(Очерк)

Күүгүм талаш. Үстү-башымдагы карды силкип, мен да жаңы келип отургам. Кемпир чырак жагам деп ашканада күйпөңдөп жүрөт.

Биз отурган чаканыраак гана бир бөлмө. Кай бирөөнүкүндөй кезге түшүп, жаркырап турган палан-түкүн жок. Үйдүн орто капшытында боз одеял жабылуу жука төшөк, бир керебет. Анын баш жагындагы чоң күзгүнү тегеректеп турган нерселер да көп үйдөн көрүп жүргөн дүр-дүнүйө.

Ашканага кетип, жаңы жандырган чырагын өзү кармай чыкты да, терезеге жакын, бурчта мен чыканактап отурган роялдын үстүнө келип койду.

Үч-төрт айдан бери үйгө байымдай албай, оокат-жайынын камы жоктугун озунуп айта келип:

— Кантели, согуш бүткөндөн кийин жыргап аларбыз,— деди Сайра кечирим сурагандай.

— Э, калың тойдо жүрүп да мүйүз чыккан жок… Кай жерлерде болдуңар?

— Дайым алдыңкы майданда жүрдүк… Концертке чыгып ырдап жатканыбызда так төбөдөн күркүрөтүп бомбулаган күндөрдү көрсөңүз… Ошондойдун эч бирине алаксып жумуш үзүлгөн жер болгон жок. Уйку деген кайда? Жакында кайра кетебиз.

Анвар жөнүнөн бир топ пикирлешип алып, согуш аңгемеси бүтө берген кезде мен:

— Эмесе, Сакиш, сизге да, мага да жайчылык мезгил жок көрүнөт,— деп чукулунан бир койдум:— Менин келген жумушумду болсо билесиз. Ошондуктан бүгүн бу жерде бири бирибизден ийменүү, сактануу, окумуштуу, модалуу тилге салуу дегендей сап болуп, накта карапайым тил менен сүйлөшөлү. Тартынышпайлы. Азыркы сапар бизге кереги да ушу. Мындай болбогон күндө ким кимибизди түшүнүү кыйыныраак келер. Ал, саясат сабагы, закон жүзү, модалуу тил дегендейлер болсо, бу жагын элден сизди кем билет деп ойлобойбуз да…

Колунда барактар, ачып турган китебин текчеде китептерге кошуп коюп, кайра тартты да, маңдайына жарашып түшүбүрөк турган топ чачын кийин сылап, күлүмсүрөй түшүп келип:

— Кепке чоркок элек, кандай дээрим да билбей турам,— деди.

— Эптеп көрөрсүз.

Бир кезде: «Мен ойлогондой эмес, ачык-айрым болуп чыкты го»,— дедим ичимден.

Ушундан көп кечикпей ок романдагыдай эс тарткандагыдан берки бир кыздын узак, кызык өмүрү «меймандын» көз алдынан тизилип өтүп жатты. Кенедейинен эси-дарты театр болду. «Кайдагы бир маскарапозду чыгарып алган, бу чунак,»— деп ата-энеси баланын жүрөгүн кайтармакка нечен жолу какыс-кукус да кылып көрдү. Жашынанбы же башка бир себептенби, эки курдай келип, өтпөй калып ыйлап кетти. Бир жылдары Ат-Башыга кызматка кетип, ошол жерде да театр дайым түшүнө кирип жүрдү.

Ошону менен күндөрдүн биринде көптөн көксөгөн тилеги кабыл болуп театрга өттү. Бу жолдо көп аракет, далай жорукту башынан кечирди.

Ошондон көп узабай, Пушкиндин 100 жылдыгына сахнага бир-эки чыгуу менен «Сайра» деген ат элибизге бир эле күндө дүңк эте түштү. Ушул ролду кандай чыгарсам деп нечен түндөрдү чырым албай атырган күндөрү болду. Декадага камданып жатканда Айчүрөктүн ролун (адегенде башка кишиге берилген) өзүнчө даярданып келип, комиссияга жагып, өтүп кетти. Москвага барганда бир күнү ноокастап калып, Сталин келет дегенин угуп, журт кой дегенге болбой, мойноп жатып сахнага чыкты.

Ушинтип баштан-аяк күрөш менен аракет толгон тарыхын эт бышымдай сүйлөп, аяктай берген кезде мыкты, болук денеси саал козголуп койду да:

— Бизде болгону ушул экен,— деди көзүнүн кыйыгы менен күлүмсүрөп.

Убакытты унутуп коюппуз. Байкасак түндүн бир талайы. Бая, кечке жуук улага жакта бир баштык оюнчугу менен алышып жаткан кичине кыз алда качан уктап калган экен.

Адегенде мен эчтеме дегеним жок. Бар болгону:

— «Эл эмне десе ошо дей берсин, сен өз жолуң менен жүрө бер» дегенди Маркс ушундан улам айткан эмеспи. Мына, акыры эмгек жеңди. Жолду дурус алгансың,— деген гана сөз оозума келди.

Мындан кийин ушул таптагы жумуштарын баяндап келип, актёр чеберчилиги жөнүндө созулган аңгеме артынан бир кезде:

— Мага ушул Айчүрөк менен Татьяна ролу гана кымбатыраак түштү,— деп оор жүк менен алыска барып тынган кишидей терең дем чыгарып, улутунгансып койду да, соңунан бир тамаша кепке салып, шаңкылдап күлүп жиберди.

— Сиз чарчап калдыңыз белем?

— Жо-о-ок! Неге? Согушта белден саз кечип жүргөнгө караганда ушул кеп бекен?!

— Да. Эми айтылбаган сөз да калган жок көрүнбөдүбү? Кайтардагы бир жаман акылыбыз — көпкөндү жаман көргөндүк. Сиз мынте койбостурсуз?

Бул сөздүн чын же тамаша менен айтылгандыгын менин жүзүмдөн издегендей жалт карап алды да, бир аз унчукпай калып барып:

— Ошондой болор деп ойлойсузбу?— деди.

— Ким билет… Бу жердин кепилин ала албайбыз. Эл үчүн туулган азамат милдети — соңку сагатка чейин кармашуу. Эч качан, эч жерде…

Асиреттешүү дагы бир топко кетти. «Өз ишин кандай жакшы көрөт!» дедим ичимден.

Арийне, тарыхый өсүш жолундагы кишилерге кыйынчылык, карама-каршылыкка жолугуу дегендер закондуу нерсе. Ошонун сыңарындай, бир заманда бул талантты бура сүйлөгөндөр да болгон. Алар жокко чыгып, Сайра деген ат катуу берилиш, такай эмгек аркалуу гана келип жарыкка чыкканына дагы бир жолу чындап көзү жетип, муну сүйлөп жеткириш үчүн жоон-жолпу чыгарма болбосо, бирди-жарым аңгемеге сыйбасын ойго келтире, Сайра менен коштошуп, келген киши жолун тартты.

8-январь 1943-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.