Өзү жөнүндө

Мен тишим жок туулгам, бул жерде Ричард III артыкчылык кылат. Бирок мен өркөчү жок туулгам, бул жерде артыкчылык менде. Менин ата-энем өтө жакыр эмес болчу жана өтө чынчыл да эмес эле.

*     *     *

Менин түшүнүгүмдө, силерге мен биринчи жолу кантип калп айтканым жана ал калптан кантип чалынбай чыкканым жөнүндө маалымат керек окшойт. Мен 1835-жылы туулгам; азыр бир топ жашка барып калдым, эс тутумум мурдагыдай эмес. Силер менден биринчи жолу качан чын айтканымды сурасаңыздар болмок, анткени мен аны даана билем. Менин үй-бүлөм бул окуя мурдакы жумада болгон деп жатышат, бирок алар мага жагыныш үчүн эле айтып жатышканын билем.

*     *     *

Мен бала кезде, өзүм окуган мектепте кайыңдын солкулдаган көк чыбыгы менен жазалоо кадимки эле көрүнүш болчу. Партага чиймелеп жазууга катуу тыюу салынчу, бул эрежени бузсаң 5 доллар айып же болбосо элдин көзүнчө балак алуу менен жазаланчу. Жазанын түрүн өзүң тандап алчусуң. Бир жолу мен бул эрежени бузуп койдум. Атам балак алуу мен үчүн оор жаза болот деп эсептеп, мага 5 доллар берди. Ал убакта 5 доллар мен үчүн көп акча эле, ал эми балак алуу келечегиңе көп деле зыян алып келбейт эле; ошентип… – ушул жерге жеткендеТвен тамекисинин күлүн кагып койду, – мен биринчи 5 долларымды иштеп тапкам.

*     *     *

Менин адабияттагы тагдырым өтө кызык. Бүт бардыгы ишенгендей калп айта албадым; а качан мен чындыкты айткандан баштап эч кимдин ишенгиси келбеди.

*     *     *

Мен өмүрүмдө берген убадамды аткарган жокмун. Менин убада бере турган органым аябай өнүгүп, аны аткара турган органыма түк орун калбай калса керек. Бирок мен ага кайгырбайм. Мен жарым жартылай жасалган иштерди жинимдей көрөм. Ошондуктан, эки чала өнүккөн жөндөмдүүлүктөн, бир мыкты жөндөмдүн болушу мени канааттандырат.

*     *     *

Акча тартыш болгон жылдар жөнүндө

Жокчулук эрдикти жаратат. Ошол кезде мага еврей тилинен Талмудду которуп бер десе, макул болмокмун – ал гана эмес ошол эле акчага өзүмдүн ойлорумду колдон келишинче кошумчалап алмакмын.

*     *     *

Эгер кааласам солдат болмокмун. Анкени согушка керектүү өнөрдүн бир бөлүгүн жакшы өздөштүрдүм: мен чегинүүнү, аны ойлоп тапкан адамдан мыкты билем.

*     *     *

Мен, диванда ары-бери оонап, уктап жаткандан тышкары физикалык көнүгүүлөрдү жасап көргөн жан эмесмин.

*     *     *

Мен кырк жыл мурдагыдан жалкоомун, анткени кырк жыл мурда өзүмө бөлүнгөн лимитти түгөтүп салгам. Бардык нерсенин чеги болот!

*     *     *

Менин китептерим – суу; улуу даанышмандардын китептери – вино. Сууну ар бир киши ичет.

Адам жана Ева жөнүндө

Адам мене Ева бизге караганда көп жеңилдиктерге ээ болушкан, баарына да алардын тиштери жарылып чыккан эмес.

*     *     *

Адам менен Евага бири-бири менен жайма-жай олтуруп аңгемелешүү кыйын эле болсо керек: алар ушактаганга эч ким жок эле да.

*     *     *

Эгерде жыланды жегенге тыюу салынганда, Адам аны деле жеп салмак.

*     *     *

Ева жөнүндө башында туура эмес пикирде жүрүптүрмүн: бейиште ансыз жашаганча, бейиш сыртында аны менен жашаган жакшы экен.

Жаш курак жөнүндө

Бейиштин карыган чымчыгы болгуча, бок ташыган жаш коңуз болгон жакшы.

*     *     *

Адамдын жашоосу деген эмне?  Биринчи үчтөн бири – кайталангыс сонун убактар; калганы – ал убактарды эскерүү.

*     *     *

Дүйнөдө баары тескери жаралган. Жашоону адегенде карылыктан баштап, анын артыкчылыктарын – коомдогу ордун, тажрыйбасын, байлыгын пайдаланып, – алардан толук ырахат алып жаштык менен аяктаса туура болмок. А азыр жаш кезекте турмуштан ала турган ырахаттарга эсеп жок, бирок эсептешкенге чөнтөгүңдө бир доллар табылбайт. Карыганда долларың болгон менен сатып алууга эч нерсең калбайт.

*     *     *

Токсон эки жаштагы миссис Х., жыгылып кетип мурдун сындырып алды.  Миссис Х. өмүр бою кебетем бузулган боюнча каламбы деп сарсанаа болуп жүрөт.

*     *     *

Жүзүңдөгү бырыштар, жашооңдогу күлкүнүн изи гана болуш керек.

Тарбия жана билим жөнүндө

Жакшы тарбия – бул өзүңдү жогору баалаганыңды жана аңгемелешип жаткан адам жөнүндөгү жаман ойлоруңду билгизбей жашыра билүү.

*     *     *

Мен эч качан мектептеги сабактардын, билим алышыма тоскоол болушуна жол берген эмесмин.

*     *     *

Кудай адегенде акмактарды  – практика үчүн жараткан. Андан кийин мектеп тарбиячыларын жиберген.

*     *     *

Жакшы китептерди окубаган киши, китеп окуганды билбеген билимсиз адамдан эч артыкчылыгы жок.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.