Кыргыз интеллигенциясынын көзү көр, кулагы керең

Бизге СССР деген байтүп дарак эбак соолуп, бутактары куурап-чирип жок болгондой туюлат. Аныгында: анын сээп кеткен үрөнү бүгүн да тамырын жайып, жайкалган бутактары жемишин берип жашылданууда. Маселен кайсы тамыры жайылып, кайсы бутагы мөмөсүн берүүдө дээрсиз. Жооп издейли… КМШ курамындагы өлкөлөрдөн Орусия өзү баш болуп мамлекеттик сыйлык-наамдарды жоюп салган жок. Эмнеге? Ал СССРден калган ошончолук ыйык мурас беле? Жок! Ал да өзүнчө кошоматчылар коомун түптөй турган эң мыкты иштелип чыккан саясый механизм эле. Ошол механизм аркылуу жасалма интеллигенция түптөлгөн, чыгармачыл союздар […]

Сулайман Рысбаев: Алтын баш (жомок)

Илгери-илгери бир абышка-кемпирдин картайганда көргөн жалгыз эркек уулу болуптур. Ошол уулу төрөлөрдө кайдан-жайдан экени белгисиз Албарсты кемпир келет да, толгоо тартып жаткан аялга: — Сен аман-эсен эркек бала төрөйсүң, — дейт, — ал балаң чоңойгондо чени жок тентек чыгып, эл караган бетиңерди жер каратат. Мындай баланын кереги жок десең, азыртан баш тарт, мен аны азыр эле думуктуруп жок кыламын. Куу баш өткөнчө туяк болсун десең өз азабың өзүңдө, — дейт. Абышка-кемпир Албарсты кемпирге жалынып-жалбарып, «Куу баш Курбанаалы» дегенче, тентек болсо […]

Жетиген АСАНБЕК: Шоу-бизнес – бул маданият тармагыбы?

Айтып оозду жыйгыча… дегендей эле кеп болду. Жакында “Сармерден” ресторанынын колдоосунда “РухЭш” сайты өткөрүп жүргөн баарлашууда маданият, адабият жаатында сөз болду. Анда белгилүү акын Зайырбек Ажыматов көп мүчүлүштүктү кеп кылып, арасында журналисттерге да сын айтты эле. Акындын сөзүн келтирейин: “Журналисттердин чоң катачылыгы кайсы? …кечээ күнү сахнага чыккан эстрада ырчысын биринчи бетке алып чыгып эле, анын жеген тамагын, көйнөгүнүн размеринен бери, айтор ушуларды жазып атпайбызбы. Маданият деген ушу экен деп, коомчулукту жаңылтып атабыз да. Ошол эле учурда таланттуу, билимдүү актерлорду, театрдын, […]

Аркадий АВЕРЧЕНКО: Философия (шедевр)

АҢГЕМЕ Дарыянын үстүндөгү асман батып бара жаткан күндүн кызылына боёлду. Күн магдырап жылуу эле. Эки эркек сууга түшчү көлмөдө чечинип жатышты, алар студент Гамов менен бухгалтер Безобручин. — Иштин баары сенин келесоолугуңда же кызыксыз экениңде эмес, Игнатий, — дейт студент,— жок, сен келесоо да эмессиң, кызыксыз да эмессиң. Бирок сен аялдар менен сүйлөшкөндө тандап алган манераң ушунчалык жагымсыз, алар таң кала карап туруп тескери бурулат же четке чыга беришет. Анчалык уяң, тоң моюн, унчукпас, оор мүнөздүн кереги жок. Аялдар менен […]

Аким Кожоев: Намаз окуу – бул чын ыкластуу диндарлар үчүн рухий тирек-жөлөк

Акыркы кезде кыргыз коомунда интеллигенция менен диний чөйрөнүн ортосунда элдешкистей каршылашкан маанай өкүм сүрүп баратканы өкүнүчтүү… Дээрлик жүз миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган 90-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуштун негизги себептеринин бири коомдогу жиктешүү болгон. Бир тараптагы эски коммунисттик режимди колдогондор менен экинчи тараптагы ислам мамлекетин курабыз деп жулунгандардын тирешүүсү акыр аягында кандуу кагылышка алып келген. Натыйжада канчалаган бейкүнөө адамдар набыт болуп, бул апаат тажик элинин тарыхында эң трагедиялуу окуя катары жазылып калды. Ал эми бүгүнкү кыргыз коомундагы пикир келишпестиктер, айрыкча интеллигенция […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Бейит башында

АҢГЕМЕ Ушул бейитке келип куран окуп, көчөт отургузууну жүрөгүмдүн тереңинде беш жылдан бери ойлогонум менен убак сааты чыкпай жүргөн. Күнүмдүк көр тиричиликтин түйшүгү менен болуп “мына барам, ана барам” менен убакыт өтө берген. Акыры келдим. Бул кыштакка чейин далай алыс жол жатса да баарына кол шилтеп чыгындым. Дөмпөйүп бозоргон бейиттин үстүндөгү топурак арасынан чычкан кулактанып, эми гана чөп башын көтөрүп келе жатыптыр. Былтыркы тулаң өз өмүрүн жашап бүтүп, жер менен жер болуп чирип жоголуп, ошол бозоргон тулаң калдыгы арасынан көк-мөк […]

Жүрөгүндө шайтаны бар адам оозунан кудайды түшүрбөйт

Григорий СКОВОРОДА (1722-1794), украин философу Билбеген дөдөй эмес, билгиси да келбеген анык дөдөй. *   *   * Өз кемчилигин айтуудан тайсалдаган адам бара-бара далай кылгылыкты кылып, кийин алардын бирин да моюнга албай актанган шылуунга айланат. *   *   * Сенин кемчилигиңди көрүп “боло берет” деп далыга таптагандардан оолак бол, андай өңдү көрсө, жүз тайгандар жеткен калпычы же суужүрөктөр. Башыңа күн түшкөндө курчооңдогу ошондойлордон кудай сактасын. Денис ФОНВИЗИН (1744-1745 же 1792), орус жазуучусу Жүрөгүндө шайтаны бар адам оозунан кудайды түшүрбөйт. *   *   * […]