Студенттик күндөрдө Бейшебай Усубалиевдин аңгемелери менен алгач таанышканымда кудум Чеховду окуп жаткандай тамшанып да, таң калып да окуганым эсимде. Албетте, азыркы Бейшебай Усубалиев – Чехов эмес, ал учурдагы кыргыз адабиятында өз орду бар, стили, жазуу манерасы, көркөм каражаттарды колдонуу ыкмасы башкалардан айырмаланган улуттук чоң сүрөткер.

Мен Бейшебай агайдын кайсы чыгармасы болбосун зор ынтаа менен окуйм, улам кийинки чыгармасынан бир жаңылык ачам, буга чейин тааныш эмес жаңы дүйнөгө, ой-сезимдердин, элес-түшүнүктөрдүн жаңы ааламына туш болом. Рухтун алпы Чыңгыз Айтматов: «Улуу жазуучулардын китептери укмуш, сен аларды ачсаң, алар сени ачат», – дегендей, чын эле бул сүрөткердин ар бир жаңы чыгармасын окуган сайын өзүмдү табам, өзүмдү-өзүм таанып-билем, качандыр жоготкон аруу дүйнөмө кез келгендей, тазара түшөм. Менимче, көркөм дөөлөттөрдүн баалуулугу да, күчү да ушунда: алар адамга рухий тирек гана болбостон, анын дилин агартат, жашоого шыктандырып, өмүрдүн баалуулугун сездирип-туйдурат.

Ал эми мен бүгүн сөз кылайын деп ниеттенип жаткан Усубалиевдин жаңы чыгармасы «Жомок» деп аталат. Эмне үчүн мындай ат ыроолоду – кеп удулун адегенде ушул жакка буралы. Көрсө, бул повесть тек башкы каармандын (балким, автордун өзүнүн) бактылуу балалыгынын жомогу жөнүндө эмес экен. Бул баян биздин баарыбыздын, кеңири мааниде алганда жалпы адамзаттын эми эч качан кайрылып келбес балалыгынын жомогу тууралуу икая экен.

Повесттин аталышында эле чоң подтекст камтылгандай, анын өзөгү да, анын өнө бою да каймана маанидеги метафораларга жык толгон. Алардын ичинен эң негизгиси, эң урунттуусу – бул албетте, жомок. Жомок адамдар али интернет, компьютер, уюк телефон дегендер эмне экендигин билбеген, кечээ эшигибизден кирсе, бүгүн төрүбүзгө өткөн электрондук дүйнөдөн кабары жок замандагы (чыгармада айтылгандай, «тазалык доордогу») балдардын эле эмес, чоң кишилердин да жан азыгы болгон.

Адамзаттын миңдеген мууну жомок угуп тарбияланып, жомок угуп инсан катары өсүп-жетилген. «…жомок деген сөздү кайсы жерде, качан жана кандай кырдаалда укпайын, жүрөгүмдү эч бир нерсеге окшобогон кандайдыр бир үлбүрөгөн жылуулук өрдөп бараткандыгын кадимкидей туюп турам. Кыргызда сөздөн көп нерсе жоктур, бирок ошолордун ичинен мага эң эле жупунусу, эң эле жакыны, ысыгы жомок болсо керек деп ойлойм», – дейт биринчи жак менен баяндалган чыгарманын башкы кейипкери жомок тууралуу.

Демек, элдик жомоктор, эпостор, дастандар, ыр-күүлөр, каада-салттар – булар адам заадисинин рухий башаты, уңгу-уюткусу эле эмес, анын келечегин аныктаган, анын андан аркы жашоосуна өнөгөлүү таасир этип, таяныч боло турган мухит сыяктуу түпкүлүктүү дүйнөсү. Бул жааттан алганда авторду адам баласынын жомоктук («тазалык») доорунун бүтүп жатышы катуу убайымга салат. Айтса-айтпаса төгүнбү, адамдар көбүнесе жомокто гана бакты-таалайлуу болушат. Жомокто гана адам көксөгөн максат-муратына, кыял-эңсөөлөрүнө толук жетет. Ал эми жомок угуп, жөн эле жомок эшитпей, аны менен аралашып жашаган, аны жан-тенине сиңирген баланын да келечеги кудум жомоктогудай жаркын болору айкын. Мындайча айтканда, жомокко (жалпы алганда элдик рухий дөөлөттөргө) сугарылган инсандын жан дүйнөсү да кудум жомоктогудай бай, ар тараптуу, көп кырдуу, көп сырдуу болот. Эгер Пушкин биздин заманда жашаганда, Пушкин болбой калмак деп бекеринен айтылбаса керек. Балким, Айтматов иралды чоң энеси Айымкандын жомокторун, кийин Саякбайдын «Манасын» өз оозунан укпаганда, Айтматов боло алмак эмес.

Чыгармадагы жомоктук рухту алып жүргөндөрдүн бири – Калыйча апа. Бул жерде бир нерсени, жазуучунун бейне жаратуудагы, кейипкерлердин кулк-мүнөзүн, ички-дүйнөсүн, психологиясын ачып берүүдөгү өзгөчөлүгүн айтып кетпесек болбойт. Маселен, ошол эле Калыйча кемпирдин образын айрым жазуучулардай автордук сүрөттөө, баяндоо аркылуу алдыга тартпастан, байбиченин өгөй да болсо өздөй тутунуп-баккан уул-кызы Жумабек менен Жумагүлгө, жомок укканы келген балдарга, башка кишилерге, Чүмөдөй абышкага, жомокко, ала кийизге ж.б. мамилеси жана ал жөнүндө бөлөктөрдүн (айрыкча аңгемечинин) пикири аркылуу ачып берет. Башкалардын бейнеси да ушул ыкма менен ачылат. Автор деталдарга (мисалы, чач учтук, киндик эне, ала кийиз, жомок, ыр ж.б.у.с) өзгөчө маани берип, алардын көпчүлүгүн метафоралык деңгээлге чейин жеткирет. Булардын ичинен жомок менен киндик эне повесттин күрөө тамырын түзүп, чыгармадагы негизги ой, негизги идея ушул түшүнүктөрдүн тегерегине топтолгон.

Сүрөткер эмне үчүн жомоктон тышкары киндик энеге мынчалык көп маани берип жатат? Эмне үчүн Калыйча апа башкы каармандан: «Киндик энеңди унуткан жоксуңбу?» – деп улам улам кайталап сурай берет? Киндик энени унутпай, эстей жүрүү ушунча эле зарылбы? Бул суроолорго жооп издөөдөн мурда «киндик» деген сөздүн этимологиясына токтололу. Аталган сөздүн кишинин денесине тиешелүү анатомиялык маанисинен бөлөк негизи, түбү, борбору (Түшүндүрмө сөздүк) деген өтмө мааниси да бар. Ошондой эле киндик кан тамган жер, жер киндиги, киндиктеш деген сөз айкаштары эл арасында кеңири колдонулат. Демек, автор бул сөзгө айрыкча көңүл бөлүп, басым жасаганы тегин эмес экен.

Ушул мааниден алганда чыгармадагы жомоктой эле, киндик эне дагы (т.а. Калыйча апанын ажайып дүйнөсү, ал боюна сиңирген кылымдардан бери укумдан-тукумга уланып келе жаткан улуттук касиет-сапаттар, ыйык түшүнүктөр) – адамдын өтмүшү гана саналбастан, анын рухий мекени, анын түпкү тамыры катары да кызмат кылат. Жазуучу Калыйча апанын оозу менен: «Адамзат! Өтмүшүңдү унутуп, тамырыңдан ажырап калып жүрбө! Тамырыңдан ажыраганың – бүткөнүң!» – деп катуу эскертип жаткансыйт.

Айрым «пенделик кемчиликтерин» эске албаганда (бирок дал ошол майда-барат кемчиликтердин жардамында бул кейипкердин образы ары жандуу, ары реалдуу чагылдырылган) Калыйча апаны аталган чыгармадагы Умай эне десек болот. Анткени кыргызда Калыйча апа сыяктуу энелер бир канча муунду, бүтүндөй бир элди тарбиялап келген. Калыйча апанын бейнесин автор чоң эргүү, ашкере берилүү менен жаратканы шексиз. Адамзаттын түпкү Энесинин символундай көрүнгөн бул аялдын образынан биз кадимкидей жылуулукту, чексиз мээримди сезебиз.

Согуштун каары ар бир үй-бүлөнү желкелеп, каатчылык жакадан алып турган ошондой мүшкүл турмушта Калыйча апанын эки жетимди кудум өз канынан жаралгандай аздектеп багып чоңойткондугунун өзү не деген эрдик да, не деген адамгерчилик!

Бул ыңгайдан алганда Калыйча апанын тагдыры Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын тагдыры менен окшошуп кетет жана эки чыгарма кайсы бир даражада үндөшүп да турат. Кан күйгөн согуштун кесепетинен баардык жакындарынан ажыраса да, Толгонай өмүргө, жашоо-турмушка, адамга болгон урматын, ишенимин жоготкон жок. Ал эми асырап алган «жетимдеринен» катуу шагы сынган Калыйча апа адамгерчилигинен түк жазбайт, мурдагыдай эле айланадагыларга жарыгын чачып, энелик мээримин төгө берет.

Калыйча апа адамга эле эмес, өзү урунган же өз колунан чыккан буюм-тайымдарга да өтө аспиеттеп мамиле жасайт. Кудум алардын да киши сыяктуу жаны бардай, алар да сезим-туюмга ээдей, кокус алардын көңүлүн оорутуп албайын дегендей абайлап, алар менен күбүрөп сырдаша да кетет. Мындай эпизоддордун бирин жазуучу минтип сүрөттөйт: «Кызык, Калыйча апа жүндү чийге жая баштаганда аларды ушунчалык аяр таптаар эле, биз буга бир таң калсак, ошол аяр таптап жатканда оозун кыбыратканы, кыбыраткан сайын улам ар башка дүйнөгө туш болгонсуп, бирде мостоё токтоп калганы, бирде күлүмсүрөгөнү ого бетер таң калтырчу. Өңгөсүн билбейм, мен ошол Калыйча апа оозун кыбыратып, жайып жаткан жүнүнө жалооруй тигиле караганда, нени ойлоп, нени шыбырады болду экен деп кызыга берер элем».

Жазуучу чыгармадагы бул көрүнүш аркылуу бизге эмнени айткысы келип, эмнени кыйытып жатат? Арийне, калемгер бул жерде да чоң философиялык ойду туюндургусу келгени анык. Кыргыздын боз үйү, комузу, калпагы ж.б. сыяктуу Калыйча апанын ала кийизи, дегеле жазуучу ашкере маани берип чыгармада сөз кылган баардык улуттук буюм-тайымдар тек биздин күндөлүк тиричиликте керектей турган нерселер эмес, булардын баары – улуттук рухий байлыгыбыз, ата-бабадан калган нарк-насилибиз. Биздин бүтүндүгүбүз да, бары-жогубуз да, эртеңки келечегибиз да өзүбүздүн өтмүшүбүзгө жасаган мамилебизге жараша болот.

Эми дагы сүрөткерге кезек берели: «Биз кандай гана кийиздерди тепкилеп, кандай гана кийиздерди баспадык дейсиң. Ушулардын ичинен мени өтө суктандырганы да, тамшандырганы да ала кийиз эле. Ал мага жаңыдан, капысынан пайда боло калган өзүнчө бир дүйнө, ааламдай сезилчү. Өз бутубуз менен тепкилеп, колубуз менен басып жаратсак да, аны өзүбүз жаратканыбызга таптакыр ишенчү эмесмин. Өзгөчө аны короонун кырына жайып койгондо, анын ар бир оймосу – мейли кызылбы, мейли көкпү, айтор, кайсы түстө болбосун, жаңы ачылган күчүктүн көздөрүндөй туптунук болуп мөлтүрөп турчу, ушул мөлтүрөгөн көздүн ичинде биз өзүбүз, биз түгүл бүткүл аалам жүргөндөй сезилип кетер эле».

Бул тексттен көрүнүп тургандай, ала кийизди жасоого катышуу менен башкы каармандын (жалпы эле чыгармадагы балдардын) бир гана эмгекке болгон мамилеси калыптанбастан, анын сулуулукту, кооздукту туя билүү сезими ойгонот, ал ала кийиздин «көздөрүнөн» өзүн көрөт, ал «көздөр» аркылуу дүйнөнү таанып-билет, ал үчүн ааламдын эшиги ачыла баштайт. Илимдин тили менен айтканда, повестте жомок, ала кийиз аркылуу адам рухунун континууму жүрөт – Калыйча апа өмүр бою өзүнө топтогон асыл кенч балдардын жан дүйнөсүнө, сезим-туюмуна өтөт.

Адабий сынды колдоо максатындагы «РухЭш» сайтынын өнөктөшү жана демөөрчүсү «Сармерден» рестораны. Байланыш тел:. 0555 001 718

Украиналык көрүнүктүү педагог Василий Сухомлинский: «Гүл кармаган адамдын колунан жамандык келбейт», — деген экен. Демек, элдик наркты туу туткан чоң ата, чоң энесинен (мейли кимден болсо да) жомок уккан, ыр-күү эшиткен бала адамгерчилик деген улуу вазийпаны өмүр бою унутпайт. Ал турмушунда кандай кырдаалга, кандай күнгө туш келбесин, Чүмөдөй атанын ыры сыяктуу бир кезде көкүрөк-көөдөнүндө коргошундай уюган рухтун күчү дайыма аны «тазартып», «сергек тарттырып турат».

Таланттуу жазуучу Бейшебай Усубалиевдин «Жомок» повести тууралуу жазылган макалабызды корутундулап жатып, анын көркөм каражаттарды колдонуу чеберчилиги жаатында кыскача айта кетпесек болбойт. Анын сүйлөмдөрүнүн ыргагы, музыкалуулугу ушунчалык, тексттеги айрым эпизоддордун сөздөрү, сөз айкаштары эле эмес, тамгаларынын да «жаны» бардай, алар да сүйлөп тургандай таасир калтырат. Маашыркап, чын эле «ар бир сөзүн кармалап көргүң келет» (Ч.Айтматов). Эң башкысы, маанисинин тереңдигине, көп катмарлуулугуна карабастан, анын кайсы чыгармасын албайлы, жомоктой жеңил, жомоктой кызык окулат. Андыктан Бейшебай Усубалиевди кара сөздүн дасык жомокчусу десек эч жаңылышпайбыз.

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Жомок

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.