Айтып оозду жыйгыча… дегендей эле кеп болду. Жакында “Сармерден” ресторанынын колдоосунда “РухЭш” сайты өткөрүп жүргөн баарлашууда маданият, адабият жаатында сөз болду. Анда белгилүү акын Зайырбек Ажыматов көп мүчүлүштүктү кеп кылып, арасында журналисттерге да сын айтты эле.

Акындын сөзүн келтирейин:

“Журналисттердин чоң катачылыгы кайсы? …кечээ күнү сахнага чыккан эстрада ырчысын биринчи бетке алып чыгып эле, анын жеген тамагын, көйнөгүнүн размеринен бери, айтор ушуларды жазып атпайбызбы. Маданият деген ушу экен деп, коомчулукту жаңылтып атабыз да. Ошол эле учурда таланттуу, билимдүү актерлорду, театрдын, опера балет театрдын артисттерин эч ким тааныбайт. Ага ким күнөөлүү? Ушинтип, маданиятты чагылдырып жүргөн журналистика туура эмес кетти”.

Сөз эмнеден чыгып жатканын зирек окурман баамдады. Кечээ жакында белгилүү эстрада ырчысы кайсы бир тойдо алпаруучуну чачтан алып, бир нече кишинин ажыратканына болбой тырмышып атканын өзүнүн соцтармактагы баракчасына жарыялап: “Сүйрөп баратканымда кармап калышты, мага кол көтөрдү эле майлуу жообун бердим” дептир камаарабай, тескерисинче сыймыктанып.

Баамымда окуя жаңы эле нары жактан күлүп-жайнап ырдап чыккандан кийин болуп атат. Ошондо бери карап жылмаңдап, нары карап жулмалап аткан болуп атпайбы. Элге белгилүү эмес, катардагы карапайым адамдардын арасында мындай жосунсуз жорук болгон болсо, жарыяламак түгүл, эл укса эмне дейт кокуй деп ата-эненин жети өмүрү жерге кирчү эле. Коомдун маданияты, адеп-ахлак деңгээли канчалык төмөн түшкөнүн ушундан көрүңүз. Бул тууралуу соцтармактарда айтылбаган эч нерсе калбады окшойт, аны ортого салып сөз кылуунун зарылчылыгы да жок эле.

Зарыл болгону, менин айтайын дегеним, күйгөнүм – шоу-бизнес коомдун маданиятын байытууга эмес, тескерисинче, руханий боштугун жеңил-желпи баалуулуктарга “шыкап”, жакырдантууга салым кошуп жатканы болууда. Шоу-бизнес – өтө кооз, бирок ичи бош кутудай болуп, сырткы сулуулук менен, жылтыр-жултур, кызыл-тасыл түс менен көпчүлүктүн көңүлүн алагды кылып, адамдын көкүрөгүнө нарк-насилдин, адеп-ахлактын, адамдык асыл сапаттардын үрөнүн салып бере албай атат.

Коомдун көкүрөгү бош, айдаган жакка агылып, жалаң убактылуу, сырткы жылтыр-жултурга, акчага жетеленип турат. Ага миң сомдук добуштар күбө. Элим деген өз уулдарын каматып аткан сотторду бийликтин улам бийик тепкичине көтөрүп келаткан парламент депутаттарын эл өзү шайлап алганы күбө. Санай берсек санаага батырган жагдай көп.

Ырчы-бийчилердин ишмердиги базар экономикасынын шартында шоу-бизнес аталып, бул тармактагылар жакшы эле ыгын таап алышты окшойт. Эзелтен ыр-бий маданияттын бир бутагы болуп, адам баласынын жан дүйнөсүнүн талабын канааттандырып, жан дүйнөсүн руханий азык менен сугарып келген. Суроо туулат: бүгүнкү күндөгү шоу-бизнести маданият тармагы дегенге болобу? Шоу-бизнес өкүлдөрүн маданият өкүлдөрү деп айта алабызбы? Ырдап атат, бийлеп атат деңизчи.

Демократиянын шартында элексиз эшик кенен ачылып, баары колунан келгенин тартуулоого укуктуу, баары көңүлүнө жакканды тандоого укуктуу. Жыргал! Бул эркиндик кимге жакпасын. Бирок маданият өкүлдөрүндө элди руханий жактан азыктандыруу деген жазылбаган милдет бар экенин, өнөрдүн, таланттын жоопкерчилиги бар экенин азыркы шоу-бизнес өкүлдөрү аңдап түшүнөбү? Билеби деги? Өнөр акча табуунун гана жолу болуп калган жокпу?

Ушул жерде журналисттердин орду чоң роль ойноп атат. Зайырбек акын белгилегендей, алардын кийген-ичкенин, кандай той бергенин, туулган күн өткөргөнүн, кайда барып эс алганын, ж. б. ушундай майда-чүйдө аки-чүкүсүнүн баарын байма-бай, биринин артынан бири коомчулукка жарыялап жүргөн журналисттер коомдогу жогорку милдетин түшүнүп иштеп жатышабы?

Коом эмне үчүн мамлекеттин географиялык чек арасын эмес, интеллектуалдык чек арасын (Коомдун, кийинки муундун аң-сезими эмнеге сугарылып атат? Чет мамлекеттер мектеп куруп, окутуп атышат. Алардын өз кызыкчылыктары биринчи орунда болорун эсибизден чыгарбаш керек) эмес, улуттун эне тил абалын, сратегиялык объекттеринин мамлекеттин кызыкчылыгына же башка жакка иштетилип атканын, деги эле мамлекеттигинин бекемделишин, дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлешин эмес, кайсы бир “жылдыздын” эмнеге ажырашканын, кайсы бир эки “жылдыз” эмне үчүн урушканын, кайсы бир “жылдыздын” ким менен “жүргөнүн” көбүрөк талкуулайт?

Алардын азыркы мамлекетте эмне болуп атканы менен чарба-чатагы барбы? Тойдо ким биринчи ырдайт деген гана санаа менен жашап жүрүшсө, ошол санаа менен чачташып жүрүшсө, аларды карап өсүп келаткан муунга дагы деле ошолорду тынымсыз көрсөтө берүү керекпи?

Көпчүлүк журналисттер, көпчүлүк маалымат каражаттары, теле-радиодон болобу, гезит беттеринен болобу, коомдун талкуусуна так ошолорду гана тоокко жем таштагансып таштап келатышат.

Базар экономикасынын шартында суроо-талапка жараша сунуш кылышыбыз керек, ошондо ишибиз жүргөн атат, ошондо бизди көрөт, ошондо бизди угат, ошондо бизди окуйт, ошентип жан багыш керек деген жүйө айтылар. Бирок азыр утуш үчүн, келечекке чоң уттуруп атканыбызды, убактылуу утушка ээ болобуз деп, коомдун тайыз табитин калыптандырып койгонубузду түшүнгөнгө мезгил эчак эле жеткен.

Эми коомдун табитин чыныгы баалуулуктарга, күнүмдүк эмес, түбөлүктүү баалуулуктарга карай калыптандырууда, эң биринчи так ушул журналисттер белсене кириши керек. Элге акты ак, караны кара деп акыйкаттыкты көрсөтүү керек. Болбосо, көмүр деген апакай болот, кардын өңү капкара деп безелене ырастап, микрофонго жулунган депутаттар парламентте көпчүлүк добуш болуп отурушат. Өзүбүзгө өзүбүз жем болуп, майдаланып бүтүп кала электе, эсибиз барда этегибизди жаап калалы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.