Улам барган сайын мечиттердин саны көбөйүп, динге үгүттөгөндөр четтен чыгат. Топ-топ болуп ээрчишип, үй-үйлөрдү кыдырып, кайырчыдай болуп мечитке барып кой деген дааватчылардын саны күн сайын өсүүдө. Көчөдө оронуп-чулганып жер чийип, анысы аз келгенсип жердеги болгон ыпыр-сыпырдын баарын кошо ал кеткен көйнөктөр мындан толтура. Эртеңибиз кайда баратат? Бул өңдүү маселелер бир канча ирээт талкууланса да, коомчулуктун олуттуу көйгөйүнө айланып бара жаткансыйт.

Кыргыздын канга сиңген нарк-насили кайда кеткен – жер сыйпалап таппайсың. Дырдай жылаңач жандар андан көп. Түнкү көңүл ачуучу клубдар шойкомдуулардын көңүл борборунда. Шаар ичи күндүзү башка да, түнкүсү бир башкача болорун укканда төбө чачың тик турат.

Айрымдары болушунча оронуп-чулганып алса, башкасы эптеп-септеп уяттуу жерин жапканга гана жете турчу кездемеге оролгон. Чыныгы кыргыздын идеологиясын алып жүрүүчүлөр чанда кездешип калгандай. Байкасак, өлкөдө мектеп эмес, байма-бай курулган мечиттер тез аранын ичинде бүткөрүлүүдө, ошол эле учурда канча жыл мурун башталган мектеп имараттарынын курулуштары айлап-жылдап ээсиз калган ээн тамдай турганы турган. Буга кимди күнөөлөй алабыз? Мамлекеттиби? Же тигил, же бул элдин идеологиясын колдоп коштоп жүргөн элибиздиби?

Айылбы, шаарбы, батектей сакал коюп, буттарына кепич кийип, аял эмес же эркек эмес ыштан көйнөк кийгендерди көргөндө аргасыз улутунасың… Үймө-үй кыдырып, ар кимдин дарбазасын каккылап жүрүшсө, булардын кылаарга иши жокпу дейсиң. Айрымдардан, бала-чакасын ачка калтырып, кырк күндөп даават айтып тентип кеткен эркек сөөрөйлөрдүн бар экенин укканда, жаның кашаят. Аялы, бала-чакасы ачка отурса,  дааваттын кандай зарылчылыгы бар?! Барсын, барбасын дебейбиз, бардык нерсенин чеги болот. Кырк күн бою эркектин үйдө болбошу үй-бүлөгө залакасын тийгизбейби? Мейли, бир жума барсын, такыр болбосо 15 күнгө, бирок кырк күндүк даават айтып үй-бүлөсүнөн безип качып жүргөндөр бала-чака, өмүрлүк жарынын убалынан коркпойбу?! Аталык жоопкерчилик, камкордук аларды ойлондурбайбы?! Артында балдары калса, айбан деле үңкүрүнө тынчсызданат экен жеткенче. А бизде үй-бүлөсүнө кайдыгер динчилдер кантип анан Алланын ыраазычылыгын күтөт?!

Ооба, баарыбыз эле кудай деген пендебиз, а бирок дүйнөдөгү ээң таза деген ислам дининин булганышы, бурмаланышы элибизге бир топ эле залакасын тийгизип жатпайбы. Кеп, ыймандын кийимде, дааватта, кебете-кешпирде эмес, жүрөктө болушунда го. Сен адамды миң зордоп ороп-чулгасаң да, миң күндөп дааватка алпарсаң да, жүрөгүндө ыйман болбогон соң кылганыңдан не пайда.

Туура, дин тууралуу маалымат сөзсүз түрдө берилиши керек, а бирок ошол берилип жаткан маалыматтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар, маанилүүсү ошол. Айрымдар ошол дааватка үгүттөп жүргөндөрдүн арасында башка динге үгүттөгөндөр бар экенин айтып эле жүрүшөт.

Өзүбүздүн эле эч ким таңуулабаган, жакшынакай кийимдерибиз бар го. Дене-боюңа төп келип, ачык болбогон жапжакшынакай кийимдер тигилип эле жатпайбы. Бардык нерсенин орду менен болгону дурус. Жетиген Асанбек эжеке айткандай, чечин десе дардайып чечинип албай, кийин десе болушунча оронуп-чүмкөнүп албай, жөн эле жүрсөк болот беле.

Көчөгө чыгып же транспорт каражаттарына түшүп калган кезде шумдуктуудай кийинген кыздарды көрөсүң. Хиджабды го кийиптир, бетиндеги косметика канча кило экенин айтпай эле кой, болушунча, косметика калбай калганча шыбаныптыр, жүрөгүң айланат, кийген узун көйнөктүн ыңгайы жок, шалбырап, этеги болушунча жер чийип атып капкара, кирин айтпа, анысы аз келгинсип ооздо сагызды балчаңдата чайнап, телефондо ырсаңдап сүйлөшүп барат. Ушубу диндин үлгүсү? Үлгү болгонду кой, көргөн кишини ирээнжитет. Дал ушундай хиджаб кийип, кылгылыкты кылгандар да четтен чыгат.

Хиджаб кийдиңби, ошого татыктуу алып жүр өзүңдү. Бул кылганыбыздын баары, келечегибиздин пайдубалы эмей эмне. Азыр ушинтип жатсак, биздин балдар кандай болот? А бирок бардыгы эле ушундай көрүнүштө дегенден алыспыз, арасында тыпырайып жоолукту ирээттүү салынып, өзүнө тыкан, бой келбетине төп келген хиджаб кийип жүргөндөр аз эмес. А бирок мындайларды жанагындайлар бузуп жатпайбы. Дин да ошол сыяктуу, таптаза динге болушунча май-көөнү шыбап, элге таркатып жатышпайбы.

Балачакта мындай көрүнүш дээрлик жокко эсе эле, намаз окугандар беш маал намазын окуп, мечитке барчусу барып, чыныгы ыймандуулар атеизм доорунда деле динин жоготкон эмес. Өз чоң энем ыраматылык, 93 жашка чейин, айтор буту баспай калганга дейре намаз окуп, ачкыл-кычкылдан алыс болуп эле жакшынакай жашап өттү. Сүйлөсө сөзү орунда, дин тууралуу бир топ сонун маалыматтарды берер эле. Азыр дин тууралуу маалымат угуп көрчү – баш айланат.

А молдокелердин кылган жосунсуз жоруктары жолдо калсын. Айтор, айта берсек сөз көп. Чала молдо дин бузат болбой, динди түпкү тегинен аңдап билип, коомду ирээнжитпегидей кийинип жүрсөк, кийинки жаштарга үлгү болор белек. «Молдонун айтканын угуп, кылганын кылба» деген кеп да бекеринен чыкпагандыр…

Кыргыздын нукура идеологиясы каныбызда кайнап, жаныбызда жандап жүрсө, башкалардын динин дин дебейбиз да, тилин тил дебейбиз. Улут болсоң тилиң менен, диниң менен улутсуң. Кыргызга таандык болгон нарк-насилди келечек урпакка бурмалабай, булгабай өткөрүп берүү биздин парз! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө тунук ыйман болсун да, жакшы, жаркын келечекти жараткан баарыбызга насип кылган болсун!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.