Кайсы бир падышачылыкта, кайсы бир мамлекетте бир киши жашачу. Анын үч уулу бар эле. Биринчи уулу акылдуу, экинчи уулунун кирди-чыкты акылы бар, ал эми үчүнчү уулу жинди болучу. Күндөрдүн бир күндөрүндө ал киши ооруп, өлүм алдында жатты. Улуу балдары тынсыздана башташты, атасы өлүп калса андан калган мурасты үчкө бөлүшкө туура келип жатпайбы.

Алар атасын мурасты экөөнө эле калтыр деп көндүрмөк болушту. Атасына: “Жинди Иваның  баары бир калтырган оокатты бир заматта айдап отко салып, эч нерсеси жок куру жалак калат. Андан көрө анын үлүшүн экөөбүзгө жазып калтырсаң, ага өзүбүз көз болуп багып алабыз”— дешти. Атасы алардын айтканын туура көрүп, болгон мүлкүн экөөнө бөлүп жазып берди да, өлүмгө баш ийип кете берди. Эмнеден өлдү… уулдары берген козу карынга ууландыбы же башка нерседенби, аны эми бир кудай билет.

Жинди Иван атасы ага деле бир нерсе калтырат деп ойлогон, бирок ал ойлогондой болбой чыкты. Бир туугандары жашоодо ар кандай нерселер боло берерин айтып, аны алыскы сапарга чыгууга макул кылышты. Ага бышкан беш жумуртка менен бир нан салынган баштыкты камдап берип жолго салышты. Ошентип Жинди Иван өз бактысын издеп жолго чыкты. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү – ал үч айрылыш жолдун тоомунда турган чоң ташка келип такалды. Таштын бетинде: солго барсаң – атыңдан ажырайсың, оңго бурулсаң – өзүңдүн башыңдан ажырайсың, түз барсаң – эч нерсе таппай куру келесиң деп жазылыптыр. Жинди Иван эмне кыларын, кай жагына буруларына акылы жетпей бир топко туруп калды.

Аңгыча анын мурдуна чымын келип конду. Чымын кайсы тарапка учса ошол жакка бурулайын деп чечти. Чымын оң жакка учуп кетти. Мейли анда, деп ойлойт ал — өтө деле барктап сактай турган башым деле жок, кайда барсам баары бир эмеспи. Мээси жок баш менен жүргөнүм менен башы жок жашаганымдын айырмасы болбосо керек. Ошентип ал келе берди, келе берди. Бир убакта чарчап, курсагы ачты. Жолдун жээгиндеги дүмүргө олтуруп, баштыгынан жумуртка, нанын алып жеди. Жеп бүтүп суу ичкиси келди. Ар жактагы чоң дарактын жанынан булак чыгып жатканын көзү чалып, ошол тарапка жөнөдү.

Жакын келгенде булак бийик эмес тосмо менен тосулганын көрдү. Ойлонуп турган жок, секирип түшүп, жата калып суудан шимире баштады. Булактын мөлтүр суусунун тишти какшатып, мээге чыккан муздагын айт да, таңдайыңды такылдаткан шекер салган чайдай шириндигин айт. Иван суусунун кандырган соң, чоң бактын көлөкөсүнө жатып уйкуга кирген. Чочуп ойгонсо, маңдайында мыйыгынан күлүп, Өлбөс Кощей турган экен.

– Кана айтчы, жинди Иван, бул жер тосулуп турганын көргөн жоксуңбу, жеке менчик жерге киргенге сага ким уруксат берди?

– Көргөм, Өлбөс Кощей, бирок тим эле өлүп калчудай суусадым.

Кощей күлүп жиберди.

– Бул сууну ичерден мурда ойлонушуң керек эле. Эми сен да мен сыяктуу өлбөс болуп калдың. Так гана мендей. Мындан кийин чогуу жашайбыз.

– Койчу, болбогон сөзүңдү! Сенин жашооң да жашообу? Мен андай жашоону каалабайм! Андан көрө мага өзүң каалагандай тапшырма бер, баарын аткарам. Мени мурдагыдай калтыр. Кощей кайрадан каткырып күлдү.

– А сен чындыгында эле жинди экенсиң! Анда эмесе, макул… Феникс деген куштун багындагы Жашоо Багынан жети алма үзүп келип берсең, мурдагы калыбыңа келтирчү суу берем.

Жинди Иван сүйүнүп, алма уурдоо үчүн сапарын улантты. Бир күн жүрдү, эки күн жүрдү, үчүнчү күнү сыйкырдуу алма багына жетти. Анын тегергинде бир дагы из жок, калың, бийик чөп өсүп туруптур. Даракка кантип из калтырбай жетиштин амалын издей баштады. Ойлонду, ойлонду, акыры ойлоп тапты. Бутактуу узун шыргоолдорду ченеп кесип алды да, аны балдак сыяктуу таянып, бутун жерге тийгизбей сороңдоп олтуруп, алманын бутагына жабышып чыгып алды. Бутакка олтуруп алып, үзгөн алмаларын коюнуна солоп жатты. Жаңы гана Кощей айткан жети алманы үзүп алганда кайдан-жайдан бактын ээси – Феникс кушу учуп келип калбаспы. Өзү канатуу куш, башы сулуу аялдыкы эле, маңдайдагы бутакка конду да:

– А сен чын эле жинди окшобойсуңбу, алманы эмне үзүп жатасың?

– Кощейге үзүп келип берем деп убада кылгам.

– Эмне ага берген убадаңды аткарасыңбы? Сен деги үзүп алып аткан эмне алма экенин түшүнөсүңбү?

– Билем, Кощей айткан – ал, Өмүр Дарагынын мөмөсү.

– Жинди болгонуң кандай жаман, Ваня! Өмүр Дарагынын мөмөсү кандай болуш керек экенин сен ойлоп да койгон жоксуң да,чынбы?

– Аның чын, – дейт Жинди Иван. Феникс кушу башын чайкап ага түшүндүрүп кирди:

– Өмүр Дарагынын  мөмөсү – бул Билим. Мына, бир алма жесең бир маанилүү нерсени түшүнөсүң, экинчисин жесең дагы бир нерсеге көзүң ачылат. Ал эми жети алма жесең, дүйнөдө болуп жаткан нерселердин баарын билип турасың.

– Андай билимдин мага эмне кереги бар? – дейт Иван Феникс кушуна. Феникс аны үнсүз тиктеп, башын чайкап койду.

– А анда болуптур Иван. Алмага ууруга киргениң үчүн жаза аласың. Караңгы зынданда өлгүчө олтурасың.

– Азыр мен Өлбөс болуп калгам, – дейт Иван.

– Андай болсо сага андан бетер жаман, – деди, анда Феникс.

– Кел, мен сенин бир кызматыңды аткарып берейин, сен мени ошону менен бошот.

Иванды карап туруп Феникс кушу анын сунушуна макул болду.

– Тээтиги көрүнүп турган көлдө Сүйлөгөн Балык жашайт. Ошону мага кармап келип берсең, бошсуң.

Айла жок. Жинди Иван көл жээгине келди. Бактын бутагын сындырып, башына белинен чечип алган курун байлады да, аны сууга малып, ары-бери кыймылдата баштады. Бир кезде караса – алтын түстүү, жонунда ачык жашыл үч чийини бар сулуу балык пайда болду. Бирок ой жеткен жерге кол жетпейт эмеспи, же тор жок, же кайырмак жок. Иван таягын сууга бир малып, ары-бери бултуңдатып сүйрөп, бир сууруп алып жээкте олтурду.

А балык чычкан менен ойногон мышыктай болуп таяктын башындагы курду кубалап ойной баштады. Жинди Иван куулукка бармай болду. Ал таягын адегенде жай, анан уламдан улам тездеп ары-бери кыймылдатып кирди. Балык тигини кууп кызуусуна киргенде таякты суудан тез тартып алды эле, алдырар күнү жаздырар дейт эмеспи, таяктын артынан артынан секирген балык жээктеги кумдун үстүнө келип түштү. Иван аны баса калып кармап алды да, колтугуна салганга камынды. Ошол убакта балык кишиче сүйлөп жалынып жиберди:

– Иванушка, мени коё берип жиберчи. Мен ушул деңиздин падыша айымы болом. Ата-энем былтыр өлүшкөн. Мен жалгыз калдым. Эгер мени коё бербесең, менин падышачылыгым жок болот. Бул көлдө балык аттуу калбайт. Бул көлгө куйган дарыялардагы балыктар да өлүп жок болот. Анткени, алар менин букараларым, мен жок болсом аларга камкордук кылар эч ким болбогондуктан баары кырылат.

– Сени коё берсем эмне бересиң? Бере турган эмнең бар?

– Эч нерсе, – деп жооп берет Деңиз Падышасы, – менде сага бере турган эч нерсем жок, Иванушка. Өзүмдүн башымдан бөлөк эч нерсем жок.

Балыкты көргөн Иван аны азыр коё берерине көзү жетти, анткени аны жөн жеринен жинди дешпейт да. Өзүнө караганда башкаларды көбүрөк ойлойт. Ошентип жинди болуп, балыкты коё берип жиберди. Тигил куйругун булгалап коштошту да, сууга чулп этип кирип жок болду. Иван шалпая басып барды да, Феникс кушунун алдында турду:

—Эми мени зынданыңа сала бер, менин тагдырыма ошондой шордуу турмуш жазылган окшобойбу. Деңиз Падышасын кайра коё бердим. Мен аны, анын букараларын жана балык кармап жан баккан жөнөкөй адамдар менен алардын балдарын аядым. Мендей бир жинди үчүн алар өмүр бою балыксыз калышмак беле. Мени камачу жериңе түбөлүккө камай бер, мен даярмын деди да, жиндидей болуп ыйлап жиберди. Феникис кушу аны карап таң калды:

– Бул дүйнөдө жашаганыма миң жылдардын жүзү болду, өзүн ойлобой, башкалардын камын жеген жиндини биринчи көрүшүм. Алмаларды ал да, мен айнып кете электе көзүмө көрүнбөй тез жогол.

Иван кубанып кетти. Алмаларды шыпылдап коюнуна катты да, Өлбөс Кощейге жөнөдү. Ал анын хан сарайына келип, алмаларды тигинин астына таштады:

– Мына, ал алмаларыңды. Мага сууңдан бер тез, Өлбөс болуп жүргөндөн тажадым.

Кощей күлдү да, ага мындай жооп кайтарды:

– Сасыган Феникс кушунан аман кайткан биринчи адамды көрүп турам, ал баргандардын бардыгын түбөлүккө зынданга салып чыгарчу эмес эле. Сени кантип коё берди, акылым жетпей турат. Бул өтө таң калыштуу.

. – Кантип, мени да камайт беле? – таңгалды Жинди Иван,– ал балыкты кармап келсең бошотом дебеди беле?

Өлбөс Кощей каткырып жиберди:

– Бул дүйнөдө аялга ишенип болобу, аялдардын баары калпычы, бирине да ишенген болбойт. – Бир аз унчукпай туруп кошумчалап койду: – Эркектер деле ошол. Алар да калпычылар. Бардыгы калп айтышат.

Иван ага карап, шектене түштү, көздөрүн алайта ага суроо салды:

– Сен мага сууңдан бересиңби, алдаган жоксуңбу?

Кощей анын сөзүнө жылмайып да койгон жок:

– Кандай жинди болсоң так ошол жинди боюнча өлөсүң! Өлбөстүктү кайра артка кайтара албайсың. Ал сага момпосуйдун кагазы эмес.

– Ах ошондойбу! – деп кыйкырды Иван, – анда алмалардын баарын өзүм жейм.

– Билгениңди кыл. Жей бер. Мага анын кереги да жок. Убагында мен аны тойгуча жегем.

Иван олтура калып, жети алманы жеди да, Чоң Билимдин ээси болуп калды. Бул дүйнө кандай жаралган, эмне үчүн тигил же бул окуялар башкача эмес, так ушундай болуп турат – ага бардыгы түшүнүктүү болуп калды. Көптү билсең, баш ооруң да көбөйөт эмеспи, Иван ойго чөмүлүп олтурган. Жанына Кощей келип көчүк басты. Алар унчукпай олтурушту, олтурушту, көпкө чейин олтурушту. Бир кезде Иван Кощейге кайрылып:

– Мындан ары кандай болот? Эми эмне кылам? – десе, Кощей үшкүрүп койду да, анан ага мындай кеңеш берди:

– Эми сенин бир эле жолуң бар Ваня – менин кызыма үйлөн. Биринчиден, ал дагы биздей эле өлбөстөрдөн, экинчиден, акылдуу, бала чагынан алма жеп келатат, үчүнчүдөн, айтканын бербеген долу, албуут, аны менен жашасаң Ваня, түк эриктирбейт. Анын үстүнө ал менин мурасчым, каалаган күнү ага бардык байлыгымды берип коюшум мүмкүн.

Иванга чындыгында эле азыр баары бир болчу, мейли, үйлөнсө үйлөнөйүн деп ойлоду. Ал келинчеги менен таанышууга жөнөдү. Кызды көрүп, эси ооп барып оңолду. Кыз Иванды көргөндө ого бетер боюн түзөп, жайнай түшкөн. Иймектей ийилген ийиндери, ийиндерине куюлуп төгүлгөн алтын түстүү чачы, чайыттай ачылган көк асмандай көпкөк көздөрү, кыскасы, ал периштедей сулуу болуп чыкты.

Кощей алардын никесин кыйдырып батасын берди да, жаңы салынган хан сарайга көчүрүп жиберди. Ошентип алар ыркырашпай-чыркырашпай, ынтымактуу, ырыс-кешиктүү үй-бүлө болуп жашап калышты.

Ал эми, Кощейдин кызын долу, албуут  деп айтканы жаңылыш болуп чыкты, ата-энелер балдары жөнүндөгү ойлору дайыма жаңылыш чыгат эмеспи. Бирок анын такыр эриктирбейт дегени туура чыкты. Бирок бул жөнүндө башка жомокто айтып берем. Кийинчерээк.

Которгон Абийрбек Абыкаев

[1] Танит Лонын чыныгы аты-жөнү – Локшина Татьяна Святославна

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.