Бизге СССР деген байтүп дарак эбак соолуп, бутактары куурап-чирип жок болгондой туюлат. Аныгында: анын сээп кеткен үрөнү бүгүн да тамырын жайып, жайкалган бутактары жемишин берип жашылданууда. Маселен кайсы тамыры жайылып, кайсы бутагы мөмөсүн берүүдө дээрсиз. Жооп издейли...

КМШ курамындагы өлкөлөрдөн Орусия өзү баш болуп мамлекеттик сыйлык-наамдарды жоюп салган жок. Эмнеге? Ал СССРден калган ошончолук ыйык мурас беле? Жок! Ал да өзүнчө кошоматчылар коомун түптөй турган эң мыкты иштелип чыккан саясый механизм эле. Ошол механизм аркылуу жасалма интеллигенция түптөлгөн, чыгармачыл союздар негизделген. Айталы: жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор, кинематографисттер ж.б. … чыгармачыл союздар – СССР идеологиясын жайылтуучу рухий аскерлер болгон.

Арийне, «рухий аскер» саналган жасалма интеллигенциянын шымаланган алдыңкы өкүлдөрү мамлекеттик сый-ургалдардан (привилегия) куру кол калган эмес.

СССР жаназасы эбак окулуп, «оомийин» болгону менен: демократия жараянын жар салган өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы союздун идеологиялык бул мурасын сактап келатканынын кээрин тартып атабыз бүгүн. Тартканыбыз ушул – интеллигенция чөйрөсү улут абийири болгонго жарабады. Тескерисинче, кайсы бийлик, кандай режим орнобосун – бийликтин кол баласына айланган интеллигенция өз арына келбей койду.

Арийне, Кыргызстан өз эгемендигин шардана кылып, демократия багытына жүз бургансыганы менен коомдун эң алдыңкы интеллигенция катмары бийликке шыйпаңдаган кошоматчылыктан кол үзбөдү. Чындыктын тили менен сүйлөп, коомду чындыкка тарбиялоого үйрөтпөдү. Арасынан бийликке каш кагып каяша айтчулары беш манжага толбой келди.

Анткени мурда түптөлүп калган мамлекеттик сый-ургалдарга кур үмүт арттырган саясат да токтоп калбады. Тескерисинче, күчөдү. Себеби, сыйлык-наамдын артында жашынган курпенделик азгырыктардан баш тартууга аттуу-баштуу интеллигенциянын аксакал-көксакалдарынын да эч биринин эрки жетпеди.

Көз кызарткан ал азгырыктар кайсы десек: кокус көзүң өтүп кетсе, сөөгүң «Ала-Арча» көрүстөнүнө ардакталып көмүлөт экен; оору-сыркоого кабылсаң, жалаң эл жакшыларын гана жаткырган ооруканадан дарыланууга укугуң бар; мамлекеттик сыйлык-даражаңа жараша айлык төлөнөт же пенсияңа пул кошулат (албетте, кийин өкмөт казынасы көтөрө албагандан улам бул сыяктуу маянага кошумча төлөмдөр жана айрым жеңилдиктер жоюлуп калганы белгилүү) деген кур үмүткө алдануу бизде эмне деген зор таланттарды майдалап жиберди?!

Каныбызда – мансапкорлук дымак, психологиябызда – кулдук сезим күч экен; элдин арасында өзүн даражалуу киши катары көрсөтүш үчүн өзүн куру дегенде КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер катары көрсөткүсү келип чычайып басып жүргөндөр чекеден табылат.

Эл баатырлыгынан тартып, «Манас» орденин тагынып, Эл артисти, Эл жазуучусу, Эл акыны наамын алып жүргөнү канча? Реалдуу чындыкта: эмгеги зор чыгармачыл интеллигенциянын көптүгүнөн ошончолук эле адабият, маданият чайгоолоп өнүгүп кеткени кана? Театрды сүйгөн масса же китепкөйлөр саны ошончолук арбып кеттиби бизде?!

Адабият, маданият күйөрмандарыбыз саналуу экенин турмуш чындыгынан көрүп жатабыз го: аттуу-баштуу жазуучу же акындардын эң аз тиражда чыккан (300 же 500, ашып кетсе 1000 тираждан) китептери да дүкөндөрдө чаң басып, окулбай жатат! Мечиттерге же той-торопого котолоп баргандай театр босогосун аттаган калың топ же акын-жазуучулардын чыгармачыл кечелерин чыдамсыз күткөн китепкөйлөр барбы? Жок! Анан эле адабият, маданиятка эмгек сиңиргендердин саны талаадагы айгыр тепектей жайнап кетти.

Арийне, элди адабият, маданиятка тарбиялай алган жокпуз, бирок адабият, маданиятка «эмгек сиңиргендердин» саны кыргыз армиясынын санынан ашып түшөт! Тилекке каршы, алар чыныгы рухий аскер боло алдыбы?! Маданият, адабият ишмерлерине караганда диний ишмерлер активдүү экен, караламан калкты мечитке ээрчитип кетти. А интеллигенциянын артынан ээрчиген масса барбы бүгүн?!

Интеллектуалдуу мутанттардын заманы

Илим чөйрөсүнө келсек, доктор, профессор, академиктердин арасында илимий даражага ноюбас мээнет, көжөлгөн көктүк менен жеткендери да чанда. Ал чөйрөнү чөөдөй каптаган интеллектуалдуу мутанттардын далайы илимий даражаны сатып алгандар жана илимий-изилдөө иштерин кароодон өткөргөн комиссия курамындагыларга мыктылап банкет уюштуруп, чай берүү жөндөмүн өздөштүргөн шылуундардын эле армиясы болуп калганы жашыруун эмес.

Ошондон улам мындан эки ай мурда Башкы прокуратура тарабынан «уурдалган илимий изилдөөлөрдү каржылады» деп Билим берүү министрлигине караштуу Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш иши бекеринен козголду дейсизби, бурадар? Башкы прокуратура 40тан ашуун иш плагиат менен жазылганын билдирип, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын, мунун ичинен 30 иш уурдалганын, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулганын коомчулукка жарыялады.

Эң кокую – 2015-жылдан 2018-жылга чейинки текшерүүдө буга жооптуу адамдар тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн, мыйзам талаптарына чыйт түкүрүп, илимий-изилдөөчү иштерди бекитип, кийин алар өлкө бюджетинен каржыланганы! Анан да уурдалган эмгектерди каржылоого мамлекеттик бюджеттен 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөргө 5 млн. сом төлөнүп, дагы ушул сыяктуу долбоорлорго аталган департамент 17,5 млн. сомду негизсиз бөлгөнү – эмне деген жосун?!

Рухий аскерлер бийликке эмне үчүн керек?

«Ач иттин үмүтү сокур итте» дегендей, кыргыз бийлигинин ишеними – интеллигенцияда, интеллигенциянын ишеними бийликтегилерде. Бирок караламан калктын бийликтегилерден да, интеллигенциядан да эбак ишеними сууп бүткөн. Анткени экөө тең коомдун эң эки жүздүү, эң абийирсиз катмарынан түптөлүп келген.

Интеллигенция катмары мамлекеттик сыйлык-наамдарга үмүт артса, мансапкорлор интеллигенциянын колдоосу менен бийликти колдон чыгарбоо же бийликке жетүү амалын билип алган үчүн айрыкча А.Атамбаевдин заманында сыйлыктар ат тезеги кургай электе таратылып келгени эле ушул макаланын маани-маңызын кашкайта ачып берет…

Аныгында: шайлоо өнөктүгү күчөгөн маалда бийликтин партиясы үчүн интеллигенция эң зор ролду аткарып бере турган күч экенин А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаевдин бийлиги абдан мыктап өздөштүрдү. Ошол себептен мамлекеттик сыйлык-наамдар көп учурда өз ээсин таппай, өңчөй кодура таланттар менен бийлик өкүлүнүн алдында жойпоңдоп жоргосу чыккандардын көбү куру кол калган жок. Негизинен бийликтин сары эсебине илингендердин көбү – кези келгенде бийлик тобундагыларга арка-белдей күч болуп берүү.

Кезинде ыраматылык Чолпонбек Базарбаев Маданият министри болуп калды. Ал кезде мен өнөр өстөнү жөнүндө бирин-экин макала жазып, гезит-журналдарда ырларым жарыяланып, дымактуу кезим. «Кербез» аттуу музыкалык басылма жарыкка чыгып, калем кармасам эле бирөөнү «шылып» түшкөндү негизги озуйпамдай көрүп, маданият министринин ишмердүүлүгү туурасында кылдан кыйкым издегенге көнүп алгам. Өзгөчө ошол кезде маданият тармагы чоң кризиске кабылганына кабыргасы кайышкандар көп эле. Ошол нааразы болгондордун оозу менен Базарбаев жөнүндө сындарды «Кербезге» көп жарыялачумун. Биринин артынан бирин…

Бир күнү министрдин катышуусу менен маданият өкүлдөрүнүн чоң жыйыны болорун угуп, жөнөп калдым. Жыйын Кыргыз драма театрынын чоң залында башталды. Залда өңчөй дөө-шаалар. Ыраматылык Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Арсен Өмүралиев, айтор СССР жана КР Эл артисттери жык-жыйма. Баары маданият министринин ишмердигине нааразы экенин айтып, Базарбаевди айда талоонго алганга өтүштү. Бир убакта залдагы эл күтпөгөн шумдук болду: баятан элдин нааразылыгын угуп, башын шылкыйтып отурган маданият министри трибунага чыкты. Шарт-шарт кадам шилтеп, жаркылдап… Баятан элдин жемесин угуп отурганы менен, бирок эч күнөөсү жоктой жүзү жарык эле…

Колуна калың доклад кармаган Чолпонбек агай трибунага чыгары менен: «Айланайын, бир туугандарым! Кесиптештерим! Мен сыйлаган улуу залкарлар отурасыңар. Албетте, силердин алдыңарда тоодой күнөөмдү сезип атам. Мен бүгүн, мына бул докладды атайы түнү бою даярдап келдим эле. Бирок баятан сезип отурам, ушул докладдын эч кереги жок экенин. Ага эч кимиңер кызыкпайсыңар дагы. Эми мен силерге кесиптеш катары, бир тууган катары айтайын. Мен маданиятка чоочун адам эмесмин…» — деп келип, ичинен жарылып алды.

Көкүрөгүндө болгон бугун минтип төктү: «Азыр дүйнө эмне болуп атат? Маданият тармагындагы кризисти айтпайлы, килейген өндүрүштөр, завод-фабрикалар кыйрап атат. Бир кездеги империя деген СССР кыйрады, ошол килейген системанын тагдыры кыйрагандан кийин, искусство эмне болуп калыптыр?! Бир эле Кыргызстандын маданият министри ушундай акыбалга келген жок бүгүн! Менин ордума сыйкырчы бирөө келсе да маданият тармагын көтөрө албайт. Мен колуман келген бардык аракетимди кылып атам, эмне кыл дейсиңер!? Маданиятты көтөрүү жалгыз менин колумда эмес, ушул залда отурган баарыбыздын колубузда. Бул жерде менден кадырлуу, бийликтегилерге сөзү меникинен өтүмдүү улуу таланттар отурасыңар. Бирок урматтуу аксакалдар, кимиң мага ушуга чейин: «Кел, Чолпонбек! Маданиятты көтөрүү баарыбыздын милдетибиз, бизден кандай жардам керек?» деген маселени койдуңар? Мага келгениңер эле сыйлык, наам сурап келет экенсиңер. Эгер маданиятка чындап күйсөңөр, силер да мага жардам бергиле. Президентке кирели, премьер-министрге кирели. Аларга менин сөзүм өтпөсө, силердики өтөр…», — деген кыска, так сөзү менен залдагыларга бир сыйра таарынычын айтты эле, отургандар өздөрүн күнөөлүү сезип тып эле басылды.

Ошондо Чолпонбек агайдын чын жүрөгүнөн айтылган акыйкат кеби маданият ишмерлеринин биринин да башына келбегени залга «жарк» эткен чагылгандай таасир этип, ага чейин министрге жаалданып, нааразы болгондорду заматта жибитип жиберди. Министрдин ишмердигине нааразынын баары Чолпонбек агайдын бир-эки мүнөттүк жогорудагы сөзүнөн кийин капиталисттик заман деген эмне экенин ошондо гана түшүнгөнүн көрдүм…

Бул мисалды айтып отурган себебим, адабият, маданият ишмерлеринин дээрлик көпчүлүгү эгемендик жылдарынан бери эле бийликтегилерден мамлекеттик сыйлык-наам суранганы, тиленгени токтобой келет. Аларды эч бир руханий жакырчылык тынчсыздандыра элек. Ар кимиси жеке керт башынын даражасын көтөрүү максатында кайсы кабинеттин каалгасын кагып, кимдин колун кысса, мамлекеттик сый-ургалга «татыктуу» баасын алуу аракети менен жашап келген үчүн бизде «рухий армиянын» катары калың болгону менен рухий жакырчылыкта жашап келебиз!

Олжобай ШАКИР

«Азаттык»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.