<<<<<<<<<<<<Башы

Н. Капаров: Китеп окулбай калды, гезит окулбай калды, жакшы чыгарма жазылбай калды, адабиятка, театрга көңүл бурулбай калды, жакшы төлөнбөгөн үчүн опера жазылбай атат, ж. б. дегендердин баары туура. Субъективдүү себептери көп. Өзү биз, кыргыздар тарыхий жагынан байыркы эл болгонубуз менен мамлекеттик тажрыйбабыз жагынан жаш эл экенбиз, аз эл экенбиз. Мисалы, Кытайда китеп окуу же окубай калуу деген маселе болбойт экен. Алар 5000 жылдык тарыхы бар, 5000 жылдан бери такшалып келаткан эл экен. Өкмөт башындагылар туура жолго салса эле, өз жолуна түшө турган нерсе экен. Мисалы, дунгандар 90-жылдары кыргыздардай болуп кыйналган жок. Жер тырмаган эл экен, ыкташып, кайра ошол учурда байыды.

Булардын соодасын жүргүзүп жаткан бизбиз, биздин эсебибизден жашап жүргөн кишилер. Сооданы жакшы билишет. Адабият, маданият деп чуркабайт, жалаң кара курсак менен жүргөн эл. Уйгурлар да кыйналган жок. Кыргызстанда жашап аткан башка элдер бизден аябай тажрыйбалуу, соодада болобу, тамак-аш жаатында болобу. Жанагы “Арзу” деген эки эле столдон башталган. Кыргызстанда кыргыздарды бир да башка улут сыйлабайт. Себеби теңеле албай атат. Орустар да сыйлабайт, бизден артыкчылыктары көп. Дунгандар да сыйлабайт, алардын ынтымагы күчтүү бизден, катуу иштерман эл аябай. Уйгурлар ашкана жагынан тейлөөнү жакшы билет экен, алардай болуп жан багып жашай албайбыз. Өзбектер да сыйлабайт, алар да өзүнчө кыйын калк.

Анан жагдай мындай да, ыраматылык СССР бизди эл катарына кошуп аткан да – бизден бардык тармакта жакшы адистер, жакшы кадрлар чыгып, жакшы жазуучулар чыгып, жаңыдан камдашып, бутуна туруп келатканда, ара төрөлгөн баладай болуп, мамлекетибиз да жети айлык болуп туулуп калбадыбы. Ошондон биз чачырап кеттик да, китеп окулбай калды. СССР учурунда мамлекет ушунчалык кам көрүп, китеп чыгарганга акчаны аябай жакшы бөлдү. Эл акындарына сабына 5 сомдон төлөнчү. Токомбаев бир куплетке 20 сом алчу. Массалык тираж деп койчу, китеп 13 миңден өткөндөн кийин, мисалы 40 миң болсо, 80 миң төлөчү. Ал өтүп атабы, өткөн жокпу, ал жөнүндө кеп болчу эмес. Ал министрликтин иши болчу. Анан кыргыздар ушундай ыкташты, китеп жазуу өнөрдөн мурун, акча табуу жолуна айланып, тааныш-билиш менен баары эле жазуучу болуп кетишти.

Салижан Жигитов айтат бир күнү, бир жарым млрд кытайдын 500 эле жазуучусу бар экен, ал эми 5 миллионго жетпеген кыргызга 360 жазуучу көп го деп шапкесин жерге чаап атпайбы. Адабиятта чын эле таланттуулар, каржалып иштегендер жүрөт. Бирок негизгисин таланты жоктор, өмүр бою 60-70 китеп чыгарып, бир да китеби окулбаган жазуучулар жашап атат дейт. Анан мен, эми буларды – халтурщиктерди кантип токтотобуз десем, гонорар бербей койсоң, өз эсебинен китеп чыгартып койсоң жалган жазуучулар кырылгандай жок болот деди. 90-жылдары анан булар эмчектен чыккан баладай болду да, жан багып жүргөн жазуучулар дароо токтоду.

Акча төлөбөсө, эмне, жиндиби жазып. А жазып жүргөндөр бар, Сагын Акматбекова, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов ж. б. жазып жүрүштү. Анан жагдай мындай болуп атат да, 1917-жылы туташ сабатсыз эл болгонбуз. Жусуп Абдрахманов, Белек Солтоноев өңдүүлөр орус-тузем мектебинен окуп калышып, болсо 1% сабаттуулар болгондур, болбосо жалпы сабатсыз элек да. Совет өкмөтү, байкуш В.И.Ленин ошондой тартип кийирген да, анан 13 жылда сабатын жоюп, 20 жыл ичинде профессионал жазуучулар, профессионал адабият пайда болуптур. Театр пайда болуп, пьесалар жазылыптыр. 30 жылдын ичинде опера-балет пайда болуптур бизде. Сүрөт искусствосу пайда болуптур. 41-жылкы согушта индустрия бизде күчөгөн, себеби Россиядан завод-фабрикалар көчүп келген. Жогорку окуу жайлар келген, мединститут Харьковдон көчүп келиптир, политех Ленинграддан көчүп келгенби? Еврейлери менен кошо келишиптир.

Кыргызстанга Советтер Союзу ме деп эле белек кылды да баарын тең. Кыргыз ошондо орус көп болуп, башка эл көп болуп,  биримдикте жашаган экен. Маңдайында башка эл турат, ошого баш ийип калбайын, ошондон кем болуп калбайын деп. 1917-жылга чейин да биримдикте жашаган эмес, уруу-уруу болуп, анан азыркы учурда ошол кедерине кетип атпайбы, артына кетти, саяк фонду, сарбагыш фонду деп. Регионго бөлүнүү буга караганда прогресс.

Анан тай-тай баскан кыргыздар демократиялык мамлекетти башкарууга такыр даяр эмес экен, булчуң деген жок экен. Демократия келгенде ар ким өз алдынча оокат кылып калды. Улут үчүн ойлонгон жок эч ким. “Багыбызга” Акаев сыяктуу такыр тажрыйбасыз, аябай романтик киши келип алып, шору каткан элди такыр таратып ийбедиби. Окуу деген калды, адабият, искусство эмес, кара жанын багыш чоң маселе болуп калды. Теңсиздик келди. Азыр мен Усубалиевди мактап атам, көрсө алар жумуш кылышыптыр да.

Табылды Эгембердиевге куран окутканда мен бир кеп айттым. Башында ал экөөбүз саясый көз карашыбыз боюнча эки жээктеги адамдар элек. Мен мамлекеттин гезитинде, бийлик тараптамын. Ал Замира Сыдыковалар болуп оппозицияда жүрүшчү. Ошентип, саясатта алар менен “душманбыз”. Көрсө, барып-барып анан жетилип, көп нерсеге көзүң жетет экен да. Аягында чындык алар тараптан көрүнүп калды. Көрсө, экөөбүз тең эле, бирибиз аркы өйүздө, бирибиз берки өйүздө кыргыз деп күйүп жүрүптүрбүз. Кийин анан шилекей алышкан дос болдук. Табылды көп окуган, көптү билген, туура ойлонгон, акылы таза, ниети таза, чыгаан жигит экен.

Баягы кыз Сайкалдай болуп, Замира Сыдыкова «Республика» деген гезит чыгарып, бийликтин эсин оодарып, биз Замирага каршы чыгып, жаакташып турган кезибиз эле. Бирок Замира бизди бир топ убакыт бакты. Акаев гезит өзү эле чыга берет деп ойлойт окшойт, же акча бөлбөйт, же бир колдоо кылбайт. Гезитти кыйналып чыгарабыз. Анан эле Замира Сыдыкова Акаевди талкалап согот, соккондо эле чуркап келишет, Замирага бирдеме деп койчу деп. Анан айтабыз, акча жок, гезит кантип чыгат дейбиз, анда эле шымаланып, жардам берип калышат. Оңолуп эле жакшы чыгып калабыз. Замира жазбай койсо эле шалпаябыз, ичимен “Замира, сок, сок” дейм. (Баары күлүштү). Биздин бийлик гезит, басылмаларды детдомго өткөрүп салгандай ташташты да, детдомго да эмес, талаага эле таштап кетти. Советтик гезит да, анан бийлик такыр талаага таштап салды, энеси өлдү, атасы өлдү гезиттин.

Бийликтин позициясында болуп калган себебим, мен ал жерден толук чыга элек болчумун. Бизде Маданият министрлиги, Жазуучулар союзу бар болчу, учредитель эле алар. Маданият министрлиги өкмөттүн курамында турат, алар бизди чыгарып таштай элек. Бирок гезит деген жетим болуп калды. Эч ким карабайт. Маданият министрлиги акчабыз жок, кааласаңар чыгып кеткиле, өзүңөрчө оокат кылгыла, учредителдиктен баш тартабыз деп койгон. Жазуучулар союзу оокат кыла албай жүрөт. Анан Акаев болсо мени коргоп койсун, айтып койчу дейт. Гезит өзүнөн өзү эле чыга бербейт да.

Эми карабайсыңбы, тажрыйбасы жок жетекчилер да. 4-5 эле гезит бар болчу, ошону багып алса болот эле. Анан ачка калган гезиттер өзүнөн өзү бузулду, акча табабыз деп атып. Анан мага акча ошол Замира аркылуу келчү, ал «Республика» гезити менен Акаевди согот. Акаевдин жан жөкөрлөрү бизге чуркап келет. Кантсе да, Акаевдин жердеши деп мага келишет, Замиранын бул эмне кылганы демиш болуп, чала-була Замирага тил тийгизип, бирдеме жазып калабыз. Анан жардам болуп калат. Гонорарыбызды алып, оңо түшөбүз.

Замира унчукпай койсо эле чөгүп баратабыз. Ичибизден айтабыз, “Замира, сок, сок!” деп, Замира баса калганда беркилер дагы чуркайт. Анда гезит жок, жаңы гезит чыга элек, андай мода боло элек кез. Анан Замира байкушум бизди бакпадыбы. Америкада жүрөт дейт, бир жолугуп, жоолук салып башына, ресторанга кийирип тамак алып берип койсомбу деп жүрөм. (Кайрадан күлкү). Мен эле эмес, ошондо бир отуздай киши иштечүбүз, ошолордун баарын баккан.

Ж. А.: Акаевге болушуп жаздыңызбы анан сиз?

Н. Капаров: Болушам да анан, аны жакшы көрчүбүз, эл да жакшы көрчү. Замиранын макаласын окуйбуз да, анан Замира эмне үчүн муну согуп атат дечүбүз башында. Бирок ичибизден жалынып коёбуз, Замира сого көр деп (Кайрадан баарыбыз күлдүк). Акаев жакшы болгону менен акча бөлбөй атпайбы бизге. Беш жыл мыкты иштеди, Усубалиев менен Масалиевдей партияда катып калган адам эмес дечү элек, азыр ошолордун арбагына жалынып атам, сонун кишилер экен да. Ошондой кызык учурду башыбыздан өткөрдүк да.

И. Жакыпбеков: Акаевдин башынан  эле түшүнбөгөн нерсеси – кадр маселеси болду.

Н. Капаров: Ой, кадр эмес, баарын эле түшүнчү эмес экен.

И. Жакыпбеков: Акаев кимдер менен иштеп жүрсө, ошолордун баары министр болуп чыкты, тегерегиндеги эле адамдар. Мурдунан алысты көрө албагандыгы ушул болду.

Н. Капаров: Эми бизге авторитардык түзүлүш болмоюн болбойт, тартипке келбейт. Сингапур ошондой экен да, базар экономикасынын шартында, бирок тартиби авторитардык экен.

О. Шакир: Ататүрк деле жарым-жартылай диктаторлук бийлик жүргүзгөн үчүн тартип орнотту да.

Н. Капаров: Ии-и, десең. Кыргыздар пара дегенге такыр колу барбаган уяттуу эл сыяктанган. Азыр жаңы заманда уят дегенди алып салып, акча жагына эле ооп алышты да. Акча берсе эле шайлап атышпайбы. Муну токтотуш кыйын, бул кайра күчөйт. Билимсиз кийинки муун келатат, алар акча менен эле сүйлөшөт келип, ата салты, адабият-маданиятың аларды кызыктырбайт.

А. Ж.: Ошону токтотолу деп атпайбызбы.

Н. Капаров: Токтото албайбыз да биз, токтотуш үчүн…

И. Жакыпбеков: Токтотсо болот, мисалы үчүн…

Н. Капаров: Эми мындай да, азыр электрондук коммуникация деген күчтүү болду. Жакшы статья жазып, жакшы маектерди уюштуруп, элди колдон келишинче агартыш керек. Ырың менен болобу, сөзүң менен болобу, элди ойготуш керек.

А. Жетиген: Эң эле жакшы мисал айтайынчы. Нуралы агай менен мен “Ала-Тоо” журналынан таанышып калдым. Бир күнү эле бир олбурлуу киши кирип келди, барпалаңдаган. Журналга аңгемеси чыгыптыр, өзүнө окшогон берекелүү торт көтөрүп алып, чай ичкиле деп. Анан ошол жердеги кишилерден чыгармасы жөнүндө сурап калды. Кандай экен десе, күңк-мыңк деп эле бирөө каадаланып эч нерсе айтпады. Чоң эле кишинин шагы сынып калгандай көрүндү мага, өзүнчө отуруп мен ыңгайсыз болдум. Анан агайдын аңгемелерин окуп көрөйүнчү дедим, өзү жадырап-жайнаган жакшы кишидей көрүндү. Бир күнү убакыт боло калганда “Тузик” менен “Боргулду” окуп чыктым. Бир дем менен окулду, жоргологон бойдон кетет экенсиң, бир такалып койбой. “Боргулду” окуп баратып, бу киши өзү уурдаган го деп ойлодум, анткени уурдаган киши өзү жазгандай ой калат. Кийинки келгенинде анан айттым, тамаша-чынга аралаштырып, агай окудум чыгармаларыңызды, сиз уурдадыңыз беле деп.

Окуп алып, азыр деле жазып жүргөндөр бар турбайбы деп ойлодум. Бары бар экен, бирок аны эч ким билбейт. Эч ким пропаганда кылбайт. Кийин анан Олжоке өзүнүн сонун баасын берип туруп «РухЭшке» чыгарды. Окуп алып тим эле сүйүндүм. Мына ушинтип көр дүйнө, көр тирилик менен көр болуп бараткан элди материалдык байлыктан алда канча баалуу руханий байлыкка багыттоо иши акырындан жүрүп атат. Ушуну эми жапатырмак колго алып кетсек деген каалоо бар.

О. Ш.: Адабиятты пропагандалоо саясатын өзүңдүн тегерегиңдеги эле үзөңгүлөш кишилер менен баштаса болот экен. Мисалы, Дүйшөн (Орозалиев) адабият сынчыларына гонорар берип баштады. Учур адабиятынын сынчылары активдүү иштеп баштады. Өткөндө Зайырбектин чыгармачылыгына сын пикир жарыяланды. Бул адабиятка профессионал мамиле. Дагы Улукбек Омокеев деген жаш акындын чыгармачылыгы сынга алынды. Жаштар адабий сын бар турбайбы деп, жандана түштү. Бул процесс Дүйшөн гонорар берип калгандан кийин жүрүп кетти. Себеби өкмөт карабаса, Жазуучулар союзу төлөбөсө, сынга алгандар деле оокат кылыш керек да. Мына ушул Дүйшөндөй адабият, маданият үчүн күйгөн атуулдар болсо, чакырат элек. Бул кыргыздын адабиятына, маданиятына чоң сүрөө.

И. Жакыпбеков: СССРдин убагында билимге абдан чоң көңүл бурулган. Бир эле мисал айта кетейин. Бизде иштеген доценттин айлыгы 320 сом болчу. Райкомпартиянын биринчи секретарынын айлыгы 280 сом болчу. Азыр эмне болуп атат? Кесиптик техникалык окуу жайдын студенти 30 сом стипендия алчу. Жогорку окуу жайында үчү жок, төрт-бешке окугандарга кошулуп берилип, 42 сом 50 тыйын бекен, ушундай стипендия алышчу. Ошол убакта бир айга 15 сом эле жетчү. 42 сом менен, студенттик жеңилдиги менен Москвага учуп барууга болот болчу. А бүгүнкү күнү эмне болуп атат?

Андан тышкары, пландоо маселеси боюнча, бүгүнкү күндө курулуш болуп атабы, ал жерге бир эле прораб керек. Бир проект түзүүчү керек, он каменщик керек, он бетонщик керек. Техникалык кадрларды даярдаган системанын баары өлгөн. Эч ким жок, бүт үйрөнчүктөр. Баары Жогорку окуу жайдын дипломун алган, дипломдошкон адистер. Эки сөздү адаштырбасак, азыр билими бар, анан диплому бар деген экөө эки башка нерсе. Бизде жалаң гана диплому бар адистер толуп кетти. А билимдин эч кимге кереги жок. Көрүп отурабыз. Экзамен башталганда эле староста келет экен, баланчадан жыйнап кел дейт ага. Ошону жыйнап берет экен, бааларын коюп берет экен. Баарыбыздын эле балабыз окуйт, жээнибиз окуйт, билебиз да. Мен кез-кезде мугалимдер жолугуп калганда айтам, ай кыргыздын тагдырын ойлосоң, бүгүн эми система бузулду, айлыгыңар аз. Кыргыздын келечегин, тагдырын ойлосоң экзамен алчы дейм. Дээринде барлары окусун да, бирдеме билип калсын. Анан баарынан текши жыйнап эле баа коё бергенде, бешке окуй турганы да окугусу келбей калат экен.

Билим берүү системасын толугу менен талкаладык. Убагында 9 ЖОЖ бар болчу, ошол Кыргызстанды тейлеп, баарына жетиштүү кадрларды чыгарчу. 100дөн ашык теникалык окуу жай бар эле. Азыр ЖОЖдун саны 70ке чапчып кетти окшойт, техникалык окуу жайлар дээрлик калган жок. Бүгүнкү күнү Ленин заводун ордуна келтирип, станокторду ордуна коюп, келген заказдарды жаса десе, мык чыгара албайт. Себеби жасаган бир кадр жок. Баарын толугу менен өлтүргөнбүз. Мен жогоруда да айттым, кадр маселеси туура жолго коюлбагандан басып кеталбай атабыз азыр. Азыр адамдын иш билгилигин, колунан келер-келбесин урганы жок. Анын сөзүн сүйлөшүң керек, ага акча алып келип беришиң керек, анын оюн колдошуң керек. Буга чейин айтпадымбы, Мамбетовду кетириш үчүн Акаев бүт институттун системасын талкалаган деп.

Н. Капаров: Мамбетов тиги алтын тууралуу айтты беле?

И. Жакыпбеков: Ооба, алтын тууралуу айткан да. Чыңгызхан… Жанагы Жебе… Жебе ушунчалык алыс аралыктан жебе менен аткан экен, Чыңгызхан өлүп кала жаздаптыр. Жебенин аты такыр башка. Чыңгызхан жарадар болгондон кийин өзүнө келгенде, Жебени кармап келип, мына сени аткан мобу, азыр башын ал дегенде Чыңгызхан таң калып сурайт, сен аттыңбы деп. Тиги мен аттым дейт. Кана, ушунча аралыкка бута койгулачы дейт. Бута коюлуп, тиги кайра атканда, жебе бутага барып тиет. Жанындагылар мына, ушул атыптыр, кескиле башын дегенде, Чыңгызхан сен мага кызмат кыласыңбы деп сураган. Кызмат кылам Чыңгызхан деген. Ошондо жебени кармап туруп, мобу эмне дегенде тиги жебе деген. Чыңгызхан ошондо мындан кийин сенин атың Жебе болот, бүттү, мурдагы адам өлдү, бул жаңы адам деп өзүнө алып, акыры ал түмөн болуп чыккан. Мына кадрдык маселени туура жүргүзгөндүн мисалы. А бизде кадр системасы талкаланган.

Ж. А.: Кыргызстандын талкаланбаган соо жери барбы?

Жалпы: Соо жери жок… Бүт талкаланган…

З. Ажыматов: Мисалы маданияттагы шайкалар, маданият министрлигинен баштап, тасма тартуу ж. б. жактарда биз тасмасын көрүп, мактап жүргөн, учурдун даңктуу режиссеру болуп калгандардын чет мамлекеттин грантына тасмасын сүйлөшүп, ал жактан 10 млн сом бөлдүрүп алып тартып атат. 10 млн сом ошол эле жерде жок болот. Мындай окуялар көп. Ошолордун, маданиятта жүргөндөрдүн, министр болуп жүргөндөрдүн чыгармалары тууралуу сөз кылып атабыз, чыгармаларын окуп атабыз, спектаклдерин көрүп атабыз. Мындай иштер алардын мамлекетке жасаган чыккынчылыгы. Элдин каражатын, мамлекеттин каражатын, элдин чөнтөгүндөгү акчаны жегендер – булар чыккынчылар. Бул нерсе жабылып калбаш керек. Булардын өздөрү менен кошо чыгармалары да элге тарабаш керек, кийинки муун көрбөш керек, окубаш керек. Себеби сөзү менен иши башка болуп атпайбы, мындай болбош керек да.

Ушуну азыр акын-жазуучулар, журналисттер, чыгармачыл интеллигенция, адабий чөйрө айтып чыгыш керек. Сиздердин муун, сиздер айтпаганда ким айтат. Эгемендик жылдары журналистикада деле акча алып бирөөнү жамандап, акча алып бирөөнү мактап жүргөндөр болду да. Булар коомду жаңылтып атат. Мисалы мен окусам, бирөө жөнүндө жакшы жазып атышса, ии жакшы киши турбайбы деп, ишенем да. Демек, коомдук пикирди түзүп аткан журналисттердин, эл ошолорду көрүп түздөлөт, алардан таалим алат деген маданият ишмерлеринин, адабият ишмерлеринин мекенге чыккынчылыгы айтылбай калбаш керек. Демократия болобу, диктатура болобу, акыйкаттык, адилеттик, калыстык эле болсо болду экен, ошол эле керек экен элге.

Тарых музейиндеги окуялар укмуш болуп атпайбы, жанагы аттар 14 млн деген эмне? Бир эле атынын каражаты менен дүйнөнү дүңгүрөткөн өндүрүш кылып ийүүгө да мүмкүн. Идеяларын каражаттын айынан ишке ашыра албай жүргөндөр бар да. Кыргызстан, көрсө аябай бай өлкө турбайбы. Моминтип тарых музейи деп бир жагына агызып атышат, дагы бир жагына агызып атышат. Биз билимсиз экенбиз, эл билимсиз экен, журналисттер да билимсиз экенбиз. Ошол билимсиздиктен билбей атабыз да, көзөмөлдөй албай. Ошолорду коомчулукка ачып, элге салган эч ким болбой атат. Ошол булактарда туруп калгандар өздөрү да билимсиз, биздин билимсиздигибизден да пайдаланып, майкандап атпайбы болушунча. Өлкө өнүгүп кеткенге укмуш эле даремети бар экен, бирок эмнеге ушинтип турат. Ушул боюнча турса талкаланып жок болот да.

О. Ш.: Талкаланбаш үчүн ар кимибиз өзүбүздүн колубуздан келгенди, жогорку жактагылардан күтпөй эле баштай бериш керек.

И. Жакыпбеков: Бул жердеги сөздөрдөн улам бир нерсе эске түшүп атат. Элди кантип окутабыз деп атпайбызбы. Билбей калсаң уят деген түшүнүк бар эле. Мен өзүм айылда жүрүп, бир орусча сөз билбей келдим окууга. Суусамырда чоңойдум, Ороздун сарайы деген сарай бар болчу, атам койчу болчу, чабандын үйүндө ат минип, мектептен келип кайра ат минип тоого кетип жүрүп окудум. Орус тил сабагы деле болбоптур тыңгылыктуу. Орусча билген балдарды гений катары карар элем, опе-ей, орусча билет экен деп. Келип институтка өтүп калдым. Кудай жалгап, бактыма эки ай айыл чарба иштерине жиберишти. Ал жактан «дай, вставай, садись» дегендерди үйрөнүп калдым кичине. Тилди адам бир жылда эле үйрөнөт экен. Биринчи курсту бүтүп, аа орусча билип калдым деп жүрөм. Баягы женский  род, мужской род дегенди аралаштыра берсем керек, бирок көп түшүнүп калдым. Экинчи курстан аскердик кафедра башталып калды. Бир убакта “Ишен, открыть огонь” деп калды. Открыть огону эмнеси айланайын, мештин оозун ач дегениби деп, ушундай-ушундай болуп жүрүп үйрөндүм.

45 жашка чыкканда бир жыл жатып алып англисче үйрөндүм. Чет мамлекетке чыкканда, өмүрү котормочуга зарылган жокмун.

Китеп окуу тууралуу, мен онунчуну бүтүп атканда китепканада мен окубаган кыргызча китеп калган эмес. Анан институтту бүтүрүп, жумушка калдым. Ал жерде мен аябай сыйлаган Юрий Андреевич Коваль деген, шумдук оригиналдуу киши бар эле. Жаңы эле иштеп атканда эл менен сүйлөшүп атып, помнишь Ишен, как у Чехова деп, бир чыгармасын айтып калды. Ошондо мага ушунчалык уят болду. Өмүрү Чеховду окуп көрбөпмүн. Ие, айланайын деп, өзүмдү эл арасында төмөн сездим, келесоо сездим. Жанагылардын арасында жалгыз мен Чеховду окуган эмес экемин деп, китепканага барсам, эски бир жука китеп бар экен. Биринчи бетин ачып окусам эле, баягы жука китеп “калың” экен, ошо жерден денем дүркүрөдү кадимкидейчи. Алып кетип, эки күндө үч жолу окуп чыктым. Кайта келип, үч томдугун алдым. Каттарынан бери окуп чыктым. Анан, кой, элден кем калбайын, уят болот деп, орустун поэзияларын окуй баштадым. Мага абдан жаккан акын Есенин болду. Пастернак, Ахматова, Цветаева ж. б. мага түшүнүксүз болду. Мен аларды жаман жазат деп айта албайм, мен аларды мындай айтам: булар ушундай терең жазышат, менин деңгээлим муну түшүнгөнгө жете элек.

Н. Капаров: Алар акындар үчүн жазган акындар да.

И. Жакыпбеков: Ии, аларга өзүмчө ушундай баа берип койдум. А Есенин мага окшогон койчунун баласы да, аны оңой түшүндүм.

Аспирантурада окуп жүргөндө илимдин доктору, профессор адамыбыз бар эле. Бир күнү үйүнө барып калдым. Айтматовдун китебин тартуу кылып, адабият жөнүндө сөз болуп калды. Орус акындарынан эң мыкты деп кимди эсептейсиң деди ал. Мен үчүн Есенин дей калып, айланайын, үйүнөн кууп чыгара жаздаган.

Пушкинчи дейт, жок, мен Есенинди жогору баалайм десем, аябай жаман болду.

З. Ажыматов: Омор Султанов бир жолу сүйлөп атып, акын деген эч калп айтпаш керек, калп айтканда эле өлдү ал, акын болбой калат деди эле. Ошондон тереңирээк ой жүгүртүп көрсөм, Есениндин чыгармаларындагы анын ээнбаштыгы, аял жандуулугун жашырбай айтып атпайбы. Ошол убактагы нравалык рамканын чегинде алып караганда, ошондон да жаман жүргөн акын өзүн тим эле таптаза кылып жазып атпайбы.

И. Жакыпбеков: Ичип алган жагын, кемчиликтерин ачык жазган жагынан Мидинге жеткен киши болгон эмес. Мурдагы акындардан Мидинди ушунчалык баалайм. Анын сатирасын эле окуп баалачу элем, лирикасын окусам алар да шумдук экен ой.

Н. Капаров: Есенин өндүрүмдүү иштептир, көп жазыптыр. Отуз бешке эле чыгыптыр да. Мидин жазбай коюптур, аябай аз жазыптыр, бир жаман жери. Бизде эми Алыкул атындагы сыйлык бар. Аны тим эле залкар деп сиңирип коюшкан элге. Анан кызык, Алыкул Осмонов деп атпайбы ээ, анын аз эле ырлары жакшы. Көп ырлары жараксыз да.

Ж. А.: Ушуну эч ким айтпайт.

З. Ажыматов.: Жок, айтышат. Эки-үч ырын илибой адам ыргытат.

О.Шакир: Адабий тар чөйрөдө бул көп эле айтыла калат. Биз окурмандарга Алыкулдун кайсы ыры мыкты, кайсы ыры начар экенин деле жеткирип бералбай атпайбызбы…

Н. Капаров: Ичип жүргөндөрдөн өндүрүмдүү жазган Байдылда болуптур, анын ырлары көбүрөк экен. Байдылда бир ырында ошону Мидинге айтыптыр. Жакшы талант элең, ичип жүрүп көп жазбай койдуң деп. Байдылда жакшы жазыптыр аябай, талант экен. А Алыкулдун жакшы ырлары аз.

З. Ажыматов: 20дай деп жүрүшөт.

И. Жакыпбеков: Кез-кезде тагдырда ушундай болот экен. Биз жүрүп-жүрүп отуруп эле бирөөнү көтөрүп алат экенбиз. Кайсы бир пикир жаралып калат экен, жогору жактагылар билбесе да, ошол пикирге кошулуп эле дагы кыйын кыла берет. Алыкулдун эки томдугун сатып алдым. Өзүмдү кыйнап окуганга аракет кылдым, окуй албай койдум, аябай күткөн экем андан.

Ж. А.: Чыгарманын жаман болгонунан да, ошол чыгарманы ой укмуш деп, сүрөп салган жаман экен. Есенинди айтсаңар, бул саптары эске түштү:

Я видел пьяниц с мудрыми глазами,
И падших женщин с ликом чистоты…

Анын саптарынан чынчыл акын экени байкалат. Ар бир эле адамдын жаман жагы бар да. Аны жазган жазат, жазбаган жазбайт, жашырып коёт. Өзүнүн жаман жагын жазганынын себеби анын чынчылдыгында да. Чындыкты жаман болсо да, жаап жашыргысы келбейт. Канчалык чыгармада чындык айтылса, чыгарманын күчү чындыкта экен. Нуралы агай да чындык жетимсиреп калды деп атпайбы ырында. Эми чындыкты жетимсиретпеш да акындардын колунда болуп атпайбы.

И. Жакыпбеков: Эми эмне дегенге келебиз? Билбей калса уят болуп калгыдай чөйрө керек азыр жаштарга. Канчалык көп окусаң, ошончолук байыйт экенсиң. Чөйрөң бийик болсо, ошолордун деңгээлине тартылат экенсиң. Деңгээлим төмөн болуп калбасын, кемибейин деп. Тигил муну окуптур, а мен эмне үчүн окуган жокмун, куру калдым деп адам аракет кылыш керек экен. Эл англисче сүйлөп атат деп, 45 жашымда англис тилин үйрөндүм. Башка элдердин арасында төмөн болуп калбайын, катардагы адамдардан артта калбайын деген умтулуу болушу керек. Ай, мобуну билбегениң уят деп, ушундай духта тарбияласак коомду, кийинки муунду. Өзүң кыргыз болсоң, анан Айтматовду билбесең шылдың болосуң деп шыктантыш керек. Атам чабан киши, мени балам айланайын, кой сойгонду үйрөн, эт туураганды үйрөн, чач алганды үйрөн, күрмөк байлаганды үйрөн деп тарбиялачу. 4-класстан баштап атамдын чачын өзүм алып берчүмүн.

Ж. А.: Акын, жазуучуларга, маданият өкүлдөрүндө табиятына кошо берилген таланттын чоң жоопкерчилиги бар экен, ал жөн берилбептир. Алар эл ээрчий турган, коомдук пикир жарата турган адамдар экен. Чыныгы талант чындыкты жазбай коё албайт. Ошол ичинен түртүп, жазмайын түйшөлтүп тынчтык бербей, анан ичинен оргуп чыгып аткан сезимдин өзү алар эл адамы экенин билдирип турат. Ошол талантты туура күтүп, жалгандыктын тепсендисинде калтырбай, чындыкты жар салып жазышса, алар үй-бүлөсүндөгү балдарына ата, атасына бала, жубайына күйөө эле эмес – эл адамы. Ошондой эл адамы болгон акын-жазуучулар болуп келген, азыр да бар. Мына сиздерди да көптөр ошол эл адамдары деп билет.

Айтматовдун “Жазуучунун руханий жөлөгү – эл, элдин руханий жөлөгү – жазуучу” деп айтканы бар эмеспи. Анан элдин башына кыйынчылык келип, кыйчалыш учур болгондо ошол сөзүнүн күчү бар, элге кадыры сиңген, сөзү өтө турган элдин адамдарынан элге жөлөк керек экен. Өзүбүз өгүз өлбө, араба сынба деп араң келатсак, Атамбаевдин бийлигинин жарымынан баштап, чакчелекей түшүп эле калды. Күчтүү оппозиционерлердин алдын түрмөгө камашты. Калгандарына ар кандай кылмыш жамап-жаскап ойлоп таап, улам сотко сүйрөштү. Бийликтин туура эмес иш-аракеттерин кескин сынга алгандарды генералдык прокуротура миллиондогон акчага жыкты. Алар моралдык жактан, денелик жагынан (нерв) да, материалдык жактан да запкы көрдү. Эми санап отурсак, бийлик ойру-дойру эле иш кылып атты.

Ошондо элге төбөсү көрүнгөн, эл адамы болуп калган адамдар үн чыгарбай коюшту. «Ата Мекен» партиясынын адамдары, анан дагы саналуу депутат, саналуу коомдук ишмерлер чындыкты болгонун болгондой айтып, куугунтук көрүп атышты. Жеке мен Шайлообек Дүйшеевден күткөм калыс сөзүн, баягы “Кайдыгерликтин” тушундагыдай чындыкты чыркырап айтат экен деп, Бексултан Жакиевден күткөм, Кеңеш Жусуповдон күткөм. Мына ушулар азыркы адабияттын аксакалдары, дөө-шаалары, эл адамдары, туурабы? Жок, дымып гана турушту. Атамбаев укпайт болчу дешет. Атамбаев эмнеге дүңүнөн орден-медалдарды, сыйлыктарды шагырата эле бере баштады? Менимче, так ошол элге сөзү өтө тургандардын оозун жабууга шашты.

Сөздүн күчүн билет да ал, жалаң сөз менен жайлап жүргөн киши. 6-мартта, 2017-жылы, сыйлык берем деп элди чакырып алып, мародер акеси… балан-төлөн деп шилекейин чачыратып ызырынды. Сыйлык 8-марттын алдында, элдин маданий, тарыхий мурасын сактоого, өнүктүрүүгө кошкон салым үчүн берилмек. Ал тууралуу бир сөз болгон жок. Калпы-чынын койгулаштырып, оппозиционерлерге каршы жалаң өзүнүн ич күптүсүн чыгарды.  “Калыс сөзүн айтпаса, карыядан не пайда деп, мына бул жерде отурган Кеңеш байкеме айттым, айткыла дедим” дейт. Сиздер деле көрсөңүздөр керек, Ютуб каналынан кайталап көрсөңөр болот. Ушул сөздөн билинип калды анын сыйлык берип атканынын сыры. Аларды көкүтүп атпайбы, алар да анын сөзүн сүйлөшү керек болуптур. Ошондо эл адамдары туруп, э кокуй, бул эмне деген сөз деп, чыгып кетип калышы керек эле.

И. Жакыпбеков: Роза Отунбаевадай болуппу?

Ж. А.: Ии, Роза Отунбаева ошону эң туура, эң сонун кылган. Так ошондой кылыш керек болчу. Жаңылбасам ошол резиденцияда сыйлык берчүдө Шайлообек Дүйшеев да отурса керек эле. Аны менен достук мамилеси бар эмес беле, китебин чыгарууга каражат бергени “Агындыларында” жазылса керек эле. Бирок эл адамына чындык достуктан, сыйлыктан бийик болушу керек эле.

“Эгерде сага бир сүрөт жагып калса, анын автору ким экенин сураба” деген кеп бар экен. Анткени авторунун бир кемчиликтерин билип калсаң, анын чыгармасына да, сенин ал чыгармасынан алган таасириңе да көлөкөсү түшүп калат экен. Ошол сыяктуу эле акын-жазуучулар, эл адамдары эл башына кыйынчылык түшкөндө – бийликте турган адамдарынын түркөйлүгүнөн жери тарып, мөңгүсү эрип жоголуп, жаратылышы бузулуп, жаштары тентип, эли карызга батып, көз карандысыздыгына коркунуч туулуп турганда, ошондой бийликтин колунан сыйлык алып, тымпыйып отурган адам, тим эле периштенин тилинде жазса да, эл адамы болуудан калат экен.

Чындыкты бийик коюп, чындыкты карманбай, бийликке ыктап же болбосо бийликтен жалтактап, коңулга жашынып калса, шедевр жазса да, чыгармаларына өзү көлөкө түшүрөт экен. Анткени чындык баарынан бийик. Карапайым элге ак караны айырмалоо кыйын болуп калды. Жалганды чынга окшотуп айтып атышат азыр. Бүгүнкү күндө чыныгы таланттар, адабият, маданият өкүлдөрү, күч бирдикте дегендей биригип, элди ээрчиткен бир күч болсо жакшы болгону турат. Жээнбековдун алдыда дагы 5 жылы турат. Шүгүр деп атабыз, чалды-куйдулук кичине басаңдады. Бирок алдыда дагы кандай болуп кетет, ким билет. Элди ээрчиткен адилет сөз керек болуп турат. Болбосо эл ээрчий турган, сөзүн уга турган эч ким, эч күч жок. Ар ким ар кайсы жакка ээрчитет, майдаланып бүттүк. Мына, Олжоке «РухЭш» менен чыныгы таланттарды, интеллектуалдарды элге тааныштырып, маданиятты, элдин маданиятын көтөрүүгө далалат кылып атат, колубуздан келишинче көмөктөшүп атабыз.

(Бул убакта «Сармердендин» меймандарга сый тамагы да келип калды)

Н. Капаров: Олжокем жакшы иштеп атат. Көзү өтүп кеткен жазуучулардын мыкты чыгармаларын, көзү барлардын да чыгармаларын топтоп чыгарып атат. Жетиген туура айтат, акын-жазуучулар элди ойготуш керек деп. Олжоке, рахмат! Бир жагынан роман, аңгеме, ырын жазып, бир жагынан кыргыздын бүткүл адабий казынасына көз салып, ар бирин мыскалдап терип, жакшы чыгармалар унутулуп калбасын деп сайтына жарыялап, буга чейин түптөлгөн жана да түптөлүп жаткан кыргыз адабий корун өчүрбөй дуулдатып жагып келатканы чоң эрдик! Өзүнүн кызыкчылыгынан да өзгөнүн кызыкчылыгын өйдө койгон, өңгөнүн ийгилигине өзүнүн ийгилигиндей кубанган Олжокеңдей ак ниет, эмгекчил, чыгармачыл адамдарыбыз турганда кыргыз адабиятынын очогу өчпөйт, кору түгөнбөйт. Олжокеңдин шарапаты менен Олжокедей ишкерлердин катары калыңдап, тизмеги көбөйөрүнө ишенем.

Мен өмүрүмдө Олжокедей сөздөн сөзгө, сүйлөмдөн сүйлөмгө, саптан сапка, чыгармадан чыгармага дүркүрөп тез өскөн чыгармачыл адамды көргөнүм жок. Кантсе да, Олжокең Салижан Жигитовдун таалимин түздөн түз алгандан болсо керек, чыгармачылыкта да, коомдук иштерде да, саясатта да жалпы кыргыздын пайдасы үчүн күнү-түнү күйгүлтүккө түшүп баш-отун сайып безенип иштеп атат. Ушундай мээнетине ыраазы болуп жүргөн көптөгөн замандаштарынын катарында мен да бар экенимди билдирип коёюн.

Ж. А.: Ошентип, эл адамы, эл алдында, керек болсо соккуларга көкүрөгүн тосуп жүрүшү керек экен. Соккуну алгандан «Ата Мекен» партиясы көп алды. Үстөккө-босток улам бирине бирдеме жармаштырып атышты, кандай гана моралдык кысымды көтөрүштү. Эми кечээ УКК Белизден эч кандай документ келген жок деди. А тигилердин канчалаган нерви, ден соолугу кетти.

И. Жакыпбеков: Азыр «Ата Мекен» десе эске түшүп атат, Табылды ооруп жатканда чет мамлекетке бардым. Үч күн жанында жүрдүм. Эртең менен саат тогузда келем, тиякка-биякка жетелейм, кайта үйгө алып келип жаткырам. Анан саат кечки алтыда кетип калам. Үч күндө эмнелерди гана сүйлөшпөйсүң. Табылды айтты ошондо, мобул жерде алты ай жаттым, көз алдыңа басып өткөн турмушуңдун баары келет экен. Саясатчыларды анализ кылып көрдүм. Тигини колдодум, муну колдодум. Биздин саясатчылардын арасында бир эле эркек бар экен, туурабы, туура эмеспи өз оюн түз айткан жалгыз Текебаев эле экен. Калгандарынын баары эле башын ийкеп, бийликке чөгөлөгөн кошоматчылар экен. Кудайым мени эмне кылат билбейм. Ден соолук болуп, аман чыгып калсам, өмүрүмдүн аягына чейин Текебаевди колдоп өтөм деген.

Н. Капаров: Экөө дос болчу.

О. Ш.: Нураке, Салижан акенин айтканы деле бар эмес беле, Текебаев өмүр бою президенттикке кандидат болот деп. Айтканындай эле бар экен. Ага каршы күчтөр толтура, жалаң коррупционерлер, бандиттер. А эл билимсиз. Анан мындай киши кантип президент болот. Эл коррупционерлерди калкалап атса. Салижан акенин ошол айтканынын башка да мааниси бар экен да, олуядай эле айтыптыр. 90-жылдардагы маектерин азыркыга чейин жарыялап атпаймынбы. Таң каласың. Кечээ “Алганыбыз карыз, бергенибиз той” деген маегин жарыяладым. Ал тема азыр да өтө актуалдуу.

Н. Капаров: Сүйлөчү элең трибунада тура калып, китептин барагынан, гезиттин оромунан чыга калып… деп башталат “Салижан” деген поэмам. Бир топ жерге чейин токтобой шар кеткен. Баарын айтыптырмын, кайран кыргыздарды келесоо, макоо деп жүрдүң эле. Сен кеткенден кийин… көрүп ал, макоо менен келесоого тундук деп, ха-ха-ха… Сиздин учурдагы сиз макоо деп тилдеген макоолор акылдуу макоолор экен, анык макоолор эми чыгып атат деп бияктагыларды айтып атам да Сакеме, ой бул жактагылар шумдук болуп атышат деп.

И. Жакыпбеков: Мидинге отчет дегендей, сен Салижанга жазып атасың да.

Н. Капаров: Ии. Мен отчету жок эле, “Салижан” деп эле койдум, датымды айтып атам…

О. Ш.: Тынчсыздандырган дагы бир маселе бар. Эрдоган ачыктан ачык эле мамлекеттин ички ишине кийлигишип, “Маариф” фондун таңуулап атпайбы. Кыргызстанга экинчи Кремль ушул Турция болуп калбайбы?

И. Жакыпбеков: Билим берүү тармагында Кыргызстан Түркияны өзүнө жөлөк катары карабашы керек эле. Мисалы үчүн эң башында “Себат” келип, окуу жай ача баштаганда менин кызым мектепке жаңы барып аткан. Анан кандай кылып алат экен десем, конкурс экен, 2000-3000 кишиден 30 киши тандап алат, андай-мындай экен дегенде, аялым бир айтты, болбой койдум, эки айтты болбой койдум. Акырында жөн эле барып экзамен тапшырып келсин, окубаса дагы дешти. Мейли деп жөнөтсөм, кызым бекер окуй турган 10 орундун бирине илинди. Түрктөр үйгө келип жатып алды, бер деп. Ошондо ачуум келип, ар кандай сөздөр болду. Бир айткан сөзүм бул болду: эй, көзүңөрдү ачкылачы, бүгүнкү биздин деңгээл боюнча биз түрктөрдү окутушубуз керек дедим. Түрктөрдөн кийим тиккенди үйрөн, материал чыгарганды үйрөн, өтүк чыгарганды үйрөн, үй салганды үйрөн, башка билимди бизге алар бералбайт. Бирок түрктөр кыргыздарды көрүп туруп айтат, бул кыргыздарга балдарын илибой жол менен диплом алып бериш эле керек экен деп. Ушинтип туруп, бизнес катарында бул окуу жайларды ачты. Акаев баш болуп буларга сонун шарт түзүп берди. Түрктөр дүйнөдө кимди окутат экен? Француздардыбы? Англичандардыбы? Жок. Биз ошол убакта илим-билимди ойлосок, башка мамлекеттерге бурулушубуз керек эле.

Анан азыр айтып атат, шумдук окутуп атат деп. Менин кызым андан кетип калды, лицейди, политехти алтын медаль менен бүттү, татынакай эле окуп жүрөт. Булар сынак жүргүзүп, эң мыктыларын тандап алат да, жакшы окутуп атабыз дейт. Түрктөр келсин, бир мектепти алсын, ошондо окуган балдары, ошол курамы менен, андан кийин окутуп чыгарсын бүт, ошондо анан мен макул болом. Эң мыктыларды биз өзүбүз тандап алып, башкача окутсак, мындан жакшы адистер чыкмак. Ошондуктан муну мен колдой албайм. Мени күйгүзгөнү – Түрк университетинин аянты биздин Улуттук университеттен он эсе чоң болгондугу. Эмне деген жерди берип салган, сонун, бүт коммуникациясы бар. Акаев, ачык айтканда сатып жиберген да, ошол жерге кичи район салса 1 млн эл батмак.

О. Ш.: Нураке, сиз кандай карайсыз түрктөрдүн окуу жайларына?

Н. Капаров: Эгемендигибиз эми… кайсы жыргаткан намысыбыз калды бул жагынан? Карызды очойто алдык, 4 млрд болду, туурабы?

 

И. Жакыпбеков: 7 млрд.

Н. Капаров: “Себат” кандай окутуп атканын билбейм. Эмне үчүн «Себатка» берип атышат? Биздин мектептерде рэкет, тартипсиздик болуп атпайбы, мугалимдеринен бери. Айласы жок анан ошол “Себат” сыяктуу мектептерге берип атышпайбы. Аларда тартип бар экен, убагы менен окутат, убагы менен чыгарат. А окуунун сапатын мен айта албайм. Жашаган жери, окуган жери, класстары, спорттук аянттары, баары тең мыкты. Балдардын баары көзөмөлдө. Азыр жакшы мектеп деген орус мектептери бар экен, ачык айтылбаган еврей мектептери бар. Ошолордо балдар көп, кайсы бир мектепте “О” класска чейин көбөйүп кетиптир. Ошол эле учурда, кыргыз мектептер бар, ошолордо балдар жок дейт. Ал жердин директорлору акчаны жейт, балдары тентек, рэкет дейт алар, топ-топ болуп сабашмай деген ошол жерде, мектеп да өспөй калган, жакшы мугалим да калбаптыр.

Колунда жоктор айласыз эле окуйт экен, мектептин жарымы бош дейт. Мына биздеги билим берүү системасынын иштебей атканы. Азыр шаардын ортолорунун баары тыгын, бир себеби – микрорайондо жашагандары балдарын эртең менен да, кечинде да ташышат, 24-мектепке, 61-мектепке, жакшы мектептерге. Өзүбүздүн билим берүү министрлиги эч нерсе кылган жок. Бар нерсенин баарын жоготушту, талкалашты. Илгери кайра куруу деген болуп, демократия деген жаңы келгенде Бишкекте бир эле кыргыз мектеби бар болчу, №5. Ага кыргыз балдар батпай калчу, алчу эмес, экзамен менен, тааныштык менен эптеп атып алышчу. Бүт орус мектеп болчу. Фрунзе шаары толугу менен орус мектеп болчу.

Масалиевдин учурунда Горбачев кайра куруу деп, анан кыргыздар, тил маселеси, улут маселеси деп көтөрүп атышып, кыргыз мектептер ачылды. Бир күнү айтышты, кыргыз мектептер ачылса, кыргыздар балдарын бербей атышат деп. Менин балдарым мектепке бара баштаган, биз патриот болуп, Болот Жумабаев, мен 6-микрорайондо турчубуз, балдарыбызды 39-кыргыз мектепке бербедикпи. Эми мен жамандабайын, ошол кезде билим берүү системасы катуу иштеп турганда, мыкчып кармап турушканда деле деңгээли орус мектептерден ылдый экен. Улуу балам кыргыз мектепти толук бүттү, жалаң бешке окуду. Кичүүсүн мектептин мугалимдери өздөрү айта баштады, балаңды бул жерге кармап эмне кыласың, жалаң бешке окуйт. Ага көңүлсүз болуп атат, мурун эле билип алыптыр, алып кетпейсиңби деп. Анан жаңы мектеп ачылган экен, ошого барды.

Өзү айтат, кирдим, жалаң беш алчу элем, математикадан дароо эки алдым дейт. Намыскөй бала болчу, элдин эң артында экем, жылдын аягында эң башына чыктым дейт, күнү-түнү окуп отуруп. Кыргыз мектеп деген эмне мектеп экенин ошондо түшүнбөдүмбү дейт.

Бирок бардык нерсенин пайдасы да бар. Финансы кредитти бүттү. Төртүнчү курстан «Демир» банкка практикага кириптир. Иш кагаздары англисче жүргүзүлчү экен, англисче мыкты билчү. Анан жактырып калышып, бир жыл вакансия кармап, бир жылдан кийин алышпадыбы жумушка. Анан мен сенин англисче, түркчө сүйлөгөнүңө таң калып атышабы десем, уулум жок дейт, кыргызча мыкты билгениме таң калып атышат деди. Алтынчы класска чейин окуган да, жаза да алат, окуй да алат. Кыргызча билгениме, атургай кыргыздар таң калат дейт.

Ошондо байкабадымбы, патриотпуз, тиги-бу деген менен кыргыздар өздөрүнүн мектебин оңдобоптур. Доолбас кагып, биздин мектептер начар экен, окуу китептери начар жазылыптыр, методикалык китептер жок экен, андай экен, мындай экен деп, биринчи ошону оңдош керек эле да. Эми мен азыр өзүм кыдырайын деп атам, мектептерди көрөйүн деп, жарымы бош, ал берки мектептерде “о” класска чейин ачылып атат дейт. Анан ким күнөөлүү, бизде эми баары кедерине жетиптир да, баары талкаланды. Бизде демократиянын бардык институттары начар иштейт. Шайлоо системасы такыр начар. Парламент деген экиге окуган балдардай. Ошолорго тагдырыбызды байлап атпайбызбы.

И. Жакыпбеков: Эми болуптур, суроо: аларды ким шайлады?

Н. Капаров: Шайлаганда – элиң деле ошол да.

И. Жакыпбеков: Демек эл ошол жашоого татыктуу.

Н. Капаров: Мен авторитардык режимге өткөндөн башка чыгуу жолун көрө албай атам.

З. Ажыматов: Билим берүү системасында иштеп жүргөндөр айтат. Билим берүү системасында коррупция дың бойдон жатат, себеби Кумтөрдө кандай чатак болсо, билим берүү системасында так ошондой деп. Толгон проекттер менен гранддар агылган экен бул системага. Ахыбалы болсо жанагы.

О. Ш.: Өткөн өттү, кеткен кетти. Эми азыркы президенттин көчтү түзөп кеткенге кандай мүмкүнчүлүгү бар?

Н. Капаров: Көзүм жетпейт эч нерсеге.

З. Ажыматов: Биз жогото турган эч нерсе жок, чыгалы, айталы.

И. Жакыпбеков: Улам бир жаңы бийлик келгенде үмүт кылабыз, эми оңолор бекен деп. Бакиевдин убагындагы бир нерсе эсимен кетпейт. Ошол убакта газ менен бензин бизде Казакстандагыдан арзан болчу. Эмне үчүн андай эле билбейм. Азыр бир жарым эсе кымбат баа болуп калды.

Д. Орозалиев: Бакиевдин убагында бир нерсе ачсаң эле, жарнамасы жок эле жүрүп кете берчү иш. Инвестор көп келген, Акаевден кийин жаңы бийлик келди, жаңы команда келди деп, жаңы ишеним менен киришкен көбү, себеби инвестиция кирген.

И. Жакыпбеков: Анан кийин Отунбаева болду. Тарыхта ак тамга менен ошол эле жазылып калды го, кеткендерден. Президент катары Отунбаеванын жүрүш-турушу, кылган иши сыймыктуу болду. Кыска мезгил болгону менен татаал убакта аял болсо да өлкөнү жакшы өткөрүп кетти. Эми Жээнбековдун ишин мезгил көрсөтөт. Тарыхта кандай президент болуп калат? Жанагы баштаган ишинин баары аягына чыкса болду, жегендерден кайтартып атат, ал да сага жарымы, мага жарымы болуп жарым жолдо калбай.

З. Ажыматов: Ошону эл калтыртпаш керек да, эл, коом ойгонуш керек. Табылды Эгембердиевдей өзүнүн жаратмандыгы, өзүнүн маңдай тери менен өз оокатын кураган ишкерлер, ишкерлик, ойлоп табуучулук, билимдүүлүк пропаганда болуп, жеп-ичкендерди жексур кылып көрсөтүү керек. Жеп-ичкендер бир 10-15% болсо, кантип ушу 85% эл аларды тепселеп, жок кылып же оңдоп коё албайт.

И. Жакыпбеков: Табылдыны айтып калдың, ал тууралуу дагы бир нерсе айта кетейин. Бир жолу барсам, Ишеке, мага көңүл айткан киши таап берчи дейт. Эмне болуп кетти десем, элге чыгып, Бакиевди колдоп бер деп атат, кайсы бетим менен колдойм дейт. Анан айтат, таптым жолун, мен андан көрө Суусамырга барып боз үй даярдап турбаймынбы десем, анда ошент деди. Эмне десе Суусамырда деп коёт, ошентип качып кетем деди. Эл ошол жакка барып, боз үй тигип кошоматтангандай кабыл алып атат, иш жүзүндө элге чыгып, Бакиевди колдогондон качып кеткен. Текебаев партияма кошул деди, Бабанов кошул деди, тиги келди, бу келди деп калды. Анан айттым, болбойсуңбу, ойлонуп бирине барбайсыңбы десем, кой, барбайм, мен аякка барганда буларды ким кылат, кирсем, башым менен киришим керек, мобу иштерим токтоп калган атпайбы, барбайм деди.

Ж. А.: Бир чети барбаганы да жакшы болуптур. «Супараны» улуттун жүзүн көрсөткөн көрүнүктүү жай кылып түптөп кетти.

Адабият, маданият жөнүндөгү сөзүбүздү улайлычы. Өкмөттө сыйлык, наам соодасы жүрүп эле, наам алган, сыйлык, орден алган киши көп. Наам, сыйлыктын деле баркы кетип, маданияттын кутун кетиришти. Бирок чыныгы талант ээлери көмүскөдө калып, руханий азыктын чыныгы булагын элге ачып берүү зор зарылчылык болуп турат.

Н. Капаров: Эми, Олжобай иним отурат, Зайырбек иним отурат. Экөө тең сыйлыкка татыктуу жигиттер. Ай, сыйлык деген эмне? Өнөр адамычы, сыйлык албаш керек. Сыйлык деген – элдин тааныганы, окуганы, жакшы көргөнү, андай-мындай пикир айтканы. Болду, андан башка сыйлыктын кереги жок. Бир да капиталисттик мамлекетте сыйлык жок. Оскар, тиги-бу дегендер жекече сыйлыктар, мамлекеттик эмес. Советтер Союзунун учурунда сыйлык идеологияга кызмат кылган да. Адабият, маданият – баары тең идеалогиянын бир бөлүгү болгон. Ошол үчүн аларга кадимкидей эл жазуучусу, комсомол сыйлыгынын лауреаты, тиги-бу дегендерди чыгарышкан.

Бирөө менден сурап калды, эмне сыйлыгыңыз бар деп. Анан мен айттым, мен толук адабиятчы эмесмин, тийип-качып эле жазып жүргөн кишимин. Көңүлүмдө ой жүрөт, убактым болуп жазышым мүмкүн, жазбай да калышым мүмкүн. Адабиятка жаш кезимде бир кириштим кичине, анан карыган кезимде бир кириштим. Ортодо боштук. Мен өзүм адабиятта жүрөм дегенден уялам. Башка жумуштарды көп аткарган, өзүнчө жүргөн кишимин. Адабиятка баш отум менен кирип, тирмийип отуруп жазып, жазуучу болуп, антип-минткен жокмун. Тирмийип иштегендер бар, ошолор чыныгы жазуучулар. Ошолор деле сыйлык албай калса эч качан таарынбаш керек, эмне кереги бар.

Илгери СССР маалында кармашып, Борбордук комитетке (ЦК) арыз жазышып, Баланча Баланчаевге туура эмес берилди, меники болчу бул сыйлык деп жүрүшкөндө аябай капа болчумун. Эмне кылышат ушулар сыйлык талашып, уят эмеспи. Ошол учурда Байдылда Сарногоев сыйлык талашчу эмес. Сыйлык менен иши да жок эле. Кийин эле бузуп ийишти сыйлык берип. Жакшы акындардын эч кандай сыйлыгы жок. Пушкиндин сыйлыгы жок, Есениндин сыйлыгы жок. Маяковскийдики жок. Сыйлыктын эмне кереги бар. Адамдар ойлоп тапкан сыйлыктарын бирине бири бере берет, өкмөттүн атынан берет, өкмөттө деле адамдар отурат.

Кудайдын сыйлыгы деген бар. Кудайдын сыйлыгына жетсең, ошондо сыйлыкка жеттиң. Кудайдын сыйлыгы деген – унчукпа деген сөз, талашпа, сураба. Эч нерсенин кереги жок, материалдык дагы, моралдык дагы. Мээң менен, көкүрөгүң, жүрөгүң менен эсептеш дагы, жакшынакай Ишендей болгон досуң менен жүрө бер, бир ырыңды окуп койсо, ошого ыраазы болуп. Акын деген сыйлык үчүн жазса, анда өлдү. Турмушту көрмөйүн эч нерсе жаза албайсың. Мен башында жаза албай койгом, жаза албаган себебим турмуш көрө элек экем. Жек Лондонду жакшы көрөм. Кудай талант берген кишини турмуш Жек Лондонду түндүккө ыргыткандай бир жакка ыргытканда, ыргытып, жилигин чагып, өпкөсүн үзүп, мурдуна чүлүк такса, ошондо шедеврлер чыгат экен. Кээ бир акындын талантын таразанын бир табагына, эмгегин бир табагына койсо, эмгеги камгактай учуп кетет. Турмуш аны, мисалы Сибирге ыргытып, Сибирден Токтогулга жөө жалаңдап келсе, анан жазмак.

И. Жакыпбеков: Сыйлык тууралуу айтканыңа кошулам. Эл эмгегиңди баалаганынан жогору сыйлык жок. Мидиндин саптары бар эмеспи:

…Ансыз деле кээ бирөөлөр айтат:
– Эй, курган Мидин,
Алыңды билгин,
Казга теңелип, буту сынат карганын.

– Мейли, сынса сынсын,
Албай эле койдум.
Кайсы бир халтурщиктердин жардамын.
Сөздүн чыны, окуучунун сыны болот,
Менин таянаар балдарым.

Каякка барба, Мидинди айтышат. Мындан өткөн сыйлык жок.

Н. Капаров: Оскар сыйлыгын албай койгондор болгон, баш тартып. Баягыда бирөө айтат, Баланчаев эл жазуучусу деп алыптыр, ошол да жазуучубу дейт. Айттым, ой ал жазуучу, ала берсин, халтурщик болсо деле ала берсин, мунун баары эч кандай мааниге ээ эмес. Жүрүп отуруп дагы бир он жылдан кийин бул сыйлыктардын такыр мааниси кетет. Ким алам десе кезек менен бере беришсин. Адам өзүн эч качан көтөрбөш керек, чыгармачылыкта болобу, иште болобу. Сыйлык дегенди унутуш керек. Алың эмнеге жетет, ошону кыла бер. Бирөө сурайт, эмне сыйлыгыңыз бар деп. Ой менин фамилиям менен эле атым бар, эң эле сонун сыйлыгым ушул дедим, атамдын аты, анан өзүмдүн атым.

И. Жакыпбеков: Мен мисалы эч качан сыйлык тууралуу ойлонбойм. Кайсы бир ишим туура болуп, жакшы кабыл алынып, жакшы даражага жетсе, мен үчүн андан чоң сыйлык жок. Мисалы жакында бильярд боюнча Тюменде Дүйнөлүк чемпионат болот. Ошого 12 стол коюп бериңиз деген кат келди. Мен үчүн эң чоң сыйлык ушул. Мага акчасы кызык эмес, мага менин эмгегиме суроо талап болгону кызык. Мен үчүн чоң жетишкендик, чоң сыйлык ошол.

Ж. А.: Дегеле адамдан бир нерсе күтүп иш кылган адам сөзсүз көңүл калууга дуушар болот. Анын үстүндө адамдын баасы дайыма эле туура боло бербейт. Кереги жок деп атасыз го, аныңызга кошулам. Бирок керек бир жери бар экен. Эл – агып турган сел экен, каякка бурса, ошол жакка агат. Азыр интеллектуалдык элита жок, элди ээрчите турган, бура турган. Эл майдаланып кеткен, ар ким топ-топ кылып ар кайсы жакка буруп келатат. Мисалы, кимдир бирөөгө сөздүн, иштин мазмуну керек, ошого жараша анын артынан ээрчийт, анын сөзүн сүйлөйт, аны колдойт. А кимдир бирөө үчүн, анын аты, сыйлыгы, наамы керек, ошого жараша сөзүн угат, ээрчийт, колдойт.

И. Жакыпбеков: Ошолор көпчүлүктү түзөт.

Ж. А.: Чыныгы баасы менен бааланып берилген сыйлык, наам, даража мына ушул үчүн керек ко. Ошондо татыктууларды шайлай алат элек, өзүбүз шайлап алып, анан кайра алаканды шак коюп, кокуйлап отуруп калбай.

О. Ш.: Бүгүнкү күндүн эң жакшы сыйлыгы кайсы, айтайынбы? Өткөн жолку ушундай отурушубуздан кийин сыртка чыкканда «Сармерденден» кожоюну Дүйшөн досумду бучкактадым да айттым: Йе, дос, Зайырбек жетимди билесиң, талантын баалап жүрөсүң, кээде ырларын мактап күйөсүң. Кел эй, китебин чыгарганга жардам бериш десем, канча сумма керектигин сурап калды. 70 миң сом бер десем, бир айдан кийин кел деди эле, бирок убакыт созулуп баратат… Бирок берем деген убадасы бекем азырынча. Бирок дагы бир эрдиги бул болду – учурда адабий сын жазгандарды таппайсың, ошолорго ай сайын гонорар төлөп баштады эле, азыр «РухЭшке» адабий сындан жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн козутуп койду. Мына, адабий процессти жандантууга биз өкмөттүн оозун карап отурган жерибиз жок, ар кимибиз колубуздан келген ишке чап жармашып атабыз. Учур адабиятынын көрүнүктүү жаштары адабий сынчылардын, адабиятчылардын назарына илинип, сөз болуп баштаганы сыйлык эмеспи? Себеби күлүк күнүндө, тулпар тушунда баасын алганы – акын-жазуучулардын чыгармачылыгына Дүйшөн досума окшогон капчыктуулар маңдай тери менен тапканынан бир аз бөлүшүп, адабий сынды жандантууга, Зайырбектей акындарга сүрөөнчү, демөөрчү болуп бергени.

Анткени азыр өкмөттөн тыйын сурагандын ордуна, өкмөткө кантип жардам беребиз, маселе ушунда. Зайырбектин өкмөткө жардамы ушул – алардан жардам сурап барбайт, наам да сурабайт бул жетим. Дүйшөнгө окшогондордун мойнуна минишибиз керек, кудай жалгап учур адабияты үчүн Дүйшөн да өзүнө чоң милдет алды. Закемдин китеби чыгары менен Ишен байке, сизге барам беш миң сомго китебин сатып алыңыз деп. Башка кадырлаштарга барабыз, антпесек, бу Закемдин өтүмү жок, уяң экен. Себеби таланттын табияты ушул экен, а Закемдин кыгына кыл сая албагандар бүгүн мамлекеттик сыйлык-наамдардын ээси, ошолордун базары кайнап аткан заман…

Н. Капаров: Зайырдын китебинен мен алам бирөөсүн эле 5000 сомго.

Ж.Асанбек, Д.Орозалиев, О.Шакир, И. Жакыпбеков, Н.Капаров, З.Ажыматов — «Сармерденден» узаар алдында…

О. Ш.: Чыгармачылыкты ордунан козгоонун бир эле механизми ушул. Ушуну сыйлык дешибиз керек. Эгер бул шык-жөндөмсүз болсо, Дүйшөндүн чөнтөгүнөн 70 миң сом чыкпайт болчу. Андыктан сыйлыкты ушул деп түшүнөлү да, бүгүнкү отурушубузду жыйынтыктаар алдында Закем бир-эки ырын окуп берсин. Оомийин кылалы анан…

Көтөр башты улутташым, кандашым,
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын.
Ар бир кыргыз аманаты Манастын,
Хан тукуму кулга айланып калбасын.

Көк Теңирге, ай ааламга тийишкен
Байкуш болбо, башты төмөн ийип сен.
Бизге Теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен.

Күң кылбасын келген-кеткен коногуң,
Кыргыз кызы күндөй баркы жогору.
А жигиттер мырзасыңар ар бириң
Тексиз, нарксыз, бул жүрүштү коёлу.

Бабалардын алып асыл өрнөгүн,
Балдар өссүн бапестеген өз жерин.
Мекенимдин тоо, суу, дарак, таштарын
Өзүмкү деп сактабасаң өлгөнүң.

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап,
Нур чайысын жан дүйнөңө алтын жаап.
Сен падыша, падышасың, эй кыргыз
А  тоолоруң Теңир берген алтын так.

ЖҮРӨК
Дүк, дүк, дүк, дүк – аяр, жумшак какканда,
дүйнө ойгонуп, кан айланып аккан да.
Алгач ирет ушул үндү эшиткем,
апакемдин курсагында жатканда.

Дүк, дүк, дүк, дүк – сээп өмүр үрөнүн,
дүкүлдөгөн, айтып мага сүйөрүн.
Эгиз болгон, бир чымчым эт менде да,
ээрчип кагып энекемдин жүрөгүн.

Жаңылышып кээде ыргак, ирмемден,
жайлай түшүп, анан кайра күүлөнгөн.
Туурап улам, дүкүлдөктү жүрөкчөм,
тирүүлүктү апакемден үйрөнгөн.

Эне жүрөк жакын турса муюучу,
эгер азга алыстаса туюучу.
Көкүрөгүн жыттап жатсам апамдын,
көөдөнүбүз бирдей согуп туруучу.

Эй, адамдар, эсиңерге түйгүлө,
жүрөктөрдү ажыратпай жүргүлө!
Кашайтты эле кайран эне-баланы,
кара жоолук, анан башка үй-бүлө…

Жазып алган Жетиген Асанбек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.