Бир король баарынан да жомок укканды жакшы көрчү экен. Андыктан ал өз элиндеги жомокторду уга берип аягына чыгып, жаңысын угууну эңсейт. Бирок жомок деген жомок, ал оңой эле ойлонуп табыла калбайт. Ошондуктан король кийинчерээк жаңы жомок укпай калганына байланыштуу мындай жарыя айттырат:

— Кимде-ким жаңы, жакшы жана бүтпөгөн жомок айтып берсе, королго күйөө бала болот, башкача айтканда падыша ага кызын берет, а эгерде ал жомокчу аракет кылганы менен жомогу аягына чыгып калса, башы алынат!

Бул жарыя азгырыктуу да, коркунучтуу да эле. Ал эми королго жаңы жана бүтпөгөн жомок айтып берүү дээрлик мүмкүн эмес болчу. Андыктан эс-акылдуу кишилер мындай тобокелчиликке барышкан жок, бир-эки падышага күйөө бала болуу азгырыгына алдырган эси жоктор канча аракет кылса да жомокторун бүтүрүп алышып, баштарынан айрылышты. Ошентип король жаңы жомок укпаганы аз келгенсип кызы да кара далы болуп атасынын төрүндө улгайа берди. Кийин гана бүтпөгөн жомок болбосуна көзү жеткен король мындай жарыя айтып кызынын бактысына балта чапканын түшүнүп катуу өкүндү. Бирок падыша катары сөзүн артка алган жок.

Күндөрдүн биринде жакыр жашоосунан тажап жан кыйгысы келген бир жаш жигит жөн эле өлүп кете бербей; бактысы үчүн бир умтулуп көрүп анан жарык дүйнө менен кош айтышмай болот. Анын үстүнө бир жакшы ой мээсине келгендиктен, бул тобокелчиликке ого бетер чыгынат. Ошентип күндөрдүн биринде ал ак сарай алдындагы кароолдорго келип, бүтпөгөн жомогу бар экенин билдирет. Бул жорук бир заматта падышага жетип, аздан кийин жигит анын алдында турду.

— Айта бер жомогуңду, бирок бүтүп калса башың алынарын унутпа, — деди жомок угууну сагынган король оңдонуп отура берип.

Коркконун жүзүнөн да, сөзүнөн да байкатпаган, бирок ичинен корккон жигит падыша тактысына карай отургучун жылдырып, каадалуу жомокчудан бетер үнүн жасап алып жомогун баштады:

— Бул дүйнөдө бир кумурска болуптур. Бир жолу ал  күнү бою ачка калыптыр. Ошентсе да ал тамак табуудан үмүтүн үзбөй жөргөлөп келатып, дыйкан таруу сактаган ороого туш болот. Бир тарууну бүт жеп, курсагын тойгузган кумурска ороодогу таруунун баарын уюгуна ташып кетмей болот. Таруу майда болгону менен кумурска да кичине болчу, андыктан анын көтөрө келгенде бирөөнө гана алы жетмек. Ошентип ороо толо тарууну бирден ташыйт. Ал бир тарууну үйүнө жеткирип, дагы бирөөнү үйүнө, кайра дагы бирөөнү үйүнө, дагы бирөөнү үйүнө жеткирип кайра келип… – деп жаш жигит баягы ойлоп койгон амалы боюнча жомогун узартып кете берет, кете берет.

Аны угуп отурган король жаш жигиттин бул амалына бир туруп жини келет, бир туруп күлкүсү келет. Жини келгенин билдирсе жигиттин башын алдырышы керек эле, күлүп жиберсе падышалык аброюна шек келтирмек. Анан эң негизгиси – бул баланын башын алдырса экинчи эч ким өзүнө жомок айтыш үчүн чыгынмак эмес, демек  кызы бул дүйнөдөн кара далы өтмөк. Ошентип эмне кыларын билбей көпкө отуруп, дале болсо кумурскасына таруу ташытып жаткан жигиттин эр жүрөктүүлүгү менен амалкөйлүгүнө ичинен ыраазы болуп:

— Кызымды бербесем иштерман кумурскаң чарчап, ороо толо тарууң түгөнүп, өзүң жомогуңду бүткүдөй эмессиң, — деген сөздү оозунан кандай чыгарып жибергенин билбей калат.

Ошондо гана жигит падышаны жеңгенин түшүнүп, мындай деп жомогун бүтүрөт:

— Кумурска бир күнү караса уюгундагы ташыган таруусу бул жыл турмак кийинки кышка жеткидей толтура болуптур. Ошондо гана иштерман жанын жай алдырган кумурска дан ташыганын токтотуп, жыргап-куунап жашап калыптыр.

Ошентип жөн жан кыйганча бактысына бир умтулуп жыгылууну эп көргөн жигит королдун кызына үйлөнүп, жыргал күндүн урматын да, убайын да көрүп жашап калыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ