Нурзада Кубанычбекова: Чала молдо эл бузат

Улам барган сайын мечиттердин саны көбөйүп, динге үгүттөгөндөр четтен чыгат. Топ-топ болуп ээрчишип, үй-үйлөрдү кыдырып, кайырчыдай болуп мечитке барып кой деген дааватчылардын саны күн сайын өсүүдө. Көчөдө оронуп-чулганып жер чийип, анысы аз келгенсип жердеги болгон ыпыр-сыпырдын баарын кошо ал кеткен көйнөктөр мындан толтура. Эртеңибиз кайда баратат? Бул өңдүү маселелер бир канча ирээт талкууланса да, коомчулуктун олуттуу көйгөйүнө айланып бара жаткансыйт. Кыргыздын канга сиңген нарк-насили кайда кеткен – жер сыйпалап таппайсың. Дырдай жылаңач жандар андан көп. Түнкү көңүл ачуучу клубдар шойкомдуулардын […]

Америка жомогу: Эркектин күчү жана аялдын бийлиги

Аял менен эркек алгач жаратылганда күчтөрү бирдей болуптур. Мындан улам күрөшө кетишсе же мушташып калышса дайыма тең-тең чыгышчу экен. Бир ирет эркектин башына мындай бир пенделик ой келет: “Барып Кудай менен сүйлөшүп көрөйүнчү. Болбосо аял менен алышып жүрүп чарчадым. Балким, Жаратканым мен суранганда ак көңүлү кармап турган болсо, алымды аялдыкынан ашыгыраак кылып берер…” Ушундай үмүт менен асманга көтөрүлгөн ал Кудайдын алдында колун бооруна алып суранат: — Жаратканым, сен ааламды аңтарып, күндү көңтөрүп жибергидей кудуреттүүсүң. Анан да абдан ак көңүл, адилеттүүсүң. […]

Конкурска: Айтматов жана өзбек прозасы

Сюжеттик, образдык, стилдик байланыштар жана адабий чыгармачылык таасирлер №14 Дүйнөлүк адабияттын талашсыз классикасына айланып, тарыхта аты калган У.Шекспир, А.С.Пушкин, Л.Н.Толстой, Ф.Достоевский, А.П.Чехов, Э.Хемунгуэй, А.Шолохов сыяктуу жазуучулар бүтүндөй бир доордун, бир элдин же бир жазуучунун чыгармачылыгына тийгизген таасирлери тууралуу миңдеген эмгектер жаралган жана жарала бермекчи. Мезгил өткөн сайын алардын катарына Ч.Айтматовдун да ысымы кошулууда. Албетте, жазуучунун өзбек, же казак, же азербейжан, же дагы башка адабияттарга тийгизген таасири, анын башка улуттук адабияттар менен байланыштары көптөгөн адистер узак жылдар отуруп алып изилдөөчү тема. […]

Феликс Кривиндин алакандай аңгемелеринен

БЕРИЛИП ИШТӨӨ Тиштери тегиз эмес Тарак өзүнүн кызматын өтө берилгендик менен аткарып жүрдү. Бир күнү Тарак жумуш ордуна келип шашып калды: — Мына сага: башта үч эле тал чач калыптыр! Эми ким менен иштешим керек? Ага эч ким жооп кайтарган жок. Бир гана төбөдөгү Жалтырак кайгылуу жылмайды. Анын бул жылмаюсунда күзгүдө чагылгансып Тарактын көп жылдык эмгегинин натыйжасы чагылып турган эле. СЕКУНДА Ар бир секунданы үнөмдүү пайдалануу тууралуу катуу сөз болду. Адегенде Жыл сөз алып, ал өз сөзүндө убакыт жөнүндө, аны […]

Дооронбек Садырбаев: Керээз

АҢГЕМЕ Жакында бир укмуштуудай кат алдык. Бизге кантип жеткенин билбейм, ичин ачып көрсөк, мындан бир жыл мурун жарык дүйнө менен кош айтышкан курбум Абдыракмандан экен… «Ассалом алейкум, Нурлан дос! — деп жазыптыр ал. — Бул катты өткөн жылдын кеч күзүндө ажалынан мурун мүрт кеткен досуң Абдыракмандан деп бил. Досум! Мен сага о дүйнө, бу дүйнө ыраазы экенимди билдире албай жүрдүм эле, эми минтип ыгы келип калганы ырас болбодубу… Сенин: «жөлөгүмдөн айрылдым» — деп өбөктөп калганча өкүрүп батага келген жаш-карынын баарын […]

Мукай Элебаев: Сайра Кийизбаева

(Очерк) Күүгүм талаш. Үстү-башымдагы карды силкип, мен да жаңы келип отургам. Кемпир чырак жагам деп ашканада күйпөңдөп жүрөт. Биз отурган чаканыраак гана бир бөлмө. Кай бирөөнүкүндөй кезге түшүп, жаркырап турган палан-түкүн жок. Үйдүн орто капшытында боз одеял жабылуу жука төшөк, бир керебет. Анын баш жагындагы чоң күзгүнү тегеректеп турган нерселер да көп үйдөн көрүп жүргөн дүр-дүнүйө. Ашканага кетип, жаңы жандырган чырагын өзү кармай чыкты да, терезеге жакын, бурчта мен чыканактап отурган роялдын үстүнө келип койду. Үч-төрт айдан бери үйгө байымдай […]