Марий эл жомогу: Аары кайтарганда

Мурда менин атам аары бакчу. Жөн бакчу эмес ар бир аарысына Майра, Тайра, Анна деген сыяктуу өзүнчө аттарды коюп, баардыгын сылап-сыйпап эркелетип турчу. Бир ирет атам мени бал челектерди кайтарууга жиберди. Алар дарыянын аркы жээгинде болчу. Ошентип дарыяга жеткенимде наркы өйүздө өгүздөй болгон чоң аюу Тайра аттуу аарыбызды жара тартып жеп жатканын көрдүм. Эмне кылыш керек? Тиякка-биякка чуркап, кайык же көпүрө таппаганымда акыры өзүмдү-өзүм желкеден алып ыргыттым эле, бир заматта наркы өйүздө болуп калдым. Бирок аюу Тайраны жеп, сөөктөрүн гана […]

Василий Бартольд: Енисей кыргыздары x кылымдан кийин

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок. Балким, кыргыздардын начарлашынан алардын эски душмандары, Кара-Кожо менен Бешбалык шаарлары кирген аймакты ээлеп турган уйгурлар пайдаланып кетишсе керек. 981-жана 984-жылдардын аралыгында аларга кытай элчиси Ван Янь-дэ (кытайлардан эмес, улуттук Сун сулалеси башкарган Түштүк Кытайдан) келип […]

Ырысбай Абдыраимов: Кыйын күнгө кайыкпа

АҢГЕМЕ 1997-жыл. Күздүн соңку айы. Ал көнүмүш адатындай  Альберттин кеңсесине барган. Укукчу менен анын туугандары, кеңсесинин кайратмандары  жер сатууга каршы  жыйынга үндөп, күн мурунтан айыл-кыштактарга чакыруу барактарын таркатып жүрүшкөн. Кеңсе алдында жүдөө орус кемпир кетерин же кимдир-бирөөнү күтөөрүн билбей, эки анжы ойдо буйдалып турган. Сакадай андан жөнөкөй кийинген эки киши “баш аламандыкка үндөдү” деген күмөн менен алдуу-күчтүү Альбертти кармап, убактылуу кармоочу жайга жетелеп кеткенин укту. Алардын милиционер экенин кийин көчөдө атайын форма кийимчен жүргөн кезинен тааныды. Кызыл шапкечендер укукчунун сары […]

Дүйнө лидерлери канчадан маяна алышат?

Эмнегедир бийлик ээлери мамлекетти башкаруу чынында эле татаал жана жоопкерчиликтүү жумуш экенин сезе беришпейт. Ошенсе да, президенттин эмгеги өйдө бааланышы керектигине бардыгыбыз эле макул болобуз. Анда эмесе кайсы элдин президенти канча айлык аларын карап көрүңүз. Дональд Трамп — АКШ Президенттин маянасы болгону 1 доллар. Ага чейинки америкалык президенттердин маянасы жылына 400 миң долларга жакын болгон. Дональдын байлыгы 3 млрд долларды түзгөндүктөн, 400 миң доллар ага майда тыйын эле болуп калса керек. Айтмакчы, АКШда минималдуу айлык — 1 160 $. Петр […]

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (1-маек)

«Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат». Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ Адаттагыдай «РухЭш» сайты жана «Сармерден» ресторанынын өнөктөштүгү менен уюшулуп келген интеллектуалдар альянсынын бул жолку меймандары – экс-генпрокурор, экс-эл депутаты Аида Салянова, мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Молдалиев о.э. юридика илиминин доктору, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев менен улуттук саясат туурасында «Сармерден» ресторанынын сый тамагы үстүндө кеңири сөз козголду. Олжобай Шакир: Биринчиден, атайы убактыңыздарды […]

В & Д Нарижныйлар: Гениалдуу аңгеме

БИРИНЧИ БӨЛҮК Украинанын президенти Леонид Данилович Кучма кара деңиз флотунун палубасында вертолет алып жүрүүчү «Козак Тарас Шевченко» кемесинде аскердик парад кабыл алууда. Айта кетчү нерсе, кеменин сол тарабы эле ошондой аталчу, а оң тарабында флотту бөлүүгө мүмкүн болбогондуктан, орус тамгалары менен кооздолгон «Адмирал Ю. Лужков» деген жазуу илинип турган. Леонид Даниловичти карай, аныкындай эле мамлекеттик басык менен Россиянын президенти Борис Николаевич Ельцин келатты. Ал дагы парад кабыл алып жаткан. Кеменин так ортосунан чегараны бөлгөн чаар-ала сызык жүргүзүлгөн эле; Ар бир […]

Бери караң: Аялдан амал качып кутулбайт

Чаңкаган жолоочу суу ичүү үчүн айыл четиндеги кудуктун жанына токтоду. Кудуктан бир аял суу алып жаткан экен. Ал жолоочуга ашкабактын кабыгынан жасалган чөмүчү менен суу сузуп берди. Чаңкоосу канган жолоочу ыракмат айтып: — Эркектерден айланса болот, бул чөмүчтү жасаган эркектин колу гүл экен го чиркин, — деди. — Эркекти эркек кылган аял, алганың жакшы болсо жакаң агарат, алганың жаман болсо чачың агарат, эркек канчалык кыйын болбосун аялдын айласынан кутула албайт, — деди аял суу алып жатып. — Аялдардын куулугун жакшы […]

Альберт Швейцер: Жашоого таазим этүү философиясы

Адамга ойлонуу касиети пайда болору менен, анда ар бир тирүү жанга таазим этүү жана аны өз турмушун сыйлагандай сыйлоо муктаждыгын сезе баштайт. Өз жашоосунда ал башка бирөөнүн турмушун жашап жаткандай сезилет. *     *     * Ушул убакытка чейин этика – адам адамга жасаган мамилени үйрөтөт деген туура эмес ой өкүм сүргөн. Чындыгында, адамдын бүт дүйнөгө жана аны курчап турган бүт жандыкка кандай мамиле жасаш керектиги жөнүндө кеп кылыш керек. *     *     * Жашоону сактоо, аны алдыга жылдыруу, өнүгүүдө болуп жаткан жашоону […]

Людмила Молдалиева: Кордондогу окуя

Случай на кордоне Спектакль под таким названием поставили в Кочкорском музыкально-драматическом театре накануне юбилея народного писателя Ч. Айтматова по  его повести «Белый пароход».  Инсценировал повесть заслуженный деятель культуры КР Аким Текешев, он же и режиссер спектакля. Эта повесть уже четвертое десятилетие волнует и «не отпускает» его, он трижды ставил ее на разных сценических площадках. Инсценировка постоянно трансформировалась, предугадывая реалии дня, это мы можем понять и по названиям, которые определяют направление спектакля. Первая постановка в начале девяностых годов была осуществлена на […]

Элдияр Элчибек: Мырзабек

АҢГЕМЕ Кечке маал Мариновканын жанынан замбиректердин «тарсылдаган» үндөрү угулду. Капчыгай ичин жаӊырткан добуш бир топко чейин кулак кужурун алып, андан ары тынчып калды. Түн катып бул Ырдыктан айланып өтүүнү көздөгөн Мырзабек, добуш тынчыганы узунунан кыйшайып жаткан чоӊ таштын капталынан сойлоп чыкты да, эки жагына абай салып карады. Суук мунарык тартып, дем аптыгат. Замбиректи кармаган колдору селейип тоӊуп калганын, ал ушул добуш тынчыгандан кийин билди. Күн батышка оогону менен караӊгы толук кире элек. Бирок капчыгай ичи кыйла караӊгы болуп калды. Дагы […]

Дилазык: Акылга шоола чачкан уламыштар

Булак менен дарыя жөнүндө уламыш Токойдон бир тунук, муздак, күмүш үндүү булак агып чыкчу, ал өзүнө өзү суктанар эле. Ал башка булактар менен кошулгусу келчү эмес, өзүн күчтүү сезип, токой аралап жалгыз агып жүрө берем деп ойлочу. Анан ал капысынан эле түз талаага туш келип, алсырап калды. Шыр акканга күчү жетпей жерге сиңип, бир топтон кийин жер астындагы тешиктер менен жылып олтуруп, азайып жана капкара чалчык суу болуп дарыянын жээгинен чыга келди. Ал дарыяга датын айтып жатты: — Эгерде, жанагы […]

Салижан Жигитов Назым Хикметтин чыгармачылыгы туурасында…

Анын ысмы биздин кылымдагы ашкан атактуу акындардын ысмына тең барабар турат. Демейде улуу кишилер көзү барында улуу деп айтылбайт. Назым Хикмет болсо тирүүсүндө эле түрктүн улуу акыны деп айтыла берчү, андай деген сөз эч кимге өөн учурачу эмес. Атүгүл элдешпес кас душмандары да анын ченебеген акын экенине шек келтире алышкан эмес. Ушуга байланыштуу бир кызык факт айтылып жүрөт. Турция монархиялык түзүлүштөн республикалык түзүлүшкө өткөндө туңгуч президент болгон Кемаль Ататүрк бир кайла прогрессивдүү саясий ишмер болсо да, коммунисттик идеяларга кастык менен […]