“Свежий воздух”

Ыраматылык Качкынбай Осмоналиевдин бойго жеткен кызы кеч күүгүмдө атасынан суранып калат:

— Ата, свежий воздухка чыгып келейинби?

— Чыксаң чыгып кел айланайын кызым, бирок жанагы “свежий воздухуңа” айтып койчу, кечээкидей кечке кармабай эртерээк жиберсин…

Боорукерлик

СССР урап, демократия дуулдап турган учур. Ак үйдүн алдында ачкачылык жарыялагандардын айылы конуптур, арасында демократ жазуучулар да бар экен деп угушуп, ашканадан түштөнүп чыккан жазуучулар ошол жакка багыт алышат.

– Ой, мырзалар, тишиңерди чукусаңар ушул жерден чукуп алгыла, тигил ачка байкуштардын маңдайына барып чукуп, шилекейлерин агызбай, – деген экен Каныбек Эдилбаев.

Коргол уялганда

Райкан Корголду Фрунзеге келгенде үйүнө чакырып, сыйлап олтурат, бир маалда Коргол:

— Райкан, даарат ушаткан жайың кайда? — дейт.

Райкан үйдөгү туалетке киргизип жиберет. Аңгыча Коргол кайра чыгып эле, коридордо эки-жакты карап туруп калыптыр.

Райкан:

— Эмне болду, Коке? — десе:

— Койчу, айланайын, тигиниң сүт куя турган табак турбайбы, — дептир Коргол ыңгайсызданып.

Ага-ини

Бир күнү Мидиндикине Райкан кирип барса, кичинекей кандеги жан-алы калбай арсылдап качырат. Райкан жерден чыбык ала коюп какыс-кукус кылса, кандек каңшылап качат.

Анда Мидин:

– Болду, болду эми, агасы инисин ошентип уруп койсо эч нерсе болбойт, – деген экен.

Кеч болуп калды

1985-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун съезди болуп, мурдагы секретарлардын баары кызматтарынан алынып, аппараттын жаңы курамы шайланат. Чогулуштан чыгып, бирге басып баратышканда Бексултан Жакиев:

— Насыке, кандай дейсиз, Мусакемди (Жангазиев) туура эле алды го. Эми жаштарга орун бериш керек да, — дейт. Ошондо Насыкең өзүнө мүнөздүү күтүүсүздүк менен:

— Жок, Бексултан, жаңылышасың! Муса кызматтан 19 жыл кеч алынды, — деген экен.

Көрсө Мусакең Союзда 19 жыл секретарь болуп иштеп туруптур.

Адилет суроо

Жаш жазуучулардын бири Чыңгыз Айтматов менен жолугушууда «Чыңгыз Төрөкулович, өзүңүз бир кездерде: «Кыргыз тили оң колум, орус тили сол колум» деген элеңиз. Эмне үчүн соңку жылдарда сол колуңуз менен гана жазып калдыңыз деген экен.

Азыркы жаштар

Том-том эпосторду жатка айткан илгерки жомокчуларды бүтүндөй симфонияны нотасыз эсинде сактаган улуу комузчуларды эскерип отурушуп, замандын өзгөргөнүн, цивилизациянын эмне бергенин, эмнеден өксүк кыларын жазуучулар айтып отурган жерде Райкан Сөзгө аралашып:

– Кайран асылдар өттү. Азыркы жаштарга атаңа салам айтып кой десең, блокнотуна жазып алышат экен, – дептир.

Саясый «куугунтук»

Соцреализмдин заманы өкүм сүрүп турган жаасы катуу заманда Салижан Жигитовдун повестинде антикоммунисттик идея бар деп сындаган Кеңешбек Асаналиев кийин перестройка заманында коммунисттик бийлик мени да далай кордоп куугунттуктабадыбы деп кобурап калат.

Аны угуп олтурган С.Жигитов:

— Ия, кокуй, Кеңешбек Асаналиевич, сиз куулуп жүрүп мени кууп жүрдүңүзбү? — деген экен.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.