«Журналистика – чоң күч. Анын күчү дамбаны бузган суудай баарын ойрондойт. Ээн баш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт«.
Махатма ГАНДИ

Улуу саясый ишмер, улуу ойчул Махатма Гандинин бул айтканына кыргыз бийлиги да, кыргыз журналистикасы да көңүл бөлбөй келет. Чын-чынында коом, дегеле жалпы дүйнөлүк саясат – журналистиканын эбегейсиз зарылчылыгы менен жүргүзүлөрүн терең аңдасак кана!

Эпиграфтагы накыл кептин биринчи бөлүгүндө, албетте, күчтүү журналистика дамбаны бузган суудай зор таасирге ээ болгондуктан, дүйнөдө болуп жаткан ийгиликтердин эч бирин маалыматтык жеңиштин ролусуз элестетүү мүмкүн эмес. Маалымат туура-так жана объективдүү жеткен жерде, эч бир коомдук процесстин кыйраканы чыгышы мүмкүн эмес. А бизде тескерисинче, бүгүнкү ээн баш, ээн ооз кыргыз журналистикасы коомдук түзүмдүн кыйраканын чыгарган куралга айланып кетти.

Мынча болду, айрым фактыларга аргументтүү анализ кылып көрөлүчү. Алмазбек Атамбаевдин президенттик доорунда көрдүк: журналисттер чөйрөсүнүн кайсы катмары көбүрөк жабырланганын. Өз кесибине профессионалдык мамиле кылган журналисттердин иши соттук териштирүүлөргө кабылып, миллиондогон айыппулдарды моюнга илүү менен алардын тилин тишине кыттыруу кысымы уланып, «Азаттык», «Zanoza», «24.kg» МА сыяктуу маалымат булактарынын ишмердигине бийлик тараптан канчалаган кыйынчылык жаратуулар болду.

Ага дейре журналисттердин кесиптик майрамы белгиленген күндөрү да, башка күндөрү да эки-үч курдай А.Атамбаевдин оозунан абыдан бир акыйкат кеп чыгып кеткен эле. Аныгында Атамбаевдин ушакчы журналисттер арбын экендигин баса белгилегенине журналисттер канчалык чычалаганы менен, бирок ал кептин чындык үлүшү арбын болчу. Тилекке каршы, дал ошол ушакчы, божомол-дөдөмөлчү, жалаң ишим-имишке таянып жазган журналисттердин көбү – тескерисинче, Атамбаевдин командасынын тегерегинде көбүрөк чогулганын анын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин көрдүк. Бирок алардын эч бирөөсү өз жазасын алган жок, тескерисинче, ошолордун ишмердүүлүгү күчөндү. А профессионал журналисттер көбүрөк жабыр тартты.

Ал эми бийлик жетегиндеги КТРК баш болгон маалымат каражаттары ак үй таркаткан гана жалган маалыматтар менен жалпы коомчулуктун көзүн будамайлап, бийликке каш кагып каяша айткандарды көз көрүнө каралап келгени кимге жашыруун? Маркум устатыбыз Алым Токтомушев айтмакчы: «…журналисттердин 99%и калемди «швабрага» алмаштырып, «революция» полун жууп жүрүштү».

2010-жылдан кийинки кандуу окуянын аркасы менен мамлекеттик төңкөрүштүн убайымын көргөн бийликтеги бир ууч топ болду да, жалпы коомдун объективдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгү акыркы алты жылда чектелип келди. КТРК коомдук телеканал деген макамга ээ болгонуна карабай, кудум Акаев менен Бакиев заманындагы озуйпаны КТРдин жулкунган журналисттери кайрадан аткарды. Кайрадан «кара жашик» деген эски аты коом эсине салынды. Жулкунган энергияларын коррупция менен күрөшүүгө, чыркыраган чындыкты коргоого эмес, бийликке каяша кайыргандардын мизин мокотууга коротуп келишти.

Ак үй аксымдары өкмөттүн өчөйгөн казынасы карапайым эл эсебинен топтолгонун эстеринен чыгарып, мамлекеттин акырынан жем жеген журналисттердин маяналарын жеке өз чөнтөктөрүнөн чыгаргансып көзкаранды кылып алышканы таңгалтырат. Же муну кара жашикке айланган КТРК журналисттери алигиче аңдай элекпи, айтор, ага коомдук канал деген чапан жабуу деле кесиптик жоопкерчиликти арттырып ийген жок.

Негизинен президенттик такка жетип, каруусун бекемдеп алган күндөн тарта сөз эркиндигине карата тымызын күрөш күчөп, журналисттер чындыктын тили менен сүйлөө укугунан ажырап баштаганы туурасында А.Атамбаев менен бирге Араб өлкөлөрүнө барып келгенден кийинки сапарыбызда баса белгилегеним бар. Себеби ошондогу иш-сапарда президенттин маалымат кызматынын иш стилинен эле эркин журналистикага болгон кысым бекемдеп калганын өз жонтеримден туйган элем. Аны жогоруда белгиленген шилтемеден окуп алсаңыздар да болот…

Арийне, Араб өлкөлөрүнө президентти коштоп барган журналисттерге анын маалымат кызматын жетектегендер эмнени жазып, эмнени жазбоо керектиги туурасында дамамат эскертүүлөр берилип, коомчулукка объективдүү маалымат жеткирүү мүмкүн эместигин өз тажрыйбамдан көргөндөн улам бүгүн да ушул теманын айланасында ойдүрмөт жазуунун удулу келип туру.

Демократтардан көрө партократтар ыкчам эле

Азыркы тапта кыргыз журналистикасы менен кыргыз бийлигинин беделин арттыруу баарынан маанилүү. Анүчүн эмне кылуу керек? Биринчи кезекте, бийликтин эң жогорку тепкичинде отургандар маалымат каражаттарында жарыяланган эң олуттуу, коомчулукта катуу резонанс жараткан темаларга көз жумду мамиле кылбастан, кайра дал ошол маалыматтын чын-төгүнүн териштирүүдө журналисттер көтөргөн маселеге чапчаң мамиле кылууну үйрөнсө, бул саамалык жалпы коомчулукта бийликке да, журналисттерге да терең ишеним жаратары бышык.

А бизде маалымат каражаттарында көтөрүлгөн курч маселелерге кыргыз бийлигинин реакциясы өтө кашаң. Дал ушул кашаңдыктын айынан ыкчам өнүгүү жолуна түшалбай келатканыбызды Акаев заманынан бери бир да өлкө башчы, бир да өкмөт башчы түшүнгөн жок. Тескерисинче, журналисттер көтөргөн маселе коомчулукта канчалык чуу жаратпасын, ага расмий бийликтен өз убагында реакция болбогондон улам кыйла нааразычылыктарды жаратып келди!

Басма сөздө резонанс жараткан темаларга биздеги демократтарга караганда илгери союз мезгилиндеги партократтардын реакциясы чагылгандай ыкчам болор эле. Биз канчалык жаман көргөн менен Совет доорундагы расмий бийликтин өкүлдөрү азыркы демократия аралчасын курдук деген кыргыз аткаминерлерине караганда тезинен реакция кылуу жөндөмүнө ээ болчу. Алар борбордук басылмалар тургай, райондук гезитке жарыяланып кеткен материалдар үчүн жаздыкка баш коюп тынч жата алышкан эмес. А азыркы биздин демократтарчы?! Жаткан жеринен пил тебелеп кетсе да былк этишпейт. Буга келгенде КР Президенти, КР Өкмөтүнүн маалымат кызматында отургандар да коомдогу кызуу талкууланып жаткан темаларга кулактары кар, көздөрү көр шекилинде мамиле кылышат.

Журналисттер какылдап-какшап, айткандан тилдери тешилип, жазгандан калеми жешилип бүтсө да – биздин чоңдорго барыбир: анан кантип эл арасында бийликтин, аткаминерлердин аброю өссүн?!

Учурда Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аёсуз уланарын дамамат айтып атканы кубандырат, бирок эң таңгалыштуусу – өлкө башчынын ушул айтканын иш жүзүнө ашырууда мамлекеттик казынадан маяна алган журналисттер арасынан эмнеге Улан Эгизбаевдей журналисттик иликтөөгө башын сайган кесиптештер чыкпайт?!

Агер мамлекеттик саясатты ырааттуу жолго коюу керек болсо, биринчи кезекте КТРК журналисттеринин арасынан Улан Эгизбаевдей журналисттердин бири эмес, миңи чыга турган жерде эле. Себеби, мамлекеттик ресурстарды туура колдонуу механизми менен коррупционерлерге каршы журналисттик иликтөөлөрдү уюштуруу кыйла жеңил болбойт беле! Анткени мамлекеттик күч органдарынын аралашуусу менен жемкорлук системаларды коомчулукка ачып берүүдө – журналисттик иликтөө жүргүзгөн кесиптештер да анчалык оор тоскоолдуктарга, коркутуп-үркүтүүлөргө учурабайт эле! Керектүү маалыматтарды бийликтин кайсы бутагынан болсо да ала турган мүмкүнчүлүгү болмок. Каратүнөк кылмыштуу топтор да кынына кирип, өлкөдө тартип орномок.

Арийне, С.Жээнбеков өзү баса белгилеп жүргөндөй, «мамлекеттин укуругу узун», ошол укурукту коррупционерлердин мойнуна иле турган журналисттер эмнеге мамлекеттин акырынан жем жеген журналисттердин арасынан чыкпайт да, океандын ары жагынан каржыланган «Азаттыктын» маркум болгон журналисти Улан Эгизбаевге окшогондордун гана колунан келүүдө? Же Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүү Кыргыз бийлигине эмес, Америка үчүн зарылбы?! Агер, азыркы Президенттин чындап эле коррупция менен аёсуз күрөш жүргүзүү ниети болсо, буга биринчи кезекте КТРК журналисттери жулкунуп кирише турган мүмкүнчүлүк бар.

Журналисттердин эң чоң кесели

Кыргыз журналистикасында эң жоопкерчиликсиз көндүм адаттардын бири – тергеме атка (псевдоним) жамынган жазмакерлер тобу. Бирөөнү караласа да, бирөөнүн беделин көкөлөтө мактаса да, тергеме ат аркылуу жазышат. Ит өлүгү дал ушул жерде. Себеби, өз кесибине ызаат мамиле кылбаган журналист гана маска кийип алып, тергеме атка жамынып оокат кылганга көнгөн. Ошолордун айынан коомдо ушак, имиш-имиш, божомол-дөдөмөл таркаткан журналисттер катмары пайда болду.

Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, редакторлору өздөрүнүн кол алдында иштеген журналисттердин тергеме ат менен жазганына жол бербеген бекем талапты колго алса эле, журналисттердин кесиптик жоопкерчилиги артып, чыгармачылыкка болгон мамилеси кыйла өзгөрмөк. Ушак, имиш кептерди таркатуудан жазганышмак. Себеби ким эле өзүнүн аты-жөнүн булгап материал даярдагысы келет?

Олжобай Шакир

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.