РОМАН

Америкалык белгилүү жазуучу Жек Лондондун бул чыгармасы максатка умтулган адам баласы сөзсүз ийгиликке жетерин баяндайт. Ошондон улам аталган роман дүйнөдөгү эң мыкты делинген чыгармалардын катарынан орун алып, миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Аталган чыгарма ушул күнгө чейин китепкөйлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган бирден бир дүйнөлүк мурастардын катарынан түшпөй келгенинин сыры эмнеде?..

Мунун бир гана себеби: чыгарманын баш каарманы Мартиндин адам болуу өжөрлүгүнөн кайптаган кейиштүү тагдыры муундардан муундарды тарбиялар сабак болуп калганы. Арийне, бул чыгарма адамдын адам болуп өсүп жетилүүсүнө таасири зор көркөм дөөлөттүгү менен баалуу.

Кезинде бул чыгарманы акын Жоробек Султаналиев кыргызчага оодарып, бирок бул эмгеги көзү барында жарыкка чыкпай, кийин гана китеп болуп чыкканы маалым. Арийне, «Мартин Идендин» мурда которулган варианты купулуна толбогондон улам аталган чыгарманы белгилүү журналист, жазуучу, орус жана кыргыз тилинде эркин жаза билген агабыз Бахтияр Шаматов «РухЭш» сайтынын окурмандарына кайрадан тартуулоону эп көрүп, акыркы үч айдан бери «Мартин Идендин» үстүндө көжөлүп иштеп келди. Чыгарма колубузга тиери менен уучуна токоч тийген баладай кубанып турган кезибиз. Котормонун көркөмдүк сапаты чыгарманын мазмундук өзөгүнө төп келишип, Жек Лондондун жазуучулук стилине эми дадил куюлушуп, эми жуурулушуптур…

Аныгында, кыргыз окурмандары үчүн мунун өзү чоң адабий-мурас, чоң таберик. Ким кааласа, Ж.Султаналиевдин котормосундагы «Мартин Иденди» окусун, ким кааласа Б.Шаматовдукун окусун. Адабий табит кайсынысына тартса, окурман журтунун тандоосу да шартка ылайык эми… Арийне, бул дүйнө адабиятынын тажрыйбасында кенен жайылып келген өрнөк эмеспи.   

Эң башкысы – учурдагы окурмандарга дүйнө адабиятынын казынасын кыргызча таржымалдоо мүшкүлүнө баш койгон котормочулар арбып келаткандыгы кубандырат. Ошол дүйнөлүк адабий казынаны өрнөктүү текстке айлантуунун өзү чоң машакат экени белгилүү. Болгондо да көлөмдүү романды! Бахтияр Шаматовдун машакаты да текке коробоптур, азис окурман! Өрнөктүү текстке көз жүгүрткөн окурман өзүн жүрүшү мыкты жоргонун үстүндө бараткандай сезип, көркөм чыгарманын ыракатына батат. Мына, дал ошол ыракатка бөлөй турган чыгармага убакыт бөлүп көрүңүздөр эми…

Котормочу туурасында кыскача маалымат: Бахтияр Шаматов — «Дөңгөлөк жылдар», «Сахалин сапары», «Кумдуу чөлдөгү бейиш же Арабстан таасирлери», «Мен бронхиалдык астмадан кантип айыктым», «Меккелик кыргыз», «Соотечественники за рубежом», «Абдрахман балбан», «Лейлек балбандары» (Энциклопедия), «Жоокер акын Эргеш Рысов», «Турмуш кайрыктары» ж.б. чыгармалардын автору.

I ГЛАВА

Эки жигиттин астында келатканы француз ачкычы менен эшикти ача берди. Аны ээрчип келген жаш жигит босогону аттап баратып, башындагы кепкасын олдоксон шыпыра колуна ала койду. Ал деңиз жыттанган жупуну, жүдөө кийимчен эле. Мындай жерди мурда көрбөгөн неме далистеги кенен бөлмөгө кирери менен кадимкидей кысына түштү. Колундагы кепкасын кармалай, эмне кыларын билбей туруп калып, анан аны чөнтөгүнө солоп жиберейин деди эле, чогуу келген жолоочусу аны акырын колунан алып, илгичке илип койду. Муну ал ушунчалык жөнөкөй, табигый жасады дейсиң, ыраазы боло түшкөн конок жигиттин башынан «менин абалымды түшүнүп турат, уятка калтырбайт», — деген ой жанып өттү.

Таман астындагы пол кудум эле деңиз толкуну сыяктуу бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшүп бараткансып, кадамын кере таштап, чайпала баса анын артынан баратты. Анын минтип арыштап басканына бул кенен бөлмө абыдан эле тардай сезилип турду – андыктан ийиндерим менен каалганын кырына урунуп же каминдин үстүндөгү майда-барат буюмдардын бирин серпип кетпегей элем деп апкаарып баратканы. Ары-бери ойт берип баратып, өз оюнан жаралган коркунучту ого бетер күчөтүп атканын билбейт. Рояль менен үстүндө китептер үйүлүп жаткан үстөлдүн ортосунан алты киши кенен өткүдөй эле, ал болсо жүрөгү түшүп атып араң өттү.

Эки ийнинен шалактаган шадылуу колдорун кайда катарын билбей кыжалаттана берди. Аңгыча тигил үстөлдөгү китептерге колу тийип кетчүдөй сезилгенде, үрккөн аттай ойт берип, аз жерден роялдын жанында турган табуреткени кулатып ала жаздады. Ал астында эч бир кыйналбай эле эркин, жеңил басып бараткан жолоочусуна көз чаптырып, өзүнүн басканы абдан эле олдоксон экени жана ал башкалардыкына таптакыр окшошпой турганы өмүрүндө алгачкы жолу оюна кылт этти. Мындай ойдон улам намыстана, ичи тыз дей да түштү.

Чекесинен тери чыпылдап чыга түшкөндүктөн, токтой калып, бет аарчысы менен коло түспөлдөнгөн жүзүн аарчыды.

— Артур достум, бир аз токтой туруңузчу, — деди ал кысынып турганын билдирбеске аракеттенип тамашага чаптыра, — биринчи жолкусунда мунун баары мага өтө эле ашыкча болуп кетти окшойт. Эсимди жыйып алганга мүмкүнчүлүк бериңиз. Билесиз да, бул жерге келейин деген эмес элем, анүстүнө сиздин үйдөгүлөр деле мени көргөнгө куштарланып турбагандыр.

— Эчтеке эмес!- деген көңүл жубаткан жооп болду, — бизден эч чочуркабаңыз. Биз карапайым кишилербиз… Эх-ээ! Мага кат келген окшойт!

Артур кысынып сүрдөп турган конокту эркине коюп, үстөлгө келди да катты ачып окуп кирди. Конок да буга түшүнүп, ичинен ыраазы боло түштү. Ал табиятынан эле сезимтал, сергек эле, андыктан апкаарып турганына карабай, анысынан азыр деле жазган жок. Ал тер чыга түшкөн маңдайын дагы бир жолу сүртүп алды да, бөлмө ичине эми токтоо көз чаптырды, бирок көз карашында дагы эле кудум капканга чабылуудан чочулаган жапайы жаныбардыкындай кооптонуу бар эле. Аны айланасында буга чейин дегеле көрбөгөн нерселер курчап турду, бирдеме болуп кете тургансып ичинен опкоолжуганы дагы эле басыла элек, эмне кылар айласын таппай, олдоксон экенин түшүнүп турду, мунусу анын басканынан, кыймылынан гана эмес, бүт туруш-турпатынан көрүнүп турбайбы. Ансыз да жандан башкача сезимталдыгы тула боюн ысытып, тартынып кысынганы жетер жерине жетип турганда, окуп жаткан катынын үстүнөн Артурдун кылтыйып карап койгону бычак менен ургандай ого бетер эсеңгиретти. Бирок жагдайга бир аз көнө түшүп, баарынан да тартип жайын билип калгандыктан, анын көз карашын жалт кармаса да, байкамаксан болгондой түр көрсөттү.

Ошенткени менен бул анын намысын козгоп, эрдемситти. Бул жерге келгени үчүн өзүн өзү ичинен сөгүп да алды, бирок ошол замат эмне болсо ошол болсун, ырас, биякка келдиби, эми акыр аягына чейин баарына чыдаш керек деди. Өңү сурданып, көздөрүнөн заар учкун жылт этти. Эми эки жагын баштагыдан ишенимдүүрөк карап, көзгө урунган жагдайдын аки-чүкүсүнөн өйдө эсине тутуп калууга аракеттенди. Анын бакырайган көздөрүнөн эч нерсе жаздым калган жок; бөлмөдөгү кооз буюмдарга ынтаа коюп караган сайын көздөрүндөгү каардын учкуну улам бастап, анын ордун дилинде жылуулук ойготкон суктануу ээледи. Ал кооздукка дайыма кумары артык жан эле, бул жерде болсо андай нерселер жетишерлик экен.

Үй ичин кыдырата караган жигиттин көңүлүн дубалдын бетине илинген майлуу боёктор менен тартылган картина өзүнө бурду. Эбегейсиз зор толкун жээктеги аскага шарпылдап урунуп атыры; ылдый самсаалаган чагылгандуу булуттар асман бетин жылчыксыз жааптыр, ээ жаа бербей чамынган жаалдуу толкун бетинде уясына отуруп бараткан күндүн кызгылтым нурларына чагылышып, оодарылып кеткидей бери жантайган чакан кеменин палубасы алаканга салгандай көрүнүп турат. Бул бөтөнчө кооз эле, ал эми кооздуктун баары аны дайыма азгырып турчу.

Жигит өзүнүн олдоксон басыгын унутуп коюп, сүрөткө жакынырак келип карады.  Бул эмнеси, эмелеки сулуулуктун жыты да жок ко. Сүрөт болсо боёк каршы-терши шыбалган, бети одуракай эле бирдеме болуп калыптыр. Саал артына кетенчиктеп туруп кайра карады эле, сүрөт кайрадан баягыдай боло түштү. «Керемети бар сүрөт тура», — деп койду артына бурула берип. Мына бул азем буюмдардын арасынан түккө турбаган амалкөйлүктүн эсесине ушунчалык сулуулуктун садага чабылганына бир аз кыжыры да келе түштү. Живопись деген анын түшүнө да кирбеген нерсе эле.  Буга чейин ал алыс менен жакынды бирдей даана, тегиз чагылдырган хромолитографиялык ыкмадагы сүрөттөрдү гана көрүп жүргөн. Ырас, дүкөндөрдүн витринасынан боёк менен тартылган кооз картиналарды да көргөн жайы бар, бирок калың айнектерден улам аларды жакшылап ынтаа коюп караганга болбос эле.

Ал катты окуп жаткан досу жакка бурула берди, үстөл үстүндө жаткан китептерди көрүп калып, кудум тамак көрбөгөн ачка кишиден бетер көздөрү жайнай түштү. Ошол замат дагы чайпала басып жакын келди да, оюн өрөпкүгөн сезим эрксизден бийлеп, китептерди четинен кармалап көрө баштады. Алардын авторлорун жана аталыштарын карап, ичиндеги тексттердин айрым жерлерин күбүрөй окуп, саптардын баарын көзү менен да, колу менен да бир сыйра сылап, эркелетип чыккандай болду. Анан китептердин арасынан кокусунан өзү жакында эле окуган бир китепти тааный койду. Бирок ушул китептен башкасы алардын авторлору сыяктуу эле, ага бейтааныш эле. Ал колуна тийген Суинберндин томун бети албыра түшүп окуп кирип, кызыкканы ушунчалык, өзүнүн кайда экенин унутуп да койду. Китептин окуп жаткан бетине сөөмөйүн коюп, эки жолу жаап, анын авторун кайра карады. Суинберн! Ал муну эсине сактап калат…

Бул Суинберн кыязы, боёктор менен алардын кылдат көлөкөлөрүн абдан даана көрө билген, көзү шумдук курч киши көрүнөт. Бирок бул ким болду экен? Көп акындар сыяктуу эле мындан жүз жыл мурда көзү өтүп кеткен немеби же азыр деле жазып жүргөн тирүү адам болду бекен? Ал китептин баш барагын карады. Мына турат, Суинберн бул эле эмес, башка китептерди да жазыптыр. Болуптур, ал эртең менен эле ортолук китепканага барат да, ал жерден мунун кайсы бир чыгармасын таап окуганга аракет кылат.

Ал китепке берилип кетип, бөлмөгө жаш селкинин кирип келгенин байкабай да калды. Анын оюн Артурдун заңк эткен үнү күтүүсүздөн бөлүп жиберди:

— Руфь! Бул мистер Иден!

Мартиндин колундагы китеби жабыла түшүп, бурулуп карардан мурда буга чейин кулагы угуп көрбөгөн бул сөздөн бүткөн бою чымырап чыкты. Болуп көрбөгөндөй мындай сезим бөлмөгө аяр баса кирип келген сулуу кыздан эмес, анын инисинин азыр эле өзүн «мистер» деп атаганынан улам пайда болду. Булчуңдары таштай бул чымыр жигитте сезимталдык ушунчалык күчтүү эле, кенедей бир тыштан таасир боло калса деле ойлору удургуп, тула бою ысып, дуулдап кете турган. Кылт эткенди туйган кылдаттыгы менен таасирчилдигинен, аша чапкан кыялкечтиги тынымсыз иштеп, өзүн курчаган нерселердин байланышын, алардын айырмасы менен окшоштугун ажыратып турчу. Ошондуктанбы, аны буга чейин өмүрү эч кимден укпаган «Мистер Иден» деген сөз жалт эттиргени.

Аны минтип бир да жан атаган эмес, эс тарткандан жөн эле «Иден» же «Мартин Иден» болуп келбедиби, анан эле «мистер» деп жатышса оңойбу. «Ии, бул эми башка кеп», — деп көтөрүлө компоюп койду ичинен. Анан заматта удургуй түшкөн ойлору чогулуп келип кинотасма тарткан килейген камеранын оозуна сорулуп кирип кеткендей болду, көз алдынан кубалашкан тааныш элестер: от жаккыч жайлар, трюмдар, доктор, кеме токтоочу жайлар, түрмөлөр, арзан тамак-аш саткан трактирлер, бейтапканалар жана урандыга айланып бараткан жепирейген кепе үйлөр чубурду; мунун баары ага көнүмүш болгон кунарсыз, кедей жашоонун өзөгүнө биринен сала бири тизмектелип келип жатты.

Ал бурула берип, кирип келген кызды көрдү. Эси-дартын куюндаткан эмелеки башаламан көрүнүштөр заматта кайдадыр житип кеткенсиди. Маңдайында абадай үлпүлдөгөн, кубакай жүз, жалжылдаган асман ыраң көпкөк бакыраң көздөрү мээрим чачкан, алтын сымал жылтылдаган олоң чачы айдалысынан куюлган ажайып жан келберсип турду. Мартин кыздын үстүндөгү кийимин байкаган да жок, бирок анын өзү кандай татынакай болсо, кийими да ошончолук жарашыктуу экенин билип турду. Оюнда  бул айназик кызды ичке сабак аксарала алтын түс гүлгө салыштырып жиберди. Жок деди кайра, бул чынында периште, кудайдын үр кызы болсо керек, мындай көз талдырган сулуулук карабашыл пенде атмайда кайдан болсун.

Же коомдун жогорку чөйрөлөрүндө буга окшогон чүрөктөр толуп жатат деп китептерде жазылгандар чын болду бекен? Жанагы Суинберн деген мына ушул кызга арнап ыр жазса болмок экен. Баса, тетиги үстөл үстүндө жаткан китебиндеги Изольданы сүрөттөп атып дал ушуга окшош кыз туурасында ойлогондур, балким? Куюндаган бул ойлор, чымыраган сезимдер жана көз алдыга тартылгандардын баары жылт эткен бир  ирмемдей кыска убакытта гана болуп өттү. Сырткы окуялар болсо өзүнүн кадыресе нугу менен уланып жатты. Руфь ага колун суна берди, кадимки эле жигитчесинен олдоксон кармап, бек кыса учурашканда, кыз да жооп кыла ага жалт караганын байкап калды.

Башка аялдар Мартин менен кез-кезде гана кол беришкени болбосо, минтип учурашчу эмес. Ушул жерден ага ар кайсыл аялдар менен кантип таанышканы жөнүндөгү эскерүүлөрдүн кызыл-тазыл элестери кайрадан жаба берип, өз кучагына оп тартып кетти. Бирок ошол замат анын баарын алыс кубалап таштап, маңдайындагы Руфту суктанып карап кирди. Мындай ажайып сулууну ал өмүрүндө көргөн эмес. Өзү көрүп билген аялдарчы…. Ошол замат көз алдына «ошол аялдар» тартыла калды.

Чексиздей сезилген бир секунда ичинде сүрөттөрдүн галереясында тургандай болуп кетти, алардын чок ортосунда Руфь турат, анын айланасында болсо сансыз аялдар тизилет, алардын ар бирин Руфь менен салыштырып, баалап чыгыш керек эле. Алардын арасынан фабрикада иштеген тыржыйган арык, купкуу өңдөрү оорудан шапайган аялдарды, шаар четиндеги кыштактардан агылып келип, чоң көчөлөрдө эч нерседен тартынбай шапар тепкен куунак кыздарды; мал кармаган ранчолордо бели бүгүлгөнчө тоңкочук аткан малай аялдарды жана оозунан сигара түшпөгөн Эски Мексиканын кара тору айымдарын көрдү. Анан таманы жыгач кепичтерин кийип алып тыпылдап баскан куурчак сымал жапон аялдары көзгө чалдыкты; алардын артынан жүздөрүнөн тукум бузулуунун белгилери ачык байкала баштаган Евразиянын чийме каш назик аялдары; аларга улай Тынч океандын аралдарындагы ындыкара, тула бойлорун кызыл-тазыл гүлчамбарлар менен ороп, жаап алышкан болпойгон, толмоч аялдар чыга келди.

Эң акырында булардын баарын четке сүрүп таштап, көз алдынан үрөй учурган тозоктон чыга келгендей караламан топ —  качан караба, Уайтчэпелдин караңгы чолок жолдорунда пароходдордон түшкөн матросторду аңдып, акмалай, кыдырата тизилген, турган турпатына бузуку жайлардын жан чыдагыс саңырсыган жыты сиңип калган, аял кейпинен небак ажырап, жанына киши жологус болуп калган ыпылас жалаптар — порттордун таштандылары, адамзат кайнаган мештин көбүктөрү топурап, кылка жипке тизилгенсип, булар да биринин артынан бири чубап өттү.

— Отуруңуз, мистер Иден, — деп кылая караган кыздын шыңгыр үнү кулагына кирип келди бир оокумда. — Болгон окуяны Артурдан уккан соң сиз менен аябай таанышкым келди. Бул кылганыңыз абдан чечкиндүү иш болуптур.

Ал башын чайкап, бул арзыбаган нерсе экенин, анын ордунда башка бирөө болсо деле ушинтмек деген тейде бирдемелерди булдуруктаган болду. Руфь ал колун сунганда билегинде жаңыдан айыгып келе жаткан сыйрылган жерин байкап калды; берки колуна көз жиберди эле, анысында да ошондой так бар экен. Андан ары сынай көз чаптырган кыз анын жаагындагы жана маңдай чачынын так түбүндөгү тырыгын, крахмалдатып катырып алган жакасынан улам көрүнө калып жаткан үчүнчү тырыкты байкады.

Ал жетишпегенсип тотуккан мойнундагы кыкыйган жакасы өйкөй берип, так боло түшкөн ичке кызыл тилкени көрө коюп бырс күлүп жибере жаздап, өзүн араң басты. Ал жака тагынып жүргөнгө көнгөн эмес окшойт да. Ургаачынын сын көзү анын мүшөктөй көлөктөгөн кастүмүнүн да орой бычымын, ийининдеги ийри-буйру тигиш-бүгүштөрүн, астынан чың булчуңдары чытырап турган жеңдериндеги бырыштарды бир сыйра сыдырып өттү.

Өзү жасаган иштин эч кандай деле бөтөнчөлүгү жок экенин дагы бир жолу кайталаган жигит сыпайылык менен креслону көздөй басты. Отурганы баратып көзүнүн кыйыгы менен Руфтун эркин жана келишимдүү кыймыл менен диванга олтурганын суктана караганга үлгүрдү, өзүнүн одоно туруш-турпатын элестете коюп, ого бетер уялып кетти. Бул жердегинин баары ага жаңылык эле. Анын өзү эби жокпу же чапчаңбы, бул туурасында ойлоп да койбогон экен.

Өзүнө сырттан карап баа берүү деген анын оюна да келген эмес. Эми колдорун кайда катаарды билбей, этияттык менен креслого жетип, коомайлана четине отура кетти. Кайда койсо да колдору эч жакка батпай койду, минтип сүрдөп турганда какаганга муштаган болуп Артур да так ушул маалда сыртка чыгып кетиши керек да. Мартин Иден аны кыжалат болгон түр менен узата карап, ээн бөлмөнүн ичинде аял кейпиндеги куба жүздүү пери менен бет маңдай жалгыз калды да, апкаарып сүрдөгөнүнөн өзүн таптакыр жоготуп койду. Кара басып, бул жерде ичимдик турчу жер да көрүнбөйт же пийвага чуркатып ийгенге да жубарымбектер жок, анткени мындайда ээн эркин кеп баштаганга шараптын жардамы куп гана тиет эле да.

— Сиздин мойнуңуздагы тырык, мистер Иден, эмнеден болду эле? — сурап калды кыз, — балким, бул кандайдыр өзгөчө окуядан улам болгон чыгар?

— Мексикалык бир жигит бир жолу мени бычак менен уруп калды эле, мисс, — жооп берди ал тили менен эрдин жалана, анан тамагын жасап жөтөлүп койду, — анан кармаша кеттик. Мен анын бычагын жулуп алганымда, ал менин мурдумду тиштеп ала жаздады.

Муну ал жупуну, колдур тили менен айтып койду, бирок ошол замат көз алдына Салина-Круцтагы көөдөй кара, абасы үп, жылдыздуу дымкыл түндүн элестери: жээктин ак тилкелери, кант жүктөлгөн кемелердин оттору, мас матростордун бакылдаган дооштору, топураган жүк ташуучулар, жини башына тээп, өң-алеттен кеткен мексикалык баланын жылдыздын жарыгында жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрү, мойнуна кадалган болот бычактын муздагы, дирилдеп аккан кан, дүүлүккөн караламан топтун кыйкырык ызы-чуусу, кумдагы чырмалышкан эки дененин ары-бери аласалып тоголонгону жана гитаранын алыстан угулган мукам шыңгыр, кусадар добушу тартыла калды.

Ошондой болбоду беле, аны эстегенде селт этип алып, тетиги дубалдагы картинаны тарткан неме ушунун баарын так өзүндөй келиштирип сүрөттөй алаар беле деген ой кылт этти.  Агыш жээк, жылдыздар, жүк ташуучу кемелердин оттору — анын баары сүрөттөн укмуш көрүнмөк, ал эми алардын чок ортосунда, кумда мушташып жаткандарды чуркурап тегеректеп алган сүрмө топ удургуп турмак. Картинада бычакты да көрсөтүп койсо болот эле — жылдыздарын жарыгына болоттун  чагылышып турганы шумдук кооз чыкмак!

Бирок бул жөнүндө ал ооз ачкан да жок.

— Ооба, ал аз жерден менин мурдумду тиштеп ала жаздады, — кайталады ал.

— О! — ак тамагы кылайган кыз таң кала түштү, анын үнүнөн, жүзүнөн өзүн бир аз жогото түшкөнүн байкады. Мартин аны карап өзү да абдырай түштү, күнгө күйгөн жүзү боёк чачып ийгенсип ого бетер кызарып кетти. Бирок бети өзүнө  оозу ачык мештин маңдайында олтурган адамдын бетиндей алоолонуп жаткансып сезилди. Үлбүрүгөн ак сөөк айым менен бычакташып мушташкандай жагымсыз нерселелер туурасында аңгемелешүүнүн өзү осол иш болор. Китептерде анын чөйрөсүнө таандык адамдар эч качан минтип сүйлөшпөсө керек, балким, алар мындайды билбейт да чыгар.

Жаңыдан башталып келаткан сөз ушинтип үзүлө түштү. Руфь эми анын жаагындагы тырыгы жөнүндө суроо узатты. Мунусу кыздын аны менен өзүнө гана тааныш нерселер туурасында сүйлөшүүгө аракет кылыбатканын түшүндү, шарт эле жооп берип, анан кеп нугун Руфтун өзүнө жакын темаларга бурууну чечти.

— Мындай окуя болду эле, — деди ал жаагын сыйпалап, — бир жолу түндө чоң толкун болуп, гротту (кеменин тумшугу жагындагы мачта – Б.Ш.) шаймандары менен кошо жулуп кетпеспи. Болот зымдан эшилген аркан жыландай ийрелеңдеп, карматпай туйлап, туш келди чапкыланып кирди. Аны кармайбыз деп бүт вахтанын жабыла убараланганын айтпаңыз. Мен болсом шак эле үстүнө жата калдым да кармап бекиттим, ошол кезде жаагым тыз дей түштү эле.

— О! — Руфь дагы кыйкырып жиберди, ага «грот», «трос» деген сөздөр кытайдын катындай түшүнүксүз болсо да, бул сапар үнүндө аёо бар эле.

— Жанагы… Свайнберн, — деди ал ойлогон оюн орундатууга аракеттенип, бирок атын туура эмес айтып алды.

— Ким дейсиз?

— Свайнберн, — деди ал кайталап, — акынчы.

— Суинберн десеңиз, — Руфь аны түзөп койду.

— Ооба, ошол, — деди ал дагы кызара түшүп, — эчак каза болсо керек?

— Анын каза болгонун укпаптырмын, — деди Руфь ага таң кала тиктеп, — а кишини билесиңерби, каерден тааныштыңар эле?

— Жо-о, мен аны өмүрү көргөн эмесмин. Азыр эле сиздин келериңиздин астында үстөлдүн үстүндө жаткан тетиги китепчеден кээ бир ырларын гана окудум. Анын ырлары сизге жагабы?

Өзүн кызыктырган нерселер туурасында кыз ыргактуу, эркин сүйлөп кирди. Мартин эми бир аз өзүнө келе түшүп, креслого дагы тереңирээк ныгырылып олтурду, тимеле астынан жыла качып өзү кулап түшчүдөй анын туткасынан бекем мыкчып да алды. Ал кызды кызыктырган тема тапканына ичинен ыраазы, угуп отуруп, бирде анын алмадай болгон башына ушунча көп билимдин кантип батканына таңыркап, бир туруп үлпүлдөгөн ай чырайына кумарлана бүткүл дитин коюп тыңшап отурду.

Укканын жакшылап түшүнсөм дегенге эки көзү төрт, кыздын эриндеринен шыр куюлуп аткан бейтааныш сөздөр эсин оодарып жатты, анүстүнө, кыздын ой жоруму да ага таптакыр жат эле. Ошенткени менен мунун баары анын акылын ойготуп, ишке салды. Мына, маданияттуу, билимдүү жашоо деп ушуну айт деп ойлоду ал, көз уялткан керемет сулуулук мында жаткан турбайбы, мунун бирин да ал билбептир. Бүт нерсенин баарын унутуп, көзүн кыздан албай отура берди. Ооба, көктөн издегени бул жерден табылып отурат, жан үрөп жашап, жеткенди көксөп умтулаары, керек болсо, кара жандан кайыл боло кечип кете турган кымбат нерселер эмеспи булар. Китептерде айтылгандар чындык тура.

Бул жарыкта ушундай аялзаты да болот экен э. Мынакей алардын бири. Руфь анын кыялдарына канат бүтүргөндөй болду, көз алдына романтикага толгон сырдуу элестер, махабаттын, акжуумал, алтын түс ушул аялзаты үчүн оттон-суудан кайтпаган баатырдыкка ойлонбой бой уруунун ирмемдери жылоолонгон, көздү уялткан, чалкыган картиналар тартыла түштү. Закымдай дирилдеген бул керемет элестердин арасынан ал өзүнө өнөр менен адабият туурасында айтып берибаткан тирүү аялды көрүп турду. Ага огеле кадала тиктегенин сезбей, өзүнүн эркек таналык напси күйүп турган көздөрүнөн чачырап турганын аңдыбай, аны бериле угуп, аңкая карап отура берди. Бирок эркектерди, алардын жашоосун жакшы биле бербеген Руфь Мартиндин от чачыраган көз карашын аялдык аяр сезими менен кокустан байкай коюп, чочуп, ошол замат сактана түштү.

Ушул убакка чейин бир дагы эркек аны минтип караган эмес, бул көз караш анын эсин оодарып, уялтып жиберди. Кыз мукактанып барып унчукпай калды. Талкуунун учугун да колунан чыгарып жибергендей окшоду. Бирок көздөрү жалын чачкансыган бул адамдан чочулап турса да, анын минтип караганы баары бир эмнегедир кызга жагып турду. Руфтун алган тарбиясы бул сыяктуу опурталдын жана мындай сырдуу, айлакер сүйкүмдүүлүктүн таасиринен сак болууга үйрөткөн; бирок ага карабай эле сокур сезим канын ойнотуп, өзүнүн тегин, коомдогу мартабасын унуткарып, мына бул колдору тытылган, мойнунда кызарган тагы бар, башка дүйнөнүн коногу өңдөнүп капылет келип калган, айтканына караганда, өзү жашаган карапайым көр турмушту беш колундай билген  жаш жигитке эмнегедир тартып туруп алды.

Кыз периштедей пакиза жан эле, ошол аруулугу бул азгырык сезимге жол бергиси келбей, каршылык кылып, үнсүз чыркырап турду; бирок насили кантсе да ургаачы эмеспи, аялдын таңгалыштуу табияты эмитен гана өзүнө ачылып келаткан жаш селкинин али өзү толук туя элек, тээ тереңде катылып жаткан ышкысы ушинтип тымызын козголуп баратты.

— Мен эмне дедим… Эмнени айтып аттым эле? — деп кыйкырып жиберди сөзүн токтото калып Руфь, анан кайра шыңкылдап күлүп калды.

— Сиз ошол Суинберн деген улуу акын болбой калгандыгынын себебин айтып келаткансыз… ооба… мына ушул жерден токтодуңуз, мисс…

Ошентти да ачкадан өзөргөн адамдан бетер башы эңги-деңги боло түштү. Руфтун шыңгыр күлкүсүнөн тула бою дуулдап ысып чыкты. Чиркин, үнүнүн тазалыгын карачы, кадимки эле жылаажын, даана күмүш коңгуроо тимеле; мына ушул көз ачып жумганчалык ирмемде Мартин алыс бир өлкөгө учуп кеткенсиди, ал жакта бажырая гүлдөп турган кызгылтым мөлтүр алчанын түбүндө жайбаракат чылым түтөтүп, камыш сандалчан кудайы пейил момундарды тайынууга чакырган, асманга кайкалаган чатырынын бурчтары шиштүү кечилканынын коңгуроолорун угуп отургансып сезип кетти өзүн.

— Ооба, ооба… ырахмат. — Суинберндин улуу акын болбой калышынын себеби — кээ бирде ырларында оройлукка алдырып жиберген жактары бар. Айрым ырларын кишинин окугусу да келбейт. Чыныгы акындын ырынын ар бир сабы терең ойго бай келип, окуганды өзүнө имерип арбап, аны адамдагы улуулукка, керемет касиет-сапаттарга үндөп чакырып турат эмеспи. Улуу акындардын бир сабын да жараксыз деп чийип салууга мүмкүн эмес. Анткенде бул дүйнө үчүн зор жоготуу болмок.

— Мага азыр эле окуган жерим жаккансыды эле, — деди ал ындыны өчө түшүп. – Бирок анын мындай шүмшүк экени оюма да келбептир. Мунусу башка китептерине да жуккан чыгар.

— Анын жанагы силер окуган китебинде эч бир ойлонбой туруп чийип таштай турган саптары толтура, — деди Руфь ишенимдүү.

— Мага алар туш келбесе керек, — деди ал, — бирок мен окуган ырлары мыкты экен. Жан-дүйнөмдү кудум күндүн же прожектордун нурундай жарытып жибергендей болуп кетти. Мага ушундай сезилди, мисс, бирок менин ыр туурасында таптакыр түшүнүгүм жок болсо керек…

Айтарын айтты да тилинин чоркок экенине кыжалаттана түшүп унчукпай калды. Азыр эле окуган ырларынан ал жылуулуктун илебин жана жашоо турмуштун чалкыган ченемсиз тереңдигин сезген эле, бирок мунун баарын түшүндүрүп берүү үчүн ага сөз байлыгы жетишкен жок.

Өзүнө өзү көөдөй караңгы түндө чоочун кемеде, бейтааныш жабдууларга чалынып, ар кайсынын арасында адашып жүргөн матрос сыяктуу болуп көрүндү. Макул деди ал чечкиндүү, демек кандай гана болбосун, акыл-эсин азгырып, тынымсыз кубулган бул чоочун ааламды ал сөзсүз багындырышы керек. Ал каалаган нерсесине эч качан жетпей койгон эмес, азыр да тартынып, кысынып турганына карабай, Руфка өзүнүн сезимдери менен оюндагысын туура түшүндүрүп айта алгыдай деңгээлге жетишим керек деп ичинен катуу шерт бекитти. Руфь болсо эчак эле анын акылы жеткен нерсенин баарын айтып салбадыбы.

— Мына, мисалы Лонгфелло…— кайрадан кебин улады кыз.

— Ооба, ооба. Мен окугам аны, — деди жандана калган Мартин Руфтун сөзүн бөлүп, мунусу менен өзүнүн адабият жаатынан аз-маз болсо да кабардар экенин тезирек көрсөтүүгө ашыкты. Өзүн таптакыр дөдөй эмес экендигин далилдегиси келди.

— Мен «Турмуш ырларын», «Эксцельсиорду» окугам… Окугандарым ушулар эле болду окшойт.

Руфь күлүмсүрөп башын ийкеп койду, Мартин анын жылмаюусунда кечиримдүүлүктү, болгондо да аны аяп, боор ооруган сыяктуу кечиримдүүлүктү сезди. Өзүнүн жарыбаган азыноолак билгендерин айтам деп осол болуп калды окшойт. Анткени мына бул  Лонгфелло да сансыз китептерди жазса керек.

— Ар кайсыны келжиреп сөзүңүздү бөлгөнүмө кечирип коюңуз, мисс, чынымды айтсам, мындай нерселерге башым анча деле жете бербейт. Бирок мына көрөсүз, буга мээм жете тургандай кылганга умтулам.

Бул сөздөрү опузалагандай угулду. Үнү дирилдеп, көздөрү жанып, уурттары бүлкүлдөп кетти. Кызга жадагалса, анын жаак сөөктөрү да оркоюп чыга түшкөндөй көрүндү. Ырайы сурданып, караганга жагымсыз эле. Ошого карабай, андан күпүлдөп уруп турган кайраттуулук менен тайманбастыктын ысык толкуну Руфту да каптап өткөндөй болду.

— Албетте, ишенем, сиздин акылыңыз буга жетет, — деди ал наздана жагымдуу жылмайып. – Сиз абдан күчтүүсүз!

Руфтун назары сыдырылып барып Мартиндин буканыкындай жоон, күнгө күйгөн, чың мойнуна түштү. Жигиттин абыдан эле кысынып, апкаарып олтурганы жагып, Руфту ого бетер ага тартып кирди. Кыз оюнда азыр ушул моюндан кучактай турган болсо, анын болгон кайрат-кубаты өзүнө өтүп кете тургансып сезилди. Күтүлбөгөн жерден айыбы ачылгансып, бул оюнан өзү да уялып кетти кыз. Ушул убакка чейин ага кара күч олдоксон, орой сезилип келген эле.

Кыялында самаган жигити сулуулук менен назиктик айкалышкан, илбериңки, арык чырай, шыңга бой, кылдат кыймылдуу болууга тийиш эле. Бирок анын бүткүл дитин капылет келген таң каларлык башкача бир сезим бийлеп туруп алды. Жигиттин мына бул күнгө күйгөн мойнунан кучактап алсам деген каалоосу кайдан пайда боло калганын өзү да түшүнбөй турат. Анткен менен мунун баары жөпжөнөкөй нерсе эле. Табиятынан назик жаралган кыздын чыбыктай денеси менен акылы жетишпей турган мына ушундай алп күчкө тымызын зар эле. Ал муну мойнуна алгысы келген жок, бирок оргу-баргы карапайым сөздөрү кулагына орой угулса да, буга чейин бир да эркектана анын ургаачылык жан дүйнөсүн мобул олдоксон жигиттей аңтар-теңтер түшүрө алган эмес.

— Ооба, негизи менин ден соолугум буканыкындай эле, — деди жигит, — керек болсо, дат баскан темирди да сиңирип жиберем. Бирок азыр бир нерсени, сиз айткан нерселердин көбүн сиңире ала тургандай эмесмин… Анткени мени эч ким, эч качан мындай нерселерге үйрөткөн эмес. Мен китептерди, ыр окуганды абдан жакшы көрөм, кенедей бош убактым боло калса эле окуп кирем. Бирок алар туурасында эч качан сизчелик ой жүгүртө албайм. Ошондуктан китептер жөнүндө туура пикир айтуу мага кыйын. Ишенсеңиз, бул иште өзүмдү картасы, компасы жок чоочун деңизде калган матростой сезип турам. Бул жерде мен кептин эмне туурасында болубатканын билгим келет. Мүмкүн сиз мага жардам берерсиз? Сиз мынча көп нерсени кайдан билип алгансыз?

— Мен окудум да, мектепке баргам, — деди Руфь.

— Бала кезде мен деле мектепке барганмын, — деп койду ал.

— Ооба, бирок мен орто мектепти бүттүм, анан университетке, лекцияларга барып турдум…

— Сиз университетте окугансызбы? — сурап жиберди жигит таң кала. Экөөнүн ортосундагы айырма ошол замат миллиондогон чакырымдарга созулуп кеткенсиди.

— Азыр деле ошол жакта окуп атам. Англис филологиясы боюнча атайын курска барып турам. Мартин «филология» деген эмне экенине башы жетпей, өзүнүн дөөпайлыгына да бир жолу ичинен кемсинип алып, анан мындай деп сурады:

— Эгерде мен университетке киргим келсе, дагы канча окушум керек?

Руфь анын бул нээтин кубаттагысы келди.

— Бу сиздин мурда канча окугандыгыңызга жараша болот. Сиз орто мектепте такыр окуган жоксузбу? Ооба, окуган эмессиз да, кайдан… Бирок башталгыч мектепти бүтүргөнсүз да?

— Эки гана жыл калганда чыгып кеткем, — деди ал. — Бирок дайыма сыйлык алып окучумун.

Ошол замат, ашыкча мактанып жибергендигине кыжыры келип, креслонун туткасын катуу кысып жибергендиктен, манжалары ооруп сыздай түштү. Аңгыча болбой, үйгө бир аял кирип келди. Руфь ордунан тура калып, анын алдынан утурлай басты. Экөө ийин ала кысышып, өбүшүп көрүштү да, анан колтукташкан бойдон Мартинди көздөй чогуу басышты. Бул Руфтун энеси болсо керек деп ойлоду Мартин. Ноочо бойлуу, асемдеп тараган ак саргыл чачтуу, сымбаты сулуу бул аял ушундай мартабасы ашкан берекелүү үйдүн кожейкеси дей тургандай келишимдүү да кийинип алыптыр.

Адемдеп тигилген көйнөгү караган көздү кубандырат. Аны карап туруп Мартиндин эсине бир кезде сахнадан көргөн аялдар келе түштү. Дал мына ушундай жарашыктуу кийинген, келбети зыңгыраган аялдарды ал Лондондун театрларынын кире бериштеги кенен жайларында полицай көчөгө кууп чыккычакты демин ката, жалдырап көз албай карай бергенин эстеди.

Ага улай эле көз алдына Нокогамдын Гранд-Отелиндеги алыстан гана көрүп жүргөн аялдар тартыла түштү. Анан да Нокогамдын, уу-дуу түшкөн башка шаарлардын жана гавандардын жыбыраган элестери көз алдынан зымырай чубап өттү. Бирок ошол замат мунун баарын оюна жуутпай алыс кубалаганга өзүн мажбурлап, болгон дитин өңүндө болуп жаткан нерселерге бурду. Руфтун энеси менен тура калып саламдашып, өзүн тааныштыруу керек экенин түшүндү, бирок шымынын тизе тушу көлбөктөп чыга түшөрүн сезип, креслодон араң козголду. Колдору шалдайып, азыр эми дагы бир сыноодон өтөрүн ойлоп, кыжалаттана түштү.

II ГЛАВА

Ашканага жетиш да ага тозоктун тозогу болду. Секунд сайын урунуп аламбы деп апкаарыгандыктан, мына бул толгон-токой жайнаган жылтыр-жултур буюмдарды аралап өтүп кетиш бир туруп мүмкүн эместей сезилип баратты. Ошентсе да бул опурталдуу жолду эптеп басып өтүп, Руфтун жанына жетип алды. Тамак жей турган бычак менен айрылардын көптүгүн көрүп андан бетер эси чыкты. Буларды кантер экенмин дегенчелик чочулап, аларды көзүн албай карай берди, эрксизден эсине өзүнүн достору менен тамак жеген матростук кубрик түштү; баарылап сүрсүгөн этти макилери менен талаша кескилеп жеп же колдору менен жулмалаша тытмалап, сабы кыйрайган темир кашыктар менен коюу буурчак сорпону бир мискейден шорулдата ичишээр эле. Анын мурдуна ошол начар эттин саңырсыган жыты ургандай боло түштү, кулагына матростордун кашыктарды мискейге улам чаңкылдата ургулап, чалпылдата тамак ичип атканы да кадимкидей угулгансып кетти. Чочкодон айырмабыз болгон эмес экен деди ал ичинен. Эми бул жерден абыдан сак, аяр болуш керек. Алдына келген тамакты тырс этип дабыш чыгарбай адептүү жегенге аракет кылышы керек.

Акырын столду тегеректеп отургандарга көз кырын салды. Бет маңдайында отургандар Артур менен Норман. Руфтун бир туугандары деди ичинен, ошол замат ичи ысып, аларга мээрими балкып кетти. Карачы, буларды, бири-бирине үйрүлө түшүп турушат экен! Ошол замат эми эле Руфь апасын кантип утурлап тоскону, экөө кантип ооз учунан өбүшкөнү, анан кыналыша өзүн көздөй баскандары кайрадан көз алдына келе түштү. Өзү чыккан карапайым дүйнөдө болсо  ата-эне менен балдарынын ортосунда мындай сыпайы сылык мамилелер адат эмес эле. Мунун баары ага ачылыш сыяктуу болуп жатты, жанатан бери байкагандарынын баары ак сөөктөр жетишкен бийик даражанын далили болду.

Бул көрүнүш Мартин өзү ушул дүйнөдөн көрүп турган сонундардын сонуну эле. Карап туруп көңүлү балкып, жүрөгү көлкүлдөп эрип бараткансыды. Ушул тапта бүткүл табияты сүйүүнү, жакшы көрүүнү эңсеп кетти. Анткени сүйүү анын жашоосунун али орду толо элек, ажырагыс зарыл муктаждыгы эле. Бирок ал мунсуз эле жашап келди го, жалгыздыктан жабыркаган жан-дүйнөсү барган сайын катаалдашып баратканын билген да, сезген да жок эле. Сүйүүгө муктаж экенин өзү эгерим аңдаган эмес, ага азыр да башы жетпей олтурат. Ал сүйүү кандай болорун эми бул жерге келгени сыртынан гана көрүп турду, мунун баары ага ушунчалык баасы жок асыл, кол жеткис бийик, укмуштуудай керемет болуп көрүндү.

Баарынан да азыр үйдүн кожоюну мистер Морздун жоктугуна кубанып жатты. Руфь, анын апасы жана бир тууганы Норман менен таанышканы деле жетишет. Артурду болсо анча-мынча билип калды да. Анан атасы менен да таанышуу ашыкча болуп кетмек. Өмүрүндө ал эч качан мындан кыйын ишти аткарган эмес.  Дүйнөдөгү эң оор деген жумуш мына бул окуя менен салыштыра келгенде ага азыр жөн эле баланын оюнундай сезилип турду. Мурда колу көнбөгөн момундай майда-барат ишти кылам дебатып кыйналганынан чекесинен мончоктогон тери чыпылдап, үстүндөгү жегдеси да сууланышып чыкты.

Ал тамакты эми мурдагыдай баса калбай, кантип колдонорун билбеген мына бул жаркыраган аспаптардын жардамы менен жеши керек, акырын башкаларга көз салып байкап, алардан үйрөнө да отурушу керек, ошол эле маалда сырттан тынымсыз агылып келибаткан жаңы таасирлерди өзүнө сиңирип, аларды аң-сезиминде иреттеп да отурууга тийиш; анан да жүрөгүнө чок салып, бүдөмүктөгөн кусалык ойготкон кызды элжирей тиктеп, ал жашаган жашоонун чөйрөсүнө аралашсам деген эңсөөсү зарыктырып, ага кантип жетсем деп тынымсыз ойлоп кыйнала да берди. Бет маңдайлаш олтурган Норманды же башкаларды улам көз кыйыгы менен тиктеп коёт, алардан бычак, айрылардын кайсынысын кандай учурда колдонуш керектигин кунт коё байкап олтурду; ошол эле учурда ал отургандардын жүздөрүн жакшылап эстеп калууга жана өзүнүн Руфь менен канчалык мамиледе экенин билүүгө ынтызарланып жатты.

Мындан тышкары ал сүйлөшү, башкалардын ага айткандарын же эмне тууралуу кеп болуп атканын  угушу, зарыл учурда аларга жооп кайтарып, бирок мында бейбаш сүйлөп көнгөн тилинен балп эткен бирдеме кокус чыгып кетпесинен сактанып отурушу керек эле. Дагы бир коркунуч — кара басып, үй кызматчысы да жаны тынбаган эпилдеген неме экен, дабыш алдырбай улам далысынан пайда боло калып, мойнун созо табышмак сезилген ар кандай тапшырмаларды берип, жооп бергенге аргасыз кылып атканы аны ого бетер жүдөттү. Баарынан да тамак ичип бүткөн соң манжалардын учун салып чайкай турган чөйчөкчөнү ойлоп сар-санаага батканычы.

Ойлобоюн десе да болбойт, бул эмне болгон идиш болду экен, аны качан алып келишет деп ичинен бушаймандана берди. Буга чейин укканы гана болбосо, аларды дегеле көзү менен көргөн эмес, мына эми азыр алып келгени турушат, анткени ал тамактан кийин манжаларынын учун дайыма суу менен чайкап көнгөн мартабалуу ак сөөк жандар менен бир үстөлдө чогуу отурбайбы. Андай болгон соң аларга кошулуп, өзү да манжаларын чайкашы керек. Бирок баарынан да аны камтама кылганы, бул адамдар менен деги өзүн кандай кармаса экен? Мээсин чыңалтып, тынчын алыбаткан ой ушул болду. Бир туруп өзүнүн ким экенин билдирбей, амалданып койсомбу дейт, бирок ошол замат башка опуртал санаа оюна келе түшөт: анте да албайт, себеби жасалмалуулук ага жат эле, минте турган болсо, абийири ачылып, уят болуп калышы турган кеп.

Ушул сыяктуу сарсанаага батырган ойлор менен алпурушуп отуруп, Мартин түшкү тамактын биринчи жарымын олуттуу кармана сабырдуулук менен өткөрдү. Мунусу менен ал Артурдун үйүндөгүлөргө: мен түшкү тамакка бир жапайы немени ээрчитип келем, бирок силер андан эч чочубагыла, анткени жапайы болгону менен өтө кызык бала деп алдын ала кабарлап койгон тымызын кастыгын ашкерелеп койгонун өзү билген жок. Руфтун бир тууганы ушундай тымызын саткынчылыкка жөндөмдүү экени Мартиндин оюна да келген эмес, анткени аны төпөштөйбүз дегендерден арачалап калбады беле. Ошентип ал өзүн азыр санда жок бир бечара экенин сезип, бирок айланасында болуп аткан нерселерге суктануу менен карап олтурду.

Тамак ичкен жалаң гана табигый муктаждык эмес экенин Мартин алгачкы жолу ушул жерден түшүндү. Мурда эмне жеп атканын эсине да алчу эмес.  Тамакпы, тамак, аны жеш керек дегенден башка ой жок эле.  Эми болсо мына бул аземдүү, кардай таптаза алжапкыч салынган үстөлдө отуруп, тамактануудан улам козголгон кандайдыр бир ичин ысыткан керемет сезимдерге балкый канаатанып отурду, анткени тамак ичүү бул жерде, көрсө, эстетикалык ыракат тартуулаган иш тура.

Чарк урган акылы тынымсыз иштеп жатты. Тегерегиндегилер ал маанисин түшүнө бербеген, китептерден гана кезикчү сөздөрдү сүйлөшүп атышты. Мындай сөздөрдү ал жашаган чөйрөдөгүлөр дегеле билбейт, буга тилдери да келбейт. Ошондон уламдыр, мындай сөздөрдү мынабул үйдөгүлөр эч бир кыйналбай эле эркин айтып сүйлөшүп жаткандарына суктанганынан денесин майда калтырак да аралап кеткенсиди. Ал китептерден гана окуган кызыктын, кереметтин баары, көрсө, чын турбайбы. Муну ойлогон Мартин кыялы күтүлбөгөн жерден орундалган кишидей жыргалга бата магдырап отурду.

Жашоосунда ал өмүрү мындай даражага көтөрүлгөн эмес. Байкап, угуп отуруп, «ооба, мисс», же «жок, мисс», же болбосо Руфтун апасы кайрылса «ооба, мэм» же «жок, мэм» деген гана жоопту узатканга аракет кылып жатты. Деңиз эрежелери боюнча аз жерден анын инисине «ооба, сэр» деп да жибере жаздады. Антсе анда өзүн булардын астында басынтып алмак, чындап Руфка жеткиси келсе, мындай болбошу керек. Буга анын намысы да жол бермек эмес. Кудай акы, деп ойлоду ал, менин булардан эмнем кем, эгерде алар менден көптү билсе, анын баарын үйрөнүү менин деле колуман келет. Бирок кез-кези менен Руфь же апасы ага «мистер Иден» деп кайрыла калышканда, эмелеки намыска алдырган кежирлигин унутуп, кулакка жагымдуу бул сөздөн жүзү жарк дей түшүп жатты.  Мартин азыр буга чейин өзү китептерден гана окуган адамдардын чөйрөсүндө тамактанып отурган маданияттуу киши эле. Ал кудум эле ошол китептерге сүңгүп кирип кетип, мукабаланган калың томдордун барактарын аралай саякаттап жүргөнсүдү.

Мартин үстөлдө Артур айткандай, жапайы эмей эле, момураган сылык, тынч, сыпаа отуруп, жанындагылар менен өзүн кандайча кармоо керек деген гана ой менен алпурушуп жатты. Негизи ал өлжүрөгөн жоош эмес эле, андыктан биерде анын өктөм мүнөзү экинчи ролдо болубатканы менен эч бир келише албай атты. Ошенткени менен ыгы келген кезде гана кыска сүйлөп коюп отурду, бирок оозунан чыккан сөздөрү анын улам бир эмерекке урунуп атып конок тоскон бөлмөдөн ашканага келген ахыбалын эстетип турду.

Мартин оюнда өзүнүн көп тил аралашып кеткен сөз байлыгын кыйнала аңтарып, керектүү сөздү туура айта алар бекенмин, өзүнө жат болуп калган сөздөрдү колдонсо буларга түшүнүксүз, орой угулбас бекен деп чочулап жатты, сөзгө чукактыгы ага эми минтип кедергисин тийгизип, эмнени көрүп, эмне ойлоп атканын айтканга тоскоол болобу деген түпөйүл ой тынымсыз мээсин мыжып, кыйнаганын айтпа. Андан тышкары, анын өктөмдүгүн крахмалданган жакасы да мойнуна салынган иттин каргысындай кыкыйта муунтуп, ого бетер мокотуп, жүдөтүп атты.

Мартин минтип көпкө туруштук бералбас. Аны чырмап алган тыбыраган сезимдери менен ойлору болсо улам сыртка тээп, так бир калыпка ээ болгонго ашыгып атты; ошентип отуруп бир маалда каерде отурганын унутуп, айта жүргөн эски бир сөз оозунан чыгып кетсе болобу.

Мартин баятан бери кубаңдаган көлөкөдөй артынан кетпей жадаткан малайдын сунган тамагын колу менен жаңсап артка кайтарып жатып, кыска жана даана мындай деди:

— Пау.

Үстөлдө олтургандар таңгала дымый түшүштү, бул акыры ушинтмек дегендей мылжыйган текебер малай болсо бырс күлө жаздап өзүн араң басты, айтаарын айтып алып, чочуп кеткен Мартин өзү да селдейе түшүп катып калгансыды. Бирок тез эле эсине келди да:

— Бул канак деген элдин сөзү, — деп жиберди, — мааниси «болду», «жетишет» дегенди билдирет. Кокусунан оозуман чыгып кетти. – Ошол замат ал өзүнүн колдоруна кызыга карап калган Руфтун көз карашын байкай коюп, анын үнсүз узаткан суроосуна жооп кайтаргандай, кебин улантты: — Мен азыр эле Тынч океандык почта линиясын тейлеген кемелердин биринен түштүм эле. Кеме кечигип келгенинен портто жүк жүктөп калдык. Кара терге малына, берилип иштеп атканбыз. Колумдун терисин ошол жерде сыйрытып алдым эле.

— Жок, мен аны караган жокмун, — деди Руфь шашкалактап, — сиздин колдоруңуз мүчөңүзгө салыштырмалуу кичирээк көрүнөт экен.

Бирөөлөр анын дагы бир кемчилигин көрсөткөндөй Мартин кызара түштү.

— Ооба, туура айтасыз, — деди ал кейигенсип, — менин муштумум алсыздай көрүнөт, бирок каруу булчуңдарым качырдыкынан да күчтүү, соккусу да оңбогондой. Бирок кимдир бирөөнү тумшукка урганда эле ушинтип колумду канжалатып алмайым бар.

Мартин бул сөздү айтарын айтып алып, кайра өзүнө нааразы боло түштү.  Өзүнүн сүйлөгөнүн көзөмөлдөбөй, кайдагы бир болбогон кепти ашыкча былжырап ийгени үчүн өзүнө жийиркенип да кетти…

— Мурда тааныбасаңар деле Артурга убагында жардамга келгениңер абдан азаматтык болуптур, — деди Руфь Мартиндин саал сүрдөнө түшкөнүн сезе коюп, бирок мунун себебине түшүнгөн жок.

Анын сылык адебин түшүнүп баалаган Мартин кыздын алкышына эргип, токтоналбай кетип, чоркок тилин дагы эркин агытып коё берди:

— Түккө турбаган ишчелик кеп. Менин ордумда башка болсо да ошентмек. Урунаарга тоо таппаган бир ууч каңгып жүргөн сандалбаптар да. Артур аларга тийишкен деле жок. Жалгыз кишиге жапырт жабылганда мен карап турмак белем, өзүлөрүн тике качырдым, сазайын жакшылап эле колдоруна бердим окшойт. Ырас, колумдун сыртын бир аз сыйрып алдым, эки-үчөөнүн тиши күбүлдү окшойт тигилердин. Өзүлөрү келип катылгандар ушуну көрмөк. Эми мен мындайды көргөндө барбы…

Ушул замат ал өзүнүн Руфь менен бир абадан дем алууга да татыксыз бечара экенин эстей калып, оозун ачып баратып унчукпай калды. Ошол маалда Артур да жөн турбай, паромдо болгон окуяны жыйырманчы жолу кайталап бежиреп айтып кирди, — аракка тоюп алган кайсы бир безери мастар ага кол салган экен, анан кайдан жайдан Мартин Иден келе калып арачалап куткарып алыптыр. Ал антип айтып атканда окуянын каарманы болсо каштарын үрпөйтө унчукпай, аша чаап кеткенине дагы эле наарзылана, өзүн бул чөйрөдө кантип алып жүрсөм экен деген баягы түпөйүл ойго кайрадан батып кетти. Эмне сүйлөп, эмне кылса да анысы орду менен болбой атпайбы. Бир тукумдан болбогон соң буларчылап асемдеп сүйлөй алмакпы. Түшүнүктүү да.  Же аларды эле туурай берсечи? Бирок бул оюну ордунан чыкпай тургандай сезилди, анткени анткорлук анын табиятына жат нерсе эле.

Алдайын же жасалма кылайын деген өмүрүндө болгон эмес. Эмнеси болсо да ал өзүнүн турган турпаты кандай болсо, ошондой кала берүүнү туура көрдү. Азырынча алардын тили менен сүйлөй албай жатат, бирок бара-бара сөзсүз буга жетишет, ичинен ишенип турат. Эми эмне, таптакыр унчукпай отура бермек беле! Өзүнүн көнгөн кара жалпак тили менен эле, бирок алардын эсин чыгарбагыдай, жатык, түшүнүктүү кылып, жумшарта сүйлөгөнгө аракет кылат. Кечке дымын чыгарбай, эч нерсе түшүнбөсө да уккандарын түшүнгөндөй түр көрсөтө тымпыйып олтура берсе, тигилер чынында эле бул бирдемени түшүнүп атат экен деп ойлоп калышын такыр каалабай турду.

Ошондуктан университеттеги иштердин жайын сүйлөшүп жатышкан ага-ининин «триг» деген сөздү бир нече ирет кайталашканын угуп калган Мартин жанагы оюна баш ийип:

— «Триг» деген эмне? — деп сурап калды.

— «Тригонометрия», — деди Норман. — Жогорку «матиканын» бир бөлүгү.

— А «матика» деген эмне? — деп дагы сурады эле, анысына Норман кытмыр жылмая түшкөнсүдү.

— Математика, арифметика.

Мартин түшүндүм дегендей башын ийкеди. Ал даанышмандыктын түпсүз кыйрына кол сермегендей боло түштү. Бирок элестеп көргөн нерселери ошол замат так формаларга ээ болду, жандуу кыялы көзгө урунбас бул элестерди айкын образдарга айландырып жиберди. Тригонометрия, математика жана бул сөздөр символу болгон билимдин башка бардык тармактары анын мээсиндеги бырыштарга аттын кашкасындай дапдаана чийилип, жата түшкөнсүдү. Ал кадимки сүрөттөгүдөй жашыл жалбырактарды, күн нуруна бирде жарык боло калып, бир туруп арасын алтын шоола аралаган ачык аянтчаны көрүп турду.

Алыстан анын баарын көлбүгөн кызгылтым жука туман каптап тургансыйт, бирок ал мына ушул тумандын ары жагында белгисиз сырдуу, керемет бир дүйнө жатканынан түк шек санаган жок. Мунун баары анын башын шараптай эңги-деңги кылып турду. Мында эрдик жасаганды эңсеткен, ой сермеп, иштегенге кенен мейкиндик, анан,- ушул жерден анын дил түпкүрүнөн жылт эткен бир ой өзүнөн-өзү ачылып чыга келди, — маңдайында олтурган лилия гүлүндөй үлбүрөгөн кызды багындырууга аттанса боло турган чалкыган бир ажайып дүйнө жаткан эле алдыда.

Жанатан бери дилин жаркытып турган бул элес Мартин эми алдын ала өзү айткан жапайылыгын качан көрсөтөр экен деп байкатпай ынтызарланып, анысын бир туугандарына түркүн ишара кыймыл менен жеткиргенге абдан аракет кылган Артурдан улам кайдадыр житип кеткенсиди.

Мартин Иден эч кандай жасалмасы жок эле өзүмдү кандай болсом, ошондой кармайм дегени эсинде эле. Эми баягыдай кысынбай этпей, өзүн өзү кадимкидей эркин башкарып, адегенде бир аз буйдалса да, бара-бара өрөпкүгөн чыгармачылык эргүүгө берилип, турмушту өзү кандай билсе, ошондой баяндоого умтулуп, аңгеме айтып кирди.

Бажы катери аткезчилик менен шугулданган «Хальцион» кемечесин кармаган чакта ал ошондо жалданма матрос эле. Мартин дээринен көрөгөч байкагыч, анан да көргөндөрүнүн ширесин агыза айта билген мыкты аңгемечи да болчу. Ал буркан-шаркан түшкөн албуут деңизди, кемелерди, командадагы адамдарды сүрөттөп, элеске бай кыялынын күчү менен угармандарын азгырып, аларды окуяга өзүнүн көзү менен кароого аргасыз кылыбатты. Даргөйү нукура сүрөткердин кылдат туюму менен жарыкка, кулпурган түркүн-түс боёкторго жана жандуу кыймылга жык толгон окуялардын ичинен эң таңгалыштуусун, эң укмуштуусун тандап алып, угуп олтургандарды өзүнүн куюлушкан сөзү, эргүүсү жана кайраты менен уютуп, биротоло арбап салды. Бир туруп угармандарын анын аңгемесинин үрөйдү учурган чындыгы, бир туруп уккан кулакты өйкөгөнсүгөн сөз айкаштары чочутуп атты, бирок анын сүрөттөөсүндөгү оройлук ошол замат не бир жаркын салыштыруулар менен, ал эми жанды кейишке салган жерлери матростордун ойго келбеген тапан, куунак-шайыр тамашалары менен ширелише кезектешип, алмашып турду.

Мартин Иден сүйлөп бүткүчөктү кыз андан көзүн албай, суктана карап отура берди. Жигиттин ысык деми ага да өтүп, кадимкидей жылытып аткансыды. Өзү буга чейин кантип мындай мерездик менен жашап келгенине таңгалып да отурду кыз бала. Ошентип отуруп, мына бул күчтүү, ден соолугу жанар оттой ташкындап турган келбети келишимдүү, турган турпатынан жалыны ашып-ташкан жигитке боюн таштап, ага кыналгысы келип кетти. Капылет келген бул каалоонун азгырыгы ушунчалык эле, кыз өзүн-өзү араңдан зорго токтотуп, кармап тургансыды. Бирок ошол эле маалда аны кандайдыр бир сезим Мартинден оолактатып турду. Бул анын оор эмгектин жана ыплас жашоонун тактары калган колдору, чытырап көөп турган булчуңдары, байлама жакасы өйкөп салган коло түс мойну эле.

Баян айтып келатып, анын оозунан чыгып кеткен ар бир орой сөз Руфтун кулагын кызартып, жигиттин жеке таржымалындагы олдоксон майда-бараттар назиктиктен бүткөн жан дүйнөсүнө акаарат келтирип жатты. Ошентсе да аны шайтан айдагандай азгырыктуу сыйкыр күч коё бербей, болбой эле жигитке тартып турду. Угуп отуруп мээсиндеги буга чейин бекем орноп калган калыптуу түшүнүктөр улам барган сайын эмнегедир өзүнөн өзү олку-солкулана алсызданып, түркүктөрү четинен бошоңдой берди. Мартиндин романтика менен шумдук окуяларга толгон өмүрү анын көнүмүш болуп калган бардык шарттуу түшүнүктөрүн четке сүрүп салгансыды.

Жигиттин арамдыгы жок таза күлкүсүн, не бир опуртал коркунучтарга толгон кызыктуу, шайыр аңгемелерин укан сайын берилген Руфь жашоону эми, ушул мүнөттөрдөн тарта мурдагыдай олуттуу жана татаал нерсе катары эсептегиси келбей баратты: жашоо эми ага каалаган жагын көздөй айлантып ойногонго жагымдуу, бирок бирөөгө кармата берсе деле эч өкүнгүс оюнчук сыяктуу сезилип баратты. «Мына, эми сен да ойной бер, — дегендей болду ички туюму, — ошончолук каалап турсаң, ага боюңду кына, асылып, мойнунан кучакта». Мындай жеңил ойлуулугуна кайра жини келе түшүп, өзүн-өзү күнөөлөгүсү келди, бирок бул тымызын туйгусуна аруулугун, маданиятын – деги кой, аны ушул жигиттен айырмалап турган бардык нерселерди каршы коёюн деди эле, анысынан майнап чыкпады.

Ойлору сапырылган Руфь айланасын кыдырата караса, башкалар да Мартиндин аңгемесин кунт коюп, дымын чыгарбай, көшүлө тыңшап отурушкан экен, бирок апасынын көздөрүнөн, бир чети, өзүнүкүндөй эле таңгалган чочулоону байкады да, бул ага кайра дем бере түштү. Эсине келе калып, ооба, орой деп эсептелинген караңгы дүйнөдөн чыккан бул адам – жамандыктын туундусу эмей эмине деди. Муну апасы деле көрүп билип турбайбы, — демек ошондой да. Боло келгендей эле Руфь апасынын көз карашына макул болгонго дайыма даяр эле. Мартинден уруп турган жалын эми Руфту баштагыдай тызылдата каптабай калды, андан келип жаткан түпөйүл коркунучтун курчу да кадимкидей мокой түштү.

Тамактан кийин экөөнүн ортосун эки жээк кыла бөлүп турган түпсүз туңгуюкту ого бетер тереңдетүүнү кааладыбы, тымызын сырдана кыз ага рояль ойноп берди. Анын музыкасы Мартиндин эсин оодарып, башка чапкандай кылды, бирок ошол эле маалда жан-дүйнөсүн сапырып, кыялдарынын тозоңун чыгара аңтар-теңтер түшүрдү да кетти. Ал Руфка суктанып, ичи элжиреп карап турду. Кыз сыяктуу ал деле ортодогу туңгуюктун ого бетер тереңдей түшкөнүн сезди, бирок Мартинде барган сайын бул ажырымды аттап өтсөм деген каалоо күч алып баратты. Ал кылт эткен сезимтал жана ийкем жан болгондуктан, жылжыган музыканы тыңшап коюп, экөөнү бөлүп турган түпсүз ажырым туурасында кечке ойлонуп, жайбаракат отура бергенге кайыл эле.

Музыка дайыма ага өзгөчө катуу таасир этчү. Чебер колго ачытылган накта шараптай музыка аны не бир тайманбас ойлорго, эрдиктерге шыктандырып, кыялын ширемас кыла, булуттардын үстүнө алып чыгып кетер эле. Өзүнө канат бүткөнсүп сезилчү мындайда. Тегеректеген кунарсыз тирилик жашоо ордун оюн азгырып кыялдарын ээрчиткен не бир жаркын, не бир сонун кереметтерге бошотуп берип, кайдадыр четке сүрүлүп кетчү. Арийне, Руфтун эмнени ойноп жатканына ал түшүнгөн деле жок. Бул Мартин матростордун үлпөт кечелеринде угуп жүргөн күүсүнөн жанган сынык пианинонун каңгыраган доошуна же үйлөмө оркестрдеги кулак тундура бапылдаган жез сурнайдыкына түк окшобойт.

Кулактан жылжып куюлуп кирип бойду эриткен мындай сыйкыр музыка туурасында ал китептерден окуп калчу, бирок азыр кулагына жат болгон көнүмүш ыргактарды таппаса да Руфтун ойногонун жан-дили менен кабыл алып, көлкүлдөп жибип бараткан тула бою менен сезибатты. Кээде ага ыргакка шайкеш келген элестерди кармагансып сезилип жатты, көз алдына тартыла түшкөн көрүнүштөрдү ошол ыргактарга жуурулуштуруп, бириктиргенге даяр эле, бирок алар ошол замат башаламан үндөрдүн арасында кайда житип кетип жатканы билинбей, көкөлөгөн кыялдары тирөөчү жок оор салмактай кайра төмөн карай кулап жатты.

Ушул арада ага кайдан жайдан Руфь мени шылдыңдап жатабы деген ой да келе калды. Кыздын ойногонунан ал кандайдыр бир билинбеген тымызын кастыкты, теңсинбөөнү сезгенсип, клавишаларды койгулап ойноп жаткан колдору эмнени айткысы келибатканын билүүгө аракеттенип жатты.

Бирок ал мындай татыксыз ойду шак эле башынан алыс кубалап салып, кайрадан музыкага берилип, магдырап кетти. Баштагы ажайып көрүнүштөр кайрадан жылоолоно, болгон дитин ээледи. Укмуш, буттары жерден үзүлүп, өйдө көтөрүлүп баратыры, денеси каалгыган рухка айланды, каректерине чагылышкан укмуштай жаркыраган нур көз алдынан кең жайык дайра болуп жайыла агып бараткансыды. Айланасындагы чын дүйнө кайдадыр жоголуп, өзү болсо көптөн бери кыялында эңсеп келген таптакыр чоочун, кооздукка тунган дүйнөдө каалгып учуп жүргөнсүдү.

Бул жаркын көрүнүштөрдүн ичинде тааныш да, бейтааныш да нерселердин баарысы аралашып, жанды койбогон азгырык элестер көз алдынан кетпей айланчыктап туруп алды. Мартин ысыгы лапылдаган өлкөлөрдүн бейтааныш портторун көрүп, кыжылдаган эл толгон аянттарды, өмүрү башкалар көрбөгөн жапайы уруулардын кыштактарын аралай кезип жүрдү. Мурдуна деңиздерде сүзүп жүргөн кезинде каны катып, суусундук издеп атайын сүзүп барчу жылуу түн чүмкөгөн аралдардын тааныш атыр жыты ургансып кетти, андан ары тропикалык узак күндөр бою Улуу океанда, көк мейкиндиктин бетинде бирде көрүнө калып, кайра жок болуп турчу пальмалар жыш өскөн маржан аралдардын арасында сүзүп жүрдү.

Бул элестер кандай бат пайда болсо, ошондой эле ылдамдык менен абага сиңгендей дайынсыз жоголуп кетип жатты. Бир туруп ал какыраган чөлдө дүпүрөтө ат чаап бараткандай болот, бир туруп табы куйкалаган ысык абанын закымдаган жука түтүнүн арасынан Ажал Өрөөнүнүн апакай күмбөзүнө көз салып же зыңкыя тоңгон эбегейсиз чоң аралдары күн нуруна чагылышкан Муз океанынын толкундарында калак шилтеп бараткансыйт. Кээде маржан аралдагы кокос пальмасынын көлөкөсүндө жатып алып, деңиз толкунунун бир калыптагы шарпылдагына кулак төшөп тыңшагансыйт. Тигине, кыйроого учураган эски кеменин тулкусу көгүлтүр жалынга алоолонуп жаткансыйт, андан шоокумдана жайылган сырдуу жарыкта бийчилер менен ырдагандардын буулуга озондогон үндөрү, гавайдык гитардын доошу менен там-тамдын тарсылдаган дабышынын коштоосунда «huia» бийин бийлеп атышат. Делебени козгоп, мемиреген тропиканын түнү көшүлөт. Коюу жылдыз жыбыраган капкара асмандын алыскы төнүмүндө жанар тоонун сөлөкөтү үрүл-бүрүл мунарыктап көрүнгөнсүйт. Төбөдөн болсо күңүрттөнгөн күмүш табактай ай жай гана калкып баратыры, горизонт менен биригип кеткен жапыз кыйырдын этегине шыкалган Үч Аркардын жылдыздары жымыңдайт.

Ушул турпатында Мартин эол арфасына окшошуп турду. Анын өмүрүндөгү көргөндөрү менен башынан өткөргөндөрү арфанын кылдары болсо, ал эми музыка көкүрөгүндөгү эскерүүлөрү менен куса-арманын козгоп, аларды күүгө сала термеген айдарым шамал сыяктуу эле. Ал жөн гана сезимге алдырган жок. Ар бир туйгусуна жан кирип, калып менен боёкко ээ болуп, кандайдыр бир керемет жана сырдуу жолдор аркылуу көзгө даана көрүнгөн элестерге айланып жатты. Өтмүшү, азыркысы жана эртегиси бир бүтүнгө айланып жуурулушуп кеткенсиди; ал кызга жетиш үчүн не бир улуу эрдиктерди жасай турган, чексиз, кыйыры карек талдырган кең, табы ысык, көз жоосун алган кооз ааламга баш оту менен сүңгүп кирип кетти. Мына эми арзыганына жетип, экөө бирикти, аны кучагына бекем кысат да өзүнүн ширин кыялдарынан жаралган керемет ааламына алып кетет.

Руфь Мартиндин ийнин арта карап, анын эмне ойлоп, эмне сезип турганын жүзүнөн эле окуп койду. Бул эми бакырайган көздөрү дабыштарды аралай тигилип, ал жакта күпүлдөп уруп турган тириликтин демин жана ээ-жаа бербей чабыттаган кыялдардын эбегейсиз чоң караандарын көрө билген таптакыр башка адамдын өңү эле. Руфь эсин жогото түштү. Эмелеки орой, олдоксон жигиттин изи да калган жок. Кыз анын начар тигилген костюмун, жарадар болгон колдорун, күнгө алдырган жүзүн мурдагыдай эле көрүп турса да,  мунун баары эми ага кудум темир тор сыяктуу гана болуп көрүндү, анын артынан кыз тилсиз, алсыз, бирок улуу адамдын чалкыган жан дүйнөсүн көрүп турду, мындан улам толкуп келген сезимдерин айтып түшүндүргөнгө ага сөз жетпей калып жатты. Бирок муну Руфь чагылгандай көз ирмем ичинде гана көргөндөй болду; эби жок олдоксон жигит ошол замат кайрадан пайда болду да, кыз өзүнүн кыялына өзү күлүп жиберди.

Ошенткени менен эмелеки көз ирмемден алган таасири көңүлүнө уюп калды, кеткенге камынган Мартин олдоксон басып, коштошуу үчүн жанына келгенде ага Суинберндин менен өзү окуп жаткан англия адабиятынын курсунан Броунингдин бир томун суна берди. Бирдеме деп күбүрөп ыракмат айткан Мартин ушу тапта ага балакай сыяктуу көрүнүп, эрксизден ага карата боор ачыган энелик мээрими ойгоно түшкөнсүдү. Руфь эми олдоксон жигитти да, мусаапыр өңдөнгөн бечараны да, аны эркектин сүйкүм чачкан, бирок чочулаткан сүрдүү көз карашы менен караган жигитти да унутуп койду. Анын алдында өзүнүн туурулуп кеткен таштай катуу колу менен өзүнүн колун сындырып жиберчүдөй бекем кысып, мукактана сүйлөгөн балакай гана турду:

— Бул менин өмүрүмдөгү эң сонун күн. Билсеңиз, мен мындайга, — деди ал айланасына абдырай көз чаптырып, — мындай адамдарга, мындай үйлөргө көңгөн эмесмин… Мунун баары мен үчүн чоң жаңылык болду… бул мага бөтөнчө жакты.

— Биздикине дагы келерсиз дейм, — деди Руфь Мартин анын бир туугандары менен коштошуп жатканда.

Мартин эмне дээрин билбей, кепкасын башына кондура калып, босогодон мүдүрүлө аттады да чыгып кетти.

— Кандай, ал сага жактыбы? — деп сурады Артур.

— Өтө кызык экен. Баарыбызга таза абанын жели келип кеткендей болду окшойт, — жооп кайтарды ал. – Канча жашта болду экен?

— Жыйырмабы же жыйырма бирде болсо керек эле. Бүгүн сурагам, бирок аны мынчалык жаш деп ойлобоптурмун.

«Демек, мен андан үч жашка улуу турбаймынбы» — ойлоду Руфь, инилеринин беттеринен өөп, бейпил түн каалап жатып.

III ГЛАВА

Тепкичтен ылдый түшүп баратып Мартин Иден чөнтөгүнөн бир чымчым мексика тамекисин, бир үзүм жука күрөң күрүч кагаз алып чыгып, тамеки ороду. Ыракаттана терең сорду да түтүндү шашпай алкактанта өйдө үйлөдү.

— Туй ата! — деп жиберди ал маашырлана таңгалып. — Туй ата! — деди дагы кайталап, бир саамга унчукпай калды да анан дагы бир жолу күбүрөдү: — Ох ата! Анан кыкыйган жакасын чечип чөнтөгүнө урду. Сыртта муздак жаан шыбыргактап турган экен, бирок жылаңбаш, көкүрөгү далдая ачык Мартин эч нерсеге көңүл бурбай, теңселе басып келе жатты. Жаап аткан жаанды сезген да, тоготуп да койгон жок. Өзүн өзүнө унуткарган чексиз жыргалдын кучагында магдырайт, өңүндө түш көрүп жаткансып, эмелеки көргөндөрүнүн баарын кайрадан эстеп келатты.

Мына, ал, мурда чыны, кээде гана ойлой калып кыялында элестете жүргөн аялга жолукту, аялдар туурасында ой жүгүртүү ага таандык мүнөз эмес эле, бирок ошентсе да бир күнү эңсегенине жолугам деген бүдөмүк ой санаасынан сыдырыла калып жүрчү. Жолукканда да кандай аялга жолукту дейсиң, аны менен бир үстөлдө чогуу отуруп, колун кысты, көздөрүнө тигиле карап, алардан бул ааламга жарык чачып турган ченде жок сулуулукту, анын үлбүрөгөн жан дүйнөсү катылган чыбыктай денесин көрдү. Бирок аны Мартин кадимки дене деп ойлогон жок. Бул ага ачылыш болду, анткени Мартин эч качан аялдар туурасында минтип өзгөчө ойлонгон жан эмес эле. Кыздын денеси бөтөнчө эле, демек, ага кадыресе оору-сыркоо деген жологус болууга тийиш. Бул дене кыздын жанын гана катпай, анын ички дүйнөсүн нурдантып, сөз жеткис кудайы керемет маңызынын аруулукка, кооздукка айланышы эле.

Мындай шумдуктуудай кудайы таасир Мартиндин жакасын карматып, анан эргиген кыялдарын бир паста тозутуп жиберди да, кадыресе көнүмүш ойлорго кайтарды. Ушул убакка чейин анын аң-сезими бир да сөз, бир да кеңеш, бир да ишара аркылуу жараткандын бул сыяктуу кереметине чалдыгып көргөн эмес. Мартин эч качан мындайга ишенген жан эмес эле. Ал дайыма дини жок жашаган пенде катары, молдолор менен жандын өлбөстүгү жөнүндөгү чыгармаларды күлкүгө алып, келекелеп келген. Өзүнө-өзү «тигил дүйнөдө» эч кандай жашоо жок, болушу да мүмкүн эмес; бардык жашоо ушу гана жарык дүйнөдө, андан аркысы түбөлүктүү караңгылык деп койчу. Бирок анын азыр Руфтун карегинен көргөндөрү — өлбөй турган жандыкы эле.

Өзү буга чейин билген эркектер менен аялдардын бири да анда өлбөстүк жөнүндө азыркыдай ойду жарата алган эмес. Ал эми Руфь болсо так ошондой ойду жаратпадыбы! Ал бир карап туруп эле муну кулагына шыбырап койгонсуду. Руфтун жүзү кайрадан көз алдында жайнап турду, ак куба тартып, токтоо, сүйкүмдүү, анан да бото көздөрү делебени козгоп, ушунчалык назик жана боор тартып караганычы, минтип дегеле Мартиндин оюна түк келбеген аруулуктун нурун периштелер гана чачып карай алат болушу керек. Анын пакизалыгы Мартинди айран-таң калтырып, эсин эңгиретти. Дүйнөдө жакшылык менен жамандыктын ар дайым жанаша жүрөрүн ал жакшы билчү, бирок кубулуп турган бул тирүү жашоонун бир белгиси дал ушундай ченде жок аруулук экени оюна да келбептир. Эми айкалышы түбөлүк жашоо эсептелген ошондой аруулуктун, кайрымдуулуктун жана ныпым кемчилиги жок күнөөсүздүктүн эң жогорку үлгү даражасын Руфтан көрүп тургансыды.

Ушул замат аны өлбөстүккө жетишүүнү күсөгөн каалоосу кучагына тартып кетти. Ал кыздын суу ташыгычы болууга да татыктуу эмес экенин, бүгүн кечте аны менен сүйлөшүп отурганынын өзү ага күтүлбөгөн укмуш бакыт болгонун түшүнүп турду. Албетте, бул чынында кокустук гана эмеспи. Мындайга жеткенге ал эмгек сиңирген эмес болчу, болуп көрбөгөн бул таалайга татыктуу да эмес эле. Анын эси-дартын эми пейилин чалкыткан диний маанай бийлеп туруп алды. Заматта жарык дүйнөнүн жыргалынан баш тартып, жанынан кечип салчу кишинин кейпин кийип калды. Күнөөсү арбын адам тобо келтиргенге мына ушундай абалда барат. Анын да айыбы ашкере болбодубу. Бирок кылган күнөөлөрүнө өкүнүп, жалбарып зарлап ыйлап, тобо келтирип, андан кийинки жыргалына көзү ачылган бардык күнөөкөрлөрдөй эле ал да кызга жетер мүмкүнчүлүктү тартуулай турган алдыдагы бактысына жетине албай турду. Бирок бул туурасындагы ниет тилектер туманда калгандай бүдөмүк эле, алар буга чейинки демейде боло келген ойлоруна түк коошпой жатты.

Ээ жаа бербеген кыялдары ага канат бүтүргөнсүп, көз кайкытып, башты тегеренткен көк ирим бийиктикте не бир жаркын, не бир ажайып сонун нерселерге ыракаттана суктанып, Руфь менен сыр чечише, жанаша каалгып учуп жүргөндөй болуп кетти. Бул бардык куник орой нерселерден арылган кош жүрөктүн эркин байламдуу чабыты эле, бирок канча чымырканса да кадыресе ойлордун аягына эч бир чыга албай жатты. Ага аракет деле кылган жок. Дегеле эч нерсе туурасында ойлогусу да келген жок. Кыялы акыл-эсин тумандатып, жан дүйнөсүнүн буга чейин өмүрү туйбаган сезимдерин толугу менен эркине таштап коюп, күүлдөп турган жашоонун чегинен чыга, шуудуруган кусага толкуп ташыган мухиттин агымы менен агып кете берди. Кадимки мастай темтеңдеп, өзүнчө угулар угулбас кобурап баратты:

— Туй, ата! Ушундай да болот экен э!

Бурчта ары-бери баскандарды бакылап турган полицейский кайра-кайра ага шектүү карап, басыгынан матрос экенин байкады да:

— Тоюп алган экенсиң э эргул? — деп сурады.

Ойлору удургуган Мартин ошондо эсине келди. Ал табиятынан ички ийкемдиги, сырткы жагдайга бат ыкташа калчу жөндөмү менен айырмаланчу. Ошондуктан полицейдин үнүн угар замат, эсине келе түштү.

— Шумдугуң кур! — деди күлүп жиберип, — өзүм менен өзүм сүйлөшүп келе жатканымды билбей калган турбаймынбы.

— Дагы бир аздан соң ырдап да киресиң, — деди полицейский анын ахывалын байкап.

— Жо-ок, ырдабайм этпейм эле, андан көрө, ширеңкеңиз болсо бериңизчи, чылым жандырып алайын, анан трамвайга түшөм да үйдү көздөй кетем.

Ал чылымын күйгүзүп алып, полицейскийге түнкү күзөтүнүн бейпил болушун тилеп, андан ары жолун улады.

— Ушул эми сизге жагабы, ыя? — деди ал өзүнө-өзү булдуруктап, — бул кеңкелес мени мас деп ойлоду! — ал бырс күлдү да, ойлогону бул болду: «А мен чын эле кызуу турбайымбы; ургаачынын сулуулугуна мас болом деп түк ойлогон эмес элем».

Телеграф — авенюда ал Берклиге кетип бара жаткан трамвайга секирип түшүп алды. Вагондун ичи студенттик шаңдуу ырды созолонткон жаштарга жык толтура экен. Аларга кызыгуу менен карап баратат. Булар университеттин угуучулары боло турган. Алар да Руфь барчу лекцияларга катышып, Руфь чыккан чөйрөдөн чыгышкан, каалашса, аны менен качан болсо да таанышып, күндө амандашып көрүшө алат. Бирок муну каалашпайт тура, алар Руфь менен аңгемелешүүнүн, ага суктана берилип, урматтап карап отургандын ордуна, минтип көрүнгөн жерде максатсыз каңгып жүргөндү артык санашканын көрүп, таңыркап да кетти. Анан назары кокусунан эрди калбык, жүлжүк көз бир студентке түшө калды. Эч бир түзүк ишке жарабас, суу мурун балакай деп ойлоду ал.

Эгерде бул кемеде болсо коёндой коркок, ыйлаак, анан да жеткен ушакчы болмок экен. Мартин өзүнүн бул мадыра баштан алда канча өйдө турганын ойлоп, ага абдан кубанып да алды. Анткени бул ой аны Руфка дагы жакындаткандай сезилип кетти. Эми өзүн ушул студенттер менен салыштырып кирди. Денеси таштай чың, чымыр булчуңдары ойноп турат, кааласа, булардын кимисин болбосун жалпайта чаап салат. Бирок булардын баштары толтура билим, бул болсо аларга Руфь менен бир тилде сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берет. Мартиндин көңүлүн чөгөргөн ой ушул болду. Бирок ал ошол замат мээ мага деле бекеринен берилген эместир деп ойлоду. Алар жеткенге мен деле жете алам. Ал чыныгы жашоо менен алпурушуп жүргөндө булар аны китептерден гана үйрөнө башташкан эмеспи. Анын деле башында билим толтура, бирок бул башкачараак билим. Кана, алардын кимиси парусту кере тартып, рулду башкара алат же вахтага тура алат?

Ошол замат көз алдынан кадам сайын опурталга толгон, тобокелке салган тайманбастык менен бар-жокко бардаш кылган жашоосу чубуруп өттү. Машыгып жүргөн кезде баштан өткөргөн окуяларынын барысы эсине түштү. Бирок андан дагы эле болсо уттурган жери жок. Качандыр бир кезде мобулардын ичинен да кимдир бирөөсү чыныгы турмуш менен бетме-бет кезигишер, ага да Мартин көргөндөрдүн баарын көрүүгө туура келер. Ошондой эле болсунчу. Ал көргөндү тигилер жонунан өткөрүп сезе баштаганда, Мартин жашоонун башка жагын китептерден үйрөнө баштайт.

Трамвай Окленд менен Берклинин ортосундагы курулуштар сейрек тилке жерден келе жатты. Мартин Иден трамвайдын эшигинин үстүндө «Хиггинботамдын чекене дүкөнү» деген жазуусу бадырайып турган үйдүн тушуна жетишин зарыгуу менен күтүп келатыры. Акыры трамвай үйгө тушма-туш боло бергенде, секирип түштү да, жакын келип алиги жазууга бир мүнөтчө кез жүгүртүп туруп калды. Жазуу андагыны окугандан тышкары да алда канча көп маани берип турду. Жадагалса, андагы тамгалардан да майдачыл текебердиктин, өзүмчүлдүктүн, боор ачыткан кунарсыздыктын илеби уруп тургансыйт.  Ал эми Бернард Хиггинботам деген неме болсо Мартиндин эжесин алган жезде сөрөйү, ошондуктан анын сырын беш колундай жакшы билет.

Мартин ачкычы менен эшикти ачып, үйдүн экинчи кабатына көтөрүлдү. Жездесинин жашаган жери ушул. Дүкөнчө ылдыйда турганы менен чириген жашылчалардын сасык жыты экинчи кабатка чейин саңырсып уруп турат. Ал караңгы оозгу үйдөн өтүп баратып, жайнаган жээндеринин бири жыйнабай унутуп койгон оюнчук арабага чалынып кетти да эшиктин каалгасына карс эте урунду. «Кессе кан чыкпас битир, — деп ойлоду ал жездесин, — мында жашаган адамдар чалынып жыгылып, мурдун талкалап албасын деп газга эки цент ашыгыраак төлөп коюуга да көзү кыйбайт».

Анан сыйпалабатып, эшиктин туткасын араң таап ачты да эжеси менен Хиггинботам олтурган жарык бөлмөгө кирип барды. Эжеси күйөөсүнүн дамбалын жамап олтурган экен, тигиниси болсо апкыты мыйрык эски килем тапичкесин илип алып, сөөгү оркойгон буттарын бири бирине учкаштыра гезит тиктеп отуруптур. Мартин бөлмөгө кирип келери менен окубаткан гезитинин төбөсүнөн капкара, жылтыр митаам көздөрү менен карап койду.

Мартин Бернардды башынан эле өлөөрчө жек көрө турган. Эжеси мындай неменин эмнесин жактырды экен? Ал Мартинге ыпылас курттай сезилип, көргөндө эле таманы менен эзгилеп жанчып салгысы келип турчу. «Акыры бир күнү мунун тумшугун талкалабасамбы», — деп өзүн сооротуп койчу, мына ушул ой гана ага бул адамга чыдаганга жардам берчү. Көрбөйсүңбү, жездеси азыр да жырткычтыкындай заар көз карашы менен Мартинди жактырбай карап турганын.

— Ии, эмне болуп кетти? — деп сурады Мартин жипкире түшүп.

— Каалганы өткөн жумада эле сырдатканбыз, — деди мистер Хиггинботам не капаланганы, не ачууланганы билинбей, — азыр турак-жай оңдогон союздар кандай акы сыйрып алыбатышканын сен кайдан билмек элең. Этияттасаң болбойбу!

Мартин буга жакшылап туруп жооп кайтармак эле, бирок баары бир анысынан эч натыйжа чыкпасын түшүнүп, ал оюнан кайтты. Көңүлүн алагды кылыш үчүн дубалдагы илинип турган хромолитографияга көз чаптырды. Таң кала түштү. Бул сүрөт ага жакчу, бирок бүгүн аны биринчи жолу көргөнсүдү. Сүрөт ушул кепедеги башка буюмдардай эле үчүнчү сорттогу арзыбаган бир буюм болчу. Анын көз алдына өзү азыр эле көрүп келген үй тартыла түшүп, адегенде дубалда кыдыракей илинип турган сүрөттөрдү, анан коштошоордо мээримдүү жылмая колун кыскан Руфту көрдү. Ал өзүнүн кайда турганын, Бернард Хиггинботамдын бар жогун да унутту, качан гана ал сураганда эсине келди:

— Эмне, көзүңө арбак көрүндүбү?

Мартин анын заары учкундаган митаам көздөрүнө тигиле карап туруп, бир оокумда Хиггинботам дүкөндөгү товарын сатып жатканда бул көздөрдүн майланышып, жагынган, кудум эле кулдукундай бөйпөңчүл ыраң болорун эстеп кетти.

— Ооба, — деди Мартин, — арбак көрүнүп атат. Түнүңөр бейпил болсун! Жакшы жатып жай тур, Гертруда!

Ал эшикти көздөй баратып килемге дагы чалынып кетип, аз жерден дагы кулап түшө жаздады.

— Эшикти катуу жаппа, — деп корс этти артынан заар эскерте мистер Хиггинботам.

Шарт кайрылып, ага бурула калган Мартиндин каны башына тээп чыкты, бирок өзүн кармап сабыр кылды да эшикти акырын жаап чыгып кетти.

Мистер Хиггинботам болсо аялына табасы кана карады да:

— Мас, — деди киркиреген үнү менен, — мунуң тоюп келет деп айтпадым беле!

Аялы жасакерлене баш ийкеди:

— Чын эле, көздөрү коюуланып тургансыйт. Мойнундагы жакасы да жок, үйдөн чыкканда тагынып кеткен эле. Мүмкүн, анча деле көп ичкен эместир.

— Эй, бутунда араң турбайбы, — зиркилдеди күйөөсү, — мен киргенде эле байкагам. Чалынып кетпейин деп бир кадам да жасай алган жок ко? Кире беришке  кулап түшкөнүн сен уккан жоксуңбу, ия?!

— Алисанын арабасына чалынып кетти окшойт, — деди аялы, — аны караңгыда байкабай калды да.

Мистер Хиггинботамдын сиркеси суу көтөрбөй, ого бетер итиреңдеп кирди. Күн бою кардарлардын көзүн карап тикесинен тик турса, анан жок дегенде үйүнө келип биртике адамча бели-бутун жазып эс алайын деген ою бар эле, эми көрбөйсүңбү.

— А мен болсо сенин иничегиң мас дебатам!

Ал бул сөздү кесе, болгон заары менен, тимеле ар бир тамгасын станокто басып аткандай айтты. Аялы болсо шаабайы сууп, унчукпай отуруп калды. Бул эткээл борпоң, өмүрү тыкан кийинүү дегенди билбеген, дайыма өз салмагынан өзү жүдөп, оор түйшүк менен күйөөсүнүн такай көрсөткөн запкысынан чүнчүп бүткөн аял эле.

— Мунуңдун араккечтиги атаңардан калган, — деди тиги прокурордон бетер такыктап, — атасы түшкөн жолго бул да түшөт. Ушуну бир билип кой!

Гертруда туура дегендей дагы башын ийкеп, үшкүрүнүп алды да, колундагысына үңүлө кайра тигип кирди. Экөө тең Мартин үйгө өлө мас болуп келди дегенге токтошту. Булар жан дүйнөсү сокур, жашоодогу жаркын нерселерге эчак дүлөй болуп калган адамдар эле, болбосо анын от чачкан көздөрү, жаркылдаган жүзү алгачкы өспүрүмдүк махабатты чагылдырып турганын түшүнүшмөк эле го?

— Балдарды да бузуп атпайбы бул! — кайра күтүлбөгөн жерден бакырды Хиггинботам, аялынын дым дебей олтурганына жаны кашая. Кээде ал аялынын көбүрөөк каршылык көрсөтүп, тилин тартпай, ажылдаша айтышып турушун каалачу. — Эгерде мындай дагы бир жолу кайталанса, иниң бул үйдөн караанын көрсөтпөй жоголсун. Уктуңбу? Менин бешиктен али бели чыга элек балдарым мунун мас кебетесин күндө көрүп, бузулуп кетишин каалабайм! — Мистер Хиггинботам азыр эле гезиттен окуй калган сөздөрүн пайдаланганды жакшы көрчү. — Ооба, бузулуп кетишин. Башкача айталбайсың муну.

Аялы болсо дагы эле үшкүрүнүп, башын ийкеп коюп, тиккенин уланта берди. Мистер Хиггинботам кайра гезитин колуна алды.

— Өткөн жуманыкын төлөдү беле? — сурады ал гезит окубатып.

Аялы ооба дегендей башын ийкеди.

— Анын азырынча акчасы бар.

— Кемеси кайра качан кетет экен?

— Акчасы түгөнөрү менен эле жөнөшү керек, — деди аялы, — ал кечээ күнү Сан-Франциского барып, ылайыктуу кеме издеп келди. Бирок азырынча акчасы түгөнө элек, ошондуктан туш келген эле кемеге жалданып кете бербейт. Кемелерди ылгаганды Мартин абдан жакшы билет.

— Дагы эмне? Кемеде малай болуп жүргөн бул неме өлалбай атып дагы кеме ылгайт бекен?! — Мистер Хиггинботам кекээр күлүп койду, — Ылгай алат имиш! Карасаң деле!

— Ал кайсы бир жерде катылган кенчти издеп алыс жактарга жөнөгөнү турган кеме жөнүндө айтты эле. Эгер күткөнгө акчасы жетсе, ошону менен кетсемби деген.

— Кишидей болуп биерден эле иштегиси келсе, иниңди өзүмө киречи кылып деле алмакмын, — күңк этти күйөөсү. — Том кеткени жатат.

Аялы чочуй түшүп, кабатырлана суроолуу карап калды.

— Ооба, бошоп кетти. Ал Каррузерстерге барган атат. Тигилер көбүрөк акы төлөйт экен. Мен аларчалык төлөй албайм.

— Мына, көрдүңбү! — Гертруда кыйкырып жиберди, — сен анын ишине карабай акысын аз төлөчүсүң. Муну мен айткам сага.

— Эмне?! Эй катын, — деди Хиггинботам буга заарын чача буркулдап, — мен сага менин ишиме алдыгы мурдуңду тыкпай жүр деп миң жолу айткам. Мындан ары кайталабайм.

— Эмне кылсаң, өзүң билчи, — мыңкылдады аялы, — бирок Том жакшы жигит болчу.

Күйөөсү каарын чыгара жалт карады. Катынынын бул айтканы ага болуп көрбөгөндөй одонолук эле.

— Эгерде сенин иниң жатып ичер болбогондо, киречи болуп иштеп кетмек.

— Ал тамагы менен батир акысын үзбөй төлөп атат, — деди кайратын жыйнаган аялы каршы чыга. — Мартин менин иним, сага берчү карызы жокпу, ага киришкениңди кой. Мен да адаммын го, жети жыл сени менен бекерге жашаптырмынбы?

— Сен ага, эгерде түнкүсүн окуй турган болсо, газга да акы төлөй турганын айттың белең?! — дагы корс этти күйөөсү.

Хиггинботам айым үн каткан жок. Ачуусу бат эле тарап, жанаракта жандана түшкөн кайрат-деми талыкшыган денесине кайрадан кирип бекинип алды. Күйөөсүнүн болсо табасы канып, үстөмдүк кылганына маашырлана, майда мончоктой тегерек көздөрүнөн кымыңдаган заардуу сүйүнүч жылт этти. Аялын ушинтип кыңк эттирбей баш ийдирген ага чексиз ыракат тартуулар эле; чынын айтканда, адеп баш кошкондогуга караганда, аялын эми колго алып алган, оозун моминтип заматта жаап салуунун кыйынчылыгы жок; жыл сайын тууй берип, анан да өзү көржеме менен канын иче берип, байкуштун шайын таптакыр оодарып салганы качан.

— Болуптур анда, муну эртең айтып кой, — деди ал, — Баса, унутуп калба: эртең Мэриенди чакырт, балдарды карай турсун. Мен эми Том жок, товарга өзүм барышым керек, сен болсоң менин ордума дүкөндө соода кылып тургун.

— Эртең кир жууй турган күнүм эле, — деди Гертруда жүүнү бош.

— Эртерээк турсаң эле баарына жетишесиң… Мен саат ондон эрте бошой албайм.

Ошентти да кабагын сала гезиттин экинчи бетин шалдырата оодарды да окуганын улантты.

IV ГЛАВА

Мартин Иден караңгы оозгу бөлмө аркылуу өзүнүн болгону бир керебет, бет жуугуч жана табуретка араң баткан тар бөлмөсүнө жеткенде эмеле жездеси менен кагылыша кеткени дагы эле кулагында жаңырып турду. Мистер Хиггинботам кессе кан чыккыс сараң неме эле, аялы иштей алабы, демек кызматчы жалдап кереги не деп койгон. Анүстүнө артыкбаш бир кишилик бөлмөгө экөөнү тыгып салса болот да. Мартин ала келген Суинберн менен Броунингди үстөлгө таштады да, кастүмүн чечип керебетине отура кетти. Денесинин оордугунан керебеттин зымдары кычырап, онтоп ийгендей болду, ага көңүл да буруп койгон жок. Бутун чечмекке төмөн эңкейе бергенде, бет маңдайындагы дубал боорундагы чатырдан агып түшкөн жаандын карарган тактарын көрө коюп ката түштү. Эми булганган дубалдын бетинде көз алдына кайрадан түркүн элестер жылоолонуп, кайрале жоголуп кетип жатты. Батинкесин унутуп, узакка дейре дубалга тигилип калды, анан эриндери кыймылга келип «Руфь!» деп шыбырап жиберди.

«Руфь!». Жөнөкөй эле дабыштын ушунчалык уккулуктуу болорун Мартин эч бир ойлобоптур. Бул тыбыш анын кулагын эркелеткендей, бир нече жолу «Руфь, Руфь» деп кумарлана кайталап да жиберди. Бул дубасы сыйкыр тумардай эле; айткан сайын Руфтун элеси көз алдына тартылып, дубалды алтын нурдуу жарыгына бөлөп тургансыды. Бул нур балкыган жарык дубал бетинде көпкө турбай, чексиз тереңдикке сиңип кетип жатты жана анын жаны ал жактагы алтындай жаркыраган мейкиндиктен кыздын жанын издеп жүрдү.

Анын ички дүйнөсүндө, негизи эле дээринде болгон мыкты нерселердин баары кубаттуу агым болуп ташкындап тышка атырылды. Кыз жөнүндөгү ойдун өзү эле төбөсүн көккө жеткирип, мындан да чыгаан, мыкты болууну эңсетип турду. Бул таптакыр жаңы нерсе эле. Ушу кезге чейин Мартин өзүн минтип мыкты болууга мынчалык шыктандырган бир да аял затын кездештирген эмес. Тескерисинче, ага жолуккан аялдар аны жапайы макулукка айлантып жиберишчү. Ошентсе да алар ага канчалык кедей экенине карабай, болгон кымбат нерселерин ыроолоп келишкенинен ал түк кабары жок эле.

Мартин эч качан өзү туурасында ойлочу эмес, өзүндө ургаачылардын ышкысын козгогон, сансыз аялдарды аны менен бирге болууну эңсеткен касиет бар экени оюна да келген эмес. Аялдарды ал эч качан издечү эмес, алар өзүлөрү артынан чуркап турушчу; алардын айрымдары анын таасиринен улам ого бетер татынакай болуп кулпунуп чыга келишкени оюна да келген эмес. Буга чейин ал аял атмайдын баарына камырабаган шалаакылык менен карап келгендиктен, аялдар ага дайыма өзүлөрү жабышып, ыпылас колдору менен чеңгелдеп мыкчып келгендей туюлуп кетти. Аларга да, өзүнө да адилетсиздик кылган экен. Бирок ал муну түшүнмөк эмес, анткени мындай нерселер туурасында ой жүгүртө алмак эмес, андыктан улам кумарын кандыргандан кийин гана эстеп, уятына өрттөнгөндөн башкага жарабас эле.

Күтүлбөгөн жерден Мартин шарт тура калды да кол жуугучтун үстүндө илинип турган күңүрт күзгүгө келип тигилди. Күзгүнүн бетин сүлгү менен абдан тазалап аарчып, анан өзүн көпкө чейин кунт коё карады. Чынында ал өзүн минтип өмүрүндө биринчи жолу карабатканы эле. Көздөрү негизи көрүү үчүн жаралса да, бирок ушу кезге чейин алар дүйнөнүн тынымсыз кубулган жүзүн гана көрүп келди, ал эми өзүн-өзү жакшылап караганга убактысы жетишкен эмес экен.

Эми ал маңдайындагы жыйырма жаштагы өспүрүмдүн кебете-кепширине тигилип, анын өңү сулуубу же жокпу деп айталбай турду, анткени анда баалай турган башка чен-өлчөмү жок эле. Ал жазы, кең маңдайынан өйдөрөөк уюлгуган кара коңур чачын көрдү. Быжыгыр тармал чачы аялдарга жакчу, алар аны сылаганды, салаалап тараганды өлө жакшы көрө турган. Бирок ал Руфь үчүн анын чачы кымындай да мааниге ээ болбостур деп, чачтарын караганын коюп, эми болгон ынтаасын коё, астында эмне катылып жатты экен деген тейде өзүнүн маңдайына тигилди. Мээм кандай болдукен, бул мээден эмнени күтүүгө болот?  Бул мээ аны кандай тагдырга туш кылар экен? — деп өзүнөн өзү такып сурай берди.

Баарынан да Руфка жеткирер бекен?

Мартин өзүнөн мына бул көгүлтүр, бир туруп күн нуруна чагылышкан деңиздин кадимки көк ирим мейкинин өзүнө сиңирип алгандай көздөрүнөн жан дүйнөсү көрүнөр бекен деп сурап атты. Анын көздөрү Руфка жагар бекен. Ал көздөрүнө Руфь тигилгендей карайын деди эле, бирок мунусунан майнап чыккан жок. Демейде ал башка адамдардын ойлорун оңой эле билип алчу, бирок алар өзү турмушун жакшы билген адамдар эле да. Ал эми Руфтун жашоосун болсо таптакыр билчү эмес, кыз ага бир туруп табышмак да, сыры терең керемет да эле, андай болгон соң анын, жок дегенде, бир оюн тапмак кайдан?

Мейли ошондой болсун, баары бир мына бул көздөрдө арамдык, куйтулук жок деген тыянакка келди. Бетинин кара торулугу аны таң калтырды: эч качан өзүн мындай капкара экенин ойлобоптур. Жегдесинин жеңин өйдө түрүп, чыканагынын жогору жагындагы колунун апакай терисин бетинин терисине салыштырып көрдү. Жо, ал ак эле киши экен. Бирок колдору да күнгө куп күйгөн экен да. Эми ал чыканагын бүктөп, кары булчуңун жыйып, колдорунун күнгө күйбөгөн этин издөөгө аракеттенди. Бул жерлери да апакай экен. Ал күзгүдөгү коло өңдөнгөн жүзү да бир кезде апапак болгонун ойлоп, күлүп жиберди; өзүнүн күнгө күйбөгөн эти сыяктуу апакай денеси менен мактана турган аялдар бул дүйнөдө анчалык деле көп эмес экени оюна да келген жок.

Эгерде ачууланган кезде көнүмүш адаты боюнча өзүнүн сезимтал эриндерин өңүнөн каардуулук, кала берсе, безерилик көрүңгүдөй кылып бекем кымтыбаса, анда анын эриндери деле кадимкидей көрүнмөк. Бул эриндер жоокер менен ашык жигиттики эле. Ээги менен бир аз салмактуу ылдыйкы жаагы анын мүнөзүнүн өктөмдүгүн айтып турат. Бул кайраттуулук сезимталдыгын тең салмактап тургандыктан, ал жандуу кооздукту гана жактырып, жандуу сезимталдыкка гана жооп кайтарчу. Ал эми жылмая караганда эриндеринин арасынан өмүрү тиш догдурга иши түшпөгөн седептей тизилген тиштери жарк эте түшөт.

Азыр да күзгүдөн жакшылап карап отуруп, акактай тиштеринин бекем, тегиз отурганын байкады. Бирок ошол замат эмнегедир уяла түшкөнсүдү. Акыл-эсинин кайсы бир бурчөгүндө айрым адамдардын күн сайын тиштерин тазалап турганы бүдөмүк элестеп чыга келди. Ал адамдар мартабасы жогору чөйрөдөгү, Руфтун чөйрөсүндөгү адамдар болчу. Руфь да күн сайын тиштерин тазалап жууп турат болушу керек. Эгерде ал Мартиндин өмүрү тиш жуубаганын укса эмне деп ойлойт? Ал эртеси эле тиш щетка сатып алып, муну эми такай эреже кылып алмай болду. Кызды бир гана эрдигиң менен багынта албайсың. Ал бардык жагынан өзгөрүшү керек, тиш жуугандан тартып, ага кудум эркинен ажыраткандай сезилсе да, сөзсүз крахмалданган жака тагынып жүрүүгө чейин оңолбосо болбой калды эми.

Мартин колун өйдө көтөрүп сөөмөйү менен алаканынын чорун ушалап сыйрып кирди, кир этине ушунчалык терең сиңип калган экен, щетка менен кырсаң деле кетчү түрү жок. Руфтун алаканычы! Жадагалса, эстегенге да жагымдуу. Роза гүлүнүн желекчесиндей назик; кармасаң салкын, кардын кыпынындай жепжеңил. Мартин аялдын колу ушунчалык жумшак жана назик болорун түк ойлобоптур. Мына ошол колдор эркелетсе кандай лаззатка батырарын ойлогондо Мартин уялып, кызара түштү. Руфка карата болгон мындай ою өтө эле одоно жана анын жан дүйнөсүнүн сулуулугун кемсинткендей сезилип кетти. Анткени Руфь күнөөсү арбын кара жерден алда канча бийик, алыс мейкиндерде каалгыган караан, куба өңдүү периште эмеспи. Анан да Руфтун жумшак алакандарын эстей берди.

Ал оор иштен колдору туурулган фабрикадагы кыздардын жана баш аягы көрүнбөгөн үй тирилигинен белдери бекчейген аялдардын таштай катуу жана чор баскан колдоруна жедеп көнгөн эле. Арийне, алардын колдору эмнеликтен мындай экенин жакшы билчү. Руфтун колдоручу, жумшак, үлбүрөк назик — анткени кара жумуш деген ага жат эмеспи. Жашаш үчүн иштегенге зарылдыгы болбогон адамдар бар экенин ойлоор замат, Руфь экөөнүн ортосундагы туңгуюк айырма кайрадан тереңдей түшкөнсүдү. Ошол замат көз алдына жумуш деген эмне экенинен кабары жок ак сөөктөрдүн образы тартыла калды. Агыш-киргил дубалдын бетине калкып чыга калган бул образ ага кадимки колодон жасалган сүрдүү айкел сымал көрүндү.

Мартин эс тарта баштагандан тартып эле, кара жанын карч уруп иштей баштаган; анын бүт үй-бүлөсү да жээр нанын маңдай тери менен таап келген. Мисалы, Гертруданы эле алалычы. Анын кир жууй берип самындан жарылган колдору шишип, сууга кайнаган эттей кызарып кеткен. Же берки эжеси Мэриенчи. Ал консерва жасаган заводдо иштечү, кичинекей назик колдорунда помидор туураган бычактан кесилген жерлери сансыз эле. Анан да өткөн кышта картон жасаган фабрикада иштеп жүргөндө, машинеге эки манжасын алдырып жибергеничи. Анан көз алдына энесинин табытта кайчылашып жаткан туурулган колдору тартыла түштү. Атасы деле өмүр бою кара жанын карч урган иштен бери болгон жок ко, анын алаканындагы чордун калыңдыгы беш эли эмес беле. Ал эми Руфтун колдору, анын эле дейсиңби, ага-инилеринин, апасынын колдору да пахтадай жумшак эле.  Аны бөтөнчө айран-таң калтырган мына ушул нерсе болду — бул кыз экөөнүн ортосун асман менен жердей бөлүп турган айырмалыктын далили менен кол тийгис ак сөөктүктүн кашкайган анык белгиси эле.

Мартин кейиштүү жылмая керебетке олтурду да, акырында бутун чечти. Ал акылынан адашкан экен, — аялдын өңүнөн, аялдын назик колдорунан да киши кадимкидей мас болобу, капырай. Аңгыча болбой, көз алдына жаңы көрүнүш тартыла берди. Мына, ал түнкү Лондондун Ист-Энд көчөсүндөгү кебетеси суук, заңкайган үйдүн жанында туру, жанында болсо он бешке келип калган жумушчу кыз Марджи бар. Мартин аны оюн-зооктон кийин үйүнө узатып барса керек эле. Кыз малканадай болгон ушул ыплас үйдө жашачу. Коштошуп жатып Мартин ага колун сунду. Марджи буга жооп кылып эриндерин тосо берди, бирок Мартин аны түк өпкүсү келген жок.

Кыз аны эмнеси менендир чочулатып тургансыды. Ошондо шагы сына түшкөн кыз байкуш шашкалактап колун кыскан эле. Мартин анын кичинекей алакандарындагы одуракай чорду сезди да, күтүлбөгөн жерден ичи эңшериле, боору ачып кетти. Ал кыздын жалдыраган көздөрүн, али баланыкындай болсо да, аялдын азырынча уяң мүнөз, бирок ачкөз сокур сезими эчак ойгонгон денесин көрүп турду. Боорукер жаны чыдабай кетип, кучактап, эриндеринен өөп койду. Кызчанын сүйүнө онтоп жибергенин укту да, колтугуна мышыктай жабышып кынала түшкөнүн сезди. Кичинекей алсыз жан бечара десе! Эчак алыста калган ошол элеске Мартин муңайым тиктеп турду. Кыз ага ыктаган ошол минутадагыдай денеси дирт эте түшүп, жүрөгү аянычтан кысылып кетти.

Бул бозорогон кунарсыз элес эле: асман ошондо да бозомук эле, таш төшөлгөн кир көчө бетине шыбыргактап төгүп турган жаан да бопбоз эле. Бир оокумда көздү уялткан жарык шоола үйдүн дубалын нурдантып, көзүнө элестеп турган эмелеки көрүнүштөрдү түгөл жууп кеткенсиди, маңдайында алтын чачтан тажы кийген Руфтун ак жуумал жүзү кайрадан кол жеткис жылдыздай жарк этип чыга келди.

Ал үстөлдө жаткан Суинберн менен Броунингдин томчолорун колуна ала калып өпкүлөп жиберди. Кыздын дагы келип кет деп суранганын эстеди. Анан өзүн кайрадан күзгүдөн карады да, угуза жана салтанаттуу заңк этти:

— Мартин Иден, сенин эртең туруп биринчи кылар ишиң бул, — дароо акысыз китепкананы көздөй урасың да, адептүүлүк жөнүндө китеп таап окуйсуң. Түшүндүңбү?

Мына ушундан кийин ал газды өчүрүп, керебетине кулады, оор денеден темир зымдар кычырап, онтоп жибергендей болду.

— А эң башкысы, Мартин, азыраак келжире. Уктуңбу абышка! Ушуну эсиңе түйүп ал!

Ушинтти да уктап кетти, анын ойго келбеген шумдуктуудай түштөрүн баңгибаздын татуу кыялдары менен гана салыштырууга болор эле.

Уландысы>>>>>>>>>>

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.