…«… Азыркы жаштардын  ичинде  потенциалдуу  мүмкүнчүлүктөрү зор, күчтүү  жаштар өсүп  келатат…. Биерде Даутов, Токтогулов, Эдилбаевдердин  чыгып сүйлөгөн сөздөрү, ой жүгүртүүлөрүнүн тереңдиги, принципиалдуулугу, биздин адабиятка күйүп, андагы жетишкендиктер менен мүчүлүштүктөргө сын көз менен карай алганы мага жакты. Булар жалпы адабий процесске көркөм формада ой жүгүртүп,  азыркы кезде кыргыз адабияты кандай абалда экендигин айтышты. Эстетикалык аң-сезим жетилген, дүйнөгө терең көз караш менен караган жаштардын минтип өздөрүнө сын көз менен баа бергени жарашып эле турат…».
Чыңгыз Айтматов, КР эл жазуучусу. “КМ”,1997.27-янв.№5(525)

“…Барпы акынга арналган иш автордун жан дүйнөсүнөн күйүп, алоолонуп кайталангыс ыкмада жаратылган изилдөө деп айтар элем. Даутов К. Барпынын кайрадан тирилтип, кайрадан сайратып, кайрадан окурмандардын колуна “окугула, рахаттангыла, түшүнгүлө, таң калгыла» — деп, бизге тартуулап жаткандай сезилди. Албетте, бул иш өзүнчөлүк ыкмада, өзүнчөлүк бийиктикте, өзүнчөлүк тереңдикте жаратылган изилдөө”.
Раиса Кыдырбаева, филология илимдеринин доктору, КРУИАнын корреспондент мүчөсү. 2003-жыл.

Мен, негизинен үч-төрт маселени сөзсүз түрдө патриархалдык-уруулук аң-сезимдин сазына батып турган кыргыз элинин саясий-идеологиялык түшүнүгү жана маданий деңгээли жараткан социалдык-тарыхый процесстин пайдубалы катары түшүнүп карайм.

Биринчиси: патриархалдык-уруулук аң-сезимдин оңго да, солго да тийгизген жандуу таасири. Адегенде ошонун бир учуруна ырастап ышкыңды бөлүп, табийгый түрдө көрүнүшүн бузбай туруп так караштырып алганың ашкере пайдалуу болору белгилүү. Бир жолу жазуучулар союзунда отуруп Төлөн Шамшиев менен сүйлөшүп калдым. Кантсе да ал эски кишилерден эмеспи. Далай маалыматтарды бере алат. Көзү өткөн акын-жазуучулар менен маданий ишмерлердин баарын билет. КР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Андан айрым акын-жазуучулардын тагдыры тууралуу 1932-жылы Союз түзүлүп, 1934-жылы СССР Жазучулар Союзунун биринчи съезди болгондо М.Горькийдин сүйлөгөн сөзү азыр деле окулуп жүрбөйбү. Жыйырманчы, отузунчу жылдар үчүн андай жол көрсөтүүнүн мааниси зор болгону баарыбызга дайын.

Ал ошол учурларда биз сыяктуу жаш адабиятчынын кыртышын түзүп жаткандарга өзгөчө көңүл бургузуп, Дагестандын Сулейман Стальскийин сахнага алып чыгып, музыкалык аспаптын коштоосунда жамакчылык формага салдыртып ырдатып бербеди беле. Анан, мындай таланттар баарыңарда  бар, ырларын жазып калгыла, китеп түрүндө чыгаргыла. Элдик дастандар менен жомокторду топтогула, көркөм-адабият байлыктарынын түп башаты ошолордо жатат дегендин таасири күчтүү болуптур.

Съезден кийин калем кармаган ышкыбоздор арасында кимди биринчиликке чыгарабыз дегендей мааниде ачык-жабык талаш-тартыштар жүрө баштайт. А.Токомбаев өзүнүн жердеши Ысак Шайбековду көтөрөт. Ал жөнүндө макала жазат. (“Ысак Шайбеков ким?”- “Кызыл Кыргызстан”, 1935,27-апрель), жасаган иштери жөнүндө маалыматтар берет.

“Ж.Бөкөнбаев абдан чыйрак, абдан жалтанбаган курч эле”,- дейт Төлөн Шамшиев. Токтогулга жээн да болот экен. Москвадан окуусун бүтүп, Сталинден колдоо көрүп, эргип турган маалы эле. Токтогул үчүн катуу иштеп, тап күрөшү, саясый-идеологиялык маселелер менен байланыштырып партиялык, чыгармачылык чогулуштарда сүйлөгөн, практикалык иштерди жүргүзгөн. Өзгөчө Токтогулдун камалып, Сибирге айдалганы чоң документ болуп бериптир. 1936-жылы Корголду алып Арым жайлоосуна чыгып (эс алуу учурунда), жалаң Токтогулдун ырларын айттырып, жазып келиптир. Муну Ж.Бөкөнбаев менен бирге иштешип жүргөн эң жакын калемдештеринин бири Тукей Кекиликов эч жерин бузбай көз алдыңан элестүү өткөртүп берет. Оюңду бөлбөй түзкара, так ук:

… “- Тукей, сен Токтогулдун ырларын жыйноону уюштурчу. Токтогул менен бирге жүрүп, ырдашкандардын бири Калык. Какем өзү жазып бериши кыйынырак болор. Бир баланы жиберип жаздыр”,- деди.

Бизде Абдрашит Сооронбаев деген Какемдин айылдашы иштээр эле. Аны жиберип Какемди редакцияга алдыртып келдим.

“- Каке, көзү тирүүлөрдөн Токтогул менен бирге ырдаган сизден башкасы жокко эсе. Сиз өзүңүз билгендериңиздин баарын Абдрашитке айтып берип жаздырыңыз. Эмгегиңиз эске алынат”,- деп өтүнүч жасадым. Какем макул болду. Абдрашитти эки жумага жумуштан жарым-жартылай бошотуп, жаздырып ала баштадым. Абдрашит күнүнкүсүн күнүн жазып келе берди. Жоомарт көзөмөл болуп, сураштырып турду. Материал бир топ болгондо:

“ — Кана, жыйналгандарын алып келчи, мен бир көрөйүн деп күлүмсүрөдү. Колдогу материалдарды көрсөттүм эле, ал түз эле оңдоп кирди”(Тукей Кекиликов. “Достор арасында”.Ф,-Адабият”.1900,-8-б.).

Негизги маселенин сырдуу түйүнү дал ушул «… түз эле оңдоп киргенине” оролуп турат. Ошол аркылуу далай бекитилип келаткан дүйнөнүн ачкычы табылып, жолдору ачылат. “Жел болбосо, камыштын башы кыймылдабайт»,- дешет ко. Эгерде чындыктын жок дегенде бир тал кылчалык элементи ошол предметтин өзөктүк түзүлүшүнө табийгый түрдө кирип турбаса, буга окшогон талаш-тартыштуу сөздөр кайра-кайра кайталана бермек беле. Азыраак ой жүгүртүп көрчү:

Тартипке салынып, тактоолор жүргүзүлүп (али толук текстологиялык изилдөөнүн деңгээлине көтөрүлө элек) чыгарылды делген эки томдуктун (1964) “Түшүндүрмөсүндө” минтип жазылган:  «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду”. Бул ырдын кимден жазылып алганы белгисиз жана ырдалган жылы да такталган жок. Биринчи жолу 1940-жылы 22-январда “Ленинчил жаш” газетасына “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду”деген ат менен жарыяланган. Ошондон бери Токтогулдун жыйнактарына басылып келе жатат. Акыркы текстине өзгөрүүлөр киргизилген жок ». -Фрунзе, ”Кыргызстан”. 1964,-285-б. А эмне үчүн бул белгилер жок?..) Муну бир деп коюп, кененирээк ойго алып тур.

Экинчи жагынан, Токтогул Фрунзеге 1928-жылы тандалып чакырылган кыргыз өнөрпоздорунун катарында келиптир. Азыр эле белгилеп өткөндөй, А.Токомбаев саясый-идеологиялык тарабынан да, көркөмдүк сапат тарабынан да, али канаты ката элек балапан акындын “Ленин тууралуу” деген жол башчыны жоктоо ырлар жыйнагы 1924-жылдын башынан жазылса, 1927-жылы жарык көргөн (Ташкент: Орто Азия китеп басмасы,-74б). Анын артынан Абылкасым Жутакеевдин “Ленин кошогу” улантылып өз абалына жараша үн кошуп, үн салган сыяктанып келатты.

Жашоо жолу иш-аракет менен экен. Пайдасы тийчү бир нерсени жаратып алышка шарты келсе да, келбесе да, бүтүрүп жатам же бүтүрүп койдум деген ойлорго чөмүлүп алып чыгалбай жүрө берет турбайбы. Чыгарманын адабий сапаты кайсы баскычта турганы менен иши жок, саясый-идеологиялык жагынан оң-тетириси аралаш, өтө үстүрт түшүнүгүнө жараша 1927-жылы көп нускада жарык көрүп таратылса, А.Жутакеевдин “Ленин кошогу” ошол жылдары эле кыйла окурмандарга дайын болуп калат (Автор өзү 1931-жылы дүйнөдөн кайткан).

1930-жылдардын киришинен бирин-сериндеп эл ырчылары менен Жусуп,  Мукай,  Жоомарт, Кубанычбектердин тибиндеги  жаш акындардын да бирди-жарымдан ырлары пайда боло баштаган. Орус-тузем мектебине окуп калгандар менен борбордон билим алып жаткандар “В.Маяковскийдин” “Владимир Ильич Ленин” наамдуу атактуу ыры (1924) Россиянын составында жашап келген элдердин айрымдарына таанылып бараткан учур болгонун кыйла эле билип калышкан элес беле.

Эгерде Токтогул чындап эле “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” аттуу белгилүү ырды айрым адабиятчылар сөзгө алып жазып жүрүшкөндөй, 1918-1919-жылдары жаратканы чын болсо, кантип 1936-жылга дейре ал жөнүндө бир кишинин оозунан бир сөз чыкпай калсын. Улуу акындын ушинтип үн салганын эч ким укпаптыр. Кантип эле 1928-жылы Током Фрунзеге келгенде бир ышкыбоз интеллигент улуу акын Ленинди да ырга салганына кызыкпай койсун. Ал турсун кароону уюштуруп жатышкан топтун мүчөлөрүнүн бири, же таланттарды талкууга салып сыноодон өткөрүп жатышкан  жюри мүчөлөрүнүн бири бул ырчы кайсы темадан ырдайт экен, комузчу кайсы күүнү, чертет дебей коймок эмес.

Мунун баары жылаңач чындык. Бул саналган белгилер аздык кылат, дагы кандай далил-мисалдарың бар десе жана уланта түшөлү. Мында дээрлик баары кабар билдирип чыгышпаса да, музыкант-этнограф, композитор, музыка сынчысы, Казак ССРнин Эл артисти (1923), атактуу Алексендр Викторович Затаевич укпай калышы, унчукпай коюшу таптакыр мүмкүн эмес болчу. Эң негизгиси – ал Токтогул менен бир маектешип, бир отурушуп, бир басышып, күүлөр сырын, ырлар сырын тең түшүндүрүшүп, чыгарманын маани-мазмунун, кара күүлөр менен обон күүлөрдүн башталуу темпи менен түркүн ыргактарынан эле жеткире сезип, туюп турушкан тубаса музыкалык өнөр ээлери эмне үчүн Ленин жөнүндө ырга келгенде эч нерседен кабарсыз калышат.

Затаевич Токобуздун 18 күүсүн жазып калганы эле эмнелерди айтып турат… Көз алдыбыздан чубатчылардын көбү эсептен өтүп калды го. Баятан бери Токтогул менен ата-баладай жакын болуп ээрчишип жүргөн чыныгы шакирттерине али сөз тие элек. Калык Акиев, Коргол Досуев, Эшмамбет Байсеитов, Алымкул Үсөнбаев окшоп өтө жакындан жана узак жылдар бою көрүшүп жүргөндөр кыргыз арасында болгонун эч ким түз айталбайт.

Мына ушулардын биринин оозунан да “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” чыкпаптыр. Токтогулга арналган ыр китептеринин биринен да таппайсың. Эч кимисинин эскерме түрүндө жазылган эмгектеринде жок. Башкалары болбосо да, Калык Акиев өзүнүн “Баскан жолунда” бул жөнүндө жазбай койбойт эле. Устаты тууралуу башкалар билбеген эң керектүү, эң баалуу маалыматтарды дал ушул Калык Акиев калтырып кеткенин билет бекенбиз?

Жыйынтыктап айтканда “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” өз ыры эмес. Анда Жоомарттын акындык манерасы кадимкидей эле көрүнүп турат. Ыр түзүлүшүнүн табияты да стих деңгээлине жете элек (ал үчүн ой жүгүртүүнүн сапаты жаңыланыш керек). Ал эми көркөм песня сабаттуу түрдө калем менен кагаз бетине жеңил түшүрүлүп, айтууга да, окууга да жеңил кетип, обонго да жеңил салынып берчү жактары менен өзгөчөлөнөт. Мисалы, Б.Сарногоев менен К.Алмазбековдун поэзиясын белгилеп өтсөк болот. Орус поэзиясынан А.В.Кольцов менен М.В.Исаковскийди алсак жарашат.

Ж.Бөкөнбаев поэтикалык өнүгүштүн ушул баскычына жеткенде жылыш токтогон. Учурунда Ленинди даңазалап чыккан акын көпчүлүккө сүйкүмдүү да, өтүмдүү да болгону чын. Улуу жол башчынын аты менен саясый-идеологиялык жагынан келип Токтогулдун кандидатурасын өткөрүүгө аябагандай зор жардамын тийгизиптир. Жогоруда атайын белгилеп өткөн Төлөн Шамшиевдин берген маалыматтарында акыйкаттын анык өзөктүк сызыгынын өзү турганы да эч кимди ынандырбай коё албайт. Баарына конкрет мисал келтирилди го.

Илимий-фактологиялык жагынан да, эл арасында табылган, же шакирттери калтырган материалдардан да, Аскар Медетов “ачкан”, А.Медетов “тапкан” баалуу дүйнөлөр таптакыр жок болуп чыкты. Канчалык жаныңды жеп жалган айтып тыбырчылап бар дегениң жок бойдон эле кала берет турбайбы. Калып турсун.

Мен, негизинен “Кандай аял тууду экен Лениндей уулду” жөнүндө сөз жүргүзүп келдим. Эгерде дагы тереңдей түшүп, дагы тактап иликтей берсең адашып сүзүп жүргөн “алтын балыктардын” кыйласын көрөт окшойсуң. Мисалы, Токтогулдун мурасына таандык катары эсептелип келаткан “Жашасын, Кеңеш өкүмөт”, “Беш Каман” аттуу ырларына карата узактан бери айтылып келаткан талаш-тартыштар али басыла элек. Чындыкты табуу кызыкчылыгы ушуну менен эле бүтүп калбайт. Эки ырдын тең жаралган жылдары белгисиз. Эми мындайын ой жүгүртүп көрчү:

Токтогул Россияда падышылык бийлик кулап, Совет өкүмөтү орногонун укту, көрдү, билет. Ошол түзүлүштүн ичине жашап жатат. Анан 1928-жылы Фрунзе шаарына барып жаңы турмуш, жаңы маданий иштердин жүрүшү, өзгөрүштөр менен таанышып кайтты. 1933-жылдын ортосуна дейре жашап өттү. Учурунда ушул ырлар бир сөзгө алынбаптыр. 1938-жылга чейин алар тууралуу бир да маалымат жок. Ал эмне себептен ушундай болгон?

1927-1931-жылдары Кетмен-Төбөдө агроном болуп иштеп жүрүп улуу акынга өзгөчө пайда келтирген маалыматтарды калтырып кеткен Николай Ладушев менен Кетмен-Төбө райкомунун биринчи секратары Жумай Жылкыбаевдин “Эскермелеринде” (1930-1933-жылдарда) да бул ырлар жайында эч ким, эч бир сөз айтканын укпайсың да, билбейсиң.

А.Медетов күтүүсүздөн эле адабият сахнасына шыр чыга калып, көз боёмочулук оюнун коюп, бетине бир тамга түшпөй чирип бараткан сары кагазды ачып-жумганча шыпылдататып ичи айлантып көрсөтүп жаткан чеберчилигинин дагы бир көшөгөсү “РухЭш» сайтында жакын аралыкта да толук ачылат…

Кадыркул Даутов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, Кыргыз эл жазуучусу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.