АҢГЕМЕ

Дарыянын үстүндөгү асман батып бара жаткан күндүн кызылына боёлду. Күн магдырап жылуу эле.

Эки эркек сууга түшчү көлмөдө чечинип жатышты, алар студент Гамов менен бухгалтер Безобручин.

— Иштин баары сенин келесоолугуңда же кызыксыз экениңде эмес, Игнатий, — дейт студент,— жок, сен келесоо да эмессиң, кызыксыз да эмессиң. Бирок сен аялдар менен сүйлөшкөндө тандап алган манераң ушунчалык жагымсыз, алар таң кала карап туруп тескери бурулат же четке чыга беришет. Анчалык уяң, тоң моюн, унчукпас, оор мүнөздүн кереги жок. Аялдар менен сүйлөшкөндү билиш керек!

— Алар менен башкача кантип сүйлөшмөк элем!?

— Э, ардактуум, бул деген бүтүндөй бир илим… Аялдарга  эркек менен сүйлөшкөндөй мамиле жасаган болбойт, — анда эле анын мээси айланып, чаташтырып аласың. Сөзгө көп маани бербе, дабышың ишенимдүү чыксын, терең оюңду чай кашыктай жөнөкөйлүккө жеткир, айтайын деген жүйөлүү ойлоруңду майдалап, бөлүп-бөлүп айт — жыйынтык жомоктогудай эле болот… Тыйынга арзыбаган философия, түккө турбаган поэзия тартуула! Күндүн батып бара жатканына чогуу суктанып турсаңар, сезимиңди жобурап кооз сөздөр менен сүрөттөбө, андан көрө терең кериле дем алып: “Кандай керемет көрүнүш, чынбы? Кызарганын карачы!”- деп көз карашың менен туюндур. Ошол убакта бир колуң анын кымча белинде болсо — ага эч кандай сулуу сөздүн кереги жок.

— Кел бери, келе бер Лиза. Ой кудай ай, суу жыпжылуу! Ушундай да коркок болосуңбу!

— Коркуп атам… Кеч да кирип калды, экөөбүз эле болсок, суу да муздак болуш керек…

— А мен эмне коркпойм? Кел бери, жинди десе!.. Баары бир чечинип да алдың го.

Гамов тыңшап калды.

— Тиги аялдар жакта кимдер болду экен?

— Алар тиги кызыл дачадан келишти окшойт. Эки аял болчу, — ойлонуп туруп жооп берди Безобручин. – Алар биздин артыбызда келатышкан.

— Жүрү, Безобручин! – деди студент жылаңач төшүн алаканы менен чапкылап, —тигилерге сүзүп баралык.

— Эй, сени акылың ордундабы?!  Эрлери бар, кадырлуу аялдарды сүзө качырып кирип баралыбы? Ой, баракелде! Кыйкырык менен ызы-чуу салышса, бир балакетке кабылып кутула албай жүрбөйлү… соттон, күйөөлөрүнөн.

Студенттин жүзүнөн айтканынан кайтпаган көк беттиктин белгилери чагыла түштү.

— Коркуп жатасыңбы? Мен кеттим. Кааласаң шашпай сүзүп кел, тааныштырам.

Бухгалтер студентти кармап калууга аракет кылды эле, бирок тиги түнөргөн сууга шалп этип секирип түшүп, сүзүп жөнөдү…

Аялдар сууга түшчү көлмөнүн тепкичинде сууга түшчү көк майкечен аял, батып бара жаткан күндүн кызыл жарыгы  чагылышкан сууга бутун акырын малып көрүп олтурган. Суунун бети да, белине чейин суу кечип, балыр баскан жоон арканды кармап турган курбусу, курбусунун чачы да кыпкызыл эле.

Тепкичте турган айымды кыска бою, калп коркуп кылыктанганы, чечкинсиз, жай кыймылы менен чыңалып чытыраган сандарын акырын сылап турган ийкемдүү колдору айырмалап турду.

Ал эми суудагы айым — узун бойлуу, сулуу, кең көкүрөктүү денесине эркек балдардай ыкчам кыймылы коошпогон неме болчу.

— Кел бери, Лиза, коркпо!.. — Аңгыча, аларга бир нече кадам жерден суунун бети кайнап чыккансып көбүктөнө түштү да, ал жерден тоголок, карайган нерсе көрүндү, анан ал тоголок нерсе оозун кенен ачып-жаап, демин оңдогон студент Гамовдун башына айланды. Ал кербезденип чачын артка силкип салалары менен тарап койду да, өлгүдөй коркуп, кыймылсыз катып калган  айымдарга сугалак көзүн агытты.

— Mesdames, мен силерден чын жүрөктөн кечирим сурайм…

— А-а-ай! –деп кыйкырып жиберди узун бойлуу катын. – Ким бул?! Эркексиңби?!  Кантип бул жерге батынып келдиң, акмак! Жогол, көзгө көрүнбөй! Мен азыр элди чакырам!..

Гамов ийнине чейин сууда турган калыбында башын узун бойлуу катынга бурду да, кыскача мындай деди:

— Мына сиз мени акмак дедиңиз… Сиз муну өзүңүздүн ургаачы экениңизден пайдаланып айтып жатасыз, жана бул сөзүңүз үчүн сизге менден эч жамандык болбосуна ишенип турасыз…Ооба! Сиздики туура… Менин андай кылайын деген оюм жок. Бирок айтыңызчы, эмне үчүн мени биринчи эле жолу көрүп жатып, сиздерге жамандык кылат деген ой кайдан келди? Ишенсеңер, мен силерге…

— Кандай адепсиздик! – анын суу болуп шөмтүрөгөн башын жийиркенүү менен карады айым. – Биз коргоосуз экенибизден пайдалангыңыз келип жатат…

— Айымдар! – деп башын чайкады Гамов. – О, силер жаңылышып жатасыздар! Кудай ай, кандай гана жаңылышып жатасыздар!

— Сиздер, албетте, интеллигентция өкүлдөрү катары жакшы билсеңиздер керек, мисалы Трувилде, айымдар эркектер менен чогуу сууга түшө беришет…

— Калп айтпаңыз! – деп бакырды тепкичте отурган Лиза. – Алардын салты ошондой, ал жерде эркектер сууга кийүүчү костюм кийишет! А сиз жылаңачсыз…Кетип калыңыз!

— Сиз билесизби? —деди студент, Лиза тарапка жай гана кадам таштап,— Напалеондон анын ата-бабалары ким экенин сурашканда, башын бийик көтөрүп: мен өзүм кимге болбосун ата-бабамын! — деп жооп берген эмеспи. А биз эмне үчүн өзүбүзгө: мырзалар, биз ушул салтты өзүбүзгө киргиздик — деп айталбайбыз. Ал эми мен жылаңач болсом, денем мойнума чейин суунун астында турбайбы… андан эч нерсе болбойт. Андай эле кааласаңыз, Елизавета… кечиресиз, атаңыз боюнча кандай айтсам болот? Арка жагыңызда илинип, бирөөнү кургатсам деп күтүп турган турган сүлгүнү мага ыргытып коюңузчу. Ал менин уяттуу, жылаңач жерлеримди жакшы эле жабат…

— Берип салчы! — титиреңдеп ары бурулду, суудагы айым. — Тезирээк жоголсун.

— Макул, кетип деле калайын, — деп макул болду студент ыргытылган сүлгүнү шамдагайлык менен тосуп алып. — Бирок коштошордо айтып койгулачы: мени эмне жазыгым үчүн кубалап жатасыңар?

— Мына эмесе жаңылык! — деп алаканын жайды бойлуу айым.

— Кантип кубалабайбыз? Биз бул жерде сууга түшчү костюм менен жүрсөк, а сиз көзүңүздү тарталбай карайсыз… Кетип калыңыз!

— А? Эмне дейсиз? Азыр, азыр… Бирок мен бир нерсеге таң калып жатам… Эгерде, сиз театрда иштесеңиз, ал жерден бир кызматчынын партиясын аткарып жатсаңыз дейли, сиз трикочон элдин алдына чыгат белеңиз?… Анда да көзү алысты көрбөгөн бир бечара студенттин астында эмес, а миңдеген элдин алдында!.. Азыр эмне калп эле уялымыш болуп жатасыңар дейм да?

— Ал деген театр,— деп каршы болду Лиза. — A бул — сууга түшчү көлмө!

— Кечиресиз, — сылык жылмайды студент, суудан чыгып сүлгүгө оронуп жатып, бирок айырмасы эмне? Экөө бирдей эле да, факт деген факт!

— Кайсы факт? — деп түшүнбөй калды Лиза.

— Жанагы, сиз айтып жаткан.

Лиза эч кандай факт жөнүндө айткан эмес. Бирок студенттин жайбаракат, салмак менен чыккан үнү аны тең салмактан чыгарып жиберди, ал араңдан зорго жооп тапкансыды:

— Унутпаңыз, биз деген үй-бүлөлүү айымдарбыз, а сиз бизге чоочун адамсыз!

— Элестетип көргүлөчү, айымдар, — деп баштады студент, ал акырындап Лизага жакын жердеги тепкичке жылып отурду. — Элестетсеңер, өз убагында силер азыркы күйөөңөр менен эмес, мени менен жолуктуңар деп коёлу. Анан мага турмушка чыктыңар дейли — анын эмнеси бар экен!  Ошондо мен силерге жолугууга укугум  болот беле… Силер анда таптакыр уялбайт болчусуңар. Ошондуктан — кокустан болгон нерселерди эле принципке айланта берсек болобу?

— Ал эмне болгон принцип экен? —деп кобуранды, аркандын жаныда турган сулуу айым.

— Силер жанатан бери карманып жаткан…

— Түшүнсөм кудай урсун, эмне жөнүндө айтып жатканыңызды… Бир гана нерсеге таң калам да: эмне болот деп артын ойлобой, кантип уялбай келдиңиз дейм да?

— Айымдар! Чындап айтканда, азыр силердин жаныңарда беш кадам аралыкта олтурамбы же мындан кырк кадам алыстагы өзүмдүн көлмөмдө турамбы, айырмасы эмне? Ошол болбогон отуз беш метр силердин тынчыңарды алып жатабы? Же жакын келип сүйлөшүп турганыбыздан бул дүйнө өзгөрүп кеттиби?.. Эгерде, кийимчен — мындай болушу толук ыктымал: концертте мындан да жакын, бири-бирибизге ийинибиз тийишип отурсакчы… Демек, бардык маселе кийимдеби? Ушул түркүн түстүү бир кучак кездемеден тигилген — болбогон бир келесоо чалыш, акылынан айныган же болбосо айыкпаган бир оорулуу тигүүчү тиккен кийим бардыгын чечеби?

— Кандай кызык адамсыз… Отуруп алып ар кайсыны айтып башты ооруттуңуз. Бирок билсеңиз, сизди көрөлүк деген көзүбүз жок!

— Ай кудай ай! Биз байкуш эле элбиз да… Белчебизден болбогон шарттуулуктарга батып алганбыз. Силер мени эркек болгонум үчүн эле кемсинтип, кубалап жатасыңар… A эгерде менин ордумда азыр семиз, киши карагыс, орой соодагер катын келсе, ага бир жаман сөз айтпайт болчусуңар… А эмне үчүн? Ал аял болгону үчүн элеби?  Андай билими жок дөдөй неме — менден эмнеси артык?

— Гм… Ал баары бир аял да…

— Аял, эркек — ойлонуп көрсөк эмне айырмабыз бар?.. Кокустуктан эле же аял, же эркек болуп төрөлөт экенбиз! Ошол кокустуктун айынан эле мен кайдагы бир базардагы соода кылган аялдан кем болуп каламбы?… Өкүнүчтүү! Кылымдагы эң чоң акыйкатсыздык…

— Бирок сиз аялдардын уялчаактыгын унутуп жатасыз! — деди Лиза, жылаңач буттарын тепкичтен алып, тизесин эки колу менен кучактай олтуруп.

— Аялдардын уялчаактыгыбы? Жаман нерседен уялыш керек: уурулук кылуудан, адамды өлтүргөндөн… Кебетеси суук аял өз кемчиликтеринен уялышы мүмкүн — ичке, ийри буттарынан, шалбыраган көкүрөгүнөн (аркандын жанындагы айым боюн түзөп, тырсыйып жакшы өнүккөн төшүн колу менен сылап жибергенин өзү да байкабай калды), a сулуу айым эмнеден уялыш керек? Кудай ага сулуулукту берсе, ал аны көрсөткөндөн уялса — ал бардык жан-жаныбарларды жараткан, Улуу, баарынан Акылман, Түбөлүктүү Кудайдын астында күнөөкөр болбойбу…

Студенттин сөзүндө адамды жоошутуп, магдыраткан бир нерсе бар эле. Ал Лизанын тизесин кучактап олтурган колунан тартып:

— Мына бул колдордон артык, ушул жаратылыштын ченебей берген сулуулугунан артык эмне болушу мүмкүн, — деп таазим кылып башын ийип назик өөп койду.

— Ай, — деп чырылдап жиберди Лиза. — Оля, ал менин колумду өөп жатат… Ой! Карасаң ал менин жанымда олтуруп калыптыр… Кетиңиз деп жатам бул жерден!!

— Азыр кетем, — деп убада кылды студент — Бир мүнөт… Бирок өтө өкүнүчтүүсү жана мени капа кылганы (үнү чын эле ыйлап ийчүүдөй титиреп, муунуп чыкты) — эмне үчүн кечелерде ар бир келесоо, алдагы татынакай колуңуздан өбө алат, а мендей тынч, уялчаак кишиге болбойт…

Оля алаканы менен сууну чаап каткырып жиберди.

— Уялчаакпы…Аябагандай уялчаак экенсиз. Тааныбаган аялдардын жанына келип олтуруп алып, сүлгүрүн алып оронуп алып… Ар кайсынын башын чаргытасыз….Жоголуңуз бул жерден!  Мени тиктебеңиз!

— Караганга да болбойбу?  — деп ойлуу үн катты студент. — Бул деле тамырын  көрө билгенге жөн гана шарттуулук… Мына астыңызда мен турам го, уялбаңыз, канча кааласаңыз карай бериңиз…

— Анын мага эмне кереги бар! —деди да, Лиза студенттин жылаңач билектерин көзүнүн кыйыгы менен карап койду.

— Га-амов! — алыстан зериккен үн угулду — Көпкө жүрөсүңбү?

— Ах, эстен чыгып кеткенин кара,— деди  Гамов.— Мени тыякта жолдошум күтүп калды… Силер менен сүйлөшүп жатып алаксып кеткен экенмин. А, балким… Игнатий! Сен бери көздөй сүзүп келип жүрбө!

— Жинди болдуңузбу?! — ачууланды Лиза,— дагы кимди чакырып жатасыз?

— Менин досум, анын эч бир жанга зыяны жок! Силер аны бир аз колдоп койгула. Тааныш эмес адамдарга жолукканда сүрдөп кетмейи бар. Сиздерде жаратылыш берген камкордук бар  экенин сезип турам…

Суудан бухгалтер Безобручиндин башы көрүндү.

— Сиздер… негизи, mesdames, — аялдарга жалооруй карап, уялганын билдирбеске аракет кылып, оозун эптеп кыбыратып жатты,— бул шарттулук. Эгерде сиздер операда ырдасаңыздар…

— Болду эми, кел,— тигиге мыйыгынан жылмайды студент.— Олтур! Мына, сүлгү сыяктуу бир нерсе бар экен, оронуп ал…

— Кандай тарбиясыздык! — жаны кашая түштү Олянын.— Ал менин сүлгүм! Күйөөлөрүбүз шаардан келип, билишсе эмне болорун билесиңерби…

— Алар эч нерсени билишпейт, — деп тынчтандырды Гамов.  — Биз эч кимге айтпайбыз. А бул болсо айымдар, Игнатий Безобручин, өнөр жайчы жана соода кызматкери. Аябай жакшы ырдайт, угуп эле тургуң келет. Эгерде, сиздер эки стакан чайга чакырсаңыздар (эки эле стакан чай — андан көп эмес), ал сиздерге каалаган ырды ырдап бермек. Пианино барбы?

— Ошондо,— деди Лиза, башын чайкап,— сиздер эмне конокко чакырышса деп турасыңарбы…

Үшүп титиреп жаткан бухгалтер сүлгүдөн сороюп чыга түшкөн колун артка тартып, сүлгүргө катып алды да, тиштерин шакылдатып өз билдирүүсүн жасады:

— Ойлоп көрсөк чакыруу деген эмне?.. Ал бир шарттуу нерсе да!.. Эгерде жак-шылап ойлоп көрсөк…

— Туура,— башын ийкеп тигини кубаттап койду студент,— дал ушундай болуш керек, Игнатий. Түшүндүңбү?

Ал Лизанын колунан дагы бир жолу өптү да, башын ийип:

— Merci чакырыгыңызга. Азырынча кош болуңуз. Кийиниңиздер. Биз сыртта күтүп турабыз…

Кызыл дачага төртөө чогуу кайтышты… Студент, эки бети албырттап кызарып, ууртунан жылмаюу кетпеген сары чачтуу Оляны колтуктан алып, бакылдап жатты:

— Ооба, качандыр бир убакта мен сизди өөп койсом, андан эмне болот элеңиз —анын жаман эмнеси бар? Эгерде жакшылап ойлонуп көрсөк…

— Негизи бул жөн гана шарттулук,— деп коштоду бухгалтер, ийниндеги суу сүлгүлөрдү оңдоп жатып… — Чынында эле тереңирээк ойлоп көрсөк!

— Алибетте, эгерде ойлоп көрсөк…— ага макул болуп, колдоп койду Лиза, тигинин колтугуна ыктап.

Которгон Абийрбек Абыкаев

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.