Грек эл жомогу: Гүл челекте өскөн кыз

Бар экен, жок экен бир аялы менен күйөсү жашаган экен. Аларда баары жакшы болгону менен бир гана балалуу боло алышпаптыр. Кайсы бир кечте аялы терең үшкүрүнүп: – Кудайым бизге бала бербесе да, жок дегенде эрмектеп бакканга гүл челеги менен гүл берип койсо боло,- деп оозун жыйганча терезеге бир кичинекей гүлү менен гүл челек туруп калат. Алгач чочуп кеткени менен аял таңгалып, анан кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Ошентип күндөр өтөт, жылдар жылат. Баягы табышмактуу жол менен пайда болгон гүл бапестелип багылгандыктан […]

Салижан ЖИГИТОВ: Соодада уруу болбойт (4-сабак)

<<<<<<<<1-сабак <<<<<<<<2-сабак <<<<<<<<3-сабак — Бул жерде регион амбициясы жөнүндө сөз чыгып кетти. Жер-жерге бөлүнүү кыргызда мурда эле бар болчу, азыр да бар. Болгону мурда жашыруун, «подпольеде» жүрчү, азыр ачыкка чыкты. Аны коомдук пикир байкап атат, гезиттер ачык айтып, жазып жатат. Муну кандай десек? -Мен баягыда «КДК жаңы башталганда көпчүлүгүн ысык-көлдүктөр түзгөн деп эл айтып жүрөт» деп койсом, Казат Акматов силердин гезит аркылуу мага аябай жинденбедиби. Мен айтсам жинденет, андан кийин эле Сатыбалды Жээнбеков орусча гезитке жазып, мисалы, «баланча партия бастанча […]

Кыргыз эмнеден куурап атат? (1-бөлүк)

Олжобай Шакир: Бүгүн илим-билим, маданият, адабияттын маани-маңызын кеп кылалы дедик. Өзүңүздөр билгендей, СССР ыдырап, эгемендигибизге жеткен тушта баары чакчелекей түшүп жатып калды. Алдуу-күчтүү мамлекеттер ошондон пайдаланып Кыргызстанда өз окуу жайларын ачты, мурдубуздан жетелеген саясат күчөдү. Алдуу-күчтүү өлкөлөр өз окуу жайларын ачып, улут өз тагдырын өзү чечер деңгээлине жеталбай атат… Ошондон улам ай сайын «Сармерден» ресторанынын өнөктөштүгү менен бул жерге оозунда сөзү бар интеллектуалдарды чакырып сый тамагы менен бирге бильярд оюнун уюштуруп, түрдүү темада кеп козгоп келебиз. Муну угуп, Ишен байкебиз […]

Владимир КОРОЛЕНКО: Оттор

АҢГЕМЕ Качандыр бир өткөн убактарда, кеч күздүн караңгы түнүндө, мага Сибирдин бир албууттанган дарыясы менен сүзүп өтүүгө туура келген эле. Дарыянын имерилишинен бурула бергенде, алдыдагы карайган тоонун этегинен капилеттен от жарк дей түштү. Оттун жарыгы тунук, күчтүү чыгып, кол созсо жеткидей жерде эле… — Кудайым берди!—деп кубана кыйкырып жибердим, — буюрса жатагыбызга келип калыптырбыз. Кайыкчы башын буруп, арт жакты бир карап койду да, калакты көңүлсүз шилтегенин улантып күңк этип койду: — Дагы бир топ жер бар! Мен ага түк ишенген […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

ПОВЕСТЬ <<<<<<<<<<<Башы Кыязы, кыйкымчылдык анын кемчилиги сыяктуу. Жыйырма тогуз жаштагы жигит өзүнүн сойкуларды сатып мүлк топтогондон кийинки тажрыйбасына таянып журналистке айланган, жашоосунун акырына чейин президент болгон чоң атасынан айырмаланып төрт тил билип, эл аралык үч диплому бар эле. Директор тыкан, чырайлуу жана бейгам көрүнөт, келбетин бузуп турган жалгыз нерсе – үнүнөн билинип калган жалган ыргактар эле. Топчулугунда жандуу орхидея гүлдөрү бар спорттук күрмө кийиптир жана мунун баары денесине куп жарашып, үстүндөгү бир да кийим көчөдөгү жаан-чачынга эмес, бир гана анын […]