РОМАН

<<<<<<<<<<<<<Мурда жарыяланган бөлүгү

III ГЛАВА

Пилар Тернеранын уулу жарык дүйнөгө келгенинен эки жума өткөндөн кийин ымыркайды чоң ата, чоң энесинин үйүнө алып келишти. Эри Буэндиалардын тукуму кор болбошу керек деп көшөрүп туруп алгандыктан, Урсула аргасыздан бөбөктү алып калды. Бирок ал бала өзүнүн төрөлүш тарыхы тууралуу эч нерсе билбеши керек деген шартты койду. Наристеге Хосе Аркадио деп ат коюшту. Бирок атасы менен чаташтырып албоо үчүн аны бара-бара жөн гана Аркадио деп чакыра башташты.

Бул тушта Макондо эли соодага берилген, Буэндиалардын да жүгүр-жүгүрдөн колу бошобой, атүгүл балдарды караганга да чололору жетпей жатышкан. Ошол себептен балдарды Виситасьон ысымду индей аялга беришти. Аял гуахиро уруусунан болуп, Макондого агасы менен бирге өзүлөрүнүн журтунда көп жылдардан бери өкүм сүрүп жаткан жугуштуу уйкусуздук илдетинен качып келишкен эле. Ага-карындаш индейлер — өтө кичипейил, мээнеткеч адамдар. Урсула аларды ишке жалдаган соң, Аркадио менен Амарантанын тилдери испанча эмес, гуахиро тилинде чыгып, ал тургай кескелдириктин эти менен жөргөмүштүн жумурткалары салынган шорпо ичкенди да үйрөнүштү.

Урсула муну сезбеди, бул күндөрү ал момпосуй жасоо менен алек эле. Макондо түп тамырынан өзгөрүп кетти. Урсула ээрчитип келген адамдар бул кыштактын географиялык абалы менен, жерлеринин өнүмдүүлүгү тууралуу маалыматты ааламга жайылтышкандыктан, усталардын өнөрканалары менен дүкөндөр көбөйүп, соода жолу кызуу түптөлүп, жупуну айыл абалынан Макондо тез арада күрү-гүү түшкөн шаарга айланды: бул жерде буттарына тапичке кийген, кулактарына сөйкө тагынган араптар да пайда болуп, айнек шуруларды тотукуштарга айырбаштап жүрүштү.

Хосе Аркадио Буэндиа башын тырмоого да убакыт таба алчу эмес. Ал лабораториядагы иштерди да унутуп, кыштакты көрктөндүрүү менен алектенди. Жаңы көчүп келгендер аны урматташчу. Үй салуу үчүн, дубал тургузуу үчүн жай тандоо да анын мойнунда, айтор эч бир жумуш анын кеп-кеңешисиз башталчу эмес. Атүгүл жерлерди бөлүштүрүү да Хосе Аркадио Буэндиага тапшырылды.

Өзүлөрүнүн өнөрлөрүн кумар оюндары үчүн кумарканага алмаштырган маскарапоз лөлүлөр жармаңкеси менен кайтып келишкенде, аларды эң алгач ызат-урмат менен тосуп алышты, анткени алар менен бирге Хосе Аркадио да кайтып келет деп үмүттөнүшкөн. Бирок Хосе Аркадио алардын арасынан көрүнбөдү. Урсуланын туюмунда тун уулун биле турган жана аны кайдан издешти айта алчу жылан-адам да жок. Ошол себептен лөлүлөргө Макондодо калууга уруксат беришпеди. Атүгүл аларды бул жакка эми эч качан кадам баспагыла деп эскертип да коюшту, эми макондолуктар лөлүлөрдү ач көз жана бузуку катары саначу болушту.

Ал эми Хосе Аркадио Буэндиа, эгер кыштагыбызга миң жылдык даанышмандыгы жана кереметтүү ачылыштары менен Макондонун өнүгүшүнө салымын кошкон лөлүлөр — Мелькиадестин тобу келсе, аларды кучак жая тосуп алабыз деп айтты. Бирок түрдүү дербиштердин жана саякатчылардын айтымына караганда Мелькиадестин жамааты адамзат билүүсүнө тыюу салынган тагдырга баш урганы үчүн жер жүзүнөн биротоло жоготулуп жиберилген экен.

Атасы шаарды тартипке келтирип, энеси момпосуй жасап, аны бальси дарагынын чыбыктарына тизип, үйүнөн күн сайын үч ирет сатууга чыгарып, үй-бүлөнүн экономикасын чыңдоого күч үрөп жаткан учурда Аурелиано таштанды лабораторияда олтуруп алып, зергердик өнөрдү астейдил үйрөндү. Анын бою созулуп, агасынан калган кийимдер да кыска болуп, эми атасынын кийимдерин кийчү. Виситасьон Аурелианого атасынын кийимдерин анча-мынча тарытып берчү, анткени ал толуктукта атасы менен агасына жете элек болчу.

Аурелиано өспүрүмдүк куракка жеткенде үнү жооноюп, аз сүйлөчү болуп калды. Ал зергерчиликке ушунчалык берилген эле, лабораториядан тамактануу үчүн эле чыкчу. Уулунун адамдардан оолактап, түнт болгонунан сарысанаага түшкөн атасы уулум аялды эңсеп калыптыр деген ойго кетип, көчөгө чыкчу эшиктин ачкычын калтырып, ага акча да берди. Аурелиано акчага туз кислотасын сатып алып, арак жасады, ачкычтын үстүн алтын жалатып койду. Бирок анын өнөрү Аркадио жана Амарантанын кылык-жоруктарынын алдында эч нерсеге арзычу эмес, сүт тиштери түшө баштаса да кичинекей эже менен ини индейлердин этегине эрмешип, күн бою артынан ээрчип жүрүшчү, эмитен эле испан тилинде сүйлөшүүдөн баш тартышып, гуахиро тилинде сүйлөшчү.

“Аларда не айып, — деди Урсула эрине,- ата-энеси теңирден тескери болгондон кийин аларга да жукпай койбойт эмеспи”,- деп Урсула кылыгы жаман перзент менен чочко куйруктуу перзенттин айырмасы жок эмеспи деп, таалайынын тайкылыгына даттанайын деп турган кезде, Аурелиано ага катуу үңүлүп, анын шаштысын кетирип койду.

— Биздикине бирөө келатат,- деди ал.

Урсула уулу ар качан көзү ачыктык кыла баштаганда колдончу усулу менен аны алаксытып, “Бирөө келсе эмне экен, мунун эч кандай таңгалаарлык жери жок. Кудайдын куттуу күнүндө Макондодон ондогон мусаапырлар өтөт, алар эч кандай көзү ачыктыкка муктаж эмес”. — Аурелиано да өз айтканынан кайтпады.

— Кимдигин билбейм го, бирок ошол адам эчак бизге карай жол алган, — деди ал.

Чындап эле жекшемби күнү Ребека пайда болду. Анын жашы он бирлерде эле. Кыз тери иштеткичтер менен келди. Колунда аны сөзсүз Хосе Аркадио Буэндианын үй-бүлөсүнө тапшырууну табыштаган кат да бар экен. Бирок теричилер да, кыз да бул катты ким жазганын айтып бере алышпады. Алар Манауреден Макондого чейинки оор жолду басып келишкен. Жаңы меймандын болгон бүткөн дүйнөсү кийим-кече салынган сандыкча менен термелүүчү жупуну жыгач күрсү жана ичинде шагыраган бирдеме салынган мүшөгү бар эле.

Баштыкты ачып көрүшкөндө ата-энесинин сөөктөрү чыкты. Хосе Аркадио Буэндиага жазылган кат азыркыга чейин аны чексиз сүйгөн адам тарабынан жылуу сөздөр менен жазылган эле. Ал өзүнүн адамдык ыйык милдетин өтөп жатканын, аныгыраагы Урсуланын таежеси да, Хосе Аркадио Буэндианын тууганынан калган бул жетим кызды (ата-энеси Никонар Ульоа жана Ребека Монтел бир топ убакыт мурда дүйнөдөн өткөн, анын атасы каттын ээсинин жакын досу болгон экен) жөнөтүп жатканы айтылган эле.

Белгисиз киши кыз менен кошо ата-энесинин сөөктөрүн да жөнөтүп жатканын баяндап, бул сөөктөрдү христиан дининин эрежелерине ылайык көмүүнү суранган эле.

Катта жазылган ысым да, анын аягына коюлган кол түшүнүктүү болсо да Хосе Аркадио Буэндиа да, Урсула да алыскы Манауре кыштагында жашоочу мындай тууганы же таанышы бар экенин эстей алышпады. Ал кыздан кошумча маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Ал үйгө кирип, термелгич күрсүгө олтурду да, суроолорго да көңүл бурбай, тегерегиндеги адамдарга чоочуркап карап, манжасын соруп кирди.

Анын кийгени эски кара көйнөк, бутунда чирип бараткан туфли бар эле. Кулагынын артындагы эки тарам чачы кара тасма менен байланган, мойнунда сыртындагы сүрөтү терден өңү өчүп бараткан тумар илинген эле. Оң билегинде көз мончок жана кайсы бир жапайы жандыктын жез сымга өткөрүлгөн азуу тиши бар эле. Кыздын жашыл түскө өтүп бараткан териси, дагарадай шишип кеткен курсагы анын ден соолугунун начардыгын жана көбүнчөсүн ачка жүргөнүн билдирип турду. Ошого карабай анын тизесине тамак салынган табакчаны койгондо да кымыр этпеди. Алгач аны дудук деп ойлошту, бирок ага индейлер тамак жегиң келеби деп өз тилдеринде суроо узатышканда, ал аларды тааныгандай көздөрүн ачып-жумуп ыраазычылык билдирип, баш ийкеди.

Кызды алып калышты, баары бир башка арга жок эле. Аурелиано катты үнүн бийик чыгарып окуганда да, анын ата-энесинин атын атаганда деле унчукпай олтурса да, ага  катта жазылгандай (эгер туура болсо) энесинин атын коюшуп, Ребека деп атай башташты. Ошол кездерде Макондодо мүрзө жок болгондуктан (бул жерде эч ким өлө элек болчу) сөөктөрдү көмүүгө ылайык жер табылганча, мүшөктү жашырып коюшту, бирок күрп тоок какылдагандай дабыш чыгарган абалда мүшөк көрүнгөн жерден чыга калчу. Ребека үй-бүлөнүн шартына көнгөнгө чейин кыйла убакыт өттү.

Башта ал күрсүсүн кайсы бир бурчка коюп алып, бармак соргондон башкага өтпөдү. Кыз эч нерсеге кызыкчу эмес, болгону саат ар отуз мүнөттө музыка ойногондо ошол музыканы көргүсү келгендей айланага кулак түрө назар салчу. Ребекага тамак жедириш — азаптын азабы эле. Кыздын дубалдан кесек сындырып жегенин индий ага-карындаш байкап калганга чейин, баарысы кыз эмнеликтен ачкалыктан өлбөй жатат деп таңданышчу. Ата-энеси же кызды асырап алгандар кызды жазалашкандыктан, Ребека күнөөлүү иш жасап жатканын сезчү, кесекти жашырып жеп, атүгүл эч ким жокто тоё-тоё тамактануу үчүн камдап да койчу.

Ребеканын үстүнөн катуу көзөмөл жүргүзүштү. Короого уйдун өтүн сууга аралаштырып чачып, дубалдарга индилердин ачуу калемпирин сүйкөштү. Бирок кыз өзүнүн сүйүктүү “даамын” баары бир таап алчу. Акыры Урсула таасирдүү чараларды колдоно баштады. Ал сүзөнөөк уйга мамиле жасагандай аракет зарылдыгын туйду. Ал апельсин шербети менен ышкындын суусун аралаштырып, идишти түнү бою сыртка шүүдүрүмгө калтырчу, соңунда бул дарыны эртең мененки тамактан мурда Ребекага ичирди. Мындай дарыны колдонуу керектигин Урсулага эч ким айткан эмес, бирок ал өзүнчө бош ашказанга түшчү, ар бир кычкыл суусундук боордун зарнасын ойготот деген ойго келди.

Илмейиңки Ребека өтө эле урушчаак экен — теминди, тырышты, тиштенди, дарыны ичпеш үчүн гуахиро тилинде түшүнүксүз сөздөрдү айтты, нааразы болгон индейлердин айтымында бул гуахиро тилиндеги эң оозго алгыс сөздөр экен. Урсула дарыга кемердин соккусун да кошуп дабалай баштады. Убарагерчиликтин натыйжасы жаман болбоду, бир нече жумадан кийин Ребека айыга баштады. Аркадио жана Амаранта менен ойноп, табит менен тамак жеп, ал түгүл бычак менен вилканы кармоону да билчү.

Кийинчерээк анын испан тилинде да саймедиреп сүйлөшү, өтө уздугу, өзү чыгарган уйкаш саптарды сааттын музыкасынын коштоосунда ырдаары маалым болду. Тез арада ал үй-бүлөнүн жаңы мүчөсүнө айланды. Урсуланы өзгөчө ызаттап, Амарантаны сиңди, Аркадиону ини, Аурелианону байке, ал эми Хосе Аркадио Буэндианы чоң ата деп атачу. Ошондо Ребека да Буэндиа фамилиясын алды жана бул ысымга өмүр бою так түшүрбөдү.

Ребека кесек жеген адатын калтырган соң аны Амаранта жана Аркадио уктачу бөлмөгө которушту. Балдар менен чогуу түнөөчү индей аял бир түнү чочуп ойгонуп кетти, бурчтан угулуп жаткан таңкаларлык добушту укту. Бөлмөгө кандайдыр бир жандык кирип алганбы деп чочуган аял ордунан секирип турду да, бөлмөдө термелме күрсүдө отуруп, бармагын соруп жаткан Ребеканы көрдү. Кыздын көздөрү караңгыда кудум мышыктыкындай жанып турду. Корккондон катып калган Виситасьон кыздын көздөрүндө алар агасы экөө тактынын мураскерлери эсептелчү байыркы королдукту таштап чыгууга мажбур кылган ошол кайгылуу оорунун белгилерин көрдү: үйдө уйкусуздук илдети өкүм сүрө баштады.

Аялдын агасы Катауре Макондодон таңды күтпөй эле чыгып кетти. Виситасьон эми ушул жерде калды, ал эми тагдырга моюн сунуп дабасыз бул дарттан качып кутула албастыгын аңдаган эле. Виситасьондун ташпишин эч кимиси түшөнө албады: “Уктабайбызбы? Эмне болуптур, кайра жакшы да,- деди ыраазы боло Хосе Аркадио Буэндиа, — Жашоодон көбүрөөк нерсе өндүрүп алууга болот”. Бирок Виситасьон ага бул илдеттин азабы уйкусуздук эле эмес, тескерисинче, уйкусуздуктан адамдын денеси чарчоону сезбейт, бул илдеттин коркунучтуу жери — унутчаактык да болорун түшүнтүрдү. Уйкусуздукка кабылган оорулуу баштап балалыктагы окуяларын, кийин нерселердин аталыштарын жана кайсы максатка колдонуларын эсинен чыгарат, кийин ал адамдарды да тааныбай калат, анан калса өзүн-өзү аңдабай, мындай жан делбедей бир абалга түшөт. Хосе Аркадио Буэндиа күлө-күлө бул ырымчыл индейлердин ойдон чыгарган окуяларынан болсо керек деген бүтүмгө келди. Бирок зирек Урсула не бар, не жок деп Ребеканы балдардан айырып койду.

Арадан бир топ убакыт өтүп, Виситасьон чочулоосу басылгандай болуп калган бир учурда Хосе Аркадио Буэндиа түн жарымда төшөктө ары-бери ойдолоктоп, бир капталдан экинчисине ооналактап чыкты. Урсула да кирпик какпай жаткан эле. Ал эринен эмне үчүн уктабай жатканын сураганда, эри: «Мен Пруденсио Агиляр тууралуу ойлоп жатам”,- деп жообун кайтарды. Алар түндү уйкусуз өткөрүштү, бирок эртең менен өздөрүн өтө жакшы сезгендиктенби, айтор түндөгү уйкучуздукту жадынан чыгарышты.

Аурелиано түнү бою уктабай, Урсуланын туулган күнүнө арнаган төөнөгүчтү алтын жалатуу үчүн лабораторияда отуруп чыккан болсо да, өзүн жакшы сезип жатканын түш ченде таңдануу менен айтып берди. Бирок арадан эки күн өткөн соң, адатта Буэндиалар уктачу убакыт болгондо, алардын эч бири уктай алышпаса да, эч ким мындай таңалыштуу абалга маани бербеди, ал түгүл дээрлик элүү саттан бери көздөрүн жумбагандыктары эч кимдин капарына да келбеди.

— Балдар да уйкусуз. Үйгө бул балээ апаат кирген соң, андан эч ким кутула албайт,- деди ырымчыл индей аял.

Бүткүл үй-бүлө уйкусуздук дартына чалдыкты. Энесинен чөптөрдүн дарылык касиетин өздөштүргөн Урсула, алардан дарыларды даярдап, үйдөгүлөргө ичирсе да, баары бир эч ким уктай албай, күндүзү өңүндө түш көрүп чыгышчу. Алар жүрүм-турумунан бейкабар инсандардай өз кыялдары калып кетип, эми башкалардын кыялдарында жүргөн караандарды да даана көрө башташты. Үй кудум меймандар менен толуп тургандай эле. Тамак иччү бөлмөнүн бурчунда термелме күрсүдө олтурган Ребека кыялга батып, ага куюп койгондой окшош, ак матадан кийим кийген, жакасына алтын төөнөгүч таккан аял ага роза гүлүн сунуп жаткан.

Анын жанындагы колдору жумшак аял гүлдөрдүн бирин алып, Ребеканын чачына кыстарды. Ребеканын кыялынан кабардар Урсула булар анын ата-энеси экенин түшүндү, бирок канчалык аракеттенсе да, аларды тааный албайды, ал түгүл аларды мурда кийин эч качан жолуктурбаганын туйду. Мына ошол учурда момпосуй, таттууларды базарга сатуу үчүн даярдалганын алып чыкпоо керектигин Хосе Аркадио билбей калды жана өзүнүн бейкапарлыгына өзүн-өзү сөгүп кирди. Балдар жана чоңдор ажайып жашыл момпосуйларды, пушту чабак балыктары менен сары аттарды ырахаттана шимип, шаардын баары өзүлөрүнө уйкусуздук илдетин жуктуруп алышты жана дүйшөмбү күндүн таңына чейин эч ким уктай албады. Оболу буга эч ким кейибеди. Тескерисинче, көпчүлүк кубанды, анткени ошондо Макондодо жүргүзүлүп жаткан иштер өтө көп эле, убакыт жетишчү эмес. Адамдардын демилгечилдигинен бардык жумуштарды өтө кыска убакытта бүтүрө салышты, андан кийин таңкы саат үчтөрдө жумушсуз зеригип, сааттын жебесинин кагышын эсептеп киришти.

Чарчаганынан эмес, түш көрүү ниетинде уктоону каалагандар өздөрүн алдан тайдыруу максатында ар түрдүү кызыктарды ойлоп табышчу. Алар бир жерге чогулуп, тынымсыз бакылдашчу, кайсы бир тамаша сөздөрдү он-жыйырма жолу кайталашчу, ак короз тууралуу жомокту ар башка варианттарда айтышчу. Аныгыраагы, ушул жомоктун негизинде кызыктуу оюн ойлоп чыгышкан эле. Бул – макондолуктардын чеги жок оюндарынын бири эле. Оюндун башчысы адамдардан ак короз тууралуу жомокту угууну каалайсыңарбы, — деп сурачу, алар “ооба” деп жооп беришсе, мен “ооба” дегенди эмес, ак короз тууралуу жомокту айтайынбы же айтпайынбы деп сурап жатам дечү. Эгер алар “жок” деп жооп кайтарса, анда “Мен жокту эмес, ак короз тууралуу жомокту угасыңарбы же укпайсыңарбы деп сурап жатам» — дечү.

Топтон эч ким чыгып кете алчу эмес, анткени аны топ башы токтотуп, ак короз тууралуу жомоктуу айтайынбы же жокпу деп суракка алчу. Ушул жагдайда бул абал ар бир түнү тынымсыз кайталанчу.

Жугуштуу уйкусуздук илдети бүтүндөй шаарга таралганын билген Хосе Аркадио Буэндианын шаштысы кетти, тегеректеги шаар жана кыштактардагы адамдарга да жукпасын деген нээттеги кишилер үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешип, өздөрүнчө иш-чара ойлоп табышты. Тээ эчак мурда араптардан тотукуштарга айырбаштап, эчкинин мүйүздөрүнө асып коюлган коңгуроолорду чечип, Макондого кире беришке илип коюшту: кароолчуларды бакырып чакырууга — шаарга кирген адамдардын колдоруна коңгуроолорду карматышты. Алар Макондо көчөлөрүн бойлоп жүрүшүп, жолду катар коңгуроо чалышчу, муну менен соо адам келе жатканын оорулууларга кабарлашчу. Мусаапырлар бул бактысыз шаардан тамак жечү эмес, суу да ичишчү эмес, себеби тамак менен суу уйкусуздук илдети менен ууланган эле.

Мындай иш чаралар ар кандай илдеттин шаардан сырткары чыгып кетишине жол койчу эмес. Барган сайын тыюуларга көнгөн адамдар бул жагдайдагы окуяларды унуткарып, турмуш кайра өз нугуна түшүп, иштер мурдагыдай эле жылып, эч ким мындай пайдасыз нерсени — уйкуну жоготконуна түйшүк да тартышпады.

Аурелиано тапкан ачылыш эс тутумдун начарлашын бир аз токтотуп, эстеп калуу кубатын калыптоого жардам берди. Ал бул ачылышты күтүлбөгөндөй ойлоп тапты. Уйкусуздук азабын тарта берип жедеп бышып калган Аурелиано (ал бул илдеттин эң алгачкы курмандыктарынан эле) бир топтон бери зергерчилик кылчу. Бир күнү темирди ийлеш үчүн дөшү зарыл болуп калды жана ал бул аспаптын эмне деп аталышын түк эстей албады. Атасы аны дөшү деп эстетти. Аурелиано ушул сөздү жазып, аспапка чаптап койду. Эми ал бул сөздү эч качан унутпасына ишенээр эле.

Бул эс тутумдун калыптануусунун эң алгачкы белгиси экенин капарына да албады. Бир нече күндөн кийин ал лабораториядагы бир канча буюмдардын аттарын өтө кыйынчылык менен эстечү болду. Ушундан кийин буюмдардын ар бирине тийиштүү көрнөк жазып, жабыштырып чыкты, аларды окуур замат бул аспап эмне максатта колдонуларын эсине түшүрчү. Атасы эске тутуусу начарлап, балалыгындагы эң толкунданткан окуяларды да эсинен чыгарып жатканына даттанганда, Аурелиано ага өз усулун баяндап берди. Хосе Аркадио Буэндиа бул ачылышты колдоп, адегенде аны өз үй-бүлөсүнө, андан кийин бүтүндөй шаарга жарыя кылды.

Ал сакал шеткасын сыяга малып, үйүндөгү ар бир буюмга тийиштүү жазууларды жазды, ал “стол”, “стул”, “эшик”, “дубал”, “керебет”, “казан” деп жазып чыкты. Короого барып, ал жердеги жандыктар, канаттуулар жана өсүмдүктөргө чейин “уй”, “эчки”, “чочко”, “тоок”, “маниока”, “маланка”, “банан” деген көрнөктөрдү илип койду. Эс тутумдун жоголушунун не бир түрлөрүн үйрөнүп чыккан адамдар, бул буюмдарды жазууларга карап таап алышса да, баары бир күндөрдүн биринде бул буюмдардын эмне максатта пайдаланылышы керектигин унутуп коюшарын түшүнүштү. Ушундан кийин жагдай оорлошту. “Бул-уй, аны ар күнү эртең менен саап туруу керек, сүттү кофе менен аралаштырыш үчүн кайнатуу керек, ошондо гана сүт кошулган кофе даярдоого болот”, — деген жарыя уйдун мойнуна илинди, буга окшогон көрнөк-жарнактар макондолуктардын эс тутумун сактап калууга эчак аракеттенгенинен кабар берчү. Алар өздөрүнөн ыраактап бараткан чындыкты жазуулардын жардамында бир канча мөөнөткө болсо да кармап туруу максатында ушул абалда күн көрүшчү, бирок тамгаларды унутаар замат бул жазуулар түккө да татыбай калышы мүмкүн эле.

Шаарга кире бериште “Макондо” деген жазуу пайда болду, борбордук көчөгө болсо “Кудай бар!” деп жазып коюшту. Ар бир үйдө эсте калган тигил же бул буюмдарды же таасирлерди күчөтүүдө жардам берүүгө кызмат кылчу түрдүү шарттуу белгилерди чийип алышкан. Бирок бул нерсе нервди дайыма чыңап турууну, сабырдуу болууга үндөчү, анткени көпчүлүк өз элестөөсүндөгү акыйкатка берилип кеткен, чындыгында эч зарылдыгы болбосо да, баары бир алар ушуну менен жубанар эле. Илгери карталарга карап, келечекти айтып берген, эми болсо картага карап өткөндөрдү эске салууга үйрөнүп калган Пилар Тернера бул көз боёмочулуктан шаарда кеңири таралышына чоң салым кошту.

Анын айла-амалдары аркылуу макондолуктар карталардын анык эмес жана бири-бирине шайкеш түшүүсүнүн натыйжасында пайда болгон кереметтүү дүйнөгө кирип калышчу, атаңды апрель айында келген кара чач эркек, энеңди болсо сол колуна алтын шакек таккан буудай жүздүү аял сыпатында эстешчү, туулган күнүң болсо лаврада торгой сайраган соңку шейшемби күнүнө туура келет экен. Мындай түйшүктөр көңүлүнө тийген Хосе Аркадио Буэндиа эс тутум машинасын ойлоп таап, бул караңгы адамдардын көзүн ачып коюуга өзүнө сөз берди: ал машинанын жардамында адамдар эске тутуусун эле калыбына келтирип тим болбостон, качандыр бир кезде лөлүлөр көрсөткөн кереметтерди да эстей алышмак.

Эске тутуу машинасы турмуштан алынган бир топ окуялардын жыйындысын күн сайын кайталап туруу мыйзамына негизденген болушу керек. Хосе Аркадио Буэндиа бул аспапты чаркка жайгашкан адам дестелер аркылуу башкарып туруучу айланма сөздүк сыпатында элестетчү, кыска убакыт ичинде жашоого тиешелүү маалыматтар жанагы адамдын көз алдына тартылышы керек эле. Ойлоп табуучу он төрт миңче көрнөктү толтурганда уйкусуздукка кабылгандык белгиси бар — коңгуроо асынган, курсагы капшырылган кызыктай чал пайда болду: ал чемодан жүктөлгөн, кара чүпүрөк байланган, ал арабаны түртүп келаткан. Ал түз эле Хосе Аркадио Буэндианын үйүнө жол тартты.

Эшикти ачкан Виситасьон чалды тааныбады. Аныгыраагы, аны эс тутуму жоголуп бараткан бул шаарда бир нерсе сатууга болбой турганынан кабары жок соодагер болсо керек деп ойлоду. Күңкүлдөп калган бул адамдын дабышы титиреп, колдору калтыраган бир байкуш болсо да, ал адамдар уктачу жана эс тутумун жоготпогон ааламдан келгени анык эле.

Хосе Аркадио Буэндиа бул адамды мурда таанысам да азыр унутуп калсам керек деп күмөнсүрөп, аны менен ныгайып саламдашты. Бирок мейман анын абалын дароо түшүндү. Чал өзүн бул жердегилер жөн эле эмес, бүтүндөй өлгөн кишилерди да таптакыр унушканын сезди. Ал ар кандай майда-баратка толгон чемоданын ачып, ичине сан санаксыз айнек идиштер салынган кутучаны алып чыкты. Андан кийин үй-бүлө башчысына жагымдуу түстөгү суюктук толо идишти сунду, суюктукту ичкен соң, анын эс тутуму ойгонду. Хосе Аркадио Буэндианын көздөрү али өзүн буюмдар үстүнө жазылган жазуулар чиймеленген бул көрүмсүз бөлмөгө кантип түшүп калганын аңдабай туруп – али дубалдагы көрксүз жана маңызсыз сөздөрдү уялганынан окубай эле кызарып-бозоруп, ал түгүл жаркын кубанычтан жаркылдабай туруп, кайгылуу көзүнө жаш толду жана мейманды тааныды. Бул Мелькиадес эле.

Макондо эс тутуму калыбына келгенин майрамдап жаткан учурда Хосе Аркадио Буэндиа менен Мелькиадес жолугушту, эски достук алакаларын кайра башташты. Лөлү шаарда каларын билдирди. Ал чынында эле аркы дүйнөгө кеткен болуп, жалгыздыкка чыдай албастан кайрадан жарык дүйнөгө кайтып келген. Сыйкыры үчүн жабыр тарткан жана тагдырдын каарына учураган Мелькиадес ажалдын кадамы жете элек ушул шаарда жайбаракат өмүр сүрүп, ушул жерде сүрөтчүлүк менен күн көрүп жашоого сөз берген. Хосе Аркадио Буэндиа мындай ачылыш-сүрөтчүлүк тууралуу эч укпаган. Бирок ал өзүнүн үй бүлө мүчөлөрүнүн калайдын бөлүгүнө өмүр боюга мөөрлөнгөн, түрдүү түстө көрүнүүчү элесин көрүп, таңгалганынан оозу ачылды.

Хосе Аркадио Буэндианын күл түстүү чачтары үрпөйгөн, крахмалданган көйнөктүн жакасына жез төөнөгүч кадалып, майрамдык маанайда түшкөн, бир аз эскирген сүрөтү да дал ошол доорго таандык эле: Урсула сүрөттү көрүп, ичеги эзиле күлүп, эрин “коркок генералга” окшотту. Чынын айтканда, Мелькиадес бул сүрөттү тартып жатканда декабрдын ачык күндөрүнүн бири — Хосе Аркадио Буэндиа чынында эле корккон, анткени ал адамдын элеси калайдын бөлүгүнө өтүшү менен анын денесин бара-бара кемирип коёт деп ойлоп, убайым чеккен. Ушунусу таң калыштуу, бул ирет Урсула илимге жан тартып, эринин мээсиндеги маанисиз пикирлерди сүрүп чыгарды.

Урсула илимге болгон мурдагы терс пикирлерин да унутуп, Мелькиадести өз үйүндө алып калууга сөз берди. Бирок өзү сүрөткө түшүүдөн баш тартты, неберелериме күлкү болгум келбейт деди ал. Декабрдын ошол таңында Урсула балдарына эң жакшы кийимдерин кийгизди, алардын жүзүнө упа сүрттү да Мелькиадестин көрүнүшү начар камерасынын алдында эки секунд кыймылдабай туруш үчүн ар бирине бир кашыктан баш шорпо ичирди.

Жападан жалгыз саналган ушул үй-бүлөлүк сүрөттө Амаранта менен Ребеканын ортосунда Аурелиано кара костюм кийип алган болчу. Ал арадан далай жыл өткөн соң дубалдын жанында өзүнө ок атылышын күтүп жатканындай чарчаңкы, бирок көздөрү чыйрак тартылган эле. Бирок ошондо жигит болочок тагдырынан бейкабар болчу. Ал өрөөнгө даңкы кеткен мыкты зергер. Учурда Мелькиадестин да мейманканасына айланган бул устаканада Аурелианонун бар же жогу билинчү эмес. Атасы менен лөлү айнектер менен фотопластинкалар жуулчу идиштердин шагырашын да, кислоталардын төгүлүшүн жана бул чакчелекейде бромдуу күмүштүн ысырап болгонуна да маани бербей, Нострадамустун кереметинин негизинде бакылдашып талашып-тартышып жатышканда, Аурелиано өзүн кудум бир башка дүйнөдө жүргөндөй сезчү.

Ал иштин көзүн билгендиктен баш оту менен кирип кетчү, ошондуктан да тез арада эле Урсуланын момпосуй саткан акчаларына караганда бир топ көбүрөк акча тапчу болду. Баардыгын бир эле нерсе – эмне себептен балакатка жеткен бул эркектин алиге чейин аялзатына жолобогону таң калтырчу. Чындыгында Аурелиано аялзаты менен жакындаша элек болчу.

Арадан бир нече ай өткөн соң Макондодо дагы ошол улгайган селсаяк ырчы — Франсиско Адам пайда болду. Ал мурда шаарга тез-тез каттап, өзү чыгарган ырларын алып келчү. Бул ырларда өрөөндүн Манаурага чейин жеткирүүчү жол боюндагы шаар, кыштактарда болуп өткөн бир топ окуялар эң майда-бараттарына чейин толук баяндалчу, адамдар тааныштарына бирдеме табыштачу болсо, же үй-бүлөсүндөгү жаңылыктарды билдирүүнү кааласа, Франсиско Адамга эки сентаво төлөрү менен ал ошол куш кабарды албетте өз репертуарына кошчу.

Бир күнү кечкурун акындан өз уулу туурасында кандайдыр бир жаңылык билүү үмүтү менен чыккан Урсула күтүлбөгөндөй андан өзүнүн энесинин өлгөнү тууралуу укту. Төкмөлүк мелдешинде шайтанды жеңилүүгөө дуушар кылганы үчүн Франсиско Адам деген атка ээ болгон бул кишинин чыныгы ысымын эч ким билчү эмес, ал Макондодо уйкусуздук илдети башталганда көздөн кайым болгон жана учурда ал Катаринонун үйүнө келген эле. Адамдар анын ырларын угуу жана дүйнө жаңылыктарын билүү максатында ага шашылышчу.

Франсиско Адам бир толук аял менен келген. Аял олтурган термелгич күрсүнү төрт индус көтөрүп алган, жаш мулат кыз колундагы чатыры менен аны күндөн калкалап бараткан. Бул ирет Аурелиано да Катаринонукуна жол алды. Бакубат хамелеонго окшочу Франсиско Адам бир топ бекерчилердин ортосунда олтурган эле. Айтымдарына карганда ал Гуайянада сэр Уолтер Рэлейдин накта өзү тартуулаган эски аккордеонду тартып, деңиздин шор суусунан жарылып кеткен чоң тамандары менен жер тепкилеп, чалдарга мүнөздүү карылдаган дабышта ырдап жаткан эле. Маңдайкы эшик аркылуу эркектер негедир кезек менен аркы бөлмөгө кирип-чыгып, эшиктин жанында олтурган семиз аял унчукпастан колундагы желпингичин силкилдүүдө. Саамайына кагаздан роза гүлүн тагып алган Катарино шарап ичип, ал болор болбос шылтоолор менен эркектерге жакындашып, колун алардын жан жерине тийгизчү. Жарым түндө аба киши чыдагыс абалга жетип кетти. Аурелиано бардык сөздөрдү аягына чейин тыңдады, бирок үй-бүлөсүнө тиешеси бар бир да кызыктуу маалымат ала албады. Кетүүгө камынып жатканда, аял аны ымдап жанына чакырды.

— Сен да кир,- деди ал. — Бул болгону жыйырма эле сентаво болот.

Аурелиано аялдын тизесиндеги аякка теңге таштап, аркы бөлмөдө өзүн эмне күтүп жатканын билбей туруп, эшикти ачты. Төшөктө көкүрөктөрү иттин эмчектерине окшогон жыпжылаңач мулат кыз жаткан эле. Аурелианого чейин ага алтымыш үч эркек кирип чыккан. Ушунча адамдын өпкөсүнө кирип чыккан аба кандайдыр коюу түскө ээ болуп, балчыктай сасып кеткен эле. Кыз шейшепти жыйнап жатып Аурелианодон анын бир четин кармап турууну суранды. Шейшеп чылкылдап суу болгон, кендир матадай оор эле. Алар шейшепти эки тарабынан кармаган абалда бурап-бурап суусун сыгышты, андан да тер акты. Аурелиано ушул абалдын чексиз кайталанышын самап турду. Ышкы-кумардын теориясы ага белгилүү болсо да, азыр анын тизелери калчылдап, бутунда араң турду.

Ордун иретке келтирген соң аны чечинүүгө буюрган кызга Аурелиано мукактана: “Мени бул жерге кирүүгө мажбурлашты. Кружкага жыйырма сентаво салган соң, бөлмөдө көпкө кармалба дешкен”,- деп түшүндүрүүгө өттү. Кыз анын абалын түшүндү. “Эгер сен кружкага дагы жыйырма сентаво таштасаң, көбүрөк калышың мүмкүн”,- деди ал акырын. Уялганынан кызарып кеткен Аурелиано кийимдерин чечти, өзүнүн жылаңач денеси агасынын денесинин алдында эч нерсе эместиги тууралуу ой ага тынчтык берчү эмес.

Кыздын бир топ аракетине карабастан, ал өзүн ыңгайсыз жана жалгыз сезип жатты. “Мен дагы жыйырма сентаво таштайм”,- деп булдуруктады, ал сары санаага түшүп. Кыз ага ыраазычылыгын чексиз билдирди. Анын кабыргалары терисин түртүп чыккан, аркасы канталаган эле. Ал өтө чарчаптыр. Оор-оор дем алып турду. Кыз мындан эки жыл мурун Макондодон бир топ алыс жерде, уктоодон мурда шамды өчүрүүнү унутуп калган, ойгонгондо тегерегин жалын каптаган эле. Аны тарбиялаган чоң энеси менен чогуу жашачу үйү күйүп, күл болгон. Ошондон бери чоң энеси аны шаар жана кыштактарды бойлоп алып жүрчү, үйдүн ордун тикелөө үчүн жыйырма сентавого эркектерге салып берчү.

Кыздын айтымында, ал он жыл бою ар түндө жетимиш эркек менен жатышы керек, анткени үйдүн таманын төлөөдөн тышкары жол каражатына, тамак-ашына, чоң энесин көтөрүп жүрүүчү индейлерге да бир топ акча керек экен. Кызга ал түгүл колун да тийгизбеген Аурелиано семиз аял эшикти экинчи ирет тыкылдатканда, куюлуп келаткан көз жашын араң тыйган абалында бөлмөдөн чыгып кетти.

Ал түнү бою уктай албады. Кыздын тагдыры тууралуу терең ойго батты. Аурелиано аны сүйүп калган эле. Эми аны куткарууну эңседи. Эртең менен кызды чоң энесинин зулумунан куткарууну, андан ар кечте жетимиш эркек алчу ырахаттын баарын өзү жалгыз татуу ниетинде ага үйлөнүүгө өзүнө өзү сөз берди. Бирок ал эртең менен саат ондо Катаринонукуна келгенде, кыз Макондодон эчак эле чыгып кетиптир. Убакыттын өтүшү жигиттин ысык жана жеңил сезимдерин кыйла муздатты, бирок анын көңүлүндө ишке ашпаган бир арман катуу орноп калды. Ал көңүлүн иш менен алаксытып жүрдү. Аурелиано өзүн аял менен жатууга жөндөмсүз деп эсептечү жана бул шерменделигин ашкере кылбоо үчүн эми өмүр бою аял көрбөгөн эркектей соко баш жашоого кайыл эле.

Мелькиадес фотопластинкаларга Макондодогу көңүл бурарлык жерлердин бир тобунун элесин түшүрүп болгон соң, сүрөткана-устакананы кыялкеч Хосе Аркадио Буэндианын колуна тапшырды. Хосе Аркадио Буэндиа дагерротипия жардамында кудайдын бар экенин илимий негизде далилдөөгө сөз берген. Эгер кудай бар болсо, анын тегерегиндеги элестерди бири-биринин үстүнө каптоонун натыйжасында, эртеби-кечпи, баары бир анын сүрөтүн алууга ишенчү, эгер тескерисинче болсо анын бар экени тууралуу пикирге биротоло чек коймокчу.

Мелькиадес Нострадамусту үйрөнүүгө сүңгүп кирип кетти. Өңү өчкөн тукаба кемселин кийип, алмуздактан калган шакектер тагылган кичинекей, кудум чымчыктын манжасын эстетүүчү колдору менен кагазга бирдемелерди чиймелеп, түн жарымына чейин олтурчу. Бир күнү Макондонун келечеги боюнча коркунучтуу аян келгендей болду. Макондо тунук айнектүү чоң-чоң имараттардан турган ажайып шаар, бул шаарда Буэндиалардын урпактарынын изи да калбайт экен деди. “Болбогон кеп,- деп кыжырданды Хосе Аркадио Буэндиа муну уккан соң, — Имараттар айнектен эмес, түшүмдө көргөнүмдөй муздан курулат. Буэндиа урпактары анда түбөлүккө жашашат”.

Урсула жалаң делбелер чогулган бул үйгө кымындай болсо да сергек пикир алып келүүгө тырышчу. Эми ал момпосуй эле даярдап тим калбастан, жакында курдурган чоң меште себет-себет нан, көптөгөн пудинг, пирожное жана бисквит бышырчу, аларды өрөөндүн жолуна алып чыгып болгону бир нече саатта сатып түгөтүшчү. Урсула эми бутун сунуп эс алуучу жашка жеткенине карабастан тыным билчү эмес, жылдан жылга аракетчил болуп бараткан Урсула таттууларды даярдоодон түшүүчү кирешеге, иши жүрүшкөнүнө берилип кеткен эле, ал тургай бир күнү кечинде индей кыз казанга кумшекер салып жатканда, терезеден короого ой жүгүртүп карап туруп, кечки мелүүн нурлардын астында керки менен эмненидир жерге тигип жаткан жаш жана сулуу эки кызды көрүп, аларды тааныбай турду. Алар Ребека менен Амаранта эле. Кыздар тайэнесине аза күтүлгөнүнө байланыштуу туптуура үч жыл кийип жүрүшкөн кара кийимдерин гүлдүү көйнөктөргө алмаштыргандыктан өзгөрүп кетишкен болчу (айрыкча, Ребека өтө сулуу эле).

Анын денеси туптунук, көздөрү чоң-чоң, өзү оор басырыктуу эле, сыйкырдуу колдору матага гүлдүн сүрөтүн кудум жипсиз түшүрүп жаткандай туюлчу. Ребекадан кичирээк Амаранта ал сыяктуу назик болбосо да, бирок маркум тайэнесинен тубаса ак сөөктүктү жана өз кадыр-баркын билүү туюмун мурастап алган. Атасындай бакубат болуп өсүп жаткан Аркадио алардын алдында баладай эле.

Аркадио Аурелианонун жетекчилиги алдында зергерлик менен алектенчү. Аурелиано окуу менен жазууну да ага үйрөткөн. Урсула үйү чоң курактагы адамдар менен толуп ташканын, балдары жакын арада үй-бүлө куруп, бала-бакыралуу болорун ойлоп, ошондо короо жайы аларга тар болуп каларын, ошондуктан алардын үй-бүлөлөрүн өз-өзүнчө бөлүү керек деген бүтүмгө келди.

Ошондо бир нече жылдар бою оор эмгектин натыйжасында жыйнаган акчаларын алып, куруучулар менен үйдү кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Аларга меймандарга арналган чоң зал, үй-бүлөнүн өзү үчүн болжолдонгон салкын, тынч бөлмө, он эки орундук тамак иччү бөлмө, тогуз терезеси тең короого каратылган уктоочу бөлмө, күндүн нурларынан пааналап турчу, кырккулак жана бегониялар үчүн идиштер жана вазалар коюуга ылайыкталган узун галерея курууну тапшырды.

Ашкананы эки меш баткыдай кеңейтүүгө, Пилар Тернера Хосе Аркадиого анын келечеги тууралуу төлгө тарткан казнакты бузуп, үйлөрүндө дайыма керектүү тамак-аш болуп туруш үчүн, ага эки эсе келчү жаңы казнак курууга бел байлады. Короодогу чоң каштан дарагынын астына бири аялдарга, экинчиси эркектерге болжолдонгон эки мончо, арт жакта кенен аткана, сымтор менен курчалган тооккана, малкана курууну, келгин куштарга башпаанек — үстү ачык капас кылууну да мерчемдеди.

Кудум эринин кыялкечтиги жугуп калгандай, күч-кубаты чытыраган Урсула үйүнө келген ондогон кыш койгучтар менен куруучуларга болочок эшик-терезелерди кайсы жагына орнотуу керектиги жана курулушка байланышкан башка көптөгөн маселелер боюнча түрдүү-түмөн кеңештерин берчү. Макондого негиз салынганда курулган бул эски үй сан-санаксыз жумушчулар, курулуш материалдары жана аспап-жабдыктар менен толуп ташкандыктан жумушчулар үй ээлери алар менен аралашып жүрүшкөнүн оюна да алчу эмес, тескерисинче, “бизге жолтоо болбогула” деп аларга эскертишчү.

Сөөк салынган кап ар кадамда лап этип чыгып калып, куруучулар устукандардын шагыр-шугурунан кыжыры келчү. Соолубаган акиташ буусу жана кайнак момдун жыты толгон бул тополоңдун арасында Макондо тарыхында эң үлкөн үй пайда болду. Көпчүлүк таңданганынан ооздорун ачып калышты, бул там кошуна үйлөрдөн көлөмү боюнча да, меймандостугу боюнча да, салкындыгы боюнча да айырмаланып турчу.

Хосе Аркадио Буэндианын өзү да үй кандайча курулганын көп түшүнө албады, анткени ал бул иштер кызуу жүрүп жаткан кезде кудайдын жүзүн көрүү ниетинде тажрыйба жүргүзүп жаткан. Дал ушундай күндөрдүн биринде Урсула эринин бейпилдигин бузду. Ал имараттын тышкы жагын өзүбүз каалагандай акка эмес көккө боёш керек деген жарлык чыгыптыр деп айтканда, үй бүтө жаздаган эле. Хосе Аркадио Буэндиа аялынын сөздөрүн түзүгүрөк түшүнбөдү, соңунда ал узаткан жарлыкты колго алып, жарлыкка кол коюучунун колун тыкыр үйрөнүп чыкты.

— Ким экен ал адам?- деп сурады.

— Коррехидор,- деди чарчоодон азап чеккен Урсула,- айтымдарына караганда ал шаар башчыбыз экен, өкмөт жибериптир.

Дон Аполинар Москоте, башкача айтканда коррехидор, Макондого артыкча шаан-шөкөтсүз жымжырт кирип келген. Москоте соодагер араптардын бири курган “Жакып мейманканасы” деп аталган кербенсарайда түнөдү, эртеси күнү Буэндиалар бөлмөсүнөн эки көчө арыдагы, терезелери көчөгө караган үйдү ижарага алды. Москоте бөлмөгө Жакыптан сатып алган стол, стулду жайгаштырды, дубалга өзү менен кошо алып келген республика гербин илип, эшикке “коррехидор” деп жазып койду. Андан кийин улуттук эркиндик күнүнүн урматына бардык үйлөрдүн дубалдарын көк түскө боёо тууралуу алгачкы жарлыгын чыгарды.

Хосе Аркадио Буэндиа жарлыктын нускасын алып келгенде коррехидор өзүнүн жупуну конторасына орнотулган гамакта түшкү тамактан соң дем алып жаткан эле. “Ушул кагазды сиз жазгансызбы?”- деп сурады Хосе Аркадио Буэндиа. Жашы бир топко барып калган, көңүлү куунак, бирок кыйла чечкинсиз көрүнө турган дон Аполинар Москоте “ооба” деп жооп узатты. “Мындай кылууга кандай укугуңуз бар?” — деп дагы суроо берди ага Хосе Аркадио Буэндиа.

Дон Аполинар Москоте столдун тартмасынан кандайдыр бир кагазды чыгарып узатты. Кагазда “Ушул шаарга коррехидор милдетин аткаруу үчүн жиберилген”, — деген жазуу бар эле.

— Шаарыбызда алиге чейин эч ким өкүмдарлык кылбаган,- деп бейкапар каяша айтты Хосе Аркадио Буэндиа. – Эсиңизге бекем тутуңуз, бизде түзөтүүгө эч ким муктаж эмес, бизде түзөтүүчү эч нерсе жок.

— Ал ошол бейкапар абалда дабышын бийиктетпестен дон Аполинар Москотеге Макондону кандай абалда курушканын, жолдорду салышканын, кыйналганына карабастан өкмөттүн тынчын алышпаганы тууралуу толук айтып берди, эми өкмөт да бизди өз жайыбызга койсун деп айтты. “Биз эч кимге зыяны жок адамдарбыз, бизде ушул убакытка чейин өз ажалы менен эч ким өлгөн эмес”,- деди Хосе Аркадио Буэндиа.

— Өзүңүз көрдүңүз, Макондодо азыркыга чейин көрүстөн жок. Жок, ал өкмөткө нааразы болгон жери жок. Тескерисинче, шаардын өнүгүшүнө жолтоо болбогону үчүн абдан ыраазы, мындан кийин да дал ошондой болушун каалайт, анткени Макондону туш келген чоочун адам аларга буйрук бериш үчүн жараткан эмес. Дон Аполинар Москоте орой мамык курткасын жана апапак түстөгү шымын кийгенден кийин да адамкерчилигин жоготподу.

— Эгер сиз шаарыбызга жөн жаран болуп келсеңиз, анда куш келипсиз. Ал эми бул жерге тартипсиздик орнотмокчу болсоңуз, адамдарды өз үйлөрүн көк түскө боёго мажбурласаңыз буюм-тайымыңызды көтөрүп, артка кайра кайтыңыз,- деди Хосе Аркадио Буэндиа.- Ал эми менин үйүмдүн маселесине келсек, ал көгүчкөндөй аппак болот.

Дон Аполинар Москотенин жүзүнөн каны качты. Бир аз артка кайтып, тиштерин каардуу кычырата:

— Абайлаңыз. Менде курал бар,- деп эскертти.

Хосе Аркадио Буэндиа күтүлбөгөндөй, кудум жаш кезиндегидей атты бир уруп кулатууга алы жеткен курактагыдай күч агылып келгенин сезбей калды. Ал дон Аполинар Москотени жакасынан кармап, жерден так көтөрдү.

— Адам өлтүрүп, өмүр бою азап чеккенден көрө, тирүү адамды бир нече мүнөт сүйрөп жүрүүнү абзел көргөнүмдөн ушинтип жатам,- деди ал.

Ал Аполинар Москотени жакасынан көтөргөн бойдон көчөнүн ортосуна — Макондодон өрөөнгө карай кетчү жолго чыгарып койду. Арадан бир жума өткөн соң Москоте куралданган алты жүдөгөн жоокерди баштап келди: өгүздөр чегерилген арабада анын аялы, жети кызы олтурган эле. Кийинчерээк эмерек, сандык жана үй буюмдары эки арабада келди. Коррехидор түзүгүрөк бир үй табылганча үй-бүлө мүчөлөрүн “Жакып мейманканасына” жайгаштырды жана конторасын ачып, эшик алдына эки сакчы койдурду.

Макондонун түпкүлүктүү тургундары келгиндилерди кууп чыгууга сөз беришти. Алар келгиндилерди кууп чыгууга башчылык кылат деген ниетте Хосе Аркадио Буэндианын үйүнө келишти. Бирок Хосе Аркадио Буэндиа дон Аполинар Москоте аялы менен бала-бакырасын алып келиптир, эркек кишини балдарынын көз алдында шерменде кылсак туура эмес болот, эми бул ишти тынч жол менен чечүү керек,- деген жообун узатты.

Хосе Аркадио Буэндиа уулу Аурелианону жанына алып, коррехидордун үйүнө жол тартты. Эми Аурелиано мурут коюп, үнү да бир топ салабаттуу кырчындай жигит эле. Кийинчерээк, Аурелиано согушта катышканда да анын үнү башкалардыкынан айырмаланып турчу. Ата-бала куралданбаган болсо да, сакчыларды көзгө илбей коррехидордун конторасына кирди.

Дон Аполинар Москоте сары санаага түшпөдү. Ал капыстан кирип калган меймандарды конторага кыздары энесине окшош кара чач, он алты жаштагы Ампаро менен зумурат көздүү, эми эле тогузга чыккан Ремедиос менен тааныштырды. Эже-сиңдилер өтө адептүү экен. Ата-бала Буэндиалар кирип келери менен аларды ызааттап ордуларынан туруп, меймандарга отургуч коюп беришти. Бирок меймандар отурууга көнбөдү.

— Мейли, — деди Хосе Аркадио Буэндиа,- биз силерге шаарда калууга уруксат беребиз, бирок эшиктин жанында турган тигил каракчылардан чоочуганыбыздан улам эмес, үй-бүлөңүздү урматтаганыбыздан ушул чечимге келдик.

Дон Аполинар Москоте эмнедир деп сүйлөмөкчү болду эле, Хосе Аркадио Буэндиа ага ооз ачууга мүмкүнчүлүк бербеди.

— Бирок биздин эки шартыбыз бар,- деп улантты ал. – Биринчиси: ар бир адам өз үйүн өзүнө жаккан түскө боёйт, экинчиси: жоокерлер Макондодон чыгып кетүүгө тийиш. Шаардагы тартип үчүн биз өзүбүз жооп беребиз.

Коррехидор оң колун өйдө көтөрүп:

— Чын ыкластан айтылган сөзбү, бул?- деп сурады.

— Душман сөзү,- Хосе Аркадио Буэндиа кесе айтты, анан күрсүнө кошумчалады:- Бир нерсени айтып коёюн, эми экөөбүз өмүр бою душман болуп калабыз.

Жоокерлер ошол эле түнү шаарды таштап чыгып кетишти. Арадан бир нече күн өткөн соң Хосе Аркадио Буэндиа коррехидордун үй-бүлөсү үчүн ыңгайлуу үй таап берди. Ошол бойдон Аурелианодон башканын баары тынчтанды.

Коррехидордун кенже кызы Ремедиостун (ал көчөт болсо да) элеси анын жүрөгүнүн төрүнөн орун алып, анын жан дүйнөсүн бүлүккө салды. Бул сезим ага жан чыдагыс азап берип жатты.

Орусчадан оодарган Барно Сабирова

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.