Бул маектин дайны табылбай калган кийин. Ал кезде Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев чыгарган «Dе-факто» гезити Бакиевдердин уйкусун бузган басылмага айланып, гезит тагдыры кысталышка кептелген учурда даярдалган маек. Редколлегияда мен да бар элем, бирок жылбай иштеген ордум «Айтыш» коомдук фондунда эле. «Айтыш» фонддун алдында «Калемгер» адабий клубун ачып алганбыз. Аталган гезитке «Калемгер» клубунда деген рубрика аркылуу акын-жазуучулар менен маектерди уюштуруп жарыялап турар элем.

Ал арада Бакиевдердин канкор бийлиги коомдун үрөйүн учуруп койгон кез. «Dе-факто» гезити да бакиевчилдердин каарына кабылып, Чолпон менен Жеңишбек үй-бүлөсү менен качкын макамын алып, Европага баш калкалап кетүүгө аргасыз болушту да, аталган гезит жабылып тынган маал. Ал аз келгенсип, биз да «Айтыш» фонду бир орундан экинчи орунга көчүп, анан калса фонддун мен колдонгон компьютерине вирус кирип кетип, эч жакта жарык көрө элек ырларым, «2005-жыл» деген аталыштагы жарымдап калган романым кошо жок болуп кеткенине ичимден кан өтүп отуруп калган кезим.

Өмүрүмдө андай аза күткөн күндөрүм болгон эмес… Шалдайып, чыгармачылыкка болгон эргүүм ошону менен 2-3 жылга чейин сууп, «2005-жыл» деген аталыштагы романымга болгон күйүтүм ушул күнгө чейин бүтүндөй өмүрүмө бир тең жоготуу бойдон калды. Кийин ал романыма кайра кайрылганым да жок. «Өлгөндүн өзүнүн шору» дейт кыргыз, бирок бүтө жаздап калганда «өлгөн» чыгарманын шору менде калды…

Ал күйүтүм, өзүнчө узак сөз. Азыркы сөз төмөндө жарыяланар Алым Токтомушев экөөбүздүн маек тууралуу. Бул маек да ара жолдо калып, «Dе-факто» жабылган соң жарык көрбөгөн бойдон калган. Себеби бул маекти кийин Чолпон менен Жеңишбектен сурасам, бакиевчилдер «Dе-фактонун» болгон мүлкүн тартып алганда, ошондогу компьютерлер менен кошо оомийин болуптур эле…

Анан жакында «Айтыш» фонддун бир кездеги төрагасы, төкмө акын Азамат Болгонбаев те качанкы эски компьютерлердин биринде сакталып калган мага тиешелүү папкаларды таап алганын айтып сүйүнчүлөдү. Кудай жалгап баягы романым, ырларым табылып калар бекен деп сүйүнсөм, алардын бири да жок!.. Бирок бирин-экин гезиттик материалдарымдын архиви сакталып калыптыр. Бүгүн гана колго тийип отурат алар.

Төмөндө жарыяланар Алыке экөөбүздүн маегибиз да ошол материалдардын арасынан чыгып калды… Тек, бу жерде мен өтө урматтаган инсандардын ысымдарын да эч жымсалдабастан, мурда кандай жазылса ошол бойдон жарыялоону эп көрдүм… Себеби айтылгандыр баары Алым Токтомушевдин чындыгы эле…

– Тээ 90-жылдын алдында Кубатбек Жусубалиев кыргыз акын-жазуучуларынын бетпардасын ачкан маектери менен окурманды дуулдатканы эсимде. Ошондон бери чыгармачылык маек аркылуу өзүн терең ачып берген жазмакерлерибиздин бирин көрелекмин. «DФ» окурмандарына сиз бир агыңыздан жарылып бербейсизби…

– Мен эмнени кыйратмак элем. Адам эч качан чынын айтпайт да. Айтса ичкенден кийин айтат.

– Сиз менен эми жакшы эле алагүү абалда отурабыз, чыныңызды айтарсыз дейм?

– Кубатбегиң деле эч качан чынын айткан киши эмес. Ал өзүн-өзү ошондой жаратып алган. Пайгамбармын деп атпайбы. Ушунусу кишиге жагабы? Мына маек бергенге келгенде менин Салижан агайымдай ким бар? Бирденкени жымсалдачу эмес. Аны татынакай кылып, акылы, жүрөгүнөн өткөрүп айтчу. Маектеринин дээрлик көбүн мен жазып жүрдүм, туурабы? Ал көргөн чындык шибегедей эмес беле. Бирок башкалар айтчу эмес. А Сакем шар ооз, батыл болчу. Сүйлөй берчү, жаза берчүмүн. Жарыяланып кеткенден кийин аябай каткырчубуз. Бир күнү Жазуучулар союзунун пленумунда чыгып алып: «Алым Токтомушев деген неме Салижан Жигитов деген псевдоним менен баарыңарды согуп атат, окуп атасыңарбы?» деп да боорубузду эзген.

– Орус элинин бирин-экин жазуучулары улут абийири болуп келиптир, а биздин жазуучулар качан улут намысына айланат?

– Орусуң – улуу эл. Дүйнөдө мындай эл болушу мүмкүн эмес. Мындай руху терең кайсы улут бар? Орус элиникиндей адабият дүйнөдө жок. Англия, Германия, Франция ж.б. батыш адабиятын карачы. Саналуу эле жазуучулары бар. Орустардыкычы: Куприн, Распутинге чейинкилеринин эле кайсынынсын айтып бүтөсүң?

– «Талант жана алкоголизм» деген кайсы бир илимпозу орустун улуу таланттары жөнүндө жазган эмгегинде ичкиликтин оң да, терс да таасирин ачканы бар экен…

Пришвин ичкиликтин оң жолго да, терс жолго да алып барарын жазган. Анын оң жолундагыларынын бири – Есенин, бизден – Мидин. Чын-чынында ичкилик оң жолго деле салбайт. Өзгөчө кыргызды. Кыргыз элеп-желеп болгон жеңил калк эмеспи.

– Биздин залкар композитор Таштан Эрматов ичкилигин таштап койгондон тартып чыгармачылык деми сууган деп жүрүшөт. Буга кандай карайсыз?

– Болсо болгондур. Ичкилик ар кимге ар кандай таасирин тийгизет. Бирок ичип жүрүп өзүн ачкан таланттардан Мидинди гана билем.

– Убагында Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов өңдүү досторуңуз барында сиз да катуу ичкен экенсиз?

– Азыр ошол мени катуу ичет дегендер өздөрү жок болуп тынды… Мен жүрбөймүнбү.

– Кыргыз адабиятында дүйнөлүк адабияттагы залкар чыгармаларды өрнөктүү кыргызчалаган котормочулар өтө саналуу экен. Мисалга, А.Жакыпбеков, С.Наматбаев, С.Жигитов, А.Токтогулов. Анан Садини сиз укмуштай которуп берипсиз. Котормону эмнеге уланткан жоксуз?

– Чындыгында Пушкиндин «Палтавасы» менен Садинин ырларын кыргызчалаганыма сыймыктанам, мактанам. Мен аларды түрмөдө жатканда котордум да. Кийин Блок, Пастернак сыяктуу көп эле акындарды которупмун. Бирок өзүмө планканы өтө жогору коюп алыпмын, кийин өзүмдүн чыгармачылыгыма канааттанган жокмун. Ошо менен «пок» жебейин деп, адабиятка тийишкеним жок.

– Сизди түрмөдө дагы кармай турушса болмок экен анда?

– Түрмөдөгү өмүрүм мага улуу мектеп болуп калды. Мунун эч тамашасы жок. Ал жактан жаман киши болуп чыккан жокмун. Түрмө жакшы деле эмес, бирок акылдуу кишилерге жакшы.

– Салижан аке менен жасаган маектериңиздин биринде, а киши «биздин саясый элитадагы эстүүлөрдөн Ф.Кулов түрмөгө барып келгени жакшы болду» деген эле, бирок аны түрмө деле оңоп жибербептир… 

– Демек жакшы киши эмес. Чын-чынына келгенде Кулов отуруп келген жер түрмө деле эмес. Спутник каналы бар камерада отурган кишини түрмөдө болгон киши менен салыштырганга болобу. Биздин учурдагы түрмө башка болчу.

– Сиз ал жакта канча жыл отурдуңуз?

– Сегиз. Көп убактымды китеп менен өткөрдүм. Жаздым. О анда чыгармачылык кыялдар укмуштай болчу…

Сөз башында агыңыздан жарылып бериңиз дебедиңби. Мына 60ка келдим, мен эми чындыгымды айтып өлүшүм керек. Мен деле өмүрүмдө көп эле калптарды айттым, бирок мынабу Шербет эжеңе. Бечарага укмуштай калптарды айттым, бирок буга кармалганда да өзгөчө кармалам. Антпесе болобу. А окурманга, элге калп айткан жокмун.

– Эжеге мисалы, кандай калптарды айтчу элеңиз?

– Аялынын алдында айласы куруган баардык эркектер сыяктуу эле. Мына кечээ эле чөнтөгүмдө 3000 сом бар экен. «Кайдагы акча?» десе, «Эшимканов берди» депмин, бирок аны Мелис эмес, башкадан алгам. Болгону мындан кантип кутулам деп  айлам кеткенден Эшимкановго жамынып атпаймбы (Бул учурда Шербет эже маңдайыбызда күлүп отурду О.Ш.) Ушинтип көп учурда кармалып калам. «Эй, сен кечээ башканы айтып атпадың беле» дегенде эле, желкемди кажый баштайм. Сен да келин баланын алдында кармалып калган күндөр болобу?

– Толуп атат. Мен деле сизге окшоп карганып жиберем.  

– Негизи турмуш ушундай болот. Кантип калп айтпайсың. Аялына калп айтып келбеген эркектин турмушу тез эле бузулат. Себеби эркек каякка гана баспайт, туурабы?

– Түрмөдөн келгенден кийин колуңузда диплом деле жок экен, бирок «Кыргызстан маданиятына» кантип ишке орношуп калдыңыз эле?

– Дипломун урамбы, ал ушуга чейин эле жок. «КМга» Асан Жакшылыков менен Беганас Сартов деген эки досум ортого түшүп, орношуп калгам. Анда ал белдүү да гезит. Аякка кириш түшкө да кирчү эмес. Исабек Исаков редактор болуп турган кези. А киши түрмөдөн келгенимди укканда катуу чочуган. Ал жерден мени киши кылгандар – Дайырбек Казакбаев менен Сүйөркул Тургунбаев болду.

– Канча жыл иштедиңиз анан?

– 18 жыл иштеп, кийин баарын шылып түшпөдүмбү.

– «Өмүрүмдө М.Эшимканов менен Б.Шерниязовго көп карызым бар» деп каласыз. Алар «Агым», «Алас» аркылуу тигини жазып кой, муну жазып кой деп, өздөрүнүн чындыгын сиздин оозуңуз менен айттырган учурлар болдубу?

– Экөө тең бир да жолу ошентип айтпаган үчүн аларга өмүр бою карыз болуп өтөт окшойм. Таңгалганым, ушуга чейин Шерниязов менен маңдай-тескей отуруп чечилип сүйлөшүп көргөн киши эмесмин. Бирок башыма кыйынчылык түшкөн көп учурда кудайды карабагандай чоң жардам берди. Бизде Бокем сыяктуу эки эле жигит болсо Кыргызстан оңолуп кетмек. Жок болуп атпайбы. А Мелис менин биртууганымдай болуп калды. 4 комнаталуу үй алып берди. Чындыгында макалаларым аркылуу Мелисти канча жолу соктум? Ойлоп отурсам, Эшимкановдун колтугунда отуруп алып далай жолу кычуум кангыча сындапмын. Таңгалганым, эч нерсе дей элек. Ушул бала великий экен, эй.

– Акыркы 15 жылдын ичинде саясаттын күрөө тамырын кармап келген журналисттердин бири сиз болдуңуз. Акаев бийлигинин түбүн көөлөп келдиңиз, бирок бир да жолу анын бийлигинен ыдык көргөнүңүз жок. Сиз биринчи кезекте сөз эркиндигинин тизгинин какпаган ошол кишиге да карыз болуп жүрбөңүз?

– Туура айтасың. Акаев бийлигин кандай гана сындабадым, мага бирок бир да жолу эскертүү бербегенине акылым айран. А оппозиция жөнүндөгү бир жолку сын макалама кызаңдаган Өмүрбек Текебаев өзү мага телефон чалганы эсимде. Анан ошол кезде гүлдөп аткан «Эридан» компаниясы жөнүндө чыккан макалам үчүн Данияр Үсөнов коркутуп телефон чалганы бар. Мен үйдө жок болчумун, эжеңди коркутуптур, «Токтомушевдин башы экөөбү!» деп. Эгер таза болсо антип телефондон коркутпайт эле, туурабы? Демек, бизнесинде бир балээ болгон үчүн коркутту да. Аларга караганда Акаевди канча сындадым? Деги сынды көтөрүү жагынан Эшимканов менен Акаев великий кишилер. Акаев башында сонун идеялар менен келатып, кийин жаман бузулбадыбы. Кандай акылдуу киши эле? К.Бакиев анын жанында колхоз экен.

– Акаев бийлигине кайсы себептен улам каршы чыктыңыз?

– Эң биринчиси – «Кыргызстан маданиятындагылар» рухий дүйнөнү көтөрөлү деген сунушубузга желпилдеп «макул» деп коюп, карабай койбодубу! Биз да желпилдеп калганбыз, ангыча «КМны» талоонго алган шылуундар чыкты. Калыстык үчүн айта жүрүшүбүз керек, алар кимдер болду? Шылуундардын эң башындагысы – Нуралы Капаров. Анын тилине кирип кеткен Ишенбай Абдуразаков, Салижан Жигитов. Булар «КМнын» килейген имаратын менчикке чыгарып, кийин үлүш менен бөлүп алышты. Чын сөзүмдү айтайын, мен жакшы көргөн кыздын баласындай И.Абдуразаков менен С.Жигитов деле биз ойлогондой өтө эле акылдуу кишилер эмес. Муну так ушинтип жазып кой.

– Кийин «Асабага» кантип барып калдыңыз?

– Көроокат үчүн Мелиске жолугуп калсам, «келиңиз, духовный нерсени «Асабадан» деле жаратасыз» дегенинен барып атпаймбы. Баргандан кийин баягы Мелистин сөзү бузулду. «Саясат менен экономиканы жазасыз» деп отургузуп салды. «Бул тема колумдан келбейт» деп канча канкакшадым, болбой койду. Жарым айдан кийин эле айлыгымды алсам, ченебегендей чоң акча экен. Ошондон баштап Мелистин саясый темаларынын кыныгын алдым.

– Кийин андан чоң акчага биртууган бажаңыз Мисир Ашыркулов ишке чакырса барбай койдуңуз?

– Ал бийликтин кишиси болсо, кайсы кыйраткан гезитти чыгармак элек. «Андан көрө ошол акчаны колума эле бер, Ош базарына отуруп соода кылайын» десем, берген жок. Кийин ал акчага «Аргумент» деген гезит чыгарып, акыры эмне болушту? Жабылып тынды. Менин принцибим ушундай, бийликке көшөкөр болгонду жаман көрөм. Мен өзүмдү интеллигенция өкүлү санайм.

Биз канчалык жаман көрбөйлү, Акаев баарыбир мыкты адам эле. Өткөндө анын тегерегиндегилердин бири Осмонакун Ибраимов келип, «Биз убагында ит болуппуз» деп, элдин көзүнчө аябай кечирим сурады. Мен да ага ыраазы болуп калдым. Чынында тегерегиндегилердин тилинен чыгалбай калган да. Азыр эле периште болуп жүргөн ошол кездеги президенттин пресс-секретары  Каныбек Иманалиев кандай ыплас иштерди кылды? Мени каралаш үчүн тээ качан «108» менен түрмөдө болуп келгенимди атпай-журтка жар салдырып, архивдик материалдарды «Кыргыз туусуна» жалаяктай жайдырганы эсиңердеби? Анысы аз келгенсип, бирөөлөр куда-сөөктөргө, үйгө телефон чалчу экен, «Токтомушевдин соттолуп келгени жөнүндө гезиттен окудуңарбы?» деп. Ошол материалды «басасыңар» дегенде, байкуш Матисаков «Мени таптакыр өлтүрбөдүңөрбү» деп күйүп кетиптир. Ал ушуга чейин Шербет экөөбүздөн уялып жүрөт.

Кийин ошол макаланын чуусунан күйөө балам менен кызым Гүлзар ажырашып тынбадыбы. Ортосунда бир баласы бар, азыр колумда чоңоюп атат. Күйө балабыз босогодон чыгып баратып, мени «тюремщик», «насильник» дебедиби. Күлкүң келет. Кызыма да айткан экен, ал да «ну чтош» деп күйбөгөнүн күйдүрүптүр.

– Сиздин оюңузда деги кыргызда жакшы адамдар барбы?

– Аябай аз да. Баары шүмшүктөр. Мен адам санагандардан: И.Абдуразаков, К.Байболов, Б.Шерниязов, М.Эшимканов, Ө.Текебаев эле. Салижанды болсо тилдеп жүрүп өлтүрдүк. Ошонүчүн азыр кыргызга кыйын эле болуп турат.

– Ушулардын ичинен кимиси журтту баштап кеталат деп ойлойсуз?

– Бир жараса, Ишенбай Абдуразаков жарамак. Бирок анда чоң акча жок. Болбосо кандай акылы терең киши. Мындай чоң акылдын кадырына кыргызың жетмек беле! Бизге алыска сереп салар Абдуразаковдой кишилер керек. Ошондой кишилер гана мамлекет башына келсе, башкача болмок.

– Жаштардан жокпу?

– Жаштарың пок болуп атпайбы. Булар билим үчүн эмес, диплом үчүн окугандар да. Бакиевдин «Биздин жаштардын арасынан кадр жок экен. Эмне кылайын?» дегенине баа беришибиз керек. Чынын айтат. Ал ошон үчүн Акаевдин кадрларын кайра алып келип атат. Андан көрө Абдуразаковго окшогондорду тартса болмок.

– Жакшы көргөн досторуңуз барбы?

– Калбай калды. Жаман оюмда, башыма иш түшсө биринчилерден чуркап келчү достордун бири Чоюн Өмүралиев деп ойлойм. Бирок ал экөөбүз өмүр бою эле «согушуп» келатабыз. Мыкты достордун көзү өтүп кетти. Алар: Табылды Муканов, Беганас Сартов, Курбаналы Сабыров, Тургунбай Эргешов. Баары кырчындай жашында кете беришти. Мен болсо:

Тиленип тийбей калган батасыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар кимиң кеткен сайын ойлоп келем,

Кудайдын тизмесинин катасы бар! деп жалгыз калдым.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.