2018-жылдын 2-сентябрында ЧолпонАта шаарынын Ат майданында Ч.Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсары» повестинин каармандарына, Танабай менен Гүлсары жоргого эстелик тургузулат деген маалыматты телевизордон угуп калдым.  Ушул кабарды уккандан кийин өткөн-кеткенден бир топ нерселер эске түштү, ал тургай повестти кайра окуп чыктым. 

Белгилүү болгондой, чыгарма 1966-жылы жарык көргөн, анын башкы каармандары жылкычы Танабай жана анын жоргосу Гүлсары. Автор бул чыгармасында   тоталитардык башкаруу күч алып турганда Танабайдын жана Гүлсарынын   башынан өткөн окуяларды сүрөттөө аркылуу Совет мезгилинин 50-жылдарындагы экономикалык-нравалык  кризисти чагылдырган.  Партиялык жетекчилер тарабынан күч-кубатын аябай, ак дилинен Совет бийлигине иштеп берген адамдардын акыйкатсыз жазаланганын автор Гүлсарынын метафоралык образы аркалуу  тереңдеткен.

Эстеп көрсөм, Чынгыз агамдын бул чыгармасын мен биринчи жолу 29 жашымда окуптурмун. Андан бери аздыр көптүр элүү эки жыл өтүптүр. Мына эми жарым кылымга тете  убакыт өткөн соң,  бул повестти кайтадан колума алып окуп чыктым. Баарынан кызыгы, чыгарманы окуп жатып ички мазмунун  баягы жаш кезимдегидей   эмес (ал кезде көп нерсени түшүнчү эмес экенмин),  такыр башкача кабыл алып жаттым. Чыгарманын жаңы адабий кырлары, каармандардын терең  нравалык ич дүйнөсү кандайдыр башкача ачылды, атам — Төрөкул Айтматовдун өмүр баянын, трагедиялуу тагдырын  тереңирек окуп билгенимденби…  Танабай менен Гулсарынын, адам менен жаныбардын руханий байланышын жаңыча туйдум.

Ошону менен бирге Чыңгыз акем Совет бийлигин, анын тоталитардык,  бюрократтык башкаруусун ушунчалык ачык көрсөтүп, коркпостон сынга алган экен. Азыр таң калам, бул чыгармага ошол кездеги бийлик кантип мамлекеттик сыйлык ыйгарган.  Элүү жыл өтсө да, андагы ошондо эле көтөрүлгөн “Канткенде адам уулу адам болот?” проблемасы актуалдуулугун жоготкон жок. Бул бир. Экинчиси айтаар элем, “Гулсарыны” кайтадан окуп жатып  менин эсиме биздин Айтматовдордун үй-бүлөсү менен байланыштуу бир топ купуя окуялар да эсиме түшүп жатты.

Биздин чоң атабыз  Айтматтын бир тууган агасы Биримкулдун — Алымкул, Өзүбек жана Керимбек деген үч уулу болгон экен. Алымкул менен Өзүбек Төрөкул Айтматовго  байланыштуу (анын жакын туугандары болгон үчүн, жана анын үйбүлөсүнө каралашканы үчүн)  репрессияланып кетишкен.  Ал эми Керимбек акем аман калыптыр. Кудай аны сактаптыр.

…Ушул кишинин биздин үй-бүлөнүн тарыхында өз орду бар. Ал киши Чыңгыз акемдин адам катары да, жазуучу катары да калыптанышына чоң таасир эткен десем жаңылышпайм. Менин оюмча Чыңгыз акемдин калеминин астында “Гулсарат” чыгармасынын жаралышы ушул киши менен да байланыштуу. Себеби мен Керимбек акени Танабайдын прототиби болуш керек деп ойлойм. Албетте, жазуучу бир гана кишиден анын мүнөзүн албайт. Бир нече  кишинин образын айкалыштырат. Менин билишимче: өз кезинде, биздин Шекер айылында  Танабай деген киши да болгон экен. Ал киши улуурак болсо керек, мен билбей калдым аны.  Бирок менин туугандарымдын айтуусуна караганда  ал дагы мал баккан, эң мыкты жылкычы, абдан белгилүү жакшы адамдардан болгон экен. Анын урпактары Шекерге кире бериште Гулсары менен Танабайды элестеткен эстелик да коюп коюшту.

Китепти кайтадан окуп жатып, менин туйганым – китептеги башкы каарманы Танабайдын кулк мүнөзү, ички дүйнөсү биздин Керимбек акеге да  окшошот.

Атам Төрөкулдун өз колу менен жазган өмүр баянында ал адегенде мусулман мектебинен окуган деген маалымат бар. Кийин мен эжелеримден сурасам, ал чынында эле биздин айылдын молдосу,  Айбаш  деген кишиден окуган экен. Айбаш молдодон Төрөкул менен бирге Керимбек да окуптур. Бирок бирөөсү билим алуусун андан ары улантып, мамлекеттик ишмер болду, экинчиси эл чарбасында жөнөкөй жылкычы болуп иштеди.

Менин Гүлайым деген эжемдин эскерүүсүнөн: “Бир жолу жаңы эле үйрөтүлгөн атты учкашып минип алып  Төрөкул менен Керимбек молдого окууга жөнөшөт. Молдонун келген-кеткен кишилер менен иши жок, дайыма уктап жата берген кары-ы-ы-п калган бир ити бар эле. Бирок бул жолу ал капыстан тура калып атчан эки  балага үрүп жиберет. Үркүп кеткен ат алдыңкы буттарын тик өйдө көтөрүп, туш келди секире баштайт.  Төрөкул алдыда бекем отурган, бирок ошого карабастан ал аттан жыгылып түшөт. Ал эми Керимбек артта отурса да тырмышып жатып тизгинди бекем кармап, жыгылбай, мөңкүгөн атты жоошутууга жарайт. Бул окуядан кийин Биримкул иниси Айтматка мындай дейт:

—  Ар бир баланын өз шыгы болот. Сенин уулуңТөрөкул,  Айбаш молдонун айтканына караганда, зээндүү, окууга абдан жөндөмдүү экен. Менин уулум Керимбек болсо жылкыга абдан жакын. Өзү да шамдагай, эптүү, жылкынын сырын билет. Керимбек келечекте жылкычы болсо жаман болбосо керек.

Биримкулдун  көрөгөчтүгү дал чыкты. Ошентип Керимбек акем өмүр бою жылкычы болду. Болгондо да мыкты жылкычылардын бири болду.  Эң  жакшы жана татыктуу иштегени үчүн ал мамлекет  тарабынан ар кандай орден-медалдар менен сыйланган.  Бирок бул жерде белгилеп кетчүү бир нерсе бар. Керимбек акем жөнөкөй эмес жылкычы болгон. Анын саяпкерлик жөндөмдүүлүгү да бар болгону ырас. Колхозго нечендеген   асыл тукум жорголорду багып, таптап берген.  Айтоор өз ишин мыкты билген адам болгон. Анысы аз келгенсип баласынын атын да Жылкыбай деп койгон.  Кийин ал да мыкты жылкычы болуп чыкты. Деги эле Керимбек акемдин тукумунда бул атадан балага өтө мурас окшойт. Жакында анын чөбүрөсү Урмат  Равшан уулу Талас өрөөнүндө кыйын көк бөрүчү болду деп уктум… Мен албетте, алар менен сыймыктанам!

Керимбек акемдин мүнөзү кандай болгон? Менин туюмумда ал көп сүйлөбөгөн, түз жүргөн, колхоз тапшырган ишин  чыныгы көңүлү менен аткарган,  таза адам болгон.  Кээ бирөөлөр аны жылкыдан башка менен иши жок, жадегенде тойлордо, ыр кеселерде башкалар сүйүү жөнүндө созолонсо, Керимбек:

“…Асыл тукум байлоодо,
Асыл күлүк жайлоодо…”  — деп ырдайт деп  чымчыта айтышат.  

Согуш жылдары, андан кийин деле, биз Таласта Манас районунун Жийде деген айылында жашап калдык.  Чыңгыз акем болсо өзүбүздүн айылыбыз Шекерде иштеп калды.

Ошондо, ар бир жайда Чыңгыз акем Жийдеге келип мени Шекерге атамдын карындашына, Карагыз апамдыкына алып барып  койор эле.   Керимбек акелер үйбүлөсү менен ал кезде жайлоого чыгып кетишет, аларды сейрек көрөм. Анын үстүнө  Керимбек аке, жогоруда айткандай, көп сүйлөбөгөн, башкаларга окшоп балдарды “айланайын, кагылайын” деп эркелетпеген киши эле. Бир күнү түн ичинде уктап жатсам, Карагыз апам ойготот:

— Керимбек акең келди, жайлоодон жоргосун минип, тур, учураш, кымыз алып келиптир, ичип алчы.

Керимбек акем  мага карата:

— Кандай Оросо, чоңойдуңбу?- деп койду.

Ошондо  уйкудан турган жаным ачкыл кымыздан уурттап алып, ичимен мунун эмнесин жакшы көрүшөт деп ойлоп,  кийин көпкө чейин кымыз иче албай  жүрдүм.

Керимбек акем  менен ушул жолугушуум менин балалык эсимде катуу калыптыр.

Кийин, ал киши менен эсте калган дагы бир жолугушуум мындай болду. Кайсы жыл экени эсимде жок, Чыңгыз акемдер Киев жана Дзержинский  (азыркы “Эркиндик” бульвары) көчөлөрүнүн кесилишинде жашап турган кез болчу. Апам мага телефон чалып мындай деди:

— Айылдан Керимбек акең үйгө жол жүрүп келиптир. Келип аны менен учурашып кет.

Жаңы жылдын асты болчу. Кайта жол тартам деп шашып жатыптыр. Апам маңдайы жарыла кубанып алыптыр:

— Карагылачы, акеңер силерди жаңы жыл менен куттуктайм деп атайын белегин алып келиптир.   Өлгөндөн калган жалгыз,  кудай ушуну жалгасын, — деп үшкүрунүп алды.

Баарыбыз дасторкондун тегергине отуруп чай ичтик. Чай үстүндө Чыңгыз акемдин аны кандай тосконун айтып бергендери азыркыдай эсимде:

— Эртең менен таң атарда мен Керимбек акени тоскону темир жол вокзалына бардым  (Москва-Фрунзе поезди эртең мененки 6:00 дө келчү ал кезде).   Билесиңер да, ал поезд Маймактан токтойт. Ага студент болуп жүргөнүмдө мен да далай түштүм.  Вагондун жанында күтүп, акемдин карааны качан көрүнөт деп турсам, бир убакытта  сакалы аппак, кыргыз тон кийген, башында тебетей, анан бир койду союп капка салып, аны аркасына көтөрүп алган аяз ата вагондон чыгып  мени көздөй  келе жатат.  Кар болсо жабалактап жаап жатат. Кудум кыргыздын аяз атасы. Бизди Жаңы жыл менен куттуктайын деп келиптир, — деп эркелете анын сакалын сылап жылуу-жумушак жылмайып койду.  Ошондо мен Чыңгыз акем экөөнүн мамилеси ата-баланыкындай жакын экенин туйдум.

Анын аяз-атага окшоп турган элеси көз алдымда азыр да турат.

Керимбек акем да Алымкул атама окшоп биз атасыз калганыбызда опол тоодой бизге таяныч болду. Кошоматты билбеген, түз жүргөн, ак ниет, таза адам  болгон үчүн “эл душманынын балдарына” камкордук көрүү ал кезде ал үчүн кандай коркунучтуу экенин билсе дагы – туугандыгынан жазбады. Айрыкча Чыңгызга көп көңүл буруп, аны жайлоого алып чыгып, мергенчиликке үйрөтүп, асыл тукум жылкыларын кантип таптаганын көрсөтүп,  өзүнүн колунан келген иштерине үйрөттү деп ойлойм.

Аттын сырын, Керимбек акемдей эч ким билбейт эле. Болбосо жылкычылар менен, өзгөчө Керимбек аке менен  антип аралашып жүрбөсө Айтматов Гүлсарыны кантип ушунчалык  кылдаттык менен, ийне жибине чейин мүнөздөп, жогорку чеберчилик менен көркөмдөп  жазат эле.

Мисал катары повесттен бир үзүндү келтирейин.  “Гүлсары жоргосун жазбай безилдейт, курбуларынын арасында сары жылдыз болуп учат. Тула боюнда кайдагы бир кажыбас күч туйлап өргө чабат,  өрдөн ылдыйга, ылдыйдан сайга, сайдан кырга чабат, кырды кырдай зымырылып, туягынан майда таштар чыркырайт. Түнкүсүн үйүр четинде  үргүлөп турса да кыялында учуп-күйүп жөнөлөт, кулагында жел ышкырып, жер танабы кыскарып, төрт туяктын дүбүртү коңгуроодой шыңгырап угулат. Үйүрдү беттеп, Гүлсары куйруктуу сары жылдыздай агылып учат.” Мүмкүн Чыңгызга зоотехник адистигин тандап алууда да Керимбек акемдин жашоодо кызыгып ээликкен хоббиси   таасирин тийгизгендир  деп ойлойм азыр.

Повестте жазылгандай “жакшы аттын даңкы футболчунун даңкына тектеш. Күлүк алдына ат салбай чыгып турган чагында атагы жер жарып турат.” Кишилер өз ара сүйлөшүп жатканда Керимбектин жоргосу, ана Керимбек баратат жоргосун минип  деп айткандарын угуп калчу элем, бирок баламын да,  жылкылар  менен ишим жок, кайсыл атты мингенин карачу деле эмесмин. Ошол Гулсары болсо керек деп ойлойм азыр.

Албетте, Керимбек акемдин жаш кези, асыл тукум жылкыларды таптап,  мал боюнча  колхоздун планын аткарган кездери анын жашоодогу бактылуу учурлары болгон. Повестте жазылгандай Керимбек  “Гүлсарыны минип баратканда эл көзүнө көйрөңдөнүп коюудан да тартынбады. Сымаптай чайкаган жоргонун үстүндө көйрөңдөбөскө айла барбы? Аны Гүлсары да жакшы сезчү. Айрыкча жакага түшүп келатканда эгин талаасында иштеп жүргөн топ келин жолукса, аларды көрө салып, ал  ээр үстүндө боюн түзөп, үзөнгүнү чирене тээп, чалкалап отурат да, тизгинди бошотот. Ээсинин кыймылын Гүлсары да сезе коёт, арылдап жоргосун күүлөп жиберет. Жалпы желге сапырылып, куйругу чубалжый илээшип, анда-санда кошкуруп кулак тикчийте коюп жүрүп берет Гүлсары, мемиреген эгин талаасынын үстүнөн дүпө-дүп дүбүрт чыгат… Жорго зуу этип чыга бергенде келиндердин жүздөрү, күлмүңдөгөн көздөрү,  аппак акак тиштери көз алдынан учуп өтөт.”

Керимбек Гулсары менен ат чабыштарга да, улак тартыштарга да түшүп атагы чыгып турду. Чынында эле Керимбек аке да, анын жоргосу да баштарынан ар кандай жашоону өткөрүштү: жакшысы да, жаманы да болду. Повестте   Гүлсары өлүп баратканда Танабай аны менен коштошкону, адам менен коштошкондой сүрөттөлөт: “Танабай жорго менен коштошуп, ыраазылык сурап, өзү ыраазылык айтып отурду.

Жаныбарым, буудан туума ат элең. Мага канат болдуң, Гүлсары, жолдош болдуң. Менин гүлгүн өмүрүм, жаркын жылдарым сени менен кетти. Өмүр бою эстей жүрөрмүн. Мына эми колумда өлүп баратасың, күлүк күнүң кетти, тулпар тушуң өттү. Бу дүйнөдө көзүм тирүү кезинде сен өлбөссүң, дайым менин эсимде жүрөсүң. Сенин дүбүртүң бу дүйнөдө менин өмүрлүк ырым болуп кошо жүрөр.”

Кандай оңой эмес сөздөр. Мына биздин Керимбек акебиз да жылкы менен  жаны бир эле. Ат үстүндө өттү. Ат үстөнөн да карыганда кырсыктап калды.

Бир күнү Керимбек аке  жылкысын кайрып, тоодогу үйүнө жалгыз келе жатканда кандайдыр себептер менен аттан жыгылып, башы ташка тийип каза болот. Ал кишини акыркы сапарына узатып койолу деп шаардан баарыбыз бардык. Ошондо Чыңгыз аке көрөйүн деп Керимбек акенин сөөгү жаткан көшөгөгө кирип ыйлаганы али кулагымда угулуп турат. Эч кимге антип ыйлабаса керек. Отурган кишилер: «Мынча эмне ыйлады?» — деп күбүр-шыбыр болуп калышты.  Ошол кезде Чыңгыз атасы Төрөкулду, анын бир туугандарын — агасы Алымкулду, инилери Рыскулбекти, Өзүбекти,  ушинтип узата албай калганын, аларга өз мезгилинде ыйлай албай калганын, аларга топурак сала албай калганын ойлоп ыйлагандыр. Ошол арманын ушу киши кайтыш болуп, аны узатып жатканда  чыгарды окшойт…

Аны көшөгөнүн сыртында отургандар кайдан билсин.

Танабай менен Гүлсарыга эми Чолпон-Ата шаарынын ат майданына эстелик тургузулганы бекер эмес болуш керек.  Албетте, бул эстеликтин тургузулушу символикалык мааниге ээ. Бир жагынан бул биздин көчмөн турмушубуздун символу десек болот, башка жагынан бул дүбүрт биздин азыркы, суверендүү өлкө болгонубуздун белгиси. Дагы бир олуттуу нерсени айтаар элем. Бул  эстелик кыргыздын ар бир айылынын өзүнүн Танабайына жана Гүлсарысына  коюлду.

Жаңы Танабайлар, жаңы Гульсарыларды таптап, аларды жаңы шарттарда, ат майдандарында таптап жүрүшөт. Мына бүгүн алар Дүйнөлүк көчмөн оюндарында да ат чабышка, көк бөрүгө  катышып, кыргыз элинин сыймыгы болушту.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан азаматтар, ушул ийгилигиңер кут болсун! Гүлсарынын дүбүртү Танабайдын гана жашоосунда – мындан ары бүт кыргыздын “өмүрлүк ыры болуп кошо жүрсүн!”. Камбар –Ата жар болсун!…

Р.S.

Скульптуранын авторлоруна, ушул ишараны уюштуруп, эстеликти орноткондорго Айтматовдордун жана Биримкуловдордун үйбүлөлөрүнүн атынан  терең ыразычылык билдирем!

One Reply to “Роза Айтматова: Гүлсарынын дүбүртү түбөлүк биз менен калды”

  1. Роза эже! Эскерүү эң сонун жазылыптыр. Акылыңыздын тунуктугуна, сизге ушул жашта ушундай акылыңызды сактаган кудайга да, сизге да ыраазы болдум. Сиз менен 1998-жылы Чынгыз аганын прототиптерин изилдеп, Таласты түрө кыдырганбыз. Ошондогу акыл-парасатыңыз, кемибей, кайра толуп да, тереңдеп да бараткан экен. Бар болуңуз.
    Үмүт Култаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.