Конкурстун максаты – жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү; учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытуу.

Бул конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору республика боюнча катыша алат. Жеңүүчүлөр эки номинация түрүндө аныкталат:

♦ Көркөм поэзия

♦ Чакан аңгеме

Конкурстун Жобосу

Тема – эркин. Поэзия көлөмү – 50 саптан ашык эмес. Аңгеме көлөмү – 5 бетке чейин. Аталган конкурс буга чейин эч жерде жарыяланбаган чыгармаларды гана кабыл алат.

Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу 2019-жылдын 28-сентябрына чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу улантылат. Чыгармачылык атаандаштыкка катышууну каалаган авторлор өз чыгармаларын «РухЭш» сайтынын ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.

Конкурска катышкан чыгармалар топтому «Чыгыш казынасы» басмаканасы тарабынан өзүнчө китеп болуп жарыкка чыгат.

Байге фонду:

100 000 (жүз миң) сом

Көркөм поэзия боюнча жеңүүчү байгелер:

1-орун – 25 000 (жыйырма беш миң) сом.

2-орун – 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – 10 000 (он миң) сом.

Чакан аңгеме боюнча жеңүүчү байгелер:

1-орун – 25 000 (жыйырма беш миң) сом.

2-орун – 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – 10 000 (он миң) сом.

Эскертүү: Конкурстун калыстар курамынын аты-жөндөрү жеңүүчүлөр аныкталган күнгө чейин эч жерде жарыяланбайт. Ал эми конкурска катышкан авторлор өздөрүнүн аты-жөндөрү жана сүрөттөрү менен ачык жарыяланат. Ар бир автор – конкурска жөнөтүлгөн чыгармалары менен бирге паспорттогу туулгандыгы жөнүндө маалыматтын көчүрмөсүн жөнөтүүгө тийиш. Ар бир автордун чыгармасы 4А\12-арип көлөмүндөгү Word форматында гана кабыл алынат, кол жазма түрүндө жөнөтүлгөн авторлордун чыгармалары кабыл алынбайт.

Бир эле автор эки номинация (поэзия жана проза) боюнча катышууга мүмкүнчүлүгү бар. О.э. көркөмдүк талапка жооп бербеген чыгармалар жарыяланбайт. Кыргызча ө, ң, ү тамгасы жок чыгармалар конкурска катыштырылбайт!

Байланыш тел.: 0558 08 08 60

«Учур адабиятынын жаңы дүбүртү» аттуу конкурсту негиздеген демилгечилер жана демөөрчүлөр:

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев 

Кыргыз Республикасынын китеп палатасы 

«Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясынын «Шанс» китеп дүкөнү 

«РухЭш» интеллектуалдар альянсы 

КОНКУРСКА КЕЛИП ТҮШКӨН ЧЫГАРМАЛАРДЫН ТИЗМЕСИ ТӨМӨНДӨ ЖАЙГАШЫЛАТ:

1. Музаффар Розиев: Кайрадан тирилген Үркүн аскери (конкурска №1)

2. Бибинур Жыргалбаева: «Колуңду берчи» (конкурска №2)

3. Мухаммад Кожомбердиев: Өзүмдү жүргөн кез табалбай (конкурска №3)

4. Залкарбек Назарматов: Кумурскалар согушу (конкурска №4)

Төрт жазмакер адабий конкурстан чыгарылды!

 

31 Replies to “Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү”

  1. Мен аңгеме менен катышкам.
    Эми дагы бир аңгеме же ыр жөнөтүп катыша аламбы ошондо?

  2. Агай саламатсызбы? Мурдагы катышкан автолор тизмеден алындыбы? Же иргелип атабы? Алдын ала рахмат.

  3. Гулзада Абдырахманова,чыгармачылыгына ийгилик,керемет саптарды тизмектепсин,турмуш бул тугонбогон философия,азаматсын!Эргуулорун баш бербей бийиктиктерди багынта бер!!!

  4. Саламатсыздарбы? Мен сиздердин конкурска ыр жиберген болчумун. Бир кабарын билейн дегем. Техника деген техника да ырлар жеткендиги тууралуу айтып коё аласыздарбы?!

  5. Арбаңыздар! Сиздерге бир суроом бар эле. Ыр жөнөтүлгөндөн кийин, канча убакыттан соң жарыяланат. Биз да бир ыр жөнөттүк эле сиздерге жеткендигин билгим келген.

    1. Эгер сиз жөнөткөн ыр көркөмдүк талапка жооп бербесе — жарыяланбайт…

  6. Саламатсыздарбы? Мен аңгеме жөнөтүм эле,жарыяланбай жатат. Кайсы жерден мүчүлүштүк кеткенин кантип билем

  7. Нускат чыгармачылыгына ийгилик каалаймын калемин курчуп окурмандарын кобойсун Ден соолукта бол копчулук журтка таанылган белгилуу инсандардын катарын толуктап тилектешмин

  8. Нускат өнөрүң өркүндөй берсин. Ден соолугуң чың болсун, өмүрүң узун болсун, калемин курчуй берсин, көптөгөн ырларды жазып кыргыз элинин адабиятын коркомдотуп жүрө бер. Ата -энендин сыймыгы болуп жүрө бер! Биз сени жакшы көрөбүз)

  9. Нускат оркунун оссун калеммин колундан тушпой онорун оркундой берсин.биз сени менен сыймыктанабыз бактылуу бол

    1. ырыңыз жарыяланбаса, демек, көркөм талапка жооп бербеген…Биз конкурска деп келгендерди ылгап гана жарыялап калдык. Болбосо капкайдагынын баары жамакташтырып жөнөтө берет экен…

  10. Андай болсо мурдагыларды дагы карап чыгыш керек. Өзүңөр жобону бузган болуп жатпайсыңарбы. Конкурстун ортосуна чейин бир, андан соң бир чечим менен иш алып барган нааразычылыктарды жаратат байке.

    1. Жобо эч кандай бузулбайт! Тек жаштардын чыгармачылыгына шарт түзөбүз дегенибиз менен жалаң халтурщик жаштар кара таандай каптап кеткенинен улам, мындан ары капкайдагылардын баарын эле жарыялай бербейли деп чечтик. Ал эми буга чейин жарыяланып кеткендер баарыбир калыстар курамы тарабынан бекем көзөмөлдө. Ошол көзөмөл катуу болгон үчүн тормусту ушул жерден тептик. Антпесек, былжырактын баары жарыялана бергидей.

  11. Саламатсыздарбы ? Мен дагы аңгеме жибердим эле , техникалык себептерден улам биле албай жатам. Кантип билсем болот.

    1. Жашын чектеп чекилип кылып койупсунар да.Жашын чектебей койо беришинер керек болчу.Ай ай ай….

  12. Ушул конкурска катышуу максатында биз дагы бир ыр жөнөттүк эле, техникага ишенич жок заманда жөнөт катым электрондук даректен жеткен жетпегенин кантип билсем болот?

    1. конкурска материал жөнөткөндөрдүн арасында кыргызча ӨҢҮ тамгасына «мурун чүйүргөн» авторлордун чыгармалары жарыяланбайт. Андыктан кыргызча тамгалар менен жөнөт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.