Македон эл жомогу: Каяшачыл аял жана акылдуу кемпир

Бир аялдын күйөөсү аябай кызыл камчы экен. Көзүнөн көк кетпеген ал жубайынын кордугуна чыдай албаганда айла издеп бакшылыгы менен табыпчылыгы өткүр кемпирге арызданып барып: — Апа, минтип жүрсө бир күнү мени өлтүрүп коёт, бир айла кылыңыз, — деп жалдырап турат. Кемпир канча кыйын болсо да эркектин кызыл камчылыгын токтото алмак эмес. Андыктан алгач аялга ачыгын айтып кетирип жибермек болот, бирок анын өзүнө абдан үмүттөнүп келгенин байкап анте албайт. “Буга кантип жардам берем эми?” — деп ойлонгонунча болбой аял тили менен […]

Чоюн Өмүралиев: Кырк жыл кийин…

Эмесе, оболу азыркы биздин кыргыз акын жазуучулары, сынчылары түшүнгөн дегеле «көркөм дөөлөт» деген эмине, ушуга келеличи. Бул биринчиден, сизге окшоп жалаӊ ыр жана аӊгеме жазгандан башкага баш оорутпай (балким, билбей!) бир ыргактуу гана кыдыӊдап жашап келаткандардын жашынып алган ыңгайлуу коргону эмеспи? Экинчиден, ошол «көркөм дөөлөт» деген түшүнүгүңөрдүн өзү бир жактуу, чектелүү. Анткени «көркөм дөөлөт» деп, мисалы поэзия, прозада, сиздер ыр, поэма, новелла, повесть, роман өӊдүү, д.у.с. негизинен батыш, орус руханий континенттери өздөштүргөн, жетишкен форма-мазмундарды гана тааныйсыздар, макулдайсыздар. Анын ичинде да, […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (3-бөлүк)

<<<<<<<<<<<1-бөлүк <<<<<<<<<<<2-бөлүк Ойчул дыйкан Иосиф аттуу еврей дыйкан жашаптыр. Ал ойчул эле. Бир иш кыларда, кандай кылсам деп ойлонуп жатып, учурду өткөзүп жиберчү да, иштери чала бүтө турган. Бир жолу ал базарга буудай сатмак болуп жөнөйт, кетип баратып аялына: — Буудайды сатып бүтөр замат, телеграмма жиберем, – деп убада берет. Ал буудайын жакшы баага сатты да, почтага жөнөдү. Телеграмма жазчу кагазды алып, ал минтип жазды: «Буудай жакшы киреше менен өттү.Эртең барам. Сүйөм жана бетиңден өөп Иосиф.» Ал адатынча ойлоно баштады: […]

Касым Каимов: Мурас

АҢГЕМЕ Чандырбай мүрт өлдү. Жоро-жолдоштору, агайин- туугандары, ал түгүл, сүйгөн жары Күлүмкан да ыраазылык айтышууга, эч болбогондо, бир ооз керез-мурасын угууга үлтүрө алышпады. Кайран неме түшкү оокатын ичип болуп, адатынча кайкалай басып, иш бөлмөсүнө кирген бойдон чыкпай калган. Колуна бир тутам ачкычын мыкчып, креслосуна чалкалап, зыңкыйып калганын гана көрүшөт. Маркумду бирге иштешкен жолдоштору, жакындары урмат менен көмүштү. Кишинин көзү өткөндө кандай экендиги, иштеген иши эскерилип, аны тааныганды да, тааныбаганды да кызыктырып, атүгүл, артынан аңыз болуп айтылып калат эмеспи. «Чандыкемдин көөдөнү […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<<<<Башы V ГЛАВА Эртеси уйкудан ойгонору менен мурдуна кир кийимдер менен самындын жыты келип жатканын сезип, көргөн таттуу түштөрүн да унутуп койду. Кулагына күнүмдүк тириликтин гүрү-гүүсү, бирин бири тилдеп, кудайдын куттуу күнүн жаакташуу менен баштабаткан адамдардын ачуулуу дооштору угулду. Бөлмөсүнөн сыртка чыгып баратып, кыжыры кайнаган эжесинин балдарынын кимдир бирөөсүнө кыйкырган заар үнүн жана колуна тийген бирдеме менен карс дегизе уруп калганын угуп калды. Баланын кокуйлап чыңырган үнү кулагын канжар менен шылып ийгендей болду. Бул жердегинин баары, жадагалса, өзү дем алып […]