Конкурстун максаты – жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү; учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытуу.

Бул конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору республика боюнча катыша алат. Жеңүүчүлөр эки номинация түрүндө аныкталат:

♦ Көркөм поэзия

♦ Чакан аңгеме

Конкурстун Жобосу

Тема – эркин. Поэзия көлөмү – 50 саптан ашык эмес. Аңгеме көлөмү – 5 бетке чейин. Аталган конкурс буга чейин эч жерде жарыяланбаган чыгармаларды гана кабыл алат.

Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу – конкурс жарыяланган күндөн баштап, 2019-жылдын 20-апрелине чейин жүргүзүлөт жана бул конкурс жыл сайын салттуу улантылып турмакчы. Чыгармачылык атаандаштыкка катышууну каалаган авторлор өз чыгармаларын «РухЭш» сайтынын ruheshsaity@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.

Аталган конкурстун жеңүүчүлөрү Эларалык китеп жана авторлордун укугуна арналган майрам күнгө карата 2019-жылдын 22-апрелинде аныкталат. О.э. конкурска катышкан чыгармалар топтому «Чыгыш казынасы» басмаканасы тарабынан өзүнчө китеп болуп жарыкка чыгат.

Байге фонду:

100 000 (жүз миң) сом

Көркөм поэзия боюнча жеңүүчү байгелер:

1-орун – 25 000 (жыйырма беш миң) сом.

2-орун – 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – 10 000 (он миң) сом.

Чакан аңгеме боюнча жеңүүчү байгелер:

1-орун – 25 000 (жыйырма беш миң) сом.

2-орун – 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – 10 000 (он миң) сом.

Эскертүү: Конкурстун калыстар курамынын аты-жөндөрү жеңүүчүлөр аныкталган күнгө чейин эч жерде жарыяланбайт. Ал эми конкурска катышкан авторлор өздөрүнүн аты-жөндөрү жана сүрөттөрү менен ачык жарыяланат. Ар бир автор – конкурска жөнөтүлгөн чыгармалары менен бирге паспорттогу туулгандыгы жөнүндө маалыматтын көчүрмөсүн жөнөтүүгө тийиш. Ар бир автордун чыгармасы 4А\12-арип көлөмүндөгү Word форматында гана кабыл алынат, кол жазма түрүндө жөнөтүлгөн авторлордун чыгармалары кабыл алынбайт. Байланыш тел.: 0558 08 08 60

«Учур адабиятынын жаңы дүбүртү» аттуу конкурсту негиздеген демилгечилер жана демөөрчүлөр:

  • КР Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев
  • Кыргыз Республикасынын китеп палатасы
  • «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясынын «Шанс» китеп дүкөнү
  • «РухЭш» интеллектуалдар альянсы

One Reply to “Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.