АҢГЕМЕ

«Мугалимдер газетасын» окуп отуруп, качанкы бир окуя эсиме түштү. Ал окуя, жолоочунун өмүр жолундагы алгачкы жолу уучураган шамга окшоп, ар качан жылт этип көңүлгө келе калчу.

Анда менин бала чагым. Айылдар колхоздошуп, кары-жаш дебей билимге умтулуп, эл жаңы маданиятка жапырт бет алган учур. Мен ошондо мектеп босогосун жаңы гана аттагам.

Жаңыча кийинген, жаңыча сүйлөгөн бир киши бизди чурулдатып класска киргизди. Анын кийими, мамилеси, сөзү биз көрүп жүргөн айылдаштарыбызга окшобой, кандайдыр бир жаңы жана жүрөккө жакын туюлду. Же агабыз, же таякебиз, же таанышыбыз болбосо да, ал бизге жакын жана тааныш сыяктанды.

Биз үч-үчтөн болуп парталардан орун алдык. Алдыбызга калам, дептер коюлду.

Бул жакын көрүнгөн кишинин мугалим экендигин гана билебиз. Биринчи жолугушуудан баштап агай деп атай баштадык. Анын аты агай экен деп ойлодук. Мугалимдин аты Омор агай экенин да уктук. Бирок аны дайыма агай деп атап жүрдүк.

Биздин өмүрүбүздөгү жаңы турмуш башталды. Мурда окууга кире электе китеп, мектеп деген сөздөр кулакка сонун угулар эле. Мектепке барсак, окусак дегенде ак эткенден так этчүбүз.

Менин атам эскиче молдолугу бар киши эле. Дубай салам жазууну жана сураган кишилерге кат жазып берүүнү мыкты билчү. Өзү жазса да, башкалардыкын окуп берсе да, каттардын башы дайыма «дубай салам кылабыз андагы»… деп айтылчу. Атам эскиче адабий китептерди окуганда да уккандар тамшанышчу. Ошон үчүн атамдан ашкан билимдүүлөр жок ко деп сыймыктанар элем.

Мен билим алууну: китеп окуп, кат жаза билүү деп гана түшүнчүмүн. Мектепке киргенде менде мындан артык максат жок эле. Качан гана мугалимдерди көргөндө жана атамдар да сабатын ачуу үчүн ошолорго окуй баштаганда мен атамдан да молдолугу күчтүү кишилер бар экенин, алар биздин агайлар экендигин байкадым.

Мен мектепке ынтызар боло баштаган учурда китеп окуунун кандайдыр бир жашырын сыры бар, ошол сырды билгендер гана молдо болушат экен го деп ойлочумун. Менин оюмча бул сырды билген кишилерге кагаз бетиндеги чыбыр ала жазуулар өзү эле кишиге окшоп сүйлөп тургандай сезилчү.

Качан класска аттап кирип, партадан орун ээлеп, алдыма дептер жайылып, колума калам тийгенде, окуунун сырын таптым го дегенсидим. Эки көзүм да, кулагым да мугалимде… Ал биздин бет маңдайыбызга коюлган чоң кара досканын жанына туруп алып, бирдемелерди айтууда. Кээде ак бор менен бирдемелерди чиймелейт. Анысы кулакка кирбейт. Күткөнүм — окуунун сырын угуу. Бирок агай аны айткысы келбегенсип, менин кулагыма кирбеген каяктагы «А», «Б» деген тамгаларды көп кайталайт. Бизге да ошону жазгыла дейт. Мен ага дитим чаппай доскедеги чиймени туурап, ийреңдетип чиймелеген болом. Анан саноого жана жазууга өттүк. Кайра алиппе.

Күнүгө ушунубуз ушу.

Агайдын сөздөрү кулагыма кирбесе да, анын айткандарын так орундатып жүрдүм. Тартип жагынан да тил укканым жок. Бирок окуунун сырын качан үйрөтөт деген үмүтүмдөн ажырабадым.

Кыш өттү. Атам кандайдыр бир иштер менен алыска сапар тартып кеткен эле. Эмне үчүн кабарлашпайт деп апамдын тынчы кетип жүрдү. Бир күнү атаман кат келди. «Кана, окучу! Илгерки балдар бир кышта катты суудай окуп калчу» — деп апам конвертти жыртпай мага кармата салды. Мен конвертти этияттап ачып, каттын бүктөөсүн жазып, «Амандык кат. Дубай салам кылабыз, андагы туруучу…» деп шыдыр окуй баштаганымда, апам «киши эле, молдо болуп калыпсың!» деп алкап жиберди. Андан кийин менден үн чыккан жок. Атамдын бир жагына ыктатып, ийри-буйру латын тамгасы менен жазган арибинин «А» дегенден башкасын ажырата албай турдум.

— Окуй бер балам, тартынбай эле окуй бер. Тү, тү-фү!— Мени көзүкпөсүн дегенсип апам түкүрүнүп койду.

Мен «дубай салам кыламыздан» ары жыла албадым. Чекемен муздак тер чыпылдады.

— Сага эмне болду? Эмнеге такалдың? — Апам каттын ичинде бир жаман кабар барбы дегенсип, иреңи бузула түштү. Мен катка кине койдум:

— Жакшы окуй албай жатам. Шашып жазса керек.

— Өх, жаным ай! — апам үшкүрүнүп алды,— жаным калсачы! Окуй албасаң да, атаң аман-эсен болсо эле болгону!

Апам мени жемелебестен, катты колуна кармап, коңшубуздун кызына окутууга кетти.

Мен уятым чыгып, арданып үйдө кала бердим. Өзүмдүн начар окуучу экендигимди түшүндүм. Атам быйыл эле бир кыштын ичинде жаңы алиппени үйрөнүп, катты шакылдатып отурбайбы. Аңгыча эшиктен апамдын бирөөнү чакырганы угулду. Кат билген кишини көрсө керек. Эшик ачылганда, папкесин колтуктап Омор агай кирип келди. Мен ордуман тура калдым.

— Кандай, Жапар!— деп ал менин нымтыраган чекемен сылап коюп, боз үйдүн төрүнө барып отурду. Апам үйдө нан бышырып жаткан эле. Кат келгени от бошко кетип, казан какшып бараткан.

— Кагылайын, окучу!— деп апам катты Омор агайга сунду.— Жапардын атасынан келиптир…

Агай катты окуй баштады:

«Амандык кат». Дубай салам кылабыз, андагы туруучу… «Башын жакшы эле баштаган экен дегенсип, апам мени жактыргандай жылуу көзү менен карады. Андан ары атам аман-эсендигин, иштери жакшы жана он чакты күндө келип каларын айтыптыр.

Апам атамдын аман-эсендигин, ал-жайын толук уккандан кийин агайга айланып-кагылып, ыракмат айтты.

— Кагылайын, биздин үйгө кире элек элең, отур! Мейман бол,— деди.

Омор агай да ыракматын айтып кетмей болду. Ага апам көнбөдү. Акырында агай чай ооз тийүүгө калды.

Апам нан бышырып жатып, мугалимге өзү эмнеге таң калганын айтты.

— Илгерки балдар тез эле молдо болчу эле. Биздин Жапар күзү, кышы тамтаңдап жүрүп, алиге кат тааныбаганы эмнеси?

Мугалим мени жаман көрчү эмес эле. Айтканын так аткарганымды, тартиптүүлүгүмдү билчү. Алиппедеги «Ат», «Атка така как» деген сыяктуу көнүгүүлөрдү жакшы окучумун. Мен аны жөн гана жаттап алганымды өзүм да, мугалим да байкабаптыр.

-Апа! Каттын жөнү башка болот.— Мугалим мени акташ үчүн эмес, начар жазылган катты окуу кыйын экендигин түшүндүрө баштады. Агай мен жөнүндө жакшы пикирин айтып: — Алиппең кайда? — деди.

Мен керегеде илинип турган таар китеп баштыгыман окуу китебин сууруп чыктым. Ал китепти барактап туруп бир бетин ачты:

— Окучу!

Мен окуй баштадым:

— Кы-оо-ый…

— Эмне болот? Кошуп оку! — деди агай күлүп,— Урунуштур!

Мен такыр урунуштура албадым — ар бир тамга бири-бирине кошулбай тыбыш тыбыш бойдон калат. Мугалим башындагы кара шапкесин алып коюп, жайланып отурду да, менин кандай окуучу экенимди жаңы билгендей маңдайыма алаканын таяп, көзүмө тике карады. Мен көзүмдү жумуп, башымды ылдый кылдым. Агайдын көз карашында жекирүүдөн мурда чоң өкүнүч бар эле. Мен аны ушул убакка чейин элестеп турам. Өлбөгөн эле төрт шыйрагым калды. Апам да, алда эмне болот дегенсип, бизди карап селейип, бир чабатысын күйгүзүп алды. Көрсө, мугалим эски молдолорго окшоп, мени урабы деп корккон экен.

Агайым колун менин маңдайыман тартып алды да, ойлонуп отуруп калды. Чайды да көңүлдөнүп ичкен жок.

— Мындай экениңди билчү эмесмин, сенин тырышчаактыгыңан улам сабакты жакшы өздөштүргөн экен деп ойлочумун…— Ал сөзүнүн аягын бүтүрбөсө да, эмнени айтмак болгону мага белгилүү.

Мугалим башка сөз айтпай, апам менен коштошуп кетип калды.

Анын мен жөнүндө эмне ойлонгонун апам экөөбүз түшүнгөнүбүз жок. Менин билгеним: мени сөзсүз жаман көрүп калды, бул жөнүндө эртең бардык балдарга айтууга тийиш.

Эртесинде сабак убагында агай мени качан уялтар экен деп жүрөгүм бүкү-дүкү. Ал эмне үчүндүр баарыбыз менен күндөгүдөй эле. Мага анчалык көңүл бурбайт. Балким кечөөнкүнү унутуп калгандыр.

Омор агай ошол күнү бешим ченде биздин үйгө дагы келди. Жазы маңдайы ачык, аркасына кайрылган чачы жылтылдайт. Сакал, мурутун таптаза кырдырган. Ал убакта биздин айылдын кишилери бүт сакал, мурутун коё беришчү.

Биздин мугалимдин жылуу сөзүн көрүп, бир жакшы иш менен келген экен деп кубандык. Менин кечөөнкү уят болгонум да эсимен чыгып кетти. Апам менен учурашып, ал-жайды сураштырды. Менин үйдөн сабакты кантип бышыктарымды апам айтып берди:

— Жапар бир маал китеп окуйт. Отуруп алып окуйт. Жазарда дептеринин алдына китебин төшөп, шырдамалдын үстүнө үстөмөндөп жатат. Бир маал балдар менен отунга барат.

Мугалим мыйыгынан күлдү.

— Антип окуганы мейли. Бирок жатып алып жазышы жакшы эмес.— Баланын кемирчектүү денесин жакшы жетилдирүү үчүн эмне кылуу керек экендигин апама жай түшүндүрдү.— Ошон үчүн жазарда алдына тиги кичинекей сандыгыңызды коюп бериңиз.

— Макул, кагылайын!— деди апам.— Сандыкты баламан аябай калайын. Өзүмүн оюма келбеген экен… Ырас эскерттиң.

Ошол күндөн тартып, оюм-чүйүүмдүү кооз калай менен капталган сандык менин жазуу столума айланды.

Омор агай биздии үйгө келе баштагандан тартып, ал мага жакын кишидей көрүнө баштады. Аны менен аздап сүйлөшүүчү болдум. Мурун андан коркуп, калтырап турар элем. Мектепке кирүүдөн мурда эле, илгерки молдолор балдарды урат деген сөздөр жана бизден жашы улуу айылдаш балдардын «агайдан тил уктук», «ал биздин кулагыбызды толгоду» деген аңгемелерин угуп, мугалимге кыңк эте албай тургандай сезим пайда болгон эле. Эми ошо сезим булак бетиндеги кылаңгыр муздай эрип баратты.

Мен мугалим менен аздап аңгемелешчү болдум. Бир күнү ал биздин үйгө келгенде мен ага минтип айттым:

— «Ме» болсо, «мен» деп жаза алар элем.

Агай күлүп, мени маңдайымды сөөмөйү менен түкүлдөттү:

— Мына эмне мээң? Мээси жок да киши болобу?

— Жок, агай! Мен «ме» деген арип болсо деп жатам.

— Ой, балам-ай! — Агай кагазга эки арипти чийип көрсөттү:— «М» арибине «е» арибин кошсоң «ме» болот… Кана «мен» деп жазып көрчү. Мен «м» тамгасын «мы» деп окучумун. Ошондуктан ага «е» тамгасы кошулбагандай сезилген.

Мен эмне үчүндүр «н» арибин көңүлүмө бекем түйгөн экемин. Дароо эле жаздым: мен. Мен окуунун сырын саргара күтүп жүрүп, эң эле жөнөкөй нерсени этибар албаганыма таң калдым. Сыр түйүнү каш менен кабактын ортосунда гана тургаи экен.

…Мугалим мага ариптерди урунуштуруу жолун үйрөтө баштады. Анан улак, кой ж. б. ларды жаза баштадым.

Жаңылган жерлеримди мугалим түзөтүп турду.

Менин көңүлүм эч убакта мынчалык толкундаган эмес. Канча убактан бери менин жүрөгүмдү арбаган жашырын сыр мага азыр гана ачылды. Эми өзүмдү анык окуучу катары сездим. Эгер менин жазганымды көрсө, атам да, «молдо болупсуң» деп кубанмак. Мага кагаз гана чак келбей тургансыды.

Мугалим төрдө менин жанымда күлүмсүрөп отура берди. Коштошоордо гана «жарайсың!» деп маңдайыман сылады. Анын азыркы көз карашында кандайдыр бир ыраазылык бар эле. Анын минтип карашын мурун эч убакта байкаган эмесмин…

Биз окуган мектеп башталгыч мектеп эле. Төрт бөлмөлүү, ушул жапыз там илгери мечит болуп, мында балдар окушчу экен.

Омор агай бир кезде өзү да ушул мектепте окуптур… Кийин мугалимдер курсун бүтүп келиптир. Ошону үчүнбү, эл аны молдоке деп аташчу.

Мен окуунун сырын тапкандан бери Омор агайды өтө сүйүп калдым. Менин байкашымча ал да мени жакшы көрөт. Бирок экинчи класска өткөнү башка мугалимге кез болдум. Омор агай өзү болбой жатып, дайыма биринчи класска гана сабак берип калды. Мен ошол башталгыч мектепти бүттүм. Башка жакка кеттим. Андан бери көп өзгөрүүлөр болду. Баягы мечит акыры ээсиз коргонго окшоп бош калып, башка жерге заңгыраган жаңы мектеп салынды.

Омор агай да башка райондорго которулуптур. Анан согушка кетиптир. Анын бары-жогун билчү эмесмин. Бирок ал мага өлбөй турган адамдай сезилчү.

Жакында мен мугалимдер газетасынан Омор агайдын пенсионер болсо да, мектепте иштеп жатканын, али да биринчи класстын мугалими экенин окудум, кубандым. Өткөн өмүрдү эстедим. Андан бери мага окшогон жаштардын канчасынын көзүн ачканын, билим жолуна салганын, канчасынын жүрөгүнөн маанек тапканын көз алдыма келтирдим. Мен ага кат жазгым келди. Бирок менин катым дубай саламга да, амандык катка да окшобой ушундай болуп чыкты.

Кош! Омор агай! Сиз дайыма биздин жүрөктөсүз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.