Петя-петушок жөнүндө жомок

Бар экен, жок экен, Петя-петушок деген короз болуптур. Таажысы өрттөй кызыл, жүндөрү жибектей жумшак, текөөрү бычактай курч, өңү болсо абдан кооз короз экен. Ал эми үнүчү үнү! Тимеле коңгуроонукундай таза, тунук жана бийик экен. Бир жолу ал баардыгынан эрте ойгонуптур. Терезеден караса сырт караңгы жана тынч экен. Баардык жандуулар уктап жатышыптыр. Ал тургай күн да уктап калыптыр. “Жакшы эмес!”- деп ойлонду Петя-петушок. Ал ошол замат дубалдын үстүнө секирип чыгып кыйкырды: – Ку-ка-ре-ку! Катуу, катуу жер жаңырта кыйкырганын күн да угуп […]

Кубатбек Жусубалиев «улуу адамдар күзгү» дейт

«Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» Айтылгандар айныгыс чындык деп кепилдикке турбайбыз. Окурман сотуна коюп жаткан бул журналисттик табылгабыз (табылга экендигине ишенгибиз келет) балким ар кимдин ар кандай кабылдоосун: толкундануусун, таң калуусун, күдүктөнүүсүн, атүгүл түшүнбөстүгүн пайда кылар. Анткени мында бир караганда күтүүсүз, бир беткей эмес, карама-каршылыктуу (диалектикалуу дегенибиз) көз караштын илеби айкын сезилет, демек, талаштуу пикирлер да жок эместигин авторлор жоопкерчилик менен туюп турушат. Туңгуч «Күн автопортретин бүтө элек» повести, андан кийинки «Толубай сынчы», «Күздүн акыркы күнү», «Муздак дубалдар» […]

Жулунган журналисттердин озуйпасы

«Журналистика – чоң күч. Анын күчү дамбаны бузган суудай баарын ойрондойт. Ээн баш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт«. Махатма ГАНДИ Улуу саясый ишмер, улуу ойчул Махатма Гандинин бул айтканына кыргыз бийлиги да, кыргыз журналистикасы да көңүл бөлбөй келет. Чын-чынында коом, дегеле жалпы дүйнөлүк саясат – журналистиканын эбегейсиз зарылчылыгы менен жүргүзүлөрүн терең аңдасак кана! Эпиграфтагы накыл кептин биринчи бөлүгүндө, албетте, күчтүү журналистика дамбаны бузган суудай зор таасирге ээ болгондуктан, дүйнөдө болуп жаткан ийгиликтердин эч бирин маалыматтык жеңиштин ролусуз элестетүү мүмкүн […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Жалгыздыктын жүз жылы (уландысы)

РОМАН <<<<<<<<<<<<<Мурда жарыяланган бөлүгү III ГЛАВА Пилар Тернеранын уулу жарык дүйнөгө келгенинен эки жума өткөндөн кийин ымыркайды чоң ата, чоң энесинин үйүнө алып келишти. Эри Буэндиалардын тукуму кор болбошу керек деп көшөрүп туруп алгандыктан, Урсула аргасыздан бөбөктү алып калды. Бирок ал бала өзүнүн төрөлүш тарыхы тууралуу эч нерсе билбеши керек деген шартты койду. Наристеге Хосе Аркадио деп ат коюшту. Бирок атасы менен чаташтырып албоо үчүн аны бара-бара жөн гана Аркадио деп чакыра башташты. Бул тушта Макондо эли соодага берилген, Буэндиалардын […]

Александр Куприн: Бир тамчы аңгемелер

Кириш сөз Көп учурларда жазуучулар жазганга тема таба алышпай кыйналышат. Ошол эле учурда байкаган адамга жандуу кызык аңгемелер: театрда, метродо, көчөлөрдө, базарларда, ресторандарда, чиркөөдө, кемелерде, кыскасы бардык жерлерде өздөрү астыңдан жүгүрүп чыгышат. Жүгүрүп чыгып: “Биздей жетимдерди өзүңөргө алып алгылачы, бай болгурлар!” деп суранышат. Алардын кээс — өлчөмү болгону он сап — бирок, окуясы ушунчалык жыш, бир романга татыйт. Байкасаңыз, анилиндин бир тамчысы ваннадагы чоң киши жуунганга жеткидей сууну сыя-жашылга боёгонго жетет эмеспи. ТАШ БАКА Монте-Карлодогу казино. Кеч. Оюн столдорунун бардыгын […]