<<<<<<<<<1-маек (башы)

Чоңдорубуз уктап жаткан мезгилде периштелер чоңдорубуздун мээсинен коррупция деген түшүнүктү таптакыр өчүрүп койсо, Кыргызстан жомоктогудай өлкөгө айланмак. Улутум Жер үстүнөн жексен болсо, Бейиштин бетин көргүм келбейт, Кудай!..

Атантай мырза! Кыргыздар Месопотамияда жашаганы тууралуу сөзүңүз боюнча кесипкөй тарыхчылар өз оюн айтаар. Мен башында карманган темабызга тийиштүү суроомду улантайын. Мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн калканч, панацея катары ташбыйкаттоо канчалык туура деп эсептейсиз? Мага бул совет заманында “Марксизм-ленинизмге ишенүү-улуу жеңиштердин негизи!” (Верность марксизму-ленинизму — основа великих побед!), “Китепсиз билим жок, билимсиз коммунизм жок” (Без книги нет знания, без знания нет коммунизма) деген идеологиялык ураандарды эске салат…

Месопотамияда шумер атыккан эл жашагандыгы тууралуу чопо тактайчаларга жазылып калган чындыкты эч ким тана албайт. Сак, аз же жалпысынан скифтер деп аталган көчмөндөр ошол тарапта да жашап, алар тээ совет маалындагы илимий маалыматтар боюнча эле биздин элдин калыптанышындагы байыркы бир бутак катары эсептелип келген. Мени ошол эле шумерлердин айланасында жашаган хеттер, кутийлер, гергестер деген калктар тууралуу маалыматтар да кызыктырып калды. Шумерлер өздөрүн “саг-гиг”– багкача айтканда “сак-гуздар” деп аташкан. Ушунун өзү эле алардын кыргыздардын бабалары экендигин тастыктап турат. Хет тилинде алардын “арий” аталышы “арин” деп берилген. Демек алар “аруу” элдери атыгып, руханий да, өздөрүн алып жүрүшү жагынан да таза-табат элдер болушкан.

Ошол месопотамиялык көчмөндөр калпак кийип, теңирчилик дининде болуп, ал түгүл Манас деген каганы болуп, уламыш боюнча ал Манас ошол аймактагы элдерди бириктириши, биздин “Манас” эпосубуз менен шумерлердин “Гильгамешинде” көптөгөн окшоштуктар бар болуп, ал түгүл алардын көпчүлүк сөздөрү азыркы кыргыз тилиндеги сөздөргө окшош болуп жатса, анан калса, Алжир аймагынан эки кылдуу комуз табылып, темир комуз Непалга чейин жетип жатса, болгондо да аларды Батыш илимпоздору изилдеп, жазып жатса, анын үстүнө фараондордун ДНКсынан бери изилдеген немис окумуштуулары «ал аймактын падышалары африкалыктар да, семиттер да эмес, түрктөр менен кавказдыктар болгон» деп далилдеп жатышса, анан мен аларды кыргыздардын бабалары деп айтпасам каапыр болуп кетмеймби.

Ырас, кыргыз элинин калыптанышында батыш канаты болуп эсептелген байыркы бабаларыбыздын урпактарын азыркы кыргыздарга айландырган сөздөр ошончо кылымдан бери көп эле өзгөрөрү табигый нерсе. Ошентсе да, шумерлер Теңирди — Теңир, эрди — эр, адамды – адам, кызды — кыз, мээни — мээ, атаны — адда, урууну — уру, тирүүнү — дириг, караны — кара деп жатышса, хет тилинде ажону — хажо, катынды — каттан, сарыны — сари, ишти — иш, акты — ак, кутту — кут, кырды — кыр, энени — эме, кишини — хисси деп олтурса, чын эле бабаларыбыз экен дебешке чараң калабы?

Ошол сөздөрдү чоподон окуп, таблицаларга бөлүп, кийинкилерге калтырган Батыш окумуштууларынын эмгегин нагыз “ийне менен кудук казгандар” ушулар экен деп ыраазы болбоско аргабыз барбы? Гергестердин аска бетине тарткан сүрөттөрүнө караганда алардын баш кийими калпак, оң колунда жаа, териден жасалган өтүгүнүн башы кайкалак, буюмдарына түшүрүлгөн сүрөттөрдөн болсо күндүн символу болгон боз үйдүн түндүгүн байкоого болот. Негизи бул маселе өзүнчө кеп кылууга арзыйт.

Эми экинчи сурооңуз боюнча айтсам, илгертеден эле: “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр”, “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба!”— деген учкул кептер айтылып келген. Азыр: “Аялың аруу болсо, ажыга көрсөтпө!”— деген накыл кеп чыгыптыр, тообо.

Негизи мен диндарлыкка каршы эмесмин. Арак ичип, көчө таптап, кылмыштуулукка аралашкандан көрө намаз окуп, орозо тутуп, адал жүрүп, бирок кол карап эле отуруп албай, өз нанын өзү таап жашап, ал түгүл жардамга муктаж адамдарга жардам көрсөткөн диндарлар көбөйсө жакшы болор эле.

Шүгүр, азыр да андай үлгүлүү мусулмандарыбыз бар. Ал эми өзүнүн жаман кылык-жоруктары менен ислам динин жек көрсөтүп, эл алдында өзүнүн айыбы ачылып, теледен  маскара болуп жаткан таксырлар чыны мага жакпайт. Ошон үчүн мен мусулманчылыкты коомдогу бар терс көрүнүштөрдөн сактоочу даба, алгылыктуу чара (панацея) деп айта албаймын. Исламдын душмандары азыр исламды согуштун очогу, мусулман инсанды болсо баш кесер катары көрсөтүүгө аракеттенип жатышканда, исламды тутунган инсандар өзүн илим-билимдүү, кылмыштуулуктан чет адамдар катары көрсөтө алышы — учурдун зарыл талабы.

Бүгүнкү адамзаттын өнүгүүсүн билим жана илим аныктаган заманда коомдо мектепке басым коюлбай, динге басым коюлганына, жакында спикердин “…Дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот” – деген кебине сиз кандай карайсыз? Менин түшүнүгүмдө, Дастан Жумабековдун жогорудагы сөзү Баш мыйзам — Конституциядагы «Кыргызстан — мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет» деген беренеге карандай каршы келет…

– Жакында Руслан Жумабаев деген комузчу жигит көз жумганда акын Зайырбек Ажыматов деген акын иним түтөп: “Кыргыздын нукура руханий дөөлөтүн аркалап келаткан Руслан Жумабаевдей кайталангыс таланттар жумушсуз, наамсыз, акчасыз калып, бу дүйнөгө түкүрүп кетип жатышат. А силер, урматтуу чоңдор, сыйлыгыңарды той-топурдан бапырата акча тапкан, Мекениңерди, силер берген мамлекеттик наамыңарды уруп да ойнобогон, материалдык байлыгына манчыркап, моралдык өзөгүнө курт түшкөн популисттердин артынан “мобу наамды алып койчу!..” — деп чуркап жүрөсүңөр. «Мугалимдерди эмес, муфтийлерди уккула» дейсиңер. Мектептен мечиттерди жогору коёсуңар. Мамлекеттик деңгээлдеги маданий саясат деген мындай жүрбөйт ээй!..” – деп жазды «Фейсбукта». Абдан туура жазды.

Чындыгында да жетекчилер муфтийлерди ээрчибей, жалпы Кыргызстан элин өзүнүн артынан ээрчите алган лидерлик даражага жетиши зарыл.

В.И.Ленин өз кезегинде динди мамлекеттик саясаттан бөлүп салгандыгынын себеби — ал коомдо регресс эмес, прогресс болушун каалаган. Биз бүгүн аны эстен чыгарсак, эртең дал Ооганстандын кейпин кийип, талиптерди “таксыр” деп калабыз.

Мен “Улуттук идеология” – деген бир ырымда:

“Кыргыздар бирин-бири сатпаш керек!
Меккеден Мекенди ыйык сакташ керек!
Калк үчүн күйгөн атуул, акындарды
Касымдай кыйнап туруп атпаш керек!

Бир кыргыз өзүн эки бөлбөш керек,
Кыргыздар бөлүнгөндөн өлбөш керек!
Кыргызды кыргыз гана сактап калат!
Ар кыргыз Ата-Журтту жөлөш керек!” – деп да жазган элем.

Биздин аттуу-баштуу молдокелердин «кыздарыбыз чет өлкөлүктөргө күйөөгө чыгып жатат» дешип, алардын тарса, европалыктар, америкалыктар жана дини бөлөк азиялыктар, африкалыктар, ал түгүл мусулман шииттер менен баш кошуусун сындаган учурлары бар. Муну менен алар кыз-келиндерибиздин тандоо эркиндигин чектеп, тапканы менен бактылуу болуу укугун чанып жатышкан жокпу?

– Ооба, бул жерде тандоо эркиндигин чектөө болуп жатат. Анын үстүнө чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жаткандар — башынан эле орус мектептерде окуп, орус болуп чокунуп кетпесе да, негизинен кыргыз менталитетинен тышкары калган кыз-келиндер. Ырас, кийинки убактарда “Көр турмуштун айынан Көкүмбайга тийгемин” демекчи, куу турмуштун айынан Орусияда же башка чөлкөмдөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргыз кыз-келиндер тажик, өзбек ж.б. улуттагы жигиттер менен жакындашып, ал турсун ошол улуттагы инсандар менен үй-бүлө куруп кетип жаткан учурлары маалым. Өздөрү аларга үйлөнгүсү келбеген кыргыздын мигрант жигиттери куру намыска алдырып, андай шоркелдей кыздарды андан бетер шорлотуп сабап кетип жаткан, алардын эптеп үй-бүлөлүү болуу мүдөөлөрүнө тоскоол болуп жаткан фактылары бар.

Ал эми сындаган молдокелер өздөрү деле Кудайды караса болмок. Ал молдокелердин өздөрүнүн төрттөн аялы болсо, ал эми шордуу мигрант кызга ошол сабаган же сындагандардын бирөө да кол сунуп, карап койбосо, анан башка улуттагы же диндеги тандаган жигитине тиет да. Аларда башка айла, башка тандоо жок болуп жатпайбы. Жаш айымдын эркекке, үй-бүлө курууга болгон талабы жалындап турса, аны сындамактан, суу сепсең деле тандоосу өчпөйт да. Ошол молдокелер Ч.Айтматовдун “Жамийласын” бир окуп коюшса жакшы болот эле.

Айтмакчы, эл арасында, анын ичинде «Фейсбукта» «кыргыз кыздарына өлкө жарандыгын алыш үчүн гана үйлөнүп жатышкан чет өлкөлүктөр эртең Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө кооп туудурат» деген пикирлер кездешип калат. Акындын жүрөгү ашыкча сезимтал болот дейт. Бул маселе боюнча да оюңузду ортого салсаңыз.

– Мен муну өтө олуттуу маселе деп эсептейм. Өзүм окуп билген фактыларды бетке кармап, бул боюнча өз көз карашымды негиздейин. Алгач Сан-Франциского төрт эле кытай барып, анан билинбей кытай кварталдары көбөйүп, кытайлардын саны АКШда 4 миллионго жеткенде, кытайлардын каптап кетүүсүнөн биз эмес, тээ мухиттин ары жагындагы Америка да коркуп, өз мезгилинде тиешелүү мыйзамдарды кабыл алган. Азыр бизге коңшу айрым өлкөлөр кытай жарандарына турмушка чыккан кыздарын автоматтык түрдө өз жарандыгынан ажыратып салуу боюнча мыйзам кабыл алышкан. Менимче бул туура нерсе. Антпесе, жарандык алыш үчүн гана кыздарыбызга үйлөнүшкөн кытай жарандары аз убакыт ичинде эле Кыргызстанда бизден көпчүлүктү түзүп, кыргыздар азчылыкты түзүп калат да, мунун акыр-аягы биздин мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырашыбызга алып келет.

Мындай көз караштан чочуласа, айрым Батыш өлкөлөрү, мисалы Франция, Германия, Белгия эбак тыш өлкөлүктөр үчүн чек арасын жаап салышмак. Канада, Австралия чет элдик адистерди пландуу түрдө өлкөгө тартууда. Ааламдашуу деген жараян өлкөлөрдү түгүл, коомду да өзгөртөрү талашсыз. Бул да өзүнчө талкууну талап кылган тема. Ошого алаксыбай, маегибиздин нугуна кайталы, Атантай мырза! Кыргыздар тээ илгери теңирчилик динин тутуп келишкени маалым. Азыр «жаңы теңирчилер» да пайда болуп жаткан сыяктуу. Аларды эл бузар катары катуу сындагандар да бар. Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

– Аялдары аз төрөп, Белгия сыяктуу өлкөлөрдө кары-картаңдар калып, эли азайып бараткан европалыктар башында акыры көйгөй келип чыгарын байкаган эмес. Эми өздөрүндө ынды каралар менен мусулмандар көбөйүп кетти деп чырылдап жатышат. Башында колония куруп, ошонун аягы өлкөсүндө каралардын көбөйүшүндө, согуш качкындарынан улам мусулмандардын көбөйүшүндө өздөрүнүн да күнөөсү бар. Азыр сириялыктардын Түркия аркылуу өтүүсүнө түрктөр да каршы болуп жатат.

Ал эми теңирчилик тууралуу айтчуу болсом, теңирчилик ынанымдары азыр кыргызда элдик үрп-адат, каада-салт катары жашап жатат. Мурунку диний жолоюнан небак ажыраган. Эгемендик жылдарында эл өзүнүн өзөгүн табууга аракеттенип жаткан чакта жаңы теңирчилердин пайда болушу да табигый нерсе. Мен эң башкысы теңирчилер менен мусулман динин тутунган же болбосо, исламдын эле суннит-шиит агымдарын кармангандардын ичинде чыр чыгышын таптакыр каалабайм. Диний согуштар эзелтен эле өтө ырайымсыздыгы менен маалым болуп келген. Азыр Кыргызстаныбыз үчүн тынчтык аба менен суудай эле керек.

Албетте, кыргыздардын диний жактан бөлүнүп, чарпышып кетүү коркунучу бар. Ал эле эмес, азыр сабыры жок жана экинчи тараптын жүйөсүн угууну каалабаган диндарлар пайда болгондуктан, жоолук салынган кыздарды мектепке киргизбеген мектеп директорлоруна баш ийбөө жөнүндөгү Чубак ажынын сөзү; ушул эле шейхтин «намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу боюнча мыйзам долбоорун колдобогон Жанар Акаевдин катарындагы алты депутат менен бир дасторконго отурбайм, алар менен саламдашпайм, аларга жаназа окулбайт» деп жарыя кылганы; андан мурда көк жал публицист, акын жана жазуучу Олжобай Шакирдин башы үчүн байге сайган «Фейсбуктагы» кат жана башка толгон-токой мисалдар эмнени көсөтүп турат? Сиз, Атантай мырза, мен билгенден теңирчиликтин тарыхын үңүлүп окуган зиялы адамсыз. Ошого, туура көрсөңүз, теңирчиликтин пайда болушу жана анын мүмкүн болгон таасирлери тууралуу айта кетсеңиз.

– “Библия” баштаган ыйык китептерде: “Эң башында сөз болгон. Сөз Кудайда болгон!” деп бекер жерден жазылып калган эмес. Анткени адамзат тарыхында алгач сөз пайда болуп, ошол сөз адамдарды башка жандыктардан айрымалап, адамдын ой-туюмун улам өстүрүп, тереңдетип олтуруп, анан көркөм сөз пайда болгон. Ошон үчүн Шеллини: “Алгачкы мыйзамды акын жазган. Ал мыйзамдын аты адилеттик деп аталган” деп жазган эмеспи. Демек, адамдын Кудай тууралуу, адилеттик, теңдик, чынчылдык, кайрымдуулук, боорукердик тууралуу, жаман иштерди жасабоо тууралуу түшүнүктөрү алгач сөздө, башкача айтканда көркөм сөздө чагылдырылган. Теңирчиликтин пайгамбары Ыдырыс (Кут – ырыс) же ыйык китептерде жазылып жүргөндөй эле Идирис болгон. Ал Ыдырыс пайгамбардын нечен-нечен кылымдарды карыткан, нечен ирет кайра оңдолуп курулган күмбөзү азыр Кыргызстанда, Чаткал өрөөнүндө турат. Күмбөздөн үстүндө тоом (крест) сыяктуу белги бар. Бул Күнгө, Күн аркылуу Кудайга сыйынуунун, башкача айтканда теңирчиликтин белгиси. Мындай белги кыргыздын боз үйүнүн түндүгүндө, калпагында да бар.

Демек, теңирчиликти баба-дин, диний башталгыч мектеп десек болот.

Баса, Батыш кыргыздары (гергэстер, кутка сыйынган кутайлар) байыркы убактарда шумерлер (шамэрлер) менен бирге Ефрат, Тигр дарыяларынын ортосунда (азыркы Египет тарапта) жашап, алгачкы цивилизацияны түптөөгө арбын салым кошкон доордон кийин батышта теңирчиликтин өзгөрүүгө учураган түрү – манихейизм пайда болгон деген ой да бекер жерден жазылып жүргөн жок.

Дал азыркы учурда да теңирчиликтин көптөгөн белгилери кыргыздын элдик каада-салттары же башка диндер аркылуу кирген жөрөлгөлөр аркылуу бир аз өзгөрүүгө учураган түрдө жашап жатат. Маселен, кыргыздар илгери тирүүлүктүн символу катары күнгө, айга сыйынышкан, от, шам, суу сыяктууларды ыйык тутуп, жаратылышты аздектеп сактап келишкен.

Маселен, ошол байыркы убактарда кыргыздар жаңы жыл күнү ыйык жерлердеги дарактарга чүпүрөктөрдү, наристе балдардын бут кийимдерин (шипек) байлап келишкен. Ал эми христиандардын жаңы жылы кыш мезгилине туш келип калгандыктан, алар жаздын символу катары арчаны орнотуп, ага ар кандай жасалгаларды илишкен. Натыйжада ёлка пайда болгон. Ошондой эле кыргыздар метроиддерден темирди алууну алгач ойлоп табышып, ошончүн метроид таштарын касиеттүү деп эсептешкен. Азыр ошол жөрөлгө уланып, мусулмандар Каабадагы метроид ташын ыйык тутушат.

Исламда Замзам суусун ыйык тутуу да теңирчиликтин табият менен танапташ жашоо идеясынын улантылышы. Арабдар чөлдө жашагандыктан, аларда суунун кадыры дагы арткан. Теңирчилик дининде баланы кырк күндөн кийин жуундуруп: “Ата-энеңдин күнөөлөрү үчүн сен азап чекпе. Жараткан сага ак жол берсин!” — деп бата беришсе, теңирчилик дининде айтылгандай эле христиандар да ата-энелеринин күнөөлөрүнүн балага залакасы тийбесин деп тиленип, баланы суу чөмүлтүп, чокундуруусу туура 40 мүнөткө созулат.

Кыргыздар Кудайга атап бышырылган тамакты жээр алдында ал тамактын четине шам жагып коюшкан. Азыр туулган күнгө арналган (өмүрдү Кудай берет эмеспи) торттордүн үстүнө шам жагып коюшат. Кыргыздар илгери түшүмдү жыйнап алышкан соң “Саман-той” (татарларда сакталган аты “сабантуй”) майрамын өткөрөр эле.

Ошондо алгач чоң от жагып, анан аны тегеренип шапар тээп туруп тойду башташчу. Баса, ал отко ошол учурдагы эң белгилүү баатыр гана от коюуга укуктуу болуучу. Азыр спорттук Олимпиада оюндарын өткөрөрдө белгилүү спортсмендер шамала (факель) алып келет.

Аруу элдери, тагыраагы кыргыздар “тогуз токоч” бышырып, аны “Бабэдинге” (баба динге – же теңирчиликке) арнашат болуучу. Азыр ислам дининдегилер да жыл сайын Кудайга арнап тамак бышырышат. Ал “Курмандык” деп аталып, ага мал союлат. Айта берсе мындай мисалдар абдан көп. Демек, бардык диндердин тамыры бир, ал эми Кудай болсо жалгыз.

Кызык. Ушу жерден мындай суроо бергим келип кетти: Сиз периштелер бар деп ишенесизби?

– Ооба, акын калкы кыялкеч болот эмеспи. Кээде ошол периштелер биздин чоңдор уктап жаткан убакта алардын мээсинен жемкордук иш-аракеттерди жасоо тууралуу ойлорду таптакыр жууп салса кандай сонун болор эле деп ойлоп кетем. Экономикабыздын илгерилешине дал ошол коррупциялык иш-аракеттер өтө зор тоскоол болууда. Илгери кыргыздарда уурулардын башын кесип туруп, ал башты атасынын мойнуна илип коюшкан. Кытайда азыр да коррупционерлерди атат. Бизде жок дегенде коррупционерлердин байлыгын мамлекетке алып туруп, өздөрүн экинчи мамлекеттик кызматка алынбай турган кылып коюшса адилеттүү иш болор эле. Эми ал үчүн албетте, саясый эрк керек. Анткени андай адил сапат ата каны, эне сүтү менен бүтөт эмеспи.

Талкуулаган темабыздын аягын дин тууралуу бир ыр окуу менен жыйынтыктасаңыз кандай болот?

– Жарайт. Анда “Адам, дин жана Кудай”- деген ырымды окуп берейин:

Адамдын баарын Кудай жараткандай,
Диндердин баарын Кудай тараткандай.
Жашылча, жемиш-м
өмө бардыгын тең
Жасаган Кудай чарчап, кабак салбай.

Кудайдын амирине каршы болбой,
Пальмалар өсүп турат пальма бойдон.
Алмурут болуп кетпей, эзелтеден
алмалар
өсүп турат алма бойдон.

“Мен сенден бийик-бийик өсөмүн!” – деп,
Курмалар бадыраңга корсоңдобойт.
“Мен сенден алда канча таттуумун!..” – деп,
Ж
үзүмдөр пияздарга койкоңдобойт.

Бир капка салып, байлап койсо дагы,
Сабиздер картошканы тепкени жок.
Кайналы
өрүк күүсүн черткени жок,
Коондор ашкабакты жешкени жок.

Үйрөнүп ошол мөмө-жемиштерден,
Диндерди диндер башка чаппаса дейм.
Ар улут – Жаратканга перзенттей го,
Улуттар башка улутту атпаса дейм!..

Диндерди берген Кудай адамзатка,
Бакытка жетишсин деп
ченеми жок.
Кудайлык макамы эле жетет ага,
Кудайга эч бир диндин кереги жок.

Илимсиз болбойт элдин келечеги,
Калкымды караңгылык өксөтпөсүн.
Улутум Жер үстүнөн жексен болсо,
Бейишин мага Кудай көрсөтпөсүн!
Бейиштин бетин Кудай көрсөтпөсүн!!!..

Амирбек Азам уулу

«Азаттык»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.