силер жашсыңар. Мынабу көчөттөрдүн жемишин кийин силер жейсиңер, – деди да: – күрөгүн борпоң жерге сайып, белин түзөнө бөйрөк таянып кошумчалады. – Пенде баласы бу жарыкта өзү үчүн гана жашабашы керек. Күндү карагылачы, баарын жылытат, баарына тегиз, – деп койду…

Аны тыңшаган Оксана экөөбүз алакандарыбызга калкаланып, көктү тиктедик. Шаңкайган асмандагы күн так төбөбүздө турган эле. Күн токочтой кичинекей болгону менен, жаркыраган нуру да, табы да жер шарын жылытып турду…

Апам үн-сөзсүз, жер менен алек. Иш маалында ал сүйлөгөндү жактырбайт. Карылуу колдорундагы күрөгү лыпылдап, апам эңкейген сайын чачбактары шыңгырайт.

Оксана экөөбүз канча тырбалаңдабайлы, тырмоогубуз апамдыкындай анча жакшы тазалабады.

Бирөө ышкырып калды. Минтип Марат гана ышкырчу. Ооба, ошол экен. Башы дарбазадан сороюп чыгып, апамды көрөрү менен кайра жапырылды. Апамдын көзүнчө ал секирип түшкөндөн айбыгат.

Фарит, Фагима, кенедей Заман дарбаза түбүнөн сойлоп, артынан биздин жол башчы деген Марат да сойлоду. Баарынан мурда Заман сойлоп бери чыкты. Ал жакында төрткө чыкса да, зоңкоюп бойлуу. Анын шапкасы мага чоң келет.

– Күнбике эже! – кыйкырып калды ал апама. – Бүгүн оймогубуз үстөлдөн тоголонуп, тактанын жыртыгынан түшүп кетти. Кө-өпкө издедик! Түпкүргө кеткендиктен, табылбады эч.

Заман кол булгалады да, жолуна түштү. Апам болсо ишинен баш көтөрбөй, баш ийкеп гана күлүп койду ага.

– Сибэл энем мага Май майрамына деп көйнөк тигип берди, – Фагима мактанып калды.

Марат карындашына чекчейип карап:

– Бизге көйнөгү жөнүндө айтып, а атамдан кат келгенин айтпады. Күнбике эже, биз жаңы эле кат алдык. «Биз душманды жеңип, согуш аяктап калды» деп жазыптыр атам.

– Эртең менен биздин атабыздан да кат келди, – Оксана сүйүнчүлөгөнчө шашты.

Апам ишин токтотуп, күрөгүнө жөлөнүп бизге карады, көздөрү кубанычтан күлүңдөп. Ал кубанганда дайыма жамалы жанып турат.

«Кызымдын жүрөгүндө кири жок, жүрөгүндө не болсо жүзүнөн жанат», – деп тайенем көп айтып калат.

– Көрөсүңөр балдарым. Бизге Жеңиш майрамы келерине аз калды! – апамдын бул айтканы шар төгүлгөн ырдай угумдуу эле.

Күлмүңдөгөн көздөрүндө кубанычтын мөлтүлдөгөн жашы турду.

– Азыр алма көчөтүн отургузабыз. Силер чоңоюп, өзүңөрдөн кийинкилерге айтасыңар: «Бул алмаларды биз фашисттерди жеңген жылы отургузганбыз» деп. Ошондуктан майрам күнгө белек болсун, ар бириң бирден көчөт көтөрүп келгиле.

Биз көчөт ташып, апам аларды чөнөккө отургузуп, чоңурак үчөөбүзгө карматып коюп, өзү жаш көчөттүн үстүнө топурак таштай баштады.

Оксана менен Фагима биздин иштегенибизден көздөрүн албай, Заман болсо бизге илээшип, ал да биз кармаган көчөттүн түбүнө топурак ташташкан болот.

– Карагылачы, Заман деле баарына жарайт! Колунан баары келет! Бир гана кемчилиги – мурдунун богун тазалаган колунан келбейт, – деп апам тамаша чалды.

Заман ошол замат мурдун сүртүнүп калганына биз бүлкүлдөп күлдүк. Күлбөй коёт белек: бооркогунда жүзаарчысы төйнөлүп жүрсө, аны менен эмес, колу менен сүртүнүп атса.

Биз эмнеге күлгөнүбүздү түшүндүбү, бул мерте мурдун колу эмес, жүзаарчысы менен тазалады. Бөбөк деген бөбөк да, не дейсиң ага!

Көчөттөр отургузулду. Алар деле мурдагы бак-дарактардан эч айырмасыз болуп калышты. Жаш көчөттөрдү санай баштадым: бир, эки, үч, төрт, беш. Ичимден ойлондум: бирөөсү – атама, экинчиси – апама, тигиниси Оксанага, тиги болсо мага. А бешинчиси кимге?

– Бешинчи көчөт кимдики болот?

– Кантип – кимдики? – апам күлдү.

– Төрт көчөт, биз – төртөөбүзгө, а бешинчиси кимге? – дегениме апамдын өңү мостоё, бираз ачуулана үн катты:

– Балам, бөлбөй жүр. Баары биздики, жалпыга. Тиги көлмө жээгиндеги чоң бакча да жалпы баарыбыздыкы.

– Бул бакча силердики эле эмес ээ, Күнбике эже, менин апам да отургузушкан. Мен да төрт көчөт отургузгамын, – деди Марат.

– Ошону айтып атпаймынбы, колхоз бакчасы – жалпыбыздыкы деп.

Оксана апамдын манжаларын акырын тарткылап:

– Апа… – деп калды.

– Ов, кызым? – Оксанага эңкейди апам.

– Бешинчи алма бак кимдики болот?

Апам Оксананы кучактай калды:

– Эгер кызым бөлүшкүсү келсе, анда айтайын: бешинчи көчөт үйгө келген коноктуку болсун. Жарайбы?

Сөздүн туурасын айтты! Ушуга эмнеге акылым жетпеди! Биз үйдө үч кишибиз, отургучтан бешөө. Чынылар он эки, кашык, тарелкалар – андан көп. Мунун баары кимге? Албетте, келчү конокторго! Биз үйгө мейман келгенин сүйөбүз. Жакында эле Мансур ава айткан: «Үйүнө конок каттабаган адам, кубанычты билбейт».

– Барып ойногула эми. Баарыңарга ыракмат, жардам бергениңерге!

– Күнбике эже, мага да ыйакматпы? – деп калды Заман.

– Сага баарынан чоң ыракмат! Сен баарынан көп иштедиң! – апам Замандын бетинен чопулдатты.

– Эйэ! – Замандын дымагы көтөрүлө түштү.

Бакчадан чыгар алдында өзүмдүн ак кайыңымды көргөнү чуркадым. Жанындагы суу соолубаптыр али. Менин кенчим ошол суу алдында жатат. Демек, ал соолуганча күтүш керек дагы. Башка арга жок.

Биз отургузган көчөттөрдүн жанына токтой калып, эң татынакай бирөөсүн тандап: «Ушул Оксананыкы болот» деп кобуранып, акырын сылап койдум. Оксана менен башкаларды дарбаза түбүнөн кууп жеттим. Баарыбыз кол кармашып, Темирболот байкенин үй тушундагы көчөнү бойлой эгин талаага чуркадык. Кыржак аталган бул жер – биздин кенен жайыт. Жайкысын мында жаш музоолор, козулар, кулундар оттойт. Биз алыстап калган кезде, аркамды карасам, дарбаза жанында күрөгүнө жөлөнгөн апам бизди карап турган экен.

КОЙКОЙГОН БАТИНКЕЛЕР

– Кезүү келатат!

Алдыда эчкилер шүдүңдөп, артта койлор энтеңдеп, Казангул тоосунан эңкейген кезүү көчөгө кайрылып калыптыр. Биз Кыржакта оюн менен омураң болуп жүргөндө, кезүү келип калыптыр! Баарыбыз үй-үйлөрүбүзгө шаштык.

Дарбазабыз ачык экен. Кезүү кайткан маалда ал дайыма кең ачылып турат. Оксана экөөбүз антаңдап жетип келип, эмнени көрдүк десең? Далиске аттай бергенде, жыгач таяк туруптур. Таяктын учтары – темир экен. Кимдики болушу мүмкүн? Темиртоодон келген тайенемдин таягы да!

Таякты көрөрүбүз менен таенеме шашып, үйгө жүгүрүп кирдик. Ал татынакай кызыл кемселчен болуп үстөлдө отуруптур. Оксана экөөбүз мойнуна барып асылдык, биз аны март майрамдан бери көрө элек болчубуз!

– О менин каражандарым, кандай! – деген тайенем бизге чөнтөгүнөн эки жумуртка сууруп чыгып атып, арыда кагазга оролгон дагы бирдеңкелери бардай күймөлдү… Кагаздагысы не болду экен дейбиз. Көрсө, кагазга оролгону кичинекей чымчыкка окшотуп жасалган токочтор экен. Көз ордуна кара мөмөлөр мөлтүрөйт. Мындай токочторду бышыруу тайенемдин гана колунан келмек.

Карындашым экөөбүз экиден чымчык аларыбыз менен, алардын куйругуна тиш салдык. Өзүмкүн Оксанадан мурда жеп койдум. Тайенем менен апам бизге жылмайып отуруп, апам аркы бөлмөгө кетип, тез эле келди. Артына бирдеңке жашыргансып:

– Бу кимге? – башын сол жакка кыйшайтып сурады апам.

– Артыңызда эмне бар, апа?

– Өзүңөр айткыла, тез, – деди тайенем.

Өз демиме өзүм аптыгып калдым: эмне болушу мүмкүн?

– Айтчы, Оксана, бу кимге? – апам кайталап сурады.

– Жамилге.

– Тиги колуңуздагы – Оксанага! – дей салдым.

Апам дароо экөөбүзгө жуп-жубу менен жапжаңы кайыш батинкелерди сунду.

– Муну тайенеңер май майрамыңарга деп апкелиптир. Ыракмат дегиле, – деди кубанган апам.

Биз тайенеме шарт кайрылып:

Ыракмат, тайене! – дедик жарыша.

Апам колумдагы батинкенин бирин ала коюп, таманын көрсөттү:

– Булар Москвадан жасалыптыр! Көрдүңбү… – апам батинкени колума кайра берди.

Охо, эгерде ошол батинкени көргөнүңөрдөбү! Өмүрүмдө андай кооз бут кийим көрбөгөмүн. Жылтырайт, сапсары кайыштан, боолору кызыл! Батинке деген ошондой болсо!

– Кана, кагылайындарым, кийсеңер. Чак бекен? – дейт тайенем.

Биз эски бут кийимдерибизди чечкенче шаштык.

– Токтогула, жаңыны жаңыдай колдонгула. Далисте таштек туру, суусу менен. Бутуңарды жууп, жаңы байпак менен кийгиле, – деди апам.

Татынакай батинкелерибизди бирөө жулуп алчудай кошо ала чыгып, тепкичке отуруп, буттарыбызды таштекке салдык.

– Биз чоңойсок, тайенеме жумшак, жылуу маасы сатып беребиз, э Жамил? – деген карындашым батинкелерин колуна кийип, айландыра тиктеди.

– Карачы, кандай татына!

– Мен чоңойсом, шоопур болом. Шондо тайенемди, апамды, атамды, сени машинеге салып, шаардагы куурчак театрга апарам, – дедим.

– А мен чоңойсом, тайенеме жаңы кемсел тигип берем. Кийим тиккен машинкеде, шиш-шик-шикилдетем… – Оксана машинкенин тилин туурап жиберди.

– Оксана, сен, тайенеме шуба тигесиң э? Азыркысы эскирди да.

Апам терезени каккылап, бизди чакырды. Мизилдете тазаланган далисте суу буттарыбыздан из калтырып басып жүргөнбүз. Эми буттарыбызды сүрүп, батинкелерибизди кийгенче шашып, үйгө кирдик.

– Эмне, таштектин түбүнө чөгүп кеттиңерби? – деп коёт апам. Таштектин түбүнө да киши чөкчү беле…

– Кийгилечи! Мындай батинкеде адам өзүле бийлегиси келет, – тайенем шаштырды.

Кийдик да; бөлмөдө ары-бери сылаңкорооздоно бастык. Оксананын буттары буттарына тийгенде, алакан чапкандай. А менин көчөгө чыккым келди чыдамсызданып. Айыл аралап, машине жүргөн чоң жолдордо жүгүргүм келет. Карындашымды да колдон алып жүгүрүп кетким бар! Буттарым туйлайт. Бут киймим мүмкүн жомоктогу желтамандыкынан калышпастыр?

– Көчөгө чыккың келип атабы? – дедим Оксанага.

– Ооба, жүрү!

Апам бирок отургузуп койду бизди.

– Күн уясына кирбедиби. Тооктор да, кой-козулар да уктады, – апам демибизди жайгарып койду. – Эртең таң эрте ойгонсоңор, күн чыгары менен силердин жаңы батинкеңерди көрүп таңгалат: «Ай-и-ий, булардын татынакай бут кийимдерин!..» – деп.

Мен апамдын айтканын туура көрдүм. Билет да ал, күн да бизге эмне айтаарын. Анткени – апабыз ал!

– Батинкелерибизди Айга да көрсөтөлүбү? – Оксана сурады.

– Ай өзүле терезеден шыкаалап көрүп алат, силер жатарыңар менен.

– А жылдыздаргачы?

– Аларга көрүнбөйт, алыста да. Аларга Ай гана айтып берет: «Тайенеси белек кылган балдардын батинкелерин карагылачы!» — деп. Жылдыздар муну укканда кубанып, андан бетер жаркырап жанышат.

Апам бул жомокту жобураса, Оксана экөөбүз жаңы батинкелерибиз менен жылдыздарды аралап жүргөнүбүз сезилди мага.

Түн кирди, а биз жата элекпиз. Таң эртерек атса, Маратка анан Фаритке барат элек! Асмандан сайга түшүп, алтын кумдарда басат болчубуз.

Тайенем төшөгүбүздү салды. Керебетке жакын дубалда атамдын сүрөтү. Төшүндө үч ордени бар. Фурашкесиз. Мени кытыгылачу узун муруттары төмөнгө салаңдайт. Мурда бул сүрөтү кичинекей эле, кийин апам аны портрет кылып чоңойттурган.

Мен дайыма уйкуга баш коёрдо, атамды карап ойлоном: «Ал ушул көз ирмемде кайда, не кылып жүрөт?» Караңгы бөлмөдө сүрөтү көрүнбөсө да, көзүмдү жумуп атамды элестете берем.

Алигиче уктабадым. Терезеден тамган ай шооласы сандыкка түштү. А сандык үстүндө биздин батинкелер. Ай бизди уктап калды деп ойлоор. Мен көз жумбай жатам. Ай мени көрбөдү. Төшөккө башымды кыттым да, дароо Мансур аванын кеби эсиме кылт этти: «Эртең 1-Май майрамы!» Көрсө, мени уктатпай жаткан ушул турбайбы!

(Уландысы бар)

[1] Өфө – Уфа (эскилер Уфаны Өфө деп келген – котормочудан)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.