Олжобай Шакир: Бүгүн илим-билим, маданият, адабияттын маани-маңызын кеп кылалы дедик. Өзүңүздөр билгендей, СССР ыдырап, эгемендигибизге жеткен тушта баары чакчелекей түшүп жатып калды. Алдуу-күчтүү мамлекеттер ошондон пайдаланып Кыргызстанда өз окуу жайларын ачты, мурдубуздан жетелеген саясат күчөдү. Алдуу-күчтүү өлкөлөр өз окуу жайларын ачып, улут өз тагдырын өзү чечер деңгээлине жеталбай атат…

Ошондон улам ай сайын «Сармерден» ресторанынын өнөктөштүгү менен бул жерге оозунда сөзү бар интеллектуалдарды чакырып сый тамагы менен бирге бильярд оюнун уюштуруп, түрдүү темада кеп козгоп келебиз. Муну угуп, Ишен байкебиз өзүн ыңгайсыз сезип отурат, аттуу-баштууларды чакырган жерге мен эмнеге чакырылдым деп. Кеп анда эмес, себеби аттуу-баштуунун баары эле чындыктын тили менен сүйлөп аткан жери жок, дээрлик көпчүлүгү коңулда жашынып алып күңкүлдөп-мыңкылдап аткандар алар. Ал эми сиз тар чөйрөдө болсо да прогрессчил ойлордун учкунун жандырып жүргөнүңүздү билгенден улам чакырдым…

Силер менен бирге III даражадагы «Манас» орденин тагынып жүргөн Шайлообек Дүйшеевди чакырдык эле, ал киши бүгүн эртең менен тойго шылтоолоп келбей калды. Ошентсе да бу жерде акын – Нуралы Капаров досуңуз менен учур адабиятынын жаркын таланты Зайырбек Ажыматов болуп, учурдагы рухий жакырчылык туурасында кебибизди улай берели…

Ишен Жакыпбеков: Бул мени кандай чакырганын ачык эле айтып берейин. Мен эми жыйырма жылдан бери илим-билим чөйрөсүнөн алыс жүрөм. Байке, сиз менен сүйлөшүп жүрөм, бирок коомдон артта калып калыпсыз, эртең кыргыз адабиятынын аттуу-баштуу адамдары келет, ошолордун арасына келип, кичине суу куюп, чай куюп берип, бир жолу өзүңүздү оңдоп албайсызбы деген үчүн эле келгем.

Нуралы Капаров

(Баары күлүштү)

Нуралы Капаров: Эми сен саяктык тапандыгыңа салба. Муну мен тааныштырайын. Бул Ишеке деген аябай чоң, күркүл ишкер. Табылды Эгембердиевдин классташы, досу экен. Бир жолу Табылды Шайлообек экөөбүздү чакырып, менин бир классташым менен сүйлөшүп көргүлөчү деди. Анан эле барып сүйлөшкөндө Шайлообекти оңкосунан салды, билимдүү экен да бул. Тютчевдин ырларын жатка айтат, Кыргызстанды такыр бырын-чырынын чыгарып, Москваны талкалап бүтүп, анан урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турган күчтүү интеллектуал экен. Шайлообектин жүрөгү түшүп калды, ырларыңды, китебиңди бер десе болбой, ушу убакка чейин качып жүрөт. Бул эми тамаша кеп, албетте (баары күлдү).

Бул өзү мобу бильярд столдорунун эң мыктысын жасайт. Политехте мугалим болуп иштеген. Мунун кыйын экенин мен билбейм, уулума айтып калдым, Ишен деген досум бар деп. Десем ал айтат, ой ал деген бильярд боюнча Кыргызстандагы эң кыйын ишкер деп. Анын столун кезекке туруп алышат, өзү коюп берет дейт. Анан чоң суммага коёт дейт. Бирок мунун бир жаман жери – китеп-ситеп алып келип калсаң акча бербейт, бирок ошондон байкалат мунун мыкты бизнесмен экени (Баары күлдү).

Анан бул Тютчевдин… орус классиктеринин кимисин айтпа, дароо эле ырын жатка айтат, кылдат аябай. Анан бул өзү ыр жазып чоңоюптур, Тунук деген айылда. Чабандын баласы экен, өзү айтып атпайбы, мен тоодо жашап, онду бүткөнчө киши көргөн эмесмин деп. Бир сарайда жалгыз үй бар болчу, мектепке барам, кайра ошол үйгө келип, камалып отуруп китеп окуп, ыр жазып жүрчүмүн дейт. “Жаш ленинчи” өңдүү гезиттерге ырлары чыгып жүрчү экен. Аны апам жыйнап жүрчү, ал ыраматылык өтүп кеткенден кийин кайда калганын билбейм дейт. Бала кезде ырга табити, ышкысы болгону менен политехке куруучулукка кириптир. Өзү акын, жазуучу боло турган киши филфакты окубаш керек, журналистиканы да окубаш керек.

И.Жакыпбеков: Мисал үчүн Айтматов деп койчу.

Н. Капаров: Ии, техникалык илимдерди окуш керек, физтехти окуш керек Москвадан. Голованов, Ярослав деген физтехти бүткөн да, дагы бир топтору физтехти бүткөн. Ой жүгүртүүлөрү иттей күчтүү болот экен. Головановдун илибой очерки, илибой романдан кем эмес. Сарамжалдуу жазат, ойду батырат, идеяны батырат, адамдын ички дасмиясынын баарын сыртка чубап чыгат тим эле. Анын сыңарындай, бир нерседен жаңылып калгансың да сен, политехти бүткөндөн кийин ыр жаза берсең болмок.

И.Жакыпбеков: Алым жеткен жумушту кылып атам го.

Н. Капаров: Мыкты жазуучу болмоксуң. Салижан Жигитов Өскөн Даникеевди мактачу. Ал тоо кенчи (горняк) да.

И. Жакыпбеков: Тоо кенчи, анан чийме (начертательная) геометриядан бизге сабак берчү.

Н. Капаров: Чийме геометрияны кыргызчага которуптур да, которгондо шумдук которгон дейт. Жакшы, түшүнүктүү которгон дейт. Анан ар бир кыргыз пайдалуу иш жасаш керек деп жүрбөйбү. Ыр жазып эле пайда келтирип атам деп ойлобош керек экен көрсө. Жөнөкөй эле бир математика боюнча методикалык окуу китеби болобу, же башка нерсе болобу, кыргызга пайдасы тийгидей бир китеп жаз, же которуш. Ошол кыргызга чоң кызмат кылганың болот. Анан Айтматовдой болуп роман жазсаң эле жазуу ишинде аябай кадыр-барктуу болосуң деген түшүнүк бар да, эл да ошого көнгөн, ойиий, роман жазыптыр деп. А Салижан Жигитов интеллектуал киши да аябай, Өскөн Даникеевдин көркөм чыгармаларынан мурун ошол чийме геометриясын мактачу. Анткени кыргыз балдар ошондон далай кулачу экен дечү, анысын күчөтүп айтып койсо керек…

И. Жакыпбеков: Техникалык сабактардын оорлорунун бири болсо керек. Бир агайыбыз бар эле, мен бир сөз орусча билбей экзаменге кирип билет алып атсам, “эмне кыласың” деп зачеткама 5 коюп чыгарып жиберген.

Н. Капаров: Окубай эле койсун деген го.

И. Жакыпбеков: Жо, ал лекция окучу, анан өзү практикадан берчү да, эсебин чыгарган мен окшойм да. Чиймеден тапшырсаң, сүйө берсең болот, сопроматтан тапшырсаң, үйлөнө берсең болот деген сөз бар эле. Сопроматтан да агай зачеткама 5 коюп кетирчү эле.

Н. Капаров: Анан менин оюм мындай, ушул тема боюнча эле сүйлөп атам мен, негизи кыргыздардын тарыхы аябай терең, тиги-бу деген… Ооба, терең экенбиз, байыркы эл экенибиз чын. Бирок өспөй калган элбиз, ошону моюнга албай атпайбызбы. Элдин баарын тумандатып эле, ой биздин жазуубуз бар экен, Орхон Енисейде таш жазуусу бар экен дейбиз, эми ал жазууну пайдаланып, Кытайдай болуп 5000 жылдык тарыхыбызды жазбасак, аны кандай жазуусу бар деп айтасың? СССР дегениң бүт эл жактырбаган, бүт эл мыкты деген саясатчылар жактырбаган түзүлүш экен.

И. Жакыпбеков: Кыргызды кыргыз кылып көтөрүп кеткен ошол СССР болгон.

Н. Капаров: Жөн отур, ук, мен ошону айтайын деп атам. Орустарга зыяны тийиптир, социалисттик революциянын. Жириновский кыйкырып атат, дагы бири кыйкырып атат, Путин деле жарым-жартылай кабыл алат. Прибалтика өлкөлөрү такыр эле чалкасынан кетет экен. Кавказ республикалары жарым-жартылай кабыл алат, көбү чалкасынан кетет экен. Социалисттик революция жалгыз ушул кыргыз менен казакка жасалгандай болуп, Ленин менен Сталин биз үчүн туулгандай сезилет мага. Болбосо тетиги Памирдеги эле кыргыздын кейпин киймекпиз. Бизди эл кылмак эмес эч ким.

Анан “Чүйдүн күңгөй тарабын Жантай хан казактарга 40 байталга сатып ийиптир, Чалдовардан Олуя Атага чейинки жерди кыргыздын түкүнчө бийи казактын баланча султанына белекке карматып жибериптир” деп жер тепкилеп жүргөндөр көп. Эй, айланайындар, 1917-жылга чейин кыргызыңдын башы биригип, бир өлкө түзө албай, уруу-уруу боюнча жүрсө, он бешинчи кылымда үч уруу казак бир өлкөгө биригип, өлкө түзүп алса, ал өлкөнүн баарын башын бириктирип кармап турган султаны болсо, султандын борборлоштурган бийлиги, аскери болсо, бириндеген кыргыздын улуу башчыларын бирден сындырып, жерин күч менен алып койгонун айтып түшүндүрөр киши жок…

Кыргыздар ким элек? Уруу-уруу менен жүрсө, Ормон деген ханмын деп жарыялап, Адыл деген бир эле саяк министри бар экен, коргоо (силовой) министри экен. Болду, дипломатия деген жок, тышкы иштер министри деген жок. Экономика министри жок, мындай бир чоң стратегиялык план жок, мамлекет сыяктуу чек ара, тиги-буларды бөлүшүп, сүйлөшүп алган эмес. Мен ханмын деген менен, уруу-уруу болуп эле жүргөн. Бугу өзүнчө жүргөн, саяк менен эле сарбагыш чогуу жүрүптүр.

Он тогузунчу кылымда Кокон хандыгынын оторчулугунда болушту. Шералы хан деген кыргыздын жээни болгон, Кудаяр хан деген кыргыз болгон деп канчалык сыймыктанып айтпайлы, алар эч кандай кыргыздын кылычын чапкан эмес, кыргызды оңоюн деген бир иши болгон эмес. Кыргыздар Кокон хандыгы пайда болгондо Фергана өрөөнүндөгү жерин да, элин да алдырды. Калган катканын Советтер Союзунун тушунда, эң акыркыларын эгемендиктен кийин алдырдык. Ал хандык жалаң өзбектердин саясатын жүргүзүп, ошолордун кызыкчылыгын көздөгөн хандык болгон да.

Ар кайсы жерге даткаларды коюп, Алайдан Алымбек датка бул жактан Жантай, тиги-буларды чакырып, кыргыздын анча-мынча маселесин койсо, ошону билип туруп тындым кылып коюшкан да. Анан ордуна Курманжан датканы коюп коюшкан.

Кокон хандыгы кантип кыйрады? Түндүк кыргыздары Кокон хандыгы менен расмий ажырашпай туруп, падышачылык Россиянын оторчулугуна өтө баштаган. Биринчи Боронбай элчи жиберип кирип кетти Орусиянын колтугуна, андан кийин саяк-сарбагыштар кирди. Киргенден кийин эмне болду? Жанаша эле, бир эле убакта Кокон хандыгынын карамагында турчубуз биз, Токмокко, Таласка, Кара-Балтага, Нарынга, Кочкорго чептерин курушкан өзбектер. Бирок Орусия падышачылыгына таянып калып, өзбектерге алым (дань) төлөбөй коюшту. Чептер жөн эле турду, түндүктү толук башкара албай койду. Шабдан баатырга Колпаковский келди да, Кокон хандыгын талкалаш керек деп анан биринчи Курманжан даткага барышты, ошондон ары анан 1876-жылы толук талкалап салышты.

Талкалаганда туура талкалашты, ошол хандыкты такыр жок кылышты. Жок кылгандан кийин кыргыздар экиге бөлүнүп калды: Кокон хандыгынын таасириндеги кыргыздар, орустун таасириндеги кыргыздар болуп. Биздин кыргыз жазуучуларынын арасында “Өзүбүздүн хандык эле, каапырлардын шыкагына кошулуп, өзүбүздүн хандыкты өзүбүз талкалаганга жардам бербедикпи” деген өкүнүчтүү пикирлер айтылып жүргөнүн өз кулагым менен угуп жүрдүм. Ал учурда орустарга каршы маанай күч эле. Бара-бара тарых бардыгын өз ордуна коёт деген чындык сөз экенин кийин билдим.

1990-жылы кыргыз-өзбек чатагы чыкты. Бул чатак Кокон хандыгынан мураска калган, бир улуттун экинчи улутка үстөмдүк кылам деген жана жер талаш чатагы эле. 2010-жылы кыргыз-өзбек чатагы дагы көтөрүлүп барып басылды. Ыраматылык Ислам Каримовго рахмат, чек араны ачпай койду эле, чатак узакка созулбай, ылдам басылды.

Кайсы хандык бизге пайда алып келди деген суроо туулат. Кокон хандыгыбы же Орус падышачылыгыбы? Албетте, орустар менен да ыйкы-тыйкы болбой койгон жокпуз. 1916-жылы ар кимдин сөзүнө кире берип өзүбүздүн да, орустун да күнөөсү менен кыргызга кыргын келди. Бул чатакта кыргыздар орустар жакшы жерлерибиздин баарын ээлеп алышты деген маселе менен чыгышты. Тарых бара-бара бардыгын өз ордуна коёт демекчи, кыргыздын каймактуу жерлеринин баарын ээлеп алган орустар 1991-жылы эмне кылды? Өздөрүнүн тарыхий мекенине эч бир доомат койбой туруп эле кетип калды, Чүйдү бошотту. Кыргыздарды окутту, билимдүү кылды. Революция жасады, социализмдин тушунда дүркүрөттү, шаарларды курду, баарын тең куруп туруп анан кетип калышпадыбы. Кетип калышып, бул жердин баарын бошотуп берди. Өзбек туугандар ошенте алабы? Албетте, анте албайт.

Негизги максат – бул алар менен тынч жашоонун жолун издешибиз керек. Түбөлүк дос болобуз деп, Атамбаев менен Мирзиеев кучакташып, Каримов чычкан өткүс кылып бекиткен чек араны ачканда көзүнө жаш албаган кыргыз-өзбек калган жок. Алардын бул аракетине рахмат. Бирок ушунчалык кучакты кенен жайыштын кереги барбы деген да суроо туулат. 35 млн. өзбек Өзбекстанга кылкылдап батпай турган экен, дамба жарылгандай эле Кыргызстанды каптап жөнөдү. Чек ара азыр ачык, Өзбекстанды каптаган бир да кыргыз жок. Каптабайт дагы… Кимге жагат, кимге жакпайт? Мага Ислам Каримовдун өзбектер үчүн чек араны бекемдеп салган саясаты азыркы достук саясатына караганда көбүрөк жагаар эле.

Адам адамга жакшылык кылгандай эле, улут улутка жакшылык кылганын унутпашыбыз керек. Орустун катасын орус оңдоп, Падышачылык Россиянын ордуна кучагын жайып мен барктаган, мен даңктаган Советтер Союзу келди. Эми көрсөк болот, Кокон хандыгынын оторчулугу жакшы беле бизге же Орусиянын оторчулугу жакшы болгон беле?

Убагында падышачылык Орусиянын оторчулугуна өткөнүбүз деле жакшы болгон экен деп ойлойм. Убагында антпегенде Советтер Союзунун курамына кирет белек, кирбейт белек, ким билет. Уйгурларча Кытай мамлекетинин курамында калышыбыз да толук мүмкүн болчу. Эгерде ошондой тагдырга туш болсок, азыркы эгемен өлкөбүз түшүбүзгө да кирмек эмес, туурабы?

Түбөлүк Кытай өлкөсүнүн кучагында калмакпыз. Авроранын залпы менен Кыргызстан Советтер Союзунун боюна бүткөн өлкө. 1917-жылы “бойго бүтүп”, 1991-жылы эгемен өлкө болуп туулду. Мындай жагымдуу жагдайды, бактылуу тагдырды эч бир өспөй келген, өнүгө албай келген элге берген эмес. Акчаны да төлөдү, адабият, маданиятка деп. 13 жыл ичинде сабатсыз кыргыздарды сабаттуу кылыптыр СССР. Анан согуштун ары жак, бери жагында чыккандар профессионал адабиятты түзүшкөндө Айтматов чыкты…

О. Ш.: СССР болбосо «Манастын» үч томдугун деле кыргыз өзү чыгарбайт эле да. Элдик оозеки адабият, элдик күүлөр жыйналат беле десеңиз…

Н. Капаров: Анан эмне. Орус элине рахмат, Советтер Союзуна рахмат, Ленинге рахмат, Сталинге рахмат! Тоо-ташта көчүп-конуп жүргөн кыргызымды отурукташтырды, окутту, чокутту, мектеп, завод, фабрика, айыл-кыштак шаар курду. Илимдүү-билимдүү кылды. Адабиятты, маданиятты көтөрдү. Өзү теңдүү элдерге теңештирди. Айта берсек, алардан алган жакшылыгыбыз көп… Бүгүн да алардын жакшылыгын көрүп атабыз. Миллионго жакын кыргыз Россияда иштеп, Кыргызстанды багып жатканын да эстен чыгарбашыбыз керек.

Жетиген Асанбек: Агай, ооба, бирөөнүн жакшылыгын унутуп же баалабай койгон адамдын жаман сапаты. Совет бийлиги менен кыргыздардын туташ сабаты жоюлду, эл агарды-көгөрдү. Аны тана албайбыз го. Бирок бул орус элинин эле кыргызга өтө боор тартып ийгенинен болбосо керек. Эбептен себеп, Кудайдан болуп бизге жакшынын шарапаты тийип калды деп ойлойм. Болбосо орустар адегенде барып кыргыздарды агарталы деп келбесе керек. Алар келип, ошол жакшы жерлерге отурукташып, жайланышып атышпайбы. Анан ал жакшы шарттарды өздөрүнө түзүшкөндүр. Болбосо, мисалы, эмнеге жер-суунун аттары баары орусча болуп кеткен? Шайлообек агай айткандай, Ивановка, Петровка, Покровка, Калиновка, ж. б. Кыргызстан республикасынын борбор шаары болсо Фрунзе деп аталыптыр.

Аларда деле эки топтун карама каршылыгы болуп атпайбы: Падышалык Орусияны жактагандар, анан революционерлер болуп. Революционерлер бийлигин орнотуп, бекемдеш үчүн караламан калктын колдоосу керек болгон. Ошондуктан окутуп-чокутканы менен, үстөмдүк саясатын да унутушкан эмес деп ойлойм. Билбейм, балким бул менин жаман оюм. Же өзүбүз оомо жаныбыз, оойт десе өзүбүздүн улуттук баалуулуктарды таштай качып, ооп кеттикпи? Ал эми азыркы Россиядагы кыргыздарды кыйналып атыпсыңар, бизге келгиле деп алар чакырышкан жок да. Биздеги саясаттын начардыгынан барууга аргасыз болуп атышат. Көбүнчөсүнүн алган акчасына орустар иштебегендиктен батып атышат да, аларга да пайда болуп атпайбы.

Н. Капаров: Эми мындай болот да. Чоң эл майда элди сиңирип алганга аракет кылат. Европада англичандар, испандар, француздар канчалаган элди колониясына алып турду. Аларга өз тилин, салтын жайылтууга аракет кылды. Ошол ишке ашты көп жерлерде. Шаардык кыргыздар кыргызча билбей калгандай эле, индустардын элитасында өздөрүнүн эне тилин билбегендер көп, англис тилинде сүйлөшөт. Алардын мамлекеттик тили англис тили болуп келген. Кийин кош тилдүү мамлекетке айланышты. Испандар болсо бүт Латын Америкасын испан тилинде сүйлөтүп салды. Кенедей Португалия Бразилияны португал тилинде сүйлөтүп салды. Индонезия, Малайзия, Гонконг дегендер бүтүндөй англис тилинде сүйлөшөт.

Тең тайлашкан элдер гана өздөрүнүн эне тилин сактап келатат. Мисалы, согуштан кийин бөтөнчө япондор жана түштүк корейлер Американын таасиринде жашап жатышат. Англис тили кирди экөөнө жакшы эле, бирок кирген менен алар өздөрүнүн тилин да басынткан жок, аларда англис тилинде канчалык илимий-техникалык, адабий-маданий китептер жарыяланса, ошончолук өз тилинде китептер жарыяланат. Биз өзүбүз күчтүү болушубуз керек. Эгерде начар болсок, ооба, күчтүү элдердин тилине алдырабыз.

Мына биздин Жогорку Кеңештеги өз оюн өз эне тилинде түшүндүрө албай жүргөн депутаттар ушунун чоң мисалы. Азыр эми кыргыз тилине бир эле орус тили эмес, англис, кытай ж. б. тилдер да жоо болду. Ата-энелер балдарын чет мамлекетке жөнөтүп атышат, ошолордун тилин билсин, ошол жактан окусун, болбосо коомдон артта калат деп. Ушундай кетиште кыргыз тили башка тилдер менен теңтайлаша алабы? Буга мен да жооп бере албайм.

О. Ш.: Учурдагы адабияттын ал-абалы кандай, ушу туурасында сөз кылалы. Себеби эне тилди калыптай турган бирден бир курал ошол.

Н. Капаров: Убагында Советтер Союзу түзгөн профессионал адабият-искусство өтө кыйын ахывалда. Мыкты чыгармалар жазылбай калды, китеп окулбай калды. Таптакыр токтоп калган жок, кыбыр-сыбыр кыймыл бар. Бирок ушул бойдон эле китеп окулбай калат дегенге ишенбейм. Мындай тенденция Россияда да байкалган. Бирок азыр китеп окуу Россияда жанданып жатат деп сүйүнүп жүрүшөт. Бизде да эртеби-кечпи жанданарына бөркүмдөй ишенем. Сингапур мамлекетин Сингапур кылып көкөлөтүп өстүргөн экс-премьер министр Ли Куан Юнун айтканы бар: “Бардык ийгиликтин ачкычы экономикада. Экономика өссө, элдин турмуш-тиричилиги жакшырат. Жакшы турмушта жашаган элдин көңүлү өсөт. Көңүлү көтөрүңкү эл гана чыныгы адабият, искусствону жарата алат”.

Азыркы бийликтеги жигиттер жалпы кыргызга жарым тыйынча пайда алып келбеген ич ара саясий интригиларга күчүн жумшабай, өчөйгөн экономикага күчүн жумшаса, коом стабилдешсе, элибиздин маанайы көтөрүлсө, мыкты чыгармалар жазыла баштайт эле да. Окулбай калган китептер окула баштайт эле. Жашоосу жармач болсо, карды тойбосо, албетте, андай адам чыгарма да жаза албай, китеп да окуйт, көртирлик менен кармашып калары турулуу иш.

Султан Раевдин “Капитал” деген очерки чыгыптыр, Эгембердиев жөнүндө. Анча-мынча сөздөрүн, тиги-буларын эске албаганда, абдан мыкты жазыптыр. Чалдым ага, Суке кандайсың деп, Горький деген жазуучу болгон дедим, өзү таланттуу адам экен, ага Владимир Ильич башын айлантып атып, “Эне” деген роман жаздырган дедим. “Түпкүрдө” деген мыкты драмасы бар. “Эне” романы тапшырма менен жазылып, бирок Горькийдин профессионал адабиятта кадыры төмөндөй түшкөн: революцияны даңктаганы үчүн. Революцияны элдин баары эле даңктабайт экен көрсө, биз эле даңктайт экенбиз. Ошенткен менен анын мыкты төрт очерки бар дедим. В. И. Ленин жөнүндө, Л. Толстой жөнүндө, А. Чехов жөнүндө анан… төртүнчүсүн эстебей атам. Ошол төрт очеркин окуганда, ой бир жыргайсың дедим. Горький берки романдарын жазбай койсо да, ошол төрт очерк менен классик боюнча калмак. Ой, Суке, сенин романдарыңды окуп-окуй албай, аларың конуп-коно албай атты эле, “Капиталыңды” окугандан кийин сен мага классик болуп калдың десем, корсулдап күлүп, коштоп койду.

Ишен Жакыпбеков

И. Жакыпбеков: Эгембердиев тууралуу бир-экөө жазабыз, жазабыз деп мени да чакырды эле. Биринде бардым, биринде бара албай калдым. Нуке билет, элдин арасынан Табылдыны менден жакшы билгени жок болуш керек. Мектепте чогуу окудук. Андан келип, бир адистикке окудук. Бир жатаканада жаттык, аны да институтта калтырды, мени да калтырды. Экөөбүз кошуна кафедраларда иштедик. Андан ал башка жакка иштеп кетип, кайра аспирантурага сырттан окууга өтүп алыптыр. Мен да аспирантурага баргам, экөөбүз бир бөлмөдө жашап жүрдүк. Мен жалгыз жашайм, ал келип-кетип турат. Ал келгенде жыргап калам, ага чейин бойдокмун. Ал тамакты бышырат, кийимди жууйт. Бардык ишинде мени менен кеңешер эле, Ишеке мобуну минтип атам, антип атам деп.

Бир нерсеге арман кылып кетти дейт аялы. Кап аййе, өзүм тууралуу деле бир нерсе жазып кетсем болмок эле, жазылбай калды го. Бир жазса Ишен жазмак, ал деле жазбайт ко деп айтып кетти деди. Ишен жазмак дегенде, ал менин жаза ала турганыма карап эмес,  мени толук билген ошол деди  го деп ойлойм, бирок эми мен өмүрүмдө бир нерсе жазып көрбөсөм, кантем. Бул жакка чакырылганда, келип сүйлөйсүң, анан жазылат, интернетке чыгат дегенде, түнү менен уктаган жокпуз. Аялым байкуш мобу көйнөктү таап кийгизди. Нукенин ырын эстедим:

Оо, Жараткан, ыйман бер айтарымда,
Турайын күзгү суудай тунуп дайым.
Жакшынын жакшы жагын айтып жатып,
Жакшынын жаман жагын унутпайын, – деп.

А. Ж.: Ии, сонун ыр. Китебиңиздин биринчи барагына коюлбады беле.

И. Жакыпбеков: Ошону биринчи бетке коюп коюптур. Ошону окугандан кийин, айла жок башкасын окуганга туура келди.

Н. Капаров: Китебим үйүндө үч ай жатыптыр да. Эч ким деле тааныбайт экен муну, бир былжыраган неме го деп жүрдүм дейт.

И. Жакыпбеков: Нуралы деген ким болду экен, китебинин кагазы жакшы экен, акчасы көп экен деп койдум.

Н. Капаров: Акчасы көп неме экен деп койгом дейт, төрт-беш ай өткөндөн кийин, бирдеме болуп кыңайып ачылып калыптыр. Карасам, бир жакшы ыр жазыпсың дейт, андан кийин экинчисин окудум дейт, андан кийин үчүнчүсүн окуптур. Анан күндө эле чалат.

И. Жакыпбеков: Чала берип тажаттым муну. Аягында сүйлөшкүсү да келбей калды. Кызык, бул минтет экен: Ало, мен азыр жолдо баратам, азыр ГАИ кармайт… Ало, мен азыр тоого барам, байланыш жок болуп калат… Ало, үйдө киши бар эле… деп элечи. Аягында, ии тажады окшойт дедим да, минтип жазып жибердим:

Ишен менен таанышып, бир балээге кабылдым,
Телефондун номерин берип катуу жаңылдым.
Күндө чалат калп эле тынчын алып жанымдын,
Айлам кетип баш ооруйт, кантип мындан арылдым… – деп жазып ийсем, оюн тапканым жакты окшойт, алып калды кез-кезде.

(Баары күлүштү)

Н. Капаров: Тамаша кылып атат, албай койду деп. Мен тоодо эле жашайм да. Чын эле тартпай калат. Мен жети-сегиз сааттап сүйлөшө берем киши менен. Салижан Жигитов үйрөткөн, келет, келгенден кийин чекебиз тийишип эле, жумуш калат, сөз бүтпөйт.

И. Жакыпбеков: Бүгүнкү кеп тууралуу айтсам, өмүр бою бир эле жерде иштедим, политехникалык институтта. Кандидаттык коргодум, 91-жылы Москвага барып, доктордук ишимди көрсөтүп, анан ошол убакта Союз каза болбодубу. Ошол убакта мага дүйнө политехникалык институт менен чектелгендей сезилер эле, тышында жашоо жоктой. Балык үчүн дүйнө суунун ичинде да, суусуз жашоо жок. Политехникалык институттун сыртына чыксам, ошол суудан чыгып калган балыктай сезчүмүн өзүмдү. Анан эле заман өзгөрдү. Элдин баарына эле айтам, Акаев мени эки жолу ыйлатты деп. Президент болгондо ыйладым, кыргыздын багы бар экен, ушундай академик, акылдуу киши келди, эми оңолобуз деп. Анан эле кадр маселесин Майрам чечип алганда, дагы ыйладым, эми кайда барып такалабыз деп. Кыргыз эмнеден куурап атат? Кадр маселесин чече албай куурап атат. Политехникалык институт эмне үчүн бөлүндү, билесиңерби силер? Союзга аты чыгып турган алдыңкы институт болчу. Ошол убакта Мамбетов Акаевдин атына бирдеңке деп айтып коюп, ошону ректорлуктан кетириш керек болду. Беш жылга шайланган ректорду кетире албайт экен да. Кетириш үчүн, институтту экиге бөлүп, анан кайра шайлады. Жалгыз маселе ушул болду. Кетирип туруп, бүт билим системасын талкалады. Аттуу-баштуу кишилерди болжоп атабыз да, ал келеби, бу келеби деп, анан Тентиев деген бала бар эле, болгону ага окутуучу. Студенттер көп арызданышар эле ал боюнча. Башканы кой, сабак өтө алчу эмес. Ошону коюп койду. Көрсө, анын аялы менен Майрам Акаева жакын курбулар экен. Анан ойлондум, ойлондум, Тентиевди көргөн сайын ушундай кантип болсун дейм. Анан арыз жаздым да кетип калдым. Жаңылган эмес экемин, жүрүп-жүрүп бильярд системасына түшүп калдым, Кудайга шүгүр, баары жакшы.

Н. Капаров: Ишеке докторсуңбу же кандидатсыңбы?

И. Жакыпбеков: Доктордук ишимди коргоонун алдындагы коргоодон (предзащита) өттүм, коргогонго жетишпей калдым. Союз тарап кетти. Башында мен Союздун тараганын түшүнбөй жүрдүм. Оңдой берди болуп, жанагы Тентиев келе калып анан түшүндүм. Көрсө, турмуштун эң мыктысы политехникалык институттун тышында экен.

О. Ш.: Бүгүн кантип элге китеп окутабыз? Ушул суроого жооп издейличи, темадан алыстабай…

И. Жакыпбеков: Мурдагыдай билип ал, билбесең уят болосуң деген тарбия жок азыр. Ошону билбей калып уят болуп калбайын деген ой келер эле. Азыр үчкө жетини көбөйтө албагандар деле телевизордон түшпөй калбадыбы.

Н. Капаров: Илгери Толстойдун учурунда орустар французча сүйлөчү да. Франция маданиятынын Россияга таасири чоң болгон. Толстой жанагы килейген романдарын жазып атып, французча жазып кетип атпайбы. Ал – Кубатбек Жусубалиев кыргызча жазып келатып, орусча жазып кеткендей кеп. Орус тилинде деле мыкты чыгарма жазса боло турганын көрсөтүп, революцияны Пушкин жасаган. Француз элинин жанында орус элинин жалпы эле деңгээли артта болгон да. Ошондон анан бир аз түптөлгөн интеллигенция каймактары алардан артта болуп калабыз деп, алар билгенди билбей калбаш үчүн, искусство болобу, адабият болобу, маданият болобу, казып окуй башташкан. Жамандын жаман жагын айтып атып, жамандын жакшы жагын унутпайын дегендей, Акаевдер бул жагынан өздөрүн байытып, интеллектуалдар болгон. Еврейлер менен аралашып жүрүшкөн да, а еврейлер бардык учурда өз билимин көрсөтөт.

Алар өздөрү көбүнчө технарь (техника илиминин адамдары) болуп, бирок маданиятта, адабиятта, искусстводо эмне болуп атканынан дайым кабардар болуп, ошонун деңгээлинде ой жүгүртүп, ошого жараша сүйлөшкөн. Алар менен отурганда сөзгө аралаша албай калганың, сүрөт искусствосун түшүнө албасаң, театрды түшүнө албасаң – кем болгонуң. Ишекем да ошол типтеги адам, техникалык билим менен кошо адабиятты алып жүргөн.

Ишекем туура айтат, бизде дамба жарылганда баары аралашып аккандай болуп атат. Өмүрү мамлекет эмес, андан кичинекей түзүлүштү башкарып көрбөгөн Акаевге килейген мамлекетти берди эле, такыр түшүнүгү жок кишилерди ар кайсы жерге коюп, ошол модага айланды кийин. Ли Куанды окуп алып, биздин президенттер үчүн аябай уялдым.

Ж. А.: Ошондо качан уялдыңыз? Мындай болуп калды да… Билбейм, Олжокенин деле ою ушундайбы, ушундай эмеспи… Менин сөз кылгым келип атканы бул: элге кадыры бар, сөзү өтө турган, элди муютуп, ээрчите ала турган аттуу-баштуу адамдар Атамбаевди тыйганга аракет да кылбай коюшту да, ар бири өз коңулунан чыкпай. Бирин-экин сын айткандар чыгып атты, бирок көптөп кетишсе кичине сестенет эле да.

И. Жакыпбеков: Мен Атамбаев тууралуу бир сөз айттым. Бейшен Болотбеков, Бекболот Талгарбеков, Алмаз Акматалиев ж. б. көп кишилер бильярд ойнойт. Чай койгонго киши керек деп, мени да кошуп алышкан. Ойноп атсак эле… айылда бир дөөпүрөс атыккан, ойду-тоону сүйлөгөн Күмүшкан деген жеңебиз бар биздин. Анан ошентип ойноп атсак эле телевизордон Атамбаев сүйлөп атат. Сөзүн угуп туруп, “Ахх, кайран жеңем Күмүшкан” дедим. Десем ал ким эле деди бирөө. Анан айттым, жеңем бар эле моминтип сүйлөгөн, байкушка бекер эле дөөпүрөс деп ат коюшуптур, Атамбаевди укса ал жеңемди антип аташпайт беле дедим (Баары күлүштү).

Бейшен эмгиче эле күлө берет, Ишеке дейт, бүт Кыргызстан дебейин, Кочкор районунда сиздин жеңеңизди тааныбаган киши калган жок деп. Болбосо бул кишинин сүйлөгөнү… мен мындан бай болчумун деген кайсы деңгээлдеги сөз? Менин оюмча онунчуну жакшы бүткөн бала деле минтип айтпайт. Жаш балдар менин оюнчугум мындай, андай дешет. Бир жолу бильярд ойноп атсак, бирөө келип, аттуу-баштуу кишилердин арасында эле манчыркап 500 долларын таштап атат столдун үстүнө. Карап туруп анан, мен мындайды күтпөдүм эле дедим. Десем, эмне болду дейт, Ош базарындагы көпкөлөң жаңы соодагердей болосуң дедим. Сенден башкада андан көп акча барын, бирок аны минтип көтөрө чаппаганга алардын акылы жетери жөнүндө ойлогон жоксуңбу дедим. Анысы кандай, Вольво эмес, самолет минип алсын, ошону айтпаганга акылы жетпеди.

Зайырбек Ажыматов

О. Ш.: Закеге сөз бербей атабыз, Зайырбек сен оюңду айтчы эй, тымпыйып отура бербей…

Зайырбек Ажыматов: Ушундай идеалогияны көп таратыш керек экен. Илгери биздин таенебиз бирөө элден артыкчаланып, обу жоктонуп сүйлөп калса эле… а көргөнсүз деп айтып калчу эле. Бала болуп башыбызга түк чыкканы жалаң эле ушул көргөнсүздөрдүн таасиринде келатабыз. Эч нерсени көрбөгөн, байлыгын көрсөткөн, отуз-кырк машине менен үйлөнүү той өткөргөн, мактаныч үчүн эле ысырапкорчулукка баргандарды көрүп келатабыз.

Анан жана маданият өкүлдөрү эмне үчүн унчукпай койду деген сөз айтылбадыбы. 25 жылдык убакытта маданият арткы планга калып калгандарынын себебинин бир жагы бар экен, кичинекей болсо дагы. Жакында мындай бир нерселерди уктум. Маданиятта аны түбүнө жеткен, дагы деле түбүнө жетип келаткан бир мафия келатыптыр. Мисалы, кино тартуу жагында тартылбаган кинолордун сметасы түзүлүп, миллиондогон акчалардын ар тарапка чачылганы жөнүндө маалыматтар бар. Маданият тармагы мафиялашып кетсе, сыйлыктардын бардыгы сатылып атса… сыйлыктын кантип таратылары жөнүндө маалыматтарды изилдеп көрдүм өзүм. Схема кайсы жерде бузулат?

Мисалы, райондук маданият бөлүмү көп жылдардан бери эмгек өтөп келаткан бирөөлөрдү жөнөтөт, алар маданият министрлигине келет, андан келип мамлекеттик сыйлык берүү комиссиясына түшкөндө, ал жерде жогору жактан бирөөлөр минтип атат, антип атат деп ар ким кирип бирөөлөрдү сунуштап эле жанагындай нерселер болуп атпайбы. Шоферлор “Манас” орденин алып атат. Ушунун бардыгы мамлекеттин маданий тармакта жүргөн саясатын, дегеле мамлекеттин ички өзөгүн талкалап, мите курттай жеп бүтүп атышпайбы. Мунун бардыгына азыр революция керек экен. Бардыгын кайра түзүп чыкпаса… жанагы китеп окуталы деген маселелер ошондон кийин гана чечилиши мүмкүн экен.

Долбоордун демөөрчүсү «Сармерден» рестораны

О. Ш.: Маданият саясаты жок да. Мына, учур адабиятынын ири өкүлү Нураке отурбайбы, бирок жалпы окурман билбейт бу кишини. Нуракенин кыгына кыл сая албаган адабияттын шайкалары китептерин үстөккө-босток чыгарып, өздөрүн профессионал адабияттын өкүлдөрү кылып таанытып атышат. Адабиятты пропагандалоо саясаты жок болуп атат.

З. Ажыматов: Адабиятты туура пропагандалоо жок. Журналисттердин чоң катачылыгы кайсы? Мен журналистиканы бүткөндөн бери маданияттан башкага акылым жетпейт, маданиятты эле жазам деп келатам. Анан эле кечээ сахнага чыккан эстрада ырчысын биринчи бетке алып чыгып, анын жеген тамагын, көйнөгүнүн размеринен бери, айтор ушуларды жазып атпайбызбы. Маданият деген ушу экен деп, коомчулукту жаңылтып атабыз да. Ошол эле учурда таланттуу, билимдүү актёрлорду, театрдын, опера-балет театрдын артисттерин эч ким тааныбайт. Ага ким күнөөлүү?

Ушинтип, маданиятты чагылдырып жүргөн журналистика туура эмес кетти. Кайра элеп, бардык системаны туура жолго салбаса, мунун бардыгы талкалануу жолунда баратат.  Талкаланып келдик, дагы да талкаланып атабыз. Компетентсиз, нарксыз адамдардын саясатка, базардан эле түз Жогорку Кеңешке келип атканынын бардыгы туташ, системалаш нерсе экен.

Чыгармачылыкты карасак, мурда чыгармалар жаралып, адабий сын менен бааланып, пропаганда болуп, окурман таап, анан ошол китептер өтүмдүү болчу эле да. Адабиятты үгүттөөнүн күчү кандай болоруна мисал келтире кетейин. Муратбек Рысбековдун бир ыры колуна тийип калган экен, Дональд Трамп жактырып, ага дүйнөлүк поэзия коомчулугунун көңүлүн бурдуруптур. Азыр Сингапурдагы бир басмакана сурап, англис тилинде басып чыгарып атат, эми ал жүз өлкөгө тарайт экен. Кокусунан болсо дагы, эмне болсо дагы, айтор кыргыз акындарынын бирине жакшы ийгилик болуп атат. Мына, пропаганданын күчү. Азыркы заманда адабиятты пропаганда кылыш үчүн дүйнөлөшүүгө ылайыкташкан башкача бир мамиле керек окшойт.

Уландысы>>>>>>>>>

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.