Белгилүү журналист Тенти Орокчиев күрдөөлдүү күздүн ушул күндөрү 80 жашка толуп олтурат. Жакшы адам, мээнеткеч калемгер агабызды кутман курагы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана адабиятчы Садык Алахандын чыныгы дыйкан журналист жөнүндөгү макаласын тартууламакчыбыз.

Албетте, 80 жылдык торколуу тоюн кечээ гана чоң салтанат менен белгилеген улуттук радионун басып өткөн жолунда анын бүгүнкү бийиктигине жетүүсүнө көптөгөн адамдар зор эмгектерин арнашты. Алардын ар бири асыл баа алкышка, унутпай айтылуучу урматка ээ инсандар. Ошондой атуулдарыбыздын бири – Тенти Орокчиев.

Улуттук радиобузга дээрлик отуз жылдык (1973-2002) (Тенти аба өзү жумушка алынган күн менен эс алууга узаган күндөрдөн бери так эсептеп жыйырма тогуз жарым жыл деп айтат. – С.А.) өмүрүн арнаган Т.Орокчиев 1938-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Көк-Сай кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Кылжыров Орокчу Көк-Сайга танапташ Тогуз-Булак мектебинде директор болчу. Болочок журналист, акын жана прозачы чоң атасы Кылжыр менен чоң энеси Күлсүндүн колунда өстү.

Бул касиеттүү карыялар жөнүндө Т.Орокчиев өзү моминтип эскерет. «Ырас, дүйнөдө мыкты адамдар көп. Мына ошол эң мыкты адамдардын арасына чоң атам Шамиев Кылжыр (өз аты Муса экен, кийин эмнегедир Кылжыр аталып кетиптир) менен чоң энем Божокоева Күлсүндү кошор элем. Чоң атам кеп-сөзгө анча жок, көп сүйлөбөгөн, бирок ак сүйлөп, ак жүрүп, ак жашаган адам эле. Жаш кезинде көп жылдар жылкы кайтарып, ошол кесипте көп жүргөндүктөн аны жеңелери «жылкычы бала» деп тергешчү экен. Ал эми чоң энем Божокой кызы Күлсүн өңү сары, көзү көгүшүрөөк, сөздү макал-лакапташтыра сүйлөгөн акылы тунук сарамжалдуу адам эле.

Элүү жылдан ашуун мезгилден бери калем кармап журналист болуп, ыр чиймелеп жыйнактарды чыгарып келе жаткан адам катар ушул жылдары жаралган макалаларымда, ырларымда, маектеримде жана башка чыгармачылыгымда пайдаланган макал-лакаптардын, учкул сөздөрдүн дээрлик көпчүлүгү ошол Күлсүн энемдин бир кезде айткандары болуп эсептелет. Колдон келсе биз акылман ойлорго, көркөм жана касиеттүү дөөлөттөргө балдарыбызды 5, 10 жашка чейин сугарып, кулактарына кыт сыяктуу куюп ташташыбыз керек экен. Бул күндөрдө жапондор, немецтер, кытайлар неликтен гүлдөп жатышат? Мында кандайдыр бир сыйкыр күч деле жок. Болгону эле ата салтын, эне касиетин сакташып, узун жиптин учугун улап келе жаткандыктан. Ушинтип, адам таң каларлык ийгиликтерге жетишип жатышпайбы? Же бул төгүнбү?» Чыныгы журналисттик эргүү менен айтылган бул эскерүү Т.Орокчиевдин чыгармачылыгынын башталышынан кабар берүүчү эң сонун материал болуп эсептелет.

Чыгаан журналист өз ой толгоосун андан ары минтип улантат: «Эс тарткандан Көк-Сай кыштагынын түштүк тарабындагы Чуңкур-Булак, андан дагы жогорулай түшкөндө Көк-Сай жайлоолорунун койнунда өстүм. Эсимде, 1943-жылы атамдын согушта каза болгондугу тууралуу «кара кагаз» келип, анан мага: «Атаң өлүптүр. Эми сен жетимсиң. Өкүр! – дешип темир да эмес, жыгач да эмес (эмне экенине азыркыга чейин акылым жетпейт) бир таяк карматышкан. Ошондо атама канча өкүрдүм, кандай өкүрдүм, кандай абалда болдум, анча эсимде жок». Ошентип, калган балалык өмүр, өспүрүм курак бүт бойдон калемгер өзү жогоруда эбедейи эзиле эскерген чоң атасы менен чоң энесинин колунда өтөт.

1955-жылы орто мектепти бүткөн соң үч жыл бою Бишкек, Балыкчы шаарларында ар кандай иштерде иштеп жүрдү. Албетте, алар кара күчтү талап кылган кара жумуштар эле. 1958-жылы азыркы Каракол (андагы Пржевальск) шаарындагы педагогикалык институтка тапшырып өтүп, аны аяктаган соң 1963-65-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим болуп иштейт. Кантсе да чыгармачылыкка, журналисттик ишке болгон жүрөк түпкүрүндөгү сары санаа, көкүрөктөгү аздек ой, көөдөндөгү аруу үмүт Т.Орокчиевдин мугалимдикти таштап, калган бүт өмүрүн калем кармап өткөрүүгө бел байлатты. Натыйжада, үй-бүлөлүү, бир кыздуу болуп калганына карабастан баарына кайыл болуп 1965-жылы Бишкекке көчүп келе берди.

Алгач «Мугалимдер газетасына» подчидчик (корректордун жардамчысы дегендей кызмат эле бул) болуп орношуп, анан акырында редакцияга которулуп, бул жерде төрт жыл иштеди. Дал ушул «Мугалимдер газетасында» Т.Орокчиев макала жазуунун техникасын өздөштүрдү, дегеле журналисттик кесиптин катылуу сырларын үйрөндү десек болот. Анан да республикабыздын бардык аймактарын кыдырткан гезиттик командировкалардын учурунда эл турмушу менен дагы да жакыныраак таанышууга, андан алган турмуштук таасирлерин кагаз бетине түшүрүү менен чыгармачылыгын өркүндөтүп өстүрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк алды.

1969-жылы жаңыдан уюштурулган Кыргыз Совет энциклопедиясынын жетекчилиги чыныгы уул-кыздарды топтой баштады. Т.Орокчиев дал ушул жамаатка ишке алынып, өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын болгон тил, адабият жана педагогика редакциясына илимий редактор болуп которулду. Бул жерде бир аз жыл иштеген соң кайрадан журналисттик кызматка өтүп, Улуттук телерадиокорпорациясынын радиосундагы адабий-драма редакциясында отуз жыл иштеген соң 2002-жылы ардактуу эс алууга чыкты. Ал эми 2003-жылдан бери «Кыргыз Руху» гезитинин белдүү да, сыйлуу да журналисти болуп келе жатат.

Кырк жылга чукулдап калган журналисттик өмүрүндө Т.Орокчиев ырасында эле оозго алымдуу, көзгө толумдуу эмгектерди жарата алды деп тартынбай айтсак болот. Бул багыттагы эмгек жолун Тенти Орокчиев — гезитчи журналист жана Тенти Орокчиев — радиожурналист деп эки топко бөлүп алып сөз кылганыбыз оң.

Жогоруда айтылган сөздөн ачык болгондой, Т.Орокчиевдин журналисттик ишмердүүлүгү гезиттен башталган. Кеңеш доорунда «Мугалимдер газетасы» кандайдыр бир чектелүү чөйрөнүн басылмасы тариздүү сезилгени менен ошол 60-жылдардын соңу, 70-жылдардын баш ченинде бул жерде кийин кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болуп калышкан Жунай Мавлянов, Салибай Шатманов, Орозбай Көчкөнов, Табылды Мукановдор иштешет эле. Чыгармачыл адам үчүн кандай сонун чөйрө. Жалгыз Жунай Мавляновдон эле мейли жазуучулук боюнча, мейли кабарчылык боюнча, мейли адамгерчилик боюнча не деген гана сабактарды алууга болор эле!

«Мугалимдер газетасындагы» жылдарда Т.Орокчиев республикабыздын алдыңкы мектептери, аларда иштеген алдыңкы мугалимдер жөнүндө гана жазбастан, жергебиздеги эл агартуунун көйгөйлүү проблемалары, билим берүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу да бир топ макалаларды жаратты. Эң башкысы, бул жылдарда Т.Орокчиев пенде баласындагы түркүн түс мүнөздөрдү жакындан таанып билип, адамдардагы жакшы менен жаманды дагы да тереңирээк ажырата билүүгө үйрөнө баштады. Албетте, булар журналисттик ишмердүүлүктөгү чоң олжо, орчундуу табылга болчу.

Ырас, 1973-жылы Улуттук телерадио корпорацияга которулса да, гезит-журналдар менен болгон журналисттик алака-катышы үзүлүп калган жок. Кеңеш доорунда «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш», «Кыргызстан пионери» гезиттери, «Ала-Тоо», «Ден соолук» журналдары менен терең чыгармачылык байланышта болуп, ондогон макалалары, маектери жарыяланып турса, эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилден бери «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Кыргыз Руху», «Адабий Ала-Тоо», «Жаңы агым», «Жаңы ордо», «Ден соолукка миң кеңеш» гезиттеринде, «Жаңы Ала-Тоо» журналында көптөгөн-көптөгөн макалалары, баяндамалары, маектери, ырлары жарыяланды.

Т.Орокчиевдин мезгилдүү басма сөз беттериндеги макалаларында негизинен адабият, маданият, улуттук салт-санаа, улуттук аң-сезим, улуттук дүйнө кабылдоо багытындагы маселелер, бул жаатта өмүрүн тобокелге салган атактуу адамдар жөнүндөгү материалдар басымдуулук кылаары атпай журтка ачык көрүнүп турат. Айтылган сөздүн айкын мисалы катары биз калемгердин «Кыргыз Руху» гезитинин эки номерине катары менен жарыяланган «Кезегинде Жусуп Абдырахманов Сталинге да эскертүү бере алган» деген көлөмдүү макала-маегин көрсөтүп кетсек болот. Белгилүү илимпоз жана педагог Зияш Бектенов менен болгон бул субхаттан биз улутубуздун нукура улутман уулу Жусуп Абдырахмановдун өмүр баянынан кыскача кабардар болуу менен бирге анын «улук болсоң кичик бол» деген принцип менен жашаган жөнөкөйлүгүнө, муну далилдеген турмуштук мисалдарга күбө болобуз.

Баарынан да кубанарлык нерсе – Ж.Абдырахмановдун өмүр-тагдырындагы буга чейин белгисиз маалыматтардын берилиши. Айталы, улуу Үркүндүн он жылдыгына карата 1926-жылы жазган «Предвестник Октября» деген макаласы жана алты жылдан соң ал макаланын айланасында жүргөн саясий каралама окуялар жөнүндөгү маалыматтар мына бүгүн да ким кимди болбосун кайдыгер калтырбайт. Албетте, бүгүн биз белгилүү калемгер журналисттин өткөн өмүрүнө көз салып олтуруп, Тенти Орокчиев баарынан мурда сөздүн чыныгы маанисиндеги дыйкан-журналист, болгондо да дыйкан-радиожурналист болуптур деп эч бир тартынбастан эле айта алабыз. Анткени, кыргыз радиосунда өткөн отуз жылдык өмүрүндө Тенти Орокчиев он мүнөттөн тартып бир жарым саатка чейин созулган 3000ден (үч миңден!) ашуун уктурууларды даярдап обого алып чыккан.

Ал уктуруулардын ичинен 300гө (үч жүзгө) жакыны кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» алынып, 1976-жылдан бери улам кийинки муундарга кайра-кайра уктурулуп келе жатат. Арийне, аткарган ишин мындай сапатта бүтүрүү, улам мезгил өткөн сайын кунары өчпөстөн, тескерисинче, кулпура көркүнө чыга бере турган эмгектерди жаратуу көрүнгөн эле журналисттин колунан келе бербейт. Бийик сапаттагы мындай уктурууларды жаратуу үчүн, биринчиден, өз ишинин чыныгы устаты болуу керек, экинчиден, Жараткан жар болгон туюмга, нукура талантка ээ болуу лаазым. Үчүнчүдөн, маңдай терди кургатпай иштеген мээнеткеч болуу зарыл. Ошондо гана эл купулуна толорлук асыл баа иш аткарылып, атпай журттун алкышына татырлык өтөлгөлүү өмүр сүрүлөт эмеспи.

Улуттук радионун «Алтын казынасында» сакталуу менен отуз беш жылдан бери үзгүлтүксүз уктурулуп келе жаткан көөнөргүс ал субхаттардын баарын бул жерде тизмелеп олтуруунун, албетте, эч бир кажети жок. Бирок, ошондой болсо да улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон 25 сааттык, залкар илимпоз жана педагог Зияш Бектенов менен болгон 20 сааттык, улуу мударис Кусейин Карасаев менен болгон 15 сааттык, улуу акын Аалы Токомбаев менен болгон 4 сааттык, улуттук сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү, залкар художник Гапар Айтиев менен болгон 1,5 сааттык, улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов менен болгон 1,5 сааттык аңгеме-маектерди айтпай кетүүгө түк болбойт. Ал эми улуттук радионун «Алтын казынасына» кабыл алынып сакталып турган аңгеме-маектер кимдер менен болгон эле? Алардын айрымдарын атай кетсек. Белгилүү манасчы Шамей Токтобай уулу, төкмө ырчы Ысмайыл Борончиев, көрүнүктүү акын, жазуучулар Касымалы Баялинов, Насирдин Байтемиров, Тенти Адышева, Токтоболот Абдумомунов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Байдылда Сарногоев, Олжобай Орозбаев, Жунай Мавлянов, Аман Саспаев, Зуура Сооронбаева, Муса Жангазиев, Шабданбай Абдыраманов, кино жана искусство жаатындагы залкар таланттар Даркүл Күйүкова, Алиман Жангорозова, Абдашим Көбөгөнов, Сабира Күмүшалиева, Төлөмүш Океев, Советбек Жумадылов, Асанкан Жумакматов, Калый Молдобасанов, Уран Сарбагышев, Дарика Жалгасынова, Эстебес Турсуналиев, Самара Токтакунова, даңазалуу айкелчилер менен сүрөтчүлөр Тургунбай Садыков, Абдырай Осмонов, Сүймөнкул Чокморов, Александр Игнатьев, көрүнүктүү окумуштуулар Асылбек Алтымышбаев, Арстанбек Алтымышев, Мирсаид Миррахимов, Валентина Исабаева, Мамбет Мамакеев, Азиз Салиев, Ильгиз Айтматов, Абдулхай Алдашев, Бүбүйна Орузбаева, Жээнбай Мукамбаев, Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов, Кадыркул Даутов ж.б.лар эле.

Элибиздин көөнөрбөс мурастарын көкүрөктөрүндө алып жүрүшкөн маданият менен искусствону жогорудагы залкар чеберлери менен бирге улуттук радионун «Алтын казынасында» Тенти Орокчиев жараткан элибиздин эмгекчил уул, кыздарынын да өзгөчө сонун бейнелери бар. Алардын эң көрүнүктүүлөрү болуп Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатырлары атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова менен даңазалуу чабаныбыз Таштанбек Акматовдор эсептелишет. Эгерде маданият, искусство ишмерлери менен жараткан маектеринде Тенти Орокчиев өзү да чыгармачыл инсан катары маектешинин чыгармачылыгындагы жетишкендиктерди, айрым бир проблемалуу учурларды, алар жараткан тигил же бул көркөм дөөлөттүн негизги ийгиликтери, атпай журт тарабынан кабыл алынышы ж.б. тууралуу иш билги дилмаектерди жаратса, З.Кайназарова жана Т.Акматов менен болгон субхаттарында эл турмушу менен инсан жашоосу, коомдук пайдалуу эмгек менен өзгөчө чоң жоопкерчилик биринчи сапка чыкканын байкайбыз. Ал эми бул көрүнүштөр болсо Т.Орокчиевдеги журналисттик, болгондо да радиожурналисттик туюмдун бир топ күчтүү, адистик чеберчиликтин бир топ жогору экендигин далилдеп турчу сапат-белгилер болуп эсептелет эмеспи.

Ушул жерде бир «бирокту» айта кеткибиз келип турат. Бул «бирок» тигил же бул дилмаектердеги дал ушул инсан тагдырына тиешелүү маселе болуп эсептелет. Т.Орокчиевдин үч миңдей субхаттарынын ичинде жазуучу, акын Төлөндү Акматов жөнүндөгү журналисттик эмгеги, калемгер өзү жанрын аныктагандай «портреттик эскерүү баяны» бар. «Калем учу тие элек актай барактай…» деп аталган бул «портреттик эскерүү баянда» алгач автор, б.а. Т.Орокчиев тарабынан жазылган Т.Акматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндөгү баяндама берилген да, анан Т.Акматовдун досу, замандашы, калемдеши Жакып Медетов жана «ымыркай кезинен көтөрүп өстүргөн» эжеси Сабыке менен болгон маек сунушталган. Автордук баянда да, Ж.Медетов жана Сабыке эже менен болгон ангеме-маектерде да Төлөндү Акматов чыгармачылык өмүрүндө эч бир тоскоолдуктарга учурабагандай, анын жазуучулук тагдыры сыдыргыга салгандай берилген. Турмуш чындыгы ушундай беле? Албетте, жок. Андай эмес болчу.

Эгерде 1937-38- жана 40-жылдардын аягындагы коммунисттик репрессия калемгерлердин чыгармачылыгы менен кошо өмүрлөрүн да алып кетсе, 60-70-жылдардагы КГБнын тымызын куугунтугу бир топ акын, жазуучулардын чыгармачылыгын репрессияга тушуктуруп, өмүрлөрүн өкүткө кабылткан. КГБнын ошондой өмүрдү өксүткөн куугунтугуна туш болгон калемгерлердин бири дал ушул Төлөндү Акматов болгондугун бүт адабий чөйрө эң сонун билишчү. 1964-жылы 23-июлда «Советтик Кыргызстан» гезитине (Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин органы болгон гезитке) адабиятчы Качкынбай Артыкбаевдин «Күн менен итте эмне айып?» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Бул макаласында сынчы ошол кездеги жаш жазуучулар Аман Саспаевдин «Сарала ит» жана Төлөндү Акматовдун «Күн болбой куруп кал» деген чакан аңгемелерине саясий айыптарды тагып, оор күнөөлөрдү койгон бүтүмдөрдү чыгарган болчу. Мындай адилетсиз пикирге жаны ачыган жана жаш жазуучулардын келечек тагдырларына катуу кооптонгон сынчы (ошол кезде дал КПСС Борбордук Комитетинин органы болгон «Правданын» өз кабарчысы) Камбаралы Бобулов «Сын ордуна сокку» деген жооп макаласын жарыялайт. ) К.Артыкбаев менен К.Бобуловдун макалалары – А.Саспаев менен Т.Акматовдун ангемелери да – Кыргызстан КП БКнын бюросунда 1965-жылдын 1-2-мартында эки күнгө созулган заседаниеде талкууланган. К.Бобуловдун макаласын (демек, эки аңгемени) «Чынгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Сүйүнбай Эралиев, Олжобай Орозбаев, бюро мүчөлөрүнөн Болот Мамбетов, М.Гаврилов, бюро мүчөлүгүнө кандидат Төрөкелди Балтагуловдор колдоп чыгышты. К.Артыкбаевдин макаласын… Аалы Токомбаев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Токтоболот Абдумомунов, бюро мүчөлөрүнөн Т.У.Усубалиев, А.П.Чубаров, Е.Вакулов, бөлүмдүн башчылары К.Молдобаев, Ж.Турсунов ачыктан-ачык жактап чыгышкан». Эки күнгө созулган бул кызыл кыргын, Кыргызстанды дээрлик чейрек кылым башкарган Т.У.Усубалиевдин өзүнүн каршы болуусу бул эки жаш жазуучунун чыгармачылык канаттарын кайрыбай койгон эмес деп ким кепилдикке өтө алат?! Т.Акматовдун артынан КГБнын кызматкерлеринин сая түшкөндүгү, калемгердин кол жазмаларынын «үч тамганын» балдары тарабынан алынып кеткендиги жөнүндөгү адабий чөйрөдөгү кулак кызыткан сөздөр жөн жерден пайда болбосо керек. Калемгердин көзү тирүүсүндө «Сагыныч» деген чакан бир китеби араң жарык көрүп, кайра курууга, эгемендикке чейин дээрлик жыйырма жыл бою негизинен котормочулук менен, киностудияда саясатташкан фильмдердин тексттерин кыргызчалатуу менен күн көрүп жүргөнүн ким билбейт? Турмуштун ушундай катаал соккусуна туш болгон Т.Акматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү «портреттик эскерүү баянда» жазуучунун татаал тагдыры айтылыш керек беле? Сөзсүз айтылыш керек болчу. Бирок, Т.Орокчиевдин эскерүү баянында калемгердин жазуучулук өмүрүндөгү тагдыр чечер бул окуя жана анын кесепеттери айтылбай калган. Албетте, бул өкүнүчтүү нерсе…

Ошону менен бирге Тенти Орокчиев казак акын, жазуучулары, окумуштуулары менен да бир топ маектерди уюштурган. Айтылуу калемгерлер Абиш Кекелбаев, Калтай Мухамеджанов, Фариза Унгарсынова, адабиятчы Зейнолла Кабдоловдор менен болгон субхаттарда негизинен казак-кыргыз адабий байланыштары, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын казак тилине которулушу жана залкар жазуучубуздун казак калемгерлерине тийгизген таасирлери жөнүндө кең-кесири сөз болот.

2008-жылдан бери Кыргыз-түрк «Манас» университетинин мурдагы ректору, мыкты окумуштуу Сулайман Кайыповдун өзүнүн өтүнүчү боюнча университеттин алдында иштеп жаткан радио менен чыгармачылык тыгыз байланышта болуп, 2008-2011-жылдары Т.Орокчиевдин 150гө жакын уктуруулары «Таберик» деген жалпы аталышта обого чыгып келүүдө. Бул уктуруулардын негизин да кыргыздын кийинки муундагы акын, жазуучулары, маданий, илимий ишмерлери менен болгон аңгемелешүүлөр түзүп турат. Алар Казат Акматов, Калканбай Ашымбаев, Исабек Исаков, Уркаш Мамбеталиев, Мырзабек Тойбаев, Эрнст Турсунов, Байтемир Асаналиев, Сүйөркул Тургунбаев, Карбалас Бакиров, Сатыбалды Далбаев, Мираида Далбаева, Сарман Асанбеков, Күмүш Суранова, Юрустанбек Шыгаевдер эле. Улуу мударис Кусейин Карасаевдин 100 жаштагы байбичеси Айша апа Карасаева менен болгон 52 мүнөттүк дилмаек да өтө кызыктуу уюштурулган десек болот. Бул маектен биз мындан 83 жыл мурда тартылган «Чүмбөттөлгөн араба» деген фильм жөнүндө, ал фильмге Айша апанын кантип тартылып калгандыгы тууралуу эң сонун баянды угабыз.

«Манас» радиосунан обого чыккан уктуруулардын маанилүүлөрүнүн дагы бири болуп Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов менен болгон дилмаек эсептелет. Бул субхатташуу жалпы жонунан «Ч.Айтматов менен байланыштарым» деп аталып, эки калемгердин 40 жылга жакын мезгил аралыгындагы калемдештик карым-катыштары, ага-инидей болгон адамдык мамилелери тууралуу болгон эле.

Өзгөчө канааттануу менен белгилеп кетүүчү бир жагдай — улуттук радиодо 30 жыл бою топтогон көөнөрбөс дүйнөсүн Тенти Орокчиевдин кагаз бетине да түшүрүп, аларды акырындап калың окурман журтуна тартуулап да келе жаткандыгы. Ошол залкарлар менен болгон дилмаектерди жалпы жонунан «Асылдар баяны» деп атап үч китеп (2003, 2004, 2005) кылып чыгарып, атпай журтубузга тартуулап койгондугун Т.Орокчиевдин чыныгы журналисттик эрдиги деп бааласак болот. Ал эми бул ишти дагы да улантууга болгон аракети андан бетер кубантат.

Биз бул ирет Тенти Орокчиевдин журналисттик, негизинен радиожурналисттик чыгармачылыгы тууралуу гана кеп салдык. Т.Орокчиев билген адамга көп кырдуу талант. Бүгүнкү күнгө чейин калемгердин «Мекенимди даңктаймын» (1978), «Закым» (1980), «Менин таңым» (1984), «Ысык-Көл, ырым да сен, ыйым да сен» (2003), «Ырда, адам дайрасы» (2005), «Алакан» (2006), «Дүйнө -өмүр» (2007), «Бала кирди түшүмө» (2009) деген бир нече ырлар жыйнактары басылып чыкты. Көрүнүп тургандай, Тенти Орокчиевдин акындык чыгармачылыгы өзүнчө сөздүн объектиси болуш керек.

Ошондой эле Т.Орокчиевдин калеминен «Тоолордо торолгон бакыт» (2004) жана «Төгүлгөн аяк толот» (2008) деген прозалык чыгармалар жаралган. Булардын акыркысында – 152 беттик көлөмдүү көркөм баянда — баш калаабыздагы «Электротехника» илимий-техникалык борбордун генералдык директору Карыпбек Алымкуловдун өмүр тагдыры, эл уулу болуп өсүп чоңоюшу бир топ иш билги сүрөттөлүп берилген.

Чыгаан журналист, улуттук радионун чыныгы дыйканы Тенти Орокчиевге кажыбаган чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наам ыйгарылган. Эл аралык «Түгөлбай ата» атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Социализм доорундагы гезиттердин тили менен айтканда, акын жана журналист Тенти Орокчиев азыр да журналисттик майданда чыныгы күжүрмөндөрчө эмгек этүүдө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.