Бар экен, жок экен, Петя-петушок деген короз болуптур. Таажысы өрттөй кызыл, жүндөрү жибектей жумшак, текөөрү бычактай курч, өңү болсо абдан кооз короз экен. Ал эми үнүчү үнү! Тимеле коңгуроонукундай таза, тунук жана бийик экен.

Бир жолу ал баардыгынан эрте ойгонуптур. Терезеден караса сырт караңгы жана тынч экен. Баардык жандуулар уктап жатышыптыр. Ал тургай күн да уктап калыптыр. “Жакшы эмес!”- деп ойлонду Петя-петушок. Ал ошол замат дубалдын үстүнө секирип чыгып кыйкырды:

– Ку-ка-ре-ку!

Катуу, катуу жер жаңырта кыйкырганын күн да угуп ойгонду.

– Рахмат, Петя ойготконуңа!- деди Күн, — уктап кетиптирмин.

Күн асманга көтөрүлүп. Жаңы күн башталды. Рахмат сага Петя-петушок

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.