АҢГЕМЕ

Желе-жортуп келаткан адамдын өңү-түсү коркунучтуу: көздөрү кызарып, керсары өңү түнкү шамалдан, жаздын алгачкы күнүнөн тарта эле ачуу тийген күндөн ала темгилденип, кыштан бери алынбаган сакал-муруту түктөйүп, башындагы спорттук жүн калпагынан чыккан чачтары уйгу-туйгу.

Канчалык коркунучтуу, ары кунарсыз көрүнгөнү менен кызарган көздөрү кандайдыр бир муңайым эле. Ал кызарган көздөр кыжырданууга чылк чөксө да, ошол эле кезде алардан жан далбастаган айласыздыктын учкуну жанып турган.

Буга чейин ал мындай жүрчү эмес. Калдайган тоолордун арасында өзүнөн бөлөк адам аттуу жок экенин билчү; сансыз салаалардай жылгалардын ичинен, өзүнө тааныш коктулардын ар биринен экинчисине өтөрдө каныккан көздөрү менен жол чалып, булуң-буйткаларына чейин сыдырып, артынан түшкөн куугун, акмалаган буктурма кайсы жерде болор мүмкүнчүлүктөрүн, ага жараша өз аракеттеринин каршы варианттарын желе жүрүп эсептөөчү. Бүгүн анткен жок. Эки жумадан берки ачкалык аны байыркы инстинктке түртүп, тагдырдын ачкалык деген улуу урматтуу арсыз түрү миң-миллион жыл калып кеткен жапайылыкка кайра алпарып таштаган эле. Бул жолу ал мурунку адаттан сырт, кооптонууну билбей келатты.

Эки жума — жөн эле айтылган сөз. Анын адамча тамак жеп, кенен тойгону мындан канча ай мурда экенин өзү да билбей калган. Чамасы, жаралгандан бери эле чала тоюттугу ушул тагдырга алып келбедиби. Болбосо, ушул күнгө келет беле?

Ачкачылык — баардыгын: адамды да, айбанды да жалпылаштырып, теңдештирип коёрун ал кийинки кездери түшүнө баштаганын сезип, ага таң калып жүрсө да, кечээтен бери бул жөнүндө такыр ойлонбой калды. Ошону түшүнө баштаган алгачкы көз ирмемде өзү да коркуп кеткен. Үмүттүн түгөнбөгөн көрөңгөсү аны ошол кезде бир нече ирет түпөйүл коркунучтан сууруп чыккан. Анткени, канткен менен ал жазга жетип албадыбы. «Өлбөгөн кулга жаз келет…» деген сөздүн төркүнү терең тура.

Калдайган тоолорго жаздын алгачкы жыты өрдөп келери менен ал күтпөгөн кара курсак кыйынчылыгы кошо башталды. Тээ алашалбыртта эле түгөнгөн азык-түлүгү менен кошо ок-дарысы да ада болду. Ок-дарысыз мылтык дегениң жөн гана бир союл тура. Ала-телек жер карарып, ит жатак боло баштагандан бери жапалак арчалардын түбүнө тарткан тузактарына кекилик, чил эмес, боз таркылдак да караандабай койду.

Ал баш калкалаган тоолор канчалык улуу болгону менен көр пенделик тиричилик үчүн өтө жарды экен. Замандын кубарган өңү бул тоолорго да жуккан белем. Жаратылыштын курсак тойгузуу насибине багышталган дасторкону өтө жупуну жана жарды болуп чыкты. Ырас, ал кышында кар жирей албай калган эликтин түгөйүн, кандайдыр адашыппы, же буюгуппу келген карт текени атып алган эле. Үч-төрт курдай төмөнкү адырлардан орто эти бар коёндорго аңчылык кылып, жолу болуп жүрдү.

Эми минтип «өлбө жаным өлбө» деп, зарыгып күткөн жаз келгенде ачкачылыкка дуушар болгону өтүп кетти. Бул акыбалга келем деп күткөн эмес…

Тоолордогу биринчи жамгыр менен күндүн алгачкы күркүрөшү анын курсагын тойгузат деп ойлогон. Байчечекейден кийин эле барпайып чыгуучу алгы гүлүнүн тамырын казып алып жеп жүрдү. Картөшкө өңдөнгөн бир аз кычкыл даамы бар өсүмдүктүн тамыры менен жан багууга болор эле. Биринчи күнү кол челегине толо бышырып, өтө тоюп алганы кийинки күнү эсесин чыгарды. Өңү ак шапак болуп балбырап, шишип чыкты. Ошентсе да, алгы менен жан сактаса болмок; арийне, бул гүлдүн да өмүрү кыска экен; ошол күндүн биринчи күлдүрөгөнүнөн кийин эле кумай беттеги алгылар да жок болуп кетишти. Өчөшкөнсүп күн да тоо арасына жаай элек ошондон бери.

Ошентип… кайдан эмне көзгө урунар экен деп келаткан адамдын эси-дарты эптеп шам-шум эткенге бир нерсе учуратуу эле. Шагылдуу кара борчуктун алдында булак болорун ал билчү. Жан-жагын карап отуруп булакка да кантип келгенин билбей калды. Жайы-кышы тиш какшаткан муздагынан жанбаган кашка булактан кочуштап ууртаган болду. Булак ачка неменин өзөгүн ого бетер карартып, кызарган көзү бозомтук тарта эсенгирей отуруп калды. Ирмемге шайы ооп, көңүлү караңгылады, көздөрү тунара түштү. Бир оокумда эсине келип, жанагы түшүнүксүз инстинкт боюнча бирдеме жоготконсуп булактын айланасын алактай карады. Башаттагы тукаба мох каптаган таштын үстүндөгү үлүлдөрдүн эки-үчөөн колуна кантип алганын өзү да сезбей калды. Канткен менен адамдык аң-сезим үлүлдөрдү автоматтык түрдө оозуна салуусуна тоскоолдук кылды окшойт. Бир саамга ойлоно түштү. Азыр ал кандайдыр бир улуу ойлорду, таттуу кыялдарды ойлонуудан калган. Азыр аны өмүр, адамдын жашоосунун маңызы жөнүндөгү гумандуулук же күнүмдүк турмуштун маселелери эмес, мына ушу адам жашоосунун маңызынын өзөгү болгон жөнөкөй бир сөз — курсак тойгузуу гана бийлеп алган.

Муну ал түшүндү. Түшүндү да дагы бир жолу таң калды: анын ушуга чейинки бардык аракет-күрөшүнүн, качып-бозуп жүргөнүнүн болгон маңызы эле курсак тойгузууга барып такалабы? Адамдардын бардык ойлоп табуулары, акыл-эсинин жеткен чеги, алар тарабынан курулган бардык нерселер болгону курсактын айынанбы?.. Ал өзүнүн өмүрүн арнаган күрөштүн түпкү маңызы ушунда беле?..

Анын ою чорт үзүлдү. Ачкачылык жеңип кетти. Колундагы былжыраган үлүлдү оозуна кантип салганын билген жок. Шилекейдей былжыраган даамы топурактай болуп, жыты анык эмес үлүлдү кайрадан түкүрүп таштады. Экинчисин майланышкан курткасынын өңүрүнө сүртө былжырын аарчып тазаламыш болду да оозуна салды. Чайнаган сайын үлүл бүлк жарылып, шам-шум этпей эле бултулдаган кандайдыр бир дүйнөдөгү эң арам нерсени сугунуп алгансып көңүлү айланып кетти.

Ал ордунан турду. Кеберсиген эриндерин булактын суусуна нымдап алып, төмөнкү караган, табылгы каптаган адырларды карай жөнөдү. Кыр ылдый куюлгуп түшүп, коктунун оозундагы өтөккө келип токтоду. Ойдуңдун өңүрүндөгү шибер тиги кумай беттерге караганда көк жашыл тартып, чөп тушарга чыгып калыптыр. Жашаң чөптүн, бут баса элек көктүн жыты мурун өрдөп бир саамга тигини эсеңгиретип ийди. Кичине болсо да ачкачылык эсинен чыгып, көк жашаңга оонап жата кетти. Мунусу көпкө созулган жок. Кайсаңдап туруп айланасына көз чаптырды. Жаңылбаптыр. Ат кулактуу тулаңдын арасынан тоо сарымсактары солкулдап өсүп келаткан экен. Шашкалактап бирөө колунан тартып алчудай жулунган сарымсактардын түбүн кабыгынан тазалап-тазалабай барсылдата чайнап кирди. Тамагынан чала өткөн сарымсак өңгөчүн өрттөгөн боюнча кардына түштү. Өзөгүнө кимдир бирөө уу салып жибергенсип, ичи ысып-күйүп чыкты. Ичегилери чартылдап үзүлгөндөй, бүк түшкөн боюнча ооналактап, дене бою кадимкидей кара терге чөмүлдү. Муундары шалдырап, жаагы ылдый куюлган тер түксүйгөн сакалдарын аралап, какжыраган денеси нымшыды. Андан кийин ал кантип уктап кеткенин билген жок.

Уйку деген ал үчүн тозок эле. «Атасы өлгөн уктайт, ач уктабайт» дегендин тууралыгын ал кийинки күндөрү түн сайын башынан кечирбедиби. Ачка адамдын эсинен тойгон күндөрү чыкпайт деген сөз да туура эмес окшойт. Үңкүрдөгү көөдөй түндөрдө ары ооналактап, бери ооналактап келип эле тамак эсинен чыкпай туруп алчу болду. Негедир өмүрүндөгү тойгон күндөрү эсине келбей, жалаң ач калган күндөрү мээсине орноп алгандай…

Түш ооп калган кезде чочуп ойгонду. Айлана зыңылдап, жапан аарынын, ар кандай чымын-чиркейдин музыкасы анын кулагынын чуулдагын ого бетер күчөтүп жиберди. Күн мемиреп тийип турду. Ачкалык менен, ыйың-күлкүң менен, азап-тозогуң менен, кубаныч-кайгың менен иши жок күн илгертен тоо арасындагы жаз күнү кандай тийсе, ошондой күлмүңдөп туру…

Ал коктунун аркы бетиндеги калың табылгы өскөн тарапка максатсыз эле кадуулап жөнөдү. Чоктой кызыл табылгалар аппак болуп, тегиз гүлдөп кирген кези экен. Арасындагы анда-санда кезиккен чиелер саргыч кызыл гүлдөп, табылгылардын тобуна көрк берет. Анын баамында — ушул бадалдардын арасында козу карын болуусу кажет. Азыр ушул козу карындардын кыягач кези. Арийне, жамгырдын гана төгүшүн, жазгы нөшөрдүн сабап жаашын күтүп турган болуу керек.

Аңгыча кандайдыр бир караан сол жагындагы топ бадалдардын арасынан булактай түштү. Анын тунарган көзү умачтай ачылды. Заматта денеси суу сепкендей жыйрылып, каны дүргүп, көздөрү каканактап кетти. Кантип эле элик болсун? Мылтыктын жоктугун кара! Балким түлкүдүр? Көз ирмемде нечендеген жоромолдор аралап өттү мээсин. Бир азга шашып калды. Жок, ал буйдалган жок. Өзүнө гана шашып калгандай сезилген эле, бирок ал табылгаларды аралап, тартаң-буртаң этип, кудум тоскоолдуктардан секирген спортсмендердей, чынында ал бир кезде мыкты спортсмен болчу, барпайган табылгылардын үстүнөн каргып өтүп, жанагы караандардын артынан жөнөдү. Ары азарттын, ары тамактын эңсөөсү, азыр эле колунан чыгып кетчүдөй сезилген белгисиз олжонун кумары анын үстүнөн миң тонна жүктү алып ыргыткандай эле болду. Дагы үч-төрт секиргенден кийин үйдөй кара таштын астындагы аяктап калган теңсиз кармаштын үстүнөн карп-курп чыкты.

Куйкум жүндүү карышкыр чоң баштыктай бозомтук жандыкты жерге ныгыра басып бурдап жатат. Адам тиги курмандык коён экенин жазбай билди. Коёндун жаны чыга эле экен. Карышкыр тиги байкушту далысынан моюн аралаш тиштегени көрүнүп турат. Коёндун арткы буттары тыбырчылоодо. Алдыңкы буту менен басып, мойнун сол жакка булкуп алганда чыбыктай сөөктөрдүн «кырс» этип сынганы менен кошо мээлейдей тери карышкырдын оозунда кетти. Баятан бери нес болгон адамдын оюна бул көрүнүш боюнча эч кандай деле реакция болгон жок.

Сезими өлүп калгандай, болуп жаткан окуяга кандай баа берээрин же коёнду аяарын, же өзүнөн бешбетер кынжыйган, жүндөрү түлөп бүтпөгөн, куйкум даакысы чубалжыган карышкырды кубаттаарын билбей турду. Шимирилген жаактары карышкансып, тээ бир оокумда гана «Ай кет» деген же кыйкырык эмес, же айбат эмес үн көмөкөйүнөн күңүрт чыкты. Ортодо опурталдуу — эми баштала турган түшүнүксүз кырдаалдын — чечиле элек бийликтин пардасы пайда болду.

Карышкыр адамды ал кыйкыра электе эле көргөн. Анын табият тартуулаган сезгичтиги коёнго эми жетип, качандыр бир кездердегидей курч эмес азууларын батырып жаткан убакта эле билген. Канткен менен бир качырганынан оңой кайра тартпаган жырткыч олжону кетирбей калсын. Анын үстүнө ал адамдан да ачка эле. Күнү-түнү жортуп, үйрүнөн адашкан кашабанын, ары жакындап келаткан карылыктан шайы оой түшкөн. Кандуу булоон эт жебей, ысык кан сугунбай жүрүп, эми ушул коёнду эптеп алганда каракчыдай болуп адамдын капилет пайда болгонун көрчү…

«Ар-ырр…» эткен үн чыгарып карышкыр четке чыга берди. Оозундагы шапалактай терини сугунууга аракет жасады, бирок ыркырашы ага мүмкүндүк бербеди көрүнөт. Адамдын көзү коёнго түштү, далыдан аккан кан шүүшүндөп көк чөптүн үстүнө сызылып куюлуп жатат, коёндун сүбөсү дагы эле бүлкүлдөп, арткы буттары диртилдейт. Капысынан жазгы көктөм менен кошо буркураган ысык кандын жыты адамдын мурдун өрдөп кетти. Ачкачылык өзүн дагы катуураак көрсөттү окшойт. Эми ал биротоло эле эч нерсени сезбей да, туйбай да калды.

Эки көзү улам кызарып, коёндун көкүрөгүнөн аккан кандан өтүп барат. Тиши кычырап, шимирилген жаактары диртилдеп, кеберсиген эриндери тезирээк коёндун алакандай кызарган көөдөнүнө жетүүнү, эч нерсеге карабастан бир тиштеп калууну көксөп турду. Анын буттары коёнду көздөй өзүнөн-өзү кантип шилтелгенин да билген жок.

Далы менен моюндун кошулушкан жеринен шүүшүндөп аккан кан ага биринчи көрүнгөн. Кооптонуу оюнан чыгып кеткен адам жетээри менен акыректен өйдө сарыккан канга оозун тосо берди. Жазгы түлөөдөн кийин жаңы чыккан тыбыттай жүн анын түксүйгөн сакал-мурутуна аралашып, жаңы кандын жылуу жыты бир саамга эң-дең кыла оозуна жакшы куюлбай жатты. Бир оокумда моюндун күрөө тамырынан аккан кан түтүгүн адамдын тили сезди. Тилдин даам сезүү жана тамакты ыңгайлатуу ролу өз милдетин мыкты өтөп, эми ал кадимки чаначтын оозунан жутуп жаткансып, коёндун күрөө тамырынан ушунчалык даамдуу, ушул кезге чейин өзү билбей жүргөн сыйкырдуу канды абдыга соруп кирди…

Ирмемде адамдын эсине ток ургандай келген ой анын башын шарт көтөрттү. Оозу-мурду көзүнө чейин канжалаган неме капысынан пайда болгон ички туюмдан улам дене бою алдыдагы кармашуу коркунучун сезип, көзүн карышкырга кадады.

Карт карышкыр азыркы окуяга чейин көптү көргөн. Өзү да далай олжону тартып алган. Анын алдынан эч ким кыя өтүп көргөн эмес. Эчен жолу каршы чыккандарга тикелей чаап, жашоо же өлүм деген формулада өмүр кечирген көкжал такай бир гана нерсени — туурабы, жокпу иши кылып, өз бийлигин колдон чыгарбай, өз өкүмүн жүргүзүп келген.

Арийне, кийинки эки жылдан бери каргыганда кайсай албай жаза басып, канжардай азуулары бир шилтегенде жирей албай мококтонуп, бөрү мыйзамга ылайык үйүрдөн четтеп калды. Жаш дөбөттөр аны үйүр башынан гана ажыратпастан, жалпы олжодон да ажыратып, карт бөрү карышкырлар жыккан тайбы, койбу, айтор, олжону мурункудай көөдөнүн жарып, өпкө-боорунан биринчи ооз тийген укугунан четтеген. Кийинки убактарда ал тиги шериктеринен калган тарпты гана тазалап тим болчу. Ал эми соңку жылы таптакыр жалгыздап жүрүп калды. Мурункудай чоң жандыктарга кол салалбастан, ушинтип майда-чүйдө макулуктар менен оокаттанып калган эле.

Ушинтип жүрөгү өлүп калган көкжалдын эчаккы кеги козголуп кетти. Адам менен жырткычтын көздөрү бири-бирине кадалды. Экөөнүн тең көздөрү чычаладай кызарып, эзелки, атамзамандан берки кектери бардай, экөө тең өз тагдырларынын ушундай жаралганына бирин-бири күнөөлөп, ортодогу коён мындан аркы келечекти чеччүүдөй, ага жетүү үчүн ушул көз ирмем керектей, алдыдагы кармаш гана экөөнүн бирөөсүнүн мындан аркы жашоосун аныктоочудай болуп турушту.

«Бөрү карыса да бир койлук алы бар». Канткен менен жырткыч эмеспи, карышкыр озунуп секирди. Адам муну күткөн. Ошондуктан, ал шарт эле кекиртектен алууга даярданды. Бирок жаздым кетти…

Карышкырдын мүдөөсү да ошондой эле. Анткени, бардык карышкырлардын психологиясындай, анын үстүнө, мурунку тажрыйбасына, карышкырлардын кармашуу салтына ылайык көкжал да, адегенде кекиртекке умтулат эмеспи. Арийне, бөрүлөр, эгерде кармаша турган жоосу ачык болсо, кекиртекке эмес, кол салып келаткан жоосунан кыймылдуу же коркунучту туудурган денесин биринчи тиштешет. Бул сапар да кашаба кармашып келаткан тажрыйбасынан улам адамдын каруусуна тиш салды. Бирок ал да жаза тиштеди.

Адам бир аз буйдала түштү. Сол колунун чыканагы эки таштын ортосуна кысылгандай кычырап, мокок шиш сайылгансып, бир азга сыздай түштү. Ал оң колу менен карышкырды кежигеден алды. Карышкыр бой тиреше эми адамдын мойнуна жетүүгө жандалбастады. Ушул кезде кандайдыр бир ташка чалынып, адам кыйгачтай жыгылды. Канткен менен кежигесин коё берген жок. Карышкыр моюнга жетпей адамдын мүрүсүнөн тиштеди. Сол колу бошой түшкөндүктөн адам тигини эки колдоп кежигелеп, өзүнөн ылдый көздөй ныгырып, жерге саюуга аракеттенди. Адамдын майланышкан курткасы өтө калың болбосо да, ийинге коюлуп тигилген буладан улам тиш денеге жеткен жок.

Бир оокумда кишинин буту жаш чөптөн дагы тайып кетти, бирок карылуу колдор карышкырдын желкесинен чыкпады. Экөө эми кыркырап-шыркырап, адам тигинин азуусун өз денесине жеткирбей, карышкыр болсо башын чулгуп мойнун бошотуу үчүн төрт буту менен бирдей тырмалап, үнсүз кармашып жатышты. Заматтын ортосунда үй ордундай жердеги жашаң чөптөр уйпаланып, табылгалардын арасындагы жантай боордун топурагы казылып кетти.

Баягы алгачкы кармашуунун: коркуунун да, кыжырдануунун да, жандалбастоонун да эпкини бүтүп, адам эсине келе түшкөн эле. Үстүндөгү курткасы улам тытырап, бөрүнүн тырмактары тийген жерлер сөгүлүп кетти. Карышкырдын жапайы ырылдаган үнү киркиреп, адамдын күшүлдөгөнү күчөп барат. Эми адам акыл жыйнап, карышкырдын үстүнө минип алууга, ошондо гана аны же муунтуп, же өзүн тиштетпей калууга болорун түшүндү…

Улам томолонуп, бирде тизелеп бой тирешип жатып, боо түп табылгынын коңулуна киришти. Адам канткен менен карышкырдан карылуу да, олбурлуу да болчу. Ачкачылык жактан карышкыр, балким, адамга караганда көбүрөк абыгер чексе керек. Табылгынын коңулуна келгенде адам тигини эптеп чуңкурду көздөй түртүүгө үлгүрдү да, баятан бери ойлогондой желкесинен ныгырып, минип алды.

Эми айланасынан таш издеп кайсактады. Кара топурактуу жапсарда таш эмес, кесек колго урунбайт. Ошондо гана адамдын эсине жан чөнтөгүндөгү макиси түштү. Карышкан оң колу менен бөрүнү ныгырган боюнча сол колун эптеп бошотуп, мал союучу чоң макисин алып, будамайланып жатып зорго ачты да, колтукка уруп калды.

Жарадар карышкыр соосуна караганда эки эсе коркунучтуу. Карышкыр жинденип, башын булкту. Ошо замат кандайдыр-бир күч менен өзү желкелеп минген адамдын жоон санына тиштерин матырды. Адамдын саны кызыткан темирди баскандай, өзү болсо жанатан берки эс туюмун кайра жоготконсуп, эми бычакты бөрүнүн туш келди жерине: колтукка, моюнга, далыга уруп жатты…

… Адам эсине келгенде айлана мемиреп, жанатан бери өткөн кармашты сезбегенсип бейкапар тынчтык өкүм сүрүп туруптур… Самтыраган денесин сүйрөлтүп, дене бою сыздаган ал ары барып отурду. Табылгылардын жыты буруксуп, тоо чымчыктарынын мукам үндөрү төгүлөт.

Ошондо гана теңселе басып, коёнго келди. Ал үчүн коён жөн гана олжо эмес, өмүр сайып жеңип алган зор байлыгы эле. Коёнду жерден алып, карышкырдын сулк жаткан денесине кайрылды. Куйкум жүндүү, денеси катып калган карышкыр деп деле айтканга татыбаган, ушунчалык кунарсыз, аянычтуу, жүдөгөн иттей болгон, музейдеги кеп-сөлөкөттөй бөрү жатты. Анын көгүш-саргыч көздөрү гана али тирүүдөй көрүнөт. Адам анын тырбайган, ары шагыраган денесине карап, баятан берки өзүнүн коркунуч сезимдерине нааразылана кетти. Кайрадан гана бир назар салып, кашабанын жан казандай башына, азыр эле кол салчудай болгон тиштерине көңүл бурду да, анын оңой жоо болбогондугуна ошондо түшүндү.

Ал дагы эле карышкырдын далысына сайылуу турган макисин сууруп алып, аткулакка аарчыды да, чөнтөгүнө салды. Канткен менен бул жөн эле кармаш болбогонун ойлонду. Анткени, ал коёнду бекер тартып алган жок. Ал үчүн жоон санынан эки тилим этин жулдуруп ийбедиби…

Адам коёнду буттан кармап, эки кулагын жер чийдирип, капталдай сылтып баратты…

2000-жыл, июль

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.