Акжол Доранбек уулу: Абал азыр – эрксиздикти жектемей

АК ЖОЛ, САГА! “Кол жазмамды карап берсеңиз” деген Акжолдун кол жазмасы колго кеч тийди. Эки күн күттүм. Чындап эле күттүм. Азыркы жаштар поэзиясын окугум келди. Анын ысымын мурда-кийин эшитип жүргөм. Эң алгачкы ыр жүрөктү жылытты. “Абал” деген аталыштагы ырдагы ойлор бир гана бул жаш акындын эмес, дегеле анын муунунун, ал эле эмес алдыдагы, арттагылардын күмөнүн тек астейдил туюнткан жеңил, жумшак, жугумдуу ыр экен: “Байкап көрүп, алды-артымды карасам. Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам. Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт, Багыт кандай, билбейм кайда […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Менин улуу мектебим – түрмө

Бул маектин дайны табылбай калган кийин. Ал кезде Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев чыгарган «Dе-факто» гезити Бакиевдердин уйкусун бузган басылмага айланып, гезит тагдыры кысталышка кептелген учурда даярдалган маек. Редколлегияда мен да бар элем, бирок жылбай иштеген ордум «Айтыш» коомдук фондунда эле. «Айтыш» фонддун алдында «Калемгер» адабий клубун ачып алганбыз. Аталган гезитке «Калемгер» клубунда деген рубрика аркылуу акын-жазуучулар менен маектерди уюштуруп жарыялап турар элем. Ал арада Бакиевдердин канкор бийлиги коомдун үрөйүн учуруп койгон кез. «Dе-факто» гезити да бакиевчилдердин каарына кабылып, Чолпон […]

Дооронбек Садырбаев: Кулпу

АҢГЕМЕ Күн ысыкта утур-утур жол каратып кемпирди убара кылгыбыз келбегендиктен, мурдатан «баратабыз» деп кабар бербестен, Букеш экөөбүз тең отпуск алып айылга жөнөп калдык… Самолёттон түшөрүбүз менен, бактыбызга, автобус даяр турган экен, түш оой «Апыртанда» болдук… Айлыман кеткени арадан жылдар өтпөдүбү. Быякка сейрек каттаганымдан биздин үй аттын кашкасы сымал таанымал бойдон экен… Түбү түптөлгөн, үстү тунукелүү, заңгыраган стандарттуу үйлөрдүн катарында «жүдөп» турган ыйманы ысык жепирейген жер тамдын карааны көрүнгөндө көңүлүм делөөрүп, ага жеткенче шаштым… Бирок каалгада илинип турган чоң кара кулпу […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (2-бөлүк)

<<<<<<<<Башы (1-бөлүк) Саякатчы тоок Тооккананы айлантып согулган тосмонун кырларына катар тизилип отурушкан чабалакейлер, өздөрүн тынсыздандырган көп нерселерди сүйлөшүп жатышканы менен, ойлорунун баары көбүнчө алыскы түштүктөгү жылуу жерлер жөнүндө эле. Анткени, түндүктүн муздак шамалынын эпкини эмитен эле сезиле баштаган. Бир күнү алар учуп кетишти, бардыгы чабалекейлер жөнүндө, түштүк жөнүндө  сөз кылып жатышты. «Кийинки жылы мен өзүм түштүккө барып келем», – деди тооктордун арасынан бири. Дагы бир жыл өтүп, жазында кайтып келген чабалекейлер жайдын аягында кайрадан түштүккө камына башташты. Бир күнү эрте […]

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Конкурстун максаты – жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү; учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытуу. Бул конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору республика боюнча катыша алат. Жеңүүчүлөр эки номинация түрүндө аныкталат: ♦ Көркөм поэзия ♦ Чакан аңгеме Конкурстун Жобосу Тема – эркин. Поэзия көлөмү – 50 саптан ашык эмес. Аңгеме көлөмү – 5 бетке чейин. Аталган конкурс буга чейин эч жерде жарыяланбаган чыгармаларды гана кабыл алат. Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, […]

Салижан ЖИГИТОВ: Жашоого жардам берген билим… (5-сабак)

<<<<<<<<1-сабак <<<<<<<<2-сабак <<<<<<<<3-сабак <<<<<<<<4-сабак — Салижан Жигитович, республика экономикасы минтип жарга жабышып турат, ушул абалдан кантип чыгабыз деген маселеге келгенде кийинки күндөрү билим аркылуу чыгабыз деген пикир күчөп кетти. Ага Президент Москва гезити аркылуу «колубузда жалгыз көзүрүбүз бар, ал — жаштарыбыздын билим деңгээли» дегендей жем таштап койду өңдөнөт. Ушул маселеге Сиздин оюңуз канай? — Албетте, дүйнөдөгү элдин көбү артта калуучулуктан билим аркьшуу, алдыңкы технология аркылуу чыгып атканы чын. Бирок билим дегендин да билими бар. Биз кантип билим алдык жана кандай […]