Сюжеттик, образдык, стилдик байланыштар жана адабий чыгармачылык таасирлер

№14

Дүйнөлүк адабияттын талашсыз классикасына айланып, тарыхта аты калган У.Шекспир, А.С.Пушкин, Л.Н.Толстой, Ф.Достоевский, А.П.Чехов, Э.Хемунгуэй, А.Шолохов сыяктуу жазуучулар бүтүндөй бир доордун, бир элдин же бир жазуучунун чыгармачылыгына тийгизген таасирлери тууралуу миңдеген эмгектер жаралган жана жарала бермекчи. Мезгил өткөн сайын алардын катарына Ч.Айтматовдун да ысымы кошулууда. Албетте, жазуучунун өзбек, же казак, же азербейжан, же дагы башка адабияттарга тийгизген таасири, анын башка улуттук адабияттар менен байланыштары көптөгөн адистер узак жылдар отуруп алып изилдөөчү тема. Ошондой болсо да бул проблеманын айрым учурлары тууралуу сөз кылуу нөөмөтү келип турат.

Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин (1958) жазылышы жана анын чагылгандай тез тарашы, дүйнөлүк атактагы Л.Арагон, М.Ауэзовдун жогору баа бериши жазуучулук ышкысы жанып турган жаштарга өзгөчө таасир этти. XX кылымдын 60-70-жылдарында советтик адабиятта «жамийлачылардын» мууну пайда болду, алар түз эле Ч.Айтматовдун окуяны өспүрүм бала тарабынан баяндашын, лиро-романтикалык стилин туурап киришти. Анан калса ушул кездеги жаш жазуучулар согуш учурунда же анын таасири али эл арасынан кете элек кезде балалыгын өткөрүп, Айтматов сыяктуу турмуштук багажга, окшош тагдырга ээ эле.

Өзбек жазуучусу Сойим Исхоковдун (Сойим Исҳоқ) «Янга» («Жеңе») повестинин окуялары да «Жамийладагы» Сейит сыяктуу аты айтылбаган өспүрүм тарабынан баяндалат. Хожархан жеңе иштемчил, ак ниет, таза келин, баяндоочу каармандын жеңеси. Күйөөсү Түгөл менен бар-жогу үч ай гана жашаган соң, күйөөсү согушка алынып, ал жактан каза болгондугу тууралуу «кара кагаз» келет. Бирок сүйгөн жарын күтүүсүн уланта берет, мезгил өтөт, согуш токтойт, Түгөлдүн келбеши дайын болот, кайын эне-кайын атасы анын өз атасыныкына кете берүүсүнө ыраазылык билдирет, ошентсе да Түгөлдүн үй-жайын, кароосун калтырбай кетпейт коёт, убакыт дагы алдыга жылып, кайын атасы Урал баба да бул дүйнө менен кош айтышат, кайниси үйлүү-жайлуу болот, ошондо гана бир өмүр күйөөсүн күткөн Хожархан төркүндөрүнө жол алат. Айтматовдун «согуш кезиндеги аялдарындай» Хожархан эрктүүлүгүн, жеңишке болгон ишенимин, адамдарга сүйүүсүн көрсөтөт.

Ушундай эле согуш учурундагы окуяларды жаш балдардын баяндоосу Нурали Кабулдун чыгармачылык тажрыйбасында кездешет. Нурали Кабул (Халбутаев Нурали  Кабулович) 1950-жылы Жизак облусунун Бахмал районунда Усмат деген айылда туулган. Ал жердин турмуш-шарты кыргыздардын жашоосуна окшош келет, малчылык, жайлоо, адамдардын бири-бирине тоолуктарча мамилеси. 1974-жылы Фергана мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктагандан соң «Ойқор» (1978), «Салом тоғлар» (1979), «Одам, Ойқортоғ ва Дайди шамол хакида эртак» (1980), «Тубсиз осмон» (1981), «Каптарлар қайтмаган тун» (1984), «Яшаш учун кечикма» (1985), «Унутилган соҳиллар» (1988), «Оқ каптарлар» (1990), «Буғдой пишиғига етмаганлар» (1992), «Сен ватансан, мухаббат» (1994), «Ватандан яхши ёр ўлмас» (1995) ж.б. китептерин жазып, алар өзбек тилинде чыккан. «Не опоздай жить», «Небо твоего детства» деген прозалык чыгармалары орус тилинде жарыяланган. Г.Маркестинг «Жалгыздыктын жүз жылы» романын, Ч.Айтматовдун «Балалыгым» баянын өзбек тилине которгон. Автордун биздин котормодо «Талаа жолу» деген аңгемеси кыргызча да жарыяланган.

Анын «Буғдой пишиғига етмаганлар» («Буудай бышкан кезге жетпегендер») повести согуш учурун чагылдыруу менен катаал учурдагы адамдардын бири-бири менен мамилелери, балдардын оор тагдыры көрсөтүлөт. Майдандан алыс жактагы ошол майданга болгон азык-түлүгүн жиберип коюп, өздөрү ачарчылыкта, буудай бышкан убакка жетпей калган тагдырлар окурмандын дилин сыздатат. Автордун согуш тууралуу ой жүгүртүүлөрү Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын Жер-Энеге айткан сөздөрү менен үндөшүп турса, талаада иштеп, түнү-күнү урушка азык жыйноонун камында жүргөн Хакберди палвандын райондон келген өкүлдүн жүзүнө тик карап сүйлөшкөн диалогу:

« – Биз ачтан өлсөк, кийинки жылы фронтко ким дан жеткирип берет?! Бер дегенди гана билесиңер! Ынсап да керек го?!

— Сиз бизге – өкмөт өкүлүнө каршы сүйлөп атасыз! Бул сөздөрүңүз үчүн жооп бересиз!

— Мен өкмөт өкүлүнө эмес, сизге окшогон селде десе, келдени ала тургандарга каршы сүйлөп жатамын! – деди Хакберди андан бетер кызууланып», — деп «Гүлсарат» повестиндеги Танабай жылкычынын өкмөт өкүлдөрү менен кайым айтышуусун эске салат.

Согуш гана эмес, жергиликтүү бийликтин колхоз раиси Кудайберди Холматов, кампачы Ахмед өңдүү өкүлдөрү ак жүрөк Хакбердинин үй-бүлөсүн жок кылат: аялы каза болот, беш баласын жетимканага берет. Эрали тегирменчи айткандай айылдагы «ынсабын ит жегендер» согуш ачкан немистердей эле коркунуч жаратат.

Ч.Айтматовдон айырмаланып, өзбек жазуучусу Н.Кабул согуш учурун өз көзү менен көрбөсө да, элдер уккандары жана китептик таасирлери менен «тыл драмасын» реалдуу жана трагедиялуу ачып берет.

Саид Ахмад «Уфк» («Горизонт») романын узак жылдар (1964-1974) жазып, үчилтик китеп чыгарды. Өзбек адабиятындагы көрүнүктүү чыгармалардын бири катары бул китеп улуттук маданияттын тарыхына кирген. Улуу Ата мекендик уруш учурундагы тылда каармандык менен иштеген советтик элдин эмгеги, пахтанын оор жумушун бала дебей, кары дебей аткарып, жеңишке кошкон салымы көрсөтүлөт. Көптөгөн каармандардын бейнеси ачылат. Чыгармада Турсунбайдын фронттон качкан эпизоду кездешет. ТашМУда талкуу учурунда адабиятчы Озод Шарафиддинов бул окуяны Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повестиндеги Ысмайылдын бозгундугун кайталап калган деп сындайт. «Уфкта» да бир музоо жоголгон деталь кездешет. Ошол кезде Саид Ахмад «Бетме-бетти» окубаган элем деп айтат да, кийин окуп чыккандан соң чыгармасына бир топ өзгөртүү киргизет [1]. Бул жерде С.Ахмад чын эле «Бетме-бетти» окубашы мүмкүн, бирок ошол учурда дезертир тууралуу бир кыргыз бала чыгарма жазыптыр деп уккан болушу, ошол мазмун чыгармачылык менен иштеп отурганда чыгармасына киргизилип кетиши толук мүмкүн.

Деги эле көркөм чыгарма жазуунун эреже-мыйзамдары менен карап көргөндө бирөө согуш качкыны тууралуу жазды эле деп экинчиси жазбай коюшу да мүмкүн эмес, Айтматовго чейин эле «колхоздор романдары» менен белгилүү болгон Елизар Мальцев «От всего сердца» деген чыгармасын согуштун изи сууй электе эле (1948) окурмандарга тартуулап, 1949-жылы Сталиндин атындагы мамлекеттик сыйлык алат, 1948-жылы ошол чыгарманын негизинде «Экинчи сүйүү» пьесасын Н.А.Венкстерн менен бирге жазат, Г.Л.Жуковский опера жаратат, алар да Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлөт, а түгүл берилип аткан жерден И.В.Сталиндин өзүнө жакпай калып (дезертир көрсөтүлүп аткандан го), указга киргизбей коёт. 1950-жылы бул чыгарма «Щедрое лето» деген ат менен фильмге айланат. Мына ушул романдагы Силантай Жудов согуштан качып, тоо этегинде жапайы адам сыяктуу жашап жүрөт. Ушул өз кезегиндеги «запрещенный», «переименованный» болгон «чуулуу» чыгарманы, же анын негизиндеги фильмди Саид Ахмад да, Чыңгыз Айтматов да окубай, же көрбөй калышы мүмкүн эмес. Демек, аларда адабий таасир болушу мүмкүн.

Кийин-кийин ушул эле темага Валентин Распутин «Живи и помни» («Эсен болуп, эстей жүр») (1974) повестинде кайра кайрылып, согуш качкыны Андрей Гуськовдун башка каармандар менен байланышкан тагдырын сүрөттөп, жаңы, оригиналдуу чыгарма жаратып бербедиби. Ал эле эмес дезертирлик В.Астафьевдин «Прокляты и убиты» (1990–1994) романында, Мустай Каримдин «Помилование» (1982–1985) повестинде, В.Высоцкийдин «Тот, который не стрелял» (1972) аттуу ырында башка өңүттөн каралып, башкача чечилет. Мына ушуга карап ар ким «өз дезертирлерин» өздөрүнүн турмуштук жана эстетикалык ой жүгүртүүлөрүнө ылайык ачып берет деп айтууга болот.

Айтматовдун тыл темасы Саид Ахмаддын «Уфк» трилогиясында панорамалуу, масштабдуу жана өзбек менталитети менен коштолуп көп окуялуу, көп каармандуу бирилет. Анын бир төп каармандары менен айтматовдук согуш учурунун каармандарынын окшошуп кеткен учурлары кездешет. Себеби С.Ахмад журналист катары, Ч.Айтматов айыл кеңешинин катчысы, финагент катары улуу уруш жылдарында эл турмушунун кайнаган жеринде – тылдагы айылдарда жүргөн.

Айтматовдун «согуш адамдарынын» галлериясындагыдай образдар Назар Эшенкуловдун «Уруш адамдары» деген повестинде чагылдырылат. Мында да Толгонай сыяктуу эле каарман эне баласына «Согуш өлсүн, балам» деп айтат. Повесттин башкы каарманы бир үй-бүлөдөгү эр-аял Нормат жана Анзират, согуш учуру болбосо бир сонун турмушта бактылуу жашай беришмек. Урушка барган Нормат төрт жыл майданда жүрүп, жарадар болуп кайтып келет. Ошол кырдаал, ошол мезгил үчүн бул да бактылуулук эле. Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин алгачкы эпизоддорунда Ысмайыл менен Сейде кандай бактылуу болсо, бир убакта сүйүп турмуш курган Нормат балбан менен Анзират да ошондой бактылуу болушат. Бирок бул бактылуулукту бузуп салуучу кырсыкты Нормат фронттон ала келиптир. Ал айылга келгенден соң эки айдан кийин билинет.

Көрсө, контузия алып кайткан экен, анысы маал-маал кармап, үй-бүлө бул оорунун айынан трагедияга кабылат. Айтматов көтөрүп чыккан согуш учурунун үй-бүлөлүк тагдыр драмасы «Уруш адамдары» повестинде психологиялык кырдаалдарда, каармандардын эволюциялык динамикасында ачып берилет. «Бетме-бетте» Ысмайыл менен Сейденин ортосунда Мырзакул болгон сыяктуу эле «Уруш адамдарында» да жергиликтүү жетекчи Мырзакул деген каарман бар. Айтматовдун каармандары Кыргызстандын Таласка караган Шекер аттуу бир айылында жашашса, Назар Эшенкуловдун каармандары Өзбекстандын Терсотар кыштагынын тургундары, алардын ортосундагы жалпылык – бактылуу үй-бүлөнүн бузулушуна согуштун тийгизген таасири, аял-эркек ортосундагы ысык махабаттын тышкы таасирден улам трагедияга кириптер болушу жана ортодогу мырзакулдардын адамдык бийик сапаттары.

Нурали Кабулдун «Овчи» («Аңчы») повести кыйла жагынан Ч.Айтматовдун «Кыямат» романындагы каармандарды жана окуяларды эске түшүрөт. Чыгарманын башкы каарманы Аңчы көзүнө көрүнгөндү атат: көк каргабы, чымчыкпы, кекиликпи, алдынын чыкканын жаза кетирбейт, а түгүл он жети карышкырды бир күндө аткан окуясы да бар. Ошол карышкырдын терилерин колхозго өткөрөт. Бир жолу колхоз эсепчиси Мавлон ага аз акы төлөп койгондо, көнгөн адаты боюнча аны да жаныбарлардай көрүп атып салат. Карышкырлардын турмушу – Айтматовдун Акбара менен Ташчайнары кандайдыр бир көрүнүштө Мавлон Икромдин «Бури ови» деген аңгемесинде да көрүнөт.

Бул эки чыгармада тең авторлор карышкырлардын жашоосун, тиричилигин майда деталдар менен ачып берүүгө аракет кылышат. Аталган чыгармаларда жаратылышты коргоо тууралуу экологиялык проблемалар адамдын ыйман кризиси менен байланышат да, каармандардын жаныбарларга, тагыраагы, карышкырларга кылган мамилеси менен алардын адамдык сапаттары ачып берилет. Борбор Азия адабиятында Мухтар Ауэзовдун «Көк серегинен» башталган, Касымалы Жантөшевдин «Беш бөлтүрүк»,  Түгөлбөй Сыдыкбековдун «Көк серек», Төлөгөн Касымбековдун «Көк жал» деген чыгармаларында улантылган карышкырлар темасы өзбек адабиятында нравалык тема менен биримдикте ачылып жаткандыгы бөрүлөргө аңчылыкка чыккан адамдардын иш-аракеттери аркылуу ачып берилет.

Мен өзбек адабиятынын окурманы катары Өткүр Хашимовдун (Ўткир Ҳошимов) жазгандарын кызыгуу менен окуп жүрдүм. 1941-жылы Ташкенттин четинде туулган ал газета-журналдардын редакцияларында иштөө менен көркөм чыгармаларын, публицистикаларын тынымсыз жазып келди. Анын «Баар кайтып келбейт» деген повести Шерназар Шүкүров тарабынан кыргызчаланып, өзүнчө китеп болуп чыккан, «Ак булут, аппак булут» деген аңгемесин жаңылбасам Мирзахалим Каримов которуп, «Ала-Тоо» журналына басылган. Өзбек жазуучусунун чыгармаларын кыргыз окурмандары жакшы кабыл алган. Автордун өзбекче жазган «Баҳор қайтмайди» («Баар кайтып келбейт», 1970), «Қалбингга қулоқ сол» («Дилиңе кулак сал», 1973) повесттери, «Нур борки, соя бор» («Жарык бар үчүн, көлөкө бар», 1976) романы өзбек адабиятына кызыктуу, оргиналдуу  жазуучу келгенин тастыктаган. Ч.Айтматов өзүнүн алгачкы чыгармаларында балалыгын, жаштыгын эстеп Шекерди жана шекерликтерди жазып келген болсо, б.а., автобиографиялык көрөңгө болуп, турмуштан өзү көрүп-билген адамдарын «кайра иштеп чыгып» прототиптен адабий образга айландырса, Ө.Хашимов да майда баяндардан турган «Дунёнинг ишлари» («Бу дүйнөнүн иштери», 1982) повестинде башкы каарман кылып өз энесин ортого мамы сыяктуу орнотот да, калган каармандар ошол мамыны айланып жүрөт.

Эң негизги нерсе башкы каармандан тартып, кирди-чыкты персонаждарга дейре ар бири чыгарманынын башкы максатына – адамдардын инсандык сапаттарын, кимдин ким экендигин ачып берүүгө арналып, окурмандардын адеп-ахлактык сапаттарын кристалдоого кызмат кылат. Бул чыгарманы энелер тууралуу гимн деп атоого болот. Чыгарма Өзбекстан Жазуучулар союзунун жыл сайын берилүүчү Айбек атындагы сыйлыгынын соорундары болгондо анын ошол бүгүнкү жаштарды өткөн адамдардын оң сапаттарын көрсөтүү менен тарбиялоого кошкон салымы эске алынган.

Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» (1966), «Кылым карытар бир күн» (1980) деген чыгармалары каармандардын өткөн күндөрдү эске түшүрүүсүнөн, сюжеттик ретроспециядан куралган жана аларда бир кездеги окуялар кийин-соңу Танабай жана Эдигей тарабынан баасын алат. Мындай ыкма Ө.Хашимовдун «Дунёнинг ишлари» повестинде, аны улай 1986-жылы Өзбек ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон «Икки эшик ораси» («Эки эшик арасы», 1989) романдарында майнаптуу пайдаланылган. Эгер Айтматов каармандары Танабай менен Эдигейдин жаштык чагынан тартып роматикалуу да, трагедиялуу да өмүр жолун тоталитардык коом, анын ичинде социалисттик түзүлүш менен биримдикте карап, аларды өмүр күзүнө алып келип таштаса, Ө.Хашимов ислам философиясындагы адам өмүрүн бир эшиктен кирип, бир эшиктен чыгып кетүү менен салыштырып, ошону Турмуш деп эсептеп, ошол эки эшик арасындагы болжолу кырк жылдай мезгил ичиндеги («Гүлсарат» менен «Кылым карытар бир күн» да болжолу ушунча жылдар арасындагы окуяларлды камтыйт) оор сыноолорго кабылган адамдардын нравалык сапаттарынын кардиограммасын тартып берет.

Болжолу колхоздордун кура баштаган XX кылымдын 30-жылдарынан тартып, роман басмага кеткенге чейинки (автор 1982-1985-жылдарда жазганын эскерет) – колхоздордун кыйроо алдына чейинки тарых алкагы күзгүнүн сыныктарындай фрагменталдык түрдө түрдүү тагдырларга сиңдирилген. Окуялардын борборунда Музаффар турат, тегеректегилери: аны төрөгөн энеси Раъно, баккан энеси Робия, атасы Шомурад, өгөй атасы Умар «закүнчү», сүйүктүүсү ажайып кыз Мунавар, булардан башка да ар бири өзүнчө образы менен эсте каларлык Ориф аксакал, Башоратхан, Комил табып, «Кара амма» ж.б. каармандар. Айтматов жогорудагы чыгармаларында советтик-партиялык жетекчилерди персонаж катары көрсөтүп өтсө, бул чыгармада өзбек жазуучусу Абдурахманов деген райкомдун секретарынын образын киргизет.

Кыргыз жазуучусу Улуу Ата мекендик согуш учурундагы эрктүү, мекенчил эненин образын Толгонай аркылуу классикалык деңгээлде берсе, Ө.Хашимов «Кара амма» деген каарманы аркылуу жалгыз перзентинин дайын-дарегин билбей жүрсө да, ички күйүтүн ошол ичинде өрттөп, а сырттагы адамдарга сооп иштерин көрсөтүп, өзү кыйналса да, башкаларга бакыт тилеген эненин образын ачып берген. Дагы бир согуш учурунун энелери кокондук колу гүл, дили жумшак, акылман Ойсара апанын жана оор жүктү бүт өзүнөн оодарып салып, жаштарга үлгү болуп, иш десе ичкен ашын коюп, эркектердин, анын ичинде өз күйөөсүнүн ордун жоктотпой трактор минген Башоратхандын образдары аркылуу ачып берет. Турмуштук окшоштук – согуш жылдарындагы кыргыз жана өзбек айылдарынын эркектерсиз калган жашоосу, алардын ордуна аялдарды алып келген тарых ирмемдери, коммунизм курабыз деген айылдык энелердин рухий драмасы, оптимисттик трагедиясы эки жазуучуда тең абдан таасирдүү жана реалисттик тереңдик менен берилет.

Филология илимдеринин доктору, профессор Умарали Норматов жазуучу Өткүр Хашимовдун «Нур борки, соя бор» деген чыгармасын бир сөз менен «роман-проблема» деп атаса, «Икки эшик ораси» романын «тагдырлар романы» деп баалаган [2].

Ө.Хашимов дүйнөлүк классикалык адабиятты чеберчилик менен өздөштүрүп, чыгармачылык менен пайдалангандыгы адабиятчылар тарабынан белгиленип жүрөт [3].

Чыңгыз Айтматов менен Өткүр Хашимовдун чыгармачылык жакындыгы алардын публицистикалары, сүйлөгөн сөздөрүндө көтөргөн маселелери менен да байланышат. Айтматов мугалимдердин таламын талашып көптөгөн макалаларды жазган, мугалимдердин курултайларында сүйлөгөн, мамлекет мугалимге кам көрүшү керектиги, мугалимдин кадыр-баркы мурдагыдай болбой түшүп кеткендиги тууралуу ойлорун айткан. Чыгармачылыгынын башталыш учурларында журналист катары «Мугалим – жакшылыктын энеси», «Мейкиндик көзгө көрүнөт» деген макалалары менен бул кесиптин ардактуулугун көрсөтсө, «Биринчи мугалим» повестинде 20-кылымдын башындагы эл агартуучулардын коомдогу ордун чагылдырган.

Өзгөчө бул тема курч коюлуп жаткан XX кылымдын 70-жылдарында, Ч.Айтматов Москвадан, Ө.Хашимов Ташкенттен мугалимдердин абалын айтып, мамлекеттик чиновниктерди уйкудан ойготуп турган. 1978-жылы Ө.Хашимовдун «Қалбнинг оппоқ дафтари» («Дилдин аппак дептери») деген макаласы «Ўзбекистон адабиёти ва санъати», «Ўқитувчилар газетаси», «Учитель Узбекистана» газеталарына басылып, коомдо чоң резонанс жараткан. Бул макалада мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү, алардын айлыктарын жогорулатуу маселелери коюлат. Натыйжада Өзбек ССРинин Агартуу министрлиги макаланы талкуулоону жана чара көрүүнү республикадагы бардык билим берүү башкармалыктарына, педагогикалык жамааттарга, мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарына жана бул багыттагы илимий-методикалык институттарга, мектептерге тапшырган.

Өткүр Хашимов 1973-жылы өзбек калемдештери менен Ош шаарына келет жана Алай тоолору аркылуу Тажикстандын Хорог шаарына саякатка чыгат, мына ошондо кыргыз жайлоолору, асман тиреген чокулардагы ажайып жолдору тууралуу жол очеркин жазат.

1985-жылдары Гдлян-Ивановдор Өзбекстанды «пахта иши», «өзбектер иши» деп айыптап жатканда Ч.Айтматов бул жалаа экенин айтып, Москванын саясатына көкүрөгүн тосуп, өзбек элин коргоп турганда бул ишке Ташкенттен Ө.Хашимов да тартылды. 1986-жылы КПСС БКдан келген жетекчилердин бири Москва коюп жаткан «өзбектер иши» туура экенин далилдөө үчүн Ташкентте жыйын өткөрөт. Ошондо «Шарқ юлдузи» журналынын баш редактору Ө.Хашимов Москвадан келген өкүлгө мындай суроо берет: «Борборго пахта буласынын ордуна Өзбекстандан вагондордо аба, самолёттордо дипломаттар толо акча – пара барган, ошон үчүн Өзбекстандан миңдеген адамдар камакка алынды жана да алынат» деп атасыздар. Албетте, пахта ордуна пара жиберүү – кылмыш. Бирок мен жөнөкөй бир адам, жөнөкөй бир жазуучу катары бир нерсеге акылым жетпей турат. Айтыңызчы, борборго вагон толо аба, самолёттордо дипломаттар толо пара барса, неге ошого ошол борбордогулар унчугушпады?

Неге бизге вагондогу аба, дипломаттагы акча керек эмес, бизге пахтанын өзүн жибергеле дешпеди? Адатта пара ала турган кол пара бере турган колдон бийигирээк турат шекилдүү?». Мына ушул жоопсуз калган суроосу үчүн жазуучуну куугунтук күтүп турган. Жарыяланбаган суроо тууралуу күбүр-шыбырлар эл аралап, Ө.Хашимовдун өзбектер арасында кадыр-баркы өскөн, ошол эле кезде чогулуштарга чакырылгандардын тизмесинин аты өчүрүлүп калган.

Бирок кайтпас пикирин уланта берди, 1990-жылдын июнунда Өзбекстан Компартиясынын XXII съездинде, ушул эле жылдын июль айындагы КПССтин XXIII съездинде «өзбек иши» деген жарлыкты улуттун жүзүнөн алып салуу керектигин айтып катуу сүйлөдү.

1995-2000-жылдарда Өзбекстандын Олий Мажлисинин биринчи чакырылышынын, 2000-2005-жылдарда экинчи чакырылышынын депутаты катары улуттун руханий маданиятын көтөрүү, улуттук сезимдерди сактоо, экология, адабият, тарых маселелери боюнча тынымсыз сөз сүйлөп, маселелерди тиешелүү министрликтерге коюп турду. Мына ошол ойлору «Қалбнинг оппоқ дафтари», «Муқаддас қасамни бузганлар», «Авлодларга нима деймиз?», «Мантиқ қани?», «Давлат сири» ж.б. саясый-публицистикалык макалалары аркылуу элге жетип, коомдук аң-сезимди көтөрүүгө моралдык колдоо көрсөттү.

1999-жылы Кыргызстандын «Өмүр баяны» уюму Ө.Хашимовду «Нур борки, соя бор», «Дунёнинг ишлари», «Қатағон», «Ўзбек иши» аттуу чыгармаларындагы гуманисттик идеялары, улуттук руханий дөөлөттөрдү көтөрүп чыккандыгы үчүн «Мекен сүйөрлүк жана жогорку руханийлик үчүн» деген диплом менен сыйлаган.

Ч.Айтматов «Гүлсарат» повести менен чарбалык иштерди инсандардын ыйманы, адеби менен айкалыштыруу жагынан совет адабиятын бир кадам алдыга жылдырды. Чыгарма жазылган учурда тоталитардык-буйрукчул бийлик аябай күчүндө турган, коммунисттик партиясынын Кремлден башталып, баштапкы уюмдарга чейин жеткен татаал жана катаал механизми ак жүрөк адамдарды өз машинасына тебелетип, жок кылып таштоочу күчкө ээ эле. Бийлик «танкасына» каршы турган Танабай сыяктуу чынчыл адамдын образы, алардын жетекчилер менен тиреши кыргыз адабиятында да (Ш.Абдыраманов «Дыйкандар», С.Өмүрбаев «Өзгөргөн өрөөн», А.Саспаев «Парторг», Н.Байтемиров «Жылдызкан» ж.б.), өзбек адабиятында да оожаланды. Партиянын райондук комитетинин катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасы, колхоз раиси сыяктуу район жетекчилеринин күрөшү, жеңиши жана жеңилиши Асад Асиловдун «Тоғликлар» («Тоолуктар») повестинде чагылдырылса, ушундай эле раистин өзүнөн өйдө турган жетекчилер менен күрөшү Уктам Усмоновдун «Кишан» («Кишен») повестинде да көрсөтүлөт. Ушундай партиялык жана чарбалык жетекчилердин күрөшү, «танабайчылык», «чорочулук», «кашкатаевчилик» Улмас Умарбековдун (1934-1994) «Дамир Усмоновнинг икки бахори» (1978) повестинде бир кыйла тереңирээк жана ишенимдүүрөөк ачып берилет.

Тарыхый ретроспекция Иброхим Рахимдин «Ёшлик кайтиб келмайди» («Жаштык кайтып келбейт») аттуу эскерүүлөр китебинде [4] Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндегидей биринчи мектептер, биринчи мугалимдер, «Кылым карытар бир күн» романындагы Абуталиптин тагдырындай «улутчул», «эскичил», «эл душманы» деген жарлык менен тарыхый инсандардын трагедиялуу тагдыры көрсөтүлөт.

Хамид Гулямдин «Корадарё» («Кара-Дарыя») романында кыргыз тоолорунан агып келип Жазы жана Тар дайралары кошулган жерден Кара-Дарыя аталып, ошол дарыянын нугу тосулуп Кемпир-Абад суу сактагычы аталып, анын курулуш тарыхы, ал жердеги жумушчулардын бири-бири менен мамилеси, ар кимисинин ар кыл тагдыр-таржымалы көрсөтүлөт. Райкомдун катчылары Карим Узаков, Хабиба Камалова, аны-муну көрүп турмушка бышкан Илком Зуфаров, Обиджан, Дилбар, Мария сыяктуулар менен бирге эле колхоз раиси Норхужа Афзалов чыгарманынын башкы конфликттерин кармап турат. Айтматовдун коммунисттери менен коммунист эместери, бийликти көксөөчүлөрү менен карапайым адамдарынын иш-аракеттери сыяктуу эле бул романда ар бир каармандын өз орду, өз позициясы бар, алар баары биригип, XX кылымдын орто чениндеги өзбек кыштактарынын, курулушун чөйрөсүнүн реалисттик картинасын жаратат.

Бийликтин жогорку бутагындагылар менен карапайым калктын мамилелери, социализм доорундагы инсан концепциясынын чиленишкен татаал кырдаалдары Ч.Айтматовдун «Гүлсарат», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдарында көтөрүлүп чыккан сыяктуу эле Одил Ёкубовдун «Оккушлар, оппок кушлар» романында өзбек топурагынын мисалында көтөрүлүп чыгат. Роман 1986-жылы «Шарк юлдузи» журналынын 5,6,7-санына басылып чыгып, ошол эле жылы Сурхандарыя облусунун Жар-Коргон районундагы «Сурхон» совхозу уюштурган атайын «Сурхон» наамындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Автордун бул чыгармасы күрөш тууралуу: бийиктик менен пастыктын, чындык менен жалганчылыктын, ак менен каранын, сулуулук менен куниктиктин, ак ниеттик менен кара ниеттиктин түбөлүктүү күрөшү тууралуу. Романда жөнөкөй бир өзбек багбаны Шорахим ата менен анын зайыбы андан бетер карапайым элеттик Айсулуу апа, алардын баласы Шокосим турмуштагыдай реалдуу чагылдырылат.

Мында Танабай коммунист сыяктуу Расул Нуриддинов да чындык үчүн чыркырап күрөшкөн коммунист. Азыр эми ал замандардан жарым кылымдай өткөн соң баарыбыз эле коммунисттерди айыптап, коомду иритип-чириткендер деп атпайбызбы, жок танабайлар менен расулдар ошол коммунисттик коомдун жаркын жылдыздары, күрөшүүчүлөрү болгон. Бирок бул күрөш оңойго турбаган. Алардын каршысында совхоз директору Фотих, жумушчулар комитетинин төрайымы Мехриниса сыяктуу өз көмөчүнө күл тарткан жергиликтүү жетекчилер турат. Булардын күрөшү «Гүлсараттагы» коммунист Танабай Бакасовдун партиялык босстор кашкатаевчилер жана сегизбаевчилер менен конфликтин эске салат.

Адабиятчы Норбой Худойберганов бул романды коомдун талылуу маселелерин көтөрүп чыгышы, күрөшчүл кишилерди көрсөтүшү, ыплас, пас кишилерди айыптап көрсөтүшү жагынан Ч.Айтматовдун «Кыямат» романына окшош деп айтууга негиз бар жана бул чыгарма азыркы өзбек прозасынын олуттуу утуктарынын бири катары бааланып жатышы бекеринен эмес дейт [5]. Ал эми жазуучу жана адабиятчы Махкам Махмудов «…оппок кушлардагы» Шорахим менен Айсулуунун образын Ч.Айтматовдун «Кылым карыткан бир күн» романындагы Абуталип Куттубаев менен анын аялы Зарипанын тагдырына, трагедиялуу өмүр баянына салыштырат [6, 199]. Ошондой эле ал романдагы каармандырдын жеке эмес, коомдук күрөшүн «Кыямат» романындагы Бостондун партком секретарынын демагогдугу, эмгек кылгандарды эмес, адепсиз адамдарды коргоп чыккандыгы кандай трагедия алып келгендигин көрсөткөндүгү, жазуучу окурман күтпөгөндөй аргасыз калган абалда Бостон Базарбайды атып салган абалы менен салыштырат [6, 201].

Чыңгыз Айтматов «Кылым карытар бир күн» романында жалпы чыгарманынын идеялык, эстетикалык-көркөмдүк салмагына салмак кошуучу библиялык сюжет колдонгон сыяктуу эле Одил Ёкубовдун «Оккушлар, оппок кушлар» романында ислам дининин философиясындагы олуялар тууралуу сюжетти киргизген, бирок ал притча-сюжет айтматовдук бийиктикке жете албай калгансыйт.

Тарыхка «тургундук жылдары» («застой») деп кирип калган XX кылымдын 60-80-жылдары, ал учурдун коомдук-саясый түзүлүшү, адамдары Айтматовдун романдарында ар түрдүү аспектиден, сынчыл мүнөздө көрсөтүлгөн сыяктуу Саид Ахмаддын «Жимжитлик», М.Мухаммад Дустун «Лолазор», Н.Кобулнинг «Унитилган сохиллар» романдарында да бул мезгилдин типтүү каармандары, мүнөздүү конфликттери коомго сынчыл позициядан чагылдырылган жана ушундай абалдан чыгуу керектиги насаатталган.

Тохир Маликтин «Чархпалак» (1988) повести да жаш окумуштуу Комил Садиров күбө болгон застой жылдардын кошуп-жазууларын, ички дүйнөнүн булганышын көрсөтүүгө арналган. Айтматовдун Танабайы, Бостону сыяктуу жалган актыларга кол коюп, арамдыкка кошулуп кеткен адамдар менен күрөшүү чыгарманынын башкы мотивине айланат. Токтомуш Омонтурдиев жашынан башкаруучулукка үйрөнүп жүрүп, «Турмуш – баткак, бут баса турган жерди абдан жакшылып тазалабасаң, өзүң да чөгүп набыт болосуң» деген жыйынтыкка келет. Чыгарма социализмдин жок болор кезинин кардиограммасын, тургундук жылдарынын механизмин ачып бергендиги менен кызыктуу.

Адамдын дүйнө жыйып, байлык арттыруусу анын инсандык сапаттарын төмөндөтөт, дүйнөкорлук, мещандык менен гуманизм бириге албайт. Ч.Айтматов гуманист жазуучу, публицист катары ыйман дифицити тууралуу жыйындарда көп сүйлөдү. Карагайларды сатып байлык артынан түшкөн, кошоматчылык менен жан баккан Орозкулдун («Ак кеме»), карышкырлардын терисин заготканторого өткөрүп, аны акчага алмаштырып жиберген Базарбайдын («Кыямат») образдарын жаратты.

Мындай нравалык тема өзбек прозасынын да өзөгүн түздү. Шукур Холмирзаевдин «Кимсасиз ховли» («Кишисиз короо-жай») (1984) аңгемесинде тагдыр кошкон эки адам Умар ака менен Хосила апа өмүр бою соода тармагында иштеп, адамдардын акчасынан өөнөп отурат, алардын жашоосун ар дайым коркунуч коштоп жүрөт, дүйнөкорлук деген илдет менен ооруп, элден чыгып калат. Өмүр-жашоосу пул, пул жана пул менен гана болуп, абийир, адамгерчилик дегендер сары чакага да арзыбайт. Акыры жалгыз уулу Уммат аскерден келгенде аябай бекилген дарбазасынан кире албай, дубалдан ашып түшүп, Барбос деген итине таланып өлөт. Автор дүйнөкорлуктун кесепетин, акча артынан түшүнүүнүн натыйжасын, элди алдап жашоонун акыбетин абдан таамай, так тартылган деталдар менен ачып берип отурат. «Аңгеме арамдыкка каршы айыпнаама» (И.Гафуров) катары Кыргызстандын өзбек мектептеринин өзбек адабияты программасында 11-класстарда окутууга киргизилип жүрөт [7].

Азыркы доордун эң оор, эң коркунучтуу кризиси катары Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн» романында маңкурттук проблемасын көтөрдү. Облпрофсоветте иштеген Сабитжан атасынын өлүмүнө тойго келгендей келет, аны үчүн атасы кайда көмүлсө баары бир, ага кызмат, үй-жай болсо – болду. Шойим Бутаевдин «Кунботардаги баг» («Күн батардагы бак») (1987) повестинде тажик жана өзбек аралаш жашаган кыштактардын (Галабулак, Иторчи) эски адамдарынын эскиче жашоо-таризи, б.а., этнографиясы, этномедицинасы, этнобагбанчылыгы, туулган жерге мээри абдан кылдат жана тарыхый-архаикалык фон менен ашташ берилет. Бул айылдыктар жерине картошка эгип, аны сатып күн көрөт, жаз болору менен айыл этегиндеги багын карашат, адамдары баёо, иштемчил, ишенчээк, бири-биринен нас сурап чегишет. Мына ушул кыштактын бир уулу Улгай эненин жалгыз баласы – Токтосун. Ал айылды да, энесин да таштап кеткен. Шаарда турат.

Бир жолу айылдашы Нууман-кыртышты сүрөтчүлүк өнөрканасына эрчитип барып, тарткан картиналарын көрсөтүп мактанат. Кетер чагыбызда гана энесин сурады деп Нууман айылдагыларга айтып келет. «Жакшы сүрөттөрдү тартар, таанылар, бирок кайтып келбейт, ошол жакка үйрөнүп калган» деп жыйынтык чыгарат Нууман [8, 18]. Токтосундун энеси Улгай апа болсо баласына жаман сөз тийгизбейт, анын балалыгын, аны менен төркүнүнө барганын романтикалык күндөр катары эстейт. Өзү өлсө жалгыз баласынын келбешин билип, Иторчи айылындагы бир туугандарына өлгөндө кандай келишерин айтып, өлүмүнө кийүүчү чапандарын өзү сатып алып барып берет.

Улгай апа өлө электе анын бекиткен казынасы – алтындары бар дешип, мураскор баласы келбейт дешип өрүкзарын талашкандар чыгат. Ошол талашкандарга карата бригадир Ахмаддын мындай сөздөрүн угабыз: «Токтосун чоң шаарда жүрсө кыштагыбыздын даңкын көтөрүп жүрөт. «Паланча сүрөтчү каерден» десе, айылбыздын аты аталат? Аларсыз бизди ким тааныйт, ким билет? Радиодон укпадыңызбы, Африкадан келген кишиге «каерди көрүүнү каалайсыз?» десе, «Чыңгыз Айтматов туулган айылды» дептир. Бейиштей жерлер кем беле?» [8,31]

Нууман Улгай апанын өрүкзарын бузуп, ал жерге пул алып келчү картошка, сабиз эгүүнү кыялданат, эшекалмалардын бир тыйынча пайдасы жок дейт. Ал эми Улгай апа «бак да жакшы адамга окшойт», «аны мээр менен кароо керек» деп, Хотам бабанын «Бакты кандай адамдын колуна өткөрүп берүүнүн сооп-күнөөсү тапшырган кишинин мойнунда» деп өз багын Нууманга тапшыруудан баш тартат.

Бул окуялар Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы Эдигей менен Сабитжандын, Казангаптын ичкич күйөө баласынын, өз колдонунан аскерлерге жулдуруп ийген Эне-Бейиттин тагдырын эске салат.

«Кунботардаги баг» повестинин финалында Токтосун шаардагы эч ким түшүнбөгөн жана аялдардын тулку-бою түшүрүлгөн сүрөттөрүнүн арасында, ал эми анын энеси Улгай апа күн батардагы багынан ичинде калат, муундар байланышынын, ата-бала конфликтинин трагедиясы мына ушундайча чечмеленет.

Улгай апа өз өлүмүнө даярдангандай эле Айтматовдун Танабайы да Гүлсары атынын жана Чоро досунун өлүмүнөн кийин, Эдигей досу Казангаптын бул дүйнөдөн кетиши менен өткөн өмүрлөрүнө кайра бир кайрылып, жакындап келе жаткан өлүм күнүн психологиялык жана моралдык жактан утурулап чыккандай Аббос Саидовдун «Райхон иси тутган ховли» («Райхан жыттанган короо») повестинин башкы каарманы Аппон аттуу карыя өз өлүмүнө чындап даярданат: майдандаш досу Шакирдикине барып, коштошуп келет, анын жазуучулук менен алектенип жүргөн небересине атасынан калган китептерин соога кылат, гөркөөгө айтып өзүнүн гөрүн да каздырып салат, кийимдерин муктаждарга таратат ж.б. Бир карасаң философия – адам жашадыбы, карыдыбы, эми өлүмгө барат. Дал ошол өлүм арапасында адамдар менен ысык мамилелери, кимдир бирөөлөр алдында тазалануусу, бул дүйнөдө жасаган күнөөлөрүн жакшылыктар менен жуушу образдын тарбиялык маанисин тереңдетет.

Мурод Мухаммад Дустун «Галатепага кайтиш ёхуд саодатманд Гайбаров ривояти» деген чыгармасында [9] да аталар менен балдар, улуттук салт жана цивилизация, айыл адамдары менен шаардык интеллегенция, сүйүү жана жек көрүү түшүнүктөрү көркөм образдар аркылуу көрсөтүлөт. Гайбаров – шаардык зыялы, ал Раим аксакалды оо дүйнөгө узатуу зыйнатына араң жетип келет. Автор галатепеликтердин турмуш-жайын, жашоо таризин, а түгүл сүйлөө речиндеги өзгөчөлүктөрүн чеберчилик менен ачып берет. Муундар арасындагы карама-каршылык, адам мүнөздөрү ушул өлүм менен байланыштуу Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагыдай улам тереңдеп отурат.

Хайриддин Султановдун «Бир окшом эртаги» («Бир кечтин жомогу») аңгемеси [10] (1979) да кары адамдын жаштык кездерин эске түшүрүү менен айтматовдук стилди эске салат. «Кары», «Кары ака» деген ылакап аты менен жалпы кыштакка таанымал өнөрпоз кишинин «Елпесе» деген чыгармасын бир кезде элдин баары кызыгып эшиткен болсо, эми анын нурсуз көздөрү сууп калган чилдирмандан өтөт, баары эскирет, картаят, Танабайдын Гүлсары аты баса албай калгандай, азыркы техниканын заманында четке сүрүлүп калгандай, Кары акани да тойлорго чакырышпай, чакырса да азыркы жаштар баркын билбей, кайдагы бир ызылдак-чызылдактар менен кыйшалаңдашып, эң аягында бир нерсе айтып коюң эми деп тоотпой мамиле кылып калышкан.

Илгери айылда жана кошуна айылдарда жалгыз ырчы болсо, азыр экинин бири өнөрпоз, экинин бири ырчы. Демек, ага муктаждык жок. Гүлсараттай турмуш аны четке сүрүп чыгарып койду. Ал ушунчалык бир карапайым киши: көз ордунда түксүз каштардын алдында жалтыраган эки көгүлтүр тегерекчелер; ийнинде кышын-жайын кара тринке кемзил-шым, бутунда – иниси бир жылы аскерден кийип келген копол ботинке…» Ошого карабай айтканы – ыр, жүргөн жери – ыр, эрмеги – ыр. Кары өнөрпоз өткөн күндөрү менен, ошол учуралын эскерүү менен гана жашап калган.

Өмүр жолун бир сыйра «ревизиялоо» ыкмасы Улмас Умарбековдун «Сархисоб» аңгемесине [11] да мүнөздүү. У.Умарбеков өзбек адабиятында гана эмес, жалпы Борбор Азия адабиятында абдан активдүү иштеген прозаик, драматург. Жогорудагы аңгеменин башкы каарманы отставкадагы майор Низомиддин Назаров көрүстөндөгү аялынын мүрзөсүнө зыярат кылып келе жатып, жүрөгү кармап калат. «Чарчагансыз. — дейт чайханачы. – Кант менен ысык чай ичиңиз. Өтүп кетет. Карыгандан кийин адам ушундай. Кээде өтү ооруйт, кээде буту ооруйт. Кабытыр болбоң. Кечээ мен да өлүп кала жаздадым, жүрөгүм кысып. Мына, аттаймын. Сарсанаа болбоң. – Чайханачы күлдү. – Эсеп-кысап да кылып отурамын.

— Эсеп-кысап? – Түшүнбөдү Низамиддин ака.

— Ооба. Кимде эмнем бар, кимге беришим керек. Өлүмдү ойлогон адам тынч болушу керек да. Кариет, бардык иштерим сарамжал экен…» [11, 123]

Ошентип ал алтымыш беш жылдык өмүрүн бир баштан сыдыргыга салгандай эстеп өттү. Куду «Гүлсараттагы» Танабайдай, «Кылым карытар бир күндөгү» Эдигейдей жашап өткөн мезгили суу толкундарындай тизмек-тизмек болуп көз алдына келди. Ата кесиби деп ат араба айдады, институтту бүтүп, токуу комбинатына ишке кирди, анан үйлөндү, той күнү атасы каза болду, жаш жубайы Мастура «кара жолтой» болуп, өмүр бою жер карап жүрдү. Эң кубанычтуу күндөрү согушта Таня менен болгон бир жолугушуусу. Бирок кийин кайра жолукпай калды. Армандуу бир сүйүү болду. Акыры көп жылдар өтүп, Таняны издеп Минскиден ары Пуховичи деген кыштакка барды. Барды да Татьянанын эки жыл мурда каза болгонун укту. Демек, анан тагдырында кезиккен, жылуу элес берген адамдар бир-бирден союлуп, өзү да бул дүйнөгө «мейман» гана болуп калды. Ошентип Низамиддин аканин өмүр отчётту бир аңгемеде кыска жана кызыктуу берилет, бул болсо жазуучунун чеберчилигин тастыктайт.

Ч.Айтматовдун аял каармандарында эки бирдей адамды сүйүү, эки оттун арасында калуу абалдары бар, буга «Жамийладагы» Садык менен Даниярдын ортосунда калган Жамийланы, «Бетме-беттеги» Мырзакул менен Ысмайылдын ортосундагы Сейдени, «Кылым карытар бир күндөгү» Абуталип менен Эдигейдин ортосундагы Зарипаны, «Гүлсараттагы» Бүбүжанды, «Кыяматтагы» Бостон менен Эрназардын ортосундагы Гүлүмканды көрсөтө кетүүгө болот. «Жамийладагы» Жамийла Данияр менен жөн эле кол кармашып кете койгон жок, эчен ойлонду, толгонду, өзгөрдү: «Баягы тамашакөй, шайыр келин эмне үчүндүр жоошуй түшүп, анын мурда ойноктогон өткүр көздөрү эми ичтен муңдана, тумандуу жазгы күн сыяктуу, жылуу мээримге толуп, назик тиктейт. Жолдо кетип бара жатканыбызда, Жамийланын жүзүнөн дайым бир ой кетпей, ээринде үлбүрөгөн күлкүнүн көлөкөсү адашып, ал өзү гана билген кандайдыр жакшы бир нерсеге ичи жылыгансып, ошого сүйүнгөн өңдүү туюлат.

Кээде болсо, тескерисинче, алда эмнеден эси чыккандай, капты арабадан ийнине силкип алып, ошол бойдон ордунан козголбой туруп калат. Оргуштана аккан суу алдынан кокус кездешкендей, ушул шок сууну кечсемби же кечпесемби деген сыяктуу. Жамийла ошондо илгери аттагандан коркуп, дал болуп апкаарыйт. Даниярга болсо, ал эмне үчүндүр жакын жолобой, көзүнө тик кароодон качып, сырттап жүрдү. Көкүрөгүн кандайдыр туюк эңсөө кыстап, анын да жүрөгүндө жаңы тилектер ойгонгонун ичимден сезип жүрдүм.

Менин байкоомдо Жамийла ушундан коркуп, аны күндөн күнгө өзүнө багынткан сүйүүдөн жазгангысы келет. Бирок, сүйүүдөн дагы танып кеталбай анын ыгына көнүүгө мажбур». «Мен ушинтип келаткан арада, Даниярдын ыры аягына жетпей, эмне үчүндүр кескин үзүлдү. Мындай карай салсам, Жамийла Даниярды бек кучактап, бир оокумга аны жүрөгүнө кысып калган экен. Бирок ошол эле жерден чочугандай боло берди да, арабадан секирип түштү. Данияр шашканынан тизгиндерди тартып, аттарды токтото калды. Жамийла тескери караган бойдон, жолдун ортосунда сендиректеп турду да, бир убакта мойнун шарт кайрып,  ыйлачудай  дирилдеген үн менен ачуулуу:

—  Эмне карайсыңар? Эмнең бар менде? – анан тура түшүп, — караба мени, айда арабаңды, кет! — деди да, артта калган арабасын көздөй басты.  Мен дал  болуп,  оозумду ачып калган экемин, жеңем да мени жемелей кетти:

— Сага эмне жок эле! Түш арабаңа, делбейбей! Окшошкон макоолор, кудайдын азабына гана калган экем да силер менен!» [12]

Мына ушундай аялдык толгонууларды, ички психологиялык кармаштарды, сүйүү азабын Сейдеден да, Бүбүжандан да, Гүлүмкандан да, Зарипадан да кандайдыр бир башка формаларда, башка кырдаал-шарттарда көрө алабыз.

Сүйүүдөгү аялдын психологиялык драмасы, эки оттун ортосундагы азабы Нурулло Отахоновдун (Нуруллоҳ Муҳаммад Рауфхон) «Ок бино окшомлари» («Ак тамдагы кечтер») деген аңгемесинде айтматовдук лирика трегедия менен айкалыштырылып берилет. Эсимде, көлөмдүү аңгеме «Шарк юлдузи» журналынын 1987-жылдагы №1 санына басылып чыгары менен эле окурмандар жана адабиятчылар тарабынан кызуу талкууга алынган. Ошол жылдагы аталган журналдын «Эң мыкты аңгемеси» сыйлыгын алган, автор ушул эле чыгармасын киносценарийге айландырган.

Чыгарманын башкы каарманы Хафизанын үйлөрү эки кыштакка – Туюлунун чыга беришине жана Жалайырдын кире беришине жайгашкан сыяктуу эле, анын тагдыры да эки адам менен байланышып калат. Мектепте жаман окубаса да, чоң окууга барбай өзбектин жөнөкөй кыздары сыяктуу үй тиричилиги, чарба иштери менен калган ал кызга эки жуучу да бир убакта келет. Бири Шариф жактан, экинчиси Авазбек тараптан. Кыз биринчи жигитти тандайт жана макулдук берет. Шаарда окуган Шариф акаси менен Хафиза не бир сонун сүйүү кечтерин өткөрөт, ал окуудан келген күндү майрамга айлантат, ошентип балалуу да болушат, жашоо кызыгы андан бетер сүйкүмдүү боло берет.

Күндөр ушул-ушул бойдон өтө берер беле бир күнү Хафизанын тагдырында баягы жуучулар келгенде макул болбогон кулакбашы (суубашы, мурап) Авазбек пайда болот. Анын тагдырына, ага баш кошкон аялынын тагдырына боор ооруган Хафиза бара-бара ичи жылып отуруп, кандайча Авазбектин Ак тамдарына барып калганын, ал жердеги айдың кечтерди бирге өткөргөнүн сезбей да калат. Ошол эле кезде өз бүлөсүн ойлойт. «Эми ал Ак тамга барууну такыр токтотуп коюну чечти. Ошондонбу, Авазбек тууралуу жаман ойлобоско, кала берсе аны бир аз-бир аз сагынып, ооба, ооба, сагынып эстөөгө аракет кылып жүрдү. Кечинде болсо буттары өзүнчө эле ошол Ак тамга тарта берди» [13].

Хафизанын эки оттун ортосунда калган аялдык сезимин автор шылдыңга албайт, күнөөлөбөйт, тескерисинче, анын ошол өзбек келиндери үчүн кылмыш катары саналуучу мотивдерин жактайт, каарман тарапта болот. Чыгыш аялдарына, чыгыш прозасына мүнөздүү болгон аялзатын «бузбоочулук» тенденциясын Ч.Айтматов да, Н.Отаханов да аттап өтүп, орус жана батыш адабиятынын аялдар тууралуу классикалык образдарын улуттук адабияттарга алып келип, оппонеттеринин ачуу сөздөрүнө карабай сиңдирип ийишти.

«Жамийладагы» аялдын бактысын издөөсү, сүйүү сезимин купия сактап, акыры такыр эле болбой калганда сыртка чыгарып алуусу Хайриддин Султановдун «Дунёнинг сири» («Дүйнөнүн сыры») аңгемесинде (1978) психологиялык эволюцияда ачылып берилет. Тоо боорунда жайгашкан санаторийлердин биринде жаңы гана турмуш жолун баштаган Кундуз аттуу «чилдеси чыкпаган» келин иштейт. Ал оорусунан айыгуу үчүн келгендерге китеп берип, кайра алып, иши кылып күнүмдүк жумушу менен алек.

Ушинтип жашап жүрө берер беле, бир жолу китепканага жаш жигит баш багат. Анын аты Музаффар эле. Жамийла биринчи көргөндө Даниярдын атын да атабай, шылдыңдап мамиле кылгандай Кундуз да Музаффарды теңине албайт. Бир жолу аны сөзгө алмак болот. Музаффар болсо беттерин тырыштырып, узак эсинейт. Кундуз ага иренжип карайт, «кекирейген студент» деп шылдыңдайт, а түгүл бир жолу «Эмне кеселиң бар» деп сурап алып тилин тиштенет. Жигит болсо жай гана «Жер жүзүндө төрт миллиард адамга жеткен аба мага жетпейт», «мен – астмамын», — дейт оор күрсүнүп [14].

Жамийла Даниярга кантип берилип кеткенин билбей калгандай Кундуз да күйөөсү менен мамилесин салыштырып отуруп, кандайдыр бир жылуулукту, а түгүл бара-бара сүйүүгө алып келүүчү назик бир сезимдерди Музаффардан табат. Айтматовдун каармандарына окшош алар кол кармашып кетип калбайт, турмушту бузуудан корккон Музаффар өзү жалгыз кетет, сүйүү, берилүү, адамдык ышкы деген нерселер аңгемеде ушунчалык бир кылдат тартылат.

Качандыр бир кезде кызды сүйүп, бирок ошол сүйүүсүн жеткире албай, же экинчи тараптын бой көтөрүүсүнө кабылып, болбосо анын дале көңүлү бар экенин түшүнө албай калуу Ч.Айтматовдун «Кызыл алма» аңгемесинен (1964) уланып, Ө.Хашимовдун «Ак булут, аппак булут» жана Мирзохид Мирзарахимовдун «Ок булутлар» («Ак булуттар») аңгемесинде андан ары чагылдырылат. Соңку аңгеменин баш каарманы Санжар балалык сүйүүсүн ойготкон Анар турмушка чыгып кетип атканда «Көзүнө мөлт-мөлт жаш келди. Чалкасынан жатып, көгүлтүр асманда сүзүп жүргөн түрмөк-түрмөк аппак булуттарга карады. Ошол ак булуттарга бетин басып ыйлап-ыйлап алгысы, алар менен узак-узак жактарга учуп кеткеси келди.

Ак булуттардын кербени болсо улам-улам ыраактап, түсү да билинип-билинбей баратты…» [15]

Эгер кыргыз жазуучусу сүйүүнүн, берилгендиктин символу катары кызыл алманы алса, өзбек жазуучулары аппак булуттарды алат. Айтмакчы, М.Мирзарахимовдун аңгемеси Ризван Исмаилова тарабынын «Сагыныч» деген ат менен кыргыз тилине да которулган [16].

Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн», «Кассандра тамгасы» романдарында өтмүш окуяларды жана азыркы учурду сүрөттөп жатып, фантастикалык сюжеттерге кайрылат. Бул ыкманы ал каармандардын жашоо-турмушу менен башка дүйнөнү, башка планетадагыларды салыштыруу үчүн табылга катары пайдаланат.

Тохир Малик «Чоррахада колган одамлар» («Эки жолдун кесилишинде калган адамдар» деген мааниде) повестинде [17] баш каарман Сабохиддин Фергана өрөөнүндө – Ноокат жергесинде туулган, өз ата топурагынан илим-билим алуу үчүн Бухарага келип, медресеге кирет. Аңгыча бай-манаптарга каршы төңкөрүштөр чыгып, ал «жаш бухарачылар» уюмуна кирип, кийин жаңы бийликке исламчылар ээ болушу керек деген позицияны карманат да, Ошко, Ноокатка келип корбашылар менен Кеңеш өкмөтүнө каршы күрөшүп жүрөт. Мына ушундай от жалындап алоолонуп күйүп турган убакта жазуучу көркөм чыгармасына фантастикалык эпизоддорду киргизет. Жердеги болуп жаткан өзгөрүүлөрдү өз көзү менен көрүү, үйрөнүү үчүн бөтөн планетадан Рхак-Мирзавай келет. XX кылымдын 20-жылдарындагы эски менен жаңынын, бийлик менен байлыктын, ак жүрөктүк менен сатканчылыктын татаал карама-каршылыктары бөтөн планетанын өкүлүнүн көзү менен көрүлүп, акылы менен ой жүгүртүүсү жазуучунун оригиналдуу табылгасы болгон.

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Момундун образы өткөн кылымдын 70-жылдарынан кийин Совет адабиятында өзгөчө жаңылык катары көрүндү. Ал бир жагынан эски салтты сактап, ата-бабалардын мурастарын, анын ичинде жети ата түшүнүгүн, жомок-уламыштарын кийинки муундун, тагыраагы небересинин кулагына кумдай куя жүрөт. Ошол эле кезде ал жоош, аткаруучу, элпек, ашкере жөнөкөй жан. Мына ушул Момун сыяктуу каарман Эркин Аъзамовдун «Жавоб» («Жооп») китебиндеги [18] ушундай эле аттагы повестиндеги Нуриддин Элчиев. Ал ар бир ишканада боло турган ишенчээк, эрте менен ишке барып, кечинде жумуштан кайтуучу, иште болсо шахмат же гезит эрмек кылуучу бул каарман айтматовдук Момун сыяктуу чайканаларга барганда сабизди өзү туурап, өзү басып, отунду өзү жарып, казанга отту өзү жагат. Үйүндө да тамак кыла коёт, балдардын шымдарын да үтүктөп жиберет. Ушул кишинин өзгөрүшү, анын башка адамдар менен мамилеси коомдук жана үй-бүлөлүк чөйрөдө абдан кылдат тартылган сүрөттөөлөрдө чагылдырылат.

Элчиевге окшош жөнөкөй, адал, ак ниет, таза, а түгүл бечара адамдын азыркы куулук-шумдугу арбын чөйрөдө жашатуу менен автор каарманын сындан өткөрөт. Э.Аъзамов адамдарды гуманист катары кароонун чебери, буга анын «Бахор», «Анойининг жайдари олмаси», «Богбололик Кукалдош», «Пиёда» аңгемелери, «Отойининг тугулган йили» повести мисал боло алат. Анын чыгармаларынын негизинде тартылган «Чантриморэ», «Пиёда», «Пакана», «Дилхирож», «Эркак», «Паризод» фильмдеринде да гуманисттик бийик идеяларды көрөбүз.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын тууроо, окшотуу деңгээлинин көтөрүлө албай калган өзбек жазуучулары тууралуу адабий сын өз пикирин ар дайым айтып келет. Мисалы, жазуучу Эмин Усмон «Уйғоқ одамлар курадиган туш» («Ойгоо адамдар көрө турган түш») деген макаласында [19] учурдагы өзбек повесттерине (киссаларына) анализ берип жатып Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» повестиндеги кошоктун жаңырыгы Рахимжон Отаевдин «Сурнай наволари» чыгармасынын тулку-боюна сиңип кеткенин айтат.

Өзбекстандагы Ч.Айтматовдун кадыр-баркы тууралуу А.Акматалиев мындай дейт: «…жаңы эле чыккан «Өзбекстан Улуттук энциклопедиясын» карадым. «Айтматов Чыңгыз» деп бадырайта жазылып турат, портрети да бар. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу макала жакшы жазылган… Чыңгыз Айтматовдун Өзбекстандын окурмандарынын ичинде кадыр-баркы бийик экендигин өз көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, өтө канааттанып калдым» [20].

Ал эми О.Ибраимов «Спасибо, Узбекистан, за память Айтматова!» деген макала жазган [21, анда Айтматов жана Өзбекстан – бул сөз кылуу, анан калса, илимий изилдөө үчүн чоң жана сонун тема экендигин белгилейт, себеби алардын ортосунда сүйүү бар, а сүйүү элдер менен мамлекеттердин бекем байланыштары үчүн ак ниеттиктин үрөөнүн сээп, кыртышын даярдай турганын айтат.

Демек, алдыда Ч.Айтматов жана Өзбекстан темасында дагы көп сөздөр айтылат.

Адабияттар:

  1. Махмудов М. Талант ва ижод фалсафаси. – Ташкент, Г.Гулом номидагы Адабиёт ва санъат нашриёти, 1976. – 228-б.
  2. Норматов У. Тақдирлар романи. «Икки эшик ораси» романи ҳақида // «Ўзбекистон адабиёти ва санъати». – 1985. 27-нояб.; же дагы Норматов У. Такдирлар романы // китепке соңку сөз: Хашимов Ө. Икки эшик ораси. Роман. – Тошкент, Ғ.Ғулом номидаги Адабиёт ва санъат нашриёти, 1989. – 538-б.
  3. Шарафиддинова М. Тасвирдаги ўзига хослик. «Икки эшик ораси» романи билан Фолкнернинг «Ўлар чоғимда» романининг қиёсий таҳлили // Жаҳон адабиёти, 2007. — №5.; Шарафиддинова М. Особенности повествовательной структуры произведений Уткура Хашимова и Уильяма Фолкнера (На примере романов «Войти и выйти» и «Когда я умирала» / В сб.: Взаимодействие как источник обогащения национальной литературы. Монография. – Ташкент, «Академия», 2007.
  4. Рахим И. Ёшлик кайтиб келмайди. – Ташкент, Юлдузча, 1989
  5. Худойберганов Н. Фош килиш махорати // Шарк юлдузи. – 1987. — №6. – 200 -б.
  6. «Хакикат учун курашиш керак…» Редакциянын доира бахс-мунозараси // Шарк юлдузи. – 1987. — №2. – 199-б.
  7. Махсумханов С., Турсунов Р., Йулдашева М. Узбек адабиёти. 11-синфи учун дарслик-мажмуа. – Б.: 2014. – 185-195-бб.
  8. Бутаев Ш. Кунботардаги баг // Шарқ юлдузи. – 1987. — №4. – 18-б.
  9. Дуст М.М. Галатепага кайтиш ёхуд саодатманд Гайбаров ривояти. – Ташкент, Г.Гулом номидаги Адабиёт ва санъат нашриёти, 1983. – 240-б.
  10. Султанов Х. Умр эса утмокда. Хикоялар. – Ташкент, «Ёш гвардия», 1988. – 190-199-бб.
  11. Умарбеков У. Сархисоб / китепте: Юлдузлар чараклаганда. Очерк ва хикоялар. «Шарк юлдузи» кутубхонаси. – Ташкент, Г.Гулом номидагы Адабиёт ва санъат нашриёти, 1978. – 120-134-бб.
  12. Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармалар жыйнагы. А.Акматалиевдин редакциялоосунда. 1-т. – Б.: 1999. – 69-70-бб.
  13. Отаханов Н. Ок бино окшамлари // Шарт юлдузи, 1987. — №1. – 88-б.
  14. Султанов Х. Умр эса утмокда. Хикоялар. – Ташкент, «Ёш гвардия», 1988. – 200-б.
  15. Мирзарахимов М. Ок булутлар // Шарқ юлдузи. – 1990. — №8. – 70-б.
  16. Мирзарахимов М. Сагыныч. Которгон Р.Исмаилова // http://ruhesh.kg/2017/08/07/ mirzohid-mirzarahimov-sagynych-konkurska
  17. Малик Т. Чоррахада колган одамлар. Кисса. Ташкент, Г.Гулям атындагы адабиёт ва санъат наширёти, 1985
  18. Аъзамов Э. Жавоб: Киссалар ва хикоялар. – Ташкент, «Ёш гвардия», 1986. – 272 б.
  19. Усмон Э. Уйғоқ одамлар курадиган туш // Шарқ юлдузи. – 1990. — №9. – 183-192-бб.
    20. Акматалиев А. «Ар адамдын түштөрүнө кирсеңиз…». Маектешкен Б.Аракеев. – http://in.presskg. com/?p=170
    20. Ибраимов О. Спасибо, Узбекистан, за память Айтматова! // Радио «Азаттык», 2018. – 13-июль https://rus.azattyk.org/author/92343.html

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.