Мындан он, он беш жыл мурда эле туташ сабаттуу делип келген Кыргызстанда азыр «Мектеппи, мечитпи?» деген суроонун жебе болуп сайылып турганы кызык болуп жатат. Балдарда жалпы дүйнө тааным боюнча базалык пластты түзүп, инсан катары калыптандыруучу негизги мамлекеттик мекеме болгон орто билим берүүчү мектептин билим берүү деңгээли белгисиз, калыптанган базасы, иштелип чыккан ыкмалары дайынсыз мечит менен эмнеге бир таразага коюлуп жатканынын башка себептерин окумуштуу изилдөөчүлөр айтышаар, мен өзүмдүн журналисттик байкоолорумду ортого салгым келди.

Коомдогу соңку социалдык-экономикалык кыйын кырдаалдардын билим берүү тармагына түздөн түз таасир эткени айтпаса да белгилүү. Жумушсуздук, жакырчылык, баш-аламан жер которуулар, массалык аракечтик БИЛИМге болгон көз карашты өзгөрттү. Эптеп оокат табууну көздөгөн миңдеген мекендештер жер кыдырып кетишти. Балдар дээрлик кароосуз калышты. Андан ар кыл социалдык жагдайлар өсүп чыкты. Жаш балдардын кылмышка баруусу, бангиликке баш коюусу, мушташып бирин-бири өлтүрүшү… айтор тири шумдук окуялар өлкөнү каптады.

Баласын жети жашында мектепке киргизип коюп ошону менен «тарбиялашы керек да, болбосо эмнеси мектеп!» деп көнгөн ата-эне бирдеме болсо «Баламды силерге тарбия берип, окутат деп бербедим беле!» деп айгай салып мектептин башына киймей адат болду. «Мен силердин токочуңарды таап жатам» таризинде тарбия берүү жоопкерчилигин башкаларга жүктөгөнгө аракет кылган ата-эне баласынын адам болушунун милдетин алуучу башка жерди издей баштайт. Мындайда чектен чыккан тентекти теске салуунун жолдорун көрсөткөндөр көп болот. «Ой, паланчанын баласы токтоно албай урунуп-беринип жүрдү эле, дабаатка барып келип сонун болуп калыптыр, мечитке алып бар, мээсин түздөп коёт.»

Менимче, дал ушул социалдык кырдаалдар — өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусу, окуучулардын массалык мушташы, уурулук кылып, киши тоноосу, мас болуп кармалышы ж.б.д.у.с. мектептин аброюна шек келтирип, баркын түшүрөт.

Бул жагдайды эске алып, соңку мезгилде Билим берүү министрлиги орто мектептерде социалдык педагог деген штаттык бирдикти киргизди. Ал милдетти алган педагог баланын өзү эле эмес ата-энеси, жакындары менен тыгыз байланышта болуп, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон учурда баланын кызыкчылыгын коргоого тийиш болчу. А турмушта кандай болуп жатат? Баягы эле өзүбүздүн жолоюбуздагыдай.

Штаттык бирдик киргизилгени менен социалдык педагогдун милдетин сааты аз болуп калган бирөөгө «кошумча» катары берип коюшат. Мисалы, математикадан сааты белгиленген өлчөмдөн кем болуп калган эжеке муну «класстан тышкаркы иштей» эле кабыл алат. Көпчүлүк мектептерде социалдык педагог деген өзүнчө бирдик жок. Анын милдетин алгандан мугалимдер өздөрү да качышат, себеби, окуучунун саны 500дөн ашпаган мектепте бул милдет үчүн берилээр акы 0,25 ставка (болжол менен бир жарым миң сом) анан ошол жарыбаган акча үчүн үйүнөн качып кеткен баланы милийсага кошулуп түнү менен издеп, сандалып сурак берип жүргөндү ким кааласын? Аны ким билип атыптыр, айтор «дүң!» эткен окуяга «Ким күнөөлүү?» мектеп күнөөлүү деп жатып калышат.

Балким туура эместир, бул менин жекече оюм. Менимче, социалдык педагогдун милдети мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басарына жүктөлгөнү жөндүү, антпесе окуу иштерин бирине, тарбия иштерин экинчисине жүктөп койгон мектеп директорунун эмне иш кылары белгисиз болуп жатат.

Бул биринчиси. Экинчи маанилүүсү — СОЦИАЛДЫК педагог деген штат болгону менен азырынча анын мектептеги орду бошоң. Ал педагогдун өзүнүн билим жөндөмү тайкы болгондуктан мектепте негизги фигура боло албай жатат. Кысталыш кырдаалга дуушар болгон бала менен сапаттуу иш алып баруу үчүн педагогдун өзүнүн сабаттуу болушу абзел. Бул — химия же алгебра эмес, адам тагдырына байланыштуу болгондуктан ал адистен жогорку чеберчилик, терең билим, психологдук сабат, чыдамкайлык менен өжөрдүк талап кылынат. Дагы эң башкысы — андай адамдын баланы баалаган фанат болушу зарыл.

Тилекке каршы, бизде (мектептерде ) социалдык педагогдорду бааламак түгүл басмырлаган жагдай көп учурайт. Мисалы, ЖОЖдон атайын социалдык педагогдун адистигине ээ болуп келген жаш мугалим жашы улуу мугалимге бир нерсе айтса «сен мага акыл айткыдай болдуңбу»деп ызы-чуу чыгарат.

Негизи азыр «Мектеппти- мечитпи?» деп турган чакта мектептин мугалимдери биримдиктүү аракет кылып, өз позициясын бекемдеши зарыл. Бул багытта социалдык педагогдорду окутуу, ата-энелердин «сабатын» жогорулатуу, МУГАЛИМ-БАЛА-АТА-ЭНЕ деген үчилтиктин ийгиликтүү иш алып барышына өзгөчө көңүл буруулары зарыл.

Бул атаандаштыкта дагы бир белгилей кетчү жагдай, мектептерге байланышкан иштердин ачыктыгы, мечит, медреселердеги жагдайлардын жабыктыгы болуп жатат. Мечит окутам десе окуу программаларын окутуу ыкмаларын ачык көрсөтүп, илимий экспертизалардан өткөрүп, артыкчылыктарын негиздеши зарыл. Болбосо бала окутмак түгүл молдолордун өздөрүнүн басымдуу көпчүлүгү аттестациядан өтпөй, «чала молдо» экени маалым болбоду беле.

Бул жерде маселе-ата-энелердин баланын билимин эмес, тарбиясын көбүрөк көздөп жатканы, тентекти жөнтөк кылчу жайга «тапшырып» салып, кийин «калыпка куюлган» даяр баланы алгысы келип жатканында го. Кеп ошондо болсо анда мектеп билим берүү менен катар социалдык жагдайлардын алдын алуу, балдарды жер карама, жетеленме, түркөй эмес, ийгиликке карай тике багыт алган ар тарабы шай, билимдүү инсандар даярдалып чыккан бирден бир абройлуу мекеме даражасына умтулушу зарыл.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.