Роза Айтматова: Гүлсарынын дүбүртү түбөлүк биз менен калды

2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон—Ата шаарынын Ат майданында Ч.Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсары» повестинин каармандарына, Танабай менен Гүлсары жоргого эстелик тургузулат деген маалыматты телевизордон угуп калдым.  Ушул кабарды уккандан кийин өткөн-кеткенден бир топ нерселер эске түштү, ал тургай повестти кайра окуп чыктым.  Белгилүү болгондой, чыгарма 1966-жылы жарык көргөн, анын башкы каармандары жылкычы Танабай жана анын жоргосу Гүлсары. Автор бул чыгармасында   тоталитардык башкаруу күч алып турганда Танабайдын жана Гүлсарынын   башынан өткөн окуяларды сүрөттөө аркылуу Совет мезгилинин 50-жылдарындагы экономикалык-нравалык  кризисти чагылдырган.  Партиялык жетекчилер тарабынан күч-кубатын аябай, […]

АКШ элдеринин фольклорунан: Кумурска жана таруу даны

Бир король баарынан да жомок укканды жакшы көрчү экен. Андыктан ал өз элиндеги жомокторду уга берип аягына чыгып, жаңысын угууну эңсейт. Бирок жомок деген жомок, ал оңой эле ойлонуп табыла калбайт. Ошондуктан король кийинчерээк жаңы жомок укпай калганына байланыштуу мындай жарыя айттырат: — Кимде-ким жаңы, жакшы жана бүтпөгөн жомок айтып берсе, королго күйөө бала болот, башкача айтканда падыша ага кызын берет, а эгерде ал жомокчу аракет кылганы менен жомогу аягына чыгып калса, башы алынат! Бул жарыя азгырыктуу да, коркунучтуу да […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш

1-бөлүк Акылмандык Улуу император Акбардын тогуз акылманы бар эле. Бирок ал алардан бир нерсени үйрөнгөнү байкалчу деле эмес. Бир жолу Акбар катуу жинденип, акылмандарын чакырды да мындай деди: «Эл дүйнөдө силерден ашкан кыйын акылмандар жок дешет. Бирок силердин бул жерде жүргөнүңөргө канча убакыт болду, силер мага эч нерсе үйрөткөн жоксуңар! Анда, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?» Бир акылмандын тестиер уулу падышанын сарайын көрөм деп ээрчип келген эле. Падышанын ачууланып айткан сөзүн уккан бала күлүп жиберди. Акбардын жини кайнай түштү: – […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын акылы – макал

Адам баласы ар убак акыйкатты таанып-билүүгө куштар. Ушул өңүттөн алганда, макал-ылакаптар буга кызмат кылган уникалдуу жана универсалдуу табериктер десе болот. Аларда тарых менен турмуштун изи таасын сакталып, элдин кулк-мүнөзү, ой-санаасы, туу туткан дөөлөттөрү шүүдүрүмдүн тамчысындай бажырайып көрүнүп турат. Макал – нак акыл. Ылакап – ылайык кеп. Макал көбүнчө акылга (ак кыл) басым жасаса, ылакап эске таянат.  Ошондуктан акыл-эс сыяктуу макал-ылакап да чогуу айтылат. Макал турмуш көрүнүштөрүнө, адам сапаттарына ж. б. акыйкат бүтүм чыгарып, аны чулу, айкын, так туюнтуп, ыргактуу, уйкалышып […]

Кубатбек Жусубалиев «улуу адамдар күзгү» дейт (уландысы)

<<<<<<<<<Башы — Эч нерсеге көңүл чаппай калганда эмне кылуу керек? — Адамда бир чоң максат болуш керек. Ошол максат адамды алып жүрө берет. Дайрадай агып, өзүнө нук салып, жээк, жол салып, буулган жеринен толуп кайра ташып, дагы жол салып кете берет. Ал үчүн ушундай бир чоң максат менен жашаш керек. Ошондо ой максаты ат болот, жөлөк болот, демөөр болот. Түркүн чоң нерселерге сүрөйт. Булак бечара акыры бир күнү деңизге жеткендей, суулардан, тоолордон өтүп сен да жетесиң. Адамда ошондой чоң максат […]

Мамат Раимжанов: Соцреализмдин акыркысы же үмүттүн үлбүлдөгөн көрөңгөсү

АҢГЕМЕ Желе-жортуп келаткан адамдын өңү-түсү коркунучтуу: көздөрү кызарып, керсары өңү түнкү шамалдан, жаздын алгачкы күнүнөн тарта эле ачуу тийген күндөн ала темгилденип, кыштан бери алынбаган сакал-муруту түктөйүп, башындагы спорттук жүн калпагынан чыккан чачтары уйгу-туйгу. Канчалык коркунучтуу, ары кунарсыз көрүнгөнү менен кызарган көздөрү кандайдыр бир муңайым эле. Ал кызарган көздөр кыжырданууга чылк чөксө да, ошол эле кезде алардан жан далбастаган айласыздыктын учкуну жанып турган. Буга чейин ал мындай жүрчү эмес. Калдайган тоолордун арасында өзүнөн бөлөк адам аттуу жок экенин билчү; сансыз […]