«Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар»

Айтылгандар айныгыс чындык деп кепилдикке турбайбыз. Окурман сотуна коюп жаткан бул журналисттик табылгабыз (табылга экендигине ишенгибиз келет) балким ар кимдин ар кандай кабылдоосун: толкундануусун, таң калуусун, күдүктөнүүсүн, атүгүл түшүнбөстүгүн пайда кылар. Анткени мында бир караганда күтүүсүз, бир беткей эмес, карама-каршылыктуу (диалектикалуу дегенибиз) көз караштын илеби айкын сезилет, демек, талаштуу пикирлер да жок эместигин авторлор жоопкерчилик менен туюп турушат.

Туңгуч «Күн автопортретин бүтө элек» повести, андан кийинки «Толубай сынчы», «Күздүн акыркы күнү», «Муздак дубалдар» өңдүү чыгармаларды жараткан Кубатбек Жусубалиевдин фигурасы кыргыз адабиятында өзгөчөлөнүп турарын кийинчерээк гана, демократиянын, маалымдуулуктун учурунда ачык айта баштадык. Сенек мезгил доорунда адамдык да, жазуучулук да тагдыры журтчулукка табышмак болуп келген Кубатбек Жусубалиев жөнүндө сөз али алдыда деп ишенмекпиз.

Өзүнө өзү, демек, коомго калп айталбаган сүрөткердин инсандык нарк-насили турмуш табышмагын жандырууга (ак жарыкты жети түскө ажыраткан призма катарында) далбастаган ыймандык дүйнө экендиги гана талашсыз. Бул башкысы.

Эскерте кетерибиз — бул интервью эмес. Бул — устатыбыз, калемдеш агабыз менен болгон көп жылдык достугубуздун, аны менен чогуу барган алыс сапарларыбыздын, шаардын көчөлөрүндөгү жөө сейилдерибиздин, түн бир оокумга созулган маектерибиздин, дилдеги сырларыбыздын түрмөгү. Бир күнү эле карасак ошол маектерибиз бир килейген дептерге айланып калыптыр. Кубат аке башынан өткөргөн адам болуунун азап-тозоктору, өзүн аңдап таануу аракеттеринин ачуу-таттуу сабактары туралуу өз жолун табууга аракеттенген жаштарга пайдасы тиеби деген ниетте аны окурман журтчулугуна сунуш кылууну туура таптык.

Студент кезде эсибизде, дүйнөгө сугалак үмүт менен караган, кыялкеч, чапчаң мүнөз курак экен, саргайган барактардан окуган агайларыбыздын шоона эшпеген лекцияларынан тажап, кадам сайын тушаган кайдыгерликтин, адилетсиздиктин, эки жүздүүлүктүн сыйыртмагына муунуп, аудиториянын терезесинен учуп чыгып кеткенди эңсеп, чоң энебиздин «Пейил бузулду» дегенин эпиграф кылып алып, «Адамдар бири биринин ыйманын жеп барат, чындык кайда, досум?» деп кат жазышар элек. Анан «Ыймандуулук — бул чындык» деген Шукшиндин китебин туу кылып, абийир уругун жашоодон эмес, өзүбүздөн эмес, адабияттан издечүбүз. Жазуучуларга ишенчүбүз.

— Ар кандай кесиптин өзүнүн ыйманы болот. Ыймандуу киши дейт. Бирок ыймандуу жазуучу дегенди эч кимден уга элекмин. Жазуучу ыймандуу болуш керек биринчи кезекте. Ошон үчүн жаралган киши да. Ыйман үчүн… Муну мен бир нерсе аркылуу түшүндүм (бул өзү илгертен келаткан нерсе). «Толубай сынчы» деген китепти билесиңер. Баягында Жазуучулар союзунда ушул жөнүнде сөз болуп калган эле, ошондо Шабданбай Абдыраманов минтип айтат, «бу, — дейт, — Толубайды жөн эле шылдыңдап, келекелептир» деп атпайбы. Бу кишинин айтканында бир чындык бар. Ал өзүнүн деңгээлинде туура айтып жатат. Байкасаңар, тыш жагы чындыгында эле ошондой: абдан катуу, анан баягыдай жашырып, жылмаланбай айтылган да. Ичин түшүнбөгөн кишиге ушинтип көрүнөт. «Как баш» десе, мисалы. Бирок мунун ички жагы бар да. Жазуучу деген ушундай өз сөзүнө турган, эч бир ыйманын жебеген туруктуу киши болуш керек.

Мага Толубай сынчы чоң сабак болду. Анткени, көрбөйсүңөрбү, эми бу кишиге эмне болот эле? Аны бирөө зордуктаган деле жок, бир эле ооз сөзү, чындыгында эле ошол күлүктөрдүн ичинде мыкты тулпарлар бар, көрүнүп турат, ошолордун бирин күлүк десе ал киши жаңылбайт эле. Ошонун бирин айтып койсо ага ыштан да болот, курсагы да ток, көзү да оюлбайт, мисалы, азыркы биздин жазуучулардай мамлекеттик, Токтогулдук сыйлыктарды алып эле, анын үстүнө гонорардын да эң чоңун алып, машина алып, беш-алты комнат үй алып жашайт эле да.

Гүүлдөп-шуулдап эле жашай бермек. Бирок мунун ыйманы ушунчалык күч, ошолордун бардыгынан кечип, өзүнүн ыйманынын алдындагы чындыкты гана айтып туруп алат. «Жок» дейт да! Асмандаган кишилер жөө жата калып, аттан түшө калып караган мыкты күлүктөрдү карабай, каяктагы бир туз ташыган маңгал атты күлүк деп элге-журтка шылдың болуп, көзүнөн айрылат. Ошол кишинин бардык нерседен баш тартканын бизге окшогон обывателдер, жалтыраган жагын көргөн кишилер түшүнбөйт. Жанагы Шабданбайга булардын бардыгы түшүнүксүз. Эгер ал кишинин алдында ушундай иш турса ал тиягын алып кетмек. Анткени биздин жазуучулардын алдында мындай проблема эч качан турган эмес. Биздин шорубуз, трагедиябыз ушунда. Ошон үчүн биздин жазуучуларыбыздын жазгандарынын бардыгы — ашмалтай. Анда бир нравалык тунуктук деген жок.

Ыймандын эң бир асылындай көк кашка болуп турган нерселер жок. Бардыгы эле жасалма. Эгер ушундай проблема ар бир жазуучунун алдында турбаса, анын жазгандарынын эч кимге пайдасы жок. Бир пул. Мындай адабият жөн эле саман болуп калат. Мындай нерселер өзү жүрүп-жүрүп олтуруп жанагындай рухий жардылыктын атмосферасына алып келет. Мындай адабият кыйшык-мыйшык туулган балдардай болуп калат да: көзү көр, кулагы кар. Ошон үчүн биздин кесиптин эң чоң милдети ушул. Бул — чоң максат. Ушул максат чоң дайралардай өзүнө нук табат. Жээк жасап алат да кете берет. Ушундай чоң максат гана адабиятты жаратат, искусствону жаратат, ушундай чоң максаттар элге-журтка пайдалуу болот. Художник ушул максат менен жашаш керек. Мындай болбосо жазуучумун деп керсейиштин эч кимге кажети жок. Бул максат түз эле кеткен жол эмес. Өзүнө өзү нук салган дарыя эч качан жөн акпайт да. Көп тоскоолдуктар менен агат. Даяр жол жок.

Өзүнө нук салыш үчүн көп нерселерди басып өтөт, бир жеринен толот аябай, толуп-ташып отуруп айлан-көчөк болгону — анын великий страданиясы. Ошондон кийин бир жеринен жарат дагы кайра жөнөйт. Өзүнө жараша кубаттуу бир нук табат да, ошентип олтуруп адабияттагы жазуучунун жолу да ошондой бир дарыянын же бир булактын жолундай жол болот. Бул өзү жеке эле жазуучунун өсүү жолу эмес, бул адамдын өзүнүн өсүү жолу. Ошондо адамдын жазуучулук да, адамдык да өсүү жолу бирдей болот да, ал жазуучу болордон мурда эле адам болот, анын жазганы дагы чоң рухий көрөңгөгө айланат.

Биздин кыргыздын жазуучулары адам болбой туруп жазуучу болуп алышат. Аларда адамдык өсүүнүн процесси жок. Жазуучулук эмне, таланттуу адам жазуучу болуп ала берет өзүнүн талантына жараша, бирок адабияттын, маданияттын уюткусун укмуштуудай таланттуу киши болсо да алар кылган эмес. Адабиятты таланттуулар түзбөйт. Толубай бечаранын ыймандык жолу нак азыр керек болуп атат. Азыркы адабиятка ушуга окшогон кишилер керек.

Эл өзү бекеринен унутпай эстеп жүрсө керек. Мында улук ой болгон да. Элдин жерге таштабай аны алып келатканы ушундан. Ошолордон келип олтуруп бечара Алыкулдун оозуна түшүп калганы да кокустук эмес. Художниктин абийири, ыйманы жөнүндө доордогу анын абалын, турмушун ушул киши биринчи жолу ойлонсо керек. Алыкул өзүнүн таланты, ички дүйнөсү дагы, билими дагы күч киши. Анан анын оозунан бечара Жусубалиевдин оозуна түшүп калгандыгы да бекеринен эмес. Бул — муундар байланышы, мезгил байланышы. Олимпиададагы жүгүргөн кишилер болот ко, эстафетаны бири-бирине берген. В этом есть какой-то символический, чудесный смысл. Рухий нерседе да ушундай эстафата болот. Бирок көп киши чогулган толпанын ичинен биз билбей калабыз. Кайсыл бир кишилер бири-бирине бергенин же алганын билбей калабыз. Уу-чуунун ичинде билбей калабыз да. Көп нерселерге алданып калабыз. Бечара Осмоновду да ошентип өлтүрүп алышкан да. Алыкулдун улуулугу ушунда — оо илгерки нукту таап, ошону калтырып кеткен. Мен Толубай сынчыны ушул Алыкулдан окугам. Бирок окуган бир башка, түшүнгөн бир башка. Мен Толубайды өзүмдүн азап-тозогумдан кийин түшүндүм. Анда чоң идеялардын баары ичинде да, тышы кадимки эле кооз уламыштай эле болуп калган. Ичи чоң да.

Бул художник менен коомдун ортосундагы түбөлүктүү карама-каршылык турбайбы. Толубай сынчы деп коёт. Мунун маңызы — художник, акылман да, анын карама-каршылыгы илгертен бери эле келаткан коом менен художниктин ортосундагы бүтпөс конфликт. Бул улуу карама-каршылык. Ошондон улам мунун сегиз-тогуз вариантын жаздым. Анткени мен муну жаман жазгым келбеди. Повесть кылып да жаздым. Жанагы силер окуган аңгеме тогузунчу варианты. Мен ушул аңгемеге ыраазы болдум. Ошол китептеги эң мыкты аңгеме ушул деп эсептейм. Анткени муну мен көп издедим да формасын табалбай. Анткени формасы менен мазмуну айкаш болбосо болбойт эле.

Азыркы күндүн прозасы менен жазыш керек эле. Ошон үчүн көп ойлонуп, көп издендим. Эсимде, басмага ушуну алып барып берейин деп койнума салып албаймынбы, салып алсам апрель айы болчу, жаздын күнү троллейбуста келатсам койнуман түшүп калыптыр. Жамгыр жаап аткан. Бир эле экземпляр болчу, култуңдап сүйүнүп келаткам (өлгүдөй сүйүнчү иш да), көп кубанып да болбойт экен, кубанганда да аябай салкын кандуулук менен кубаныш керек экен. Бир маалда басмага келип карасам жок. Издегенимди айт. Кайра келген жериме чейин жөө бардым эй, троллейбустарга түштүм, сурадым, балээ жок. Эч ким билбейт, ким билет? Троллейбустун токтогон жерине бардым. Күйүтүмдү айтпа! Эртеси күйүтүмө чыдабай кайра жазбадымбы, жанагы жазганым ушул. Бирок алигече ошол биринчи жазганым жакшыга окшоп туруп алат да.

Мына ушундай адамдарды эмне шарттайт: тарыхпы, коомбу, жеке турмушубу?

— Мындай адамдар өзү миллиондон бирөө болот, көп болбойт. «Золотой век» деп коёбуз го, алтын кылымдар болгон эмес, алтын адамдар болгон. Ошондой кылымда бир алтын адам болгон да. Улуу адамдар күзгү да. Ушул күзгүдөн өзүңдү карай берсең болот. Карап туруп өзүңдүн ким экениңди көрсөң болот. Ар бир доордо ушундай адамдар болгон. Бирок кээде аларды байкабай калышкан да. Азыр деле ушундай адамдар бар. Аябай кибир, жөнөкөй, көр турмуш менен, биз топурап бараткан жолдон башка бир тар, чаң, ийри жолдо жүрөт болуш керек. Буларды биз күүлдөп-шаалдап жүрүп эле түртүп өтүп кетебиз же шылдыңдап өтүп кетебиз. Ыймандуулуктун чокусу да ушул адамдар да.

Бул жөн эле айтылып калган сөз эмес. Ыймандуулук, сүйүү деген бул теория эмес — факт. Анткени сен сүйгөндө сүйөм деп ооз менен эле айтпай, сен ошол сүйүү менен бирге болосуң. Бийик ыймандуулук деген деле ошондой факт, кадыресе иш. Мисалы, Толубай деле мен кыйынмын деп айткан эмес бизге окшоп. Алардын сөзү менен иши бир жерден чыккан. Айтканын аткарган.

— Достоевскийдин «Сон смешного человека» деген фантастикалык аңгемеси эсиңизде бардыр. Ошондо лирикалык каарман мындай деп айтат: «Адамдар мени шылдыңдашат, күлүшөт, түртүп өтүшөт, бирок ошентсе да мен аларды жакшы көрөм. Анткени мен Акыйкатты билем».

— Туура. Акыйкатты билгендик гана ушундай күчтү берет. Мисалы, эгер Толубай ушундай чындыкты билбесе мындай ишти кылалмак эмес. Билимдүү миңди жыгат. Байыркы грек акылмандары «познай себя» деп бекеринен айтышкан эмес да. Мунсуз эч нерсе кылууга мүмкүн эмес. Мунсуз жазганың покко жарабайт, мунсуз сүйлөгөнүң да покко жарабайт. Адам эң алды өзүн терең билбесе анын айткандары, анын кылгандарынын бардыгы асыл нарк касиетине арзыбайт. Бул жалпы маданиятыбыздын негизи болушу керек.

Биз дээрлик 70 жылдай динди тандык, атүгүл ага каршы күрөштүк. Бирок эмнегедир соңку кездерде биздин кээ бир жазуучуларыбыз, сүрөтчүлөрүбүз диний темага кайра кайрыла башташты. Мунун себеби эмне? Ойлонуп олтуруп акыры диндин маанисине түшүндүкпү же азыркы моралдык адеп-ахлактык бузулуунун учурунда ушундан көрө дин деле жакшы турбайбы деген ойбу?

— Сен айткандай дагы, тигиндей дагы. Кээ бирөөлөр чындыгында эле адамдардын азыркы түрүн көрүп алып айтышат. Айрым кишилер бардык нерседен чарчап ар кандай азап-тозоктон кийин келип атышат. Адам өзү баёо, жөнөкөй, карапайым болуш керек. Асманга колуң жетсе да сен кадимки эле адамсың. Ошон үчүн кичине алды-артыңды карап токтоо болгон жакшы. Сен канчалык эрдемсинбегин, сенин ойлогондоруң мына бул карап туруп ойлонулган нерселерге: асманга, жылдызга, күндө көрүп жүргөн чудесный чөптөргө, гүлдөргө, шуулдаган дарактарга жетпейт да. Мына ушуну билген жакшы. Мына ушуну билгенде гана (кыргыздар айтат ко, барга каниет кылып жашаш керек) жанагы токтоолук, пакизалык, бири-бирине болгон сүйүү, адамгерчилик ушундай атмосферада пайда болот.

Адам албууттанып, асманды карап баарын унутканда ушулардын баёолугун, поэзиясын унутканда, курчап турган нерселерди көрбөгөндө трагедияга алып келет. Азыркы замандын эң бир олку-солкусу ушундан болуп жатат. Мисалы (ушуларды билгенде, түшүнгөндө «любовь к ближнему» деген нерсе пайда болот), «Кожожаш» чоң сабак. Адам өзүн унутканда, эрдемсингенде ушинтип аскада калат. Бирок мындай нерселер ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык өжөр, каардуу болот. Жөнөкөй эле нерсе сенден ошончолук көңүл бурганды талап кылат. Антпесең алар сага баш ийбейт. Эмне үчүн көп адамдар эч нерсени байкабайбыз, эч маани бербейбиз? Бул өзү акыл менен эмес, жүрөк менен караганды талап кылат. Ал эми акыл менен жүрөк ар дайым кагылышта болот. Акылың бирди айтса, жүрөгүң бирди айтып туруп алат. Ошон үчүн «познай себе» дейт. Адам өзүн билгенде, түшүнгөндө жүрөгү менен акылы гармонияга келет. Эриш-арак болот. Чоң религиялар так ушуга жол болгон. Христианизм, буддизм, ислам — баары адамга салынган жол. Адам бир чоң чоку болсо — ошого салынган жол. Бирөө артынан, бирөө туурасынан келет. Биз өзүбүздүн шартыбызга жараша исламга түшөбүз. Кытай, жапондор илгертен келаткан кулк-мүнөзү, жашоо-шартына жараша буддизмге түшөт.

Көңүлүңүздү түйшөлткөн, жаныңызды жай алдырбаган не ойлор бар, айтса, жазуучулук жоопкерчилик дегенди кандай түшүнөсүз?

— Жоопкерчилик эмне? Жанагы бечара Толубайдын жоопкерчилигиндей эле нерсе да. Эч ким сени кыйнаган, үгүттөгөн жок, «кой, орден беребиз, сыйлык беребиз» деп. Өзүнүн алдындагы гана жоопкерчилик. Ушундай гана жоопкерчилик жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Бул жөндөн-жөн келбейт. Бул чоң тажрыйбадан, ар жакка, бер жакка урунуп, адамзаттын кайда баратканын көрүп туруп анан жаралат. Ошондо гана жоопкерчилик келет. Жазуучу жоопкерчилик келсе жазбай коёт, эч нерсе жазбайт. Азыр бүт баарыбыз жазып атпайбызбы, демек, андай жоопкерчилик биздин түшүбүзгө да кире элек. Эгер, кудай жалгап, ошондой жоопкерчилик келип калса дүйнөнүн да кулагы тынчыйт эле, сеники да тынчыйт эле, меники да тынчыйт эле. Бирок к великому моему сожалению, бирөөбүзгө да келе элек. Күнү-түнү жазып, жан талашып китеп чыгарып атабыз, ушуну менен алекпиз.

Артта жылдар калды. Ал жылдар эмне болду: изденүү, бул бери жактагы нерсе. Андан чоң изденүүлөр болот. Адам жөнүндө: кайдан чыкканың, кайда баратасың — бул өзү жазуучулуктан чоң нерсе да. Ошон үчүн мен ойлойм, жазуучулук бул өзү кичине эле нерсе болот. Жазуучулукту көп эле туу кылып же болбосо элди-журтту окутам, жакшыртам деген туура эмес. Жаш кезде өзү ошондой кыялда болот адам. Мисалы, мен жаш кезде ойлочумун, повестьжазсам кишилер оңолуп кетет, окуп алгандан кийин эле жакшы болуп кетет деп. Анткени мен жазуучулуктун тагдырын ошого байланыштырчумун. Бирок жыл өткөн сайын жазуучулук анчалык деле чоң нерсе эмес экендигине көзүм жете баштады. Кетмен чапкандай, кой баккандай, үй салгандай эле нерсе экен.

Анда жазуучунун вазийпасы эмне болот?

— Вазийпасы деле ошол. Уйчунун, кетменчинин вазийпасындай эле. Мисалы, койчу койду эмне үчүн багат? Биринчиден, балдарын багам дейт, экинчиден, мамлекетке, эл журтка эт берет, пайда кылат. Бирок ал киши ал жөнүндө эч качан ойлобойт. Мен мамлекетке ушинтип атам дебейт. Жазуучу деле ошондой. Бирок жазуучунун бир өзгөчөлүгү: мен бир кыйын нерсе кылып атам деп ойлойт да.

Анда Сиз өзүңүз үчүн жазасызбы?

— Өзүм үчүн жазам деген өтө опурталдуу, көп кишилер муну түшүнбөй калышы мүмкүн. Чындыгында жазуучу өзү үчүн жазат деген сөз аябай орундуу сөз. Мында өзүмчүлдүк, текеберчилик жок. Эта высочайшая скромность. Человек, значит, просто скромно, глубоко чувствующий мир. Ушундай түшүнүш керек аны. Адам чоң түшүнүккө келгенде ал өзү менен дүйнө экөөнүн айырмасы болбой калат. Жазуучулук өзү жанагы Акыйкатты көздөй салынган бир чыйыр жолдой. Бул бир жол, жылчык, ошол жылчык аркылуу жетет. Адам өзүнүн вазийпасын түшүнгөндө мен башка, дүйнө башка дебейт.

Чыгыштын үлуу акылмандары ушуну айтат: адам менен дүйнө бир дешет, демек, менин жеке проблемам — бул дүйнөнүн да проблемасы. Мына ушундай болгондо гана искусство да, адабият да баягы өзүнүн адепки маанисине келет. Ошондо улуу гармониянын биримдиги, акылмандык келет. Бул жазуучунун милдети. Ошону элге түшүндүрүп айтышты жаштар башынан эле билсе, өзүнүн дүйнө менен айырмасы жогун, кан-жаны менен бирге экенин түшүнсө, менимче тарбиянын кубаттуу жерпайы ошол болот. Ушуну түшүнгөндө адам адам менен эриш-арак болот, шуулдаган дарак менен, асман менен, учуп бараткан бечара көпөлөк менен, шамал менен байланышта болот. Ушунда гана улуу адамгерчилик келет. Экология, жан дүйнө, рух дегениңер ушундан келип чыгат. Адам жанагыдай деңгээлге жеткенде табият менен болобу, коом менен болобу — ушундай мамиле түзүлөт.

Духовность деген мына ушунун өзү. Достоевский айткан го «красота спасет мир» деп. Бул кишилер сулуулук дегенди эстетикалык категория эмес, нака адамдык, антропологиялык категория катары түшүнүшкөн. Мен чынында эле сулуулук дүйнөнү сактап каларына ишенем. Адам чоң биримдикке жеткенде улуу сулуулук пайда болот. Рухий тарбиянын булагы да ушерде. Ошон үчүн мына ушундай залкар нерселердин алдында чабан деле, дыйкан деле — баарыбыз бирдейбиз. Жазуучулук койчудай эле нерсе дегенимдин себеби ушул. Койчу деле ошондой жетет. Өзүнүн жолу бар. Сен китеп окусаң, ал бечара койдун артында жүрүп эле жетип коёт.

Каймана сөз, каймана сүйлөшүү, каймана тарбия — Чыгыш адабиятындагы бирден бир маанилүү принцип болсо керек. Анткени, тамыры тереңдей туюлат.

— Ооба, каймана айтуу, кыйытып айтуу… чаргытып айтканы сүйлөшүп аткан кишиңди сыйлаганың болсо биринчиден, экинчиден, сен аны сүйлөшүүгө чакырып атасың, тигини да ойлонууга мажбур кылып атасың. Мындай нерселер руханий атмосфераны пайда кылат. Экинчиден, шакиртин ойлонууга мажбурлайт. Чыгыштын улуу кишилери шакирттерин кагаз-калем менен окуткан эмес, сүйлөп ооз жүзүндө окуткан. Ошон үчүн силер Чыгыштын маданиятына көңүл бургула деген кеп. Анткени биздин жердин абасы, тоосу, суусунан дагы улуу поэзиянын жыты, улуу чаңы, нуру тийип турат. Анткени, залкар кишилер өткөн буерде. Ошону сезиш керек. Айтып атпайсыңарбы, азыркы балдар баарын түшүнүп турабыз, бирок жаза келгенде өзүбүз сезген сулуулук, гармония, күчтүү дем жок дегендей кылып атасыңар. Гармония, сулуулук өзүңдүн кыртышыңда, абада тура берет. Өзү залкар идеялар дайыма абада болот. Ушуну менен дем алат киши. Бирок өзүбүз билбейбиз.

Качан жериңдин, улуу кишилердин нурун жутканда, ошону сезгенде ошол силер каалаган нерселер келет. Биз аябай тыкыр жашайбыз да. Бүгүн, эртең, бүрсүгүнү деп баарын бөлүп-бөлүп жашайбыз. А чынында өтмүш азыркы учур, келечек — бүгүнкүдө. Анда баары бар: өткөн да, келечек да жуурулушкан. Деги эле турмуш ушундай да. Ушундай капкандан чыгыш керек. Биз баарыбыз ушундай капканга чырмалып калып калабыз. Сен бүгүнкүнү сезгениңде бүт баарын көрөсүң. Өткөндү да, келечекти да… Сезүү, билүү керек. Азыркы биз отурган көз ирмемде баары бар. Адабиятта муну заманга шайкеш деп коёт. Мында чоң урук бар да. Так ушуну кармап жашаш керек. Ошондо сага өткөн да, келечегиң дегениңердин себеби: силер чачкын жашайсыңар. Современность — бул күзгүгө чогулган нурдай эле нерсе.

Ошол нурду башка нерсеге багыттаса күйгүзүп жиберет. Ушуну түшүнгөндө, ушул чогулганда ойлогонуңа жетесиң. Баягы улуу кишилер, «токточу көз ирмем» деп жанагы Гётенин айтканы да ушул да. Бул Фолкнердин да проблемасы болгон. Чыгармаларын окусаңар бардыгын: библиялык тарыхтан тартып азыркыга чейин чогултуп бир жерге жыйнайт. Анткени ал түшүнгүсү келет. Улуу сулуулукту сезип, жетем деген да. Эми мындай жазуучулар азыраак эле, бирок алар дайыма ошого умтулушкан. Анан кийин биздин жанагы «Муздак дубалдардын», «Амбарная книганын» бир күндө өткөнү — бул бизге окшогон бечаралардын ошого умтулганы да. Мындай байкуш аракеттердин бир угуту бар.

Улуу художниктерди ушул убакыттын проблемасы көп кыжаалат кылган. Анткени, чындыгында адам өмүрү абдан кыска жана трагедиялуу. Үлгүрбөйбүз. Адамда бир арман болсо ушул болот. Бу турмуштун баткагы өтө эле көп, ошондуктан көп нерселерден баш тартыш керек. Жашаганга чоң эрдик керек деп ошон үчүн айтат. Сен өзүңдү билип, өзүңдө жашаган кудайды, жүрөгүңдү билиш үчүн көп нерседен баш тартыш керек деп айтышат. Бул көп кишилердин тишин сындырган проблема. Биздин дүйнөлүк адабияттагы бүт жазуучулардын өлүгү ушул жерде калган десе болот. Бул бир барса келбес дегендей эле жер.

Ошол жерге барып эле эч кимиси кайтышкан эмес. Анткени, турмушта азгырыктар абдан арбын. Кээ бирөөлөр, ушунчалык чоң жазуучулар да ушуга алданып кала берген. Жанагы Гомердин Одиссейи баратканда билесиңерби, бир жерден өтүп баратканда сиреналардын үнүн угуш үчүн өзүн мачтага таңдырып койгон, болбосо ошол сиреналардын үнүнө азгырылып кетип калат турбайбы. Сирена — бул турмуш. Ар кандай киши, мейли ал канчалык улуу болбосун ошого ээрчип кетип калабыз. Жанагыдай өзүн таңып өткөн кишилер чанда эле. Эгер Одиссей ошентпесе артынан ээрчип кетет эле. Ал өзүнүн максатына жетмек эмес. Ошон үчүн Гомер жана башкаларды кайрадан бир сыйра окуп чыккыла. Бул — тилинин артында тили, оюнун артында ою бар улуу чыгармалар да.

«Махабхаратада» бир жакшы салыштыруу бар го. Өзүнүн эркин тыя албаган киши жарыкка барам деп отко түшүп кеткен көпөлөккө окшош дейт.

— Бул эң улуу метафора.

Мындан он жыл мурда өзүнөн-өзү качуу жөнүндө суроо бергенбиз. Азыр ага кандай карайсыз?

— Абдан жакшы суроо. Эртеби-кечпи адам өзү муну менен кезигет. Ушундай проблемага туш болот. Муну бир билгиле, эч качан өзүңөрдөн өзүңөр качпагыла. Өзүнөн-өзү качканга Батыштын адабияты жакшы мисал болот. Бул чоң адабият эмес. Улуу адабиятты өзүнөн өзү качкан киши жаратпайт. Өзүн-өзү кабыл алган киши жаратат. Качканга караганда өзүн-өзү кабыл алганга чоң эрдик керек. Улуу адам гана өзүн-өзү кабыл алат. Өзүңдү бүт кириң менен кабыл алышың керек. Ошолорду моюнга алып, ошолорду жууп, ошолордон тазаланыш керек. Чыгыштын адабиятын, философиясын чыныгы өзүн-өзү кабыл алуунун философиясы десе болот.

Жашай билүү дегенди кандай түшүнөсүз?..

— Жашоо — куулук, шумдуктануу, алдоо, айланкөчөк атуу эмес, турмуш кандай болсо ошондой кабыл алыш керек деген эле сөз. Жөнөкөй эле суроо. Бирок карап көргүлө, бул өтө кыйын нерсе да. Мына бул жакшы, мына бул жаман, бияка барбайм, тияка барбайм деп гана турабыз. Эгер адам турмушту болгон турушунда кабыл алууга жетишсе, анда чоң ишке аттанганы. Бул өзү чоң жолго түшкөн кишинин иши. Адабият ушу жол менен кетсе болот эле, бирок биздин адабиятыбыз адамдарды минтип ылгап кирет: оң каарман дейт, бул жакшы дейт. Бирок турмушта андай болбойт да. Атүгүл абдан жаман нерседе бир жакшы нерсе болот. Бир акылман түрмөгө түшүп калыптыр, ошол айтат. «Түрмөдө өзүнүн тазалыгы, адамдык касиети менен менден жүз эсе өйдө турган кишилерди көрүп айраң калдым» дейт. А алардын баары — кылмышкер, киши өлтүргүчтөр. Бул — турмушту кандай болсо ошондой кабыл алууга үйрөн деген сөз да.

Ошондо гана эң жаман нерседен жакшы нерсени көрөсүң. Анан бирөө жакшы, бирөө жаман деп отурсаң эмнени көрөсүң. Биздин маданиятыбыз да, тарбиябыз да, өзүбүз да ошондой бир жактуу, тар болуп калганбыз. Андайдан эч качан адам боорукер болбойт. Жанагы силер айткан көпөлөк да караңгыда жарыкка качам деп отко түшүп куйкаланып өлөт. Жашаганга зор кайрат керек деген сөз ушул да. Мен ушуну бир аңгемеме киргиздим эле, жанагы бечара жазуучу менен кызы…

«Туулган күн».

— Ии, жадесе туулган күнүндө светин өчүрүп кетсе «бүгүн атам туулду эле, өчүрбөй эле кой дөдим» дейт кызы, «анан эмнө деди» десе, «ушундан көрө туулбай эле койбойбу деди» дейт. Эми ошол жазуучу кызына, кипкичинекей кызына айтып атат, дагы «самое главное мужество» дейт. Эми ошону түшүнсүн деп атат да. Өзүнүн ыйык, азап чеккен ойлорун кичинекей кызына айтып атат да. В самой ситуации есть трагизм. Айтылбайт бул. Муну өзүм выстрадать эткем. Ошон үчүн силерге айтып жатам. Бул менин окуп алып же кыйынсынып, бирөөнү үйрөтөйүн деп айтканым жок. Өзүмдүн гөрөңдөнгөн гөр турмушума ылайдай жуурулуп отуруп, ийленип отуруп, анан көргөн ойлорумду айтып отурам.

Бир жолу «адам али кол тие элек сом жыгач, кийин ал кандай нерсеге айланары ошол адамдын өзүнө байланыштуу» деп айтканыңыз бар эле…

— Ооба, жонулуп, сүрүлүп, жышылып чыкканда, мисалы, чоң дарыялардагы агындыларды байкайсыңарбы? Чоң сел кеткенден кийин сайларда агындылар жатып калат. Дүмүрлөр ташка сүрүлүп олтуруп, жышылып олтуруп, аппак болуп кашкайып жээкке болуп көрбөгөндөй сулуу болуп чыга келет. Ошолор мурда жөн эле жыгачтар болгон. Булактардын түбүн карасаңар жылмакай, формалары укмуш таштарды көрөсүңөр. Булар өзүнөн-өзү ушинтип калган жок да. Илгерте бери, балким миңдеген жылдардан бери жатып, суу шондой кылып койгон. Адам деле ошол. Чоң селдерден, турмуштук жагдайлардан туруктуулук менен чыккан киши ошентип тазарып калат. Жаны да тазарат, сөөгү да тазарат, бир нерсени түшүнөт. Надо черпать из себя мужество. Иса пайгамбар айткандай, «сол жаагыңа чапса оң жаагыңды тосуп бер», мында улуу акылмандык бар. Жанагы биз айткан кайрат-чыдамдуулук ушундай жерлерге керек, ушинтип жашаш керек. Улуу сулуулук, акылмандык ушунда. Ушунда гана сен бир нерсеге жетесиң. Кууланып, акылдуусунуп жүрсөң эч нерсеге жетпейсиң. Бул куулук-шумдуктар үчүн адам өмүрү ушунчалык кыска.

Эгер адамдан көңүлүң кирдеп калсачы?

— Бул адамды түшүнүп, анын абалына кирүү керек. Эмне үчүн мындай. Аягына чейин түшүнүүгө умтул. Чанда гана адамдар мерес, каардуу, оңолбос келишет. Алардын көпчүлүгү бизге окшогон эле бечаралар, аларды түшүнүп кечирүүгө болот. Адамды күнөөлөш оңой, бирок түшүнүш кыйын. Адам өзүнөн-өзү кубанычты сузуп алат, күндөлүк турмушунан, баскан-турганынан, айды, чымчыкты, асманды карап койгонунан, бардыгы адамга гармониялуу кубанычты алып келет. Жумуш кылсаң, жаның жыргайт. Сүйлөшсөң дагы. Балаң — эң чоң кубаныч. Адамдын турмушунун өзү эң зор кубаныч. Ушундан кийин сыягы улуу сулуулукту туясың. Ошондой жерден өзүңдөн өйдө турган нерселерди түшүнөсүң. Эмне үчүн дүйнөгө келгенин түшүнөт. Мындай адамды эч нерсе мүңкүрөтпөйт. Мен бир роман жазып жатам. Аты «Жетим менен жесир». Ушул чыгармамдын каарманы айтат: «Менимче, дүйнө жетим менен жесирге толгон. Ушундай туям. Анткени адамдардын бардыгы жетимдей, жесирдей болуп жүрөт. Дүйнө жетимсирей, жесирсирей түшкөндөй. Эмне үчүн адамдар бактысыз?» деп кыйналат.

Демек, адамдын адам болушу учун жанагыдай селдер зарыл экен да?

— Албетте, турмуш өзү ошондой да. Маркстын айтканы бар, «турмуш — бул күрөш» дейт.Турмуш — бул кагылыш. Бул сен көзүңдү жумуп эле өтүп кет деген сөз эмес. Ошол күрөштөн тазарып чык деген сөз. Энемдин бир айтканы бар, көп айтчу эле. «Жоонун тышында болгончо ичинде бол, балам» дечү. Дайым айтаар эле. Ичинде болгондо гана бир нерсени түшүнөт да, ошондо тазарат. Өлгөндүн баасын билет, тирүүнүн баасын билет. Жакшылыктын,жамандыктын баасын билет. Адам тазарат дегени самын менен жуугандай кеп эмес, түшүнөт деген сөз.

(Уландысы бар)

Аңгемелешкен Мамат Сабыров, Мелис Эшимканов

К.Жусубалиевдин «Жети сөз жана Конфуций китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.