Илгери-илгери, Пик аттуу момолой чычкан жашаптыр. Күндөрдүн биринде Пик ийнинен башын чыгарып айтты:

— Кардым ачты. Кантип курсак тойгузсам? – Момолой чычкан ийининен тамак издөө үчүн чуркап чыкты да кенедей кыз ойноп жатып полго таштап койгон куурчакты көрдү. — Кандай гана кооз куурчак, таттуу болсо керек, — деп ойлонду Пик.

Куурчакка чуркап жетти. Тиштеп жиберип ошол замат кайра түкүрдү. Жок, куурчак таттуу эмес экен. Жегенге болчудай эмес. Айланасын карады да, кичинекей бала сүрөт тартып жатып полго таштап койгон калемди көрдү. Кызыл анан кооз экен ал. «Кооз калем, таттуу болсо керек”- деп ойлонду Пик.

Калемге чуркап келди да, тиштеп жиберип ошол замат түкүрдү.

— Калем таттуу эмес турбайбы, кемирүүгө болот, тиштерди курчутуу үчүн бул эми тамакка жарабайт, – деди да айланасын карап, газетаны көрдү, аты окуп жатып унутуп калыптыр. — Ах, кандай сонун газета! Мына ушуга мен тоёт окшойм,- деп ойлонду Пик.

Газетага чуркап жетти да, тиштери менен жулуп алып, чайнай баштады. Бир аз чайнап, түкүрүп салды.

— Газета даамсыз экен, жегим келген жок, — деген Пик бир маалда даамдуу нерсенин жытын сезди. Караса эле полдо бир кесим сыр жатыптыр. Бироо түшүрүп алса керек. “Мына мен жей турган нерсе”- деп ойлоду Пик.

Момолой сырга чуркап барып сырды тиштеп, кантип баарын жутуп салганын байкабай калды. “Таттуу сыр, түгөнүп калганы кандай гана өкүнүчтүү”, — деп ойлонгон Пик, уктаганга ийнине жөнөдү.

Интернеттен алып которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.