Македон эл жомогу: Пётр митайым менен Кожо Насирдин

Бармактайынан үйүнөн кетип, ар кайсы байда жалданып иштеп жүрүп, аз-маз чоңойгон соң окуучусу болуп калган Пётр куунун жемин жедирбеген тыңдыгын Кожо Насирдин мугалим катары жактырчу эмес экен. Ал эми мугалиминин ач көздүгүнө Пётр чыдай албачу. Андыктан көп каяша айтар эле. Бир жолу Кожо Насирдин окуучуларына мындай деп эскертет: — Эртең үйүңөрдөн бирден жумуртка ала келгиле, кожоюн менен мекиян оюнун ойнойбуз. Анын айтканын Пётрдан башка баардык окуучулар аткарышат. Пётрда тоок жок эле, болгон күндө деле анын жумурткасын ач көз Кожого бермек […]

Азис Несин: Маанилүү тапшырма

АҢГЕМЕ Ал күнү эртең менен шеф саясый полициянын чиновнигине төмөндөгүдөй буйрук берди: – Чжан, мен сага маанилүү тапшырма берем. Көзүңдү кара! Бул сен үчүн кызматка киргенден берки тапшырылган эң сыймыктуу тапшырма. Алибетте, аны аткара алсаң. Чжан, эскирген батинкесинин башын карап, уялыңкы сурады: – Мырза башчы, сыйлык берилеби? – Алибетте, эгер ийгиликтүү аткарсаң. Үч миң юан аласың. Кулагыңды тазалап жакшылап ук. Саясый полициянын башчысы тапшырманы түшүндүрүп жатты, бирок Чжан эч нерсе түшүнгөн жок. Анын башынан үч миң юан кетпей койду. Үч […]

Чолпонбек Абыкеев: «Бриллиант жыландын» деңгээлинде окула турган чыгарма жарала элек

Бир топ жыл мурун «Бриллиант жылан» деген китеп чыгыптыр деп, талашып окугандарга күбө болдук эле. Ал окулуп эле тим калбай, кайрадан кызуу талкуунун темасына айланганын көбү унута элек. Ал тургай, «бриллиант жыландын өзү ушул биздин тоолорго катылыптыр» деп ого бетер дуулдаткандар да болду. Бул туурасында Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси Чолпонбек Абыкеев менен Би-Би-Си кызматкери Абдыбек Казиев даярдаган маекти «РухЭш окурмандарына да сунуштайбыз… Ч.Абыкеев: Чыгыш философиясына салып, айтайын деген оюмду өтө тереңге катып койсом керек. Ошондуктан көпчүлүк окурман мунун курч […]

Василий Шукшин: Эненин түшү

АҢГЕМЕ Апамдын бир нече түшүн айтып берейин. Эмне үчүн алар эмгиче эсимен чыкпай калды, аны өзүм да билбейм. А балким далай ирет айтып берип жүргөндөн уламдыр, апам түшүн өмүр бою эстеп жүрөт. Биринчи түш: — Мен анда кичинекей болчумун, жети-сегиздерде. Балким бир аз улуурактырмын. Түш көрдүм. Атамын үйүнөн эле чыккандай болом —- биздин короодо чокчо сакал ыйык киши эшек минип турат. Чүкөдөй болгон абышка экен, сакалы да аппак, чачы да аппак. «Эй кыз, короонун ичинде ары-бери жетелеп кой» — дейт. […]

Атантай Акбаров: Исламда Замзам суусун ыйык тутуу да теңирчиликтин табият менен танапташ жашоо идеясы (2-маек)

<<<<<<<<<1-маек (башы) Чоңдорубуз уктап жаткан мезгилде периштелер чоңдорубуздун мээсинен коррупция деген түшүнүктү таптакыр өчүрүп койсо, Кыргызстан жомоктогудай өлкөгө айланмак. Улутум Жер үстүнөн жексен болсо, Бейиштин бетин көргүм келбейт, Кудай!.. – Атантай мырза! Кыргыздар Месопотамияда жашаганы тууралуу сөзүңүз боюнча кесипкөй тарыхчылар өз оюн айтаар. Мен башында карманган темабызга тийиштүү суроомду улантайын. Мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн калканч, панацея катары ташбыйкаттоо канчалык туура деп эсептейсиз? Мага бул совет заманында “Марксизм-ленинизмге ишенүү-улуу жеңиштердин негизи!” (Верность марксизму-ленинизму — основа великих побед!), “Китепсиз билим жок, […]

Жазуучулар арасындагы азилдер

“Свежий воздух” Ыраматылык Качкынбай Осмоналиевдин бойго жеткен кызы кеч күүгүмдө атасынан суранып калат: — Ата, свежий воздухка чыгып келейинби? — Чыксаң чыгып кел айланайын кызым, бирок жанагы “свежий воздухуңа” айтып койчу, кечээкидей кечке кармабай эртерээк жиберсин… Боорукерлик СССР урап, демократия дуулдап турган учур. Ак үйдүн алдында ачкачылык жарыялагандардын айылы конуптур, арасында демократ жазуучулар да бар экен деп угушуп, ашканадан түштөнүп чыккан жазуучулар ошол жакка багыт алышат. – Ой, мырзалар, тишиңерди чукусаңар ушул жерден чукуп алгыла, тигил ачка байкуштардын маңдайына барып […]