Кадыркул Даутов: Медетовдун өлүк «объективизиминен» таратылып жаткан сасык идеялардын түпкү мүдөөсү кайсы?

…«… Азыркы жаштардын  ичинде  потенциалдуу  мүмкүнчүлүктөрү зор, күчтүү  жаштар өсүп  келатат…. Биерде Даутов, Токтогулов, Эдилбаевдердин  чыгып сүйлөгөн сөздөрү, ой жүгүртүүлөрүнүн тереңдиги, принципиалдуулугу, биздин адабиятка күйүп, андагы жетишкендиктер менен мүчүлүштүктөргө сын көз менен карай алганы мага жакты. Булар жалпы адабий процесске көркөм формада ой жүгүртүп,  азыркы кезде кыргыз адабияты кандай абалда экендигин айтышты. Эстетикалык аң-сезим жетилген, дүйнөгө терең көз караш менен караган жаштардын минтип өздөрүнө сын көз менен баа бергени жарашып эле турат…». Чыңгыз Айтматов, КР эл жазуучусу. “КМ”,1997.27-янв.№5(525) “…Барпы акынга […]

Улуттук университетте орто билимдүү адам мугалим болуп иштей берсе болобу?

Азыркы чалкеш заманда адамдар эч нерсеге деле таң калбай калды. Бирок Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде иштеген Аскар Медетов деген неменин – “РухЭш” сайты эң таамай жазгандай “адабий мутанттын” – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, бүгүнкү кыргыз адабият таануусу менен адабий сынынын тирүү классиги өзүн тарбиялап чоңойткон Кадыркул Даутовду койдой сүйрөгөн көркоолугу уккан адамдын төбө чачын тик тургузду. Айрым бирөөлөр бул жосунсуз жорукка “эки адабиятчынын ортосундагы илимий полемика”, “оппоненттер ортосундагы адабий талаш” дегендей өң-түс бергиси келип, А.Медетовдун көпчүлүктүн – болгондо да […]

Марк Твендин учкул ойлору жана азилдери

Өзү жөнүндө Мен тишим жок туулгам, бул жерде Ричард III артыкчылык кылат. Бирок мен өркөчү жок туулгам, бул жерде артыкчылык менде. Менин ата-энем өтө жакыр эмес болчу жана өтө чынчыл да эмес эле. *     *     * Менин түшүнүгүмдө, силерге мен биринчи жолу кантип калп айтканым жана ал калптан кантип чалынбай чыкканым жөнүндө маалымат керек окшойт. Мен 1835-жылы туулгам; азыр бир топ жашка барып калдым, эс тутумум мурдагыдай эмес. Силер менден биринчи жолу качан чын айтканымды сурасаңыздар болмок, анткени мен аны […]

Шүкүрбек Бейшеналиев: Тоодогу тооруш

АҢГЕМЕ Көккө тирешкен Улуу Тоонун койнундагы жумушчулардын шаарчасы. Ал төбөсүнөн асманга, теребелинен тоого курчалып… заңгыраган үйдүн ичиндеги ар кай жерге аземделип коюлган асыл буюмдар сыяктуу. Бөлөк шаарларда көчөлөр болсо, мунуку — аянтчалар. Шаарчанын борбору кууш капчыгайдагы асканы тепкилеп аккан шар суунун боюндагы № 1 аянт. Өзөндөн өйдө карай чокмороктошуп үйүлгөн дөбө, секи, адыр, белес, чоку, ашуулар — алп тоонун тулкусу. Ошолордун ар биринин жайпак, жантык боорлорунда эки-үч кабат таш үйлөр… Алардын ар кайсынысы баланчанчы, түкүнчөнчү аянт делинет. Кырк жетинчи аянт […]

Аким Кожоев: Жомок – адамзаттын рухий бешиги

Студенттик күндөрдө Бейшебай Усубалиевдин аңгемелери менен алгач таанышканымда кудум Чеховду окуп жаткандай тамшанып да, таң калып да окуганым эсимде. Албетте, азыркы Бейшебай Усубалиев – Чехов эмес, ал учурдагы кыргыз адабиятында өз орду бар, стили, жазуу манерасы, көркөм каражаттарды колдонуу ыкмасы башкалардан айырмаланган улуттук чоң сүрөткер. Мен Бейшебай агайдын кайсы чыгармасы болбосун зор ынтаа менен окуйм, улам кийинки чыгармасынан бир жаңылык ачам, буга чейин тааныш эмес жаңы дүйнөгө, ой-сезимдердин, элес-түшүнүктөрдүн жаңы ааламына туш болом. Рухтун алпы Чыңгыз Айтматов: «Улуу жазуучулардын китептери […]