АК ЖОЛ, САГА!

“Кол жазмамды карап берсеңиз” деген Акжолдун кол жазмасы колго кеч тийди. Эки күн күттүм. Чындап эле күттүм. Азыркы жаштар поэзиясын окугум келди. Анын ысымын мурда-кийин эшитип жүргөм.

Эң алгачкы ыр жүрөктү жылытты. “Абал” деген аталыштагы ырдагы ойлор бир гана бул жаш акындын эмес, дегеле анын муунунун, ал эле эмес алдыдагы, арттагылардын күмөнүн тек астейдил туюнткан жеңил, жумшак, жугумдуу ыр экен:

“Байкап көрүп, алды-артымды карасам.
Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.
Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт,
Багыт кандай, билбейм кайда баратам…”

Эгер автор өзүнө ушундай суроо коюп атса, анда, демек, анын поэзияга, ырга, чыгармачылыкка дили таза. Өзүнө жоопкерчилик чоң. “Ойду омкором, тоону томкором” деген максималисттик дымак эмес, өзү ыйбаа кылып кирген Ыр дүйнөсүнө баёолук менен саресеп салып, андагы шоокум-шоораттарга илебим тийип кетпесин деген абайлоо байкалат. Поэзия чалкыган деңиз сымал. Деңизде толкундар тынымсыз болот. Тынымсыз изиңди жууйт. Эгер ушундайча элестетсек, Акжол сүзүп өткөн деңиз бетинде чыбырчык калса экен дейсиң. Кийин ал толкун жиреген зор кеменин артындагыдай изге айланар.

Ырлар жылуу ырлар экен. “Өз талабы өз шартына туура келбегенин” моюндап, “Убалынан корком чындап кээ бирде, \ Убадамдан мурун-кийин берилген”, — деген саптары Акжолдун акындык эле эмес, адамдык дагы жүзүн ачып турат. Минтип өзүн-өзү ачып берип аткан жаш акын мага азырынча өз нугунда жайма-жай агып бараткан арык суусун элестетти. А мен Акжолдун өз нугуна батып-батпай жээктен ары төгүлүшүн, арка-белдеги топурак, кум, чөп-гүлдөн бери тегиз жууп, ага күбө болгондорду чочулатып, айгай салдырып, тынчын алуусун каалайт элем. Өзүнөн чыгышын, өзүнө сыйбай чабыты кеңейишин, а бирок ошол кенен, чексиз алкакта “эл”, “кыргыз” деген ойлор жүрөгүнөн түнөк алышын каалайт элем.

Ырас, өзүнүн азырынча али карама-каршылыксыз чакан дүйнөсүн аалам менен айкалыштыра кароо ниети (“Ал анткени: аалам күлүп – мен ыйлап, Кубаныч-кайгы менен кошо төрөлгөм”) көпчүлүк ырларынан байкалат. Көпчүлүк дегеним – болгону 22 ыр экен. Бирок ошол чакан көлөмдүү жыйнакта “Таалайым бүт – уктап, түштө ойгонгон, \ Таң тоспогон күндөр менен кеткендей”, “Жерден да оор сезимим сага эмне, \ Желден дагы салмаксыз сезилдиби?!”, “Өзүмдү кулап жаткан өзүм таяп” сыяктуу элестүү, образдуу саптар арбын. Апасына арналган ыр менен “Башканы да сүйсөң керек ээ…” аттуу тамашалуу ыр тууралуу да көп сөздү айтууга болор эле.

Кыскасы, жарык көрсө ушул жупкадай жука китеп алгачкы тунук башталма катары кабылданса болот. Кайран ата-эне аталышы көп нерсени ишаараттап турган ысымды зор үмүт менен койгондур, ошону кудай кут кылсын!! Ак жол сага, иним!!

Аида Эгембердиева, филология илимдеринин доктору, акын,КР Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты

АБАЛ
Байкап көрүп, алды-артымды карасам.
Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.
Баскан жолго из түшкөнү байкалбайт,
Багыт кандай, билбейм кайда баратам…

Күүгүм кирсе таңдын калбай карааны,
Күндөн ылдам түндүн берген саламы.
Дарыянын жээгиндеги чарчабас,
Чарпалектей дүйнөмдүн чар тарабы.

Күндүн чыгып, баткандыгын карасам,
Зээним кейип, жүрөгүмдү канатам.
Аз өмүргө тар убакыт жетишпей,
Жашаганга үлгүрө албай баратам.

МОЮНДОО
Толуп-ташып турсам гана бөксөрбөй,
Бирок болот көп учурда өкчөлмөй.
Өзгөрүлөм, өйдө-төмөн чарпылам,
Өз талабым өз шартыма төп келбей.

Чочулаймын чама-чарктуу эбимден,
Ооз учунан айтылган көп кебимден.
Убалынан корком чындап кээ бирде,
Убадамдан мурун-кийин берилген.

Турмуш сыны бүтпөчүдөй көрүнгөн,
Тоскоолдукту багынтуудан эринген.
Уялам да, аяйм кайра өзүмдү,
Улуу иштерге батыналбай чегинген.

Жагдайыма жооп издесем керектээр,
Жалаң гана таңууланган кеңештер.
Кем же түгөл болуу тагдыр дей албайм,
Кейишиме  өзүм гана себепкер!

Бардыгына өзүм гана себепкер!

УШУЛ ЧАК
Баскан кадам турмуш-шартка эп келбей,
Абал азыр – эрксиздикти жектемей.
Таалайым бүт — уктап, түштө ойгонгон,
Таң тоспогон күндөр менен кеткендей.

Айла, амал тапчу кээде кез болот.
Анын баары керектелчү кезде жок.
Көп нерсени аян кылган  түштөрдү,
Көргөндүрмүн, бирок толук  эсте жок.

Кыял кылып жүзөгө ашпас тилектей,
Өмүргө өңүм байкалбаган сүрөттөй.
Баркы ушул өтүп жаткан күндөрдүн,
Баракталып, окулбаган китептей.

Тосколдуктан болор балким дем күчөө,
Уланарын билем күрөш өлгүчө…
Мунун баары унутулат бир күнү,
Мындай учур кайталанып келгиче…

Дагы далай тагдыр «мушу» көзөлөт,
Дагы канча турмуш сырын көз көрөт.
Өзгө жакпас, көргө батпас абалым,
Өз ордумду тапкан күндөн өзгөрөт.

БИР ЧЫГАРМА
Кыялымда бир ыр жазгам,
Түгөнбөгөн, бүтпөгөн.
Жөпжөнөкөй… Бирок аны
Жазсам кагаз түтпөгөн.

Анда менин: ой-кыялым,
өткөн-кеткен күндөрүм,
Өкүнүчүм, жыргал-азап, күткөнүм.
Төрөлгөнүм, бул жарыкты көргөнүм.
Эң биринчи эне сүтүн эмгеним,
Апам алгач алдей айтып бергенин.
Алгачкы таң жаз күнүндө атканын,
Алгач күндүн кандай чыгып батканын.
Эмне кылып, эмне түйшүк кечкеним.
Кантип жашап бүгүнкүгө жеткеним.
Кимге арзып, кимге сунуп гүлүмдү,
Кимди жектеп, кимге арнадым сүйүүмдү,
(Кимдер мага, мен кимдерге жетпедим)
Баарын жазгам:
менин эсеп китебимди тактаган,
Менин бардык кыймылымды жаттаган,
ПЕРИШТЕмдин китебинен көчүрүп.
Бул чыгарма билбейм качан бүтөрүн,
Билбейм дагы кандай жомок күтөрүн.
Өмүрүмдүн кандай сынга түшөрүн.
Кимдин анан купулуна толорун.
Кимдер кандай, кантип баасын берерин,
Жакшылыкты жаманымдыгым жеңээрин.
Билбейм кантип Жараткандын алдында,
Тирүүлүктүн бар маңызын, маанисин,
Түшүндүрүп кандай жоопту берерим…

Белгисиз да кыяматтын күнүндө,
Таразамдын ташы кандай түшөрү,
Белгисиз да жаннат менен тозоктун,
Кайсынысы мени алдыда күтөрү…

Улансын дейм тилегимде бул ырды:
Узарсын дейм улап улуу чыйырды,
Жашоом токтоп бүткөн кезде сапарым,
Жыйынтыктайм чекит кылып муң-ыйды!

СЕЗИМ САЛМАГЫ
Топук кылып күндө айткан саламыңа,
Жүрсөм мурда кагылып карааныңа,
Аруу туткан сүйүүмдү айткандыгым;
Айланарын билбепмин арманыма.

— Башкада азыр көңүлүм, дартым менин.
Башка билсин кадырың, баркың сенин.
Бүт баарына ыракмат,бирок түшүн,
Бул сөздөрүң, шул жерде калсын, дедиң…

Шөмтүрөгөн кеч күздүн көчөсүндөй.
Көкүрөктү ызага эзесиңби, эй?!
Кадырлоонун ордуна эми мынтип,
Көлчүк кылып сүйүүмдү кечесиңби, эй?!

Чыдай албай үзүлдү көңүл жиби,
Күдүк ойго үмүтүм женилдиби?..
Жерден да оор сезимим сага эмне,
Желден дагы салмаксыз сезилдиби?!

*     *     *

Тыйылбаган сага болгон сагыныч,
Тыйынчалык өмүрүмө жан шерик.
Сенсиз ошол жылгыздыктын азабы,
Аңдыйт окшойт кеткенимче жан берип.

ҮМҮТ, АЙ!
Башында эске албай түк кайгыны,
Байкалбай сезимде зор күч бардыгы.
Биздеги сүйүү укмуш көрүнгөнбү,
Бакыттай туюлуптур бүт баардыгы.

Урушуу, түшүнбөстүк аздыр — майда,
Утурлап туура жолдон азгырмай да!
Уттуруп турмуш-сынга койдук дагы,
Узадык. Кез келишүү азыр кайда?

Мен сенден турсам күндө угуп дайын…
Мен сени кайдан, кантип унутайын.
«Мөлтүрөп жакшы келин болду» дешет,
мурун сен арзып сүйгөн Үмүтайың.

Мен сени эми кантип унутайын?..

НОСТАЛЬГИЯ
Бир өмүр биргебиз деп сөз берчү элек,
Ээ, анда  бир максатты көздөчү элек.
Бир жаралган өмүргө топук кылып,
Биз бул жерде өлүмдү эстечү элек…

Кургак, таштак, талаабызда гүлдөр өсчү,
кызык… күңгүрт элестүү күндөр өттү!
Бүгүн тагдыр жыртыптыр барактарын,
Өтмүшүбүз жазылган күндаректи…

Адат кылып көрүстөндө көрүшкөндү –
Анда биз билбейт элек кейиш-көйдү.
…Тепселип  көп гүлдөрдүн арасында,
тектеш биздин үмүттөр өлүшкөнбү?!

Кырдан тиктеп турамын азыр ошол,
Кызгалдаксыз көгөргөн көрүстөндү.

КҮН ЖАНА МЕН
Учур болот дүйнөм нурга бөлөнгөн,
Учур болот дүйнөм тарып, көөнөргөн.
Ал анткени: аалам күлүп — мен ыйлап,
Кубаныч-кайгы менен кошо төрөлгөм.

Күн чайыттайт муң басылса түнөрткөн,
Күн тутулат сүйүүм өчсө жүрөктөн.
Күн туулган мен жарыкка келгенде,
Күн түгөнөт мен көз жумган мүнөттөн.

ОТЧЕТ
Жазылбай жүргөн ырлар…түмөн түйшүк,
Катылып кайда калды?!
Жүрөм күтүп …

Күн чыгып-батып жатты…
Карабай батыш жакты…
Мезгилге каршы сүзгөн,
Максатын каршы түзгөн,
Өмүргө тентип жүргөн мен жакпадым.
Чексиз бул аалам турду башын чайкап,
Үйүмө батып туруп,
Тагдырдан качып чыгып,
Түгөлдөй турса дагы бүт жарыктык,
өзүмө-өзүм гана не батпадым?!

Өзүмө-өзүм айтып, өзүмдү өзүм аяп,
Өзүмдү кулап жаткан өзүм таяп,
Сыртымдан  сыр алдырбай күлүп коюп,
Эрчитип өзүмдү өзүм бара жатам,
Жер тиктеп. А кыялым көктү самап…

АЯЛГА
Таптакыр кастык кылбас жакынына,
Таңданам үмүтүңө, сабырыңа.
Жектебей мени сүйүп  жүрөсүң ээ,
Жеталбай жүрсөм деле кадырыңа.

Периште тилегиңди  бүт ак санайт.
Пейилиң аппак пахта сыяктанат.
Сезимдин азабына түтпөс мени,
Сендеги чыдамкайлык уяткарат.

САГЫНЫЧ
Дирилдек көңүлдөрдүн кунары суз.
Көргөн күндөр — тирилик көзү талган.
Күн чыгышка тигилип кусалуу, үнсүз,
Таң тособуз экөөбүз эки шаардан.

Сагынчыңды басар деп үмүт менен,
Сагынчымды билдирем жаңы ырлардан.
Саламымды жиберип булут менен,
Саламыңды тосоюн жамгырлардан…

БИЗ
Эки айрылыш болсо мурун көчөбүз.
Эки үйдү турак кылсак кечээ биз.
Эгиз канат болуп сүйүү кушуна,
Эми чогуу жашап калдык экөөбүз…

*     *     *

— …“Башканы да сүйсөң керек ээ?
(Баш кошконсуң мага эмнеге?!”)
— Эх сен десе, кызганчаагымсың,
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың.
Ооба сени жолуктурганча,
Башкаларды жактырганым чын.

Бирөө сендей кыялкеч эле,
Бирөө тынбай таттуу жечү эле.
Бири болсо көзү бакыраң,
Болбогонго ыйлай берчү эле.

А эстедим: бири боючу –
“Бир алтымыш бештей” болучу.
Бою эле эмес, чачы, кашы да,
Купулума чындап толучу.

Бири абдан баёо жан эле,
Маңдайында меңи бар эле.
Ырды сүйгөн дили таптаза,
Сөзүн уксаң тили бал эле.

Бири менден өзүн тапчу эле,
А бирөөнө ырым жакчу эле…
Бирок дүйнөм ушунун баарын,
Бир адамдан таппай жатты эле.

—  Анан?
— Анан сага кезиктим,
Баары калып сен деп, ээликтим.
Көрсө сени ушул кыздардын
элесинен издей берипмин…

Жалгыз өзүң – жактырганымсың!
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.