<<<<<<<<<Башы

Эч нерсеге көңүл чаппай калганда эмне кылуу керек?

— Адамда бир чоң максат болуш керек. Ошол максат адамды алып жүрө берет. Дайрадай агып, өзүнө нук салып, жээк, жол салып, буулган жеринен толуп кайра ташып, дагы жол салып кете берет. Ал үчүн ушундай бир чоң максат менен жашаш керек. Ошондо ой максаты ат болот, жөлөк болот, демөөр болот. Түркүн чоң нерселерге сүрөйт. Булак бечара акыры бир күнү деңизге жеткендей, суулардан, тоолордон өтүп сен да жетесиң. Адамда ошондой чоң максат жок болгондо, акпай туруп калганда ал духовно өлүк болуп калат.

Мен ойлойм, көбүбүз ушундай өлүкпүз. Мен силерге ишенем. Ушундай эле турмуш менен, ушинтип ойлоп жашасаңар дайыма өсүштө болосуңар. Адамда айрым тыныгуулар болот. Токтоп калат, ага эч камтама болбогула. Белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин экинчисине өтөсүңөр. Анан сөз да келет, ой да келет, алардын поэзиясы да келет. Эң негизгиси — демди суутпаш керек. Суубагыла. Дайыма алга умтулуп, окуп, китеп окубаган күндө жакшы иштерди жасап, өзүңөрдүн көз жашыңар, күрөшүңөр аркылуу үйрөнгүлө жазганга. Эч бир суубагыла. Көзүң ачылган сайын биле баштайсың. Айланаңда турмуштун ылайы абдан көп. Бирок ал зарыл, анткени «всякое зло — маленькое добро». Турмушка ушундай караганда гана жан тазарат. Ошондо гана эрдик, акылмандык, боорукерлик келет адамга.

Байыркы Индиянын философтору окутуучусу жок адам көзү таңылуу дейт. Демек ар кандай адам үчүн мугалим керек окшобойбу.

— Керек. Өлгөнчө эмес, адамдын өсүшүндө бир мезгил болот, ошондо керек. Анан ошол жолго түшкөндөн кийин адам өзүнө өзү мугалим болуш керек.

Сизге ким болду эле ошондой мугалим?

— Эч ким болгон эмес. Мен өзүмө өзүм мугалим болдум. Көп нерселерди өзүмдүн жеке азап-кайгым менен түшүндүм. Анан менин турмушума абдан ишенимдүү жөлөк болгон досум Кеңеш Жусупов болду. Акыркы жылдардагы, он жылдын ичинде бир жакка бурган ушул жигит. Анткени, достун касиети ушул да. Кеңеш биздин жазуучулардын ичиндеги адамдык сапаты эң төп келишкен, айкалышкан киши. Гармониядагы киши.

Бюрократизмден көп жылдар бою запкы жеп, куугунтукталып, чыгармалары жарык көрбөй жургөн эки-үч жазуучу бар. Сиз да ошолордун бирисиз. Бирок эң кызыгы: мына эми кайра куруу, маалымдуулук доору келгенде ошол запкы көргөндөр унчукпай эле жанагы сый көрүп, эки жылда бирден китеп чыгаргандар тим эле кыйкырып жатышат. Ушундан улам Сиз өз чыгармаларыңыздын жарык көрүшүнө, окурмандарга жетишине кайдигер мамиле кылып тургандай көрүнөсүз.

— Чынын айтсам арсармын, жазганымын бирөөгө пайдасы барбы, жокпу? Сен айткан кайдыгер карайсың дегениңдин себеби, адабият бир «чудовище» болуп кетти. Муну бир уй деп коёлучу, жөн эле бир көөмүш уй да. Эми канча кишилер ар жактан келип, бир балээ апкелип саап атышат. Адабият жазуучуларды тойгузган уйга окшоп калды.

Байкап атасыңарбы, мен оригиналничить этип же тенденциялуу нерселерди айтып жаткан жерим жок. Өзүңөр деле карап көргүлөчү, ким көп чөп салса, көп саап алат, бирөө аз саап алат. Кино деле, искусство деле ошондой болуп калды. Өзүнө-өзү жем берген, оокат берген уйга окшоп калды. Анан ошого биз иллюзиялантып атат окшойбуз чындыгын айтпай. Биздин жазганыбыз элге-журтка керек деп, биздин китебибизди окуп алып ыйман оңолуп атат деп эле жүрөбүз. Бирок ушу кезге чейин бир жазуучунун китебин окуп алып агарып кеттим, жаман элем жакшы болуп кеттим деген кишини көрө элекмин.

Жазуучулук тагдыр Сиздин да бешенеңизге жазылыптыр. Алыскы балалыгыңызга, Кердегейге кайрылып көрбөйлүбү?..

— Биздин айылда бир жигит бар эле. Өзү райондук гезитке көп макала жазчу. Менден эки-үч жаш улуураак. Көзү шамдай бакырайган жигит эле. Бир жолу, жаз болсо керек эле, асман бүркөө, бирок жылуу илеп келип турган (Күн күркүрөй турган мезгил болот ко). Азыр күн жаап иеби деп дубалдын түбүнө (дубал жылып калган экен, жадесе анын жылуулугу да эсимде) дубалга жөлөнүп турабыз. Ошол жанымда «Пыкаж учуузаж» эле дейт. Адеп эле «пыкажучуузаж» эле дейт. Баланын аты Жакып эле. Ал кандайдыр бир сүйүнүч, чексиз сүйүү менен айтат да, калганыбыз түшүнбөйбүз эч нерсени. Ал компоюп ыраазы. «Бул эмне деген?» дейбиз, Айтпайт. Анан акыры жалынып атып сурап алдык. Көрсө «Жакып жазуучу» дегенди тескерисинен айтат экен. Бул сөз мага ушунчалык сырдуу, табышмактуу эле. Жазуучу деген сөздү ошонун оозунан биринчи жолу ошондо уккам. Аябай көп жазат эле, райондук газетага эле жаза берет эле. Пыкаж учуузаж дегени ушунчалык көңүлүмдү бийлегени эсимде. Ошол жүрөгүмдө калыптыр. Анан шондон кийин эле жетинчи класста окуп жүргөндө биринчи кабар жазып, мен да баштадым. Кийин-кийин мен биякка окууга келип, ошо жигит… түрмөгө түшүп калды.

Турмуштук шарт менен бечаранын жолу болбой, бала-чакалуу болду, бирок жолу болбоду окшойт, түрмөгө түшүп калды. Үйгө бир жолу түндөсү аэропорттон телефон чалып минтет: «Мен, — дейт, — түрмөгө жатып алып «Алатоону» карайм. Ушу сени чыгып калабы деп. Чыкпайсың го, эмне үчүн чыкпайсың? Келген сайын карайм» дейт. Өзү түрмөдө жүрөт эй, сураганы ошол. Жооп берген экен да үйүне, аэропорттон уча албай жатып калыптыр да, түндөсү мага телефон чалыптыр. Өзү жөнүндө айтпайт. Менден ошентип сурайт. Бир сапар ошонун кайниси келип калды, анан экөөбүз ошол түрмөгө бардык.

Оо кыйлада экен. Киргизбей коюшту. Бирок терезеден көргөн имиш мени, биз көрбөй калдык да, кайсыл терезе экенин билесиң. Анан ушул жигит түрмөдө өлүп калды. Муну айтканымдын себеби, жазуучу болушума биринчи жолу ошол жигит «Пыкаж учуузаж» деген сөзү менен себеп болду. «Пыкаж учуузаж» деп татаалдантып айтканы ошол бечаранын өзүнүн тагдырына окшоп кетет. Жөнөкөй эле айтса болот эле да. Ушул бечара жазуучулугун мага таштап кеткенби деп ойлойм.

Анан кичинекей кезимде минтип кыялданчумун: асмандан бир китеп түшүп калса, баратсам эле алдыма топ этип түшүп калса, анан мен таап алсам, ошону көчүрүп алып анан чыгарып ийсем, анан бүт дүйнө окуп жыргашып эле, оо, бул улуу жазуучу экен да, кантип жазды экен деп таң калып, бардыгы мыкты кишилер болуп калышса деп ойлочумун. Жазуучу, менин баамымда, анын жазганын бирөөлөр окуп туруп жакшы болушу керек да. Эсимде бар, чын эле ишенип алдым. Асманды карайм. Бир жолу арыктан өтүп баратсам бир китеп жатат талаада. Арыктын ары жагында.

Жаздын күнү болчу. Чуркап барып карасам, баягы мага түшкөн китеп экен деп, ал китеп жата турган жер эмес да, эски география экен. Баягы күздө кардын алдында калып кетиптир дагы, жатып-жатып, анан кар кеткенде сороюп, иттин өлүгү болот ко, кардын алдында жатып кабыргасы каржайып калган, ошондой болуп калган экен. Көпкө чейин күткөнүм эсимде да.

Мүнөзүңүз кандай эле?

— Энем мени бир нерсе үчүн гана мактайт эле. Бир жерден кеп укса эч кимге ташыбайт дечү. Анан көп сүйлөбөйт дечү. Ушинтип айтса жаман кубанчумун. Ошондой болсом керек да, анан эми ойлоп калдым. Чындыгында аябай чоң мактоо экен көп сүйлөбөйт деген, кеп ташыбайт деген. Чоң касиет экен. Бизде сөз бар эмеспи «укпайт деп ушак айтпа». Улуу сөздөр. Чыгыштын бүт философиясы мына ушул. Булар эми жөн сөздөр эмес да. Ушуну эле аткарсаң болду. Ушуну иш жүзүнө ашырсаң чоң иш кыласың. Ыймандулууктун эң түпкү негизи ушулар да. «Укпайт деп ушак айтпоо» аябай кыйын. Анткени мен өзүмдү көп текшерем, бир маалда эле бирөө жөнүндө бир нерсе айтып отурам эй, жама-ан кыйын нерсе да. Кыйынсып, бир нерсе деп эле айтып калам. Шап эле кармайм өзүмдү, анан айран калам ушул сөздүн улуулугуна. Муну аткарган киши өзү улуу киши болот.

Сөз деген өтө касиеттүү, улуу нерсе. Библияда «в начале было слово» деп бекеринен айтылган эмес да. Абайлап сүйлөп, абайлап колдонуу керек. Биз жазуучулар сөздүн ошондой ыйыктыгына түшүнгөн кишилер болушубуз керек эле, бирок биз кайра тескерисинче ысырап кылган кишилер болуп атабыз. Бул өтө-ө жаман кайгылуу нерсе да. Адабияттын чоң көөмүш уй болуп кеткени да ошондон. Качан сөздүн ыйыктыгын түшүнгөндө гана, жазуучунун жазуучусу дегени гана калып, ошону кишилер баркташып, ошонун айтканын укса гана реалдуулукка келебиз го сыягы.

Жашыман жазуучу болом деп көрбөйсүңбү, чачым агарып кетти. Биринчи жолу «Күн автопортретин» жазганда (мен ушул повестти жакшы көрөм). Окуган китептеримдин баары эмне болгон? Мен бир улуу адабияттан таалим алган эмесмин. Биз эмнеден таалим алдык, эмне окудук? Биздин муун Бубеновдун «Ак кайыңын», Бабаевскийдин «Алтын жылдыздын кавалери» дегенин, «Жаш гвардия», «Кенже уулдун көчөсү», «Кызыл кырман» ушуларга окшогон макулатураларды окудук, үкалар! Тоодой макулатураларды (биз жашаган Кердегейдин китепканасы макулатурага толгон), ошолордун баарын окуп салып дагы макулатураны күтүп кала берчүбүз. Уй саман жегендей эле окучубуз. Булар такыр жүрөккө из калтырбайт экен да.

Терең-терең чыйырларды салбайт экен. Жөн эле ачка карынды убактылуу тойгузуп кала берет экен. Эмнени гана окубадык эй. Жеп алып пок менен чыгып кетет экен дагы, кайрадан эле ачка болгондой калып кала берет экенсиң. Кийин гана улуу адабиятчыларды, мына бул Фолкнерге окшогон жазуучуларды окуганда кадимкидей даярдыгыбыз бардай эле окуп кирдик да, бирок аларды бул жакка келгенде окудук. Ал китептердин мага эч кандай таасири болгон жок. Эч кандай зыяны да болгон жок. Кызык. Оо илгери жазган ырларым бар. «Жаз», «Кыш» деген. Ошолорго гана таасир этти. Мына ушул менин китептен алган тарбиям.

Анан кийин бир улуу киши бар болчу. Менин окутуучум бар эле Исамамат деген. Өзү капкара киши эле. Өлүп калды бечара жакында. Уулу бар Жоомарт деген. Төртүнчү-бешинчи класстарда ушу киши сөз өстүрүү сабактарынан (өзү аябай уста, колу да усулдуу, сөзмөр, анан жүрөгү да таза киши экен да) бизге жомок айтып бере берет эле. Кыштын күнү жомок айтып бер десек, сабагын таштап бизге жомок айтып берет эле. Мен «Кожожашты» окуган жокмун. Ошол кишинин оозунан уккам. Кийин жанагы повестимди жазганда карасам так эле ошондой экен. Сөзмө сөз эй! Памяты ушундай укмуш окшойт бул кишинин. Жанагы «Даат», «Күүнүн сыры» бар го, мен ошолорду жомок экен деп ойлоптурмун. Көрсө Токомбаевдики экен. Аны мен кийин университетке келгенде гана билип жүрөм. А киши жөн эле айта берчү. «Күүнүн сыры» дегенде бир жери эсимде. Өзү негрге окшогон капкара киши эле. Анан биздин мектеп дагы капкараңгы да кыштын күнү. Кичине кар жааса өтө эле караңгы болуп калат.

Ошондо «Күүнүн сырын» айтып берип аткан. «Зарлык баягы кыздын билегинен «шап» кармап туруп койнуна кирип кетти» деген жери эсимде. Ушинтип айтат дагын өзү күлүп коёт. Тиштери аппак болуп. Үчүнчү класстагы балдарбыз эми. Жаш балдарга айтып берип өзү күлүп атат да, атаң гөрү мулуюп. Мудрая, такая чудесная улыбка! Капкараңгы үйдүн ичинде жапжарык светтей болуп тиштери жаркырап. «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Семетей», «Эр Табылды», ушулардын баарын ошол кишиден уккам. Окуган жокмун ошондон кийин. Өзү ажайып киши эле да бечара. Кийин баласы айтат, мен жанагы «Толубай сынчынын» бир жеринде Сыдык көр деп кошуп койдум эле, ушуга жаман капа болгон имиш. «Менин атамын көрдүгүн Кубат эле көргөн экен да, ушинтип жазып коюптур» деп капа болду дейт. Ушундай бир ажайып кишилер болот экен да. Сөздү бир айтса өлгөн кишини тирилтип иет эле бул кишилер.

Анын сүйлөгөнү ушунчалык таза, булактын шылдырындай угулат эле менин кулагыма. «Муздак дубалдардын» ритмин так ушул кишинин сөздөрүнөн да байкасаңар, мен ушуну оозеки тилге өтө жакындатканмын. Биз өзүбүздүн тилибизди адабиятташтырабыз деп өлтүрүп албадыкпы. Ширесин кетирип, калыпка салып бир балаа кылдык.

Айылдагы кишилердин сөзүндө бир өзүнчө ритм, сулуулук бар эмеспи. Ар кайсы сөздү ар кайсы жерде ар кандай манерада айтат. Ушу нерсени биз чындап эле жоготуп салдык окшойт.

— Бул чоң нерсе. Менимче, чыныгы адабият так ушул нерсени өздөштүрүшү керек. Элдик оозеки, күндөлүк сөздөрүн өздөштүрүш керек. Бардык улуу сырлар ушул жакта. Стиль деген — адамдын өзү. А бизде муну ачкан эч ким жок азырынча. Буга көңүлүн койгон эч ким жок, баардыгы жекече стилдештирип эле… мен жанагы «Күн автопортретин» жанагыдай эмелерге окшоштуруп жазгам, жанагы пухлый тилдерди окуп ошолордой кылып атайын, булчуңдуу, кыска тил менен жазгам. Анын үстүнө мен ошол кезде «Американын сценаристтери» деген китепти окуп айраң калдым. Ушинтип жазса болот турбайбы деп анан мен да ушинтим жазгам. Кийин-кийин билип калдым: мындай жол аябай калпыс жол экен жазуучу үчүн.Табигый нук менен, элдин өзүнүн чыныгы тилдин стихиясы менен жазбасам болбойт экен деп калдым. Кийиздин гүлү да каеринен башталып, каеринен бүткөнүн билбейсиң. Бирок мында улуу, кубаттуу сулуулук бар. Жазуучу да ошондой орнамент кылыш керек.

«Советтик Кыргызстанга» берген интервьюңузду Ак журтчу үчүн бердим, эми Сарыкыз эжем үчүн берип атам дедиңиз эле, чечмелеп бербейсизби?

— Биздин жазуучунун коомдогу абалын эч ким ачык айтпайт. Бечара жазуучуларды айылдагылар баары эле булардын акчасы көп деп ойлойт экен. Анткени, болбураган нерселерди жазып жүрүшүп элди да бузуп коюшуптур да. Былтыр отурсам Сарыкыз эжем сурап калбадыбы менден. Атайын чайын берип, анан «Кубат, кассада канча акчаң бар?» дейт. Мен олтуруп калдым. Кымыз ичип аттым эле. Кымызым деле калды. Эмне деп жооп береримди билбейм. «Жок» десем баары бир ишенбейт. Бар дейин десем жок, эмне деп айтсам деп турсам апам айтып атпайбы бечара: «А-ай-и-ий, койчу айланайын, эгер акчасы болсо үй салып албайт беле. Беш жылдан бери үй салам деп элдин баарына уят болуп жүрөт». Ошондо мен жаман болдум. Бизде чынында жакшы жазуучунун абалы начар экен. Жакшы жазам десең он жылда бир китеп жазам десең жашашың кыйын.

Сени эл унутуп деле калат экен, окубай деле калат экен. Ачка да калат экенсиң. Статистика боюнча акчаны аз алган жазуучулар имиш ко, орто эсеп менен айына 70-80 сомдон туура келет экен. Ошолорду ойлоп отуруп бооруң ооруйт, же жакшы чыгармадан жок, же жакшы турмуштан жок.

Айрым жазуучулар да бар, жанагыдай лауреат болуп алышып, гонорардын да көбүн койдуруп, силерге окшогон жаштарга, мага окшогон аз жазып, саз жазам дегендерге жол тийбейт. Ошол бечаранын шору кайнайт экен да.

Бир чогулушта Э.Эрматов мындай деди эле: «Кайсы бир эл акынынын чоң китеби чыкты дегиче беш-алты жазуучунун ырыскысы кыйылды дей бергиле».

— Жакшы айткан экен. Ушуну өзгөртсөк азыр. Жаштарга эч чек койбосо. Гонорарды жаш деп аз коёт. Жашы-кары деп бөлбөй, анын жазганына караса. Жакшы болсо эгер, гонорардын эң чоңун бере берсе. Биздин жазуучулар үчүн ушундай закон кылып койсо жакшы эле болор эле. Азыркы биздеги закон каяктагы халтурщиктердин пайда болушуна шарт түзөт. Козу карын үчүн жаан кандай керек болсо, азыркы мезгил да ошондой. Жөн эле дуулдап чыгып атышпайбы.

«Муздак дубалдар» романыңыз жыйырмы жыл басмаларда, редакцияларда жатты дегенди угуп бул бекеринен болбосо керек, мында бир мандем бар деп аябай сактык менен окудук. Бирок он бет окусак да, жүз бет окусак да, романды толугу менен окуп чыксак да эч кандай калпыс жерин көрө алган жокпуз.

— Жыйырма жыл башка көз караштагы, башка улуттагы көп кишилерди даярдап койду. Заман, коом өзү адамдарды даярдап койду. Менин оюмча романды окуса болот. Чыгармада жердин түбүнөн аккан дайрадай эч кимге билинбеген катмарлары бар. Бул үч сөз жөнүндөгү түш. Бул менин өзүмдүн адам жөнүндөгү түштөй туңгуюк ойлорум, менин түштөрүмөн, фантазияларыман жаралган катмар. Романдын эң эле бир сырдуу эч ким айтпаган катмарлары да. Мен ушул Тайна, Тайна, Сад деген үч сөздү көргөм да түшүмдө, билбейм, эмне үчүн мындай. Ушундай бир нерсе бар да.

Сизиф эсиңиздеби? Сиздин романыңызда да бир оор күнөөгө батып, анын жазасына күн сайын кумду саноого мажбур болгон бир аял жөнүндөгү түш бар.

— Бул да ошол пластка кирет. Романдын эң бир шылдыраган назик, тунук жери да. Бул турмушта биз билбеген, туйбаган нерселер көп эмеспи. Ушуларды түшүнүүгө бел байлаш керек. Адам өзү кудай сындуу жан турбайбы, тирүүлөрдүн эң чокусу экен. Кыргыздардын бир сөзү бар: «Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар». Адам да ушундай, бычылбаган кундуз…

Бул романда орусча жазылган каттар бар…

— Ооба, ал каттар мындан улам кирип калды. Менин апамдын сиңдиси бар эле. Анан ошонун күйөөсү камалып кетти. Төрт-беш уулу бар эле. Күйөөсү 7-8 жылга камалып кетти. Балдарын ээрчитип алып артынан мен да жанында жашайм деп (жакшы көрсө керек да) баягы декабристтердей Сибирге ээрчип кеткендей эле артынан ээрчип кетиптир. Же анысы декабристтердей улуу идея үчүн камалса экен, бир нерсе уурдап жеп коюп камалган да. Ал бечара ошону ээрчип алат да, баягы Лужинди ээрчип алгандай. Анан артынан келет. Келсе, өзүнүн төрт-беш баласы болсо кыйналат да. Кат жазыптыр эжесине, менин апамдарга. Эми өзүнүн көргөнүн, кыйналып атканын (өзү аял киши болсо, беш-алты баласы болсо), муктаждыктарын айтып, жардам бергиле деп атат да. Жөн эле ыймандай сырын айтып, мага жардам бербесеңер өлдүм деп кат жазыптыр.

Мен жаш баламын анда. Жетинчи-сегизинчи класста окуп жүргөн кезим. Үйдүн алдын шыпырып атсам, жайдын күнү болчу, бир кагаз жатат. Көтөрүп чаңын күбүп, окусам, ошол бечара эжемдин каты экен. Ыргытып ийишиптир. Жаан тийиптир, кээ бир жери окулбайт. Ушул кат өмүр бою менин эсимде калды. Адамдын ушунчалык кайгылуу зары да. Аны ыргытып ийишкен да. Демек жардам беришкен эмес, азыр ойлосом. Анан мен катты дал ошондой контексте киргизгем. Ошол эле адамдардын мамилеси «какая пропасть между людьми» дегендей эле да. Анткени өзүнүн бир досуна ойлуу жазылган кат да ал адамдардын буттарынын алдында, базардын ичинде ыргытылып калган. Бири-бирибиздин ортобуздагы кайдыгерлик деген ушул да. Духовность асмандан түшкөн нерсе эмес. Ал ушундай билинбеген нерселерден куралат.

«Ленинчил жаш» газетасынын бетинде дилдеги сырларыңыз менен бөлүшүп олтурганыңыздын да бир байкалбаган символикасы барбы дейм. Жаштар газетасына бир кездеги жаш Жусубалиев жооп берип жатат да…

— Мен «Муздак дубалдарды» жазганда 27-28 жаштагы жигит элем. Жаштыктын чоң жоопкерчилиги болот. Бирок жаштыкты көп кезде гүүлдөп-шаалдап жүрүп өткөрүп жиберет экенбиз. Жаштык деген сөз — бул жоопкерчилик деген сөз. Акылдын күчү, башканын күчү бардыгы ошондон. Анын дүйнөнү кабылдоо күчү аябай чоң болот. Демек, ошону жаш кезде өзүңдү түшүнүүгө жумшаш керек эле. Ошондо тез жетет экен киши максатына. Улуу кишилер так ошол жаш кезинде жумшаган экен да өзүн ошондой чоң максаттарга. Бирок жаштыкта көп нерселер бар да. Эгер жаштайыңан көп нерселерден баш тартсаң, баш тартканга үйрөнүп калсаң, чоң нерсе да өмүр бою сени эч нерсе жолдон чыгара албайт. Анткени ширин нерселерден баш тарткансың да. Жаштыктын касиети, ыйыктыгы ушунда.

Мезгилдин шарданы ошондойбу, билбейм, азыркы жаштар борпоңбуз. Сиз да ошондой ойлосоңуз керек?

— Ар бир мезгилдин өзүнүн өзгөчөлүгү болот турбайбы. Бул өзү кемчилик эмес. Менин баамымда ар бир мезгилдин, доордун, ар бир муундун өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Бул өзгөчөлүктөр кээде сага да, мага да байланышпайт. Биз аны алдынан башкара албайбыз. Бул өзгөчөлүктөр эмнеден чыгат? Сенин азыркы айтканыңды, албетте, трагедиялуу факт деп коёлу. Буга эмне күнөөлүү дебейсиңерби? Менимче адамдын өмүрүнүн кыскалыгы. Бир нерсени түшүнүүгө адам өмүрү ушунчалык кыска, мурунку бүт мурасты өздөштүрүүгө убакыт да, өмүр да жетпейт. Кээ бир муундардын ошого кичине мүмкүнчүлүгү болуп калат. Турмуш өзү кандайдыр бир шарт түзүп коёт. Силер ошондой шартка туш болуп калдыңар да. Биз эми согушка туш болуп…

Убакыттын чек-ченеминен чыгуу үчүн адам баласына эмнелер зарыл?

— Кыргызда бир жакшы сөз бар. «Жалган дүйнө» деп коёт. Бул эки сөз өзү жөнөкөй эле айтылып калган. Бул Индия, Япония элинин философиясында чоң система, дүйнөгө көз караш. А биздин кыргыздар муну жөнөкөй эле «жалган дүйнө» деп коёт. Мунун артында чоң философия, чоң турмуш, адамга болгон көз караш жатат. Ушундан улам ойлойм да. Биздин кыргыздардын (Борбордук Азиядагы эң эски эл да) илимибизде, кулк-мүнөзүбүздө, көз карашыбызда буддизмдин философиясынын таасири күч. Муну азыр туюп атабыз. Бирок мурда туйбай калганбыз да. Анткени, сыртынан жупуну болгону менен артында чоң нерселер бар экен, чоң философиялардан, турмуштук контексттерден чыккан экен да. Ошон үчүн биздин азыркы милдет ушул өткөнгө абдан кыраакы мамиле кылыш керек. Өткөн адабиятыбызды оозеки адабиятыбызга, макал-лакаптарыбызга, легендаларга, уламыштарга, ошолорду кайрадан окуп чыгып, кайрадан түшүнүшүбүз керек. Ошондо биз өзүбүздүн элибиздин рух-духуна, тамырына жетебиз.

«Манасты» бизде баатырдык эпос дейт. А кытайлык кыргыздар тарыхый эпос дейт. Ушул туура деп ойлойм.

Сынчыларыбыз 20-30 жылдардагы чыгармаларга баа бергенде Айтматовго чейинки жазуучулар фольклордун алкагынан чыгалбай калган дешет. Муну терс көрүнүш, кемчилик катары тушүндүрүшөт.

— Менимче, алар фольклордон чыгалбай калган эмес, кире албай калган. Фольклорго кирсе, башкача болот эле го. Анда биздин адабиятыбыз өзгөчө, орусча айтканда, самобытный адабият болуп кетет эле. Булар ойлошот, фольклор десе… сырты жупуну болгону менен ичи аябай терең, аябай бай, биз билбеген терең катмарлардан турат да. Чапаны жыртык болсо мисалы, ошого карап мамиле кылгандай эле кеп да. Ичиндеги адамы менен эч кимдин иши жок. Эч ким билбейт. Биздин азыркы жазуучулар болобу, башкалары болобу, чоң максаты ушул болуш керек. Кайрадан аны ачыш керек да. Биз Латын Америкасынын адабиятындай фольклорго куюлушуп, жуурулушуп, эриш-арак болуп кете албадык. Поэзияда бир аз байкалат. Мисалы, «Манастын» ыргагы Рамиске кичине сезилет. Башка эле космос деп өзүнүн адаттагы дүңкүлдөгөн ырын жазып атса дагы анын ритминде ошол элдик нерсе жатат.

Таланттуу жазуучулар ушинтип жуурулуп, сиңирип алат. Өзүнө элдин оозеки адабиятын, анын илебин, шарапатын, анын ички поэзиясы энергиясын, ритмин алыш үчүн адам өзү аябай чоң интеллект болуш керек. Болбосо ал поэзия чыкпайт. Жөн эле ачылбай кала берет. Сөз орду менен айтылса октон жаман. Сөздүн табиятын, ойдун табиятын эрөөн-терөөн албай баратабыз. Ошон үчүн оозго келгенди айта беребиз. Ошон үчүн бирөөнүн көңүлүн калтырабыз. Ошентип атып бирөөнү сөз менен өлтүргөнүбүздү да билбей калабыз. Бири бирибизге аёо жок. Кайра сөзүбүзменен бири бирибизди атабыз.

-Сүйүнөбүз да таамай тийсе…

— Сөзүбүз таамай тийип, ал бечара жараланган кийиктей тырпырап атса ичибизден сүйүнүп карап турабыз. Сөздүн табияты жөнүндө ойлобойбуз. Келечектеги эң чоң маданият ушул. Эң чоң маданиятка жеткенибизде сөздүн табиятын, ойдун табиятын түшүнөбүз. Ошондо кантип айтыш керек, бири бирибизди сөз менен атыш керекпи — ушуну билгенде гана биз адамдык зоболобузга жетебиз. Ошондо гана адам чоң маданиятка ээ болот.

Биз азырынча муну түшүнө элекпиз. Сөз менен жок кылып ийүүгө боло тургандыгын билбейбиз да. Акындар болсо кыйынсынып кайра мактанышат: «Менин сөзүм курч, акын сөзү ушундай болот, атып иет, жеп иет, союп иет, автоматтай кылып эле ата берсе болот. Анткени, акын сөзү ушундай сөз» дешет.

Мунун эң сонун мисалы «калем — ок, калем — бомба, калем — найза»…

— Туптуура. Ошон үчүн Чыгыш элдеринде кээ бир кишилер чөлгө, токойго кетип калышкан да илгери. Себеби бул кишилер бир нерсени түшүнсө керек да. Сөздү орду менен, кадыры менен сүйлөп калган да, көп сүйлөбөй жүрүшүп. Сөздүн сырын, табиятын билгенден кийин айтышат. Байкасаң, сөз адамдын ички жалынынан чыгат.

«Сөз — от» деп Индиянын философтору бекер айтпаса керек.

— Жан отунан чыгат да. Адамдын жан отунан чыккан нерсе көр-жерге эмес, чоң, керектүү нерселерге берилген да. Эртеден кечке чейин бирөөнү жамандап, каткырып күлүп, же пок-сакты айтыш үчүн эмес, же болбосо 20-30 томду жазыш үчүн керек эмес. Жан отунан жаралгандан кийин, демек, жакшы нерсеге жумшаш керек. Биздин чыныгы адабиятыбыз, чыныгы маданиятыбыз ушуну билгенден кийин башталат ко деп ойлойм. Ушуну билгенден кийин адамдар жазбай калат ко. Биз жазгандардын бардыгы жөн эле макулатура болуп калат.

Ошондо адамдар кайрадан баягы биз айткан баланын акылындай тунук кыялдарга, өзүнүн тунук ойлоруна, тунук сөздөрүнө келет ко дейм. Тунук ой, тунук сөздөр келгенден кийин китептин эмне кереги бар? Туурабы? Асмандан түшкөн бир китеп болсо болду да. Ошон үчүн мен ойлойм да: мынабу дүйнөлүк адабият биздин жазгандардын баардыгы адамдын бир көз ирмемдеги мезгилине, өсүшүнө керек. Өсүп кеткенден кийин кереги жок болуп калат.

Биздин жазма адабиятыбыз жок деп кейийбиз. Мен кайра жоктугуна кубанам. Мен азыр жазма адабиятыбыз бар деп кейийм. Жазма адабияттын болбогону улуу акылмандык да. Чанда адамдар гана манасчылар болгон. Сагынбайга окшогон. Мындай кишилер жөн кишилер болгон эмес. Ошон үчүн жаралган. Суунун акканындай эле, деңиздин шарпылдаганындай эле табигый кишилер болгон. Калгандарыбыз ошолорду угуп эле жылкы багып жүргөнбүз да. Бул дагы чоң маселе. Эми мына 200дөн ашуун манасчы бар (жазуучуларды да манасчы деп коёлучу). Бирок мындан жазма адабиятыбыз өзгөрүп, акылдуу болуп кеткен жок, кыйын болуп кеткенибиз жок, өнөрүбүз ашып кеткенибиз жок. Кайра сөздүн кадырына жетпей унутуп баратабыз.

Үйдү бир уста курса, аябай келиштирип жакшы салат. Ал эми ашарчы көбөйгөн сайын үй тез бүткөнү менен кыйшык-мыйшык болуп кетет.

— Ооба, ооба. Көрүнгөнү үйрөнүп алып эле жаза берет экен. Анда болсо түшүңдө аян берсе, анан манасчы болот экенсиң. Жанагы асмандан китеп түшкөндөй эле кеп да.

Жалпы эле кыргыз адабиятына кандай баа бересиз?

— Кыргыздын азыркы жазма адабияты анын оозеки адабиятына караганда өтө жарды. Өтө жарды. Азыркы адабияттын абалын карап отурсаң бир нерсе ойго келет. Биздин 70 жылдагы адабиятыбыз камырдын ийлене элегиндей, камыр ийленгенче, бышканча колго жабыша берет ко, кээде суусу аз болуп калат, кээде көп болуп калат, ошондой мезгил болуп атат да. Мен ойлойм, бу мезгил бекер кеткен жок. Бул өзү ошондой өйдө-ылдыйдын, жуурулуунун мезгили болду, жаңы менен эскинин жуурулганы, өткөн менен кеткендин, оозеки адабият менен азыркы цивилизациянын жуурулуу мезгили болду. Мындай жуурулуу адатта бир чоң адабиятты жаратышы керек. Кыргыздын адабиятында, духунда чоң бир жарылуу болуш керек. Ошол жарылуунун башталышы, биринчи учкундары Айтматовбу дейм да. Анткени ушундай чоң оозеки адабиятка бай эле жазма адабиятта да ушундай бир чоң нерселерди жаратат болуш керек.

Ошондой чоң адабияттын, ошондой чоң маданияттын пайдубалыбыз го бизге окшогондор деп ойлойм. Аны жарата тургандар эми чыгат ко. Анткени илгери кыргыздын жазуусу болгон да. Енисей-Орхон мезгилинде анын чоң адабияты, маданияты болгон карап көрсөң. Биягы Кытай, биягы Аравия менен алакада болгон. Эми шону жоготкондон кийин ал өзүнүн бүт кусалыгын, бүт рух-духун оозеки адабиятка берген. Баягы дарыя келатып бөгөлүп калгандай болгон да. Андан кийин кайра ал атылып бир жеринен чыгат да. Ошол оозеки жагынан эпос, уламыш болуп чыкса керек да. Эми ошентип агып келатып он жетинчи жылы дагы бир бөгөлгөн. Дагы бир бөгөлгөн, дагы кайрадан анан ошол рух-дух мурунку калыбына келип, баягы оозеки бүтүндөй бир доор бүтүп, жазма адабиятка өткөндө эл ийленип-жуурулуп, эми ийге келип, эми өнүп чыга баштады го дейм. Өнүп чыга баштаганы Айтматовго, Сыдыкбековго, Рамиске окшогон кишилер го. Биз өйдө-ылдый дегенибиз менен, менимче кыргыз адабияты, кыргыз эли чоң бир өсүштүн, жарылуунун алдында турат ко. Анткени ар кандай нерсе түз болбойт да.

— Негизинен кайсы китептерди окуйсуз?

— Азыр китепти көп окубай калдым. Айрым гана китептерди карап коём. Жаш кездегидей биринин артынан бирин чапкандай эле кыйратып кырмай жок болуп калды. Ага убакыт да табылбайт экен.

— Кызык, өзүбүздүн эң сонун таланттарыбыз турса аларга адегенде маани бербей, качан Батыштын классиктерин окугандан кийин гана, башкача айтканда Москваны, Парижди айланып, анан гана өзүбүздүн тунук башатыбызга кайра келебиз. Ошондо гана түшүнөт экенбиз анын баасын, улуулугун.

— Кыргызда бир жакшы сөз бар го: «Колдо бар алтындын баркы жок» дейт. Бул өзү абдан туура сөз. Акыйкат деген бул өзү алыс дагы, жакын дагы. Адамдын бир улуу, бактылуу маңызы ушул экен, ал дайыма акыйкатты аралап жүрөт экен. Жатса башына балыш болот экен, турса бутуна жер болот экен, жутса аба болот экен. Бирок аны көптөрү сезе албайт экен. Ошону биз ачалбайт экенбиз да. Биздин көзүбүз бир нерсе менен таңылгандай жүрөбүз да, көзүбүз көр, кулагыбыз кар. Биздин жанатан бери сүйлөшкөнүбүз, китеп окуганыбыз, илимге умтулганыбыз, динге кайрылганыбыз — баардыгы ошого, көзүбүздү ачууга умтулганыбыз. Жана биз айтпадыкпы, адамдын өмүрү кээде аябай кыскалык кылат экен, көп шарттар болот экен, ошол шарт кээде сага түрткү болсо, кээде бөгөт болот экен. Түрткүсүнө түртүлөсүң, бөгөтүнө бөгөлөсүң.

Анан өмүрүң жетпей ара жолдо туруп калат экенсиң, ошон үчүн сен айтпадыңбы «адамга мугалим керек» деп, жерге жамгыр кандай керек болсо, адамга мугалим ошондой керек дейт. Көзү ачылышы керек. Демек, адам мугалимин табыш керек же өзүнө мугалим болуш керек. Сен экөөбүзгө кыйын, старик. Анткени, биз өзүбүзгө өзүбүз мугалим болушубуз керек. Ошон үчүн китеп окуйбуз, ошон үчүн издейбиз да. Баягы кум тергендей бүт китептерден издеп жүрө беребиз да. Мен ойлойм да, качан гана жазуучу, ар кандай адам өсүштү кааласа ошону жандили менен күнү-түнү ойлоп, бүт ошонун артынан түшүп, кара жанын ошого сабап койсо ага ар жактан айтылып турат да. Түрткү болуп турат. Эч нерсе бөгөт болбойт. Өзүңдүн кызың айтат же болбосо жанагы Феллиниге окшоп түшүңдө бир секелек сары кыз келип айтат: «Эй, өзгөрбөйсүңбү!» дейт.

Ошон үчүн адамда өзгөрүү, түбөлүккө алдыга жылуунун аракети болбосо, художник, жазуучу өлүк болуп калат. Дүйнөнү кыймылдаткан ушу күч. Бир акылман айткан экен, чо-оң эменди карап туруп (бул эми аябай жестокий сөз да, бирок чоң чындыгы бар), эмендин уруктары түшүп, жөн эле тизеден келет, анан ошолорду карап туруп айтат дейт (жанында бир жаш бала турган экен): «Мына ушул миллион уруктан бир гана эмен өсүп чыгат» дептир. Калганы ошо эменге эмне болот?

Жем болот.

— Жер семирткич болуп кетет. Адам деле ошол. Мисалы, канча миллиард, ошолордун бирөө чыгат. Калганы ага күч болот, дем болот, жем болот. Мында бир чоң чындык бар. Эми ошол кишилер, ошол дем, күч бизди жылдырат, зор күч болот.

— Адамдын дүйнөнү таанып билүү процесси аябай татаал болот окшобойбу. Ага айрым гана кишилер туруштук берет экен. Туруштук бере албаса, жинди болуп калышы мүмкүн турбайбы?

— Билесиңер го, Гамлет айтат: Друг мой Горацио, есть на свете вещи, которые не снились твоей философии. Эй, досум Горацио, деп атпайбы, бу дүйнөдө сен экөөбүздүн түшүбүзгө кирбеген нерселер бар. Ошон үчүн биз баягында олтурганда айтканбыз, адамга ошон үчүн нужна величайшая кротость, смиренность, скромность. Ушуларга кулак салып, орустар айткандай, суудан секин, чөптөн пас болуп жашаган парз да.

Баягында Тянь-Шанда жүргөндө Сагымбайдын небереси менен таанышып калдым. Ошол айтат, өздөрүнүн бир жакын туугандары Сагымбайды дайыма ээрчип жүрчү экен. Дайыма атын алып, антип-минтип жан жигити катары жүрчү экен кызмат кылып. Анан дайыма жанында жүрүп зеригет экен да. Бир күнү зериктим десе айтыптыр, «эриксең менин жаныма олтуруп, Манас айтып атканда оноерди карап тур» деп боз үйдүн эшигинин үстүн, керегенин башын көрсөтүп коюптур. Кишилер чогулуп, анан «Манас» айтып атканда, артында олтуруп алып карап олтурса, ошол киши кийин айтат имиш, жанагы Сагымбай айтып аткандардын баары кино болуп көрүнүп туруптур. Мен буга ишенем эй! Сөздүн күчү, магиясы ушу да. Ошондон кийин эрикпей калыптыр, дайыма катарында олтурчу экен.

Кайталап окуйсузбу?

— Мен Шекспирди гана кайталап окуп коём. Быйыл «Гамлетти» окудум поездде баратып. Ушул аябай кыйын, күчтүү жазуучу да. Рембону окудум. Рембону аябай жакшы көрөм. Бир ыры бар. «Искательница вшей — бит караган секелек кыз» деген. Бул мен жакшы көргөн ыр деп ойлойм. Сиңдисинин чачын карап отурган кыз жөнүндө да. Мыкты жазылган. А.Осмонов «акындардын пири Секелек Сары Кыз дейт. Муну окуганда ушул неме дайыма эсиме келет. Рембо өзүнүн пири Кичинекей Сары Кыздын бит карап олтурганын жазат да, анда ушундай бир улуу поэзия бар эй! Эң жөнөкөй жана эң бийик нерсеэкөө биригип калат да. Жанагы асмандан китеп түшсө деп эңсегенимдин себеби да ошо да, көрбөйсүңбү. Эң пас нерсе экөө биригет да, анан улуу поэзия пайда болот окшойт.

Анан Чыгыштын акындарын бирден окуп коём.

— Ар кандай чыгарма — адамдын жүрөгүндөгү күзгүсү да. Жаман адам жакшы жазуучу болушу мүмкүнбү?

— Мүмкүн эмес. Жазуучунун жолу адам болуунун күзгүсү болот да. Будда пайгамбардын бир сөзү бар: «как трудно быть человеком» деген. Адам болуш аябай кыйын. Жазуучу болуш оңой, адам болуш өтө кыйын.

Всегда старик, адабияттын эң улуу темасы, анын арендасы адамдын жүрөгү болгон. Анын күрөшү, кагылышы, поэзиясы болгон. Мындай нерселер күнүмдүк эле нерсе болот. Аны кандай көрө билүү жазууга байланыштуу. Ушундай эле күнүмдүк нерселерден түбөлүк нерселерди табууга болот.

Сизди Хемингуэйди аябай көп окучу дешет. Адам катары калыптанышыңызга, өз стилиңизди табышыңызга анын таасири тийдиби?Же көп жазуучунун бири болуп кала бердиби?

— Мага жакшы таасир берген адегенде. Мен таң калам, окуганда эле жан боорумдай, жакын жазуучум катары кабыл алгам, эмне үчүн экендигин али күнгө чейин билбейм. Мен үчүн табышмак. Бул жазуучу көрсө, кийин ойлоп көрсөм, бу кишиде Чыгыштын ой жүгүртүүсүнүн, деги эле Чыгыштын маданиятынын чоң таасири бар экен. Бирок муну ал бир жеринде да айтпайт. Мунун сүйлөшкөн кишилери баягы Парижде, аяк-биякта жүргөндө, мунун достору жаш кезиндеги мыктылар болгон, Эзра Паунд, Элиот сыяктуулар. Эми мындай күчтүү кишилердин касиети сиңет да. Бирок Хемингуэй эч бир жеринде айтпайт.

Чыгармаларын карап көрсөк, жөнөкөйлүгү биздин духка аябай жакын. Хемингуэй мага биздин кыргыздынжазуучуларына караганда жакын көрүнгөн. Айраң калам да, мен кыргыздын жазуучусу катары кабыл алгамын. Ал мага адамга жакындыгы менен жакын көрүнгөн. Анткени ошого чейин, Хемингуэй, Фолкнерге чейинки окугандарымдын бардыгы адамдан алыс эле, алардын ортосунда заңкайган тоо жатат. А булар бардыгын ыргытып туруп, жонуп салып, адамды күзгүгө коюп алып караган да. Ага чейинки адабият кайра алыстаткан мени адамдан. Ошондой адамга жакын адабиятты эңсегенде колуңа тийип калат, анан жакшы көрүнүп жатып калат.

— Таланттуу кишилерди өзү түшүнүп кыйын болобу, билбейм, «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» дегендей, бири-бири менен такай эрегиште болот экен. Мисалы, Толстой менен Достоевский, Хемингуэй менен Фолкнер.

-Хемингуэй өзү ошондой киши болгон да. Текебер, эгоист. А Фолкнер андай эмес. Байкадыңар беле, «Чал жана деңиз» жөнүндө эң мыкты рецензияны ошо Фолкнер жазган. Бул абдан адилет, акылкөй, туура берилген баа эле. Мындан жакшы айткан эч ким болгон эмес.

«Кердегей повесттери» деген жыйнагыңыз чыкпай калды окшойт. Анын бирөө «Ала Тоого» чыгып кетти.

— Ооба, «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен чыкпадыбы. Бирок өзүнүн чыныгы аты «Амбарная Книга». Жыйнакка ушул ат менен чыгат.

Ошол китеп чыгабы эми?

— Андай ат менен чыкпай калды. Эми 90-жылы кыргызча бир китебим чыгып атат, отуз басма табак менен, Ага «Муздак дубалдар», «Амбарная Книга», «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» деген романдарым кирет. («Кожожаш»., «Правдивая история с докторе Заваркине» — булар эми кийин чыгат ко).

— Асмандан бир китеп түшсө деп тилечүмүн дебедиңиз беле?Азыр ошол тилегиңиз өзгөрдүбү?

— Бая күнү айтып бербедимби, асмандан китеп түшүп калса деп жаман көп тилечүмүн да. Эми ошол балалык тунук ой, апенди болсо да таза, тунук ой да. Эми көрбөйсүңбү, бул ой кантип, кайдан келгенин билбейм. Бара-бара адам чоңойгон сайын, турмушка аралашкан сайын, тиричиликке, адамдарга аралашкан сайын өйдө-ылдый болот экен, жүрөгү кирдейт экен, акылы кирдейт экен, көңүлү кирдей экен. Анан унутуп калат экен.

Бала кездеги ойлорун, тунук булактай ыргыштаган ойлорун. Эми ойлоп атам. Адам турмуштун ошол чоң тегирменинен өткөндөн кийин адамдын жаны дагы, акылы дагы тазарат окшойт. Тунат окшобойбу. Дагы баягы өзүнүн балалык чагындагы ойлорун эңсеп калат экен. Мен ойлоп калам кээде. Ошол асмандан китеп түшүп калса, көрүп калсам деп, азыр деле каалаганымды сездим. Жакында эле сездим да ошол ойлорумду. Бир чети сүйүндүм… Бул ой бир чоң олуттуу нерселерге кабыл кылды. Эгер ошондой болчу болсо деп ойлойм да. Чамасы мен көксөгөн ойлор (албетте, баягыдай балалык, баёо эмес, более зрелый), мен көксөгөн кыялдар, мен көксөгөн максаттар, өмүр бою максат кылган ойлор ошол китепте болуп жүрбөсүн. Бул өзү кызык галаты сезим да. Балалыктын бир ыйык касиети ушул болот окшойт. Акылмандардын айтканы бар эмеспи, «устами младенца гласит истина»…

(«Ленинчил жаш») 19-январь, 1989-жыл

Аңгемелешкен Мамат Сабыров, Мелис Эшимканов

К.Жусубалиевдин «Жети сөз жана Конфуций китебинен

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.