Чечкиндүү кадамга барганыңды кош колдоп кубаттайм, Зере! Албетте, мен сени таптакыр тааныбайм, бирок коомчулукка уу-дуу салган «Кыз» аттуу клибиңдин маани-маңызын ким кандай кабыл алат – ал маанилүү эмес. Эң маанилүүсү – жалаң жөө жомоктон тарбия алып калыптанган улутка авангарддык искусствонун үлгүсүн алып чыкканыңа ар кимдин эле кайраты жетмек эмес.

Мындай кадамга батынган сендей жаштардын чыгармачылык экспериментине көркөм арсеналдык ой жүгүртүү жөндөмүнө жетпегендер албетте, сени талап-тытып, жеп коюуга даяр! Алардын жырткычтан айырмасы жок! Бирок мечитте намазга жыгылат ошолор… Алардан баарын күтсө болот.

Алар үчүн адам өз денесин ачык көрсөтүп койгону өтө өөн, өтө чектен ашкан жосундай көрүнгөнүнүн бир гана себеби бар. Ал себептер кайсы? Жандүйнөсү жылаңачтарга сага окшогондор желмогуздай көрүнөрүн унутпаң! Алар өздөрүнүн улуттук менталитет, диний түшүнүк деген рамкасына камалган шордуулар жана улуттук каада-салт деген жалган түшүнүктө жашаган псевдопатриоттор! Алардын менталитети улуттук да менталитетке жатпайт, алар каршылык көрсөтүү менталитетин ташынып жашагандар. Алардын менталитетин сен – пендечилик менталитет деп түшүн!

Жалаң той-ашка, мечитке буту үзүлгөнчө каттаган коомдо аргасыз сыгылып жашоого сен экөөбүздөй жиндилердин да укугу бар, эй! Эмне, жалаң эле мисирейип, зымпыйып чийинден чыкпай такыбасынып жашагандарды сүйөт бекен Кудай! Кудай сен экөөбүзгө окшогондорду да сүйүп жараткан. Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз, теңбиз. Тек гана сен экөөбүздөй бейбаштарды кошо жараткан Кудайга эмне дейт элек? Биздей бейбаштар да керек коомго. Сен экөөбүздөй коомго артык баш көрүнгөндөрдүн өмүрүн кыйып койчу зөөкүрлөр четтен табылат, бирок аларга да Кудайдын өтө катуу жазасы бар…

Театрга басып барбаган, музей аралап, сүрөт искусствосунун кереметин көрбөгөн үчүн – сен көпчүлүк түркөйлөргө чектен ашкан бейбаш өспүрүм көрүнөрсүң, бирок мен сендей чечкиндүү таланттардын келечегине көп үмүт артам. Адамдын турмушка болгон алгачкы чечкиндүү кадамын сен көргөздүң башкаларга.

Албетте, сен азыр алардын адам сыягындагы касиетин түшүнүүгө али жашсың. Мен сени ошон үчүн колдойм! Сендей жаш муундун эпкиндеп турган эркин-эминдигин, жаштык демин кубаттайм! Кептин баары сендей «чоң жиндилерден» чыгат. Сендей жинди кыздар ойготот коомду! А интеллигенция шал болуп калган эбак!

Сен андан көрө мени менен байланыш. Экөөбүз дос болобуз да, жиндилер коомун түзөбүз. Мен да өз балдарымды сага окшотуп бейбаш тарбиялагамын. Алар да сен экөөбүздөн өткөн жиндилер. Үйдү сапырып ойношот азыркыга чейин. Кээде мени да кошуп алышат… Алар азыр – сен курактуу. Алар да сага окшоп шайтандап, чектен чыгып турушат. Мени кубандырганы ошол.

Сен экөөбүз клипке чогуу сценарий жазабыз, ырдын тексттине мен да аралашам. Анан сонун чыгармалар жаралат. Ошентип экөөбүз чыгармачылыкта санаалаш-тилектеш болуп, элди уу-дуу түшүрөбүз дагы, жиндерин кайнатып…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.