ПОВЕСТЬ

<<<<<<<<<<<Башы

Кыязы, кыйкымчылдык анын кемчилиги сыяктуу. Жыйырма тогуз жаштагы жигит өзүнүн сойкуларды сатып мүлк топтогондон кийинки тажрыйбасына таянып журналистке айланган, жашоосунун акырына чейин президент болгон чоң атасынан айырмаланып төрт тил билип, эл аралык үч диплому бар эле. Директор тыкан, чырайлуу жана бейгам көрүнөт, келбетин бузуп турган жалгыз нерсе – үнүнөн билинип калган жалган ыргактар эле.

Топчулугунда жандуу орхидея гүлдөрү бар спорттук күрмө кийиптир жана мунун баары денесине куп жарашып, үстүндөгү бир да кийим көчөдөгү жаан-чачынга эмес, бир гана анын иш бөлмөсүндөгү жаркыраган жазга гана ылайыкташкандай. Бул жолугушууга даярданууга эки саат кетирген жаным капысынан жакырлыгымдан уялдым, мындан улам ого бетер ачууландым.

Буга кошумча болуп, өлгөндөрдүн баштары крест менен белгиленип коюлган гезиттин 25-жылдыгына арналып жасалган редакция кызматкерлеринин көлөмдүү сүрөтү заар уусун чачат. Мен оңдон үчүнчү элем, башымда кырбуусу тар камыш шляпа, күрмөп байланып бермет төөнөгүч кыстарылган галстук, штаттагы полковник сымал жарашыктуу мурутчан (мурутумду кырк жашка чейин өстүрдүм) жана жарым кылым өткөндөн кийин кереги тийбей калган кудум сокур болуп бараткан семинарист сыяктуу темир кыргактуу көз айнекчен элем. Мен бул сүрөттү ар кайсыл жылдарда, ар кайсыл иш бөлмөлөрүнөн көргөмүн, бирок ушул жолу гана мага анын жашыруун сыры жетти: биерде башынан бери иштеп келаткан кырк сегиз адамдын ичинен азыр төртөөсү гана тирүү эле жана эң кичүүбүз көптөгөн киши өлтүрүүлөрү үчүн жыйырма жылга түрмөгө кесилип кеткен.

Директор сүйлөшүүсүн токтотуп, сүрөткө карап турганымды байкап, жылмайды. “Кресттерди мен койгон эмесмин, — деди ал. – Менимче, бул жакшы эмес. – Ал үстөлгө олтуруп башка үн менен сүйлөдү: — Мен билген кишилердин ичинен дагы эмнелерди жасап жиберерин күтүп болбогону – сизсиз, – деп, андан соң мени таңыркатып, маселени кабыргасынан койду: — Сиздин жумуштан кетүү туурасындагы арызыңыз жөнүндө айтып жатам.

Мен араң мындай деп калышка үлгүрдүм: “Бул – менин бардык жашоом”. Ал болсо: «Бул кырдаалдан чыгуу эмес», — деп каршы болду. Ал эми макалага эң мыкты деген баа бериптир жана карылык туурасындагы ой жүгүртүүлөрүм ал окуган макалалардын ичинен эң жакшысы экен, андыктан да аны бүтүрүүнүн зарылчылыгы жок. “Тилекке жараша, — деди директор, — Кара санатай Кар киши аны качан терилип бүткөндө окуп калыптыр жана макала ага болбогон нерседей көрүнүптүр. Эч ким менен кеңешпестен туруп ал макаланы өзүнүн кандуу карандашы менен чийип салат. Бул тууралуу эртең менен билгенимде, бийликтегилерге каршылык көрсөтүү нотасын жиберүүлөрүн буйрудум. Бул менин милдетим, бирок ортобузда калсын, мен цензорго өзүм билемдиги үчүн ыраазы болдум. Бирок менин нотам көңүл буруусуз калышына жол бербеймин. Ал чын дилинен жалбарып суранат. Кемени ачык деңизде калтырып кетпеңиз”. Директор көтөрүңкү үн менен сөзүн аяктады: “Сиз менен али музыка тууралуу көп сүйлөшөбүз”.

Директор чечкиндүү маанайда болгондуктан, көз караштарыбыздын келишпестигин кайсы бир жаңылыш сөз менен тереңдетип алуудан чочуладым. Чындыгында жумушумду таштап кетүүгө татыктуу себеп жок эле, мезгилден утуу үчүн гана дагы бир жолу ооба деп айтам го деген ой үрөйүмдү учурду. Өзүмдү колго алууга туура келди, көз жашым акчудай абалга жетип уят болгонумду көргөзбөш үчүн жашып кеттим. Ошентип биз далай жылдар буга чейин да боло келгендей, өз ойлорубуз менен калдык.

Көңүл ачууларга караганда башаламандык менен коштолгон кийинки жумада мага басмаканачылар белек кылган мышыкты алуу үчүн жаныбарлар багылган жайга баш бактым. Мен өздөрү сүйлөй баштамайынча тил табыша албаган наристелер сыяктуу эле жаныбарлар менен да анчалык жакын эмесмин. Менимче, алардын жан дүйнөсү керең. Аларды жакшы көрбөймүн деп айта албайм, жөн гана алар менен пикир алышууну үйрөнө электигим үчүн жактырбасам керек.

Мага эркек адам аялына караганда ити менен жакшыраак тил табыша алгандыгы табигатка каршыдай сезилет. Ал ити менен качан тамак жээр-жебестиги тууралуу сүйлөшүп, кайгы-муңун да айтып берет. Бирок басмаканачылар белек кылган жаныбарды алып кетпесем аларды таарынткан боломун. Анын үстүнө бул жалтыраган кызгылтым жүнү бар, көздөрү жанып турган укмуш сулуу ангор мыймыйы эле, мыёологонун уксаң тим эле мына-мына сүйлөп жиберчүдөй сезилет. Мышыкты өзү менен кошо токулган себетке теги жазылган сертификат жана кудум ал бүктөмө велосипед сыяктуу кантип кароо керектиги жазылган нускама кагазын кошо салып беришти.

Аскер күзөтчүсү Сан Николас багына кирерден алдын ала элдин баарынын документин тешерип жатты. Мындайды эч качан көргөн эмесмин, бул көрүнүш калтырган оор сезимди карылыктын белгиси деп эсептедим. Күзөтчүлөрдүн отряды дээрлик өспүрүм деп атоого боло турган офицер башкарган төрт адамдан куралыптыр. Алар чың денелүү, унчугушпаган, бийик тоолордун катаал балдары эле, алардан малдын жыты келет. Жаактары деңиз шамалына туурулган офицер аларды көңүл буруп тиктейт. Документтерим менен кабарчылык күбөлүгүмдү текшерип бүтүп, ал себетимде эмне бардыгын сурады. “Мышык”, — деп жооп кайтардым. Ал көргүсү келди.

Мышык секирип кетпесин деп коркуп, себетти абдан этиеттеп ачтым, бирок күзөтчү себеттин түбүндө дагы бирдеме жокпу деп текшермекчи болгондо мышык аны аймап алды. “Эң сонун ангор мышыгы”, — офицер мышыктын таламын алды. Мышыкты сылап бирдеме деп шыбырады, мышык ага тийбеди, бирок ага тиктеген да жок. “Мунун жашы канчада?” – офицер кызыгуу менен сурады. “Билбейм, — дедим мен, — аны мага жаңы гана белек кылышты”. – “Муну сураганымдын себеби, бул абдан картаң мышык, он жашта болсо керек”. Мен андан муну кайдан билерин, деги эле дагы башка көп нерселерди сурагым келди, бирок анын сылыктыгы менен кооз сөздөрүнө карабай аны менен сүйлөшүүгө шайым жок эле. “Менимче, ал таштанды мышык жана көптөрдүн колунда болгон, — деди офицер. – Ага байкоо салыңыз, сиз аны үйрөтпөстөн, анын ишенимине киргенче сиз андан үйрөнүңүз”.

Ал себеттин капкагын жаап, мындай деп сурады: “А сиз эмне иш кыласыз?”. – “Мен кабарчымын”. – “Көптөн бериби?”. – “Дээрлик бир кылым”. “Мен да ошентип ойлодум”, — деди ал. Колумду кысып, керектүү кеңеш да, эскертүү да катары сезилген сөздөр менен кош айтышты:

— Өзүңүздү сактаңыз.

Чак түштө аземдүү табит менен тандалган музыка дүйнөсүнө “кетүү” үчүн телефонумду өчүрдүм. Булар кларнет үчүн жазылган Вагнердин оркестрине рапсодия, Дебюссинин саксофону үчүн жазылган рапсодия жана Брюкнердин кылдуу аспаптары аткаруучу квинтет эле. Мен бөлмөнүн жарым караңгылыгына чөмүлдүм. Капысынан үстөл астынан бирдеме сойлоп өттү, мага бул тирүү жандык эмес, табияттан тышкары турган заттай сезилди, жандык бутума урунуп, кыйкырды да, секирип кетти. Бул табышмактуу жай жүргөн, куйруктары жайылган жомоктогудай сулуу мышык экен, менин денем дүркүрөп кетти: үйдө адам эмес тирүү жандык менен бетме-бет калган элем.

Чиркөө мунарасындагы коңгуроо жетини кагып кызгылтым асманда болгону жалгыз жана жарык жанган жылдыз калып, ал эми кайсы бир кеме жээктен узап баратып, аянычтуу коштошуп үн салганда мен тамагымда болушу мүмкүн болуп, бирок болбой калган Сүйүүлөрдүн ачуу даамын сездим. Андан ары чыдап тура албадым. Трубканы көтөрдүм, жүрөгүм мына-мына кабынан чыгып кетчүдөй болот, адашпас үчүн шашылбастан төрт санды тердим жана үчүнчү коңгуроодон кийин андан чыккан үндү тааныдым. “Мейли, — дедим жеңилдене үшкүрүп, — эртең мененки кызуу кандуулугум үчүн кечир”.

Роса эчтеме болбогондой, мындай деди: “Эчтеке эмес, мен сенин коңгурооңду күткөмүн”. Мен мындай деп эскерттим: «Секелек Кудай аны бул дүйнөгө кандай жиберген болсо, ошондой кебетеде болсун жана жүзүндө эч кандай боёк болбосун». Ал каткырып күлдү. “Айтканыңдай болсун, бирок сен анын кийимдерин эмнеден экенин билбеймин, абышкалар жакшы көргөндөй, биринин артынан бирин чечинтүү жыргалынан кур каласың”. – “А мен билемин, — деп жооп кайтардым: — Алар ушинткен сайын улам картая беришет”. Ал макул болду. “Жарайт, — деди ал, — демек, туура саат тогузда, кыз жылуу кезинде үлгүрүп кал”.

*     *     *

Кыздын аты ким эле? Роса муну мага айткан жок. Ал дайым кызды жөн гана “Нинья” – секелек деп атачу. Мен да аны Нинья, Колумбдун кичи кемеси “Ниньяны” эркелетип айткандай, “Нинья, көздөрүмдүн жарыгы” деп атадым. Анын үстүнө Роса Кабаркас кол алдындагы кыздарга алардын ар түркүн кардарлары үчүн ар түрдүү ысымдарды ыйгара турган. Мен кээде алардын жүзүнө карап ысымын табууну эрмек кылчумун жана дароо эле секелектин ысымы Филомена, Сатурнина же Николас сыяктуу узун ысым болсо деген ишенимде элем. Бул тууралуу кыз мага капталын салып оодарылганда ойлогомун, мага кыздын алды кудум анын денесинин калыбын кайталаган кан көлчүгү сыяктуу сезим келди. Калтырай түшүп, шейшепте болгону тердин нымдуу тагы гана бар экенин көргөндө араң өзүмө келдим.

Роса Кабаркас кызга этият мамиле кылуумду айтты, ал дагы деле коркуп жатыптыр, кантсе да биринчи жолу эмеспи. Мунусу аз келгенсип, ырасымдын салтанаттуулугу коркунучту күчөттү, кызга тынчтандыруучу дары беришке туура келди, андыктан ал азыр тынч уйкуда көшүлөт, ойготуу да аянычтуудай. Мен кыздын терин сүлгү менен аарчыганча, ага Дельгадина, падышанын ата мээрими жетишпеген Арык кызы тууралуу ырды ырдап бердим. Мен кыздын денесин сүргүлөп жаттым, ал болсо ырдын ыргагына жараша улам бир капталына оодарылат: “Дельгадина, Секелегим, эң сүйүктүү жан болосуң”. Бул ушунчалык ырахаттуу көрүнүш эле, себеби мен анын бир капталын аарчып бүткөнүмчө, ал кайрадан тердеп чыккан башка капталы менен мага карай оодарылат, андыктан ыр да бүткүдөй эмес.

“Өйдө бол Секелек, кийимиңди кий Секелек”, — деп анын кулагына жакын келип ырдадым. Ырдын аяк чениндеги падыша нөкөрлөрү Арык кызды чаңкоодон өлүп бараткан жеринен табышкан жерге келгенде менин секелегим өз атын укканда мына-мына ойгонуп кетчүдөй көрүндү. Себеби, бул ошол Дельгадина-Арык кыз эле. Мен өбүшүүнүн издеринин сүрөтү менен кооздолгон турсийчен төшөккө жатып кыздын жанынан орун алдым. Кыздын жылуу тыноосунан чыккан шуудурга магдырап саат бешке чейин уктапмын. Жуунбастан тез кийине салдым, ошондо гана күзгүдөгү эрин боёгуч менен жазылган жазууну көрдүм: “Жолборс тамак издеп алыска барбайт”. Мен өткөн түнү бул жерде болбогонумду билемин, андыктан да бул сөздөрдү шайтандын кайрылуусу катары кабыл алдым…

(Уландысы бар)

Которгон Назгүл Осмонова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.